bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Балдарым өз үйүңдү көп ойлобой элдин келечегин ойло,– деп ар дайыма кеңешин      айткан.

Мезгил өтүп балдар бат эле бой тарта келишти.

Кулжа айы келип, айлана жашарып, жер жашыл ыраң тартып, мал көк чөпкө тоюунуп, айлана көркөм ырыңга бөлөнгөн. Тээ арыда Элебестин коосунда, булак жанындагы жапан талга күкүк конуп сайрап, бир кайрыгын улам-улам кайталайт. Анын бир кайрык үнү армандуу да, жана кубанычтуу да эле. Армандуу жагы жайнаган өмүр артта калып, кайран мезгил кайтып келбейт десе, кубанычтуу жагы, «жаз келди, жаз келди анын дагы жай келет» деп жатпайбы. Ушул жаадыраган жаздын күнүндө Мүйүздұұ эне Алсейитке айтты:

– Биринчи баланы мен үйлөндүрөйүн, ал менин милдетим болсун, ал эми калган балдардын үйлөндүрүш сенин милдетиң болот.

Экөө бул сунушту туура табышты. Ошентип эне жан адамга билинбей баласына келин издеп жолго чыкты. Касиеттүү эне кайда барганы белгисиз, акыры бир жума жоголуп, тал чыбыктай ийилген, келишимдүү ай десе айдай, күн десе күндөй бир чүрөктү ээрчитип келди. Аны каяктан ээрчитип келгенин эч ким сурабады. Кыздын аты Эркеайым экен. Элдин баамында ошол кыз касиеттүү эненин жакындары имиш. Ошентип экөө эң улуу баланы үйлөндүрүп, санаасы тынып, келин жумшап калышты. Эмки кезек Папага андан кийинки Ардам, Туумакашка балдарын үйлөндүрүү керек блду. Алсейит ата буурул атты минип кийинки балдарына алып бергенге колукту издеп сапар жолго аттанды. Ата көп жерди кыдырып, адыр-белди сыдырып такыр жолу болбой, « Атаңын көрү бул эмнеси, ушинтип мага келин табылбай калабы,– деп үйүнө келип, капалынып тамак ичпей жаткан экен. Уктап жатып түш көрөт бир мүшкүл иш көрөт. Атанын үйүнүн жанында бир керемет сонун дарак өсүп туруптур. Ошол даракка үч куш келип конуп, тузак тартат. Ойдогудай болуп, тузакка үч куш тең түшкөн экен. Ойгонот да көргөн түшүн энеге айтты.

Мүйүздүү эне кубанып:

– Кокуй, тезиреек жолго чык, сага жолуңда келин даяр туруптур,– дейт.

Ошентип Алсейит ата бугу айында азыгын алып, бурул атына мине аттанып сапар жолго чыкты. Сапар жолдо: – Кайсы байдын күйөөгө бере турган үч кызы бар,– деп сурап жүрүп отурат. «Куда болуп алалы, жакындашып калалы»– деп калмак байларын кыдырат, ал жактан үч кыздуу киши табылбайт. Анан Чүй, Нарын, Талас жака барат. «Балким кыз табылып калаар» деп казак туугандарын аралап жүрүп отурат, бирок күйөөгө бере турган үч кызы бар киши табылбайт. Ата эмне кылаарын билбей башы катат. «Ушинтип үч балга тең аял табылбай бойдок калабы»– деп арманданат. Ал тынбай жол келе берет. Жол келе берет. Такыр чарчабайт. А күн айланып жыла берет. Күн менен кошо жер айлана берет. Баягы буурул атчан киши үч баласына аял издеп сапар келе берет. Өзү ыргайдай, аты торгойдой болуп, баягы атабыз кетип баратат, кетип эле баратат. Ал кетип баратып эле боюу бир карыш, сакалы эки карыш болгон кичинекей кишиге жолугуп калат. Ал карыя биздин чарчаган атабызды көрүп аябай боору ооруйт.

– Сенин издегениң түштүк тарапта, алдыгы торгойдой чарчаган атыңын тизгинин ошол жакка бур,– дейт. Алсейит ата акылдуу Кыдыралейсаламга чын дитинен ырахматын айтат. Акыры күн нуру жаадырап төгүлгөн, жер жемиши үйүлүп бөксөрбөгөн Ош жакты биздин касиеттүү ата кыдырып сапар жөнөйт. Ал чарчабас буурул аты менен адамды өзүнө тарткан жаадыраган өңү менен Жалал Абад жерин кыдырып келаткан болот. Касиеттүү Жалал Абад жерине келгенде көп боз үйдү көрүп, аларга көңүл бөлүп, аты жер чапчып тык токтойт. Алсейит ата «минип келаткан атым эмне үчүн тык токтоду» деп таң калат. Ээси ойлонду « Эстүү жаныбардын токтошунда бир шек бар, болду болбодубу, менин издеп келаткан жогум ушул жерден табылат» деп ойлонот. Ал бир койчудан сурайт: «Силердин байыңардын канча кызы бар»,– деп кайрылат. Койчу « Бир биринен өткөн ай десе айдай, күн десе күндөй күйөөгө чыга эле үч сулуу кызы бар» дейт. – Аксарбашыл кудай мага берди жогум ушул жерден табылды, санаам жаңырды -деп, буурул атын камчылана эпеңдете желдирип, кара жерди атынын такасы менен эшип, кардай аппак алтымыш уукту боз үйлөрдүн жанына кирип барат. Боз үйдү жанындагы жигит сылыктык менен Алсейит атаны тосуп алып, атын алып, мамыга байлап, өзүн боз үйдүн эишигин ачып үйгө киргизет. Үйдүн ичинде узун бойлуу, бүркүт мурун, кабагы салыңкы сүрдүү карыя кемпири менен отурган экен. Үй ээси келген мейманды сылык кабыл алат. Алсейит атаны бугу уруусунун адамы экен деп, аябай сыйлайт. Ата бир кезде боз үйдүн ичин тегерете уукту карады. Уукта жылтырак кыздар тагынчу үч мончок илинип турганын көрөт. Ата ошол көздүн карегиндей болгон мончокторду көрүп сүйүнүп кетет. Кыргыздар эки-үч күндөй меймандын эмне жумуш менен келатканын эч убакта сурабайт. Аны эс алдырып андан кийин сураштырып кирет эмеспи. Эки үч күн өтүп конок эс алат анан негизги ишти сурап кирет.

– Жол болсун асыл жолочум эмне жумуштап, же эмнени издеп келаттыңыз эле?

– Сапарга чыкканым далай мезгил болду ошончо убакыттан бери сизди издеп келаттым эле.

– Келатканыңыз жакшы албетте адам адамга керек.

– Сиз менен жакындашып, куда сөөк болоюн десем эки көзүм төрт болуп жайнап, үмүткө-үмүт, тилекке-тилек кошсом дедим эле.

Ал уук жакты карап:

– Тигине бирине-бири жанаша өскөн үч кызым болгону анык буларды санаага жетип, үч бир тууганга берейин дедим эле.

Алсейит ата кубанып:

– Менин көктөн издегеним жерден табылды, менин төрт балам бар эле ырас бирөө үйлөндү үчөө үйлөнө элек, демек мен сиз менен куда болууга шартым бар өңдөнөт,– деп кара мурутун сылады.

Ошентип ал Маматкул куда менен сөз бекитип сүйлөшүп, бекем убадалашты. Ал кубана буурул атын такымга чаап, көктөн издегени жерден таап сапар улап конушуна кетип баратты. Ата айлына жетип, эл тескеген карыялар менен ийри отуруп түз кеңешти. Карыялар ак калпак кийип, энелер ак элечекчен, жигиттер үн сала күтүрөтө мал айдап, ак боз бээнин көкүлүнө кебез байлап жөнөп калышты. Алардын кубанычтары алып уча күркүрөшүп, калыңга топурата мал айдашып бат эле жетип барышты. Маматкул куда колу ачык берекелүү адам экен. Байлыгы жөн эле ыңкып мелт-калт этип төгүлөт. Мүйүздүү эне үч керилген сулуу кызды көрүп аябай кубанды. Булардын баарын келин кылып алып жатканына аябай кубанды, жаратканга жалбарды. Ошол үч кыздан керилген уул-кыздар төрөлүп бугу уруусунун атагын алыска жайылткан экен. Бугу уруусу көлдүн башын айланасын конуштап, алардан чыккан тукумдар бүткүл элге белгилүү болуп чыга келди. Ошентип келиндүү болгон Алсейит ата аларды отко кийрип, эл журтка күркүрөтө той берди. Мындан аркы баяндарда Алсейит атадан таралган тукумдар жөнүндө сөз болмок

***

Башын ак кар көк муз баскан эчен миңдеген жашты арыткан улуу аскалар. Атам замандан берки аскаларга бүркүттөр конуп сүрдүү дабышын берип асканы аралай учуп айланат, азыгын көктө учуп жүрүп жерден табат. Кыраан сүрүнөн жан-жаныбарлар бүт баардыгы коркот. Алардын шаңшыганы бир укмуш, дайыма бийиктикте сыза учуп, курч көздөрү менен алдын да, артында жана бир канча чакырым алыстыкты даана көрөт. Тээ береги жылгада качып бараткан көк серекти курч көздөрү менен көрдү окшойт. Ошол жакты карай жаадай шукшурулуп, сайылды көк серек курч сүрдүү тиштери менен айбат көрсөтүүгө аракет кылды. Кыраан ага моюн сунбай баса жыгылып, курч алгыр тырмактары менен тырыштыра кармап, бат эле тумшугу менен көзүн чукуп, күм-жам кылып жиберди.

Ушул күндөрдүн биринде калмак байы Дамдин жигиттерине айтты:

– Кыргыздардан эмне коркуп жатасыңар жаныңар жокпу, же алар күчтүүбү, кышкы согумга мал камдап албайсыңарбы?

Көөп турган жигиттер байдын сөзүнө шерденип:

– Чапса чаап келели улугум, аларды чаппай жүрдүк беле.

– Чабабыз.

Бай ойлонуп калды да:

– Бирок абайлагыла кыргыздардын да каары күчтүү эл оңой менен жеңиле койбойт. Шек билбирбей жасагыла.

Калмактын Денден Бука баштаган жигиттери кыргыздарды аңдып жүрүп, алар бир жакка кеткенде бир топ жылкыларын айдап алып көздөн кайым болуп жоголушту. Ошондо бугу уруусу мунун баарын калмактын байынын колу менен жасалганын билип турушту. Жамангул баатыр жигиттерин майданга такшалтып кылыч чаап, найза сайып, ат үстүндө кармашты үйрөтө баштады. Жигиттер мыкты сыноодон өтүп, калмактардын жылкы айдап келүүгө даярданып жатты. Кыргыз жигиттери калмактарга чабуул коюп, каршылык көрсөткөн жигиттерин тоголото чаап келатышты.

– Бугу эненин арбагы колдосун өз жылкыларыбызды өзүбүз айдап келатабыз.

– Жаратканым өзү жар болсо экен.

Артта калмак куугунчулары кууп, жебелер тартылып, мылтыктар атылат. Жамангул, Папа, Эрмек, Кичимолдо, сыяктуу жигиттер жылкылардын артында малды сүрөп айдап келатат. Жакындап келген калмактарды буйгат жерде жашынып туруп чокмор менен тартып тизеге чаап аттан оордрып ташташат. Жылкылар ашуудан ашып, өз журтуна карай даң салып, учуп келатышты. Жамангул баатыр далай калмактарды аттан оодара чапты. Калмактар жебе тартып, Ошондо Жамангул баатырдын артына ок жаңылды. Каарданган баатыр калмактарга сүр көрсөтүп, чокмор баш менен далай калмакты тоголото чаап, намысты бербей келатты. Ал жүрүшүн ылдамдатып, « Манас», «Манас», «Кыргыз», «Кыргыз» деп ураан салып жабалактаган калмактарга намыс бербей кайраттанат. Калмактар жылкылардан айрылып, жигиттери каза болуп кайра үйлөрүнө жол тартат. Анын аралыгында бир күн өтүп, Жамангул алы кетип, эс-учун жоготуп чоң таштын түбүнө жатып калат. Жанында Куусейит менен Мендек деген жигитер бар эле ошого кайрылат:

– Үйгө кабар жеткиргиле алар келип мени алып кетсин.

Күн ысык жигиттер жарадар менен алек болот.

Куусейит айылдын карыясы Найманга жолугат.

– Айланайын боорлорум деги амансыңарбы?

– Аманбыз ата калмактар менен кармашып, жылкыларды кайра айдап келатабыз. Бир гана кайгылуу окуя Жамангул баатыр жарадар болуп, Сорок Таштагы чоң таштын түбүндө жатат.

– Кагылайын кудайым, мен десең анын жанын сактай көр, иниме жаратканым өмүр берсе экен. Оорулунун жанын кыйнабас үчүн боз үйдү көчүрүп, дарыгерди дарылары менен камынтып, сойгонго анча-мынча мал алып, шашып-бушуп жөнөп калды. Сорок Ташта Жамангулдун жанында жигиттер эмне кылаар айласын билбей жаман болуп жаткан экен. Папа айласы кетип:

 

– Кудай ай, бир тууганым ушунчалык кыйналгандай эмне кылды эле бир айласы болуп жаны аман- эсен калса экен,– деп кейип турду.

Дарыгер Жумагулдун жараатын жууп, кытайдын кырма дарысын сыйпап, ак чүпөрөк менен таңып койду. Мындан такыр айла болбоду. Ошондо дарыгер айтты:

– Калмактар аткан ок чыкчудай эмес, эми эмне кылабыз. Ошондон жаны кыйналып жатат.

– Кагылайын колу эмсек дарыгер бир айласын кылып, окту алып сала көр!

Анан бир паска ойлонуп туруп, дарыгер айтты:

– Калмактын ханы Коңурбай Семетейди атат. Ошондо баатырдын денесинен ок чыкпай, калганда Айчүрөк аттаганда ок чыгып кеткен экен.

Ал жерде тургандар Жамангул баатырдын үстүнөн кимди аттатабыз деп ойлонуп калышты.

Ошондо бир карыя:

– Эмне кылабыз болоор иш болуптур, Жамангулдун аялы Маматкулдун кызын деле алып келсек болот эле, бирок биздин касиеттүү келинибиз Олуят турбайбы ошону алып келели ал көзү ачык олуя чалыш бизде ургаачылардын ичинен ошондон тазасы жок.

Бирөө айтып калды:

– Ошол эми келеер бекен.

Келет келбегенде эмне кылмак эле.

Жигаттер ошону алып келгени чаап жөнөштү.

Олуят көп убара кылган жок. Жамангулдун кабарын укканда кой эми барып жардамымды берейин,– деди.

Ошентип жигиттер Олуят ургаачыны алып келишти.

Олуят жаратканга жалынып туруп бир жолу аттанды. Ок чыккан жок ошондо ал ыйлап жиберди.

– Ушундай да болобу өзүм да, жан дүйнөм да таза эмес беле, эмне болуп турам,– деди.

Карыялар:

– Касиеттүү Олуят келинибиз кудайдын өзү көрүп турат, ичиңен жаратканга жалбарып дагы бир жолу атта, ойлогонуң кудай алдында келип калаар,– деди.

Олуят эне буулугуп кудайга жалбара-жалынып туруп дагы бир жолу аттоого аракет кылды.

Карыялар:

– Касиеттүү Олуят ургаачы, жашыңды төкпөй кайраттуу бол, кудай да кайратты сүйөт. Жаратканым сенин абалаңжы көрүп турат.

Олуят эне ыйлаганын токтотуп, кайраттуу түрдө ичинен кобуранып,жаратканга жалынды.

Жел согуп ургаачынын ак жоолугунун учу шамалга желбиреп турду. Жоолугунун астынан чыгып турган чачы чубалжып, ургаачынын өңү санаага батып, пейпайда болот. Ал кайраттанып, күчүн жыйнап дагы бир жолу аттаганга камынды. Жараткандан үмүт кылып жалбарып аттады.

Аттары менен Жамангул баатыр жаны көзүнө көрүнүп, катуу кыңкыстап онтоп жиберди, ок кадалып турган жер жарылып, ириң аралаш кан атып чыкты, аны менен карарган коргошун ок кошо чыгып жерде жатты.

Жамангул кыңкыстап:

– Ох, жаным кудай ай, кичине эс ала түштүм, -деп оң колу менен чекесиндеги терин шыпыра кыңкыстаганын басты.

Ал жерде бозоруп турган адамдардын жаны денесине кирди. Олуят энеге аябай ыраазы болгон экен. Эгерде касиеттүү эне болбогондо ок чыкпай баатыр тиги дүйнөгө узап кетмек беле ким билет. Баатыр жана эл Олуят энеге батасын берип турду. Элдин бактысыбы ким билет Олуят ургаачы андан кийин бир нече эркек балалуу болуп анын бактысы ачылган дешет.

Баатыр бат тыңып кетейин деп жаш жылкынын сорпосун ичип, кайра баягы күчүнө келе баштады. Булчуңу кайратка толуп ал толук басканга жараганда айтты:

– Кыргыз жигиттери барсыңарбы?

– Баарбыз жоголбойбуз жоого каршы турабыз.

– Бар болсоңор биз калмактарга эмне кылдык эле алар эмне үчүн биздин жылкыбызга тийип катылат. Жигиттер чоң чабуулга күч топтошту. Үйлөрдүн жанында темирди эритип, алардан ар кандай куралдарды, мылтыктарга ок белендеп, жааларга саадак жасап жатышты. Баардык даярдыкты Кулкиши аткарып, ал эчен жоо капшабын башынан өткөргөн эле. Кулжа айында Жамангул баатырдын жигиттери калмактарга катуу чабуул жасап, жылкыларын айдап алып, боз үйлөрүн сындырып, адамдарын кул кылып жиберет. Антпесе калмактар кыргыздарга күн көрсөтпөй жатпайбы. Ушунда чабуулду көрүп калмактардын үрөйү учуп калды. Төрт түлүк малдан тогуздап, кымбат аң терилерин алып, кыргыздардын алдына түшүп, баш ийип беришти. Алар жыл сайын кыргыздарга алык-салык төлөп турушчу экен. Бул кезде калмактар ич ара ынтымагы жок болуп, бийлик талашып, бири-бири менен чабышып, айласы кеткенде чек ара кыргыздар менен ынтымакта жашагысы келген. Ошентип жыл сайын калмак менен кыргыздардын ортосунда мамиле жакшырып, эки элдин ортосунда кыз беришип алышмай достук жолу башталат.

Жайдын акыркы күндөрүнүн бири эле чөптөр саргыч тартып, айлана небак күзгө камына баштаган. Тоо тарап суук тартып, жаан-чачын жаабай булуттар сургулт тартып ката баштаган. Бат эле ыркыраган күз күнүнүн шамалы этек- жеңге кирип жатты. Анан дагы бир топ убакыт өттү. Ушул күз айы кышка чукулдап калганда, калмак байы Дорго Жамангулду сый-сыпат көрсүн деп конокко чакырып калды.

Жамангулдун аялы айтты:

– Күн суук болуп, айлана көңүлсүз тартып турат. Бат эле кыш келет окшойт, эки жакка чыкпай эле койсоңчу.

– Дорго келгин деп көптөн бери чакырып жүрөт, барбасам таарынат го,-деп болбой койду.

Аялы аны узатып жатып, улам-улам карагысы келет. Эмнегендир көзүнөн жаш келип ирмелип турду. Ал мурун мындай болчу эмес эле эмне болуп жатканын билбей турду. Кайра өзүн токтотуп, « Мен эмне болуп турам, өзүмчө эле кейий беремби»,– деп өзүн-өзү токтотуп, баардык ишти аманчылыкка жоруду. Ичинен « Барса барып келсин, калмактар менен катышпай жүрчү белек»– деди.

Ошентип беш жигит менен Жамангул баатыр жолго аттанды. Жол кара тартып, күз ортосу болуп калган маал эле. Эмнегендир быйыл кыш бат эле келгендей болду. Келгиндер эртелеп эле түштүккө кеткен. Быйыл дарактар жалбырагын эрте күбүдү. Бул суук эртелеп эле түшөт деген белги болчу. Алар бир топ убакытка жакшылап эле сый көрдү. Бир күнү Жамангул:

– Ардактуу байым, биз жакшы эле көңүл ачтык макул болсоңуз кайталы. Сапар карыды окшойт. Аялымдын боюунда бала калган эле анын жайы эмне болду экен? Бир жерге токтоно албай, санаам санга учуп турат.

– Ардактуу досум, сенин келишиң биздин үй-бүлө үчүн чоң кубаныч, бирок көрүп турасың, күн суук тартып, ашуу бөгөлүп калды бекен. Капа болбой эрте эле жазда кетсеңиз кандай болот.

– Ардактуу Дорго досум, мен кетүүгө аракет кылайын, аялымдын боюнда бар эле анын абалы эмне болду экен? Эки күндөн бери тынчым кетип жатат.

Дорго Жамангулду үйгө киргизип, эт жана кымыздан тартылган ичкилик менен сыйлайт. Атанын жан дүйнөсү тынчыбай анын кеткиси эле келе берди. Анан калмактар атага кымбат белектерди берип, кыргыздарды өз конушуна узатат. Эртең менен эртелей чыгып, артынчагы бар жигиттер ашууну карай ашыгышып келатышты. Улам ашууга жакындаган сайын, суук денеге жаба уруп, бүткөн бойду ичиркентип, көңүлдү уйгу-туйгу кылат. Дабандын башын ак кар, көк муз челип, шамал булуттарды удургута айдайт. Ар биринин оюнда:

– Кантип ашаар экенбиз, же учурунда эрте ашпай, көчкү жүрүп кетсе чымын жаныбыз чыркырап, же ашуунун жолун таппай күрткү кулап чыга алгыс оюкка кептелеер бекенбиз. Үй-бүлөбүзгө аман-эсен жетсек экен,– деп ар биринин санаасы бушайманга батат. Баатыр менен кошо беш жигит сабалай келатат. Быйыл жайлата күн тынымсыз жаап, дабанды калың кар челип, көчкү ылдый кулап кетчүдөй салаңдап турат. Эгер күн ысык болсо мунун баары эрип кетмек. Азыр кайдан эримек, эримек түгүл суу үстү муз болуп тоңгон. Абада кичине эле үн жаңырса, күр-шар этип, кар көчүп, ылдый карай кулап, айбаттуу жүрөк түшүргөн каардуу добуш чыкмак. Бешатчан бат эле ашууга шыкай келишти. Дабанды калың кар каптап жол нугу такыр көрүнбөйт. Алдыда жол баштаган жигиттер. Жакшылык менен Жамангул экөө ээрчише бастырып келатышты. Баары ашуунун түбүнө токтолуп, тамак аш ичип кудайга жалынышып, «жолдун пири, Жоломан ата, ашуунун пири Даван ата колдосо экен» деп бул ашууну ашкан арбактарга багыштап куран окушту. Аба салмактана дем алганга оор тартып, кан улам башты тээп чыкты.

Жакшылык камчысы менен оң колун созо көрсөтүп:

– Жол тээ береги салаңдап турган соройгон таштын бери жагынан өтөт окшойт.

– Андан аркысычы?

– Анан кыялай өйдө карай өрдөйт шекилдүү.

– Тээ урчуктан бериби же арыбы?

– Мен да ошону билбейм турам, биз өткөндө салаңдап, турган асканын сол тарабынан өткөндөй болгонбуз.

– Туура айтасың калети жок сөз.

– Жолдун баарын каткан калың кар каптап калыптыр, жада калса карыш из билинбейт жаратканым өзүң колдой көр!

Жамангул менен Жакшылык алдыда кетип баратат. Жолочулар улам өйдөлөп жыла баштады. Кээде таш тоголонуп, адамдар жыгылып кайра өйдө турушат. Аттардын буту тийген бош таштар ылдый карай таштан-ташка урунуп үн чыгара токтоно албай кургуйга кеткенсип кулайт. Алар аскага өтө эле жакындап калган. Ошондо бир кырсык окуя болду. Суу көп аккандыктан сууктан жер көк жалтаң болуп тоңгок. Жамангул ата чылбырын колуна ороп алыптыр, муздан тайгаланган ат адамды өзү менен кошо ылдый карай ала кетти. Анан эле бир пастан кийин күркүрөгөн үн чыкты. Бул дабыштан араң эле турган салаңдап турган кар тобу ылдый карай токтоно албай күркүрөй кулады. Жакшылык менен Жамангул ат-маты менен ылдый сойгоктой кар тобу менен кургуйга кулап кеткендей болду. Калган үчөө аман калып, алар эмне кылаарын билбей дапдаарып, көчкү көчүп кеткенден кийин жигиттер араң дегенде эс акылына келишти. Алар аман-эсен ойго түшүп, Жамангул менен Жакшылыктын денесин издей башташты. Бирок алардын денеси оңурайган чуңкурга түшүп кеткен шекилденет. Төртөө алып чыга алчудайй эмес калың муз катмары тоңон заңги турат.

Алардын оюу «мындан ары эмне кылабыз, тагдырыбыз кандай болот» ошолорду ойлонуп жатты. Анын үстүнө күз түнү кирпикти ачып-жумганча бат эле кирип келет эмеспи. Тарапты уюган айлана күүгүм каптап, караңгынын күкүмү теребелге чачылып, кеч токтоосуз жакындай берди. Үчөө: Элдияр, Кылкожо, Шайыкмет, сүйлөшүп жатты.

– Тагдырыбыз оор болду ашууну эмне кылабыз?

– Аша албайбыз го.

– Эки кишибиздин денесин кантип табабыз?

– Ашуунун аркы бети жаман эле.

– Жол табылбай калды.

– Келечегибиз эмне болот?

Алар аттарын жетелеп, түзгө түшүп, унааларын камчылай калмактардын конушуна карай артка сабалай кетип баратышты. Суук кабарды Доргого угузушту. Ал аябай кейип:

– Кайран досум Жамангулум кол жеткис жайга кеткен экен ээ,– деди. Башын жерге салып капалана.

Эртеси калмактар менен кыргыздар жыйырма чактыдай болуп, күрөк, лом, чукулдукту арбын алып кайра ашууга келишти. Жолочулар келип арканга байланып, эки адамдын жанчылган денесин кобулдан алып чыгышты. Кадырлуу адамдын сөөктөрү музга сүрүлүп жакшы таанылбай калыптыр. Денени жаздын башталышы менен кыргыздарга алып бармай болушуп, музга бастырып, ит куш жеп кетпесин деп бекемдеп корумдап салышты. Эки адамдын сөөгүнө ариеттеп куран түшүрүштү.

***

Кыргыздар Жамангул баатыр качан келет деп күтүштү. Бирок кеткен бойдон дарек жок… Тагдырдын жазмышына адам баласы баш ийбеске аргасы жок эмеспи. Маңдайга эмне жазылса адам баласы ошону көрөт тура. Андан башкача арга болбойт экен.

Кыргыздар баатырды качан келет деп күтүштү.

Бат эле кыш өтүп, жаркырап жаз башбагып, катмарланган карлар эрип, жол ачылып, суу кузгундап кирип жатты. Жаз илеби эрте келип, баягы денени каарыган суук жоголуп, адам пендеси жылуулуктун илебине аралаша баштады. Жыйырмадай калмак туугандар Жамангул менен Жакшылыктын сөөгүн атка жүктөп кыргыздардын конушуна баатырды жоктоп өкүрүп түшүштү. Калмактар өздөрү менен кошо кошумча деп үч кара жетелеп келишти. Бапа боз үйдүн жанында бир тууганы Жамангулдан айрылып, шолоктоп жашын төгүп, кайгырып сабыла ыйлап турду.

Ошондо санжырачылардын айтымы боюнча Жамангул атанын акылдуу аялы мындай кошок кошкон экен.

Алалуу жылкы, кулалуу жылкы журтум,

Каралуу катын, жалалуу журтум.

Кабарлап айтып коёмун журтум,

Айтпай бир койсоң жаманат журтум,

Курсакта калды балаң журтум.

Баатыр кайтыш болгондо анын аялынын боюнда алты айлык бала калды. Анан тогуз ай болот дегенде эркек бала төрөлдү.

Ошондо акыл салаар акылман карыялар:

– Жамангул баатыр өлгөн жок. Баатыр кайра төрөлдү.

Баардыгы баатырды жоктоп ыйлашты. Карыялар наристенин атын «баатырдан калган туяк» эле деп, азан чакырган акылман карыя Белек койду.

– Белек болсун!

– Белек болсун!

– Белек болсун!

Белек деген ат айланага, алыскы чөлкөмгө бийик обого тарап кетти. Ошол күнү баатырдын караанын жоктотпой, бул дүйнөгө бир наристе келген экен. Ата журтун коргосун деп бата беришти. Батаданбы же элдин үмүтүнөн жаралдыбы ал бала да баатыр болуп, ата-журтун коргогон экен.

Аңгыча эле биздин санжыра жомогубуз аяктап бат эле бүтүп калган тура. Эми кичине дем алып башка санжыра жомокко өтөлү.

АТАДАН КАЛГАН ТУЯК

(Төрөкочкор ата)

Төрөкочкор атанын,

Айталык эми жомогун.

Аңгемелеп кеп кылсак,

Арманы көп болгонун.

Бул окуя бир жагынан жомокко, айрым жерлери кадимки эле турмуштун дал өзүнө жакындап кетип турат. Мейли бул көрүнүштү жомок деп да, чындык деп да эсептейли. Анткени менен байыркы бабаларыбыздын элеси бизге бир эсе чындык, бир эсе жомок болуп жаркып турсун. Биз чындык менен жомоктун арасынан каалгыган сонун нерсебизди таап алып, алардын сүйкүм элесин унутпай кийинки урпактарга санжыра жомок кылып айта баралы деген эле кеп да.

 

Байыркы-байыркы бабаларыбыз бир жерден экинчи жерге сүрүлүп көчүп жүргөн экен. Алардын душмандары кыжылдаган кытайлар, ат жалында тегеренип ойногон калмактар, уйгурлар, казак, орустар өзүбүздүн эле тектеш туугандарыбыз байыркы түрктөр болгон экен. Элибиз далай жылдар калмактар менен кармашып келди. Алардын азабынан кыргыз, казак ачкалыктан кайың саап калды. Кыргыздардын алсыздыгын билип, Кокондук бийлөөчүлөр, элибизди каратып алып, алык-салык салып толгон эзүүнү жүргүзүп жатты. Кокон бийлөөчүлөрү жергебизди каратып алып, чеп куруп, алык салыкты үзбөй алууда. Кокон бийлөөчүлөрү жергебиздеги сулуу кыздарды ордого деп башыбызга арманды үйүп алып кетип турду. Ар бир чоң уруу Кокон хандыгына деп жигиттерди барымтага берип жатты. Кадимки баатыр Белектин чоң боз үйүндө Кокон хандыгына элчиликке кимди жиберебиз деген суроо чечилбей жатты. Эмне кылаарын билбей баарынын башы катат. Карысы да жашы да терең ойду ойлонот.

Ким ылайыктуу, ким барып бугу уруусунун таламын жактап, аман-эсен иштеп кайра кайтып келет? Ушул олуттуу ишке жооп табылбай боз үйдөгүлөрдүн башы катып жатты? Ошондо көлдүн билермандары:

– Бул ишке Жамангулдун уулу Төрөкочкор гана жарайт, ал бир четинен аз да болсо, бизге караганда араб молдодон билим алган окумал жазуу-сызууну билет. Сүйлөсө адамдын ичи-койнуна бат эле кирип кеткен эпчилдиги жайы бар. Анын үстүнө соода сатык менен түштүк жерине мал айдап нечен жолу барып келген. Алардын сырын жакшы билген ары элчилик жайы дагы бар. Боз үйдө отургандар тунжурап ойлонуп калышты. Жана көптү көргөн карыя башын ийкеңдете:

– Асылбек баламын айтканы туура асыл таштан, акыл жаштан деген элибиздин илгерки сонун макалы бар эмеспи. Төрөкочкор уулум барсын. Берки отургандар ак сакалы белине жеткен ак калпакчан улукман карыянын айтканы туура дешти. Бир четинен бөтөн эл бөтөн жерге барып иштөө өтө опурталдуу жумуш экенин баары ичинен сезип отурушту. Ошондо жанагы отурган Ала Тоодой ак сакалчан карыя колун жайып, эки жакты ойлуу карайт.

Баарысы тунжурап турат:

– Айланайын Төрөкочкор уулум Кокондук туугандар бизге жоо эмес насили, тили бир элденбиз. Аз журтка кыжылдаган кытай,калмактар тынчтык бербей жатпайбы. Ошолор менен биригип, жоону Ала Тоого жолотпой сүрүп салсак гана. Эми жолуң ачылып, касиеттүү бугу эненин тукумунансың, Кылжыр атанын арбагы жар болсун!– деп алакан жайды, баары бата кылышты.

Белек баатыр үнүн катуу чыгара:

– Бир тууган инимсиң, басаар жолуң узарсын, бактың ачылып, эл керегине жарап, касиеттүү Бугу эненин атын чыгаргын,– берки отургандар бул сөздү жактап жиберишти.

Ошентип Төрөкочкор аялы Токтоайым жардамчы эки жигити менен Кокон хандыгына карай жол тартты. Ал жерде бир жылдай жашап, Кокондуктар менен жакшы алака түзүп, баардык ишти орду-орду менен жайгарып турду. Көлдүк бугулар да ишибиз оңолду,-деп санаасы тынып жакшы болуп турган эле. Бирок кут учурган бир кырсыктуу жаман окуя болуп өттү…

***

Бул бозоргон чөл жүрүп отуруп, тээ береги карайган Кокон калаасына барып такалат. Талаа чөлкөмү бүтпөй агыш боз топурак каптап, айрым жерлеринде кумдуу чөл менен алмашат. Мезгил ай-арасы болуп, аба-ырайы бузулуп турду. Тоолорго кыламык кар түшүп, ойдуңдарга жаан жаайт. Ошондуктанбы талаа өсүмдүктөрү; жоогасын, кызгалдак, шыбактын ар түркүмү желге боюн керип, секин ыргалат. Кызгалдактын көркү ушунча кооз тиктеген адамдын суктанта өзүнө тартат. Талаа жаныбарлардан куру калган эмес. Бул аймакта сары чычкан, кош аяк, кескелдирик, ийрелеңдеген жылан, анда-мында сербең этип, эки кулагын созо коё берип, сербеңдешип коёндор чуркап өтөт. Анан жаан басылып, узакка созулган кайра кургактык башталат. Ысыкта жаратылыштын көркүн ачкан гүлдөр куурап калаары бышык. Жарыша кеткен жол менен жүрүп отурсаң Кокон шаарын аралайсың. Калаанын четинде акталбаган үйлөр жарды адамдардын жашаарын айдан ачык айгинелейт. Андан ары жемиштүү багы бар жайлар бай адамдардыкы экенин жазбай баамдайсың. Жолочу жол жүрүп отуруп, Кокон шаарынын чоң базарын аралайт. Базар ичинде тизилген буюмдар жайнайт. Атчан, эшекчен, арабачан жана жөө адамдар тынбй ары-бери агылат. Көптөгөн пенделердин көтөргөн жүгү бар. Ашмачылар астына жайнатып, чүчпара, лагман, манты чүйгүн тамактарды сатып отурушат. Бул жерде перс, түрк, ирандык чеберлер токуган кооз килемдер көздүн жоосун алат. Кытайдын парфор ийдиштери, сирия, арабдык зергерлердин колунан жасалган буюмдар пенделердин аябай кызыктырат. Жер жемиш, эт саткан дүкөндөрдө кишилердин карааны үзүлбөйт. Арыда эшек, ат, төө байланып турат. Алардан мурун жарган каңырсыган жыт абага, айланага тарайт.

Базардын чыгыш тарабында үч бөлмөлүү үйдө узун бойлуу кара мурутчан сулуу адам төшөктө ооруп жатат. Анын жанында ак жуумал олоң чачтуу кырдач мурун чекесинде жасап койгондой калы бар өтө сулуу аппак келин ноокастаган адамды мелтирей тиктеп отурат. Үйгө сырттан бир эркек кирип келип:

– Айланайын Төкө деги ден соолугуң жакшыбы?

– Эмне экенин билбейм кускум эле келет. Караңгыланып башым айланат. Мурун мындай ооруп көргөн эмес элем. Такыр көңүлүм ачылбай койду.

– Кечөө эле соо эмес белең?

– Хамиракундукунда тамак ичтим эле ошол тамак жакпай жатабы, же тамагына бирдеме кошконбу билбей жатам.

Хамиракун хан сарайда кызмат кылып далай жаман иштерди иштеп аялы жок пенде эле.

Ооруган адамдын эсине кечөөгүңкү окуялар келди.

– Мени Хамиракун тамак ич,-деп конокко чакырып жатат барайынбы?

Аял Хамиракундун атын укканда ийне менен безге сайгандай чочуп:

– Барбай эле койбойсуңбу?

– Катип барбайм хан сарайда иштеген адам чакырып жатса.

Ошондо Токтоайымдын жүрөгү бир зырп булкунуп жаманчылыкты сезген. Колунан келсе, барбай эле койсо деген. Экөөнүн ортосундагы бузулгус сүйүүгө жылан сойлоп киргендей болгон. Ал кара чаар жылан Хамиракун эле. Кейбир Токтоайымга ашык болуп, Төрөкочкорду жок кылам деген түрү суук амалы бар өңдөнгөн.

Үй- бүлөнүн шору куруп, оорулу адам алы кетип, кез-кезде эсинен танып турду.

–Токтоайым мен Хамиракундан шектенем ал мага уу берген шекилдүү, анын сага көзү түшүп калганын байкагам.

Бул сөздү угуп Токтоайымдын жан дүйнөсү уйгу-туйгу болуп кетти.

– Байым, адамдын жүрөгүн титиреткен суук сөздү айтпачы, аны мен эки дүйнөдө жактырбайм, тиги жакта Ала Тоодо кыргыз элим бар алардын бетин кантип карайм. Сен айыгып кет биз бул жерден кетели.

Токтоайым жашын төгүп шолоктоп ыйлап жиберди. Үйдө аянычтуу абал пайда болду. Эшик ачылып, үйгө дарыгер кирип оорулунун жанына эпейип отуруп, анын тамырын кармап өңүн карап турду:

– Абалың оор ак ич уу денеңе тарап кеткен шекилдүү.

Аял жашын төгүп дарыгерге жалына кайрылды:

– Айланайын акжолтой колу эмсек дарыгер ата күйөөмү айыктыра көр, аман-эсен айыгып кетсе, сизди ыраазы кылайын,– келин кандайдыр бир коркунучту сезип турду. Сыркоо адамдын алы улам-улам кетип баратты. Анын адам болоору арсар эле. Дарыгер бир топ кеңешти берип келген жагына кетти.

Оорулуу аялына:

– Теңир Тоонун арасындагы Хан тоонун бери жагындагы бугу уруусуна кабар бергиле, бир тууганым баатыр Белекке дайнымы айттыргыла!

Токтоайым жакында эле төрөп, Төрөкочкор баланын атын Сейит деп койгон алыста көл жээгинде акыреттик ушундай досу бар болчу.

Оорулуу демигип:

– Бу баламы чаң баскан Кокон калаасына калтырбагыла, ата-тегин билбей сарт болуп калат. Атадан калган жалгыз туякты Теңир Тоого ала кеткиле! Бул керез сөзүм,– алы кетип, демигип араң эле айтып, тынчтыкты каалап көзү илинип кетти. Кичине көзү жумулуп, түш көрдү. Түшү чалды-куйду болуп, бала чагы өзү өскөн көл жээгинде жүрүптүр. Бир туугандары Бооке, Кыдык, Белек жана Итбайдын элеси көрүнөөр – көрүнмөксөн болуп сызылып турду. Алар эмнегендир Төрөкөчкордун жанына келбей алыстан карап турушуптур. Анан ойгонуп кетти денеси аябай ысып, от менен жалын болуп жатыптыр. Алыста калган туугандарын эс- мас эстеди. «Бу дүнөдө көрүшө албай калдык го. Эгер чын эле жашоо болсо тиги дүйнөдө жолугаарбыз», деп армандуу кусалуу ойго батты. Өзү өскөн Ала Тоонун арасындагы касиеттүү Ысык -Көлдү эстеди. Арманга баткан адам киндик каны тамган жерди кантип эстебей коёт. Бул кезде Токтоайым «эс алып, балким жакшы уктап алса айыгып кетеер» деп сыртка чыга, терезеден күйөөсүн улам-улам карап коёт. Оорулуу көзүн ачып, шыпты карады ал жакта бир чымын учуп жүрөт. Кадимки эле чоң кара чымын экен. Ал оорулуу адамдын бетине коноюун деди, оорулуу аны жаңсап айдап жиберди. Чымын учуп эшикке конуп, айланып жүрдү. Оорулуу адам чымындан көзүн албай кароодо. Анын денеси чымындай чыркырап турду. Эмне бул менин жанымбы? Жаным ак жашоо менен коштошуп жатабы? Чымын бирде терезеге, бирде жылаңайлак бутка конуп ага тынчтык бербеди.

Рейтинг@Mail.ru