bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

Ошол окуя ошол болду.

МЫРЗАКУЛ БААТЫР

Мырзакулдай баатыр бар,

Атпай журтка дакталган.

Ата-баба санжырасында

Аты өчпөй сакталган

Күндөр өтүп, айлар жылып, Орозбакты атанын аялынын төрөтү жакындап келе берди. Ата сүйүнүп:

– Кудай берет деген ушул, жоо жакадан алып турганда кыргыз журту өсө берсин. Мындай капсалаңда эл бөксөрүп кетпесин,– деп жакшы санаасын билдирди.

Анан жыйырма күндөй өтүп, эненин толгоосу башталды. Атанын Жылуу- Булак айлында шашылыш жумуштары бар эле. Жоош тору атын минип ошол жакка жөнөп калды. Ал жерде бир күндөй болуп, анан айлына кайта келаткан. Жолдо Айбулактын баласы Шаран жеерде атын минип катуу келатканын көрдү. «Эмнеге келатат, деги бейкуттук болсо экен,-деп санаага батып ойлонуп келатты. Жакындаганда баланын өңүн караса кубанычтын элеси чачырайт. Ата кубанып кетти, «Жакшылыкты кабарлаганы келаткан окшойт».

– Орозбакты ата сүйүнчү тай үйрөтө, куш салаар эркек балалуу болдуңуз.

– Алатуяк айгырдын үйрүнөн мине турган бир жабага алгын.

Бала күлүп:

– Ата ал аздык кылат го.

– Анда бир эле кулундуу бээ алчы.

Ата ойлонуп калды: «Айбулакты тартып баласы да купшуңдаган шумурай неме болот го» -деди оюунда жылмая.

Ата жол улап келатты. Жолуккандар «Бешик бооң, бек болсун», деп куттуктап жатышты. «Айтканың келсин» деди ата. Жараткандан бата алып, баланын атын берки балдарына уйкаштырып, Мырзакулмырза деп койду. Бала олбурлуу болуп төрөлүп, үнү да жоон болчу. Ата ойлоноор эле « Балам ушундай күндө эл коргоор баатыр болсо» деп кыялданчу. Кудай берип ошол кыялы ишке ашчудай болду. «Бешик баласы беш түлөйт болуп» уландын ден соолугу чың тарта бат эле чоңоё берди. Анын денеси чымыр, кең далылуу тартып, өзү теңдүү балдарды күрөшкөндө оңой эле көтөрүп чаап жеңип койчу. «Жоо жакадан алып турат» -деп жигиттерди найза сайганды, кылыч чапканды деги койчу ар андай душман менен согушуунун айла-амалдарын үйрөнүшчү.

Мезгил өтүп, айлыр жылып Орозбакты ата беш балалуу болду. «Балдарым элге теек болобу»– деп кубанчу. Кубанбаганда эмне кылат. Быякта тоодон ары калмактар, бизден нары ала чапан кийип өзбектер, түштүктө аттын жалы менен ойноп уйгурлар, түндүк тарабыбызда кээде тууган, кээде душман болуп, казак эли турат. Ал эми кара кытайлар такыр элдешкис журт. Ушундай ойлорду ойлоп, Орозбакты ата санаага батып: «Элди-жерди коргогон баатыр азаматтар керек болуп жатпайбы» деп, түбү уюуткулуу байыркыдан бери келаткан кыргыз элин сактагысы келет. «Ушул уюуткулуу эл душманга туруштук бере албай жок болуп кетеби?»

Санжырачылардын айтымы боюнча Орозбакты кыраакы, ата-бабанын баянын түп-нускасына чейин билген сөзмөр, чечен, өтө сыпаа адам болуптур. Ал береги Нух пайгамбар, Кам, Яфас, Сам, Искак, Смагул, Муратай жөнүндө баяндарды, Монгол заманындагы чабуулдарды, уйгурлардын капшабын, түрктөрдүн басып кирүүлөрүн, Култегин, Барс бек жана башка баяндарды козгоп, карыялардын үнүндөй добушу коңур жаралып, сөздөрү бир-бирине кынапталып, эң эле уккулуктуу болчу. Анын санжыра айтып жаткандагы добушу комуздун миң кайрыгына окшошуп кетеер эле. Карыялар байыркы бабаларыбыздын санжырасын айтып, кеп сөздөрүн ачыкка чыгарып, бир кумардан канышчу. Алардын жанында балдары отуруп, ак сакалдардын кеп, сөзүн тыңшап отура беришчү. Абышкалар муну да жактырып, «Жаштарыбыз угуп калсын, алар бизден кийинки муундарга айта барышсын, биздин баяндарыбыз унутулуп калбасын»» дечү. Карыялар дөң үстүндө чогулушуп, узак сөзгө кириши жаштар үчүн өзүнчө бир майрам шаңга айлангангандай окуя болчу.

Бул кезде Орозбакты ата беш балалуу болуп калган. Ал күлүңдөп:

– Балдарыбыздын баарыдыгы мырза болду. Эми ушул ысымды булгабай жүрүшсө экен. Абышкасынын сөзүн угуп кемпири:

– Ата-бабанын арбагы колдоп, эсен-соо эле болсо болду. Баса кара карга баласын аппагым,– дейт экен. Эне кантип эле ушуларды жаманчылыкка кыйсын. Жада калса, колдун беш бармагы да ар түрдүү болот экен. Беш баланын кыялын беш башка жаратып койгон тура. Арыкмырза эл башкарып акыйкаттуу адам болуп, анын сөзүн калыстыгын башкалар эң туура жактырышчу. Мырзакулмырза баатыр чалыш ага кудайым ошондой күч ыйгарыптыр. Асманмырза менен Карамырза аңчылыкка, Токочмырза жер иштетип, мал бакканга шыктуу эле. Аларды тагдыр ошондой кылып койсо керек. Ошол кезде көлдүн ары чыгышындагы калмактар жер талашып алар анда-мында майда чапкынды пайда кылып турду. Бирин-экиндеп кыргыздардын жылкысына тийип, малын чаап, ар кандай кабалаңдарды алып келет. Текес, Сары Жаз андан аркы чыгыш тарпаптагы калмактар кыргыздарды чаап ат ойнотуп таптырбай кетип жатты. Ошол калмактар Орозбакты атанын малына тийип чаап турду. Баарынан эң тозогу калмактын беш мергени чыкты. Алар көзгө атаар өз журтуна аты чыккан мергендерден эле. Тоо кайберендерин кой бирин-экин малды атып, алып кетип турду. Кээ бир кыргыз адамдарына кол салып аларды түп оорду менен жок кылып жатышты. Тээ төмөнкү айылдан эки мерген өткөн күздө жок болду. Алардын шегин ушул калмактын беш мергенинен көрүп жүрүштү. Өткөн эле жылы Ат- Жайлоого конгон кыргыздардын эки жигити мал-жаны менен жок болду. Алардын жок болгонун ушулардан көрүп жатышты. Иши кылып алар бир четинен шек билгизбей ушундай азап-тозокторду жаратып жатты. Алар жөнүндө мындай ыр бар эле:

Калмактардын беш мерген,

Мылтыгын түз мээлеген.

Катылгандар такыр оңбогон,

Шыпшайдар сындуу сомдогон.

Орозбакты ата ошолорду кандай кылып жоготууну ойлоп жатты. Алардын капшабы жалпы калайыкка тийип жатпайбы.

Мырзакулмырза далай аң терилерин берип отуруп, казак туугандар аркылуу орус көпөстөрүнөн бат атма сонун эки мылтык сатып алган. Бир күнү Мырзакулмырза иниси Карамырзага кайрылды:

– Иним калмактын беш мергенин жок кылалыбы?

– Алар жер сырын билген эң эле кадик мергендер, колубуздан келбейт го, өзүбүз майып болуп калбайбызбы?

– Келет биз дагы сактанабыз, алар ушул Чоң Ак Кайкыда же Кичи Ак Кайкыда аңчылык кылып жүрөшөт.

– Чебердеш керек аларга тийишүү эң эле опурталдуу.

– Берегилер өздөрү тийишип жатат бизде канча адамдар белгисиз жоголду ошолордун баары ушулар колдуу. Ошондуктан балдардын кунун алышыбыз керек.

Ушул сөз ушуну менен аяктады.

Эки күндөн кийин Мырзакулмырза, азык түлүгүн жана курал жабдыгын алып, аркы Чоң Кайкыга карай аттанып кетти. Ал бул жерди коёндун жатагына чейин билчү эле. Сууларды кечип өрөөндөрдү тепчип жүрүп отурду. Жолдон душмандардан да сактанып жүрүп отурду. Ал ачык жер менен эмес бадал чий, черди аралап, жолун жашыруун буйткалар менен алып жүрүп отурду. Калмактар кайсы жерде көрүнөөр экен деп аңдууга алды. Ал ар дайма жаасын жанына ала жүрөөр эле. Мылтыкка караганда жаа атканга маш болчу. Жаа тартуу жагынан алдына эч кимди салган эмес. Душмандын аңдып баратканда мылтыктын кереги жок, мылтык үнү менен кайсы жерде экениңди билгизип коёт жаа эң жакшы курал дечү. Жолдон ал такыр ачка болгон жок. Жаасы менен кыргоол, кекилик атып алат да аны кургаган отун менен куйкалап эң жакшы шишкебек ширин тамак кылып жеп алып, булактын таза суусунан ичип коюп жата берет. Анын колунда алысты жакын көрсөтүүчү дүрбүсү бар муну ага Орозбакты атасы берген.

Аяк оона айынын ортосу болуп, жайдын толуп турган чагы. Күн тээ береги бийик тоодон ары ашып, алоо кызара батып, айланага бат эле кеч кирди. Бул эртеңки аба ырайынын ачык болорун баамдайт. Анан бара-бара айлананы, жыбыт-жылганы кеч басты. Тарап күүгүм оронуп чачыла майда секин күкүмдөнө түн келе берди. Тоо талааны толук түн чүмкөдү. Чыгыштан ай кылайып чыга келип, бобереги кең табиятка чөптөргө, гүлгө, үн салып агып жаткан тентек сууга, алтын нурун жабылта төктү. Ай батышка карай жалгыз жолочу болуп жол улайт. Айдын назик нуру менен айланага жомок да, ыр да төгүлдү. Айдын нуру менен улуу тоолор бир караганда сүйкүмдүү көрүнөт. Мырзакулмырза жоону аңдып жүрөт, ага айлана кооптуу сезилип, жүрөгү кандайдыр бир түпөйүлдүккө жолугат. Анткени анын алдында коркунучтар турбайбы. Ал артмагындагы эттен тоё жеп, чоң таштын түбүнөдөгү шамалдан ыктоо жерге тердигин жая салып, ээрин башына жазданып, көрпөчөсүн жамынып таттуу уйкуга кирди. Аңчы түн ичинде үч-төрт жолу түйшөлүп ойгонду. Эртеси күн чыкканда шашпай туруп, бадалдын сыныктарын чогултуп, жан казанына чай кайнатып ичип, кекиликтин ширин этин жеп алды. Анан атын минип жолун андан ары улады. Аңчы жол келатты, шар аккан сайды бойлоп, бийик кыраңга чыкты. Ал ташка жашынып, дүрбүсү менен айлананы акмалап карап жатты. Көп өткөн жок мылтыктын үнү үч жолу жаңырды. Мырзакулмырза бул дабыш болду-болбодубу калмактардын беш мергенинин аткан мылтыгынын үнү деп боолголоду. Ал атын жетелеп, чоң ташка жашынып, дүрбү менен эки жакты көз жүгүртө карап жатты. Ойлоду «калмактардын беш мергени ушул жерде эле экен, аларды акмалоого алыш керек» деп боолголоп турду. Анан жакын эле жерден улар качты жаасын алып, эки уларды катары менен атып алды. Канаттуулар тырпырап жатып жан берди. «Улардын эти дары кечинде куйкалап жеймин» деди. Атын бош коё берди жаныбар анын артынан ээрчип алды. Ошол кезде тоонун ылдый жагындагы кичине көлдүн жанынан мылтыктын үнү жаңырып турду. Аңчы:

– А…а…аа… кайрандарым жүргөн экенсиңер, буюрса бүгүн жылуу булакка түнөйсүңөр, бул жерден аң уулап байып жатасыңарбы,– деди акырын.

Баса Жылуу Булактын жанында бир жагы төңбөс чоң көл бар, анда кундуз жашап, чоң балыктар көп, кундуздар ошол балыкты кармап жешет. Мерген атын чоң таштын түбүнө байлай салып, ушул жерден чоң көлмө жакшы көрүнүп турчу бадалдарга жашынып, дүрбү менен эки жакты акмалоого алды. Бул көлмөнүн айлуу түнү эң сонун болот. Жаныбарлар кыркаар тизилип кыз узатуу ойнун ойношот. Айлуу түндө ары-бери жүгүрүшүп, ар кандай үндөрдү чыгарышат. Мергендин баятан бери эки жакты карап, кыймыл жасап отуруп, курсагы ачкан экен. Ал кургак чырпыктарды чогултуп, от жагып, улар менен кекиликтин жүнүн жулуп, куйкалап, анан аны күйгүзбөй сонун бышырды. Жай айы эмеспи, канаттуулар өтө семиз экен майы ыз-быз этип агып жатты. Этти шашпай жеп анын артынан чаначтагы сүзмөнү эзип ичип бир азга эс алып алды. Көп өтпөй айлананы тынчтык аралап, улуу тоолорго түн кирди. Чөлкөм тунжурап пейпилдикке сөнөт. Тоолордон башталган тентек суу ылдый карай үн чыгара шылдырап агылат. Улуу тоолордо кылайган булут жок, шамал аны кайдадыр бир тарапка айдап кеткен шекилденет. Бир аз туруп, тээ аскалуу тоонун ар жагынан калкылдай сыйкыр чачып тегерек ай чыга келди. Айдын нуру жердеги гүл, чөптөргө, тоо таштарга жайпала текши төгүлүп турду. Касиеттүү тоолор кандайдыр бир сырды жашырып жаткансыйт. Тоодогу көлдүн үстүндө шоола чачып, ай жолу созулат. Ал бул жерге өткөн жылы келип, кундуз атып, аны байларга белек катары берген. Ошондогу кереметтү түн анын эсинен дале кетпей турат. Калмак мергенчилери кайда жүрөт, күйгөн от көрүнбөйт. Улуу тоолор өтө кооптуу сезилет, анын жүрөгү дүк-дүк этип тынымсыз пейпай боло кагып жатат. Калмак мергенчилери көп, ал эми бул болсо жалгыз, алардын колуна түшкүлүк кылбасын, анда күм-жам жок кылат. Ал атын далдаа жерге байлап көлдү карап турду. Акырын басып баратып, көп өтпөй, чоң таштын түбүнөн өттун жарыгын көрдү. Оттун тегерегинде төрт адам отурган экен. Алар үнүн бийик чыгара бир нерселерди сүйлөшүп жатат. ергенчлер эт жеп жатат.Кебетеси кундуздун же, кашкулактын эти окшойт. Арыда төрт ат оттоп жатканын байкады. «Булар төртөө эле экен коё тур тамагын дагы жей берсин, тынч тиги дүйнөгө узатайын. Биздин канча сонун адамдарыбызды жок кылды. Чукулда эле эки мергенди жоготуп, жараган мылтыктарын тартып алышты». Аңчылар шашпай тамагын жеп жатышат. Бирөө тынбый отту ичкертип аны жагып жатат. Ал акырын жаасын алып, мылтыгын октоп белендеди. Анан дагы калмак мергендерине кол салаардан мурун ата-бабамын арбагы кудайга бир жолу жалынып алды. Дагы ойлонду «булар эс алууга жатсын анан көрө жатаарбыз». Тамак жеп ар касыны сүйлөшүп отурду. Бирөө барып аттарга чидер салды.

 

Эгерде ал бул төртөөн жок кыла албай калса, анда өзү жок болоорун билип шекшимал ойлорго батты. Кудайга дагы бир жолу жалынды. Төртөө тең кебетелерине караганда чоң адамдар экен. Бирөө туруп ары кетти эле, ушул кезде Мырзакулмырза жаа менен атып калды, ок тигинин чекесине барып кадалды. Экинчи жолу жааны атты эле ок экинчи калмактын башына тийди. Үчүнчү калмак экөөн кармалап, ары-бери жылдырып жатты, ошол кезде мерген мылтык менен атып калды. Төртүнчү калмак туруп качты. Мырзакулмырза мылтыгын мээлеп анын артынан кууду. Ай жарыгында мылтыкты мээлеп атып ок анын бутуна тийип, төкөрөңдөй ары качты. Мырзакулмырза ага жетти да колу менен бир муштады. Калмак денесин түздөп мерген менен кармашууга өттү. Калмак букадай болуп оңой эмес экен Мырзакулмырза мерген менен алышып жатты. Ал калмакты шилиден алып аткый ары түртүп чекеге муштады. Муштум катуу тийген окшойт калмак үн чыгарып бакыра сөгүнө кулады. Ошол кезде Мырзакулмырза артта жаткан мылтыгын алып калмакта как жүрөккө атып калды. Мылтыктын огу тоону жаңыртты. Үчүнчү калмак чала жан болуп, ары сойлоп качууга аракет кылды. Мырзакулмырза ага жетип, кундак менен жан талаштыра урду. Ал ошол жерден жан берди. Ошентип төрт мерген айлуу түнү тигил дүйнөгө узады. Айланага кайра мемиреген тынчтык орноду. Тарапта эч нерсени сезбеген айлуу түн. Бирок мерген үчүн айлана өтө кооптуу эле. Ал өзүнүн күчүнө жана мергенчилик ыкмасына таянды. Жааны жана мылтыкты түз атканга канча жолу такшалып үйрөндү убактысын көбүн жаа менен мылтык атканга жумшачу. Ал асманда учуп бараткан кушту жаа менен атып түшүрчү. Бул жагынан астына адамдарды салчу эмес. Демигип калыптыр оттун жанына отуруп отко жылынып алды. Бирок дале анын денесин майда калтырак аралап турду. Калмактардын жаман жоругун эстеди. Мындан эки ай мурун маргенчинин эки таякеси бар эле ошол мергендерди тоодон жок кылып, мылтыктарын, атын алып кетиптир. Өздөрүн корумдап да койгон эмес экен. Таякелеринин денесин жору, кузгун жеп жатканын таап, аябай капага батпадыбы. Мерген отуруп эс алып, анан эки жакты аралап, коргулду таап, төртөөн сүйрөп барып билгизбей корумдады. Анан өйдө чыгып атын алып келди. Аны төрт аттын жанына байлады. Эми караңгы түндө эмне кылмак эле. Артмагып ачып, уларды алып чыгып, отко куйкалай баштады. Этке аябай тоюп, булак суусунан ичип, уйкуга кирди. Ай батты, ал караңгы түндө эмне кылмак эле уктаганга кирди. Мерген такыр уктай албады. Анын көз алдына кандайдыр бир элестер келип-кетип турду. Ал түнү жакшы деле уктай алган жок. Эртеси таң ак шам болуп агарганда аттарды токуп, калмактардын аң терилерин атка жүктөп, айланага эч шек билдирбегендей кылып, аттарды айдап өз конушуна карай жөнөдү.

Тарапта улуу тоолор, агып жаткан өзөн сай. Бул тоолор улуу тарыхтын, ата-бабабыздын терең сырын ичине катып жатат.

***

Мырзакулмырза жылкы көздөгөнгө өтө жакын адам эле. Кыштын же жайдын түндөрүндө жылкы көздөгөндү жакшы көрчү. Ал жылкыларды Каркыра жайлоосуна жайып жүрдү. Бул жердин батыштан чыгышка созулган кенендигин, чөбүнүн аш болумдуулугун айтпа! Өзүнчө эле бир керемет. Бирок асыл жаныбардын кийинки учурда жоосу көп болуп жатты. Түн ичинде жортуул жасап келген калмактар, анысы аз келгенсип тили жөрөлгөсү бир казак боорлорубуз айдап кетип турду. Ошол тынч албаган алаамат күндө кыргыздарга жоо чегинде тураар баатырлар керек болуп калды. Мына ушундай баатырлардын бири Мырзакулмырза болду. Ал кылыч чаап найза сайганды жаш кезинен эле үйрөнүп, эл коргогонго өтө маш болуп, каршы келген жоо менен кармашканды өтө самап турчу. Анын тайманбас баатырдыгы жаш кезинен эле элге жайыла баштаган. Аш, тойлордо көп эле жолу найза сайышка чыккан эч бир жолу жеңилген эмес. Жана жоосун өлтүрө да сайган эмес, карууга же башка жерге уруп, эс-учунан тандырып, анан аттан кулатып жөн болчу. Баатырга каршы эч бир адам чыга алган эмес ага каршы чыгуу тирүүнүн тозогу болгон.

Көпчүлүгү баатыр күндүз эс алып түнкүсүн жылкы кайтарганга чыкчу. Жана дагы жылкыларды жоого бербей алып калганы көп эле болду.

Бүгүн дагы алар жылкы кайтарып чыгышты. Өзү менен кошо төрт жылкычы, жылкылардын төрт тарабында «айт-уйт» деп үн салып сак-сактап турушат.

Бул жайдын бир түнү болчу, асман катуу түнөрө жылдыз, айды көрсөтпөй катмар-катмар булут басып, анан катуу үн чыгып каршы-терши чагылган түшө баштады. Жерге койдун корголундай мөндүр түшүп анын артынан катуу жамгыр сабалап жаап кирди. Жылкылар тосоотко моюн бербей туяктары кара топуракты эшип, ылдый карай куюула удургуй кирип, тарап жаан үнүн коштоп апыл-тапыл болуп айлана ого бетер дүңгүрөп турду. Катуу жамгыр далайга дабырап жаады. Жылкычылар ылымта издеп чоң таштын түбүнө жашынды. Жердеги калың жашыл чөптөр жаан эпкинине багына берип башын ылдый сала жерге карай жапырылды. Анан бир кезде жаан басаңча тартып, кайрадан күч ала сабалай жаап кирди. Жылкы кайтарган жылкычылардын киймими жети катарына өтүп суу болуп, эшилгенине кайыл болуп, «жылкыларыбызга жоо колу тийбей аман эсен чыгып, эл-журтка жүзүбүз жарык болсун», -дейт. Анан бир кезде жаан басылып, жылкылар кошкурук ата күбүнө эс алып жаандан кийинки көк чөптү кайра кырт-кырт чайнап киришет. Ал эми жылкычылар ат үстүнөн түшүп, кийимдерин сыгына суусун сарыктырып кайра кийинип, анча-мынча болсо да курганып алышат. Мырзакулмырзанын темингени Алатуяк жаныбар. Муну мингени төрт-беш жылдай болду. Бир кезде эле онго чукул калмак жигиттери чабуулга кирип, жылкыны айдай баштады. Ошол кезде Мырзакулмырза катуу кыйкырып калмактарга чабуулга өттү. Калмактын эки жигитин ат үстүнөн торойто чапты. Дагы экөөн аттын үстүнөн оодара тартып жерге түшүрдү. Калмактар удургуй жылкыларды айдап кирди эле, баатыр жетип барып бир жигитин « мына сага» деп чокмор менен баштан ары тартып жиберди. Ал жигит тил оозсуз атынан кулады. Эми калмактар жапырт жабалактап баатырга асылып киришти. Алатуяк дагы чоң жаныбар эле өкүмдүк менен калмактардын аттарын жөөлөй кирип, баатыр болсо чокмор менен оңун- оңго, солун- солго шылап кирди. Баардыгы ат үстүнөн тоголонуп түшүп жатты. Же ителги каргаларга тийгендей эле болду. Калмактын жигиттери сестейип, беш алтоо калды эле ал баатрга асылганды коюп, аттарына камчы уруп кара жанын соогалап качып калышты. Жоо кетти. Жылкычылар менен жылкылар калды. Эртеси болду. Баатырдын чокмор катуу тийип, эки жылкычы каза таап, беш алтоо жарадар болуптур. Калмак жигиттери кечирим сурап, эки өлгөн жигиттерин алып кетишти. «Экинчи жолу жылкыңарга кол салбайбыз» деп катуу убадаларын беришти. Мурун эле баатырдын атак-даңкы элге тараган ошондон кийин анын эрдиги күчөп эл-журтка а түгүл калмак, казактарга кошуна элге аты тарап, атагы элге айдың боло баштаган.

Орозбак атанын баатыр чалыш уулунун бири ушул Мырзакулмырза болду. Беш баласынын жөндөмү тагдырдын жолу менен ар башка болду. Анын чымыр тарткан булчуңу, тарамыштуулугу, боюунун келбети, эч нерседен кайра тартпастыгы, курчтугу жана башка баатырга тиешелүү сапаттары анын даңкын көкөлөтө көтөрчү.

Ошол иш ошол болгон. Бул баатырдын жылкы кайтаргандагы бир окуясыы жылт-жулт этип санжыранын сүртүмүндө эске келип туруп алды. Баса ал окуя кандай болду эле анда санжырачылар айткан баянын унутпай эстей кетеличи.

Ал ушуга окшош көп окуяны эстеди Ар бир түндө жылдыз чыкчу. Баатыр ошол жылдыздарды берилүү менен кароочу эле. Ар кайсы жерден түн периштеси жылдыздар жымыңдап көрүнө баштады. Асмандан чачыла Саманчы жолу жылдызы жатты анын капталында Кичи Жетиген, Чоң Жетиген жылдызы чыга келди. Ал эми түндүктө Алтын Казык жылдызы быякта мен бармын дейт. Ааламдын ар бир жылдызы түн менен жымыңдап чыга келет. Мырзакулмырзанын көптөн бери ичи ооруп келет. Бул оору эмне оору экенин билинбейт. Кээде башы айланып, кулагына дүңгүрөгөн үн угулуп көзү тунарат. Үйдөгүлөргө айтты:

– Бүгүн мен жылкы кайтарып келейинчи.

Аялы көңүлдөнбөй:

– Жылкыны жылкычылар эле кайтарат, сен ооруп жүрөсүң эки жакка көп чыкпа жаның кыйналып турат.

– Ошондой болсо да кайтарып келейин, жылкы кайтарганды сагындым.

– Бүгүн эле кайтарып келем.

Ал ооруса да жылкычылар менен жылкы кайтарып жүрдү.

Атам замандан бери кыргыз эли душманынан сактанып, ары бир удургуп, бери бир удургуп көчүп жүрдү. Алар жөн эле көчпөй азык аш тамагы малы менен көчүп жүрдү. Жанында Камбар Ата баласы колдогон жылкы. Чолпон Ата тукуму колдогон уй болду. Аларсыз кыргыз эли бир жерден экинчи жерге көчпөйт эле. Ошолорду багып, ачка кезде ошолорду азык кыла тамактанып жеп жүрдү. Жылкы баласын жылкычылар багып, аны душман көзүнөн сактайт. Аларды жөн эле бакпайт, алардын жүрөгүндө байыртадан келаткан кыргыз эли жараткан кыргыз ырлары болгон. Алардын жан дүйнөсү ошол ырлар менен байланыша кан-жанына ширелген. Кыргыз эли байыртадан бери ошол ырлар менен жашап келген. Шок жигиттер жылкы үстүндө жүрүп алым сабак ыр айтып, же шырылдаң ырын созуп жиберип жатышты.

Султан аттуу шырылдаң,

Шырылдаң биздин шыйкыбыз.

Бүгүн канды уйкубуз.

Эсен болсо жылкыбыз,

Эртең канаар уйкубуз.

Мырзакулмырза жылкы четинде ушул ырды эстеди. Өзү да ыр ырдап ушул ырды созуп калаар эле. Жылкы четинде жүрүп, анын эсине өткөн элестер закымдап келе берди, келе берди… Ал окуялар кандай болду эле…

Жылкы четинде далай жайкы түндөр өттү. Жаадыраган сонун күндөр өттү. Жылкы четинде туруп жаратылышты кароо кандай сонун. Адамдын өлбөс өмүрү акырындап закым салып токтобой өтө берет. Ар бир жаратылыштын өзүнчө өлбөс түбөлүктүү ыры бар. Эки жакты карагылачы, жаратылыш койнун ачып түгөнбөй мемиреп келе берет. Жайдын сулуу түнү бат эле атып, улуу тоодон күн жаадырап чыга келет. Анан жаратылыш эне өзүнүн ырын ырдап кирет. Талааны эш туткан талаа канаттуулар учуп жүрөт. Учкул канаттуу айры куйрук асманда сызып баратса, курк-курк этип, азык издеп кузгун кайдадыр бир жакка шашылат. Түз жерде сары чычкандар ийин казып өзүнүн тиричилигин өтөйт. Дөбөлүү жерде суур ийин казып, чоп издеп ары-бери томураңдап чуркайт. Тигинде чакчыгай таш үстүнө чыгып өзүнүн өлбөс ырын ырдап жатат. Ушунун баары баатырдын көңүлүн көтөрүп турду. Ушул ыргак менен ал өткөн таттуу өмүрүн эстеп, унутпай кайра-кайра эскере бергиси келет. Бирок анын ич оорусу кийинки күндө улам күчөп кара жанын кыйнап келет. Дагы эмнелер өттү эле, өткөн баянды дагы эле көз алдынан сыдыра эскере бергиси келет. Баса анын күлүк таптаган жылдарычы. Баатыр Камбар Ата тукумуна өтө ынак болуп калды. Ал чабандес менен биригип, күлүк таптай баштады. Алгачкы таптаган күлүктөрү анча жеңишке жетип байгени алган жок, бирок кийинки күлүктөрү байгени бербей зымырап чыгып келип баатырдын атын алыска таратты. Ал жылкы кайтарып жүргөндө ар бир кулунду байкоого алып, анан ошол күлүктү кичине чоңойтуп саяпкерлер менен кеңешип таптоого алчу. Ошондо анын күлүктөрү казак, калмак, жана башка жерде жарышка түшүп байге алып бүтүндөй элди дүңгүрөтүп келгени анын эсине кайта-кайта, келип-кетип турду. Анын Алажорго, Актуяк, Торукашка, Алабайтал, эмне деген күлүктөрү бар эле. Айрыкча Мырзакулмырза Алажоргону минип башында кундуз тебетей, кийгени карышкыр ичик, бутунда өзбектерден алып келген маасы, колунда жылан боор камчы, жол менен жорго салдырып баратканда суктанбаган адам болгон эмес экен. Ошондон мындай деген ыр жаралыптыр.

Мырзакулдун Алажорго,

Миң жылкыгы бергис жорго.

 

Канаттуу күлүк экен деп,

Кабары кеткен оң солго.

Мырзакулдун Алажорго

Чуркаганда караандатпайт.

Арыбай чуркап алганда,

Артында гана чаң калат.

Башкаларга алмашкыс

Баасы бар анын миң аттык,

Айбандан башка жаралган

Алажорго тулпар жарыктык.

Ошол Алажоргону кимдер гана сурабады. Баардыгы сурашты бирок бир да кишиге бербеди. «Алажорго минген айдыңдуу кез өткөн экен»– деди. Ал жылкынын жанында туруп көп нерсени ойлонуп жатты. Анын Актуяк, Торукашка күлүгү дубан жарган биринчи күлүктөрдөн болду. Бир жолу биринчи байгеге жүз кой, он беш жылкы алган күнү эсинен кетпей калыптыр. Мырзакулмырза ошол байгенин баардыгын элге таратып берип, журттун алкышын албадыбы. Баатырдын күлүгү чыгып келгенде токмо акын аны туура бир саат мактап ырдаган. Ошол төкмө акындын ыры элдин эсинде унутулбай калыптыр. Баатыр токмо акынга байгеден алган жыйырма кой жана бир жылкыны бөлдүрүп бергени анын эсинен кетпей калыптыр. Байгени алган жер Нарындын Ийри Суусу деген аймак эле. Ошол байге алган жерден, баатырдын турагы Калак Ташка чейин анын жигиттери айлананы дүңгүрөтүп улак тартып келгени жалпы жумурай журттун эсинен кантип кетсин. Кетпейт го.

Жылкы жанында баатыр ушуларды эстеп турду. Баарын унутуп салса да ушул күндөрдү кантип унутмак эле. Жылкы жаныбар өтө сезимдүү келет. Баардык жандыктардын ичинен аны акылдуу дегени бекер эмес го. Алар күн суукта шамалдын багытын даана сезет. Суук болчу учурда, өйдөлөбөй ылдыйлап, шамалдан сактанып буйгат жерди байырлайт. Ал эми салкын учурда кар тееп оттоп өйдөлөйт. Тээ арыда ата-бабалардын ыйык мүрзөлөрү. Санжыра ошолорго барып такалып, ошолордон башталат. Айрымдары кимдики экенин да белгисиз. Мезгил өтүп айрымдары түз жерге айланып баратат. Баатыр ойлоду биз дагы ушулардын катарына келебиз го… Булар деле бир кезде тирүү жүргөн жан эмес беле… Алар дагы биз сыяктуу жылкы кайтарып, жоо менен күрөшүп, ата бабасы өскөн жерин сактаган адамдар болчу… Ал сыдыргыга салып баарын баарын эстеп турду. Эстебегенде кантмек эле. Кийинки учурда анын ич оорусу өтө күч алып баратат. Көп жерге көрүндү, бирок айла болбой койду. Анын башына «ушул оору менин башымы жеер бекен» деген ойлор келет кетет. «Жылкы катарбай эле койчу»– десе болбоду. Балким сергип кетеермин деп ойлоду. Бирок ичи дале кичинеден сыздап айыкпас дартты белгилеп турду.

Топ жылкылардын ичинен жарыктык Кула айгыр мыкты жаныбар бир дагы жолу карышкырга алдарган эмес, өтө сак жаныбар. Карышкыр келсе аны кууп жоготот. Жылкы четинен башка киши көрүнсө да кишенеп адамдарга кабар берген эстүү жаныбар.

Анын эсине дагы бир окуя келди. Сыдыргыга салгандай баары келип-кетип турду. Ал мындан үч жыл мурун өткөн бир элести эстеди. Ал жылкычылар менен жылкы четинде жүргөн. Көп өтпөй арыдан Боштайдын уулу Алышпай акырын ышкырып Мырзакулмырзаны чакырды. Бул экөө бирге өскөн теңтуш эле.

– Ой, Мырзакул бир дабышты байкадыңбы, тээ береги Кара Бадал тараптан аттуу адамдардын дүбүртү чыккансып турат. Жылкылардын душманы келатат окшойт. Алар караңгыда ошол жакка көз жиберип жатышты. Кабар баардык жылкычыга берилди. Караңгы түн менен топ караан жылкычылар жакка берилеп келатты. Жылкычылардын жүрөгү түрсүл кагып, «эмне окуя болуп кетеер экен» деп белгисиз маанайга батып турду. Душман тарап аттарын ылдам бастырып, укуруктары менен жаныбарларды бөлө айдап, ылдам качып кеткенге аракет кылып жатты. Мырзакулмырза катуу үн чыгарып эки калмакты капталга чаап өттү алар армандуу үн чыгарып аттан бат эле кулап түштү. Баатыр башка чапкан жок, башка чапса күм-жам болоору белгилүү эле. Айлана жылкылардын дүбүртүнө жана адамдардын айбаттуу чыккан үнүнө толуп кетти. Кыргыз жылкычылары эч нерседен корккон жок себеби алардын арасында баатыр жүрбөйбү. Баатыр элге теек болоору белгилүү эле. Ал эми үчүнчү калмак Мырзакулмырзаны жекеге чакырды. Баатыр түн ичинде макул болду. Экөө элден четтеп, кармашка өттү. Калмак да баатыр экен, ал Мырзакулмырзаны капталга чаап өттү. Баатыр аз жерден аттан кулап түшө жаздады. Жанында күчтүү баатыр турганын сезип көзү ачыла түштү. Ал кайраттанып катуу кармашка өтпөсө оңбой калаарын сезди. Калмактарды ушул баатыр баштап келгенин сезип түшүнүп, муну бирдеме кылбаса болбой турганын баамдады. Калмак дагы найза, кылычын алды, Мырзакулмырза да курал жарагын алып экөө катуу кармашка өтүп жатты. Кармаш көпкө созулуп кетти, эки тарап баардык нерсе ушул жерден чечилеерин баамдап турду. Бир кезде оңтоюу келе түштүбү, кыргыз баатыры калмакты карууга катуу сайып, бутун катуу чокмор менен уруп өттү. Калмак баатыры катуу үн чыгарып учуп барып жерге кулады. Калмактар кыйкыра үн чыгарып, аттан түшүп, баатырды тегеректеп калышты. Көп өтпөй кыргыздар от жагып жиберишти, калмак баатырын оттун жанына алып келишти. Анын эки көзүнүн ортосунда меңи бар экен. Мырзакулмырза «бул баатырды кайсы жерден көрдүм эле»,– деп ойлонуп жатты. Экөө сүйлөшүп кеп башташты.

– Мен сени кайсы жерден көрдүм эле?– деди Мырзакулмырза.

– Сен биздин үйгө келип атам менен сүйлөшкөнсүң.

Баатыр баарын эсине салып жатты. Калмактар менен бир чатак чыгып, жигиттер менен Бачман деген баатыр калмак менен сүйлөшкөнүн эстеди.

– Ооба эсимде сенин атаң да баатыр киши эле, ал барбы?

– Суук тийип өлгөнүнө беш ай болду.

Мырзакулмырза жаман кейип:

– Каап жаман болгон экен андай баатыр жок эле.

Мырзакулмырза жаш баатырга кеңеш берип жатты:

– Атаңы тартып сен дагы баатыр болупсуң, бирок күчүңү жылкы уурдоого жумшаба, жаман болуп мерт болуп каласың, эгер дагы жылкыга кол салам,– деп ойлобо.

Экөө дагы сүйлөштү. Мырзакулмырза жаш баатырдын бутун кармалап көрдү.

– Сынган эмес чыгып кеткен экен,-деп бутун катуу басты эле калмактын көзүнөн от чагыла кетип, анан эс ала түштү.

– Баатыр экенсиң чыдап бердиң, башка бирөө болсо чыдабайт эле,-деп баатыр карс-карс күлдү.

Экөө көпкө аңгемелешип дос болду. Ошондон кийин көпкө жылкы уурдамай, кол самлмай токтоп, эки эл бейкут жашап калды. Мына ушуларды кыргыз баатыры жылкы кайтарып, ооруп жатып ойлоду.

Ошол иш ошол болду. Башкача болгон жок.

***

Баатырдын оорусу күч ала берип, акыры ал ушул оорудан жок болоорун билди. Ал Ысык Көлдүн жээгин эң жакшы көрчү. Ата бабалары алыскы Жалал Абад жерине Арсланбап токоюунун жанына коюулбады беле. Баатыр ал жакты каалаган жок. Дүйнөдөн кайтаарында туугандарына жана балдарына керез сөзүн калтырды:

– Менин сөөгүмү алыска алпарып убара болбогула, андан көрө касиеттүү жер көлдүн чыгышына Каркыра жайлоосуна өзүм туулган жериме койгула, ошол касиеттүү жерде ата-бабам өскөн өзүмүн балалыгым өткөн жерде жатайын.

Жана дагы оор дем алып туугандарын карады анын жанында баардыгы отурган эле. Үнүн алсыз чыгарып Арыкмарза жана Асанмырзага кайрылды:

– Асанмырза, Арыкмырза баарыңар менен мен коштошуп жатам, балдарым Алсейит менен Тынымсейитке көз сала жүргүлө, жетим болуп желкеси күйүп азапты тартпасын,-деп акыркы керез сөзүн калтырды.

Ошондон кийин баатырдын эки айдан кийин жаны учуп, көз жумду. Асанмырза менен Арыкмырза баатырдын балдарын кор кылбай эл теңдүү жакшы багып өстүрүп жатты.

ЖАМАНГУЛ АТА

Алсейит касиеттүү Мүйүздүү энегеге үйлөнгөндөн кийин, эки жыл өткөндө бир эркек балалуу болуп, «эл ичинде аман-эсен жүрсү»н деп, анын атып Жамангул койду. Наристе чоңоп басып, чуркап калганда дагы эненин боюна бүтүп, эркек төрөп анын атын Папа койду. Атанын дагы экинчи аялынан Ардам, Туумакашка деген балдары болгон дешет. Балдар аман-эсен төрөлүп, мезгил өтүп баардыгы чоңоюп жатты.

Жаз катаал кышты кууп өтүп, эски окуялар унутулуп, улам жаңы жаңылыктар жаралып жатты. Күн айга жалгашып, ай жылга кошулуп, ошентип мезгил токтобой өтө берет. Ата-эненин балага жакшы үмүтү «ушул капсалаңдуу заманда уландарым аман-эсен болсо» деген эле кеби. Эненин эки уулу тең сөөк-саактуу баатыр чалыш өстү. Көптү көргөн көсөм Алсейит балдарына кылыч чаап, найза сайып, ат үстүндө тың жүргөндү алда нечен жолу үйрөткөн. Айрыкча Жамангул боюу узун, сөөк-саактуу баатыр чалыш өстү. Алсейит ата:

Рейтинг@Mail.ru