bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Айтчы деги силер кайда кетип баратасыңар?

– Атам Тагай бий деген киши болот ал алыскы Ала Тоодо мен ошол атамы издеп баратам.

– Андай болсо, жакшы менин атамы өзүмүн көз алдымда душмандары жок кылды. Мындан ары менин атам жок. Мен да атаңы издешем, балким ал менин атам болуп калаар. Ошентип кара жолдо үч жолочу кетип баратат. Мурда экөө эле эми үчөө болду.

Алар жолдо келатса, ак сакалчан карыя турган экен. Ал ээр токулган кара аргымакты жетелеп турат. Кебетеси ал жомоктогу чабандес болуш керек. Жолочулар карыяга салам беришти. Чабандес эки баланы башка бир кара аргымакка мингизди.

– Мен силердин ата-бабаңардын колдоочусумун. Силер туулган жериңерге жете албай кыйналып каласыңар, бобул аргымакты минип алгыла,-деп бат эле көздөн кайым болуп жоголду. Ошентип үч бала эки окшош кара аргымакты минип алып бирде муңдуу чөптүн үстүндө, бирде булуттуу көктүн алдында сызып кетип баратышты. Аларды көргөндөр «касиеттүү Тагай бийдин балдары өз мекенин издеп кетип баратат»– дешти. Алар асман менен бир топко учуп анан жерде кара жол менен кетип баратышты.

Тээ береги саздуу жерде булут түнөп, алар суу ичип жаткан сыяктанат. Жол боюнда ала бата, мээр чөптүн анын өңү агыш боз саргыч тамыры жоон келип, сабагы тик тартат. Гүлү майда агыш жашыл түстө соккон желге жалбырагы назик сеңселет. Айрыкча шыбактын жыты мурунду жарып көңүлдү көтөрөт. Улуу тоонун башына булуттар турук алып турат. Күн бүркөлүп алар бир аздан кийин ылдыйлап жаан-чачынды пайда кылат. Эми мына шыбактуу талаа аяктары менен жол өргө таяна койнун ачып, берекелүү Чүй жери боюун керип жайкалып чыга келет. Карачоро «менин атамын жери кенен ырыскысы төгүлүп, чачылган жерден экен» деп сүйүндү. Кара аргымактар жол нугунан адашпай кетип баратат. Тескей беттерге жаан-чачын көп жаайт экен. Тоонун этегинен тоонун башына чейин токой жыш каптап жатат. Пенденин көңүлүн көтөрүп жапалак арчанын жыты аңкыйт. Баардык жерде түркүн куштардын үнү чыгып, эргүү чачып жаңырат. Андан ары бийик тоону аюу, аркар, каман мекендеп жолочулар ысык күндө токойду көрүп көңүлдөрү ачылып кетти. Алар токойдун ичине кирип булактын жанына токтоп, тамагын ичип жаткан. Капыстан ат кошкуруп, аркы тараптан сербеңдеген караан көрүндү. «Бул ким болду?» деп балдар таң кала карады. Анан көйнөк шымы тытылып айрылган бир бала келатат. Үчөө тең таңдана тиктешти.

Карачоро:

– Эй, бала бери кел, жалгыз токойдо эмне кылып жүрөсүң?

Тиги бала чоочуркай басып келип, үчөөнө салам берди. Анын оозу казыл болуп боёлуп турат. Ачка болгон түрүң бар жер жемишти аябай жеген окшойт. Боюу кыска бечаранын курсагы чедирейип чыгып турат.

Карачоро:

– Жол болсун кайдан токой аралап?

– Айлыбыз бобул токойдон ары тоонун түбүндөгү түзөңдө болчу. Калмак чапкынына учурадык. Атам, энеми туткун катары калмактар айдап кетти. Адамдар жарадар болду, мал-жан таланып калды. Беркилер качып келген баланы көрүп аябай боору ооруду.

– Эми кайда баратасың,-дешти.

– Ата-энем жок кайда бараарымы да билбейм.

– Анда биз менен бол мен Тагай бий атамы издеп баратам, ошол кишиге жолуксак, анан калган иштерди көрө жатабыз.

Чедирейген бала көңүлдөнүп, алар менен кетмей болду.

Үчөө эле төрт жолочу болду эми,

Тагай бийди издеп барат төртөө тең.

Бири үмүт, бири сүйүү, достук анан да

Эрдик деген төрт жолочу жол келген.

Кара аргымактарга эки-экиден бала минип сапар кетип баратышты. Күн чыкты аскаларга булуттар илинип турат. Бийик тоого жакындаган сайын салкындыктын илеби даана байкалат. Ал эми арт жактан чөлдүн илеби уруп турат. Алар бийик тоого жакындап келди. Төрт баланы кара аргымактардын үстүндө келатты. Алар жандай учуп бараткан кузгундарга кайрылды:

– Кузгундар кайда баратасыңар?

– Тарп издеп кетип баратабыз.

– Андай болсо жолуңар болсун издегениңер табылат.

– Биз эч нерсе жебебйбиз, болгону тарп жейбиз. Аны жеп тоо-талааны ар кандай илдеттен тазартабыз. Же болбосо ар кандай жаныбарлардын өлүгүнөн көп оорулар тарап кетмек. Адамдарга жалпы эле жаратылыш энеге ар кандай пайда келтиребиз. А силер кайда баратасыңар?

– Менин Тагай бий деген атам болгон ошону издеп кетип баратабыз.

– Ал тээ береги башын ак кар көк муз каптаган тоо суулары ылдый шаркырап аккан Ысык Көлдүн жээгинде жашайт. Буюрса ал жерге үч күндө жетип каласыңар.

Бул кабарды угуп, «жетүүгө аз калган экенбиз» деп жолочулар аябай кубанып калышты. Алар жол жүрүп келатышты. Адыр менен жүрүштү, шаркыраган суу кечип, колот өрдөп жөнөштү. Токойдун арасына келип жер-жемиш жеп эс алышты. Жаа менен кыргоол атып, куйкалап жешип, курсак тойгузуп, көңүл ачышты.

Жолочуларга салып-уруп эки көк жал чуркап келатты.

Балдар:

– Эй, көк жалдар ээрчишип кайда баратасыңар?

– Улуу тоолор тараптан келатабыз, суур аңдып желип-жортуп жүрөбүз, өзүңөр кайда жол алдыңар?

– Мен Тагай бийдин баласымын ошол атамы издеп баратам.

– Анын конушуна бир күндүк жол калды. Бобул белден өтсөңөр шаркырап аккан кашка сууга жолугасыңар, ошону өрдөп жүрүп отурасыңар, анын конушуна түз эле кирип барасыңар. Төрт жолочу канча жол басты жолдун оорчулугу артта калыптыр. Алар асман тиреген тоолордун ортосундагы бир тар капчыгайды ашып чыгышты. Тоонун таза жели аркырап уруп урду. Төрт жолочунун көңүлү ачылып, канатчан аргымактардын үстүндө каалгый абада учуп баратышты. Балдарга мелтиреп күнгө чагылышып, касиеттүү көл көрүнүп турду. Каз, өрдөктөр каркылдап, үн чыгара баркылдап сүзүп жүрүшөт. Бийик камыштардын арасында күрүлдөп жолборстор жойлоп чыгат. Токойдо марал, кийик, бугу батпайт. Эки жагында аркайган бийик тоолор. Чамына көлгө куюп жаткан дайралар. Көлдүн үстү толо суу куштары. Жарыктык көлдө түркүн балыктар арасында күн нуруна чагылып, адамча сүйлөп алтын балык сүзүп жүрөт. Балдар бул жердин кооздугун көрүп таң калгандыктан ыйлап жиберишти.

– Менин ата-бабам касиеттүү жерден экен,-деди Карачоро.

Балдар көл бойлоп келе жатып бир карыяга жолукту:

– Ата, Тагай бийдин конушу кайда?

– Бобул көлдүн жээги менен жүрүп отурсаңар, көп айылга, жана шаарга кезигесиңер, дагы жүрүп отурсаңар Барскон деген шаар бар ошол Тагай бийдин ордосу болот.

Балдар жүрүп отуруп, адамдардан сурап отуруп, акыры капкалуу Барскон деген шаарга келишти. Ал жерден Тагай бийдин кабарын сурашты. Тагай бий азыр чоң жайлоодо эс алып жатканын айтышты. Балдар ошол жайлоого сапар жөнөштү. Алар капчыгай өрдөп, кенен жайык өрөөнгө туш келишти. Ошол жерде кереметтүү чоң боз үйлөрү бар, ыйык жайлоого туш болушту. Тагай бийдин жайлоодогу конушу ушул экен. Кара аргымак минген балдар боз үйлөргө жакындап келишти. Алар туурда отурган бүркүттөрдү, куштарды көрүштү. Дөңдө сүйлөшүп бир топ карыялар отурушат. Адамдар канаты бар кара аргымактарга суктанышты. Бул жөн балдар эмес, теңиримдин өзү колдогон балдар экенин билишти. Уландар боз үйлөргө жакындап, аларды жигиттер тосуп алып аттан түшүрүп, аргымактарды кермеге байлашты. Балдар дөбөгө чыгып отургандарга ийлип:

– Ассаломуалекум аталар,-деп салам беришти.

– Алекумаассалом, балдар,– дешти отурган карыялар.

Жолочулар дөңдөгү кадырмандардын аягына келип отурушту. Карыялардын алдында калың көлдөлөң салынып, бир олутту баянды куруп жаткансыйт. Эң төрдө сакалы белине жеткен үч карыя адам отурат. Андан бери ар түрдүү курактагы адамдар жайланышкан. Кыраакы адамдар балдардын алыс жактан келатканын сезишти. Алар уландарга көп деле көз салган жок, чарчап келгенгер эс алсын анан аңгемени улайбыз,– деп ойлонушту.

Балдар тамак ичип эс алышты. Анча-мынча убакыт өттү. Карыялар баягы чоң дөбөгө чогулушуп, балдарды жанына чакырышты. Сакалы белине жеткен бир карыя айтты:

– Жол болсун балдар кайсы тараптан келатасыңар?

– Ыраакы Кашкар тараптан, Султан Саид хандын ордосунан чыгып келатабыз,-деп Карачоро айтты.

Отургандар Могол хан дегенде баардыгы тең сестене түшүштү. Жолочуларды алыс жайдан келаткан экен дешти.

– Жол болсун эмне жумуштап, кимди издеп чыктыңар эле.

– Мен Кашгарда төрөлүпмүн атам ушул Ала Тоонун арасында экен. Аты Тагай бий ошону издеп келатам. Бала чоңойгондон кийин ата-тегин табыш керек экен,– дап Карачоро маанилүү баяндады.

– Бар бол балам, сен ата-тегиңди издеп жолго чыккан бала турбайсыңбы, аның жакшы, ата-тегиң сенин келечегиң.

Тагай бийдин сакалын ак чалып, жаш курагы бир топко барып калган сыяктуу, кайраттуу узун бойлуу бүркүт мурун, ал жоон үнү менен сүйлөп турду:

– Болуптур ыраакы жактан келатыпсыңар, жолуңар болуп таалайыңар ачылсын!

– Энем Зулайка айткан атаң Ала Тоодо жашайт мен ошону издеп келатам.

– Ырас айтасың мен ошол Тагай бийдин өзүмүн менин балам экениңди аныктаган эмне белгиң бар?

Карачоро куржунун аңтарып карап, шайы чүпөрөккө өрөлгөн күмүш бычакты, жана жаңы өгөөнү алып чыгып Тагай бийге сунду.

Бий аны ары имерип бир карап, бери имерип бир карап, өңүнөн кубанычтын нуру тамчылады.

Бий эмне деп сүйлөөр экен деп карыялар анын оозун карап калды. Ал көп жылдан бери жоголгон буюмун таап алганына кубанып, күмүш бычакты суктана карап:

– Ооба балам, бул менин таштап кеткен аманат белгим болчу. Сен энеңин курсагыңда калган элең, атың Карачоро болчу жараткан эгем үмүтүмдү актады дагы бир балам алыстан аман-эсен кайтып келди,– деп өгөө менен бычакты өөп касиеттүү буюмдарды колун сунуп, карыяларга узатты.

Карыялар ыйык табылганы ары имерип бир карап, бери имерип бир карап суктана кубанып жатышты.

Бий тагдырына аябай ыраазы болуп толкундана, жоголгон нерсесин таап алагансып турду.

– Болуптур сен менин алыста калган балам экенсиң а бул балдарым ким болот?

Ошондо сууга чөгүп аман-эсен калган бала тизелеп отуруп сүйлөй баштады:

– Менин атам көр оокат кылган адам эле биздин жердин байы аны сабап, аябай ыза кылат. Кордук көргөн атам, жини келип байды өлтүрүп салат. Байдын туугандары ата- энеми, мени жип менен оор ташка байлап, өлсүн деп кирип турган терең сууга салат. Атам менен энем сууга чөгүп өлүшөт. Кудайдын барманы менен мен тирүү калдым. Берекем ата-энем жок болду, түбөлүк жоготтум. Мен Карачоронун азыгын кармап келатам. Өзүм дагы курсагым ачып, жегенге азык издеп жүрүп, Карачорого жолуктум, -деп токтоно албай ыйлап жиберди. Баланын армандуу тагдырын угуп, карыялар ойго батып, тымып калышты. Тагай бий кайрат айтып:

 

– Кой, балам ыйлаба, кайратыңы жоготсоң жаман болот.

Ал эми бу балам ким болот,-деп андан кийинки балага кайрылды.

Экинчи бала тизелеп отура калып, башындагы арманын айтып кирди:

– Биздин жердин эли ынтымагы жок болуп эки жааташып согушту. Менин ата-энем ошол капсалаңда өлүп жок болду. Мен кайда жашаарымды билбей селсаяк болуп тентип жүргөм. Барбаган жерим, көрбөгөн элим калбады. Жетимчиликтин айынан эмне кордукту гана көрбөдүм. Мени көргөн адамдар «баягы селсаяк» деп жанына жолотпой калды. Акыры Карачорого жолугуп ушуну менен бир келатам,– деп бышактап ыйлап жиберди.

– Кой балам анча жашыба башыңан оор окуялар өтүптүр, эмне кылабыз не болсо да тагдырдын жазганы ошол да.

– А бу балам ким болот, курсагы чедирейип турган балага кайрылды.

– Атам, энем калмак чапкынында учурап каза тапты. Аларды мен таба албай калдым. Экөөнөн тең ажырап ачка болдум, ток болдум. Катуу оорудан курсагым чедирейип чыкты. Эки-үч жылдай көрүнгөндүн эшигинде көрбөгөн кордукту көрдүм,-деп озондоп жаш төгүп турду.

Карыялар:

– Кой балам жаман жорук баштаба кайратаңды жоготпо!

– Ата-энесин жоготкон жалгыз сен эмес биз да жоготконбуз.

– Ким эле ата-энесин түбөлүк кармап жүрсүн.

Бала колу менен жашын аарчып ыйлаганын токтотту. Баланын арманын угуп беркилер да кайгырышты. Отургандар үч баланын кайгысын угуп көңүлдөрү чөгүп капага батышты. Бу жарыкчылыкта кубанычтан арман көппү деп ойлонушту.

Бий кубанычтуу:

– Алыста жүргөн балам Карачоро өз турагы ата мекени Ала Тоого аман-эсен келиптир. Ал жөн келбей өзү менен кошо бир туугандарын ээрчите келиптир. Бир балам Карачоронун азыгын көтөрүп жардам берип келиптир, бу уулумдун аты Азык болсун,– деди кубана. Ал эми экинчи балам, ата-энеси өлүп көрбөгөн кордукту көрүп турмуштун айынан тоо-талаада тентип селсаяк болуптур. Бу уулумдун аты Саяк болсун,– деди ата жылмайып. Карыялар башын ийкеңдетип кубаттап жатышты.

Тагай үчүнчү баланы көрсөтүп:

– Бу балам калмак чапкынына кабылып, ата-энесинен ажырап, оорулуу болуп курсагы чедирейип, көрбөгөн кордукту көрүптүр. Чертип койсо эле жыгылып кетчүдөй абалга келиптир. Атын « Чертике» коёлубу?

– Коёлу,-дешти аксакалдар бир өөздөн кубаттап.

Бий жарпы жазылып кубанып айтты:

– Карыялар ушул күнү мен төрт балалуу болдум, менин балдарым силердин да балдарыңар. Силердики эмес жылпы кыргыз элдики. Менин Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдарым бар эле, эми аларга Карачоро, Саяк, Азык, Чертике, Черик, Коңурат келип кошулду. Жаадырап күлүп кубанганынан ыйлап жиберди. – айланайын журт жоо жакадан алып турганда кыргыздын саны арбып, бөтөн элге айбат көрсөтсө экен. Атабыз Манастын арбагы колдоп, элибиз эл журт болуп сакталса экен.

Төрдө отурган эң улуу аксакал карыя:

– Айланайын журт калкыбыздын саны арбып, түндүгүбүз бийик көтөрүлсүн! Тагай балам балдарың менен аман-эсен бол! Бул балдарыбыздын тукумдары өз жерин коргогон кыраан баатырлардан болсун! Аксакалдардын өңүнөн нур төгүлүп баардыгы бата кылышты.

– Оомийин!

– Оомийин!

– Оомийин!

– Жаратканым өзү жар болсун!

– Кыргыз элибиз аман болсун!

Тагай бий кубанганынан көп боз үй тиктирип, ак боз бээ чалдырып чоң той берген экен.

– Оомийин!

– Оомийин элибиз аман-эсен болуп, кыргыздын кыйры узарсын!

– Элибиздин саны арбысын, башка чоочун элдин алдында айбаттуу болсун!

– Касиеттүү Манас атабыздын арбагы колдосун!

Тагай бийдин биринчи аялы ай жаркын Бермет эне болгон экен. Кудайым шыбаа айтып койгонбу кыргызда аял заттын акылдуусу, алган жары эр жигиттин бактысын ачат дейт. Бермет Улуу Каныкей энедей ары сулуу, ары акылман бийге жарашыктуу жар болуптур. Ал кыргыз элинин ички муңун, келечек тагдырын бий сыяктуу билип, ага эң сонун акылман кеңешин берип турчу экен. Тагай бийдин иши ошол эненин багыты боюнча өнүгүп, астыга жылганын санжырачылар көп эскерет.

Ошондо ак элечек кийген көп бабиче бешикти көтөрүп, элдин алдына келип, отуруп, Бермет эне ак эмчегин чыгарган экен. Тагай бийдин тондуу балдары Саяк, Азык, Черик, Коңурат, Чертике бирден эмп кириптир жаратканым жардам бердиби, же эненин энелик жан дүйнөсү козголдубу ким билет касиеттүү эненин эмчеги ийип кадимкидей ак сүт чыгып, балдары аныноозанып эмген экен дешет. Касиеттүү ата Тагай бий чоң той берген экен. Ошол Тагай ата той берген күнү күн ачык жаадырап тийиптир. Жайдын сонун учуру экен. Күн ачык туруп эле анан сонун өткүн өтүп, асмандан касиеттүү күн желеси « Асан-Үсөн» көрүп адамдар кудайга жалынган экен.

Чабалакей канаттуу куштар асман менен сызат. Бийик көктө кыраан куш каардуу үн салат. Ал кыргыз жерине кыраандыкты даңаза кылат. Күкүк, күкүктөп, булбул тээ алыскы бакта сайрайт.

Күн ачык. Улуу тоолор шаңкаят.

***

Ала-сала мезгил өттү. Жер-жемиштер толук бышып, айланада эң сонун күз күнү болуп турган. Ошол күнү түштүктөн Гүлчөдөн «Адигене бий катуу ооруп жатат»– деп Тагай бийге чабаган келди. Бул кабарды угуп Тагай бий жолдоштору менен даярданып, абыр-шабыр жөнөп калды. Тагай бий сезимтал адам эле өзү дагы бир нерсесин жоготконсуп жүргөн, агасынын бекер чакыртпасын ал билди. Атчандар күнү-түнү тынбай жол жүрүп келе жатышты. Салт атчандар бат эле Гүлчөгө жете келишти. Адигене бийдин тигип койгон боз үйлөрү алыстан даана көрүндү. Кермеде аттар байланып турат. Эки жакка чабагандар чапкылап кетип жатышат. Бир кырсыктуу окуя болгонун Тагай бий сезип Акбозуна камчы уруп бат эле абыр-шабыр жетип келди. Боз үйдө Адигене бий тил оозсуз жаткан экен. Тагай бий ылдам кирип келип, улуулар менен саламдашып, алсыз жаткан агасын карап, чекесинен өөп саламдашты. Адигене бий күчүн жыйып, инисин көрүп алсыз жылмая анын саламын алик алган болду.

Адигене акыркы күчүн жайып инисине керез осуят сөзүн узатты:

– Келдиңби иним, келгениң жакшы, менден кемчилдик кетсе кечиргин, мындан кийинки бийликти эми өзүң алгын. Элди жакшы башкар,-деп тил ооздон калгансып баратты.

Тагай баатыр менен Адигене бийдин ортосунда жакшы мамиле болбой келген эле. Адигене бий Могол бийлөөчүлөрүнүн таламын жактап келген. Ал эми Тагай бий ар дайыма эркиндикти каалап Моголдорго каршы болгон. Адигене бутпарас динин жактаган адам эле. Ал эми Тагай бий чыныгы мусулманчылыкка берилген адам эмеспи. Эл үчүн Адигене бийге караганда Тагай бийдин кадыр-баркы кичине жогору болгон.

Ошентип Адигене бий тиги дүйнөгө узады. Бийди койгону ар бир уруулардан белгилүү бийлөөчүлөр келишти. Ал учурда кыргыздар бутпарас динине сыйыншчу. Мусулман дини жаңы тарап анча күчүнө кирбей жаткан эле. Адигене бийдин кээ бир туугандары «анын сөөгүн бутпарасча өрттөп салабыз жасаган күнөөсү тазарсын» дешти. Бирок ага Тагай баатыр көңүлдөнбөдү. Акыр ал жеңди. Ошол учурда кыргыз жеринин ичинен Арсланбап токойлору кереметтүү ыйык жер деп эсептелип келген. Тагай бий ошол айланадагы ысык, муздак булак агып, ыйык куштар сайрап жаткан эң бир сонун жерди тапкан. Ошентип Адигене бийдин сөөгү Арсланбап токойуна коюулду. Бий мусулманчылыкты кыргыздардын арасына таратуунун жолунда болгон. Ал курандын сүрөөлөрүн жана аяттарын жакшы түшүнгөн адам эле. Ошол үчүн аны «Мухаммед Кыргыз» деп аталгандыгы тууралы негиз бар. Андан кийин жалпы кыргыздарга Тагай бий шайланып жалпы элдин бийи болуп калды. Тагай кыргыздардын жалпы бийи болгондон кийин Ал кыргыздардын эркиндигин Моголдордон талаша баштады. Анткени эл алык-салыктан эзилип журт аябай начарлап бараткан эле. Бий аскер ишин абдан жакшы өздөштүргөн адам болгон. Ал өзүнчө аскер курап аны Аксак Темирдин тактикасы менен өздөштүрүп бат эле чыңап жиберген. Бий кийинки учурда Могол бийлөөчүлөрүнө баш ийбей салык төлөөнү токтоткон. Могол ханы Султан Саид 12 миң кол курап келип Барскон суусунун жанында катуу салгылаш болот. Кыргыз жоокерлери өтө аз болуп, ошонун натыйжасында жеңилип калган. Тагай бийди колго түшүрүп аны Кашкарга алып кетип ал жактан үйлөнгөнү жөнүндө кабар берген болчубуз.

САРБАГЫШ ЖЕ КЫЛЖЫР АТА

Өз аты экен Сарбагыш,

Кыңая басып мойну ийри

«Кылжыр» деп аты аталган,

Ошентип бул ат таралган.

***

Тарыхта аты катталган,

Кылжыр деген ата бар,

Миң жылдары айтылган,

Мындай баатыр кайда бар.

Күн суук болуп, айлана бозомук тартат. Улуу тоонун башына боз булут уюп түнөк алды. Бобереги көрүнгөн түзөңдөр анан тээ береги дөңсөөлөр бир кезде жашыл эле эми өмүр күзү келип, бозомук өңгө айланды. Куштар да, адамдар да «күз келди, күз келди» деп айтып жатат. Куштар турак издеп алыскы жактарга шашылат. Шаркырап аккан суунун үстү муз болот бирок анын астындагы суу өзүнүн өмүр жолун улап, шылдырт чачып агып жатат. Мындан какшып калбай «өмүр өлбөйт, өмүр өлбөйт» деген кабар келет. Тоо жактан шамал согуп, бозоргон булуттар кайсы бир жакка айдалат. Күн ачык болгондо өрөөн суук тартат. Ал эми бүркөлгөн кезде жерде жылуулуктун илеби топтолот. Тээ береги имерилиш түзөң ылымта жерде Тагай бийдин кыштоосу. Кой жаныбар кыштоодо жайылып, өз турагына кайтып келет. Ал эми жылкы жаныбардыкы такыр башкача, ушул кабалаңдуу учурда анын жоосу өтө көп. Алар билинбей түн жамына келип, малды айдай качып, таптырбай кетет. Ээси карайлап таппай калат. Анан дагы кашабаң бар эмеспи, ал ит болуп билинбей эркелеп келип, курч тиштерин хылкынын кекиртекке матырып жара тартат. Жарадар мал бутун араң солбуп айкарасынан жыгылып, тыбырчалап жан берет. Топ-топ болуп үйгүшкөн кашабалар туш-туштан тиш салып, майкандап киришет. Анан жору, каргалардын тоюу башталып, бат эле кан-жининен өйдө жеп жылан сыйпагансып жок болушат. Кышында жылкы жаныбар кар тээп оттойт. Аяз суук күндөрдө ылымта түзүп бир-бирине ыктоолойт. Эч нерсе көрүнбөй бороон башталса, ал кезде жылкы тоо капталына шамалы жок жерге ыктоолойт. Бобу күтүрөп жаткан жылкы Тагай бийдин жылкылары.

Тээ береги Кара тоонун этегинде шамалы жок ыктоо аймак Тагай бийдин кыштоосу. Анын аялы Берметтин боюнда болуп төрөөр маалы жакындап калганбы түн боюу уйку баласын көрбөй кыйналып чыкты.

Кылжыр ата төрөлөөрдө Тагай бий бир кызык түш көрөт. Түшүндө күлүк акбоз атын минип, тоо аралап капталдай кетип бараткан экен. Бийик ашуудан ашып алды жагын караса, көз жеткис чоң өрөөн ачылат. Өрөөн эң кооз карап эле тургуң келет. Өрөөн аркылуу ээ-жаа бербей эки дайра алкына агып жатат. Дайралардын киргени же агып жатканы билинбейт, күргүчтөй токтобой агып эле жатат. Дайранын башында чоң таштын үстүндө Чоң жолборс өрөөндү карап жатат. Асмандан сандаган бүркүттөр айланып жүрөт. Алардын сүрүнөн жердеги жаныбарлар жазганып коркот. Бий ушул түшүн бир карыяга айтты. Карыя бийдин эң жакын ысык көргөн курдашы эле:

– Кокуй, бул түштү эч кимге айтпа, көз тийет,– деди чочуй. Буюрса бул төрөлүүчү балаң жөн тегин бала болбойт экен. Суу өлбөс түбөлүк жоголбоочу элес. Буюрса ал уулуңдан жер бетине эки уруу эл тараар, агып жаткан дайрадай болуп, ал эми асманда учуп жүргөн бүркүттөрдөй кыраан уулдар ошол элден чыгаар. Бий түшүн эч кимге такыр айтпады, түштүн урматына акбоз бээ чалып, элге тамак берди. Ал эми түштү жоруган жанагы карыяга акбоз күлүк жана үстүнө тон жапты. Ошол иш ошол болду.

Жылкычылар жылкы кайтарган суук күз күндөр өтүп жатты. Тагай бийдин үй бүлөсүндө кандайдыр бир нерсе болчудай болуп турду. Бий да бул күндөрү ошол болуучу ишти жакшылыкка жоруп, жаратканга, арбактарга жалынып, «Деги ишим жакшылыкка жорулса экен», деп өтө ойлуу жүрдү. Бермет эненин төрөөр күнү жакындап кирип келди. Үйгө колу эмсек үч кемпир келип эненин төрөтүнө кам көрө баштады. Эне байкуш мурун эки бала төрөдү эле анда мынча кыйналган эмес. Ал ичинен « Каапыр бул бала менин башымы жейт го» деп шектүү ойлорду ойлонуп жатты. Ошол бала төрөлөөрдө бир апта күн көрүнбөй айлана алай-дүлөй болуп, кар аралаш жаан жаап турду. Адамдар таң калып. «Бул эмне балакет болгон жатат» деп түкшүмөл тартышты.

Акыры үч кемпир алышып жатып, энени таң маалында эптеп жатып төрөттү. Кудай буйруп төрөлгөн бала эркек экен. Баланын үнү тай чабым жерге угулуп турду. Аны уккан карыялар «Бул бала тегин бала болбойт, келечекте ата журтту коргогон мекенге чеп болгон бала төрөлгөн экен»– деп жорушту.

***

Тагай бий ислам динин ыйык дин катары баалаган. Ошондой эле байыркы бабаларынын санжырасын билген айкөл кепкор адам эле. Басса-турса ыйык санжырадан башкаларга кеп сала берген пенде болгон. Ал кыргыздын кырк уруусун бириктирип, эзүүчү Моголдорго каршы күч топтоп аларды мекенден алыс сүрүп салгысы келген. Анын негизги баа жеткис оюу ушул болгон. Ал жаңы төрөлгөн баласына ат коюуну самады. Тагай бий Манас чыгармасын түп нускасына жакшы билген адам эмеспи. Улуу касиеттүү Манас баатырдын эң жакшы жакын көргөн адамы Элтабар болгон, ошонун элди коргоор Сарбагыш деген уулу бар экен. Ата төрөлгөн баланын атын Сарбагыш койгусу келген.

 

Балага ат коюучу карыя сурады:

– Тагай уулум баланын атын эмне деп атайлы?

– Сарбагыш.

Касиеттүү карыялар айтып жатты:

– Балабыздын аты Сарбагыш болсун!

– Сарбагыш!

– Сарбагыш!

– Уулубуздун атын Сарбагыш деп асан чакыргыла!

– Сарбагыш!

– Сарбагыш болсун!

– Сарба…гы…шш…– деген ат ай ааламга теңир көккө баардык жерге тарап кетип жатты.

Бийдин колунда бар эмеспи акбоз бээни чалып эл-журттан бата алды. Мезгил закымдап өтүп бала да чоңоюп жатты. Баланын мойну бир жагына тартылып ийри моюн болуп өстү. Ошонусунанбы эл аны « Кылжыр» деп атап алды. Бермет эне капа болуп:

– Бу баланы көзү ачык дарыгерлерге көрсөтчү, -деп бийге кайрылчу.

Тагай бий аны укпай:

– Кудайым балага ушундай тагдыр берди, ушул балам тың чыгып, келечекте журттун керегине жарайт,-дечү.

Айлана небак жашарып, чөп бурала өсүп, эл небак мал- жаны менен улуу тоолорго көчүп кеткен. Бээ саап, кой кайтарып, кыргыз эли тээ байыркы атам-замандан бери түйшүк менен алек. Ушул тоолордон эки ашуудан ары, жагында калмактардын конушу башталат. Көптөн бери калмактар менен кыргыздар жер талашып келатат. Бул арыздашуунун айынан нечен жолу кармашуу болуп, бирде калмактар сүрүлүп, бирде кыргыздар сүрүлүп, жанын оозуна тиштеген далай жаңжалдар чыкты. Азыр дагы калмактар менен кыргыздардын арасы тынч эмес. Өткөндө эле калмак жигиттери кыргыздардын жигиттерине тийип, бир топ жабаганы айдап кетти. Көп өтпөй ага жооп кылып, кыргыз жигиттери жоонун көп жылкысын түн ичинде айдап алышты. Айдап келсе эле бир жөн чокмор менен уруп калмактын эки жигитин торойто чапты. Ошондон бери орто тынч. Бирок кыргыздар калмактар кек кууйбу деп, тоо жакты карап шектенишет. Дагы бир шойкомдуу окуялар болуп кетеби деген бүдөмүк ой ичтен сызылат. Күн чыгып кайра кеч келип, өмүр акырындап өтүп жатты. Ушул күндөрдө Бермет баласы, энеси менен жакын тааныштарынын чакыруусунда жайлоодо конокто болчу. Тагай бий иштери менен бир жакка алыс сапарга кеткен.

Анан асмандан жымыңдап ай нуру төгүлүп түн келип, алтын казык жылдызы түндүктөн жол көрсөтүп чачырайт. Түндө адамдар да, канаттуулар да эс алууда. Бир гана түн ээси үкү азык издеп ары-бери чабыттап учкан болот. Түн канаттуусу жарганаттар бир жерден экинчи жерге далдалактап сызганын токтотпойт. Бобул кабат-кабат эки тоонун ары жагында калмактардын конушу бар. Эки эл бири-биринен шек санап турушат. Канчалык тынч жашайлы десе да тынчтана албай коюшту.

Азыр ай чыга элек. Ай отуруп анан чыгууга маал келет. Назик жел чөптөрдү жалбырактарды аймалап өтүп, сүйкүм шыбырт таратат. Түнкү жаныбарлар ар кандай шыбырттарга кулак төшөйт. Түн тынч турган менен баары бир кыймыл уланат. Ал убактылуу гана тынч турат. Тигине асмандан кулап дагы бир жылдыз жок болду. Ал жылдызды кайсы адам көп карайт болду экен. Ушул түндө тээ береги ак кар, көк муз жамына челген ашуудан калмактардын он бештей жигити караңгы түндү төтөлөп кыргыздар отурган конушка акырын жылып келатты. Өткөндө кыргыздар калмактарды чаппадыбы ошонун кегин кубалап келатышат. Калмак жигиттери токтобой желип-жортуп, жылгадан жылганы, адырдан адырды, коктудан-коктуну сыдырып ач карышкырдай жылкы айдап алганы келатышат. Түнкү кошуунду Батман калмак баштап келатат. Ал далай жолу түнкү жортуулга чыгып алчы-таасын жеген пенде эле. Ал жеке эле кыргыздарга жортуулга чыкпастан казактарга, уйгурларга, монголдорго чейин жортуулга барып же деп машыгып алган жан эле. Булар кыргыздардын малына тийип, каршылык кылса, боз үйлөрүн чаап кордук көрсөтүп кетиш керек эле. Кыргыздардын аз эле жигиттери жылкыларды жакын эле жерде жайып жүргөн, калмактар ал жигиттерге карама-каршы келип, бат эле малды айдап кетишти. Калмакар боз үйлөргө чабуул койгону келген жок.

– Калмактар.

– Боз үйлөргө чабуул коюп келбесин.

– Жан соога болсун кудай.

– Баланы сактагыла!

– Жакшылык кайдасың балдарды кара!

– Момун бери кел!

– Тотуя эмне эле туруп калдың баланы алып качалы!

Жыйылган топ жигиттер аттарды жайдак минип, курал жарактарын алып жылкыларды кайрып келүү үчүн кетишти.

– Ата кайдасың мага жардам бер!

– Калмактар менен өлбөгөн жерде калабыз.

Караңгыда ат издеген жигиттер ары-бери делпелектеп чуркашат. Жардам сураган үндөр. Айлана ушундай кооптуу дабышка толуп кетти. Бермет таякелерине келип, бешиктеги Сарбагышты да кошо ала келген. Ага жардам берүүчү Тотуя деген аял да кошо келген. Эки жигит эки атты энеге алып келди:

– Эже силер аттарды минип өйдөкү кечүүдөн өтүп, аркы өйүздөгү боз үйлөргө бара тургула аяк тынч силерди эртең бул жакка чыгарып алабыз. Суу терең экен өйдөкү жалгыз талдын жанынан кечкиле!

Бермет эне атка минип бешикти өңөрүп, Тотуя бир атка минип кечүүгө карай жөнөштү. Алар кечүүдөн көп эле өтүп жүрүшкөн баарын билиш керек болчу. Атчан аялдар өйдө карай жөнөп калышты.

Эне:

– Суунун аркы өйүзөндө таякелерибиздин боз үйлөрү бар. Эл тынчтангыча ал жакка бара туралы, аңгыча журт бир жакшылыкка жетишеер.

Эки атчан капталдай кечүүгө кетип баратышты. Айсыз көзгө сайса караңгылык. Жада калса бир карыш укум жер да көрүнбөйт. Атчандар сууга жакындап калышты. Арттан кыргызыбы же калмагыбы топурата жылкы үстүндө чаап өттү. Аялдар «куугунчулар келаткан экен» деп катуу коркуп кетишти. Аттарын камчыланып сууга киргенче ашыгып бат эле жээкке жете келишти.

– Бермет эне өйдөкү кечүүдөн кечели бул жердин суусу өтө терең эле.

Айым күңдү жактырбай:

– Ага кантип жетебиз ал үчүн кычыкты айланышыбыз керек го.

Күң каршылык кылып:

– Суу катуу кирип жатат бешикти агызып албайлы.

– Кудайым сактасын эмне кылабыз, артта куугунчулардын дабышы чыгып жатпайбы, калмактарга туш келсек торойто чаап унааны алып кетет аттар тың кудайым сактаса кечип кетеер.

Күң да буга макул болду. Ал башкача кыла албайт эле эненин тилин алыш керек. Алдыда чамынып күрүлдөп-шарылдап агып жаткан тентек суу. Эки атчан тентек сууга туш келип такалды. Бул жер кечмелик эмес эле, жаныбарлар да ошону билип, өйдөкү кечмеликке карай бурулуп туруп алышты.

– Келе баланы мага бергин,-деп өкүм айтты айым.

Күң аттын тизгинин тартып, алдындагы бешикти айымга кармата салды. Айымдын мингени келишимдүү чоң тору ат. Күңдүкү бышты чабдар ат. Мындай алсыз жаныбар сапырылып кирип жаткан сууга туруштук бере алабы?

Эне караңгы түндө:

– Суу атаасы Сулайман көлдөй көр жаратканым өзүң жар бол, кандай күнгө туш келгенбиз, -деп атчандар теңирге муңун билдиришти.

Айымдын аты өкүмдүк менен астыга умтулуп, суу ургаачынын тизесин жаба берди. Жүрөгү үшүп, суу жаба бербесин деп бешикти өйдө көтөрдү.

– Кудай арбак колдой көр, кандай суу ушунчалык терең беле, кокуй,-дегенге араң жарады. Айым оң колу менен бешикти бек кармап, сол колдоп тизгин жана ээрдин башын бек мыжып жатты. Ылдам кечип кетсек деп буту менен атты теминип коёт. – Чу, чу жаныбар, суу атасы Сулайман колдой көр, ата бабанын арбагы колдой гөр.

Арттан « Аа…ааа…ааа…»– деген бакырык угулду.

Катуу кирген тилсиз суу күңдү ат-маты менен агызып кетти. Кара жаны менен алек болгон айым аны даана байкап, денесин калтырап коркунуч аралап жатты. Көңүлү уйгу-туйгу болуп, жүрөгүнөн коркунуч каптап турду. Айымдын минген атын суу жаба берип, анын колундагы баланын бешигин тилсиз суу жулуп кетти. Аялдын «Аа…ааа…ааа..» деген алсыз чаңырыгы алыска угулду. Ээрдин кашын бек кармап, аркы өйүзгө өтүүгө аракет кылды. Жаныбар күчтүү экен күрүлдөп кирген сууну омуроосу менен жиреп аркы өйүзгө аман-эсен чыкты да силкинип-силкинип жиберди. Бермет эне бешиктеги баланы жакшы кармай албай сууга агызып жиберди. Айым эми эле колдо баласын сууга агызып ийип, улуп-уңшуп ыйлап жатты:

– Ай, кудай ай, ушундай да күн болобу, кокуй күн колумдагы балам кайда кетти? –анын үнүн суу угузган жок. Бирок тоонун тентек жели алыска-алыска айдап кетти. Күңдү минген аты менен суу агызып кетпедиби. Ай караңгы түндө көз ачып жумганча ушундай алаамат окуялар болуп кетти. Бир заматта ушундай кокустуктар болуп өттү. Айым эмне кылаарын билбеди, кийми жети катары менен суу болуп, үшүгөн денеси калтырап-титиреп чыкты. Бермет эненин минген аты аркы өйүзгө аман-эсен чыгып, от жылтылдап жанга үйлөргө карай бурулуп басыгын ылдамдатты. Ат боз үйгө ылдам эле жакындап келди. Булар черик уруусунун боз үйлөрү болчу. Аларды кабанак иттер арылдап тосуп чыгышты. Арыдан эки жигит чыкты.

Рейтинг@Mail.ru