bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Болуптур касиеттү жоргону сага берейин ат арытып, жол карытып алыс жактан келипсиң,-деди.

Алар кайра үйгө киришти. Жанагы келин аталарга чарага эт тартты Шербото, Беккулу, Бакыт үчөө отуруп эт жей башташты. Досторкондун үстү ар кандай жемиштерге толгон адамдар тамакты көңүлдөнүп ичип жатты. Алар тамак ичип бүтүштү. Анан Беккулу ата төш чөнтөгүнөн ак чүпөрөккө оролгон алтынды алып чыгып Нарботого сунуп жатып:

– Касиеттүүм момуну күлгүгүңүздүн акысы аз да болсо көптөй көрүп алып коюуңуз.

Касиеттүү алтынды көрүп чочуп кетти:

– Кой аны мага көрсөтпө, мен жорго үчүн алтын алсам анда адамга келчү ырыскы, берекке жанып кетет. Бул сага балдарыңа берилген энчи эми ушул энчиңи жоготпой, булгабай таза алып жүрүшүң керек. Тукумуңун ичинен бирөө эле жаратканга шек келтирип жаман жолго барса анда Акбоз жоргонун касиети кетип сынынан тайып жорго болбой жөн эле бир чобур болуп калат. Ошол үчүн жаратканым балаңа Акбоз жорго мингизип жатканда аны касиеттеп күтүп алыш керек. Бул болсо силерге берген жаратканымын бир белеги. Алар тамак ичип бүтүштү. Нарбот акылман бата кылды. Силер касиеттүү Мүйүздүү жэненин тукумусуңар, алардын ичинен Алсейит атанын балдарысыңар, эми сенин атың да чакырылат. Ошол үчүн жаратканым жар болуп силерди колдосун деп сакалы белине жеткен Нарбото карыя өзү бата кылды. Беккулу ата карыяга ыраазы болуп:

– Касиеттүү акылманым батаңызга түбөлүк ыраазымын. Сизди жараткан өзү колдосун,– деп ата терең кубанганын билгизди.

Ошентип Ата менен анын ат кошчусу Бакыт экөө Акбоз жоргону жетелеп жолго түшкөн экен. Алар тынбай түн жүрүп, күн жүрүп отуруп өз жерине жарым ай болот дегенде жете келди. Өз жерине келип ата көп күнгө эс алды. Ат арытып, жол карытып жүрүп аябай чарчап калган окшойт. Андан кийин Акбоз жоргонун башын майлап жылкы союуп, эл чакырып бата алды. Эми Шоңконун жаны тынбай калды басса-турса Акбоз жоргосун айтып, аны минип алып талаа аралап жорголотуп көңүл ачып жүрдү. Өзү дагы эрке талтаң неме эле эми ого бетер эркелиги күчөй баштады. Муну көрүп атанын берки уулдары жини келип көрөлбастык кыла баштады. Айрыкча Бүтөбай өтө жоош эле эчтеке менен иши жок болгон. Эне үчөөнө тең бирдей эле тамак берсе, Шоңко колундагы тамагын жеп жиберип, Бүтөбайдын колундагы тамакты жулуп алып жеп кирчү. Эчтеке менен иши жок Бүтөбай колундагы тамагын жулдуруп ийип ыйлап калчу. Эне жини келип:

– Ой, сен Шоңкодон улуусуң аны чаап жибербейсиңби десе, ыйлап, -Өзү эле тийишип жатат,-дечү экен.

Эне Бүтөбай уулун боштугун көрүп:

– Байкушум кантип оокат кылаар экен эң эле бош араң эле жаны бар, буга тың аял алып бербесе, оокат кыла албайт,– деп кейип калчу.

– Ой, эмнени айтасың баарынан ушул тың болот,– деп кеп салчу экен ата.

Ошентип кой десе болбой убакыт өтүп жатты.

Бир күнү Бүтөбай энесине тырыңдай баштады:

– Мага атам комуз жасатып берсин мен комуз чертем.

Анан эле бир жактан Курумшу тыраңдай баштады:

– Мага атам, жоокер киймин жаа, кылыч, калкан, мылтык сатып берсин,-деп катуу добушу чыкты.

Ата жини келип «Балакет эми башталды ушул Шоңконун шойкоңу эмне кылаар экен чыгарбаганды чыгарып турат,– деп ичинен кеий берди. Ал эки баласына каалаганын таап бербесе болбой алды. Эртеси ата Акбозун жорголото минип Түпкө жөнөдү ал жакта Барак деген белгилүү комузчу бар эле. Ата Баракка жолугуп, өзүнүн келген максатын айта баштады:

– Оо Баке, кандай жакшы турасыңбы?

– Жакшы, жакшы комузуму кылдыратып, мал-салды багып жашоому өткөрүп жатам.

– Ошонуң жакшы, өнөрлүү өлбөйт деген кеп бар эмеспи, өнөрүңү уланта бер, ал да болсо кудай берген ырыскы.

– Менин сенде жумушум бар эле ошого жардам сурап келгем.

– Келгениң жакшы колдон келген иш болсо мен эмнеге аянмак элем.

– Балдар чоңоюп ар өнөргө талпына баштады, бирөө жорго таап бер десе, бирөө комуз жасатып бер дейт, дагы бирөө кылыч калкан таап бер,-деп кыйнайт да турат.

Барак үнүн чыгарып катуу күлдү.

– Балакет башталган тура Бекеми улгайып калганда кыйнап, деги мен эмнеңе жардам берем, жогуңу табышып берейин,– деп каткырды.

– Ортончу уулум комуз чертем дейт, ошол үчүн ага комуз керек болуп жатат.

– Анча-мынча черте алабы?

– Жок жаңыдан эле кызыгып жүрөт, үйрөтсө үйрөнүп кетчүдөй.

– Канча кылса да, белдүү куда эмеспизби, мен өрүктөн үч комуз жасаган жатам, буюрса, тоодогу малымы карап келип анан толугу менен киришем. Бат эле жазап бүтөм.

– Ошентсең жакшы болот эле айланайын куда, эмгегиңи деле билем.

– Бирок комузду бирөө үйрөтүш керек комузу болуп аны чертпесе. Анын кимге кереги бар.

– Анда ырас болбодубу, аны сен үйрөт.

– Мейли шыгы болсо бат эле үйрөнүп кетет.

– Эми кандай кыласың комуз жасап бүткөндө мен келейинби?

– Силер жакта менин жумушум бар, ошондо аны ала барайын.

– Ырас болду анда мен кетейин.

Ошол иш ошол болду.

Эми улуу баласы тыраңдай баштады. –Мен эл коргойм, мага курал жарак жасап бер,– деп.

Ата Акбоз жоргосун жорголотуп Каркыра жайлоосундагы темир уста Сыдыктыкына барып баласына калкан, кылыч, найза, жаа жана башка куралдарды жасатып жатты. Курал да, комуз да жасалып бүтүп, ата буюмдарды балдарына таратып берди. Ошентип Беккулу атанын балдары бири жорго таптап чапса, бири созолонуп комуз черте баштады. Дагы бири кылыч калканын алып, өсүп жаткан дарактарды чаап, найза сайышты үйрөнүп мекенин коргоого аттанды.

Андан бери далай-далай убакыт зымырап өттү. Атанын ишинин баардыгы жакшы болду. Атанын байлыгы күндөн күнгө артып көбөйө баштады. Беккулу ата бул кезде токсонго чукулдап калган эле. Суук тийдиби иши кылып бир күнү катуу ооруп жыгылды. Ошондон баштап касиеттүү адам оңоло албай койду. Анан күздүн акыркы күнүндө ата балдарына бактырып кор болбой бир күнү таза туруп эле жалган дүнөдөн чын дүйнөгө акырын аттанып кете берди.

БАЯСТАН АТА

Ойлогонун ишке ашырган,

Бүтөбайдын уулу Баястан.

Баардык иште жол тапкан,

Баястан эмес Бай арыстан

Турмуш жай өтөт, ал эми жомок өтө бат айтылып ылдам өтөт. Ал көз ачып жумганча, ар кандай болуп өзгөрүлүп, жүрүп отурат. Эмесе биз токтоп турбай баянды андан ары улап кете берели. Касиеттү Чоң Жергес Жери, Кичи Жергес Жери биринин артынан бири уланып жайкалат. Аскасы бар бийик тоолордун башына булут түнөп, ал бат эле жогору көтөрүлүп жаанга айланат. Кыргыз калкы башынан мал менен киндиктеш болуп, бир жерден экинчи жерге көчүп жүрмөй адаты бар эмеспи. Быйылкы кар жетинин айында түшүп, анан бештин айында кайта-кайта жаап туруп алды. Жылкылар кыйналбайт. Кар тээп оттойт, баарынан койго жаман ал чөп карап ачык жерди издейт. Колдо тоют жок бирдин айында денени калтыраткан ызгаар суук согуп жут башталды. Бирин-экин малды суук жалмап кетти. Баястандын малы анча чыгымга учурабады. Ал башынан камдуу эле анын үстүнө Бүтөбай аба ырайынын өзгөрүшүн жакшы билет жана түнкү жылдыздардын өзгөрүшүн да байкай алат. Эмне үчүн куштар түштүккө эрте кетип, эмне үчүн жалбырактар эрте түшөт? Демек кыш эрте келет. Эмне үчүн булуттар топтолот? Өсүмдүктөрдүн гүлдөшүнөн, ачылышынан ал көп нерсени баамдай турган. Баястан Тоң тараптын жери кардан курган болот деп ошол тарапка ооп кеткен. Ошол аймакта солто элинен Дандаке деген орто чарбалуу адамы бар эле. Анын өтө акылдуу кеп десе кеби бар, өң десе өңү бар, Бүбүайым деген кызы болгон. Аны Баястанга үйлөндүрүп, калыңына мал берип, Бүтөбай ата мындан көп жыл мурун эле карызынан кутулган. Бүбүайым берекелүү жердин кызы эмеспи көңүлү ток, бир айткан сөзүн аткарган башы оор токтоо ургаачы эле. Баястан ушундай колуктуга туш келгенине сүйүнүп турду.

Бүбүайымдын бактысы ачылып, бир-биринен кем калбаган жети эркекти төрөп салды. Анын андан башка дагы кыздары бар эле.

Андан бери зымырап, далай кыш, далай жай өтүп, жаадыраган жай келди. Малдын кара эти толуп семире баштаган. Ошол күндөрдүн биринде Беккулу атанын уулдары жер которуп, бийик тоолуу тарапка көч көчүрүп калды. Тоолуу жердин жайы суук керек болсо жайында деле кар түшүп калат эмеспи. Кар токтобой лапылдап жаап, күн суук болуп туруп алды. Ошол сөөк какшаткан ызгаарда Бүбүайым эне суукка урунуп, Баястан ата аябай кейип, семиз койду союуп, күчтүүлөп тамак бердирди. Ата кейип аялын карап:

– Суук катуу тийиптир кыймылдабай жатып тыңып кет, балдарыңа өзүң ээлик болсоң экен,– деп сабылды. Аялы капаланып:

– Мен өлсөм эчтеке эмес бобу балдарды бага албай кыйналасың го, же бул балдар башка аялга түркүнчүк болот,– деп кейиди.

Суук ургаачыга катуу тийген окшойт эне кыймылдай албай тунжурап ойго батат. Бул тунжуроодо катуу сана бар эле. Жаман айтпай, жакшы жок, кокус Бүбүайым жаза тайып, кетсе, балдардын тагдыры эмне болот. Баястан байбичесин «оңолуп кеткей эле» деп кудайдан жакшы тилек тилейт. Ал жылгадан ары Молосу бар кыядагы Абаат деген табып бар эле ошого айтып, көрөйүн деп жээрде атын минип эпеңдете желдирип баратты. Алыбек, Көлөй, Язбек чоңоюп, балдардын баары бой тартып келаткан. Үч кыздын экөө турмуштанып, бирөө жетилип келатат. Жээрде атчан кетип баратат. Санаасы жайында болбой көп нерсени ойлоп кетип баратат. Ал бийик тоодон түзгө түшкөн. Убакыт жайдын капортосу болуп бараткан. Бышкан түшүм талаада, сулуу кыздай ыр ырдап, анын үстүнө бытпылдык учуп турган заман болуп, өскөн эгинден токчулуктун элеси закымдап урат. Ар кайсы жерде жалбырактары майда жылгындар кездешип, алардын түбүндө ар кандай кескелдирик, арыс чычкандар уялашып, чыйк-чуйк этип үн салыша ары-бери чуркашат. Жолдон ары боюу бийик дан өсүмдүгү буудайык, жалбыз жана башкалар кездешип соккон желге секин термелет. Суурдун ийнинде чакчыгайлар чакылдап кирип-чыгып турат. Баястан ата кетип баратып, өмүрүнө күз күнүнүн жакындаганын ойлонуп кичине арманга батты. Ал көп нерсени ойлонгон адам болчу. Ал жашоого эмне бердим, эмне калтырдым, же көчүп-конуп жүрүп эле өмүрүм өтүп кеттиби? Баардык кыргыздардын турмушу ушундайбы. Ал бийик тийип турган күндү карады. Күн жалган түштөн өтүп, чак түш болуп калыптыр. Жолочу калың чөптүү жерге атты тушап коё берип, чепкенин жая салып, намаз окууга өттү. Күн ободо жылып баратат. Жээрде ат нымдуу өскөн чөптү күрт-күрт чайнаган дабышы кулакка даана угулуп турду. Тээ арыда даракка сагызган конуп шакылыктаган ырын ырдап жатат. Баястан намазын окуп бүтүп, чепкенин күбүп, үстүнө кийип, жеерде атынын ооздугун салып, басмайлын бек тартып, жолочу жолун улантты. Агын суудан өтүп, молосу бар кыядагы молдонун үйүнө карай баратты. Түзөң жерде эки боз үй тиглип турган экен. Чоң боз үй Абаат молдонуку экенин биздин адамыбыз даана баамдады. Короону кайтарган даакы жүнү түшө элек сарала дөбөт оордунан туруп үрүп чыга басылды. Боз үйдөн бир бала чыгып, биздин адамыбызга салам берип, аттан түшүрүп, үйдүн эшигин ачып, үйгө киргизди. Үйдө Абаат кемпири жана кичинекей неберлери менен чай ичип отурган экен.

 

– Амансыңбы, Молдоке!

– Аманчылык балам, кел төргө өт!

Биздин адамыбыз төрдөгү көлдөлөңдүн үстүнө көчүк басты.

– Уулум кандай аман-эсен жүрөсүңөрбү, эмне шашып бушуп.

– Аманчылык Молдоке өзүңүз кудай деп жакшы жүрөсүзбү?

– Баягы балдарың жерден боорун көтөрүп келатабы?

– Жакшы кудай деп чоңоюп келатышат, алдыңкылары үйлүү жайлуу болуп бала чакасы бапырап өсүп калды.

– Иним көп келчү эмес элең, жөн-жай эле келдиңби?

– Аялым ооруп жатат ошону көрүп береби,– деп келгем.

– Көрөйүн бирок бирсүгүнү, эртең баягы Алдияр молдону билесиңби ошонун ашы болот экен.

Баястан Абаат молдодон жакшы сөз угуп кайра үйүнө кайтты. Айтканындай эле Абаат молдо Баястандын үйүнө шаршемби күнү келип түштү. Молдо оорлунуунун тамырын кармап, канынын кагышын текшерди. Аялдын өңү керсары тартып, айыгаар-айыкпасын билбеди, сыртындагы оору ичине түшүп кетиптир. Айыкса да көптө барып айыгаарын боолголоду.

– Суук тийип аябай оошуп кетиптир, момуяны эзип ичирип, тамак ашты күчтүүлөп эле бергиле, ысык эмес суук экен. Суук кичине тийгенде эле жылууланып, өзүн караса эмне? Өтө күч алып кеткен тура. Эми аябай жылуулагыла.

Молдо чай ичип келген жагына кетти. Бирок Бүбүайымдын ден соолугу күн сайын төмөндөй берди. Түн кыскарып, күн узарып келаткан маал эле. Асман ачык ай жарык, жан-жаныбар макулуктун баардыгы бул кезде эс алып жатат. Көктө жымыңдаган жылдыздар түн суугуна үшүп кайыгат. Арыда ак элечек оронгон касиеттү тоолор сүрдүү тартат. Үйдө оорудан азап тарткан эне. Баястан атанын көңүлү бейтап болуп кичине боз үйгө чепкенин айкарасынан жамынып, уйкуга кирип, бирок чексиз санаадан уктай албай түйшөлүп жатат. Түн бир оокумунда көзү илинип кетип тынч уйкуга көшүлдү. Ошол дүйшөмбүнүн түнүндө түш көрдү. Колунда ак кушу экен мурун куш салчу. Тээ береги Жайылманын сазында, көп өрдөк көлдө сүзүп жүрүптүр. Ал ак кушун өрдөккө салды. Кыраан өрдөккө жеткенде ал чоң каргага айланып, ак кушту буйдамга келтирбей жалмап салыптыр. Ошентип ак куштан кабар келбеди. Ата кушун жоктоп капаланып кайгырат. Эртеси ак шам болгондо капалуу ойгонду. Аякка суу сусуп «түндөгү көргөн түшүм түн менен кетсин, жаман санааны адамга бербесин, түнкү жорткон жел менен кетсин, мага жолобо!» Аяктагы сууну ырым кылып батышка карай чачып жиберди.

Жаратканымын буйругун ким тосо алат, анык тагдыр экен, Чоң Жергес жеринде Баястан атанын үйүндө энени жоктогон өкүрүк чыкты. Бүбүайым энени жоктоп, таяк алып балдары боз үйдүн тегерегинде сабылып ыйлап жатты. Балдарынын алды небак эле үйлөнүп бой тартып калган. Кыздары турмушка чыга элек эле. Тагдыр экен ата Бүбүайым эне менен жаны бирге болуп калган эмес беле. Сөөктү коюуп келгенден кийин атанын көзүнөн жаш мончоктоп акканы адамдын зээненин кейитип турду. Ыйлабаганда эмне кылат сиркедейинен бириккен, чуркап ойноп келишкен асыл жубайлар эмес беле. Эл ага кайрат айтып жатты. Ал кайраттуу адам эмеспи акыры кайратын жыйып, балдарын жетилтүүгө аракет кылып жатты. Өлгөндөр өлөт экен, өлбөгөндөр турмушун улантууга мажбур болот экен.

Алыбек, Көлөй өтө токтоо солк этпеген уландар эле. Алыбек узун болуу кебетеси таякелерин тарткан шекилденет. Ал эми Көлөй ар бир сөзүн баамдап сүйлөгөн, башы оор, баардык нерсени жагдайына карап салмактап чечкен жай сүйлөгөн адам эле. Анын ар бир окуяга жооп бергени тозок, бирок айткандары жөндүү болгон. Балдарынын ичинен өнөргө шыктуу ушул Көлөй болду. Бүтөбай чоң атасындай комузду бабына келтирип чертчү экен. Санжыраны да токтоо тартып саймедиреп атканда адамдар угуп эле турчудай болуптур. Баястан ата бир нерсени иштеердин алдында ушул Көлөй менен кеңешип калчу. Ал өзү сом темирдей болуп токтоо, бекем жана көрүп жүргөн кишилер анын ушул жагын үйрөнүүгө ашыгышкан. Ал эми Язбек көзгө чапма, чыдамы жок бир нерсени тез эле чечүүгө аракет кылган бирок курч батыл адам болгон экен. Бат эле жини келип, кайра бат эле жазылып кетчү экен. Көлөйдүн ымтырап турганын жини келип кээде жактырбай кетип турчу. Ал бир нерсени шар баштап, шар бүтүрүүгө аракет кылган экен. Ошондой ополоң-тополоң заманда ушундай мүнөз да керек болгон. Анын тайманбай шар жүргөнү көп жагынан оң утушка ээ болгон. Ошондуктан Баястан ата бир иш иштеерде Көлөй, Язбек, балдары менен акылдашып эң аягында Көлөй уулунун тилин алган. Алардын ичинен чоң санжырачы, сөз билги чечен адамдар болгон экен. Алар элге чоң жыйындарда санжыраны саймедиреп айтып беришчү дешет. Кыргыздын кутту сөздөрү алардын оозунан чубуруп түшүп, ар бир жанды толкундаткан.

***

Чоң Жергес жери жайкалып, жаадырап күн тийип турат. Талаа түзөңдө ыргалып өскөн өсүмдүктөр, алардын аңкыган керемет жыты жыттанат. Тоонун этегинде бөрү карагат, кайың талдар өсүп турат. Токой жыш, айланада түркүн дүйүм чөптөр. Карагайдын арасында желип-жорткон бөрүлөр, кой-козунун башын тоголотуп, бөлтүрүктөрүн машыктырып жаткан шекилденет. Бөлтүрүктөр кой-козунун башын талашып, ырылдаша кетет. Чоң эркек карышкыр кой-козунун башын тиштеп карагай аралай качты. Анткени ары жактан бир шектүү караан келе жаткандай болду.

Карагайлуу тоонун этегинде Алымбайдын өтөгүндө Баястан ата эки жылдан бери конуштап келатат. Анын балдары чоңоюп, аяк-башын жыйып бир топ тыңып калды. Бирок ата алиге үйлөнө элек. Аны балдары айрыкча келиндери кор кылбай жакшы багып жатат.

Ушул күндөрдүн биринде Баястандыкына Курумшунун баласы Койсойбос келип түштү. Күн илеби ысык жаз күндөрүнүн бири болчу. Үйдө көр тирликтен чарчап, Баястан ата эс алып жаткан. Сырттан келген мейманды үй ээси салам берип, тосуп алып, төргө отургузду. Эки тууган сүйлөшүп жатты.

– Качан үйлөнөсүң, балдарыңа убал болуп кетти го.

– Аны деле ойлонгон жерим жок, бобу балдардын турмушу менен көр тирилик өтүп жатат.

– Анан эмне кыласың тагдыр ошондой жазып койгон да.

Ата сүйкүмдүү жарын эстеп көңүлү чөгө түштү.

– Атаңын көрү биринчи курган шаарым бузулуп калбадыбы,– ал аялы жок күдөрүн арман менен эстеди.

– Бирок кудайга тобо! Баардыгы жараткандын буйругу менен болот. Балдарың жетилип канатын керип келатат.

Койсойбос:

– Мен муну Шоңко, Курумшу атанын балдары менен кеңешкем. Чукулда дагы келебиз анан баарылап чечебиз го.

– Мели өзүңөр билгиле, эмне десеңер да силердин оюңардан кантип чыгам.

Мейман келген жагына карай кетти.

Бир топ күн өткөндөн кийин Баястан атаныкына Койсойбос, Сүйөр, Айман, Адылдар келишти. Меймандар үй ээси менен саламдашып анан келген себептерин айтып киришти. Айман ата үнүн көтөрүп бакылдап сүйлөгөн киши эле:

– Баястан өлөөр келинибиз өлдү эми кайра тирилбейт.

– Эми үйлөн балдарыңа убал болуп кетти,– деди Адыл капалана.

– Үйлөнбөсөң болбойт бой жүргөнүң бу куракта жакшы эмес, эки жакты байкап көрөлү, деги алчу немең барбы?

Ата башын жерге салып:

– Түйшүк менен жүрүп, аны деле байкай албадым.

Сүйөр жоон үнү менен барк-барк этти:

– Байкашымча саяк туугандарда бир келин бар экен ошону байкаштырсак кандай болот.

Эмне деп айтаарын билбей баардыгы жымжырт болуп калышты.

– Аягын деле караштыралы бирок бул жердеги черик тукумундагы Сейит деген токтоо адам бар ошонун Акбала деген кызын байкайлы.

Баардыгы унчукпай тымып калышты. Баястан ата:

– Эмне болсо да балдарды какыс-кукус кылбай үй-бүлөгө тың эле адам болсо болду.

– Биз да ошону ойлоп жатабыз.

– Жакаң агарып, үй- турмушуң жакшы эле болуп калат эле.

– Эми кечке эле сүйлөшө бербей ошол жагын байкаштырыш керек.

Баардыгы сүйлөшүп отуруп, черик тукумунун кызы Акбалага токтолушту. Кеңешип келиш үчүн Койсойбос, Сүйөр, Алымбекти Акбаланын атасы Куттуксейиттин үйүнө жөнөтмөй болушту.

Куттуксейит карыянын боз үйү эки суунун башындагы түзөң жердеги жылгада экен. Конок расмиси боюнча, чай берилип, анын артынан кымыз ичишти. Үй ээси келгендерге кой союуп бермей болду.

– Жок кутман карыя биз бул үйдөн эт жебей жүрдүк беле.

Куттуксейит карыя,– Сөзүңөр болсо айткыла,-деди.

Койсойбос Баястандын кабарын айта баштады.

– Ырас айтасыңар Акбала деген кызым бар. Калмактар менен кармашта бир кызы менен күйөөсү өлүп, арманга батты. Азыр колубузда турат. Эгер кайгылуу окуя болбосо, биздин үйгө кайдан келмек эле капсалаң кызымын тагдырына арманды салып кетпедиби,– деп карыя капаланып башын жерге салды.

Алар көпкө аңгемелешти. Карыя:

– Силерди чанмак билем, черик уруусунун көп кызы бугу туугандарга чыгып жатпайбы, иши кылып ыйлабаса эле болду. Барган жеринен бак айтса мага ата катары ошол эле жетишет.

Сүйлөшкөндөр акыры бир бүтүмгө келишти. Туура жарым айдан кийин каада-салтын кылып, Баястан ата төшөк жаңыртып Акбала энеге үйлөндү. Сейит эки жашка чыкканда Акбаланын боюна бүтүп дагы эркек бала төрөлөт. Наристеге ат коюуш керек эле. Береги айылга сакалы ак чалган бир думана келип түнөп калат. Үйдөгүлөр баланын атын ким коёбуз деп кеңешип калат. Ошондо Айтбүбү эне:

– Ой, сакалы ак чалган думана жүрбөйбү ошого койдургула,-дейт.

Кемпирлер баланы бешикке жаткырат. Ошондо касиеттү думана жылдыз толгондо балага ат койгон экен.

Көп жерди кыдырып, көптү көргөн пенде эмеспи, ырды жамактатып куюулуштуруп айтып жатты:

Алоо акбар, алоо акбар,

Алпейим дайым сактаар.

Теңирге адам келди,

Ааламга адам келди.

Асан айтып, атын коём,

Теңир берген затын коём.

Уул экен, уул экен,

Эли болсун түмөн бай,

Аты болсун Түмөнбай,

Аты Түмөнбай, Түмөнбай, Түмөнбай,

Оо, жаратканым баланы колдо ай,

Оомийин,-дешти

Отурган адамдар колун жайып, жаңы төрөлгөн балага бата жолдошту. Андан кийин Баястан ата Кулет, Медет деген уулдары жана кыздуу болгон экен.

***

Тээ ыраакта улуу тоолор шаңкаят. Көлдүн бир жагында Тескей, бир лыптасында Күңгөй тоолору бой керет. Экөөнүн ортосунда көбүк чача шарп-шурп эте толкун серпе кереметтүү Ысык Көл жайкалат. Тескей Ала Тоосунун башынан Жыргалаң суусу атам-замандан бери өзүнүн нугун кубалап ага берет. Мына тарапка жаңы эле кулжа айы башбакты, айдын башталышы менен тоолордогу ак мөңгү карлар эрип, өзөн сайлар бууракандай кире баштады. Суу дайранын нугунан ашып, жайылманын каптап жатты. Быйылкы суунун кириши бир укмуш анткени быйыл кыштай кар көп жаабадыбы. Кардын, көк муздун эришинен суу шыргалаң тартып кире берип, өзүнүн өлбөс күүсүн чалып Жыргалаң суусу агып жатат. Суу күргүчтөп кирип, тайдын башындай болгон таштарды окторулта сүрдүктүрүп, ылдый карай агыза жөнөйт. Ушул Жыргалаң суусунун жакын жериндеги түзөңдө Баястан атанын боз үйлөрү тигилген. Күн тийип турса да өткүн бир топ жаап салды. Айлана таза абага толкуп, ошондон тарап жашара түштү. Талаада ойноп жүргөн балдар боз үйдүн эшигин түрүп салып, сыртты суктануу менен карап турушат. Ушул кезде субай жылкылардын тобу, тору айгыр үйрү менен сууну кечип аркы өйүзгө өтө качты. Үйүр жүрүп отуруп, Түпкө андан аркы ачык талаага кетиши мүнкүн эле. Ата Язбек менен бирге жашайт. Ал карызга берген малын өндүрүп алуу үчүн коңшу айылга жөнөп кеткен. Жаны тынбас карыя Тору айгырдын үйрүн айдап келиш үчүн жээрде атты алып келип токуй баштады. Сары тору ат болгондо эмне ал чоң сууну оңой эле кечип кетмек. Бирок аны Язбек минип кетпеди беле. Карыя мал жанга камбыл эле, уулуна көп жардам берип, адамдын көз карашын дайыма туюуп турчу. Ошол үчүн балдарына барктуу болуп, ал жада калса небере жасоочу жумуштарды да жасап жиберчү. Ошол үчүн келиндери:

– Атаке жөн эле койчу, муну биз эле кылабыз,– деп аяшкан.

– Койчу балам жумуш колго жугуп калмак беле, силер жетише албай жатпайсыңарбы.

Карыяны балдары жакшы көрчү, аны дайыма балдары ээрчип жүрөөр эле. Жашынан эле бала жандуу болуп, анын ушул сапатын балдары да жакшы көрчү. Анын жанында дайма балдар ойноп жүрчү. Келиндери:

– Атамын жанында периштелер ойноп жүрөт аны коргоочулары ошолор дечү.

Баса бир окуя адамдардын эсинде калыптыр.

Ал кышта карышкырлар күч алып турду. Язбек бир жумуштары менен кайдадыр бир жакка жөнөп кеткен. Ошондо карыя тору атын минип, жылкы күзөтүп келүү үчүн жөнөп калат. Бул кезде жылкыларга сак болбосо болбойт. Кашабаң жылкыга ит болуп жакындап келет да анан тигинин душман экенин билбей жыттагылай берет. Анан кекиртектен алып, жаныбарды шылып кирет. Ушул кезде ата жылкычылар менен жүргөн. Ал чоң таштын түбүнө жылыныш үчүн от жагып жаткан. Улуу от алоолонуп күйүп жатат. Отко күндүз атып алган канаттуулардын этин куйкалап жеп алышат. Ошондо карыянын жанында эки эркек баланын ойноп жатканын өз көздөрү менен көрүшүптүр. Жылкы башы Сакыбай айтты: -Баястан атанын колдоочусу эки эркек бала окшойт. Экөө эгиз экен. Бир жолу жай айында ата дөңдө уктап жатканда карасам, эки эркек бала анын тегерегинде ойноп жүрөт. Буттары жылаңач, ак көйнөкчөн балдардын чочогу көрүнүп турат. Башында ак калпак. Мен балдарга жолугайын деп дөңгө чуркап бардым балдар жок ата коңурукту катуу тартып уктап жатат. Мен аны көп эле көдүм бул адам тегин адам эмес. Ар бир пенденин колдоочусу болот. Кээ бир адамды ата бабаларынын бирөө колдосо, дагы бирөөнүкү арстан, жолборс же ажыдаары болот.

 

Эми биз жанагы башталган окуяга кайра келели. Ошентип Тору айгырдын үйрү аркы өйүзгө кечип кетпеди беле. Ата атты минип, үйүрдү айдап келиш үчүн аракет кыла баштады. Ошондо ак калпак кийген бала атаны ээрчип алды.

– Ата мени дагы өңөрүп алчы мен дагы аркы өйүзгө барайын.

– Жок балам, суу катуу кирип турат бизди агызып кетет.

Ата атын минип агын сууга келди, бирок ат такыр сууга жолобой туруп алды. Келиндери атаны карап турду. Алардын көзүнө бир укмуш элес көрүнүптүр. Эки эркек кичинеке бала. Атаны сууга жолотпой аны алдынан тосуп туруп алды. Ат дагы кечүүнү каалбады, же такыр кечпей койду. Айласы кеткен ата атынын башын буруп үйүнө келди. Келиндери атанын колдоочусу эки эркек эгиз бала дечү, алар атанын колдоочусун өз көздөрү менен көрүштү.

Дагы бир мындай окуя эсте калыптыр. Ата үйүнөн ары бир жерге чепкенин чечип коёт. Ата атын алып келип, чепкенин кийип бир тарапка аттанмак болот. Чепкени турган жерге басып келаткан болот. Ошол кезде атанын небереси бир ташты алып, чепкенди уруп калат. Ошол таш тийген жерден чоң кара чаар жылан сойлоп качат. Эгер ата чепкенди кармап кийе баштаганда жылан аны чагып алат беле ким билет.

Биз уламада Баястан атанын аз гана окуяларын айтып өттүк. Ал токтоо, чечкиндүү, бир нерсени калыбет чечкен адам болуптур. Ал жалпы эле Беккулу атанын балдарынын баарына кеңеш берген айкөл адам болгон дешет. Ал адамдын асыл сапаттарын биз өтө аз билебиз. Ал жакшы жагы толук айтылбай калбадыбы. Ошол үчүн ыр санжырада:

Баардык ишке жол ачкан

Баястан эмес Бай арыстан,-деп ырда ырдалып жатпйбы.

КАРА КӨЙНӨК

Бул күлкүлүү бир четинен армандуу икая Баястан атанын биринчи аялы жарык дүйнө менен коштошуп кеткенден кийин болуп өттү. Анын төрт эркек эки кызы энеден жетим калып, уландары менен ата өз турмушун өткөрүп жатты. Кыргызда бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт деген макалдын чындыгы бар экен. Туугандар аялы өлгөн үй-бүлөгө жардам берет, бирок дайыма эле кол кабыш кыла бербейт, анткени анын өз турмушу өз жашоосу бар эмеспи.

***

Быйылкы күз жылуу тартып анан жылымыктап туруп эле куштар түштүккө эрте кетип, дарактар жалбырагын эрте күбүдү.

Көлөй ата жаратылышка байкоо жүргүзгөндү жакшы көрчү. Ал жай куунак үнү менен айтты:

– Жаратылыш өтө сырдуу күн жылуу тартып, куштар түштүккө эртелей кетип жатат. Дарактар жалбырагын күбүдү. Текечер жылдызы быйыл эртелей көрүнүп туруп алды. Бул белги кыштын суук аяздуу болоорун айтып жатат. Баласынын айтканын Баястан анча этибарга албады. Муну кыялы чапчаң Язбек да жактырган жок:

– Анын андай болоорун сен кайдан билесиң, же сага бирөө келип, кыш ызгардуу болот,-деп шыбырадыбы.

Берки балдар боору эзилип күлүп калышты.

– Менин чоң атам Бүтөбай жаратылышка байкоо жүргүзгөн адам эле ал ар бир чөптү, ар бир жаныбардын сырын жакшы билген адам болгон. Мен ошол аркылуу билгем.

Берки балдар жооп кайтарбады. Ошол окуя ошол болду.

Баястан ата жаш балдары менен Тоңго же Кочкорго кантип көчмөк. Ошентип ал ызгаар кышты Кичи Жергес, Чоң Жергес жеринде тосмой болушту. Айрым үй-бүлөөлөр камдуу болуп Тоң тарапка көчүп кеткен.

Бүтөбай айткандай чын эле кыш эрте келип, жетинин айында кар олчойто жаап салды. Анан кар бештин, үчтүн айларында кайра-кайра көз ачырбай жаап жатты. Тоонун, кырдын какыраган денени үшткөн суугу тынбай согуп, тирүү адамдын сезин алат. Катуу суукка чыдай албай арык-торук малдар четинен өлө баштады. Анын үстүнө камдап алган жем-чөп да өтө аз эле. Тоюуттун жоктугунан бодо мал анын артынан майда мал да четинен өлүп жатты. Жылкы жаныбар төш таянып кар тееп оттогон болот. Айрыкча кой, эчки, уйга убал болду. Кой жарыктык чөөп таап береби деп ээсин аянычтуу карап маарап четинен өлүп жатты. Ошондо Баястан ата айтты:

– Атаңын көрү Көлөйдүн айтканы туура чыкпадыбы, Тоң тарапка көчүп кеткенде эмне? Майда малдын баары кырылып калды. Эми чиедей балдарымы кантип багам,-деп каңырыгы түтөп кейиди. Ал кезде ата жаңы эле үйлөнгөн болчу.

Анын кыштан семиз багылган үч бээси, эки аты, үч уюу, анча-мынча коюу аман калды. Баягы бир короо саан койлор, семиз ириктер, шаа мүйүз эчкилер кайда? А түгүл далай бодо малын дагы ызгаар суукка берип отуруп калбадыбы. Баягы түздүктү каптаган малынан такыр колун жууп кейип жүрөт. Дагы кудайга тобо! Бирин экин малы бар балдары кымыран ичсе да жашай берет.

Бирок кыш катуу болгон менен жаадырап жаз эрте келди. Жалган куран айынын ортосунда аба жылымык тартып, калың кар ала-шала эрип, өзөндөрдүн нуктары, муз менен карга толуп шарактай, жайылманын баарын тентек сууга толуп кетти. Чын куран айынын башында түштүктөн салам берип, жылкычы чымчык, кара чыйырчык бутттарына жаз байланып, ашыга учуп келишти. Саз жерлерде, аңыздарда буу көтөрүлүп, аба нымданып, туман пайда болуп, жылымык тартты. Булут каптап турганда күн жылуу, ал эми булуту жок ачык кезде чыкылдап караандай сууктун согуп турганын айтпа. Кар алдынан чөптөр менен өскөн назик гүлдөр көрүнө калып жатты. Көл үстү менен айлана учуп, канат күүлөй, аккулар машыга улуу сапарга даярданып жатты. Алар айланага коштошуу ырын ырдап жаткандай. Бат эле көк чөп өнүмдөп кой, эчкилер көк чөп кууп кирди. Баястан атанын ошол кыштан аман калган кара бээ менен кула бээси бар эле. Жылкы тукумуна ынак кыргыз баласы айтты:

– Теңирим колдоп эки бээм аман калды, ушулардын сүтүн ичип, балдарым ачка болбой, жашоосун улантып кетет,– деп ата сүйүндү.

Ата бирин-экин малын карап, балдарынын жашоосуна көңүл буруп, кечке көр-тирлик менен алек. Анткени менен балдары бой тартып кыйынчылыкка моюн бербей чың кайраттуу болуп чоңоюп келатты. Кыздары ийдиш-аякка аралашып, тамак бышырып, ары боорукер, ары кичи пейил эле.

Ошол жылкы жуттан көп мал кырылып калды. Малы жок эл уурулук кыла баштады. Ата балдарын жокчулукка учурап калбасын деп бирин-экин малына көз салат. Анын малы уйлары жана эки жылкысы ары сазда жайылып жүрөт. Ата аларды дайыма карап, боз үйлөрдүн жанына жакындатып айдап келип көз салып турат. Ошол бир күнү саз жакты эрте туруп караса балакет болуп, жылан сыйпагансып, эки бээсинен дарек жок. Ата жеерде быштысын мине сороктотуп, ары чапты, бери чапты кула бээ менен сары бээден кенедей да дабыш билинбейт. Жылга жакка сиңип кеттиби деп, жылганы карай чапты, андан таба албады. Адырга карай сиңип кеттиби деп адырга карай сороктоп чапты, мындан арга болбоду. Кула бээ менен сары бээ табыла койбоду. «Эки бээни көрдүңбү» деп карыдан сурады «жок» деди, жаштардан сурады аларда «жок» деди. Ошентип «көрдүм» деп эч кимиси айтпады. – Атаңын көрү эки бээм кайда сиңип кетти,– деп Элебай өтөктөн Элебестин өтөгүнө чейин жылганы сыдырып, талааны кыдырып баарын карап чыкты. Мында да табыла койбоду. Курган Баястан атаны аяп тааныштары аябай кейип турду. Акыры алар бул ишти ууру колдуу болгонун шекший билип калышты. Алыбек, Көлөй, Язбек из чалып, жер-жерди кыдырды. Балдарынын ичинен Язбек кыраакы эле:

– Кула бээнин изи жөнөктөн ары түзөңдү карай кетиптир. Аны денесинен чыккан тезеги айтып турат.

Алыбек:

– Язбек туура айтат эки бээнин изи саяк уруусунан тараган Алдакенин үйүнө келиптир. Анын короосунун жанында жылкынын жаңы тезеги бар экен.

Эки бала Алдакеге кайрылып турду:

– Алдаке аба, кудайдын буйругу менен атамын сары, кула бээси бар эле биз ошол эки малды жоготуп жатабыз. Из сиздин үйүңүзгө келиптир.

Чөөдөй сары, жеерде сакал Алдаке эч нерсени билип, көрбөгөндөй айтып турду:

1  2  3  4  5  6  7  8  9  10  11  12  13  14  15  16  17  18  19  20 
Рейтинг@Mail.ru