bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

Эми кайрылып ошол ашка келели. Береги саяктардын ашына көңдөйдөн Эсенгул Кара торуну, Түмөнбай Акжелек менен Тору аргымакты, Жантай Карагер күлүктү, Атыгай Кула аргымагын алып чыкмай болушту. Балбан күрөш, улак тартмай жана башка оюндарга катышабыз деп жыйырмадай киши шатыра-шатман жөнөп калышты. Күлүк аттар менен бат эле аш берилүүчү жерге жете келишти.

Аш шааниси жакшы өтүп жаткан экен. Ак жуураттай болгон боз үйлөр. Эт бышырып ары-бери чуркап жүргөн жигиттер. Үнү заңкылдаган жар чакырып жүргөн пенделер. Бир аздан кийин аксакалдар кудайдан бата тилеп аргымактар коё берилди. Алыска талыбас куштай закымдап учкан аргымактар. Ээрге бекем минип, башына ак жоолук байланган тың чыкма чабандестер. Күлүктөр закымдап учкан куштай кетип баратат. Ал арада балбан күрөш, ордо атыш, төө чечмей, кыз куумай, улак тартмай дагы, дагы толгон оюндар болуп өттү. Күлүктөр эмне болду деп тынчы жок жер тыңшаар маамыттар жата калып, тура калып жерди тыңшап жатышты. Аңгыча жер дүңгүрөй көчүп, бир топ убакыт өтүп, туяктар тапырата жерди сабаган тулпарлардын дабышы жакындап келатты. Жер тыңшаар маамыттар айтып жатты:

– Аргымактар келатат, буудандар келатат,– деп жарыя айта башташты.

Дүрбү салган адамдар дүрбүсү менен оң имерип бир карап, сол имерип бир байкап жатты. Алдыда Баатыркандын Кара аты кеалатат. Жарыктыктын буту жерге тийбей асмандап учуп күйүп келаткандай сезилет. Анын артында Байсейиттин Актуягы куйрук улаш келатат. Анан биринин артынан бири болуп ээрчише келаткан күлүктөр. Чаң уюулгуп улам жакындап аш берген жакка келаткандай. Күлүктөрдүн дабышынан жер дүңгүрөп тынбай көчөт. Жер тыңшаар Маамыт бутун тыбырчалатып, жата калып жерди тыңшап « Бирде кара ат алдыга чыкты десе, бирде Кула аргымак алдыга чыкты» деп жарыя кылып жатты. Чабандестер кызыган аттарын эми накта камчылап, жер өлчөмүн так аныктап, кээ бири атынын тизгинин тартса, кээ бири акырын солгундата тартып келатат. Кара көйнөктүктөр дүрбүсүн алып караса эч дарек жок. Алардын жан дүнөсүн кубаныч аралабай шаабайлары сууп калды. « Ушундай да болобу, жок дегенде бир атыбыз чыгып келбей калабы» деп, дендароо болуп турушту.

Баамчыл Түмөнбай менен Эсенгул:

– Балдар ат тизгинин коё береер чак келе элек экен.

– Ошондой кылсын азыр коё бергенде болбойт. Алар чарчап марада башкаларга алдырып жибериши мүмкүн.

– Бир аздан кийин ат тизгиндерин коё беришет.

– Балдар туура аныктап жатышат.

– Иши кылып Беккулу атанын талы колдоп, биздин күлүктөр чыкса экен.

– Ошондой десең, Беккулу атанын арбагы, Мүйүздүү эненин касиети жар болсун!

– Ой, ким билет Баатыркандын күлүктөрү тың сыяктанат. Анын жылкылары дабан жарган мыкты күлүктөр эмеспи.

– Байсейит байдын күлүктөрү да мыкты.

Түмөнбай, кара мурутун сылап, калпагын оңдоп кғийип, ойлоно айтты:

– Менин баамымда Баатыркандын күлүгүнүн үч сууту кем экен. Кандай болоор экен марага чукул алардын жүрүшү жайлайт го.

Эсенгул Түмөнбайдын баамчыл ары аяр, ары сынчы экенин билчү. Ал ичинен ойлоп жатты «Буюрса Түмөкемин айтканы эле келет го» деп.

– Ошондой эле болсун Түмөке Беккулу атанын талы колдоп биздин күлүктөр чыгып кетсе гана.

Экөө ойго батып унчукпай калышты. Бир топ убакыт өттү. Күлүктөр марага алып-учуп кирип келатат. Ат үстүндө чабандестер күлүктөрүнө удама –удаа камчы урат. Чечүүчү мезгил өтө жакын калды. Чаң чубалып, аш берген жакка карай келатат. Эң алдыда Түмөнбайдын Акжелеги келатат. Ал аш берип карап турган элге желек булгап келаткандай чоң майрамдык шаани, кубанычты белгилеп тургандай болду. Үстүндөгү чабандес да кара көйнөк, ак жоолук байланган тың бала экен. Атына удама-удаа камчы уруп келатат. Анын артында Кула аргымак каалгый, туягын жерге мылгытып, көкүлүн көккө ыргытып сыймыктуу келатат. Кара байыр казанат, мактаса кеп жарашат талыбай чуркап алган экен. Экөөнүн ортосу эң эле жакын тизгин улаш келатат. Куланы минген Тынайдын баласы, тың чыйрак аттын кулагы менен тең ойногон бала, күлүккө олбуй-солбуй камчы уруп келатат. Анын артында Эсенгулдун Сарыторусу кыска моюн туу чукак жаныбар экен. Кулактарын жапырып, буту менен жерди сапырып келатат. Андан ары Баатыркандын Кара аты келатат. Тал жибектей куйругу шамаалга чубалат. Сай—сайлап жүнү бөлүнүп, аркардай көзү кызара келатат. Анын артында Жантайдын Кара аты келатат. Күлүктөрдүн келатканын көрүп кара көйнөктүктөр аябай жыргап, асманга секирип, эки алаканын бир-бирине ургулап кубанышат. Түмөнбай өзүнчө эле дердеңдеп, Атыгай ага күлө карады:

– Беккулу атамын арбагы колдоп Кула аргымак чыкса экен.

– Талашым жок кайсынысы болсо, ошонусу чыксын иши кылып Беккулу атанын күлүгү чыкса болду. Бизди атанын талы колдосун.

Бирок күлүктөр улам кызый чуркап орун которуштуруп жатышты. Биринчи болуп, Акжелек булгап, ашка чоң салтанат жаратып, Акжелек аргымак чыгып келди. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала марага эки колун көкөлөтө шаңдуу чыгып келди. Түмөнбай минген атын таштап. «А кудайлап чуркап барып, күлүгүн тосуп алды. Үстүндөгү кара көйнөк кийген бала шамдагай түрдө жерге түшүп, Түмөнбайды кучактап калды. Түмөнбай баланын оң бетинен, бир өөп, сол бетинен бир өөп баланы таштап, күлүгүн чуркап жетелеп суута баштады. Экинчи болуп Атыгайдын Кула аргымагы келди. Ал биринчи келмек эле эмегендир ашказанынан жабыр тартып калган шекилденет. Үчүнчү болуп капталында канаты бар, Баатыркандын Кара аты чыгып келди. Үстүндөгү бала кара атка окшошуп чылгый кара кийинген экен. Баатыркан күлүгүнүн артта келгенин кападар болуп турду. Ал саяпкерди жемелеп да жиберди.

– Жакшы тапталбай калыптыр, бу саам кара көйнөктүрдүн күлүгү кара тулпарымды артка сүрүп таштады,– деп капаланды.

Төртүнчү болуп, Шоңко Сүйөрдүн уулу Эсенгулдун касиеттүү Сарыторусу учуп күйүп чыга келди. Ушунча күлүктөрдүн ичинен анын төртүнчү болуп келиши да чоң кубанычты жаратты.

Эл бир ооздон кыйкырып:

– Беккулу атанын күлүктөрү бринин артынан бири чыга келди.

– Кара көйнөктүктөрдүн күлүктөрү дүбүрт таштап чыгып келди.

– Көнөчөктүктөр көнөчөктөгү каймыган жеп күлүктөрүн жакшы таптаган экен.

Чогулган эл кыраан каткырып күлүп жатышты.

– Буларды Бугу энесинин арбагы колдоду.

– Көзгө чабаарлар кыйын эл болот. Намысты оңой менен бербейт.

Элдин баары ыйык жаныбар Түмөнбайдын Акжелегин мактап жатты. Журттун көзү тиет деп жабуу жаап далдаа жерге жетелетип жиберди. Ошол даңазалуу чоң ашта негизги байгени Беккулу атанын тукумдары алды. Биринчи байгеге он жылкы, жүз кой, беш уй ыйгарылды. Калган байгелер да жакшы болду. Ошондо Атыгай, Түмөнбай, Эсенгул үчөө кеңешип, ошол аш берген жердин жүз жаштан ашкын үч карыясы бар экен. Байгеден алган үч бээни карыялардын алдына жетелеп келип, ийилип салам берип, «алгыла» деп өтүнүштү.

Карыялар:

– Ой, Беккулу атанын кулундары күлүктөрүңөрдүн арышы арбый берсин!

– Беккулу атаңардын талы колдосун!

– Күлүктөрүңөр дайыма чыгып аман-эсен жүргүлө!

– Колуңар ачык болуп, ырыскыңар ташысын!-деп бата беришти.

Беккулу атанын тукумдары:

– Айтканыңар келсин аталар!

– Дагы узак жашка чыккыла аталар!

– Аталар бата бергениңер үчүн силерге ыраазыбыз!

– Аталар тукумуңардын күнүн көргүлө!

Ошондо узак жашка чыккан бир карыя маселдетип бата берип сүйлөй баштады:

– Жараткан кудайымын алдында аман-эсен болгула! Беккулу атанын күлүктөрү биринин артынан бири чыгып келиптир, талаа, түздөрүңөрдө камбар атанын тукуму көбөйүп, күлүктөрүңөр жарышты топ жарып чыга берсин! Ойсул ата жергеңерден кетпесин! Беккулу атанын тукумдарын калктын пири Калкаман ата колдосун! Бакыттын пири Кыдыр Иляс колдосун! Бүгүн дагы кара көйнөк кийген бала байгеде күлүк чаап чыгып келди. Балдарыңардан бакыт кетпесин! Жигиттериңер эл керегине жарап аман-эсен болсун! Карыяларыңар, ак жоолукчан энелер журтту жолго салган акылман болсун! Оомийин!

Ошол жерде турган элдин баары бата кылышты. Беккулунун тукумдары эт жеп, куран окуп бата берип, аштын ээлери менен жакшы ырай менен коштошуп, малын айдап, көңдөйгө карай агылып келатышты.

Жер Үй Суусуна жакындаганда Беккулу атанын тукумдары бир улак таап, эки жаатка бөлүнүп улак тартып, айылга кубаныч, шаң- шарапат менен кирип келмей болушту. Аларды жолдон санжырачы, төкмө акын, куудул, Боргөтөн менен Канай тосуп алды. Боргөтөн менен Эсенгул комуз чертип жамактатып ыр төгүп келатышты. Жигиттер көкбөрү тартып айылга кирип келишти. Улакты шарт боюнча Бекулу атанын эң улуу карыясынын үйүнө ташташты. Карыяга алган байгеден бир бээ беришти. Элге ашта болгон жаңылыкты баян кылып айтып жатышты. Ошондо карыя алаканын жайып, кудайга жалынып:

– Оо кудайым, Чоң Жергес жеринен сабылып көчүп келдик эле, ушул эки тоонун ортосундагы кара көңдөйгө жай алдык, кудайым ушул жерден биздин элдин тукумун көбөйтсүн! Ушул жерде небере-чөбөрөлөрүбүз өсүп көбөйсүн! Жаратканым бизди кырсыктан сырткары кылсын! Жалпы журттун алдында ушинтип күлүгүбүз чыгып, балдарыбыздын атак даңкы жалпы кыргызга тарай берсин! Оомийин! –деп ак сакалы белине жеткен карыя бата берди. Баардыгы алакан жайып бата кылды. Эртеси Түмөнбай, Атыгай, Эсенгул үчөө үч бээ союуп элден-журттан бата алды.

Ошол күнү чоң той болду.

Ошол күнү Беккулу атанын тукумдары кудайга жалынып жатышты.

Ошол күнү Беккулу атанын даңазасы дагы бийиктеп баардык элге жайылып жатты.

Ошол күнү күздүн эң сонун күнү тийип адамдар кубанып жатышты.

Ошол кубанычтуу күн ошантип санжырага айланып, жомок болуп кеткен экен.

***

Автордун оюу

« Ассалому алекум!» « Алейкума ассалам?» Жаратканым бул китепти качан баштадым эле, суук болуп, Балыкчынын шамалы уйгу-туйгу согуп турган бороонду күздө баштабадым беле. Андан бери итабар мезгил өтүп, жылдар жылып, айга-ай жармашып, эсепсиз күндөр закымдап өткөн экен. Китепти жазган мен дагы ак чач адамга айланыпмын. Же болбосо карып улгая түшүпмүн. Жарыктык мезгил адамдарды ошондой кылып салат тура.

Менин алды жагыман,

Коён качты сереңдеп.

Чар тарапты карап коюуп,

Безип барат элеңдеп.

 

Бир кезде мен жаш элем,

Чачтарымды ак басты.

Гүл чачтым эми алчадай,

Жылдар дагы коён өңдүү,

Дайнын кетти таптырбай.

Мен бул китепти баштагандан бери далай суулар агып, далай мезгил өткөн экен. Ортодо эки хан алмашыптыр. Кайраттуу кыргыз эли эч убакта эзүүгө чыдай албайт, алар эч кимге баш ийбес улуу Манастын тукумунан эмеспи. Башка элдер бир эле хандын эзүүсү алдында турат. Ал эми кыргыз эли экөөнү тең сүрүп айдап, салп этек катынча жолуна салыптыр. Алар бир жерде чогултуп алган байлыгы менен өмүр сүрүп жүрсө керек. Баракелди кыргыз элинин түгөнбөс кайратына! Ошол замандын оорчулугуна чадай албай канча пенделер тиги дүйнөгө узады. Эл чачылды, тербиди, тентиди. Оор замандын капшабы далай сонун адамдарды тиги дүйнөгө алып кетти. Кечөөгүңкү эле мени менен бирге жүргөн адамдардын далайы тиги дүйнөгө узап кетиптир. Арман деген ошол экен. Мен алардын сүйкүм элесин ырларыма салбадым беле. Эми алардын жаркыраган элесин сыйпалап таппай отурам. Эмне дейбиз жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, тиги дүйнөдө бейишке чыгып, артында калган балдары, жерге жээги аман- эсенчиликте болуп, уланбай калган өмүрдү улап кетсин. Туулган жерди араласам ошол сүйкүм адамдардын элеси менин көз алдыма тартылып келет. Аларды мен баардык кезде эстеп келем. Кээде уктап жатсам түшүмө кирет. Кантип кирбей коёт балалык күнүм ошол сүйкүмдүү адамдын тегерегинде өтпөдүбү. Тагдырдын жаратканы адамга ченелүү гана өмүр берилет тура. Эмне дейбиз.

Мен эки кол жазма китепти эчак эле тараткам. Ал тее- тетиги 1992- жылдар болуш керек эле. Анан китепти ошол боюнча таштап коюуп азыр кайра карап отурам. Оңдоочу жерлерин оңдодум. Бул китеп негизи үч адамдын кол алдынан өттү. Жалгыз эле мен жазып салдым десем тигилердин акыл эмгегин жеп кеткен болом. Китептерди Жүзөнова Айгүл, кызым Жылдыз тирмийип отуруп алып, баш ылдый оңдоп, уйкаштыгын келиштире оңдоп чыкты. Же алар толугу менен кайра жазып чыкты десем болот. «Туулган жер жөнүндө китеп экен элге уят болуп калбайлы» дешти. Эң эле осол жерлерин алып салышты. Анын оордуна башка ырларды жазышты. Мага караганда алар коп окугандык кылды жана орус тилин терең билгендиги менен айырмаланды. Балким дале осол начар жерлери бардыр аларды алып салаарбыз. Кимдир бирөө жазылбай калгандыр. Аларды чыгармага кийреербиз. Иши кылып туулган жер жөнүндө анча-мынча болсо да жазылаар китеп жазылды. Кудайга ошол каниет. Ыйык жерди кантип китеп кылып жазбайбыз, жазабыз. Туулган жер жөнүндө китеп жазып анан башка темага кайрылабыз. Өзүңөр билесиңер китеп ар кандай сюжеттик линияда түзүлөт. Чылгый эле мактоо болсо, ал китеп болбой калат. Эч кимдин деле окугусу келбейт. Китеп жаратылыштан, армандан, кошоктон, юмордон, жаштыктан, күлкүдөн, балалык, карылык жана башка көптөгөн нерселерден тураарын билесиңер да. Кээ бир жазуучуларды билем туулган жери жөнүндө бир эки эле ыры болот. Ал туулган жерин ошол эле эки ыры менен элестетет. Мынчалык терең жазыш үчүн көп окуш керек болуп жатпайбы. Фольклорду, чыгармачылык эстетиканы, логикалык ойлонуу, ата-журттун уңгусун,турмуштун өнүгүү темпин, көркөм аң-сезим, реалдуу ойлоо ыкмаларын, чыгармачылык профессионалдык жана башка толуп жаткан нерселерди билиш керек. Чыгармачылыкта эки куплет ыр эле көп нерсени чечип коюушу ыктымал. Бул өз жайы менен болсун. Мен эми көп алыс кетпей кайра эле өзүбүздүн турмушубузга келели. Туулган жерге сагыныч пайда болот. Биздин жайлоолорубуз кандай керемет ал жерлерге киндик каныбыз таапм балалыгыбыз калбады беле. Жерибиздин адамдары кандай ыйык. Мен тууулган жерде бир-эки адамдан эле көңүлүм калбаса ал эми жалпы карапайым адамдардын бирөөнөн да көңүлүм калбаптыр. Алардын ыйык элеси, сүйлөгөн карапайымдыгы баардыгы менин көз алдымда даана кино болуп тартылат. Мен аларды кантип ырга жазбай коём. Кандай гана чыгарма болбосун анда тарбиялык маани болуш керек. Тарбиялык маани болбосо, ал чыгарма болбой калат. Ал ошол үчүн адабий чыгарма да. Ошол тарбиялык чыгарма менен адамдык калыптануу келип чыгат. Албетте адамдардын арасынан ар кандай терс сапаттар жолугат. Мисалы: зулумдук, ач көздүк, көрө албастык, зөөкүрлүк, уурулук, мастык жана мындан башка адамдарда толуп жаткан терс көрүнүштөр бар ошолордон четтеш үчүн мен ырларымда жазып кеттим. Ал жагын жаман көрбөгүлө. Канчалык биздин эл жогорку маданияттуу болсо, биздин элде жашоо ошончолук сонун болбойт беле. Албетте андай жаман көрүнүш баардык элде кезигет. Мисалы падышадан тартып карапайым адамга чейин жаман сапаттар бар. Мисалы биздин качып кеткен адамдарыбыз жакшы адамдарбы алар дүйнөкор, талоончу болуп чыга келбедиби. Кечөөгүңкү эле жакшы деген адамыбыз жүзү толук ачыла келбедиби. Ушундай жерде кантип заман оңолот. Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү көп депутаттар, губернатор, акимдер чыкты, ушулардын деги бирөө эл үчүн иштедиби? Жок элди тоноп алды да басып кетти. Эч бир элге жакшылыгы болгон эмес экен. Жалпы эл үчүн иштеген адамдар керек болсо онго да жетпейт. Мен аларды санап берейин. И. Раззаков, А. Масалиев, Шералы Назаркулов, Султан Ибраимов, Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев менин эсимде эл үчүн иштегендер ушулар эле экен. Ал эми депуттар, акимдер, губернаторлор жөн эле бир бийликке келип кеткен адамдар тура. Байып алат анан жылт коёт. Анан аларды кантип эл үчүн иштеди дейбиз. Алар атын калтырыш үчүн кээ бири тирүүсүндө эле мектептерге, көчөлөргө ысмын коюуп киришти. Деги ошолордун аттарын койгондой эмне эмгеги бар эле. Алардын аттарынын киге кереги бар. Жансыз элге эмгеги жок ашыкча нерсе болуп жатпайбы.

Эми саясатты коюуп кайра жазмага келели, биздин ишибиз ошол эмеспи. Жазаарын жазып бердим эми калганы силерден. Баса төртүнчү китеби да бар эмес беле. Кудай аны санаага жеткирсе айылга барып кыдырып көрүп анан байкаштырабыз.

Кагылайын айлымдын карапайым адамдары менин айтаарым ушулар.

Баарыңарга ден соолук, алдыңарга жакшы күндөрдү каалайм!

Ар бириңер жолукканча саламатта аман-эсен болгула!

Кудайм алдыбызга жакшы күндөр менен жолуктурсун!

Жаратканым өзүң колдой көр!

Бизди касиеттүү ыйык Бугу энебиз жана Беккулу атанын талы колодосун!!!

Буюрса кайра аман-эсенчиликте жакшы салам менен жолугалы!

«Ассалому алекум!» « Алейкума ассалам!»

БАБАЛАРДЫН ТАРАЛЫШЫ

Акбагыш

Үрүмчү-–Чоңбагыш

Сарыбагыш

Долон бий

Ак багышЫрыскан–

Домбул бий

Куууул (Сол)

Долон бий–Акуул (Оң)–

Кызылуул (Ичкилик)

Койлон (Жедигер эли)

Адигене Богорстон ( Солто эли)

Ак уул–Тагай –Кылжыр–

Моңош Кара чоро

Наалы эже Тондуу балдары

Саяк

Азык

Черик

Коңурат

Чертике

(Бугу уусу тарайт) Арыкмырза

Кылжыр–Орозбакты–Мырзакул–

Дөөлөсбакты Карамырза .

(Сарбагыш уруусу тарайт) Токочмырза

Асанмырза

Алсейит ата үч аял алат

1.Биринчи аялы Токтобүбү эне 2.Экинчи аялы Мүйүздүү эне. Ушул касиеттүү энеден Беккулу атанын тукумдары тараган. 3. Үчүнчүсү Калмак Чок төрөнүн кызы Чежимжан эне.

-–Мырзакулмырза– Алсейт

Тынымсейит

Бейшембай

Алсейит–Жамангул– Төрөкочкор—Куржун–Торгой–

Боор Кыдык Чолпоке

Туумакашка Бооке Султангазы

Бапа Белек Түлөсүн

Итибий Ырыс

Бекназар

Майназар

Торгой–Беккулу–

Муса

Бектемир

Шоңко

Беккулу атадан—Бүтөбай

Курумшу

Айман Карача

Шоңко атадан–Сүйөр Курумшу атадан–Койсойбос

Адыл Уралы

Балбак Байбото

Мамай

Бүтөбай атадан–Баястан

Сыдык

Карач

Торгой атадан таралган Беккулунун тукмадры.

Санжырада Беккулу атанын: Курумшу, Бүтөбай, Шоңко деген үч уулу болгон экен.

КУРУМШУ АТАНЫН ТУКУМДАРЫ

Беккулунун Курумшусунан: Койсойбос, Ураалы, Байбото, Карача деген төрт уулу бар.

Курумшунун Койсойбос уулунун тукумдары:

Койсойбостун: Канай, Чыны, Максүт, Сейит, Ормон, Чормук деген алты уулу болгон. Койсойбостун, Канай уулунан: Айтыке, Жоломан, Малай, Өмүрзак, Эстебес, Дүкөш, Муңайтпас, Токтобай деген сегиз уулу бар. Айтыкеден. Шайыке андан Бабаш андан Намаз, Ишен, Токтогул, Дүйшөмбү. Жоломандан: Асанкожо, андан Курманбай. Малайдан : Чомор, андан Жусуп, Усуп, Төлөн, Мукамбет. Эстбестен: Төлөш, Төлөбай, Сатынды.

Койсойбостун Чынысынын он уулу бар. Акун, Шайыке, Желдең, Турдуке, Дөгдүр, Тогузбай, Маатай, Ырыскулу, Кулкөтөн, Акыл.

Шайыкеден: Апет, андан Тентимиш, муралы, Асаналы. Желдеңден: Чоопай. Турдукеден Төлөбек андан Мыктыбек. Дөгдүрдөн Мукамбет андан Шамил, Эмил. Тогузбайдан: Акун, Барыктабас. Барыктабастан: Бети, Байтур, Амантур. Бетиден: Саяк, Мырзабек, Бердибек. Байтурдан: Эркинбек, Жумгалбек, Абайбек. Амантурдан Туратбек. Маатайдан: Кукай, Ишенбек. Кулкөтөндөн: Садыр, Акыл. Садырдан Жакшылык. Акылдан:Дүйшөналы, Карагул, Темиралы, Абдыбай.

Койсойбостун Максүтүнөн: Кыйшыбай, Букара. Кыйшыбайдан: Бектурган, Сартуман. Бектургандан: Абдылда, Кыдыр, Акжолтой, Мукамбет, Үмөтбек, Ырысбек. Букарадан Кубат. Кубаттан: Талгар, Бактияр, Элдияр, Эрмек

Койсойбостун Сейитинен : Тапа, Тургунбай, Бейше, Мергенбай. Тападан: Асапакун, Усубакун. Турганбайынан Усуп андан Мукан, Жумагул, Бердигул, мураткул. Мергеенбайдан: Бейше, Кыдыр, Карыя. Бейшесинен Үчмурун.

Койсойбостун Ормонунан: Абыласан, Жоошбай.

Абыласандан: Сакен, Саты. Сатыдан: Бабакан, Казак, Касым, Мусабек төрт уулу бар. Сакеден Карагул. Бабакандын балдары: Кенжебек, Догдурбек, Таалайбек. Казактын балдары: Зарылбек, Жолдош. Касымдын балдары: Үмөр, Жунуш, Кубат, Эркин, Эсен. Мусабектин балсы Володя.

Ормондун Жоошбайынан: Токбай. Токбайдан: Болотбек андан Муса. Мусадан: Акен, Ысмайыл. Акенден Бекжан. Ысмайылдан Максат.

Койсойбостун Чормугунан Шыгай,андан: Мукаш, Муса. Мукаштан: Жекшен, Жолдошбек.

Курумшунун экинчи уулу Ураалынын туумдары:

Курумшунун Ураалы уулунан: Арт, Табылды, Шопок, Боромбай, Босток деген уулдары болгон.

Ураалынын Арт уулунан: Садабай, Жумабай, Кенжебай, Ордобай, Куланбай, Алышбай, Ачакей деген жети уул.

Садабайдан: Текебай, Ыбрай, Абдырай. Текбайдан: Чалакыз. Ыбрайдан: Сыртбай, Конок. Абдырайдан: Сарбагыш, Эшимбек. Жумабайдан: Абылмежин, Көбөк, Кемел. Абылмежинден: Койчуман, Саманчы, Чалгынчы. Кемелден Октябрь. Ордобайдын: Мукамбет, Төкөш, Курманалы. Мукамбеттен Мусаке, андан: Сагындык, Амангелди, Имангелди, Төрөкелди. Токоштон Бекен. Курманжандан: Токелең, Апылай. Куланбайдан Баяун андан: Кусмидин, Арыкбай, Бекен. Ачыкейден Чундук андан: Медербек, Алмакун, Алмазбек, Нурбек.

Ураалынын Табылдысынан: Айтак, Алаша, Орунтай, Жолдошбай, Илепес деген беш уул болгон экен. Табылдысынан Айтактан: Рахмат, Осмон андан Жусуп андан Арык. Табылдынын Алаша деген уулунан Алтымышбай, Молдоакый. Алтымышбайдан: Жолочу, Ысмайыл, Мукаш, Искен төртуул. Жолочудан Ыйса, Ыйсадан: Замир андан Азамат. Ысмайылдан Малик андан Кубан, Обон. Мукаштан: Муратбек, Мухтарбек. Муратбектен: Улан, Мирболот. Мухтарбектен: Нурболот. Искенден: Мырзабек, Сапарбек. Молдоакыйдан: Жанкороз, Асанакун, Жамангул, Турсунбай. Жанкороздон Абыл андан Бакачы, Бакыт, Урмат, Максат. Жаманкулдан Рашид, Райымбек, Райымкул, Болот, Аскарбек, Белек. Турсунбайдан: Бакыт, Акылбек.

Табылдынын Орунтайынан : Түлөберди, Узакбай, Иляз, Жакеш, Турмалы беш уул. Иляздан: Дайырбек,Орузбек. Турмалыдан: Тынчыбек, Тыныбек.

Табылдынын Жолдошбайынан Тенти.

Табылдынын Лепесинен: Турдукожо, Орозакун, Саакы. Турдукожодон :Турдакун, Ырысман, Орозакундан Шарынбек. Мамакеден Татар.

Ураалынын Шопок уулунан : Алымбек, Алыке деген эки уул. Шопоктун Алымбегинен: Токбай, Токтогул, Токторбай, Байсын. Токбайдан : Самүдүн, Турпандык андан Сакый, Өнөктүк. Токтогулдан: Усубакун, кудайберген. Усубакундан: Үмөр, Жолдошбек. Кудайбергенден: Жанузак, Сарымсак, Өмүрзак. Байсындан. Асыбакун, Ыманбай, Асанбай. Ыманбайдан: Сару, Саалы, Төлөсүн. Асанбайдан: Мидин, Зарыпбек, Азамат. Алыкеден: Майбаш, Сарыбаш, Байшери, Дүйшө. Майбаштан Акмат андан Досой. Сарбагыштан Молдобай. Байшериден: Турдубай, Асанбай, Турдукожо. Турдубайдан: Карагул, Түпүш, Сатар. Турдукожодон Муса андан Кудайбек. Дүйшөдөн Сайдин.

Ураалынын Боронбай уулунан. Маамыт андан Сагындык андан: Касым, Дүйшөмбү. Касымдан Алмаз андан Нурсултан. Дүйшөмбүдөн: Эрмек, Шарыпбек, Талантбек, Тилекмат, Нурбек.

Курумшунун Карача уулунун тукумдары.

Карачадан Бокбасар деген жалгыз уул. Бокбасардан: Мураталы, Тынаалы, Үмөтаалы, Акидей, Миңжылкы деген уулдар. Муратаалыдан: деркембай, Аккөз, Эшперди, Абдылда. Деркембайдан Мамбет андан Султанбай, Бексултан, Кыдыр. Аккөздөн: Жүсүрүн, Жапар. Андан Ысак, Ыса. Эшпердиден: Уруй, Шахмат, Расул, Жумаш. Уруйдан: Төлөн, Жекен. Төлөндөн Венербек, Медер. Жекенден: Рысбек. Шахматтан Эрнис. Расулдан Жолоочу, Жолдош, Жоро, Ынтымак. Жумаштан: Болот, Мелис, Марат. Муратаалынын Абдылдасынан: Токой, Шадый, Асангул. Токойдон Төлөнбек. Шадыйдан: Керезбек. Асангулдан. Медербек, Темирбек, Майрамбек. Бокбасардын Үмөтаалысынан Күрөңкөй андан Сулайман. Сулаймандан: Жокен, Жолоочу, Тойчубек. Бокбасардын Тынаалысынан: Баяман, Кутман, Майрык. Баямандан: Садык, Жумакун. Сыдыктан: Шахтыбек, Орозобек. Жумакундан: Дүйшөнбай, Ишенгазы. Кутмандан Карагул адан Акжолтой. Майрыктан Жумалы. Акидейден Матай. Миңжылкыдан Турусбек.

 

Курумшунун Байбото уулунун тукумдары

Курумшунун Байботосунан: Таштаке, Аргыбай, Бөлөкбай деген үч уул. Таштакенин үч аялы болгон. Каалгыдан: Кыдыр, Токтосун. Экинчи

аялы Эренчеден: Итике, Кененсары. Үчүнчү аялы Айганыштан: Дулат, Белек. Кыдырдан: Асанбай, андан Кадырбек, Касымбек. Токтосундан: Акмат, Муратбек, Шыкый. Мукамбеттен Казыбек. Акматтан Байкабас андан Табылды, Замирбек, Мамырбек, Урматбек. Итикеден Амандык андан Сатынды. Кененсарыдан:

Сооронбай, Шабдан. Сооронбайдан Сулайман андан Турдубек. Шабдандан: Тентимиш, Сатыбалды, Жамангул. Белектен Асанаалы андан Дүйшөмбү.Курумшунун Байботосунун Аргымбайынан: Жанузак, Өмүрзак, Тогузак, Сегизак деген төрт уул. Тогузактан: Байкөбөк, Бекен. Сегизектен: Төлөн, Сагынбек, Сабырбек. Жанузактан: Чегир андан Өзүбек. Өзүбектен Азык, Сасыгул, Беримкул. Өмүрзактан Ашый. Бөлөкбайдан Алдаш андан Шаршенбай, Асанаалы. Шаршенбайдан Дөкүш, Асанкыра, Догдурбай, Майназар.

Кыпчак уруусу.

Ураалынын жээни болгон Жаркымбай кандайдыр бир сепептер менен таякелерине келип жашап калган экен. Ошол бойдон алар Беккулу атанын тукумдарына аралашып аларга сиңип кеткен. Жаркынбайдан : Токторбай, Шаршемби, Ажамбай андан Стам, жума, Керим. Стамдан Жаамбай, Жакып, Дүйшөмбү. Жумадан: Карагул. Керимден Сарт, Шамеш. Токторбайдан Орозо, Аалы. Аалыдан Аскербек, Амантур. Шаршембиден Казак, Кыргыз. Казактан Аскар, Медербек. Орозодон: Кыдырмыш, Канат, Капай. Кыргыздан: Жээнбай, Жээнтай. Аскерден: кубан, Октябрь, Жапар, Жанарбек.

БҮТӨБАЙ АТАНЫН ТУКУМДАРЫ.

Беккулу атанын Бүтөбайынан: Баястан, Карач, Мамай, Садык деген төрт уулу болгон.

Бүтөбайдын Баястан уулнан Көлөй, Ниязбек, Кулет, Түмөнбай, Алыбек, Сейит, Медет деген жети уул.

Баястандын Көлөйүнөн: Ысабек, Алаш, Айдар. Ысабектен: Жунуш, Усубакун, Илияз, Жамаке, Акмат. Алаштан: Мукамбет, Абакир, Мыйса. Мукамбеттен: Бексултан, Кененбай, Кеңеш, Бекболот. Кененбайдан: Бактыбек, Төлөсүн, Тапы. Мыйсадан Жылкычы. Абакирден: Шаршен, Бейшен, Дүйшөн, Жолочу, Кадыр. Бейшенден: Барктабас, Камчыбек, Өмүрбек. Дүйшөндөн: Канат, Болот, Кумар, Кубан, Самат, Жолочудан: Талантбек, Алмазбек. Кадырдан: Кайсын, Автандил. Айдардан: Мамбеталы, Үсайыр андан Канат. Канаттан, Урмат, Андан Баястан. Мамбетаалыдан Ынтымак. Ынтымактан: Кубат, Токтогул.... Усубакундан Таажыбек. Жунуштан: Жыргал, Тынччылык, Тобокел.

Баястандын Ниязбегинен: Абыш, Айтымбет, Айты, Курман, Шаабай. Абыштан: Абатай, Жолбун, Бейшенбй, Сарыбай, Алыбай, Мусажан, Мусур алты уул. Айтымбеттен: Касымбек, Алияскар, Жапар, Сыдыш, Шамалдай. Айтыдан: Аруун, Жусу. Шаабайдан: Абдылда, Шайылда,

Ыманалы. Сарыбайдан Кубанычбек. Мусажанжан: Мааткерим, Темир, Камчы, Кенжебек. Мусурдан: Кудабай, Таалай, талант, Аруундан: Жамансарт, Апсамат. Шайылдадан: Ишен андан Абыкай, Муратбек. Ыманалыдан: Ишенбек, Үсөнбек, Эсенбек. Курмандан Токтокадыр андан Токтобек. Токтобектен: Добуш, Турганбек, Шайлообек, Жаныбек, Бакыт, Максат.

Баястандын Кулетинен: Молдо, Бөкөбай, Темиркан, Ысмайыл, Турдубек. Молдодон: Тынччылык, Үсөнбай. Бөкөбайдан: Шакиржан, Байкабас. Темиркандан: Эркиндик, Барктабас. Ысмайылдан: Дүйшөнбай, Атчыбек. Турдубектен Сыртбай. Тынччылыктан: Догдурбек, Талантбек, Болотбек, Назарбек, Асылбек, Каныбек, Алтынбек. Үсөнбайдан: Кайырбек, Адырбек, Максат. Шакиржандан: Селпо, Бекбо, Райпо, Жанбо, Сүйүнбо, Акиспо. Байкабастан: Кубанычбек, Майрамбек, Жылдызбек. Сыртбайдан: Нурбек, Бакыт. Дүйшөнбайдан: Мелисбек. Эркиндиктен: Солтобек, Кыдыкбек, Кыргызбек, Иличбек, Нурлан, Эрлан. Солтобектен: Улан, Мирлан, Азамат, Бекназар. Кыргызбектен Ислам. Нурландан: Ыйман, Инсан.

Баястандын Түмөнбайынан: Орозбек, Мамбет, Айдыңбай. Мамбеттен: Абды, Шайык. Абдыдан: Саяк, Токуш, Кудаш, Ыдырыс, Жоломан. Шайыктан Жанаман.

Баястандын Алыбегинен: Токобай, Токобайдан. Манапбай, Акун, Чекир. Манапбайдан: Оторчу, Ыскак. Акундан: Соодонбек, Бегимат. Чекирден: Крыя, Эсентур, Рысбай. Эсентурдан. Азамат, Арзымат, Аскат, Адис, Марат, Алтынбек. Рысбайдан: Замир, Акжолтой, Өмүрбек, Нурлан, Улан.

Баястандын Сейитинен: Урманбет, Шамыркан. Урманбеттен: Жакыпбек, Жайлообек, Үсөн, Кадырбек, Көчкүн, Тобокел, Качкын. Шамыркандан Жакып Март. Кадырбектен Сүйүнбек.

Баястандын Медетинен Акир. Акирден Токтомуш

Бүтөбайдын Мамай уулунун тукумдары.

Бүтөбайдын Мамайынан: Атыгай. Атыгайдан: Тыны, Тынай, Акун, Акмат, Асылбек. Асылбектен Байдалы. Байдалыдан Большевик андан Эрнис. Тынайдан Мамбет андан Жамаке, Сапарбек. Акундан Совет, Сапарбай.

Бүтөбайдын Садыгынан Жараш. Жараштан Канымет андан Бердалы.

Бүтөбайдагы Саруу уруусу. Садырбай, андан Түлөберди андан Шаршемби, Жакып, Сукей, Кемел. Шаршембиден Ыйса, Төлөнбай. Жакыптан Бактыбек. Сукейден Кыдыр. Кемелден Кубан.

Бүтөбайдын Карач уулунун балдары.

Карачтан. Жантай, Талканбай, Чермиш. Жантайдан : Бакал, Жамгырчы, Аалы, Токтосун, Желдең . Талканбайдан: Шеримбек, Ыбыке. Бакалдан: Ашыбай, Тилек, Жамгырчы. Жамгырчыдан: Жакып, Карып. Карыптан Асанкары. Аалыдан Садыр андан Качкынбай. Асандан Кудайберген, андан Айылчы. Жумаш. Токтосундан: Үсөн, Көкүш, Мырзабек. Үсөндөн Камчыбек, Шамшыбек. Желдеңден: Ысмайыл, андан Ишенбек. Такеш. Шеримбектен: Абылгазы, Султангазы, Ургазы. Абылгазыдан: Жапас, Сулайман. Султангазыдан: Эшен, Касен. Ыбыкеден: Намаз,андан Насирдин, Сүйүнбек. Сопу, Апил. Ашыбайдан Шейше андан Бактыбек, Калдыбек, Бердибек, Акылбек. Тилектен : Өмүш, Кулуке, андан Куттубек, Мыктыбек, Ыктыбек.

ШОҢКО АТАНЫН ТУКУМДАРЫ

Беккулунун Шоңкосунан Айман, Балбак, Адыл, Сүйөр. Шоңконун Айманынан: Абылай, Сатыбалды, Калча, Черик, Сотобай деген беш уул бар. Абылайдан: Кетирекей, Калпак.

Кетирекейдин биринчи аялынан Күрөңкөй, Жийдебай, Тыныбек. Экинчи аялынан: Ысма, Абды, Асанбай, расул, Бөдөн. Күрөңкөйдөн: Муталып, Касен. Мулалыптан: Шалтабай, Турарбек, Аманай, Эсенай. Жийдебайдан Бакир андан Табылды, андан Сулайманбек, Искендер, Кубанычбек. Шалтабайдан: Кубан, Таалай. Турарбектен: Замирбек, Эмилбек, Дамирбек, Ринат, Фархат. Аманайдан Данияр, Бахтияр, Бакай. Эсенайдан: Нурбек, Мирлан, Афиандил, Нурислам. Тыныбектен Шакир андан Турдалы. Турдалыдан Жаңыбай, Жайнак, Талгар, Талантбек, Турсунбек.

Ысмандан Дайыр. Анын алты эркек бар. Төртөө согушка кетип кайтпай калган.

Аймандын Абылайынын Калпагынан Манапбай, Эдикбай, Байсерке деген үч уулу бар. Манапбайдан Ыса, Ысмат, Чомор. Ысмандан Токтобек андан Токон, Тилебалды, Көчкүн. Токондон Майрамбек, Алтынбек, Болотбек. Тилебалдыдан Жылдызбек, Нуржигит, Нуркан, Нурсултан.

Манапбайдын Ысматынан Таштанбек. Андан Тынчтык, Бактыбек, Арстанбек, Адилет, Куттубек, Азамат.

Манапбайдын Чокморунан Саткын, Андан Талант, Калыбек, Улан, Марат.

Абылайдын Калпагынын Байсеркесинен Муратбек, Карыпбек, Каркыт, Төлөн, Болот,

Аймандын Сатыбалдысынан : Боогачы,Боштай, Мантике, Бапай.

Сатыбалдынын Боогчыдан : Сарыбай, Абдылда, Коёнаалы, Асанбек. Сарыбайдан: Шамырбек, Ырай. Шамырбектен: Муса, Ыйса, Кожоке. Мусадан : Жаштилек, Өмүрбек. Ыйсадан: Кубан. Кожокеден: Кулубек, Жаныбек, Куттубек.

Сарыбайдын Ырайынан: Жапар, Куту.

Боогачынын Абдылдасынан: Денсоолук, Амангелди, Жылкыбек, Зайырбек.

Денсоолуктан: Зарылбек, Майрамбек, Тойчубек, Жылдызбек, Каныбек. Амангелдиден. Байыш, Калык, Эрлан, Мирлан. Жылкыбектен: Нурлан. Зайырбектен Азамат. Боогачынын Коёнаалысынан: Айтбек андан Асылбек, Алыбек, Байбек, Мелис. Боогачынын Асанбегинен Темир андан Эрик.

Сатыбалдынын Боштайынан Таабий, Молдаалы, Асыл.

Таабийден: Кадыр, Калдарбек. Кадырдан Талантбек. Калдарбектен 10 бала бар.

Боштайдын Молдаалысынан: Огойбек, Кыргыз, Бакбур. Огойбектен Руслан. Кыргыздан: Калмурат.Бакбурдан: Нурлан, Улан, Арстан, Алмаз, Рустам.Боштайдын Асылынан: Үсөнбек, Төлөн, Асан, Үсөнбек. Үсөнбектен Уржан, Калыбек, Сары, Төлөндөн Тентимиш. Сатыбалдынын Ментикесинен Ыйманкан, андан Асан, Асандан Сагын.

Сатыбалдынын Бапайынан Ырыскелди, Чекир, Касымалы.

Ырыскелдиден Абдыкадыр. Абдыкадыпдан Акен. Андан Кушбек.

Бапайдын Чекиринен Калык, Шарапат. Калыктан Берикбай, Алма, Таалай. Шарапаттан Карыпбек, Канатбек.

Айандын Черигинен Сыдык, андан Молдокан. Молдокандан Кампачы, андан Жаныбек, Жайчыбек, Туту. Садыктын экинчи аялынан Жолоочу, Жолдош, Абдырасул, Акмат. Акматтан Жолчубек, Бактыбек, Абдыкерим, Таалайбек. Жолчубектен Талантбек. Бактыбектен Кубанычбек. Абдыкеримден Адилет. Таалайбектен Улан, Нооруз, Ынтымак, Ырыс.

1  2  3  4  5  6  7  8  9  10  11  12  13  14  15  16  17  18  19  20 
Рейтинг@Mail.ru