bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Биз ал жакка кастык кылбай эле койсок не болот. Бизге Ыраакы Чыгыш Сибирь деле жетет эмеспи.

Казак орус Михаил Коружный Мирон Григоревичти кага сүйлөдү:

– Сиз качанка чейин эле сылыктык менен жашайсыз. Россия жерин Кытайга чейин кеңейтүү керек маселе ошондо болуп жатпайбы.

Мирон Григоревич эч нерсе сүйлөй албай калды баардык маселе эчак эле чечилгенин билди. Баардыгынын кыялында тоолор, дарыялар, касиеттүү Ысык –Көл өз жери болуп алар көлдө чабак уруп жаткандай болушту. Алар ошол жакты эч кандай күрөшү жок эле басып алганына кубанышты. Тоолордо күлүк чаап, куш салып, көңүл ачып, жүргөндөй болушту. Баардык жерде чиркөөлөр салынып, касиеттүү коңгуроолор кагылып ал ыйык жайда орустар менен кара кыргыздар кудайга сыйынып жаткандай болгон. Бирок кээ биринин алдына чоочун аттардын кошкуругу, өз намызын коргоп, орустарга каршы чыккан кыргыздар бар, бирок орустар көптүгүнө салып, кыргыздарды кырып жатканы, эне баланын ыйы, жигиттердин кармашы, жарадар адамдардын онтогону, ачкалыкка калып, Кытайга карай сүрүлгөн эл, жана башка көрүнүштөр элестеп жатты. Ушулардын баары алардын көз алдына келип-кетип жатты.

Ал кеңешмеге катышкан адамдардын көңүлү ачык, эмнегендир кээ бири кубанганынан ыйлаганын жашыра албай жатты. Ошол жакка барып, жер ээлеп, алтын издеп бат эле байыймын деген адамдар да болду. Жаңы жерлер алардын көңүлүнөн кетпей дегдетип туруп алды.

Кубанып шаттангандар:

– Россия жери кеңейсин.

– Энебиз кенен Россия, ал Америкага жана Аляскага чейин жетти.

– Россия энебиз ыйык.

Россия жерин кеңейтип, Россия илимине чоң салып кошкону үчүн саякатчы Н.Н. Пржевальскийге чоң сыйлык жана акчалай жардам берилип, анын аты орустардын тарыхына алтын тамгалар менен жазылып калды. Ошол күнү ошол адамдар үчүн чоң банкет уюушулуп, Россия мекен эне үчүн шампандар атылып, ичкиликтер ичилип, шыктанткан кайраттуу тостор айтылып, айрымдары кудайга жалынып инжилдеги ырларды ырдап ыйлап жатышты. Ал эми улуу даражалуу падышага жалынуу чексиз болду. Мас болгон кээ бирлери анын ден соолугун жана узун өмүрүн каалап, өлүп калбасын деп кайгыланып ыйлап жаткандар болушту.

Бул болсо колонияны көп жерди биздин жерибиз деп каратып алган Россиянын борборундагы окуя экен. Ал эми ошол жакты кыргыз жерин каратып алабыз деген жерде эмне окуялар болуп жатты ошол жакка келеличи.

***

Кыргыздардын ичинен эң биринчи Россиянын карамагына кошулган ушул бугу кыргыздары болгон. Боромбай Россияга элчилигин жөнөтүп, ошол сунушту колдогон. Антпесе бугу кыргыздары бүтүндөй азап кордук чабуулдардын ортосунда калбадыбы. Бир жагынан калмактар чабуулун баштаса, бир жагынан казактар тынчтык бербейт. Ал эми ала топучан Коконд хандыгы өзүнөч эле бир балее болду. Алык-салык алып кыргыздарды кууратып жиберди. Анын үстүнө өз ара ынтымак жок кыргыздар бир-бирине от чачып, өлүм менен ойноп туруп алышты. Ормон хан менен Балбайдын согуш же Сарбагыш менен бугулардын ортосундагы согуш эмне деген балеени алып келди. Бугуларды өз бир тууганын кууп жиберип, көлдү сарбагыштар ээлеп алгысы келген. Ормон хан өлөөрүндө айтпадыбы « Көлдү үч айланта, чаап тынчтык бербегиле» деген. Ушундай алааматтар болду, анан көлдүк кыргыздар Россияга кошулбаганда эмне кылмак эле. Жакын туугандар бир-бирине душман болуп, бир-биринин башын жеп кирбедиби. Бир-бирине душман болуп, айгак болуп, ит кыялын баштабаса, адам болбой калган жатпайбы.

***

Эми биз сөзүбүздү Беккулу атанын уландарынын Чоң жана Кичи Жергес жеринде турганынан баштайлы.

Убакыт бугу айы бүтүп, кулжа айынын ортосу эле. Түштүктөн куштар небак эле келип,тоо-талаа мээ кайната ысып, түркүн куштар небак эле уя салып, балапандарын чыгарып, ата-энеси аны учууга үйрөтүп жүрөт. Ак Суу өрөөнүндө түркүн чөптөр, көпөлөк, калдыркандар көкөлөп канат кагышат. Ыйык жаратылыш күчүнө келип турган учуру экен.

Уч кыйырсыз созулган узун жол. Жолочулар ушул жолдо келатат. Алдыда жеерде ат минген семиз адам келатат. Анын билерман бийликтин адамы экенин кийген кийиминен бакылдап үн чыгарганынан эле сезилет. Анын артында топ атчандар. Бул адам Тилекматтын уулу Чыныбай. Ал уезьдин жер боюнча өкүлү же болбосо борбордун ишенимдүү адамы. Топ адамдарды ээрчитип, Ак Суу болушуна сапар тартып баратат. Чыныбай болуш келет экен деп Байсерке болуш тай союуп эчак эле кам көрүп койгон. Ак Суу болушу аларды жакшы ырай менен тосуп алып сыйлап жатышты. Сөз арасында Чыныбай:

– Ак –Суу, Каракол, Түп болуштарынын аймагына эл толуп кетиптир, бул жердеги адамдарды бөлүп-бөлүп Тоң, Котмалды, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа тарапка көчүрүш керек. Верный шаарынан ошондой көрсөтмө келип жатат. Бул жактын жери кара топурактуу, көлгө жакын жылуу аймак экен. Ошол үчүн орус кристияндары жактырып жатпайбы.

Байсерке болуш:

– Ээ, айланайын бул жердегилердин баары бугу эненин тукумдарыбыз. Эми тентип каяк жакка барабыз.

Чыныбай тиги кишини акырая карап:

– Бул өкүм меники эмес, генерал губернатор Калпаковский төрөнүн буйругу болуп жатпайбы, ал тууганчылыкка карабайт экен. Ал эми бул чечим ичкери эле император тарабынан келген экен. Ыйык адамдын буйругун биз кантип бузабыз. Улуу Россия чоң экенин силер билесиңерби.

Чыныбай семиз курсагын кашылап, кара мурутун сылап, жини келе айтты:

– Көчкүлө деп айтып жатам, чукулда бул жакка жасоол Чокубоку келет Жергес жериндеги бугуларды башка жакка көчүрөт, ал мендей жумшак эмес.

Эл бул жардыкты Чыныбайдан угуп, эмне кылаарын билбей дендароо тартып калды. Бул жардыктан кийин элдин башы маң болуп, эмне кылаарын билбей оор азапка тушугуп турушту.

Башы маң санаасы бир жерге токтолбогон Байсерке айтты:

– Элге айтайын алар эмне деер экен.

– Эмне демек эле борбордон келген жардыкка ким каршы чыга алат.

Ошентип Тилекматтын уулу Чыныбай келген жагына кеткен. Андан бери туура жарым жылдай мезгил сызып өттү.

Көп өтпөй Жергес жерине оёзной Иванов пристав, полиция, ыстарчындар менен келет деген кабар тарап кетти. Ошондо Жергестин айыл аксакалдары Алдаке, Бейшенбай, Чалый, Муңдук, Күзеке жана башкалар кеңешип, эми карганда каякка барабыз деп пара берип ушул жерде калмай болушту. Көп жашка барып калган Алдаке айтты:

– Ата бабанын өскөн жеринен кайда барабыз, баарыбызды ким батырат.

– Бул жерде ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат, аларды таштап кайда тентийбиз.

– Бул аймакты таштап кайда кетебиз, бул жерде ыйык бугу энебиздин изи калбады беле.

– Бул гениралдардын буйругу экен жанагы Ибаноп менен Чоңбокуга ит көнөбү?

– Пара берсек баарысы көнөт Жада калса, асманда жылдыздарды аралап бараткан куш жердеги тамакты жеймин,– деп келет.

Отургандардын баары жымжырт болуп жерди карап калышты. Алардын негизги максаты ушул жерде кала берүү болгон.

Ошентип бугу уруусунун адамдары алтын, акча, мал чогултуп, эптеп пара менен ушул туулган жеринде кала берүүнү амал кылып жатты.

Талаада түркүн чөптөр ыргалып, түзөңдө шыраалжын, уйгак, жолдо каз тамандар жайнап өсүп жатат. Аппак чийлер аңыздарды каптап, шыбак чөптөр өзүнчө жыт тарата каңылжаарды жарып, талаа жери көрккө бөлөнөт. Суу жээгинде жапалак талдар менен кара жыгачтар канча кылым болгону белгисиз атам замандан бери ыргалып жаткансыйт. Жол боюнда коко тикен сороёт.

Капталда ээ-жаа бербей тоо суусу агып жатат. Кичине киргени басаңча тартып калган экен. Бирок болбой эле күрүлдөп-шарылдап агып жатат. Бул суу атам замандан бери агып жатат. Мындан кийинки биз жок заманда деле өзүнүн жолун улап ага берет. Ал суунун аба жарган кереметтүү үнүн биздин бабалар угуп келген, мындан кийинки муундар деле ушул суунун үнүн угуп, биздей тунжурап ойго батып, алар өмүр жөнүндө ойлонушуп, мурунку ата-бабаларын эстешеер.

Тээ береги чаңдуу жолдо бир атчан боз үйлөрдү карай салып-уруп келатат. Аны көргөн адам « Соо болгой эле дагы кимиси келатат, же бирөө өлгөнбү» деп шекшинет. Кара атчан кара атын кара терге түшүрүп таштуу жолдо катуу чаап келатат.

– Катүгүн тетиги келаткан ким, карагылачы? Дагы эмне болуп кетти?

– Биздин жерлик эмес башка киши экен го.

– Деги тынччылыкпы ким болду экен?

Кара атчан боз үйлөрдү жанына келип:

– Эй, тоолуктар ай, тоолуктар кадыр барктуу оёздун кишиси келатат. Күтүп алгыла! А мен оёзнойдо иштеген приставмын. Кабар таратып баратамын. Оёзой кетип баратканда баарыңар жатып башыңарды жерге тийгизип таазим кылгыла.

– Ой, оёзнойдо иштеген ким келатат?

– Ким деген эмнеси мырза Токарев жана оёзнойдун ишенимдүү адамы Чоңбоку ачендик өзү келатат. Улуу мырзанын урматына жол боюнда туруп башыңарды ийгиле, -деди пристав ары чапкылап, бери чапкылап жол боюнда элге кыйкырып жүрөт.

Көп өтпөй тээ алыстан үл- бүл эткен караан көрүндү. Эки атчан катуу чаап келатат. Алардын артында эки ат чегилген трашманке зымырай закымдап келатат. Эки атчан бат эле жете келди. Алар кыргыз экен. Кебетеси оёзнойдо жасоолдор шекилденет. Тачанкада коңгуроо шыңгырап, эң эле салтанаттуу келатат. Баардыгы ошол жакты карап кандайдыр бир жаман сезимге чулганып турду. Тачанканын алдында бир жасоол жол боюнда турган адамдарды камчы менен май куйрукка чаап: -Жолдон ары кет, оёзной шашып келатат,-деп кыйкырат.

Элдин баары тачанканы анын алдында келаткан жасоолду таң кала карашты. Тачанканын алдында эки-үч жигит аты менен аны ээрчип чаап баратат.

Ошол кезде бир жигит бир нерсени байкабай аты менен жолго чыга калды эле алдыда келаткан жасоол жигит аны аркага камчысы менен чаап:

– Жолдон четте, жолго турба,-деп кыйкырды.

Корккон жигит аты менен жол четине карай качты.

Бир кары адам:

– Оо, кокуй ушундай да болобу,-деп кыйкырынды.

– Караңгүн булардын көздөрү эле оолжуп жыбылжыйт мас немелер го.

– Тачанкада катынпоз, сыйды жакшы көргөн паракор ачендик кетип баратат.

– Анын капталында бир нерсе салпактап кетип баратат тапанчасы окшойт.

– Атаңын көрү булардын күчү ошол капталында салпактаган тапанчада тура.

– Ооба чоң ачендиктердин күчү ошол тапанчада. Керек болсо анысы менен атып салышат. Орустарга таянып, кем акыл Чоңбоку тырактап жаман көптү го дайыма жүргөн жеринде бүлүк салып, бир балакетти баштаганы баштаган.

 

Элдин баары ушул жаман жагымсыз көрүнүштү көрүп жүрөктөрү үшүп калды. Элге орустар жүргөн жерде бир жаман окуя болчудай сезилип кады. Тачанкадагылар узап кетип, алардын артында уюулгуган чаң калды. Ошол топтун арасында бөрк ал десе баш алган Чоңбоку сырактап кетип баратат. Тачанка сууну кечип, бурула берип, чоң боз үйлөрдүн жанына келип токтоду. Меймандарды, билермандар, аксакалдар тосуп алды. Тачанкада оёзной Токарев, анын жардамчысы Михалков, жана тилмеч Нигматуллин, ошону менен аларда иштеген Тилекматтын уулу котормочу Чыныбай келди. Айыл аксакалдары меймандарды кол созуп тосуп алышты. Меймандарга тамак аш күн мурун даярдалып коюулган. Үстөлдүн үстүндө эмне деген гана тамак аштар жок. Жылкынын чучугу, казы, карта, койдун куйкаланган эттери, боор, куйрук, май жайнаган жер-жемиштер. Меймандар жай алып, ачка кагансып, тамак аштарды апылдатып жей башташты. Тамак жеп жатып ичкиликти кылкылдата жутуп жатышты. Токарев жылкынын чучугун бүтүндөй кармап ырахаттана жей баштады ал аракты көп ичкендиктен сөздөрү билинбей былдырттап чыкты:

– Ой, конный чочок как вкусный. Жанындагылар чучукту чочок деп айтканына күлүп калышты.

Нигматуллин

– Василий Акенович это не чочок а чучук.

Токарев оң колу менен чучукту соройто көтөрүп:

– Это не чучук настоящий чочок, большой чочок, это конный сала -деп айтты ырсалактай күлүп. Беркилер ого бетер ыкшып күлүп жатып, этти да аракты да калтырбай аймап жатышты

Анан Токарев, Михалков, Нигматуллин, Чыныбай төртөө кумар ойноп киришти. Кумар ойну көңүлсүз болуп кетти окшойт бир кезде оюундарын токтотушту. Мас болгон адамдар айылдан кичине ары барып, таш моло коюп мылтыктары менен ата башташты. Орустар аябай кызуу болуп калышкан. Михалков Чоңбокунун артына мине калып, Ну…ну.. ат кылып темине баштады. Чоңбоку кызарып, татарып, Михалковду күлүк ат болуп көтөрүп жүрдү. Буларды көрүп адамдар боору эзилгенче жыргап күлүп жатышты. Бир кезде оёзнойдун башына бир сезим келдиби, боз үйдүн үстүнөн чыккан түтүндү көрө калып, ошону атам деп оолукту. Дагы кимди атып салат,– деп Чыныбай коркуп кетти. Токаревдин мылтыгын талаага буруп:

– Тетиги аркандалган эшекти ат,– деди. Оёзной эшекти көрүп кубанып:

Мас адам тантыр-мунтур сөз сүйлөп:

– Ой, горный архар, надо стрелят,– аны көпкө мээлеп атып калды. Ок анын үстүнөн кайып кетти. Эшек такай менен үркүп ары качты, бирок арканы аны такыр коё бербеди. Токарев качкан эшекти көрүп аябай боору эзиле күлдү. Чыныбай мылтыкты алам деди эле мас адам мылтыкка жулунуп атам деп чыр чыгара баштады. Мас адам мээлеп туруп эшекти атты эле ок такайга тийип жыгылып тыбырап жатып калды. Токарев кубанып:

– Я горный архар стрелял,-деп мастыгы менен дагы көп нерсени кобуранып жатты. Анын мылтыгын Чыныбай алып боз үйдү карай басты.

Такайынын өлгөнүн көрүп боз үйдөн бир бала чуркап калды эле, энеси аны кууп жетип кармады. Бала ыйлап эшекке барам деп жулунат.

Энеси элге угузбай:

– Кокуй оёзной атып салат, ал желмогуз, мокочо сени Чоңбокуга берем, анын ажыдаардай тиши бар сени чайнап жеп салат,эне баласын коркутуп ыйлаганын басты.

Түн ичинде энелер балдарын Чоңбоку алып кетет,– деп коркутчу.

Чыныбай оёзнойлорду ээрчитип боз үйгө алып баратат. Токарев:

– Мне женшина надо я хочу гулай…– ал акыркы сөзүн такыр айта албай калды. Мас адамдын сөзү сандырактап ар кандай чыгып жатты. Бир жагынан Чоңбоку мас болуп жанындагылардын тынчын алат. Бирок бул жерде андан ашкан баатыр жок. Ал орустарга таянып, кыргыздарга кылбаганды кылып жүрөт. Ошол үчүн Чоңбоку деген атка эл кондурган чынында анын чыныгы атын эч ким билбейт. Жөнөкөй эл аны «Эшекбоку» деп атап алышкан. Бийлик дегенде ал бир тууганын саткандан да кайра тартпайт. Ал бир топ ичкен окшойт тамак менен ичкиликке тойгондон кийин анын көзүнө ойноктоп аялдар келе баштады:

Ой, сулуу кыз, сулуу кыз,

Кагылайын нурдуу кыз.

Алтын көзгө жалынып,

Ашык болдум мен сага.

Эрмек болуп ыр ырдап,

Дайым жүрчү жанымда.

Төшөк салып берейин,

Жата калчы жаныма.

Чыныбайдын жини келип:

– Таламандын тал түшүндө сага кайдагы катын. Кайсы кыргыз сага аялын бере коёт. Мен силер деп жүрүп атамын атын булгап элге-журтка жек көрүндү болуп баратам.

Чыныбай орустарды ичинен сөгүп жатты. Ал орусту жетелеп келатты. Семиз мас неме баспай келжектейт. Ал адам өзүнчө эле сүйлөп келжектейт. Аны эптеп боз үйдү ичине жетелеп келип отургузуп, казы картадан сугунтту, таза абага чыгып алкы ачылып калган окшойт, анан аракты удама-удаа ичирди. Бир кезде ал өзүн кармай албай кулады. Эт менен аракка тойгон пенде коңурукту кош тартып уйкуга кирди. Буларды арак менен этке тойгузуп, анан Чыныбай элге келди.

– Амансыңарбы эл журт жакшы турасыңарбы?

– Аманчылык акылман Тилекматтын уулу журтуң менен учурашканы келдиңби,-деди карыялар.

– Оёзной уктап жатабы?

– Ооба уктап жатат Чоңбоку да уктап жатат.

–Чыныбай уулубуз булар эмнеге келишиптир.

Чыныбай калпагын алып, чекесиндеги терин жүз аарчысы менен аарчып, ак чалып келаткан мурутун колу менен сылап койду. Бул пендени элүүдөн өтүп калган адам деп атоого болот. Семиздигинен сүйлөгөн сайын демигип турду. Ал сөзгө өттү турган эл эмне деер экен деп аны жалдырай карап турушту.

– Келген себебим бобереги оёзнойдун кишиси Токарев экенин билесиңер ал Верныйдагы чоң генерал губернатордун иниси бул киши ичсе ичкендей ичет, сүйлөсө сүйлөгөндөй сүйлөйт. Анын жанында орус киши Михалков тилмеч Нигматуллин жана эки кыргыз биз келдик. Орус жетекчилеринин айтканы боюнча көлдүн айланасына айрыкча чагыш ушул биз турган жакта эл толуп кетиптир. Жана тээ Россиянын борбору жактан бул жакка орустар көчүп келет экен. Анткени биз орустардын карамагына кошулдук аны билесиңер да. Ошол үчүн бул жердеги кыргыздарды Нарын тарапка Ат Башы, Ак Талаа жана бош жаткан жерлерге көчүргүлө деп жатат. Кыскасы 1000 түтүндөн бир болуштук түзүлмөй болду. Көл башындагы көп бугулар ошол жакка көчмөй болушту. Анан дагы бул кара топурактуу жерге орус кристияндары келет имиш.

– Ал кимдин буйругу экен,-деп бир абышка кайрылды.

– Бул жарым паша Иванов менен Колпаковский мырзалардын буйругу окшойт. Тил албагандар буйрук, курал жарактуу солдаттардын жардамы менен көчүрүлөт.

Эл арасынан сөздөр чыкты:

– Орус менен ойнобогула, орус менен ойногон ай балтасын ала жүрүш керек.

– Орус менен ойногондор от менен ойногон болот.

Дагы Чыныбай сөзүн улады:

– Орустар өз жерин кеңейтип келатат. Булар көп эл экен. Биздей эмес отурукташкан эл экен.

Ошондо бирөө:

–Кайран Арстанбек бекер айткан эмес тура. Көзү ачыктык менен айткан экен. Ал жамактатып улуу акындын казалын айтып жиберди.

Карылардан кеп уктум,

Уламадан сөз уктум.

Ошондо өңү сары, көзү көк,

Орус чыгат деди эле,

Алда кудай капыр ай,

Алматыдан аттанып,

Орус келе жатыр ай.

Отургандардын баардыгы Арстанбектин көзү ачык алдыны көрө билген кыраакылыгына тан берип ойлонуп отуруп калышты. Сөздү кайра Чыныбай улады:

– Туугандар Ак Суу элин көчүрүүнү оёзной маселе карады.

– Кокуй алат кайда көчөбүз.

– Баарыбыз бугу тукумунан элек го.

– Бул жерде эл көп болуп жатпайбы, алыста биздин Ат Башы, Ак Талаа деген жерлерибиз турат. Алсейит, Тынымсейит аталардын тукумдары ошол жерлерге барып жайлана берсе болот. Кийин ал жерди башка уруулар ээлеп алышса жер калбай калат.

Ошондо бир карыя кеп салды:

– Айланайын Чыныбай антпе, сен касиеттүү адамдын уулусуң, туугандан-тууган, уруктан урук бөлүнүп эми кайда самсыйбыз. Бул жерди мүйүздүү энебиздин буту баскан. Көлдү ушул жагы биздин үйүбүз. Өзүң деле ушул жакта төрөлүп, ушул жерде өскөн элең. Сен биздин уулубуз элең го.

– Түшүнүп жатам урматтуу карыя, муну мен айткан жерим жок,тетиги мас болуп жаткан оёзнойго кайрылып көргүлө. Бул чечимди ал да чыгарган жок, бул чечим тигил эле Россиянан түпкүрүнөн келген чечим экен. Ак падышанын чечими тура. Аны булар дагы өзгөртө албайт. Ушунча чоң жерди орус каратып келатат. Казактарды улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз деген хандыктар бар эмеспи, алар дагы орустарга баш ийди, чукулда буларга Кокон хандыгы да баш ийиет. Орустар көп көптүгүн салса дагы жеңип алат. Алар улуу эл.

Бирөө айтып калды.

– Улуу эл болгону үчүн арак ичип алып боз үйдө чалкасынан түшүп уктап жатпайбы.

Баары күлүп калышты.

Аялдар:

– Жүрөгүбүз түштү оёзной биздин боз үйдү атмай болду. Боз үйдөгү бизди атып салабы,-деп корктук, атып салса өлмөкпүз.

– Жок ал боз үйдү эмес, боз үйдөн чыккан түтүндү атам,– деди. Баардыгы күлүп калышты.

– Түтүндү дагы атмак беле келесоо го.

– Оёзной ачендик такайды атып таштады. Эми анын этин жейт окшойт. Булар чочконун этин жешет дейт.

Баары күлүп жатышты.

– Мунун аты эшек аткан ачендик болду.

Баары кайра күлүп калышты.

– Абайлап сүйлөгүлө такайдай кылып бизди атып салбасын. Ортону күлкү аралады.

– Оёзной ичсе ичкендей ичет, атса такай аткандай атат, ырдаса ырдагандай ырдайт. Эт жесе казы, картаны жегендей жейт.

Кайрадан күлкү.

Миңжашар карыя сурап калды:

– Чынабай балам, тагыраак айтча биз көчүп кетсек бул жерге кимдер келет.

– Орустар кристиандар келип бул жерге жай алат.

– Алар деле биздей адамбы?

– Өңү, түзү ушулардай эле эл.

Орустар дегенде баарынын денеси ичиркене түштү. Алар келсе эле буларга кордук көрсөтөт деген сезим пайда болду. Аларга кор болбой кетели дегендер чыкты.

Бир карыя айтып калды:

– Айланайын Чыныбай балам, жердеги тамакка асмандагы куш конот экен. Оёзнойго бирдеме берсек бизди ушул жерге калтырабы?

– Аны мен сүйлөшүп көрөйүн, бул маселени ал өзү чечет,– деп жоопкерчиликти ал өзүнөн алыстатты.

Эртеси оёзной тилмеч аркылуу эл менен аңгемелешти. Ошол эле күнү алар Караколго кайтышты. Чыныбай оёзнойго элдин оюун айтыптыр ал макул болгон экен. Муну кайра Тилекматтын уулу карыяга айтып берди.

Эки-үч карыя эл менен кеңешти. Эл да макул болуп колунда бар байлыгын чогултуп, карыялар Караколго келишти. Алар Чыныбайга жолукту. Чыныбай карыялардын көзүнчө чогулткан байлыкты оёзнойго берет.

Бирок туура бир жыл өткөндөн кийин пристав жасоолдору менен элге келип, Тынымсейит, Алсейиттин балдарын жана башкаларды бул жерден көчкүлө деп кыйнай башташат. Баягы берген параны эл алдатып жиберген экен. Кыдыктар Тоңго, Арыкмырза тукумдары Көтмалдыга, Тынымсейит уруусу Нарынга карай самсып жөнөштү. Эл башка жерге барыш үчүн жер чалып киришти.

Ошол жылы жаз эрте келип, жердин тоңу кар аралаш ала-шалбырт менен эрип, саздарда калың туман көтөрүлө, алгачкы көк чөп кылтая баштады. Көк чөп кууган кой, токтоло жайылып, малдын денеси күн нуруна жылынып, магүрүм жер үстүнө жылуулук толук келди. Ошентип бул жылкы жаз да башталып, жаз менен адамдар өз жашоосун улантып жатты.

Чыныбай иштен сүрүлүп кетпейин деп, бийликтеги орус адамдарына кошомат кылып жатты. Ал орустардын жерден көчүрүү саясатын жактап кала берди. Чыныбай көлдөгү Белек менен Теңизбайдын тукумдарына келип, «Бул жерден Нарын, Ат Башы жакка көчкүлө» деп айтты. Бул уруулар алдуу, күчтүү адамдар эле.

– Эй, сен ушул жердин адамы болсоң, биз дагы ушул жердин адамыбыз, тийишсең энчиңи алып каласың,-деп мойнобой коюушту.

Алардын арасында алдуу-күчтүү адамдар бар эле эгерде Чыныбай тийишсе, жазасын кайра берип коймок.

Кысымчылыкка Беккулу атанын балдары дагы калышты. Эл башка жакка конуш тандап жаткан соң, баары тынсыздана башташты. Аларга да жакшы конуш керек эле.

Ошентип Түмөнбай менен Абадан жакшы конуш тааап келишти. Жаңы конушту жакшылап байкап келиш үчүн дагы бир топ аксакалдар, жигиттер ат минип Көңдөй жерине келип баш аягын байкоого алышты.

Боор эти менен бүткөн жерден кетүү баардыгына оор болду. Эркектер дөбө-дөбө түзөң жерлердеги тай минип чапкан жерин, көч көчүргөн аймагын карап коштошуп жатышты.

– Көчсө көчөлү, башка арга калбай калды.

– Эмне кылабыз колубуздан эч арга келбей калды.

– Тагдыр жазмыш ушул экен.

Беккулу атанын үч баласынын тукумдуры үч ак боз бээ чалып арбакка куран окутушту.

Алар көчтү баш аламан туш келди кылбай тартип менен көчүрүүнү ойлоп жатышты. Ыйык атанын тукумдары улуулата көчмөй болушту. Эң биринчи көчтүн башында Курумшу атананын, андан кийин Бүтөбайлардын көчү андан кийин Шоңколордун көчү уланмай болду. Ошентип көч көчүрүүчү күн да келатты. Баардыгы унааны белендеп, унаанын олоң-шалаңдарын бекемдеп, камбыл жигиттер көч көчүрүүгө аябай даярданышты. Көч көчүрүүчү күн да келип жетти. Жигиттер өгүз, төөгө жүк артышып узашты. Чалдар менен балдар майда малды айдап, астыга кетип баратышты. Элечек кийген энелер, ак калпак кийип, ак жоргочон аталар кетип баратты. Жолдогу элдер көчтү көрүп:

– Беккулу атанын балдары көчүп кетип бараткан экен.

 

– Көч байсалдуу болсун!

– Көч аягы кайсы жерге барып такалат.

– Тоңдогу эки тоонун ортосундагы көңдөй деген жерге баратабыз.

– Жакшы жерге баратыпсыңар, ал жак өтө суук эмес кар көп жатпайт. Түштөнүп кетпейсиңерби тамак ичип, курсак ачка болгондур.

– Жүк көтөргөн унаанын бели талыйт, барчу жерибизге ылдам жетип алалы.

– Анда жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун Беккулу атанын балдары.

Көч андан ары уланып кетип баратат. Жолдон адамдар жолугуп аларга ийгилик каалашат. Беккулу атанын уландары көч көчүрүп кетип баратат.

Убакыт токтобой уланат. Кыргыз көчү ушинтип кыр ашып, бел басып уланып келген мындан ары дагы улана берет. Кылымдарды арытып келген кыргыз көчү улана берет. Ал токтоп калбайт, алга уланып жатат.

Алар айрым жерлерге конуп эс алышат. Анан андан ары кайра көчтү улантат. Баягыдай эле көч кетип баратат. Унааны жигиттер сүрөөдө. Малда малчылар, койлордун, жылкыларды айдап кетип баратты. Жолдон жолуккандар:

– Беккулу атанын тукумдары көч көчүрүп баратат.

– Алар жаңы жер тапкан окшойт.

– Булардын жигиттери тың, кыздары ишмер келет.

– Беккулу атанын тукумдары Мүйүздүү энеден таралгандар.

– Ыйык эненин тукумдары.

– Беккулу атанын көчү байсалдуу болсун!

– Самаган жерине аман-эсен жетип алсын!

– Айтканыңар келсин!

– Кардыңар ачты окшойт, аттан түшүп чай ичип албайсыңарбы.

– Ырахмат сизге самаган жерге жетип алалы, бат эле кеч кирип кетет.

Көч узап баратат. Мезгил да жылып жатат.

Ошентип Беккулу атанын уландары Тоң жериндеги эки тоонун ортосундагы Көңдөй жеринин ар кайсы кокту-колотуна келип конушту. Алар бул жерден башка элден кысынбай эркин жашап калышты. Ар бир кокту –колотко жай алып өз өмүрүн өтөп жатышты.

«КӨЗГӨ ЧАБААР» ТУКУМУ

Жарыктык Чоң Жергес жери жайкалат. Адыр-адыр белестер. Белестерди аралап ата-бабабыз баскан тарам-тарам жолдор кетет. Бул жолдор менен кимдер гана баспады. Карышкыр өтпөс кайчы жолдо, жолочу жол жүрдү. Түлкү өтпөс түнөн жолдо унааларын айдап соодагер өттү. Баары өттү. Кыргыздар бир жерден экинчи жерге көчүп көчмөндүк турмушта өкүм сүрүп келбедиби. Антпегенде эмне кылат. Далай жолу жоо менен кармашып, чачылып жок болуп кетеерде ата-бабалардын арбагы колдоп, эр жигиттер өз эркиндигин сактап жатышты.

Жалпы кыргыз эли менен бирдикте Касиеттүү Беккулу атанын тукумдары да өз эли менен болуп түтүн булатып, жашоосун өткөрүп келатышты. Санжыра баяныбызда Бек атанын үч уулу бар эмес беле. Алар элибиз сыяктуу ары бир сүрүлүп, бери бир сүрүлүп өз жашоолорун өткөрүп тукумдарын улантып келатышты. Ошол Беккулу атанын бир тукуму Курумшу болгон. Курумшу ата төрт уулду болду. Алар: Койсойбос, Ураалы, Байбото, Карача экен. Санжыра боюнча Беккулу атанын тукумдарын башка элдер « Көзгө чабаар» тукуму деп аташкан тура. Ошол аттын келип чыгышы Курумшунун экинчи уулу Ураалынын балдарына байланыштуу экенин санжырачылар эскерет. Биз ошол санжырачы карыялардан укканыбызды баян кылып эскерте кетели.

Бобереги чоң суу Чоң Жергес жеринде жер жаралгандан берки атам заманда кышында тоңуп калып, жайында ала-сала казганактап кирип, өз агымын токтотпой буркан -шаркан түшсө, бирде жай каалгый мемиреп агууда. Ошол суунун үнүн ушул жерде жашаган адамдар угушуп, өз жашоосун улантып, өмүр сүрүп келишүүдө. Ушул суунун чыгаш алабында Курумшу атанын экинчи уулу Ураалынын балдары Шопок, Арт отурукташкан. Алар жылда ушул конушту мекендешет. Конуш жайлуу койду жайып жиберсең баардыгы алаканга салгандай көрүнүп турат. Мал дагы тээ береги кар баскан бийик тоого жете жайылып, тоонун башындагы ширелүү чөптү жеп тоюуп анан кайра өздөрү эле кайрылышат. Ал эми уй жаныбар өйдөкү өтөктөрдү өрдөй жылып анан агып жаткан тоонун тунук сууларынан ичип суу жээктеп эс алып жайылышат. Кыскасы бул жер төрт түлүк малга эң эле жайлуу. Суунун өйдө жагында жайылма өтөктө Шопоктун үйү бар, ошонун эле ылдый жагында Арттын боз үйлөрү жайгашкан. Эки тууган бир-бирине кайрымдуу. Бирок кийинки учурда бир нерсе болдубу, же аялдарынан кеттиби, же балдарынан чыктыбы эки үй-бүлөнүн ынтымагы кетип бир-бирине анча каттабай калышты. Аялдары болсо бир жөн эле эркектери киришип-чыгышпай калганына жаман болгондой. Шопок узун бойлуу жотолуу сөөк-саактуу эңишке түшчүдөй адам. Дене боюу жагына Арт деле андан кем эмес, ары чымыр, ары сөөк саактуу. Жаратканым эки бир тууганга ал күчтү ченебей бергендей. Ошол жаратылыш берген күчүнө таянабы, анча-мынча адамдарды теңине албай дөөгүрсүп кетмейлери бар эле. Шопок бир канча жолу эр эңишке чыгып жеңбесе, жеңдирген эмес. Арт дагы чымыр ал күрөшкө далай жолу түшүп чыңалып келатат. Арттын аялы эки айылды эриктирбеген, бир айылды бириктирбеген тилдүү неме. Аялы эмне десе күйөөсү ошонун тилин алган начар сапаты бар. Ал эми Шопок андай эмес бир нерсени баамдап чечип, чатакташса да ар бир ишти өз жөнү менен жөнгө салган жагы бар. Ошого жараша ал кечиримдүү кекчилдик жайы жок. Ортону эмне аралап кеткени белгисиз ошентип эки бир тууган такыр каттабай калышты. Убакыт жайдын толуп турган маалы эле. Шопокто Заңги Атанын тукуму өтө көп музоо, торпок, өгүз, бука, жана башкалар. Иши кылып мал салдуу. Ал эми Арт Камбар Ата тукумуна жакын. Эки желе бээ байлайт. Тайлары, өзүнчө үйүр болуп жайылып жүрөт.

Быйыл жаз эрте келди. Жалган куран айынын башында эле жер жылымык тартты. Кар суунун үстүндөгү тоңгон муз эрте эрин агын суулардын үстү улам ачылып, шар суунун үнү жаңырып алдай кайда алыс жакка угула баштады. Этинен түшүп калган мал чөп кууп оттоп бат эле тоюунуп кирди. Түштүк жактан келген келгиндер тал, кара чыгачтын башына конуп отуруп, өзүнүн ырын кайталап ырдай баштады. Дыйкандар эртелеп кетмен күрөгүн курчутуп, соколорун оңдоп айдоого камылга көрө баштады.

Ошол күндөрдүн биринде мындай бир оңтойсуз эсте калаарлык окуя болду. Окуянын баардыгы Шопоктун кызыл букасынан башталды. Кызыл бука жер челе өкүрүп отуруп, Арттын уйларына келет. Анын бир буту жерге тийбес качкы карала уюу бар эле, уй букадан чыга элек экен. Кызыл бука ошонун артынан калбай кууп алат. Балдар аны талаалатып айдаса да ошол уйдун артынан кууп жүрө берет. Уй качат бука анын артынан калбай шемшеңдеп кууйт. Айласы кеткен уй Арт тиккен алачыктын айланат, бука кууй берет. Буканын кууганынан алачык томолонуп кулайт. Карала уй кулундар байланган желени аралай качат, анын артынан кызыл бука кой десе болбой кетип баратат, кулундар үркүп, желенин казыгы суурулуп, баардыгы будуң чаң болот. Ошол эле болсо бир жөн уй чуркап отуруп, короодогу козулар байланган көгөндү карай келет, козулар үдүргүп, казык суурулуп, аякта калаймакан болот. Балдар, кыздар, эркектер баардыгы буканы кууп калат. Ансыз деле буулукан Арт кара атын минип, килейген жоон таякты алып буканы кууп калат. Бука карала уйдун артынан кууп жүрүп чуркай албай калган экен, жини келген Арт буканы күүлөнүп туруп күч менен мүйүзгө чабат. Буканын мүйүзү ыргып кетет. Арт кайра кайрылып үйүнө келет. Бука жаныбар илбип, бутун сүйрөп отуруп, Шопоктун үйүнүн жанына жетип-жетпей жан берет. Арт аны башка чапканда башынын катуу жерине доо кеткен шекилденет. Шопок мунун баарын көргөн экен. Ал аялына келип айтат. Аялы жини келе:

– Сенин малыңды өлтүрдү, эми аз күндө сени баканы менен келип өлтүрүп кетет, сен жоош байкушум, менин жанымда мени кайтарып отур – деп кагат.

– Эмне кылайын короосун будуң чаң кылбадыбы.

– Ий, өлүгүңдү көрөйүн жоош кургур сени ушундай кылат ал иниңе сенин алың жетпейт. Баарын өлтүртүп отура бер. Эми өлгөн буканы саарасы менен этин жеп жат, сенден башка аны эч ким жебейт жоош кой момун байкушум.-деп тилин тартпай дагы бир топ заар сөздү айтат.

Аялынын жаман сөзүнө уукан Шопок килейген кой айдаган укурукту алып, Арттын үйүнө келет. Шопок:

– Ой, сен менин букамы эмне өлтүрдүң, ал сенин аялыңын койнуна кирди беле ия?

Арт да бул сөздү угуп ал дагы жини келип чоң таякты алып, Шопок менен чабышканга өтөт. Экөө укуруктар менен качырышып келип чабышып кирет. Экөө кой ай дегенге келбей чабышып жатат. Жини келген эки тууган бири-биринин өлөөр-тирилеерине карабай чабышып жатты. Буларды көрүп турган Тынымсейит тукумунан Эсенгул деген киши чаап келип ортого түшөт.

– Ой, туугандар койгула, бети башыңар, киймиңер айрылыптыр бириңерди-бириңер өлтүрүп салсаңар элге шерменде болосуңар.

Чын эле Шопоктун көзүнүн үстү шишип, кан жая агып жүрөт. Бети-башынын баары кан. Таяк тийген окшойт Арттын жаагы когала болуп, канап жатат. Балдары келип, экөөн тең ээрчитип кетти.

1  2  3  4  5  6  7  8  9  10  11  12  13  14  15  16  17  18  19  20 
Рейтинг@Mail.ru