bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Уч, уча бер чымыным, менин жаным болсоң мени менен коштошосуңбу ? Туулган жеримде ушундай чымындар бар эле алар да учуп жүргөндүр,– деп. оюна бир нерсени түшүрдү. Макулук дагы эле эшикке чыгып кете албай ызылдап жатты. Оорулунун көзү ага тигилип ар кандай санааларга батып турду. Адамдарга эмне жамандык, эмне жакшылык кылдым эле? Пенделерге жасаган жамандыгым, жакшылыгым эсимде барбы?– Ойлоп көрсө эч кимге деле жамандык кылбаптыр. Ал ак көңүл, ачык жайдары, адам эмес беле. Ойлоп-ойлоп көрсө адамдарга көп эле жакшылык кылыптыр, анын баарын санап отурууга болбойт, – деди. Анан эле баягы кара чымын ары-бери кыймыл жасап уча баштады. Үн чыгара ар кайсы жерге конот. Ал ойлоду «адамдын деле чымындай жаны бар, ошол учуп кетсе денеси эле калат эмеспи», – деди. Баягы кара чымын үн чыгарып үй ичинде ары-бери дале учуп жүрөт. Үйдүн шыбынын оң бурчунда калдайган жөргөмүштүн желеси бар экен. Муну эмне мурун көргөн эмесмин. «Макулук ушуга түшүп калат го»– деп тынсызданды. Макулук эч нерсени билбей ошол жакка учуп туруп алды.

Оорулуу адамдын көзү илинип кетти, ошонусу жакшы болду, кичине эс алып алгысы келди. Ал элдир-селдир бир түштөрдү көрдү. Түшүндө өтүп кеткен көп адамдар менен Жамангул ата Төрөкочкорду «кыйналып кетиптирсиң, жүрү алып кетем» деп жатыптыр.

Анан ал бат эле ойгонуп кетти. Чымын үйгө кирип келип, ар кайсы жерге конуп, кайра айлана баштады. Оорулу аны эшикке чыгарып эркиндик бергиси келди. Чымын айланып отуруп, торго түшүп андан чыга албай калды. Эмнегендир анын эсине башкача бир элес тартылды. Жөргөмүш жаман торго түшсө чымынды жеп салат. Хамиракун да ошол жөргөмүштүн элесин берип турду. Көз алдына Хамиракундун карааны келди. Узун бойлуу чаап жаак, көзү көк, колу шадылуу, бүкүрөйгөн адам. Адамга эч убакта жакшылык санабайт. Ал кимдир бирөөн аңдып, жаманчылык жасоочудай элес берет. Оорулуу адамдын башкы кайгысы « Мен өлүп калсам, сөөгүм бөтөн жерге коюулат экен го»– деп турду. Оорулуу адам Хамиракунду жөргөмүшкө окшоштурду. «Бул далай адамдын канын соргон адам» деди. Ал ага кандай жаманчылык кылаарын билбей турду. «Буюрса аман айыксам аны менен эсптеше жатаармын» – деди. Оорулу адам тордон чымынды куткаргысы келди, бирок такыр турууга алы жок эле. Сырттан Токтоайым кирип келип күйөөсүн карап калды. Ал колу менен көрсөтүп:

– Тетиги жөргөмүштүн торун шыпырып салчы, чымын түшүп өлгөн жатат.

Аял шыпыргыны алып, желени шыпыра баштады, чымын эркиндикке чыгып учуп кетти. Токтоайым күйөөсүн оңолуп келаткан экен деп сүйүнө эшикке чыгып кетти.

Көлдөн Төрөкочкор менен эки жигит келген эле, алар эки айдан кийин эле кербендер менен кайра көлгө кетишкен. Төрөкочкор ордодогу Алайлык кыргыздар менен жакшы мамиле түзүп алган. Бир жардам керек болсо, ошолорго кайрылып турган.

Анан акырындап айлана салкындап, көлөкө узарып, кеч берилеп келатты. Күн бийик дарактардын артына батып, калаанын четиндеги мал турагына кайтып келе баштады.

Оорулуу үчүн түндүн атмагы тозок болду. Анын денеси салмактанып, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатты. Караңгы түн ага жаманчылык сыяктуу жаман элестерди алып келеери белгилүү эле ошондой сезилип жатты. Анын жанында Токтоайым чебелектеп эмне кылаарын билбей көзүнүн жашын төгө коюуп отурду. Ага сүт, айран аны менен кошо дары берди бирок эч кандай арга табылбады. Уу өтө күчтүү эле ал денеге бекем сиңип алыптыр. Токтоайым кудайга жалынып: «Жаратканым бир өзүң колдой көр, бармактайымда баш кошкон түгөйүм, аман-эсен айыгып кетсе, экен»,-деп жаратканга кайра-кайра жалынып жатты. Күн-өмүр, түн-өлүм сыяктуу болду. Ал чарчаган окшойт көзү илинип кетти. Бир аз убакыт өтүп оорулуу ойгонуп кетти. Үйдө үлпүлдөп алсыз чырак күйүүдө. Ошол чыракты жетим көпөлөк айланып учуп жатат. Оорулунун көзү күндүзгү чымынды кандай көрсө, көпөлөктү да ошондой көрүп турду. Көпөлөк кайгылуу, саналуу сезимди берип, бирде төмөн, бирде жогорулап учуп турду. Ал чыракка урунуп күйүп өлчүдөй элести берип жатты. Оолулуу байкуш «жетим көпөлөк чыракка күйүп өлбөсө экен» деп макулукту аяп турду. Эмнегендир макулук чыракка күйүп өлчүдөй болгон. Оорулу өзүн ажалдын чегинде турганын түшүндү. Сыркоо адамдын жаны өмүр менен өлүмдүн ортосунда термелип турду. Кайсынысы жеңип кетеери азыр табышмак болуп жатат. Токтоайым менен Асенек оорулуунун жанында эмне кылаарын, эмне жардам береерин билбей турду. Алар үн чыгарып сүйлөшкөндөн дагы жазганат. Анда-мында оорулуга чыны менен суу ичирип жатты.

Түн мейман кетип, анан таң агарып, күн чабарман бат эле чыга келди. Күндүн келиши менен терезеден куштардын карааны көрүнүп, абаздуу ырлар жаңырып жатты. Ал бир кезде денесин түздөп, эс учун такыр жоготту. Сырттан Токтоайым кирип келип, кайра артка атылып чыгып, эки-үч эркекти жана молдону ээрчитип кирип келди. Сыркоо адам бир жолу денесин түздөп анан жарыкчылык менен коштошуп кете берди. Молдо оорулунун абалын көрүп туруп ага дем салды. Анан оорулу дагы бир акыркы жолу денесин түздөп, көзүн ачып, жанындагы адамдар менен коштошо кете берди. Үйдө Асенектин жана аялдын бышактап ыйлаганы угулуп жатты. Молдо:

– Жакындарым, кайраттангыла, бу да болсо Улуу алланын жазмышы туугандарыңарга кабар бергиле, маркумду алып кетсин,– деп келгендер чыгып кетишти. Бир кезде ыйлаган адамдардын үнү басылды. Үйдө баягыдай кооптуу тынчтык аралады.

Улуу тынчтык айтты:

– Оорулуу адам бул дүйнөдөн кайтты. Ал улуу жымжыртыкка батты.

Тынчтык кандай болсо каза болгон адамдарда жымжыртыкка батат. Аларга тынчтыктан башканын кереги жок. Анан керек кезде куран окуп алардын сүйкүм элесин эскерип туруш керек, андан башка эч кандай айла жок.

Үй ичи жымжырттыкта бир гана аялдын анда-санда эчкирип ыйлаган армандуу үнү. Асенек менен Токтоайым каза болгон жаркын адамдын керезин аткарганга киришти. Эртеси таң супа салып агарды. Күн ачык, бирок бул үйдө толгон капа. Төрөкочкор атаны эки-үч адам майрам сууга алып аруу жууп чыгышты. Молдо келип куран окуп, он чакты адам сөөктү касылган жайга алып жөнөштү.

***

Кокон шаарынан ары бозомук дөбөлөрдүн оң жагында мүрзөлөр бар. Ошол бозомук кичинекей дөбөлөргө дагы бир дөбө кошулуп. Дагы бир арман пайда болду. Баягы жөргөмүш салган тор ажал тору болчу. Ажал тору жаныбарларга да адамга да келет экен. Ажал тору атаны алып кетти. Армандуу ата ошентип киши колдуу болду… Жарык дүйнөгө дагы бир арман жаралды. Ал арман адамдардын эсинен кетпей калды…

Үйдө Төрөкочкор атанын ак кушу бар эмес беле. Ата аны эриккенде, кубанычка баткан жакшы күндөрүндө аң уулап, коён, кекилик майда жандыктарды алдыраар эле. Касиеттүү куш ээсинин өлгөнүн билип, арманга батып, анда-мында үн берет. Анткени кастарлап баккан адамы жок болуп жатпайбы. Токтоайым ыйлап тамак берип жатып айтты:

– Сенин жакын адамың Төрөкочкор биз менен коштошуп тиги дүйнөгө узап кетти. Сени балапан кезинде ыйык жер Ысык –Көлдүн чыгышынан кармап колуна кондура келген эле. Эми анын каза болгонун бугу эненин уруусуна барып кабарла. Ал жер алыскы Ала Тоонун арасында, тоңбос Ысык Көлдүн чыгышында Хан Тоонун бери жагында экенин билесиң да. Ыйык куш касиеттүү энени айтканын жаземдебей түшүндү окшойт үн салып койду. Токтоайым эне молдого төмөндөгүдөй араб тамгасы менен кат чийдиргенге камынды.

Салам дубай кат

Алиски көгүлтир көлдү жээгиндеги эл журтка Кокон шаар кишлагындагы пенделерден дубай салам айтаармис. Кат жөндадик. Ошону менен салам айтаардин жалдап сизлерге улуу ишеним ойлоймуз. Бул тарапта сизледердин балалалариңиз Аксенек келиниңиз Токтоайым өз турмушин жакши өтөп жатир. Энди бирак бир кайгылуу окуя башталди, кайгиси денедеги жүрөкти көзөп өтти. Биз дагы жаш төгүп капаландик, кайгыландик бирак айла жок Эмне кылаарди билбей отурамис. Сизлерге бел болгон уулиңиздер Төрөкочкор кулжа айынын 15-де таң агарганда жалган дүйнеден чын дүйнеге жол салди гой. Жаземдебей айтсак бул даги Аллаа Таалаанын жазмыш амири буйруги экен гой. Эмне кыламыз уулду узатип арманда кала бердык. Баардик нерсе жаратканымин буйругу боюнча боларин билгейсиздер. Ыйладык. Капаландик. Жаш төктик эч нерсе болмади. Акиры биз дагы жазмыштин Аллаа таалаанын амирине баш ийүүгө муктаж зарыл эттик. Айла жок шумкарыңарды а дүйнеге жөнаттик. Анын жаны кайып болуп учуп кетти. Ал чын дуйнеге муктаж болуп учип кеткенсиди. Анын өмүри ырахматы болгур такыр үзүлди. Биз анын сөөгин Кокондук чыгыш жагындаги ыйык пенделер жаткан жайга Аллаа Талаанын буйруги боюнча табыштадик, жаткан жеринде тынч уктасин дедик. Куран окудик. Кайгырдик, ыйладик акырки жайга узаттик.

Бул катти жазган Мирза Шайыхмед уулу деп билгейзиздер.

***

Асенек кушту туурдан колуна кондуруп алып келди. Ага жаңы союулган койдун кара кесек этин берип тойгузду. Асенек анан катты куштун бутуна бекемдеп байлады. Эне көзүнүн жашын төгүп, куштун тумшугунан өөп:

– Касиеттүү ыйык кушум, сени Төрөкочкор балапан кезиңде ыйык көлдөн ала келген эле. Сени жакшы багып кыраан кылып канатыңды жетилтти. Экөөбүздү азапка салып ал кургурдун көзү өтүп кетти. Эми экөөбүздү ким багат. Бобул бутуңа байланган катты көлдөгү бугу уруусунун адамдарына адашпай жеткис, катты сага тапшырдым, сени куштун пири Буудайыкка табыштадым. Касиеттүү ата бабанын арбагы колдоп ушул жерден аман-эсен кетели. Бобул атадан калган жалгыз туяк Сейитти аман-эсен туулган жерине жеткирип, мен аны эл-журтуна эсенинде элине табыштайын,– деп, кушту кучактап, арыз-муңун канаттууга билдирип, ургаачы ботодой-боздоп ыйлап жатты. Асенек:

– Кой, жеңе кайраттуу бол, кечке эле ыйлай бересиңби,– деп сооротту.

Токтоайым кайра жашып:

– Менин ыйлагандан башка эмне аргам калды, ушул жакка бөтөн жерге барбайбыз жибербегиле дегем, болбой эле Төрөкочкор көңүлдөнүп туруп албадыбы,– деп дагы ыйлап жиберди.

Асенек эмне кылаарын билбей тунжурап дапдаарып турду. Анан эне жоолугу менен көз жашын сүрттү. Куш таң агарып келатканда, тараза жылдыз батканда канаты талбый зыпылдап учуп келатты. Куш күндүз да, түн ичинде да тынбай учуп келатты. Ал жылдыздарды карап багытты алып, адашпай келатты. Анын оң бутунда кабар алып бараткан кат байланган. Жарыктык куш ошону сезип, күндөп-түндөп, эс албай тынымсыз учуп баратты. Кээде гана бийик даракка бийик ташка же урчукка гана конуп эс алат. Анан кайра тынбай сапарын улантат. Жарыктык адамдан эстүү канаттуу жаныбар ээсинен жок болгонун анын мындан ары такыр көрө албасын сезип капаланып учуп баратты. Караңгы түндө түндүн жырткыч жаныбары үкү эки жолу кол салды. Биринчи жолу кыраан куш үкүнүн үстүнө чыгып каарданып келип тепти эле үкү жан берип калдалактап жерге түштү. Экинчи жолу үкү менен алышкысы келген жок буйтап учуп кетти эле ага үкү жетпей калды. Анткени кыраандык жамандыктан бийик турат эмеспи. Кыраан куш күндөп-түндөп токтобой учуп келатты. Жолдон чоң коонун ичинен катуу шамал болду куш кат айрылып калабы деп, буйгат шамал кирбеген ташка конуп эс алды. Катуу шамал басылды анан жолун улантып жүрүп отурду. Анан бир кезде катуу жаан жаады. Кат суу болуп жоголобу деп жаан басылганча далдоо жерге жашынды. Аны куштун пири буудайык колдоп жүрүп отурду. Жолдон карыш жер көрүнбөй катуу туман басты ошондо ал аз жерден адашып кете жаздады. Адашып кетүүдөн алтын казык жылдызы гана сактады. Анткени түндө сапар тарткан куштар жылдыздарды карап багытын улантат эмеспи. Кыраан куш булутту көктүн астында, муңдуу чөптүн үстүндө учуп жүрүп отуруп жети күн болот дегенде, түш мезгилде Белек баатырдын жайлаган жайлоосуна жетип, анын боз үйүнүн үстүнө конуп армандуу үн чыгарат. Белектин аялы Уулбала бутуна кат байланган кушту көрүп таң калды. Ал баласына кайрылды:

 

– Түндүгүбзгө куш конду, бул эмне конду сырын билгилечи, бутунда чүпөрөкпү ак неме жүрөт.

Анын баласы «пө-пөлөп» кушту чакырды. Куш тааныш кишисине келгендей анын колуна келип конду. Бала катты чечип алып, энесине берди.

Аңгыча күн батышка батып, жайылган кой короого келип жатты. Алыска жумуш менен кеткен адамдар да куштар сыяктуу түнөгүнө келишти. Белектин үйүнө конгон кат байланып келген куштун кабары баардык жерге тарап кетти. Кечинде Бооке, Кыдык, Итбай, Белектин үйүнө келишти. Белек бир туугандарына кайрылып:

– Бизге Төрөкочкордун алгыр кушу кат алып келиптир. Эми эле белдеги молдого киши чаптырдым, азыр келип окуп берет. Үйдөгүлөр тунжурап ойго батып калышты. Катта эмне кабар, жакшы кабарбы, же бүлүккө салган түйшүктүү жаңылыкпы? Баардыгы айтаар сөз жок тунжурап ойго батып турушту. Алардын көзү Белектин колунда турган кагазга түшөт. Алар чай анын артынан кымыз ичишип, молдону күтүштү. Бирок молдо келбей кечигип жатты. Баардыгынын тынчы кетип, сыртка чыгып молдо келүүчү Моло Таштын кыясы жакты карап турушту. Молдону алып келгени Белектин баласы Теңизбай кеткен эле. Бир кезекте Теңизбай жеерде атын минип, эпеңдете желдирип кырдан чыга келди. Белек аны жекире карап:

– Эмне төрөп жаткан аялчы кечке кармалдың молдо үйүндө бекен?

– Жок ал Манжынын үйүнө кетиптир кеч келет экен.

Белек жини келип:

– Катта эмне жазылды,-деп биз таң атканча кантип күтөбүз, кайра барып, ээрчитип кел, атам күтүп жатат, -деп айт, келбей көрсүн аны менен эртең сүйлөшөм, -деп катуу үнүн чыгарды.

Теңизбай жеерде атынын башын Моло Ташты карай буруп, ылдам чапкылай жөнөдү.

Отургандар Кокон хандыгы жөнүндө алардын сарбыздарынын келгени, алык-салык алганы жөнүндө сүйлөшүп жатты. Төрөкочкор баргандан кийин көп алык-салык алынбай эл арасы тынчып калганын айтышты. Айрыкча ордого берилчү кыздар берилбей калганын, быякка келген салыкчылар мурункудай ороңдобой адамча мамлие жасап калганын эскертишти. Төрөкочкордун Алайлык, Таластык даткалар менен жакшы мамиле түзгөнүн кеп кылышты. Эгер дагы аман-эсен болуп, хан сарайда иштесе көл башындагы бугу уруусунун кадыр-баркы артып, Мүйүздүү эненин тукумдарынын салмагы жогоруларын кубанычта кеп кылып жатышты. Алар Төрөкочкор атанын аман-эсендигин каалап жатышты. Өзүбек сарбаздары кордукту көрсөтчү эле эми баардыгы жакшы болуп жатканын кубанычта кеп кылышты.

Аңгыча айланага толук түн кирди. Дагы бир баланы ат мингизип молдого чаптырды. Эл жат-жатка келгенде молдо араң келди. Карыяны балдар ээрчитип үйгө киргизишти. Жаштар карыяга орун берип төргө отургузушту. А дегенде чай ичилди анын артынан карыяга эт тартылды. Молдо этти аз эле жеп:

– Тамак ичип келдим эле,– деп этти анча жеген жок.

Бир пастан кийин Белек баатыр молдого катты сунуп:

– Бобул кат агам Төрөкөчкөрдөн келиптир эмне жазылыптыр окуп берчи,– деди.

Молдо ичинен катты окуй баштап, бир кезде үн-сөзсүз шалдайып отуруп калды. Үйдөгүлөр бир кырсыктуу окуя болгонун баамдашты.

Ошондо ак чач эне айтты:

– Окумалым эмне томсоруп отуруп калдың, жакшы кабарбы же суук белгиби?

Боз үйдүн ичи тынчтыкка бөлөнөт. Окумалдын өңү өзгөрүлүп куп-куу боло түштү.

– Кырсык иш Төрөкочкор уулубуз дүйнөдөн өтүптүр.

Үйдүн ичи чуру-чуу болуп ый-өкүрүккө толуп кетти. Ыйлап, муңканган үндөр, түндү жарып айланага угулат. «Эмне болду»– деп эки жактан элдер келе баштады. Молдо оңдонуп отура, лампанын жарыгына катты бетине кармап окууга өттү.

– Кайран агабыз кайрылбай кеткен экен.

– Жаш эмес беле күлгүн чагында кете бербедиби арман күн ай!

– Басаар жолу кыскарган тура, аман болсо элди жолго сала турган жигит эле.

– Ал жок Кокондуктар колоктоп бизге кордук көрсөтөт го.

– Кайран азамат кыраан эмес беле.

Айрыкча эненин, келиндердин, кыздардын ыйы такыр бүтпөй койду.

Ак чач эне эси ооп жатып калды, аны Белектин аркы боз үйүнө алпарып бетине суу чачып эстерине келтиришти. Кыз-кыркын келиндер ошол жакта болуп, боорсок жасап, куран окутканга камылга көрүп жатышты.

Үй ичинде үшкүргөн үндөр чыгып, адамды жоктоо арманы байкалып жатты. Ошондо ак сакыл белине жеткен чымыр карыя айтты:

– Балдарым, кайрат кылгыла жазмыштын жолу ушундай тура, Төрөкочкор балама ушунча эле өмүр берген экен. Анын ичеер суусу түгөнүптүр Алла таала жаратканымын буйругу ушундай тура. Белек, Бооке, Кыдык, Итбай балдарым силерге кайрат айтамын. Өлгөн кишинин артынан эч убакта киши өлгөн эмес. Андан көрө кайрат жыйнап, өзүңөргө күч топтогула! Мындай кезде кечке эле ыйлап отурганда болбойт. Эми мындан ары эмне кылабыз ошонун жолун тактап аныкташ керек,– деп карыя кеңеш сөзүн аяктады.

– Анын ден соолугу чың эмес беле бир кырсык болгон го.

Жанагы карыя сөз улады:

– Сөөктү алып келе алабызбы.

– Аны койгон тура катта жазылып турбайбы.

– Анан эмне кылат ак жайдын күнү сөөк бат эле бузулуп кеткен жатпайбы. Анын үстүнө же жакын жер болбосо. Бөтөн эл, бөтөн жер деген кеп бар эмеспи. Ал жак бул көлдүн айланасы эмес да. Жок эле дегенде Нарын же Чүйдөй жакын болсочу.

Бирөө кайгылуу онтоп жиберди:

– Жаркынымын сөөгү өз жерине коюулбай ушинтип алыс жерде калган тура.

– Эмне кылабыз айла жок тагдырдын буйругу да.

– Илгери алыс жактан согушта өлгөн улуу баатырларды туулган жерине коюуш үчүн этин алып салып сөөгүн ташып өз жерине коюушчу экен ошондой кылсак эмне болот.

– Болбойт болоор иш болду, андан көрө туулган жердин топурагын берип жиберели мүрзөсүнө сееп койсун.

– Жерге коюулган экен коюулбаса анын жөнү башка эле, анын үстүнө жиберген киши кантип бат жетет такыр иш болбой калбадыбы.

– Эми аякка барыш үчүн кайраттуу, иш билги жигит, арыбас учкул канаты бар буудан керек болуп жатат. Жол өтө алыс, аяк Нарын же Чүй эмес.

– Кимди тандайбыз.

– Жакшылап ойлонолу.

–Жигиттерден ким барат.

Баардыгы унчукпай тунжурап калышты.

–Анда эмесе кимди тандайлы, эрте күндү кеч кылган болбойт. Убакыт өтүп жатат.

– Ар бир нерсени билген атка жеңил тайга чак, Акүчү баатыр барсын.

– Чырым этип уйку албас Акүчү баатырыбыз бар эмеспи.

– Денеси тарамыш кармаганын кайыштырган Акүчү баатырыбыз бар.

– Ошол жарайт.

– Эми анын минген жылкысын тандашыбыс керек, мингени начар болсо кайндай баатыр болсо да алдырып жиберет.

– Торкашка жаныбар таштуу жолдо чарчабас.

– Жок ал айсыз түндө алдырып жиберет.

– Ак байпак.

– Жок ал таштуу жолдо бат эле чарчап калат.

– Кара сүлүк.

– Ал шамалдан жалтанчаак көзүнөн жаш агып, чуркай албай калат. Анын үстүнө эти качып карып да калды.

– Касиеттүү Кара күлүк кандай?

– Ал катуу ысыкка чыдай албайт.

–Карбоз жаныбар бар эмеспи.

– Ал асманда уча албайт. Эки капталында канаты жок.

Отургандар күлүк таба албай тунжурап калышты. Бир карыя айтты:

– Анда эмесе Желжетпести тандайлы. Аны эч бир буудан кууп жете албайт. Анткени анын эки капталында канаты бар. Душман жакындаганда канатын жайып учуп карматпай кетет. Минип жүргөн ээсин алыстан тандайт. Ал кишисинен башкага келбейт. Жарыктык Желжетпес күлүк чөл жылкысы менен көл жылкысынын ортосунан жалгашкан. Аны караңгы түндө келип кайып чабандес ата таптап жүргөн жайы бар экен. Айлуу түндө Кайып Ата келип касиеттү жаныбардын жал куйругун сылап эркелетип кеткенин көп эле адамдар көрүптүр. Жарыктыктын эки капталында эки канаты жайып, эки үч кишини көтөрүп учуп кетет. Бугу элинин таалайына бүткөн башкача тулпар. Ал жарыктык буудан Манастын Тайторусунан кем эмес.

– Бугу эненин ырысына жаралган алты ай минсе арыбас, он ай минсе чарчабас канаты бар жаныбар.

– Алыс сапарга Желжетпес гана жарайт.

Ошондо жанагы ак сакалчан карыя:

– Балдарым туура масилет курдуңар. Кыйынчылыкта алыс сапар жолго Акүчү баатыр жарайт аны эр жигиттин пири Шаймерден колдосун эми ал минүүчү тулпар касиеттү Желжетпес күлүк аны жылкынын пири Камбар ата колдосун. Айланайын эл журт Мүйүздүү эненин тукуму акылдуу уулубуз алыс жакта Төрөкочкор каза болуптур аны баласы менен алып келишибиз абзел. Биз эми Акүчү баатырдын аман-эсен барып келишин чын дитибизден каалайбыз ата бабанын арбагы колдоп эсен-соо барып келсин баарыңар батаңарды бергиле кана эмесе Оомийин!

Баары жабыла бата беришти. Кээ бирлери атадан калган туякты алып келгенге кубанса, көпчүлүгү баатырдын каза болгонун эстеп көзүнөн жаш төгүп ыйлап жатты. Көлдүн чыгыш жагындагы Мүйүздүү эненин тукумунда ушундай окуя жүрүп жатты. Көптөрү ичинен «Мүйүздүү эненин арбагы колдоп ишибиз алга жылса экен» деп жатты.

Акүчү баатыр касиеттүү Желжетпес күлүктү минип түштүккө карай «чу» койду. Касиеттүү күлүк көптөн бери жолго чыкпай буулугуп калган экен жаныбар булуттуу көктүн алдында, муңдуу чөптүн үстүндө жаадай сызып учуп кетип баратты. Аны көргөн элдер айтты:

– Бул касиеттүү бугу уруусунун күлүгү Желдетпес.

– Алар ушул күлүгү менен сыймыктанат.

– Жаныбардын учуп баратканын карагылачы. Жоон санында касиеттүү бугу уруусунун белгиси жүрөт.

– Бул бугу уруусунун ай тамга белгиси.

– Муну минип бараткан кайсы чабандес.

– Ары чабандес, ары атка жеңил, тайга чак, кыргыз баатыры Акүчү.

– Анын денеси чылгый тарамыш көп күрөшкө түшүп жеңип чыккан.

– Ат минип найза алып чыкса эч кимге алдырбайт. Жоого каршы кыйкырганда анын сүрдүү дабышынан жанында эч ким тура албайт.

– Баатырдын жолу болсун!

– Баатырды ата бабасынын арбагы колдосун!

– Аны Бугу ънесинин арбагы колдосун!

Желжетпес жаныбар абада учуп баратат. Аны менен жарышкан куштар ободо аргымак менен катар баратат. Кээде куштар ашып кетсе, кееде жаныбар алдыга озот.

«Самаган жериме ылдам жетейин»– деп Акүчү баатыр камчыланат. Артта созулуп жылжып аккан дарыялар, мейкин талаалар, аскалуу бийик-бийик тоолор, ысып кайнаган чөлдөр, багы бар карарып дүмпүйгөн айылдар калып жатты. Чарчабас бугу элинин ай тамгасы бар жаныбар алдыга кетип жатты, кетип жатты.

Касиеттүү күлүк Желжетпес,

Катуу чуркап алганда,

Жел жетеер бирок ат жетпес,

Бул турмушта чоң атак,

Бугунун аты Желжетпес.

Тарамыштай Акүчү баатырдын канча күн, канча түн жол жүргөнү белгисиз. Ал бат эле Коконд калаасына жетип келди. Чоң калаага көп жакындабай, атты суук көздөрдөн көргөзбөс үчүн чер токойлуу суунун жээгине келип конду. Акылдуу жаныбарды эч кимге көрсөтпөй бош койду. Жаныбар ошону билип чер токойдун арасында курсагын тойгузуп, бир кишиге көрүнбөй эс алып жатты. Акүчү үн салса гана келет, же болбосо бир жанга да көрүнбөйт. Душманга көрүнбөй бат эле көздөн кайым болуп жоголот. Акүчү Кокондук сарт болуп, үсүтүнө сары ала чепкен, бутуна маасы, башына ала топу кийип колуна таяк кармап жалгыз аяк жол менен кетип баратты. Аны көргөн кишилер өз жанын эптеп багып жүргөн бир пенде дубана го деп ойлоду. Ал көчөдөн көчө аралап жүрүп хан ордосун таап жана үч бөлмөлүү Төрөкочкордун үйүнө келип Токтоайым менен ыйлап жолугушту. Акүчү болгон окуяны угуп, жалгыз аяк жолду өрдөп Төрөкочкордун мүрзөсүнө келип эчкирип үн чыгарып ыйлап отурду.

– Кагылайын курдашым, ушинтип чет жерге келип жок болмок белең.

Үн жок бир гана айланада улуу тынчтык жашап турат. Акүчү мүрзөнү карап тууганын таппай томсоруп, ойго батып отурат. Ушул кезде күндү булут каптады. Ушул кезде Акүчү Төрөкочкордун айлындагы өткөн өмүрүн эстеп турду. Арманга батып экөө өткөргөн балалыкты эстеп турду. Экөө козу, улак кайтарган күндү эстеп турду. Арманга батып баарын эстеп турду…

Ушул кезде чөл тараптан сапарлап ысык жел согот. Арыраакта кара жыгач дарагы өсүп, анда бир куш конуп назик сайрап турат. «Асыл курдашым, жаткан жериң жайлуу топурагың торко болуп, чын дүйнөдө бейишке чык». Акүчү үйүлгөн боз топуракты ойлуу карап турат. Ал ары барып чоң ташты көтөрүп келип, эстелик катары орнотуп, куржунундагы топуракты мүрзөгө себе баштады. Ал мүрзөгө чоң таштардан беш –алтыны катары менен тизип: -«Менин эстелигим ушул болсун, көл тараптан келген туугандарың жаткан жериңи таппай калбасын». Анан эле арыдан ырчы торгой сайрап, Акүчү ага көңүл буруп жатты. Ал көл кылаасында Төрөкочкор менен козу-улак кайтарганда үн салган торгой үнүн эстеди. Куш бирде алыстан, бирде жакындан, бирде бийиктикке көтөрүлүп, назик сонун үнүн айланага төгүп жатты. Ал ойлонду « Жолдошумун жаткан жер менен акыркы ирет коштошуп жатамбы», эчкирип токтобой ыйлап жиберди. Куштун үнү бирде алыстан, бирде жакындан кайрат айтып төгүлө баштады. « Сенин азыр бул жерде тура турган учуруң эмес, бешиктеги баланы анын энесин туулган жерге аман алып кетишиң керек». Ал Төрөкочкордун элесин көз алдына келтирип узакка ойго батты. Ойлоп жатып, ачуу тагдырга капа болду. «Ушундай болот экен ээ. Ушундай болот деп ким ойлоптур». Жанагы назик куштун үнү улам-улам алыстап бара жатты. Акүчү да бул жерден бир аздан кийин алыстаарын сезип турду. Ал өткөн өмүрдү эстеп, анан эчкирип ыйлай баштады. Анан туруп басууга аракет кылды. Ушул кезде асманды булут каптап, түнөрүп турду. Ыйык жердешинин жаткан жайы менен коштошуп, калаага карай адымдоого камынды. Ошондо жанагы ыйык куш өзүнүн жердеши болуп үн чыгарды:

 

– Кош бол досум мен кетейин.

– Кетсең жакшы бар, тагдыр экен ушундай болду.

– Эмне кылабыз жазмыштын жолу ушундай тура.

– Мени унутпай эстей жүрсөң. Себеби улама тарых өткөндөн башталат эмеспи. Адамдардын көбү жакындарын, жан жолдошторунун элесин бат эле унутуп салышат.

– Сени кантип унутабыз, биз сени ар дайыма эскерип жүрөбүз, жана дагы арман менен эскере беребиз.

– Анда эмесе жакшы бар калкың менен жакшы өмүр өткөрө бер. Тагдыр мага жалган дүйнөдөн ушунча эле өмүр берген тура.

– Өзүң да тиги чын дүйнөдө бейишке чык, асыл досум. Бизден кемчилик кетсе кечирип кой. Сен барган жерге эртедир-кечтир биз да барабыз. Ага чейин жалган дүйнөдө жашообузду өткөрүп туралы.

Акүчүнүн денеси салмактанып, араң эле басып баратты. Ал бир топ жерге барып, анан артын бурулуп карады. Ал сөзсүз артын карайт болчу. Кантип карабай коёт эле карайт болчу. Себеби артында ыйык досу, жердешинин жаткан жери, элеси калып жатпайбы. Ошол артында ушул жердеши менен өткөргөн өмүрү калып жатпайбы. Анан кантип карабай коёт эле. Сөзсүз карайт болчу. Жанагы куш дале токтобой сайрап жаткан экен. Жердешинин мүрзөсүнүн жанынан куштун назик үнү Акүчүнү узатып жатты. Ал куштун үнү эмес эле кайрат айтып, жердеши узатып жаткандай болгон. Бул белги болсо, адамдар өлгөн менен тирүүлөр үчүн дагы эле жашоо бар, дагы эле өмүр бар деген жышаана болчу. Тирүү адамдар оорчулукка багынбай жашооңорду уланта бергиле деген белги болчу. Ошондой болчу.

Хамиракун Токтоайымды нике кыйдырганга мажбур кылып жаткан экен. Анын чукул келип калганы өтө жакшы болду. Ошонун эртеси күүгүм талаш Токтоайымды жана кичинекей баланы куржунга салып качмай болду. Токтоайым эне Хамиракундун эмне кылганын баарын айтып берген. Ал ошол кишиден да өч алмай болду. Ошол кезде ордодо тынчтык жок болуп жаткан. Так талашып адамдар эки жаат болуп согушуп, пенделер саат сайын бири экинчисин өлтүрүп жаткан эле. Бул жагы да жакшы болду. Алтын казык жылдызы эчак чыгып, айланада караңгы айсыз түн. Жашоо өтө кооптуу. Канкор адамдар бийлик үчүн бири-бирине карабай адамдарды өлтүрүп жатты.

Батыштан мелүүн жел акырындап согуп турат. Кайсы бир жерде дарактын башынан жапан куш үн салып муңканат. Бул үн адамдардын жүрөгүн сезтендирет. Ушул кезде түн жамынып, бирөө келатты. Ал кадамын өтө аярлап басат. Мындай кооптуу түндө адамдардын басышы да коркунучтуу. Ал келаткан Акүчү баатыр болчу. Ал Хамиракундун эшигинин алдына келип дарбазаны аяр какты. Ит ажылдап келип үрдү. Дарбазадан эркек чыгып ал колдураган үнү менен:

– Ким бул караңгы түндө келген? Сага ким керек?

– Хамиракун акенин үйүбү?

– Ооба ошол кишинин үйү.

– Сизди тетиги жерде Токтоайым чакырып жатат.

Бул сөздү угуп көңүлдөнүп жаткан экен деп эркек жым этип кубанып кетти.

Акүчү кетүүгө камынды.

– Ой, коё тур мени ага жолуктуруп койгун.

Токтоайым экөө кыла турган ишти небак эле сүйлөшүп алган.

– Жүрүңүз мен сизди жолуктуруп коём. Анан кетейин.

Экөө ээрчишип отуруп Токтоайымга келди.

Аял эрекке салам берди. Хамиракун алик алды. Ал Токтоайымдын колун кубана катуу кысты.

– Жүрүңүз салкын түндө кичине басып келели.

Экөө ээрчишип, чоң терең кудукка карай басты. Алардын артынан билинбей Акүчү келатты. Ушул кезде Токтоайым кудуктун жанындагы таш үстүнө отура кетти. Ошол кезде эптүүлүк менен Акүчү баатыр Хамиракунду бөйрөк тушка уруп калды. Канкор үн чыгарбай жерге кулап, Акүчү дагы жүрөк тушка канжар урду. Анын бир пастан кийин үнү чыкпай калды. Ал жарык дүнө менен кош айтышты окшойт. Денени терең кургап калган эски кудукка таштап үстүнө топурак чачып, калың кылып чөптөн үйүп салышты. Эч нерсе байкалбай калгандай болду. Акүчү эртеси токойго кетти. Алар түз эле качса, бир нерсени шектенип калышмак. Эки күндөн кийин туугандары Хамиракунду издеп жүрүштү эч жерден табылбады. Аны издеп Токтоайымдын үйүнө да келди. Күйөөсү өлгөн алсыз аялдын үйүнөн эмне табылмак. Ошондон бир жума өткөндөн кийин энени ээрчитип, баланы азыгын алып, Желжетпес турган токойго келишти. Акүчү «Желжетпес» деп үн салды эле жаныбар кайдадыр калың чөптүн арасынан үн салып чыга келди. Бекем каткан чөптүн арасынан ээрди алып чыгып токуп, алдына өзү минип, Токтоайымды учкаштырып, баланы куржунга салып, аргымактын оозун коё беришти. Аргымак кубанычтуу үн салып, айлуу түнү Теңир Тоого карай учуп жөнөдү. Кетеерде бала ыйлады.

Акүчү айтты:

– Атасы өлгөн жер менен армандуу коштошуп жатат, ал сөзсүз ыйлайт болчу- деди.

Желжетпес шамал менен жарышып кетип баратат. Кокон шаары итапкан эле артта калды.

Акүчү ойлонду «Асман менен учпай жер менен бастырайын канаттуу жаныбар бат эле чарчап калат»,– деди. Таштак жолдо ат келатат. Бала куржунда келатат. Баары келатат. Бир гана арман Төрөкочкор баатыр келбей артта калды. Ошондо чөлдөгү топ бөрүлөр атты кууду. Күлүк бир заматта канатын жайып асманга учуп кетти. Учуп жүрүп отурду Токтоайым эне:

– Буудан чарчап калат андан көрө жер менен бастыралы алар жол арытып, сапар картып келатты. Кайдан-жайдан белгисиз топ кабыландар пайда болду, алар тиштерин арсайтып күлүктү кууп калды жаныбар бат эле канатын жайып учуп кетти эле кабыландар артта ал эми карга, кузгундар аргымак менен тең жарышып келатты. Канаттуулар чарчашты окшойт уча албай артта калды.

– Курган карга, кузгундар биздин артыбызда калды алар бизге жетмек кайда;– деп зоңк зоңк этип күлүп койду,– Акүчү.

Аргымак энени жана баланы алып закымдап кетип баратты. Мезгил да токтобой өтүп жатты. Эртеси агарып таң атат анан күн өйдө көтөрүлүп түшкү маап келет, анан күн тоолордун же түздүктөрдүн ары батып коңгуроо кагылып кеч келип, кайрадан көз ачып жумганча жымыңдап ай тоодон чыгып түн келет. Ушинтип эле бири өтсө бири келе берет. Ушинтип эле адамдар да жаныбарлар да карый берет. Ушинтип эле бөбөктөр төрөлүп, адамдар улгайып, пенделерди муңга салып карыялар тиги дүнөгө жол кетет. Ушинтип эле жер күндү айланып, ушинтип эле күндөр өтө берет, өмүр токтобой өтө берет.

Жолочулар жер менен кошо айланып сапарын улантып жолдо келатат. Аларды көргөн адамдар айтты:

– Касиеттүү Мүйүздүү эненин тукумдары бараар жерине жетип кайра келатыптыр.

– Куржунда эркек баланын башы чыгып, ыйлаган үнү угулат. Бул бугу уруусунун тукумун улайт. Өмүрү узун болсун.

– Бугу уруусунун талыбас аргымагы Желжетпес абада учуп баратат. Бул талыбас аргымак бул уруунун атагын чыгарат.

– Аргымак үстүндө Акүчү баатыр жана эне сапарлап баратат.

– Булардын сапары байсалдуу болуп, каалаганы аткарылсын.

– Жараткан Теңирим адамдарга бейкуттук жана тынчтык арнасын.

1  2  3  4  5  6  7  8  9  10  11  12  13  14  15  16  17  18  19  20 
Рейтинг@Mail.ru