bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Жарыктык Желгара тулпардын үстүндө дардайып кадимки Каабын кетип баратат.

Абат дүрбүнү карап жатып айтты:

– Ошонун дал өзү экен.

– Артынан куугун түшкөнүн билген тура.

– Кыйды неме колго түшөөр бекен.

– Түшөт биз куугунду жакшы уюуштурушубуз керек.

– Кой, муну туугандарына жеткирбей жок кылалы.

– Беккулу ата буга кандай болушуп, кандай көтөрчү эле, ар дайыма сыйлап анын алдынан өтчү эмес, эми кылып отурганын карасаңар. Ал Беккулу атанын үч баласын жок кылгысы келет.

Бешөө көрүнбөй кычыкты айланып өтүп, Каабынды астынан тосмой болушту. Качкын эч кимден шек санабай, бешөөнө жакын келди. Каабын артымда эч ким жокпу деп тарапты кылчак-кылчак карап коёт.

Абат шашма киши эле:

– Атып салалы муну эмнеге маанаке-саанаке кылабыз, биз элдешкен күндө да бир балакет кылып, бизге такыр ыркын кошпойт.

– Коё туралычы акыркы сөзүн угалычы.

– Эмне деер экен качкын калмак.

Ошол кезде Каабындын аты жылкылардын дабышын алды окшойт тык токтоп, шыңгыр кишенеп жиберди.

Жолчоро үнүн бийик чыгарып:

– Эй, Каабын эми каякка качасың эсиңе кел, биз сага душман эмеспиз, эсиңе кел. Биз сага душман кылгандай эмне кылдык эле? Дитиңи бизге бер! Каабын башын көтөрүп, таштын ортосунда турган куугунчуларды карап жиндене:

– Ал менин ишим, кыргыз канчыктары.

– Биз итбизби, же сенби?

– Силер итсиңер бир кишинин артынан көп киши куугун куубайт.

– Эсмңе кел Каабын биздин нанды жеп, тузубузду татыдың эле, сага биз жаман иш кылган жокпуз го.

Каабын өзүн токтото албай зиркилдеп үнүн жоон чыгарып ачууланды:

– Мен силерди баары бир жок кылам калмактарга жетип, кошуун курап келем.

Ошондо Жолчоронун жаны күйүп кетти:

– Эсиңе кел Каабын Беккулу атанын тузун татыдың, биз сага жаманчылык кылбайбыз. Кара ниеттик кылсаң өзүңө жаман, түбөлүк оңбойсуң.

– Жетим калган бала чагыңан бери Беккулу ата кор кылбай бакты, бизден эч бир жаманчылык көргөн жоксуң.

– Эй, кыргыздар, силерди мен жок кылам, коё тургула калмактар башынан күчтүү алар силерди чабат.

– Азыр сени жок кылыш керек итке иттей мамиле кылабыз.

– Силер бешөөсүңөр мага асылбагыла, андан көрө баатыр болсоңор, жекеме-жекеге чыккыла. Мен жеңсем силер унчукпай кете бергиле.

Жолчоро буга макул болду.

Абат үнүн катуу чыгарып айтты:

– Ой, Жолчоро аба антпей эле атып салалы, калмакка биздин алыбыз жетпейт, ал күчтүү бизди майып кылып салат. Акыры түбү душман, жерине барып күч курап келип бизди чабат.

Жолчоро айтты:

– Канча кылса да биз менен бирге өсүп калды эле эми буга жоодой мамиле кылбайлы, баатырлар кыл чайнашып күрөшөт дейит, буга биз баатырдай мамиле кылалы.

Беш баатыр түзөңгө түшүп келишти. Каабын түктүйө найзасын айбалтасын алып, кана кимиңер эр сайышка түшөсүңөр дегенсип, теңине албай күтүп турат. Кечөө эле тууган эле эми душман болуп чыга келбедиби. Тагдыр деген ушул экен. Колуна түшсө бир дагы киши аячудай эмес. Териси тарып, жедеп душмандыгы күчөп башынан ашып түшүптүр. Ат үстүндөгү Каабындын элеси өтө коркунучтуу сезилип, беш баатырдын жүрөгү сыздап кетти. Күчтүү кул биздин башыбызга кандай балеени алып келет деп санаага батты. Бирок берки баатырлар да оңой эмес эле.

Күн ачык асманда жору кузгун айланып турат. Ар кайсы жерден майда куштар үн салат.

Бешөөнүн заманасы куруп кандай тагдыр болоор экен деп турушту.

– Жолчоро аба эр сайышка мен чыгайын,-деп Абат.

– Жок сен жашсың, эр сайыштын ыкмасын жакшы биле элексиң. Эр сайыш менен ойноого болбойт, жаңылган кишинин башы өлүмгө кетет.

– Анда мен чыгайын,-деди Үсөнкул кыңырылып.

– Жок сен алдырып жибересиң Каабынга күчүң тең келе бербейт.

Үн жок тымтырс. Ошондо токтолуп туруп, Жолчоро сөз баштады.

– Мен чыгам,-деди Жолчоро баатыр.

– Абат Тору кашка атыңы мага бер.

Тору кашка жаныбар көп эр сайышты башынан өткөргөн албуут, оңтоюу келгенде эр жигитти кутултуп ойт берип кетме жери бар. Бир таканчык берсе ушул жаныбар таканчык берет. Оңтоюуна салып жоонун атын капталы менен уруп өтмөйү бар эле. Жолчоро Тору кашка жаныбарды минип, кылыч, айбалта, найзасын алып ат үстүндө дардайып турду.

– Манас баатырдын арбагы колдосун!

Төрт баатыр кыбыланы карап кудайга жалынып жиберишти.

– Атаңдын көрү бул кулду сүнөткө отургузуп алганда бир жолу биздин динге өтүп, кастык кыла албай калат эле,– деди Абаат аябай өкүнүп.

– Торгой ата өз дининде тим койгула дебедиби, муну ошентиш керек болчу. Эми карачы, ээ- жаа бербей кулдун кутуруп турганын.

Эки баатыр аттарын бастырып, түзөңгө келишти. Экөө тең бир-биринен кем калбаган баатыр эле. Чоңдугу боюнча Каабын олбурлуу болчу. Ал Жолчорону теңине албай мен-менсинип күлө карап шылдыңдагансып турду. Жолчоро ичинен ыза болуп « Коё тур кургурум, колума түшсөң, башыңды жеп тынам».

Жолчоро:

– Калмак качкыны эмесиңби ал кезметиңди, ким жаңылса, ал оңбой калат,– деди.

– Антпе, кыргыз каның төгүлөт, мен силерди өлтүрүп, каныңарды ичем.

– Каабын аны кезектеги кармаш чечет, эгер жеңилсең мен сени жөн койбойм.

Жолчоро куралдарын кармап, кармашка даярданып турат.

Каарданган Каабын Жолчорону оңтоюу келсе күм-жам кылып жок кылууну самайт. Каарданган Кабын Желгарага камчы уруп, чыгышка карай чаап барып, кайра кайрылды. Ал атын камчылап, найзасын Жолчоронун жүрөгүнө мээлеп, тоголото уруп, башын кесип кетмей болду. Жолчоро душмандан калканы менен коргонууга камынды. Торгошка ат Каабындын Желгарасынын кыймылын түшүндү окшойт, токтоно албай алдыңкы эки буту менен асмандай секире айга жанып алды. Эки баатыр бир-бирине жакындады. Ошол кезде Жолчоро үн салып катуу кыйкырып жиберди да, Каабындын найзасын ай балта менен кагып калды. Темирге-темир келип тийгенде айбалтадан «чаңк» деген дабыш алыска-алыска тарады. Айлана бул дабыштан сестене түштү. Эгерде Каабындын куралын Жолчоро айбалта менен тоспогондо катуу соккуга учурап, аттан кулап түшмөк, анда Каабын эң жаман иш иштемек. Эмки туруп берүү кезеги Каабынга келди. Жолчоро Торгашканы каргытып келип Каабынды найза менен уруп калды. Желгара ошол кезде буйт берип, сактап калды. Тоодой болгон калмак ат үстүнөн эңшерилип кете таштады. Эмки сайыштын кезеги Кайра Каабынга келди. Каабын Желгараны каргытып келип Жолчорону урмак болгондо айбалта менен коргонуп калды. Жолчоро жини келип аябай өкүндү. Каабын туруп берди. Жолчоронун найзасы Каабындын жүрөгүнө тийбей оң ийнине тийди. Каабындын көзүнөн от чагылыша түшүп катуу жарадар болду. Эми эки баатыр кылычташа түштү. Каабындын оң колу жарадар болуп, такыр күч бербей жатты. Ал жеңилеерин билип, атынын башын буруп качты. Каабын кайрыла калып эки жолу жаа тартты. Бул силер менен элдешпейм, өлүгүм талаада калсын деген белги эле. Биринчи огу Жолчоронун башынан алыс кетип, экинчи огу кашка аттын жанбашына келип сайылды. Кашка ат жаанын сайылганына чыдай албай кетти окшойт, эки бутун асмандата ай чапчып кишенеп жиберди. Жолчоро оң колу менен жаанын огун сууруп салды. Каабын качып баратат. Жел кара аргымак көзгө илешпей закым болуп баратат. Жалгыз калмак кете берсин деп ойлогон. Бирок ал эртедир-кечтир келип кыргыздарга бир бүлүк салаары белгилүү эле. Ошол үчүн анын жок кылыш керек болуп калды. Каабын жол оңутун билип, тезиреек кутулуп кетишке Жаман Эчки тарапка чу койду. Ал ошол жактагы суюк токойго кирип таптырбай кетүүнү ойлоду. Калмак ар дайыма куралдарын өзү менен ала жүрчү. Ал жаа тартуу жагынан да мыкты чебер эле. Ал асмандагы кушту атканда жанына топ этип келип түшөт. Аны кутултуп жибербеш үчүн анын артынан кугунчулар катуу келатты. Тоодон ылдый кулаган шар суу нечен кылымдан бери өзүнүн ырын ырдайт. Жол таштак өр. Айлана бейкуттукка чөмүлөт. Анда санда тоо чымчыгынын үнү угулат. Ар кайсы жерде кой таштар кезигет. Жогору жакты карасаң бийиктикте аскалар ылдый салаңдап, кичине эле тийип койсоң кулап кетчүдөй болуп жүрөктүн үшүн алып турду.

Каабындын кара аты мындай жолдо жедеп такшала чуркап өткөн коёндой ылдам секирип, аттап-буттап кетип баратты. Куугунчулар артынан калбай куугундашып, Жолчоро бат атма мылтыгы менен меелеп туруп атты эле, ок качкындын башынан кайып өтүп ташка тийип «чыр» деген үн чар тарапка жаңырды. Дагы эки жолу атты эле ок жетпей барып, кара жер топуракка сиңип кетти. Качкын кара атын кара терге түшүрүп, кутулуп кетүүнүн айласын жасап баратты. Учкан кушка жеткирбес жарыктык Желкара жаадай сызып алдыга баратат. Бул Желгара кайсы жердин малы эле. Ал окуя төмөндөгүдөй болбоду беле. Эс тартып калган Каабын бир күнү Беккулу атага кайрылат:

– Ата мага ат берсеңиз мен дагы балаңыз элем,– деп атага кайрылат.

Эч нерсе жаманчылыкты сезбеген айкөл ата ага ушул канаты бар кара аргымакты кармата берген. Чын эле атага берилбес бул адамдын ниети кара экенин ал кезде кайдан билинет. Атка шыктуу Каабын аны аябай таптайт. Өзүнө курал жаракты топтоп, бир күнү качып кетүүнүн жолдорун ойлонуп келген эле. Бала чакта анын атасы ат таптаган мыкты саяпкер болчу. Аттын жөнүн ал ошондон үйрөнүп калган. Калмак талаадагы, желедеги жылкылардын баарын карап чыгып ушул жүдөө кара тайды жактырып калып:

– Беккулу ата мага бобул эле жүдөө кара тайды бер деген.

Аргымак сырын билген Беккулу ата да ушул кара тайга көзү түшүп жүргөн. Кара тай чаалыкпаган жаныбар болот,– деп ата да баамдаган. Бирок «кулум деле менин жакыным эмеспи мине берсин, кара тай сенден айлансын»– деп айкөл ата Каабындын тири карактыгын түшүнүп, күлүк жаныбарды андан аяган эмес эле. Бала кара тайды үйрөтө баштайт.

Ошондо саяпкер Нурсейит:

– Беккулу ата бул бала тегин эмес экен ат күлүгүн билет тура,– деген.

– Ой, бул бала, калмактын атактуу байынын баласы болгон кыргыздарды чаба берип такыр тынчтык бербей койгондо, биз аны кешигин кетире кыйратып, оокатын, малын талап алып урук тууганын кул кылып алганбыз.

Калмак таптаган атын «Желгара» деп коёт. Желгара далай сызып байгелерди ала баштайт. Муну көргөн Беккулу атанын жакындары:

– Ата буга эмне кара күлүктү бердиңиз,– дешет.

 

– Ой эми, бир тай экен ошону койчу, күлүк керек болсо момунча жылкыдан күлүк тандап ала бербесиңерби,– деген.

Атанын айтканына алар макул болушкан.

Калың журт дагы Беккулу атанын марттыгын өтө жактырган. «Март болсо Беккулу байдай болсун тигине кулу күлүк чаап жыргап жүрөт»– дешкен.

Желгара жаныбар укмуш ат болду. Ал Манас жомогундагы Алгара сыяктуу болуп калды. Балдар дагы Желгара жаныбарды Баатыр Коңурбайдын Алгарасына окшоштуп төмөндөгү ырды чыгарышкан.

Минген кезде жарашат,

Каабындын кара аты.

Капталында бар эле,

Калдайган эки канаты.

Каабын кара тору кара мурут, куш мурун тултугуй бет балжайган жигит эле. Ал дайыма кундуз тебетей кийип сыланганды жактырган.

Качып баратып Каабын арманданды « Атаңын көрү бекер кылган экем, атанын эле айтканы боюнча болгонумда эмне? Мындай азап-тозокко учурабайт элем. Булар мени соо койбой калды» – деди оюнда.

Жолчоро:

– Беккулу атам ушул кара атты Каабынга бекер берген аны өз баласындай көрчү эле.

Куугунчулар Каабынды кууп жүрүп отурушту. Бат эле түн кирип, жылдыздар жымыңдап чыкты. Акыры эч нерсе көрүнбөй калганда, куугунчулар чоң таштын түбүнө келип, эс алып тамактанышты. Бирөө атка сак болуп кайтарып жатышты. Калганы эки жактан эптеп кургак отун чогултуп, жаа менен атып алган кекиликти куйкалап жешти. Калгандары эки жакты Каабын келип калабы деп акмалашып сак жатты. Таң ата элек караңгы жылдыздардын нуру жерге төгүлүп, куугунчулар тамактанып бүтүп, аттарын минип куугунга камынышты. Тээ сайдын ары жагындагы чоң таштын түбүнөн жылтылдап күйгөн от көрүндү. Жолчоро:

– Тетиги от мергенчилердики же алардыкы болбосо Каабындыкы. Ал түндө ашуудан ашып кете алмак эмес. Ашуудан бүгүн ашат.

Алар аттарын минип бат эле отту карай ашыга жете келишти. Бешөө от жакты карашты. Бир адам от жагып жаткан экен. Жакшылап караса, Каабын экендиги байкалды. Ал оттун алоо жарыгында коломтонун жанында отурган дөөнүн элесин берип турду. Качкын бир нерсени куйкалап бүтүп, ашыга апылдатып жеп жатат. Аябай ачка болгон шекилденет.

–Каабын экен ылдам барып колго түшүрүп алалы.

– Колго түшүрүүнүн кереги жок аны ушул жерден жок кылыш керек, ошондо биз келишпес жоодон кутулуп тынч уктайбыз. Билесиңби анын эмне деп айтканын ал Беккулу атанын үч баласын өлтүрүп тукум курут кылып кетем,-деген. Биз аны ушул бойдон тим койсок ал баары бир бизди чаап, уйпалап кеткенге аракет кылат.

Бул сөздү угуп баардыгы шалдайып калышты.

Ошол кезде келаткан аттын кабарын алдыбы, Каабындын кара аргымагы кишенеп жиберди. Каабын келаткан кишилердин кабарын алып, даяр турган киймин кийип, бат эле жолго чыкты. Куугунчулар анын артынан кууп калышты. Качкын кара атын камчылап ашууга карай бет алды.

Жылдыздар асманда жымыңдайт. Аркайган ашуу тараптан сууктун илеби согуп адамды ичиркентет. Ар кайсы жерде атам замандан берки таштар сороёт. Азырынча теребел тынчтыкта. Каабын атын камчылап, ашууга карай жол тартты. Ал артынан куугун калбай катуу келатканын билди. Качкынды Жолчоро мылтык менен атты. Ок Желкаранын оң бутуна тийип, аксап баса албай калып, жарыктык жаныбар жадам сурап аянычтуу кишенеп жиберди. Качкын аттан түшүп, куралдарын алып качып баратты. Бир аз чуркап кача албай демигип күйүгө, жыла албай калды. Ошол кезде ал жаасын, мылтыгын алып кыргыздарды атууга камынды. Каабын да оңой мерген эмес эле. Жолчоро меелеп туруп атып калды. Ок калмактын сол капталына тийип, тоголонуп жатып калды. Куугунчулар бат эле жете келди. Качкын катуу жыгылып, денеси бир далайга дир-дир этип кагып турду да, анан оозунан кара кочкул кан агып, бат эле жан берип жатып калды.

Жолчоро:

– Бизге дитин бербеген качкын шыбагасын ушинтип алды, тууган болуп көңүлүн бербесе да, көп жылдан бери биз менен бирге жүрүп калды, сөөгүн тетиги жерге алпарып жакшылап көөмп коёлу. Денесин таштап карга, кузгунга жем кылсак биздин мойнубуга күнөө жүктөлүп, тынч жашай албай калабыз. Баатырлар унаасынан түшүп, аттарынын ооздугун чыгарып, отко коё беришти. Качкындын курал жарак, буюмдарын алып анан кудайга жалынып, сөөктү кыбылага карата кийми менен казылган чуңкурга салып, топурак жана майда таштар менен көөмп киришти. Денени тапшырып бүткөндөн кийин ит-куш жеп кетпесин деп, чоң таштарды үстүнө үйүп киришти. Бир азга ошол жерде эс алып отурушту да анан туруп, колдорун агып жаткан булактын суусуна жуушту. Ушуну менен байкуш Каабындын иши бүттү. «Бизге тынчтык бербедиң эле эмне кылабыз, тагдырдын иши ушундай эле дешти». Аттарынын минип, Желкараны акырын жетелеп келе жатышты.

Айлана кулак кескендей жымжырт. Такыр эчтеке болбогондой элес келет. Жерге күн нурунун жарыгы толук төгүлүп, күз күнүнүн элеси.

Качкындын сөөгү чоң таштын түбүндө алыс калды. Кара ат жетелеп келаткан беш жолочу. Созулуп жаткан жарыша кеткен жолдор. Бетегелер катуу тартып ката баштады. Чоң таштын түбүндө шылдырап тунук булак ыр ырдап агып жатат. Ал өмүрдүн элесин жакшы жышаана кылып ыр таратып жаткандай.

Бүгүн күн ачык, тээ береги карт аскада илинип боз булуттар турат.

Ак элечек кийген касиеттүү эне айтып калаар эле:

– Үч баламын кыялы үч башкача болду. Улуу балам курумшу мал жанга ынак болуп, айрыкча Камбар ата тукумун берилип жакшы көрөт. Ал малын көбөйтүп, бизди жыргатып, сасыган бай болот го.

Эне бир тынымга токтоп калды да анан сөзүн улантты;– Үчөө аман –эсен чоңойду, үйлөнүп да алышты, эми бала-чакалуу болуп жаманчылыгын көрсөтпөсө болду, журтубуздун саны арбып, тукумубуз көбөйсүн,– деп кудайга жалынып бата тилеп койду. Анан эле эне жанындагы кемпирлерге кой десе болбой дагы сүйлөп кирди,– Ортончу балам Бүтөбай болбоюуп эң эле жоош, эчтеке менен иши жок, барбы, жокпу баарына кайыл. Бирок ата-энесинин тилин аябай алып, биздин сөзүбүздөн чыкпайт. Ал атасын айрыкча жагат. Атасы менен жаны бирге. Ал бүркүт салып, куш агыткан менен ынак жакшы адими кийинип, тайган коё берип ошол иши менен алек. Анан комузга өтө жакын өрүк комуз чертип, кыз келин, элге ырдап берип, ошолордун батасын алганга умтулат. Атасы сыяктуу эч нерсе менен иши жок. Ортончу балам, Шоңко күлүк таптап, ат чыгарып, Камбар Ата тукумуна ынак болуп калды. Күлүк чаап байге алып, ошонусу менен чоң атакка жеткиси келет. Күлүк минип алып, айылдан-айыл аралап, сулуу кыз издеп үрөөнөк иттерди абалатканга маш. Эне айылдагы Кермекаш деген бир куудул келиндин ырын айтып берди:

Шоңшоңдоп унаа желдирип,

Шоңко жигит атын чаап.

Кабанак иттер арт жагынан,

Калбай келет такымдап.

Кара атына камчы уруп,

Каткыра күлүп арылай.

Кара аты желдей учуп,

Кабанак иттер жете албай.

***

Ошол Ысык -Көлдүн чыгыш жагында турганда түштүк тараптан бир белгилүү аттуу, баштуу сынчы келип калат. Беккулу атанын оюу ошол сынчыга кетет. Ал алдыңкы келечегин көп ойлоочу эле. «Үч баламы сындатып көрөйүн, касиеттүү сынчыдан жакшы сөз угаар бекем»– деп, үмүтү асманга жылдызданып учуп туруп алат. Акыры ак боз жоргосун минип чыгып, саруулардын айлында ошол сынчыга жолугат. Сынчыны коштоп жүргөн адамдары менен үйүнө ээрчитип келет. Үйүнө алып келип жакшы коноктоп, эки-үч күнү баштан өткөн окуяларды сүйлөшөт. Акыры сынчыга мындай сөздү жөнөтөт:

– Касиеттү сынчым менин бир өтүнүчүм бар эле үч балам бар ошолордун келечегин сындап бериңиз,-деп кайрылат.

Сынчы бул ойду эчак эле баамдап турган. Ата сыртка чыгып, бир жигитке үч баланы ээрчитип келгин,-дейт.

Көп өтпөй жакшы кийинген үч бала кирип келип сынчыга салам айтып, иреге жакка тизилише отурушат. Алар чай ичип, бир азга турушат да.– Мына булар менин балам,-дейт.

– Буюрса жакшы экен уучуң узарып, бактылуу карыя болот окшойсуң.

– Эмесе сынчым ушулардан кандай жышаан көрүнөт ошону айтып бере аласызбы?

Сынчы балдардыкарап анан бир азга ойлонуп калат да, оң чөнтөгүнөн таза чүпөрөккө оролгон далыны алып чыгып, жана жерге чүкөлөрдү калчап кондурат. Төлгө таштарды алып аны ак чүпөрөккө жаят. Үчөөнүн колундагы бырыштарга көз жүгүртөт. Сынчы үч баланы толук карап бүтүп, анан,– Эми сыртка бара бергиле,-дейт. Үч бала ээрчишип сыртка чыгып кетет.

Анан бир аздан кийин сынчы далыны жана теспени бир карап сырдуу сүйлөй баштайт.

– Үч балаңан көптөгөн тукум тарайт тура. Балдарың жаратканымын талы колдоп, өзүнчө жер, сайлуу өзөндү конуштап, сенин атыңы чакырат экен. Улуу уулуң чатакчыл, ортончу уулуң токтоо, ал эми кичүү уулуң шумураак шок көйрөңүрөөк жагы болот. Маңдайында жазуу бар ат таптап, дубанга белгилүү атактуу болгусу келет экен. Бий болуп эл бийлегенге аракет кылат. Ал үмүтү да акырындык менен аткарылат окшойт. Маңдайында ошондой жазуу турат. Ортончу балаңын тукумдары токтоо тартып, андан дагы көптөгөн уулдары болот. Үчөөнөн тукумдар таралып көптөгөн жерди конуштайт. Тукумдарыңын арасынан жалпы элге белгилүү адамдар чыгат. Алардын аты башка журтка таралып кетет экен. Айрыкча кичүү уулуңдун даңазасы, бийликтеги ошонусу арбын жерге айтылат окшойт. Балдарыңан адамга моюн бербеген өткүр, бийликке умтулган далай адамдар чыгат. Үч балаң өзөн бойлоп конуп, андан көптөгөн билермандар таралат,– Касиеттү сынчы ушуну менен керемет сөзүн аяктайт. Беккулу ата сынчыны жылуу жүзү менен карап:

– Касиеттүү сынчым айткан сөзүңүз келсин, жакшы сөз сүйлөп менин жанымды эриттиңиз, балалуу болбой жүрүп балалуу болдум эле, сиздин айтканыңыздай уулдарым, неберелерим айыл-айыл болуп өзөн бойлоп конуп, менин наамымы чыгарса экен,– деп дагы көптөгөн сөздөрдү сүйлөп жаратканга жалбарып бата кыла жашып, кайра кайратын жыйды.

Колунда бар Беккулу ата сынчыны эки күнү жакшы коноктоп, сынчыга суусар тебетей кийгизип, үстүнө бейкасам чепкен жаап, бир ак боз жорго мингизип сыйлап узатты.

– Беккулу балам, тим эле койсоң болмок мынча ашык сыйдын эмне кереги бар эле,– деп касиеттүү адам тартынат.

– Антпеңиз жарыктык сизди тилинде мөөрү бар берекелүү адам дейт. Сиздин айтканыңыздын баардыгы келечекте келеер, анан мен сизди жөн эле кантип узатмак элем, ардактуум биз таанышып алдык ары-бери өткөндө тартынбай келип-кетип туруңуз. Үйдү көрүп алдыңыз,-деп сынчыны сылыктык түрдө узаткан экен.

Ошондон бери көптөгөн санат жеткис жылдар өткөн экен. Ал сынчынын айтканы кандай болуп аткарылды, кайсынысы аткарылган жок аны өзүңөр жыйынтыгын чыгарып тактап көргүлө.

***

Балдарынын ичинен кичүү уулу Шоңко эң эле берешен, эң эле эрке колу ачык болуп өстү. Ал кичүү бала болгондуктан каалаганын кылгысы келген эле. Узак жылы балалуу болбогон ата балдары өз эркинче койчу. Ошонун да негизи бардыр. Ошол кезде аш той көп өтүп, ал баланын делебесин козголуп, күлүк чаап баягынын күлүгү деп бүткүл дубанга белгилүү болгусу келген. Ал эмне болсо да бүткүл журтка күлүк чаап даңктуу болгусу келген. Беккулу атанын элге белгилүү үч күлүгү болгон алар дагы жалпы дубанга атагы чыккан. Алардын Айкашка күлүгү кереметтүү мал эле. Ал бүткүл дубанга белгилүү жаныбар болчу. Бул күлүктү атанын кичүү уулу Шоко өзү чабандес болуп чапчу. Ал күлүк таптоонун сырын да жакшы билип алган. Мүнөзү шар токтолбогон жагы бар болчу. Бир нерсени бат эле туура чечип алат. Анын эң эле асыл сапаты кайырчыларга, турмушу начарлар бир нерсе сураса алдындагы малын ата-энесинен сурабай эле кармата берген. Бир жолу бир короо койду айдап келатып, чоочун айылдын аягына келет. Ошол жерде үч жарды үй бүлөө болгон. Үй бүлөнүн балдары суунун жээгиде ойноп жаткан болот. Балдары арык буттары, чийдей болгон денеси, кийимдери жок жылаңач турганын көрүп, Шоңконун көңүлү ооруйт. Эмне кылып жардам береерин билбейт. Анан эле бир нерсе эсине кылт этип келе калат. Балдарды чакырып, он койду козусу менен бөлүп, балдарга айдатып боз үйдүн жанына барат да ал жердеги балдардын ата-энесине:

– Бобул малдын жарымын силерге берем, мал кылып жашооңорду өткөргүлө,– дейт чоң кишиче.

Улгайып калган адамдар таң калат:

– Кой садага бул кылганың жарабайт, Беккулу аба нааразы болот го,– дешет.

– Мен берип жатам, ага жообун мен берем,– дейт.

Беркилер Шоңкого ыраазы болуп жаадырып алкышын айтат. Ошол окуя бүт жерге тарап кетет. Эне уулуна нааразы болуп:

– Балам бул эмне кылганың, малдын баарын таратып жибербе.

– Эчтеке эмес эне бизге калганы деле жетет. Алар такыр эле ачка болуп жатпайбы. Биз кымыран ичсек да жашайбыз.

– Балам туура айтат, биздин эл жарды жашаса биздин бай турганыбыздын кимге кереги бар,– деп Беккулу ата коштоп кетти.

Беккулу атадай Шоңко да колу ачык болгон экен деп уламаларда айтылат.

Ал адам жөнүндө төмөндөгүдөй ыр жаралыптыр:

Беккулун Шоңко уулу,

Жарды адамды аяган.

Башкага аты тараган,

Баардыгына таанымал.

Шоңшойгон Шоңко уулу,

Колу ушунча берешен.

Ысмына шоола себилген,

Ыйык сапат энчиленген.

***

Айкашка күлүк эң кереметтүү мал эле, ал дубанга белгилүү мал болчу. Жарыктык жаныбардын денеси бүтүндөй кап-кара маңдайында жаңы ай чыккандай тегерек шооласы бар эле. Ошол үчүн ал жаныбарды «Айгашка» деп атап калышыптыр. Айгашка күлүк Айгашка болуп турганда далай жолу биринчи, экинчи байгени алган. Шоңконун жылкыны сүйүп калган жагы ошол Айгашка күлүктөн башталды. Ал бала кезинен эле түн ичинде жылкы кайтарып, « Бекбекей» ырын созгонго кызыкчу. Ошентип жүрүп, жорго мингенге кызыга баштады. Бир күлүк жоргом болсо деп үмүттөнүп жүрдү.

 

– Уулум кайдагы жоргону айтасың, жорго колуңда эле турбайбы- деп ата нааразы болду.

– Ата мен ал жоргону караанын көрдүм.

– Кайда экен ал жоргонун кабарын айтчы?

– Ата ал жоргону мен акыры таптым, ошол жоргону сатып берсең эле болду.

Касиеттүү адам ары ойлонуп, бери ойлонуп турду. Бу балам жоргонун даңкындай атак-даңкты издеп жүргөн бала экен. Мейли эми сатса, сатып берейин, – деп ойлонот.

– Ал жорго кайда экен мен аны кайдан таап берем?– баласына суроолу карады.

Шоңко атанын сөзүн угуп сүйүнө:

– Биздин туугандарыбыз Тынымсейит уруусунда Нарбото деген байында бар экен. Ошол Акбоз жоргону сатып берсеңиз эле болот. Мен аны эки жолу түшүмдө көрдүм жорго салышта биринчи орунду ээлегенин даана көрдүм. Мен алдыда боло турган ишти түшүмдө көрдүм. Түшүм чындык.

Ата ары ойлонду, бери ойлонду. Балама ошол жоргону алып берейин бир жолу мунун өтүнүчүн аткарайын деп ойлонду. Түштөгү иш сөзсүз өңдө болот.

Андан бери бир топ күн өттү.

Быйыл жаз эрте келип, чар тарап бат эле көркүн ачып жашара келди. Малдын кара эти толуп, нык семирип бат эле эттенип чыга келди.

Ошол жайдын сонун күндөрүнүн биринде, ата жоош Акбоз жоргосун минип, баласына жомоктой түштөгү жоргону издеп Кичи Нарындагы Тынымсейит уруусундагы Нарбото деген байды боолголоп жолго чыккан экен. Ата жанына бир жигитти ээрчитип конуп-түнөп жүрүп отурду. Өзү торгойдой, аты ыргайдай болуп жүрүп отурду, жүрүп отурду. Ал жолдо ак калпакчан кара мурут жигиттен сурады:

– Кагылайын сапардагы жолочум Нарбот деген байды билесиңби?

Береги жигит ойлонуп-ойлонуп калды да андай адамды уккам бирок кайсы жерде экенин анык элестете албайм, анын сизге эмне кереги бар эле?

– Ошол Нарбото байдын акбоз жоргосу бар экен ошол жоргону кичүү балама сатып берейин деген элем ошол жоргону издеп сапар жолдо баратам.

Береги киши атаны таң кала карап калды да анан сүйлөп кирди:

– Уулуңуздун кызматы үчүн балага жорго издеп чыккан экенсиз, жээ балаңызга канат издеп чыгыптырсыз, ал сөзсүз табылат. Талыбай жол уланта бериңиз. Ак үмүтүңүз акталат. Ата болуп ал жоргону таап берсеңиз сиздин уулуңуз жорго минип жолго чыгат. Сапарыңыз байсалдуу болсун,– деп жаш да болсо алиги жигит атага жакшы батасын берди.

Ал тынбай жол жүрүп баратты. Аз жол бастыбы, көп жол бастыбы, иши кылып жол жүрүп келатты. Жолдон учуп бараткан карга, кузгундарга жолукту. Канаттуулар андан сурап калды:

– Жол жүргөн жолочум кайсы жакка жол улап бараттың эле?

– Мен кичүү уулма жорго издеп баратам.

– Аның жакшы адамым сен балаңа камкордук кылып чыккан турбайсыңбы талыбай сапар тартып кете бер акыры издегениңи табасың.

Ал жол жүрүп отурду, жол жүрүп отуруп канча жол басканын да билбей калды. Кечүү кечти, жайык аралады, кычыктан айланып өттү, ага жараша күн дагы жакшы болгон жок бирде ысып, бирде каарданып бороон согуп турду. Ата менен анын ат кошчусу талбай жол улап келатты. Ат кошчусунун аты Бакыт эле:

– Бакыт уулум биз издеген атыбызды таба алабызбы?– дейт.

– Табабыз ата, сиздей эл- журтка керектүү белдүү адам турганда сөзсү табабыз,– деп атага ишенимдүү жооп берет.

– Туура айтасың Бакытым мени жанымда ат кошчу болуп Бакыт баратат демек мен издегениме жетем.

Атанын ат кошчусу Бакыт ат кошчу да болуп кетет, жана колдоочусу да болуп кетет. Бакыт атанын артында баратып, бирде жок болуп, бирде бар боло калат. Бирок атаны жалгыз таштабайт, атаны кабалаң ар кандай жаман окуядан колдоп жүрүп отурат. Атаны Бакыт деген колдоочусу өмүр боюу коштоп жүрүп отуруп, анын ушундай өлбөстүккө алып келген.

Алар өздөрү торгойдой аты ыргайдай болуп кетип баратты. Жолдон алар жеерде ат минген улгайып калган ак калпакчан бир адамга жолукту. Биринчи жеерде атчан атага келип салам берди. Ата алик алды.

– Жолочум эмне издеп жол улантып баратасың?

– Үч балам бар эле Кенже балам Шоңкого акбоз жорго издеп баратам.

– Аныңыз жакшы экен балаңызга таалай издеп чыккан адам экенсиз табаарыңызга жакын калыптыр. Ушул жол менен жүрүп отурсаңыз ошого жетесиз,– деп айтып жолочу жол жүрүп көздөн кайым болуп жоголот.

Ата менен ат кошчу Бакыт экөө кетип баратты. Кетип баратты. Канча жол басканын өздөрү да билбей калды.

Алар жүрүп отуруп, үч айрылыш жолго келди. Үч айрылыш жол кычыктан чыгып үч тарапка кеткен экен. Ата менен ат кошчу кайсы жолго түшөөрүн билбей башы маң болуп катып калды. Ата мелтиреп кайсы жолго түшөөрүн билбей телмирип ойго батып карап калды. Бир кезде анын кулагына үн жаңыргандай болду. «Ортоңку жолго түшө көр, ошондо сен издегениңи табасың». Ата ошол жаңырыкты эшитип ортоңку жолго түшкөн экен. Ал ошол жол менен кетип баратты. Кетип баратты. Бакыт атага жылмая карап:

– Ата биз издегенибизге жетип калдык окшойт. Мен Акбоз жоргонун элесин өңүмдө көргөнсүп турам. Ошол Акбоз жоргону сиз жетелеп бараткандай болуп турасыз.

– Айтканың келсин уулум сен Бакыт деген уулумсуң да сени менен бирге кеткен кишинин жолу сөзсүз ачылат жана таалайга жетет.

Алардын өңүндө жылмайган кубаныч бар. Экөө ар кайсы окуяны сүйлөшүп жүрүп отурду. Анан эле алар келатып, бир чоң белден ашкандан кийин укмуштуудай сыйкырдуу чоң өрөөн ачыла келди. Ата менен Бакыт ал өрөөндү карап таң калды. «Биз издеп отуруп ушундай кереметтүү чоң өрөөнгө келдик бизге келечек ачылат» деп ата кубанды. Өрөөндүн ортосунда ала-сала тоодон келген дарыя мелмилдеп агып жатат. Өрөөн малга жык толгон ар кайсы жерде кардай аппак чоң канат боз үйлөр өрөөндү көрктөндүрүп турат. Аймак бүтүндөй ар кандай мөмө берүүчү дарактарга толгон. Бул жерде жапайы жаныбарлар мал менен кошо жайлып жүрөт. Тигинде керемет бугулар оттоп жатат. Ата менен Бакыт бул жомоктогудай көрүнүштү көрүп таң калды.

– Ата биз кайда келгенбиз, бул жер жомоктогудай жер го.

– Балам жаратканым жардам берсе, бизге ушундай тагдыр ыйгарат.

– Ата биз ортодогу жолго түшкөнүбүз сонун болгон экен. Эч бир адашкан эмес экенбиз. Кудай буюрса жолубуз ачылды окшойт.

– Ооба Бакыт балам туура айтасың, бизди да жаратканым энчиден кур койгон эмес экен.

Ата Акбоз жоргосун жорголотуп кетип баратты. Атанын артынан ат кошчусу Бакыт кетип баратат. Бирин экин адамдар жолугуп колун бооруна алып атага салам берип жатты. Ата атын токтотуп, бир ак калпакчан баладан сурады:

– Нарбото байдын үйү ушул өрөөндөбү?

– Ооба ата ал киши тетиги дайранын боюундагы калың бактын арасындагы чоң боз үйдө турат.

Ата менен Бакыт ээрчише ошол жакка кетип баратты. Кереметтү калың бакча, анын ичинде эмне деген гана жер жемиш жок баардыгы бар экен. Тигил жерде алма, алча, жийде, анан иши кылып жер үстүндөгү баардык өсүмдүктөр өсүп турат. Бактын ичинде түркүн жаныбарлар жүрөт. Тигинде маймыл дарактан-даракка секирсе, бул жерде тоту куш адамды туурап отурат. Экөө атчан Нарбото байдын үйүнүн жанына келип аттарын тык токтотту. Жигиттер чуркап келип экөөнүн атын алып үйгө киргизди. Үйдө төрдө ак сакалчан бир карыя отурган экен. Анын жанында топ балдар. Чыктан жакта балпайган бир эне отурат. Беккулу ата карыяга ийлип салам берип анын жанына отурду. Үйдөгү кичинекей балдар сыртка чыгып кетти. Карыя менен ата ар кайсы окуяларды сүйлөшүп отурду. Сырттан бир келин кирип көнөктөн кымыз куюуп меймандарга узатты. Эки карыянын сүйлөшүп отурганы бир топ убакыт болду. Бир кезде Нарбото сүйлөп калды:

– Ко..ш.. Беккулу балам эмне жумуштап келдиң эле?

– Урматтуу карыя менин үч балам бар эле, ошол балдарымын кичүүсү Шоңко деген болот. Ал сиздин жорго чабышка салган Акбоз деген жоргоңуз бар экен ошого менин балам ашык болуп калыптыр.

Шербото эмне деп сүйлөөрүн билбей ойлонуп калды. Үйдүн ичин бир аз тынчтык аралады. Анан бир кезде:

– Жакшы балаңыздын көзүнө менин жоргом түшүп калыптыр.

– Ал мага тынчтык бербей койду Ошентип сиздин Акбоз жоргогуңузду издеп жолго чыктым.

– Ал издеп таап кел десе мен беришим керек. Баланын да самаганы бар эмеспи, балким анын келечегине укум-тукумуна ошол жорго керек болуп жаткандыр. Ал жорго өзүнө эмес анын укум-тукумуна керек болбосун.

Ата укум-тукумуна деген сөздү угуп таң калып калды. «Касиеттү адам эмнени сүйлөп жатат», деп ойлонду. Шербото келинине бир нерсе айтты эле ал сыртка чыгып кетти. Көп өтпөй жылкылардын дүбүртү чыгып, боз үйдүн жанына келип токтошту. Беккулу ата менен касиеттүү Шербото карыя эшикке чыгышты. Сыртта он чакты буудан турган экен. Арасында келишкен куйрук жалы төгүлгөн Акбоз жорго турат. Беккулу ата жаныбарды көрүп сүйүнүп кетти.

1  2  3  4  5  6  7  8  9  10  11  12  13  14  15  16  17  18  19  20 
Рейтинг@Mail.ru