bannerbannerbanner
полная версияБабалардын жанырыгы

Кадыр Абакиров
Бабалардын жанырыгы

– Келаткандар кимдер?

– Мен.

Эненин үнү араң чыкты.

– Мен деген ким?

– Мен Тагай бийдин аялымын.

Жигиттер ушундай үндү угуп, бир алаамат болгонун болгоолоп, аялдын атын алып, отту улуу жагып, анын киймин кургата баштады. Үч жигит ат минип, суу жээктей чапкылап, агып кеткендерди караганы кетишти. Жайылмада күңдүн аты оттоп жүргөн экен аны айдап келишти. Издегендер баланы да аялды да табышпады. Эне түн боюу кирпик каккан жок. Суук тийген шекилдүү эти ысып чыдай албай кыйналып чыкты, ар кандай сөздү сүйлөп, сөзүндө бешиктеги баласын чакырып жатты.

Түйшүктүү түн өтүп, эч нерсе ойдо калбагандай болуп, эртең менен күн улуу тоонун башынан шоодурай шоокум салып чыгып, тоону, сууну баарын мээрим чачып жылыта баштады. Эне ооруп жатса да суу кийми менен ылдый басып, баласын издеп жүрдү. Эненин курган үмүтү «балам бешиги менен бир жерден чыга калса», дейт. Он чакты жигит өйүз-бүйүзгө аттарын чапкылап агып кеткендерди шашып-бушуп издеп жүрүшөт. Күң суунун эпкини менен жээкке чыгып, чоң таштын түбүндө жылуу жерде үргүлөп уктап жаткан экен. Бир гана кийми суу болбосо калганынын баары оордунда. Бир жигит аны атка мингизип үйүнө алып кетти. Алар наристени издеп жүрүштү. «Тентек суу муштумдай баланын денесин майдалап салды го каяктан издейбиз»-дешти. Шайдоот жигиттер аттарын чапкылай, ылдый карай шашкан тейден салып-уруп жүрүп отурушса, суунун ортосунда балжууран, коко тикен, калың чөп өскөн таштуу жайык аралча жайгашыптыр. Ошол аралда ургаачы көк жал жолборс сууну жээктеп басып турган экен. Аралда бешик турат анын жанында элечекчен эне отурат. Шайдоот жигиттер салып-уруп ошол аралга карай ашыгышты. Касиеттүү көк жал суу кечип, тоону этектеп капталдай кетип баратып, анда-мында аралды карап, каардуу үн салып ырылдап үн чыгарып коёт. Жигиттер сууну кечип ошол жерге чаап келсе, жасалгалуу бешикте, бала суу болбой мемиреп уктап жаткан экен. Ууруту сүт болуп, эми эле эмчек эмгени билинип турат. Жигиттер бул окуяны көрүп аң- таң калышты.

Уламаларда Кылжыр атанын колдоочусу касиеттүү көк жал экен. Аны көк жал колдоп, өзүнө, укум-тукумуна көп ийгиликтерге жетиштирген шекилденет.

***

Бала жыгылып туруп, жерден жети токмок жеп акырындык менен чоңоё баштады. Мойну ийри болгондуктан баланы «Кылжыр» деп чакырып жүрүштү. Бермет эне Тагай бийге көп кайрылган экен «баланын мойну ийри болуп калды аны Самаркандагы мыкты дарыгерге көрсөтүп, мойнун оңдосок болот эле го» – дейт. Тагай бий ага көнбөй «Көрөсүң балдарымын ичинен ушул эң мыктысы болот. Жаратканым баланын ошондой жаратты ошол бойдон кала берсин» – дептир. Кылжырдан Орозбакты жана Дөөлөсбакты төрөлөт. Биринен Бугу уруусу, экинчисинен Сарбагыш уруусу тараптыр. Санжыра окугандар бул уруулардан көптөгөн баатырлар, олуя чечендер, эл бийлөөчүлөр жана башка адамдар чыкканын биз айтпасак да белгилүү эмеспи. Бул ысым унутулбай кала берди. Уламаларда атанын Сарбагыш аты көп айтылбай Кылжыр болуп кала берген экен.

***

Тагай бийдин үч баласы тең турмуштун ысылы- суугуна кабылып чыйрак болуп чоңоюшту. Богорстон жаратылышынан манап сыяктуу таза, сылык, сыпаа эле. Оозунан эч бир жаман сөз чыкчу эмес экен. Аны эч ким үйрөтпөсө деле жаратылышынан ошондой адам болгон сыяктуу. «Мен алам» деп дүр-дүйнөгө да такыр жутунчу эмес дешет. Койлон көйрөңүрөөк, башка адамдарга эч бир залалы болгон эмес экен. Ал эми Сарбагыш жаштайынан эле өкүм, курч, керек болсо каардуу, маанилүү ишти кармабай бат чечип, бирок такыр сараң эмес колу ачык чачылып-төгүлгөн адам болгон дешет. Ал өз элин аябай сүйүп, каршы жоосуна айбаттуу сокку урганга даяр турган. Жана баардык жерде тигиге же буга кол ийрисине тартпай чындыкты айтып, туура чечим чыгарганы менен айырмаланганы байкалып турчу. Ал үнүн катуу чыгарып өкүм сүйлөгөн адам эле. Кылжырдын сөзүн Богорстон, Койлон а түгүл Тагай бий да укчу экен. Кылжырдын өктөм сапаты калмактарга да а түгүл Моголдорго да угула баштады.

***

Ошентип жер күндүн айланасында айланып, убакыт закымдап өтө берди. Кылжыр бой тартып чоңоюп, үйлөнөр кези келди. Бул кезде кыргыздар менен калмактардын ортосу кээде тынч, кээде коогалаңдуу учрлар өкүм сүрүп турду. Калмактар кыргыздарды өз жеринен сүрүп салып, алардын жерин ээлеп алгысы келет.

Жай айы бүтүп, мезгил күзгө кадам салып бараткан учуру эле. Гүлдөр небак солуп карайып сабагы эле калган. Бирок шыбак чөбү күзгү сүйкүм жытын дале чачып турат. Талаадгы сасык кычы бадалга окшош чөптүн майда мөмөсү саадакча келип, анын өңү бозоруп өңүнөн тайып, табияттын мыйзамына аргасыз баш ийгендей. Шалбаалардын жана көлмөлөрдүн жээгинде өтө кооз жашыл ыйлаак чөп дале көрктөнүп өсүп анын гүлү кызгылт же кочкул кызыл түстө сулуу тартып, караган адамдын көңүлүн өзүнө бурдурат. Асмандагы булуттар катып, жаан эми жаабай калды. Тоо ичи түшкү ченде ысык болот да, анан кечкисин акырындап барып салкын тартып, түнкүсүн суук түшүп, нымдуу абадан кыроо түшөт.

Кылжыр жигиттери менен калмактардын жылкыларын тийип келүүгө камына баштады. Муну Тагай бий билип калып айтты:

– Кылжыр балам калмакка каршы чабуулуңу кой, алар менен ынтымакта турганыбыз эле оң –деп айткан.

– Жок ата бизге тийишпесе дагы алыстагы кыргыздардга көп асылып турат алардын сесин бир жолу кайтарып коёлу.

– Кой, балам антпесең, ал майда барат көрүнүш алар менен ынтымакта турганыбыз эле оң.

Кылжыр атасынан ыйбаа кылып унчукпады. Ал кечинде он жигит ээрчитип, жээрде кашка ат минип, кайдадыр бир жакка жөнөп кетти. Түн. Кылжыр баштаган он жигит калмактардын жылкыларына жакындап келатты. Айлана тынч анда-мында үн салган түнкү куштардын үнү чыгат. Айдарым жел тоодон ылдый согуп адамды ичиркентет.

Кылжыр:

–Акырын карааныңарды көбөйтпөй бириңерге-бириңер жакындап ыктай бастырып, тизгинңерди тарта жүргүлө!

Алар калмактардын жылкыларына жакындады. Жоо тарап шекти билип калган окшойт, ат кошкуруп, кайдадыр бир тараптан жылкы кишенеди. Бөтөн адамдар шек алып калгансыды. Кийинки учурда алар өтө сак болуп, жылкыны көптөп кайтарып калышкан. Он жигит беш-бештен бөлүнүп, жылкыларды бөлө качырып айдап келатышты. Ошол кезде калмактар айгай салып, кыргыздарды кууп калышты. Ортодо салгылашуу жүрүп, карсылдаган чокморлордун карс-курс деген үнү угулат. Ошол салгылашуу кармашта Кылжыр эки жигити менен колго түшүп, аны орго салып коюшту. Бул абалды билип калмак байы Дорбу айтты:

– Ордо жаткандар ким экен?

– Байым Тагай бийдин баласы эки жигити менен жатат.

Тагай бийдин атын укканда бай сестене түштү:

– Кой, Кылжырды бошотконубуз оң кыргыздар менен каршы болгонубуз жакшылыкка алып келбейт. Кыргыздар оңой эл эмес алар кек куушат.

Жигиттер Кылжырды эки жигити менен ордон чыгарып, аларды кийиндирип, жуундуруп, Дорбу байга ээрчитип келишти.

– Уулум кечирип кой, сен Тагай бийдин уулу Кылжыр экенсиң.

Кылжыр күнөөсүн мойнуна алып:

– Ардактуу бай кечирип коюуңуз, күнөөбүздү мойнубузга алабыз, жылкы уурдайбыз,-деп уят болдук.

Дорбу ыраазы болуп:

– Мейли күнөөңөрдү мойнуңарга алсаңар ал кечиримдүү болот.

Кылжыр эки жигити менен сый көрүп, жүрө берди.

Ошондо калмактын көзү ачыгы Дорбуга айтты:

– Байым бобу жигитте бакыттын жышаанасы төгүлүп жатат муну ордого алып кетсек эмне болот. Аны колунун жана бетинин бырыштарынан байкоого болот.

– Кой болбойт, бул Тагай бийдин кичүү уулу чоң чыр чыгып кетет. Бий ушул уулун бел таяныч кылып кармап жүрөт. Биз кыргыздар менен достук абалда турушубуз керек. Керек болсо, алам десе кыздарыбыздан берели.

– Анда кандай кылабыз.

– Бул жигиттен бакыттын жышаанасы төгүлүп турса, өзү бийдин баласы болсо, кыздарыбызды берип күйө бала кылып алышыбыз керек. Биз дагы бул эл менен тынчтыкта жашашыбыз зарыл. Курама темир курч болот дейт, булардан оңой бала төрөлбөйт.

Бай калмак хандын эң жакын көргөн кишиси эле, анын кызы жок болчу. Акыры бай кыз издеп отуруп, тектүү жерден чыккан Санбирга деген кызды тапты. Кыздын энеси кыргыз ал эми атасы калмак болгон экен. Санжыра уламачылар аны кыргыз тилин суудай билген ал акылдуу бийдин баласын жарашыктуу жар болгон. Тагай бий кудаларын сыйлап, өзү дагы аларды ыраазы кылып узатты. Эки ортодо достук байланыш далайга чыңалып жакшы уланды.

Кылжыр атанын биринчи аялы эки бала төрөп, ал эл арасындагы тарган оорудан чарчап калыптыр. Экинчи аялы төрөөрдө Кылжыр ата бир сонун уламалуу түш көрөт. Түшүндө кыраан кара куш салып жүрүптүр. Шумкарынын тумшугу, буту кызыл экен. Жарыктык жаныбардын көзүнөн нур чачырап, адам баласы кыраанды тик багып карай албайт. Шаңшып добуш салса, үнү бир тоодон экинчи тоого жайма-жай угулуп, ал тоонун маралдары да, бул тоонун маралдары да дүрбүп качат. Канаттуулар тынч албай жан соогалап асманда уйгу-туйгу учуп жүрөт. Бир эле тоодон эки дарыя башталып агып жатыптыр. Дарыялар терең жаныбар же адам өтө алгыс болуп аккан суусунун үнү алыска-алыска тай чабым жерге угулат. Ошол эки дарыяны өрдөп, кадырлуу ата куш салып баратат. Бир дарыянын башында он алты айры мүйүздүү бугу мүйүзүнө алтын бешик илип алып жарыктыктын денесинен алтын нур чачырайт. Бир түзөң жеринде боз үй тигилип, анда ак калпак кийген аталар, ак элечек кийген энелер отурат. Бешикке умай эне аппак бала бөлөп жатыптыр. Ал эми экинчи дарыянын башында кыраан көк жал турат. Анын сүрүнөн адамдар да жандыктар да коркуп турат. Эки дарыянын башында асман тиреген аска зоолор зоңкоёт. Ошол жерде булуттар менен тең болуп касиеттүү ата турган экен. Жана Кылжыр ата кубанып ойгонду. Ал «азап тозоктуу көп эле түш көрдүм эле, бул түшүм ал түштөргө такыр окшобой турат. Ушул көргөн түшүм, жоголуп кетпей менин тагдырыма келеби, же жөн эле бир келген соороткон элеспи», деп чочулады. Түшүмө көз тийбесин деп эч кимге жада калса койнунда жаткан аялына да айтпады. «Түшүм ишке ашса экен» деп Теңирге жалынып-жалбарып бата тилеп жүрдү. Ошондон көп өтпөй аялы эркек бала төрөйт анын атын Орозбакты деп коюушту. Андан кийин дагы жылдар өтүп дагы эркек балалуу болду анын атын элибизге дөөлөт, бакыт келсин деп Дөөлөсбакты аташты. Бирок көргөн түшүн атасына айтып бергиси келди. Ал касиеттүү киши эмеспи, башкалар укпаса да ошол жорусун деди. Тагай бий:

 

– Балам эки дарыя эки балаң, ошол дарыялар сыяктуу сенден тукум тарайт экен. Алардан балким көп эл тарай турган шекилденет. Бир суунун башында бугу турса ошол бугу ошол элдин колдоочусу окшойт. Экинчи суунун башында көк жал турса ал ошол элдин коргоочусу шекилденет. Эртеси Тагай ата акбоз бээ чалып батасын берсин деп калың журтка тамак берди бирок түш жөнүндө эч кимге айтпады.

Анан дагы бир укмуш окуя болуптур. Жайдын толуп турган чагы. Айланада канат кагып түркүн көпөлөк, калдыркандар учуп турат. Карлыгачтар адамдарга жакын келип кайкып кетет. Коо -коодо жол боюнда сары кызыл гүлдөр ыргалат. Жоогасындар эрке желге боюн керип термелет. Жай айы, айлана айтып бүткүс чоң керемет. Кылжыр ата мал саак баарыга боорукер жан болчу. Бир койдун буту сынып, ошого шак-шак байлап коюуп, дөңдө жатып, түш ченде уйкусу канып ойгонду. Боз үйдөн ары Орозбакты менен Дөөлөсбакты көпөлөк кубалап ойноп жүрүшөт. Анын көзүнө бир укмуш элес көрүндү. Арыда он алты айры мүйүздүү бугу менен көк жал чуркап келатат. Таң калды. Бугу менен көк жал кандайча бир жүрөт. Бир-бирин жеп албайбы. Экөө чуркап отуруп эки балага келди. Бугу Орозбактыны ээрчисе, көк жал Дөөлөсбактыны ээрчийт. Алар эки баланы ээрчип жанында жүрөт. «Бул экөөнүн колдоочусу ушулар тура. Балким алардын укум-тукумун ушул ыйык жаныбарлар ар дайыма колдоп жүрөөр»– деген таттуу ойго чөмүлүп дөң үстүндө жатып дагы уктап алгысы келип, көзүн жуумп таттуу уйкуга көшүлдү.

Дөөлөсбакты кийин бой керип чоңойду. Ал жашынан эле түпкү аталарын тартып баатыр чалыш болду. Жаратканым ага бойду, темирдей булчуңду жана жоодон коркпос кайратты берген экен. Анын жоокер бумдары дайыма шай болгон. Өзү дагы элди коргоого журт таламын жактоого даяр бологн Дөөлөс баатыр жунгар, ойрот, калмактар менен күрөштө колду баштап барып нечендеген эрдиктерди көрсөткөн. Бир канча жолу эр сайышка чыгып, калмак баатырларын далай жолу учура сайып, ченемсиз баатырдыкты жасаган.Бабалардын сүргөн санжыра боюунча Дөөлөсбактынын: Токой, Жантай, Элчибек, Манап деген уулдары болгон экен. Ушул төрт уулу тең арстан менен тең болуп, жоо менен күрөштө көп эрдиктерди көрсөткөн. Булардын ичинен айрыкча, Манап бийдин эрдиги укмуштуудай баяндарда айтылат. Ошол кезде калмактар, жунгарлар кыргыз жерин басып алганга далай жолу аракет кылган. Бирок талбас кайраттын, эрдиктин аркасында кыргыздар өз жерин сактап калышкан. Тарыхчы, санжырачылар Манап бийдин эрдиктерин уламаларда айтып, баяндап, кол өнөрчүлөр ага көп жерде ат мингизипэстеликтерди тургузушкан.Айрыкча Манап бийдин уулу Жарбаң баатырдын эрдиги жөнүндө уламаларда көп айтылат. Манап бийдин Жарбаң, Сүтөй деген уулдары болгон экен. Жарбаң баатыр Манап бийдин улуу уулу. Манап бийдин аялы Кызбийке баатырды төрөөрдө каза болгон. Ошондо көзү ачык « Ушул баланы аман алып калгыла, бул силерге чеп болот» деп айткан. Эненин курсагын жарып баланы аман алып калышкан. Балага Сүтүке деген атты коюушат. Бирок эненин курсагын жарып алгандыктан Жарбаң болуп аталып калган. Бала жаш чагынан эле эстүү, акылдуу, кайраттуу болуп чоңойгон. Манап бий жунгар калмактарына каршы күрөштө атасынын оң канат колун баштап барган. Аябай кыл чайнашкан согуштарда ага калмак баатырларынын эрдиги ага тең келген эмес. Калмактар менен кыргыздар далай жылдар согушуп келген. Калмактар да аябай көп болгон. Алар Теңир-Тоону басып алып, кыргыздарды сүрүп чыкканга аракет кылган. Ошондо 1727-жылы жунгар баскынчылары 65-миң өтө көп кол менен согуш ачып, кыргыздар жеңилип калган. Бирок кыргыздар ошону менен эле токтоп калбаган кайра-кайра согуш ачып кээде жеңилип, кээде жеңип турган. Жунгарлар кыргыздар менен кошо казактарды да сүрүп чыгарган. Кыргыздар калмактардан качып, Фергене, Тажикстанга кеткен.

1747- жылы Акмат бий баштаган кыргыздар Кашкар тараптагы калмактарды талкалаган. 1748-1749-жылдары кыргыздар калмактар менен согушта бир канча жолу жеңиштерге жеткен. Калмак кошуунун 1758-59-жылдары Кытайдын кошууну аябай талкалап ошонун натыйжасында баш көтөрө албай алар азыркы Калмакстанга, Орто Азиянын аймыгына, кыргыз журтунун айрым жерлеринде калып калган.

Дагы айта турган кеп Манап бийдин Жарбаң, Сүтөй уулдарынан Үчүке, Түлкү, алардан тараган Тынай бий, Маматкул бий, Болот, Эсенгул, Ниязбек, Абайылда, Атаке баатыр, Ормон хан, Жантай хан, Шабдан баатыр ж.б. Түндүк Кыргызстанды бийлеп келишкен. Көзү ачык, олуя Калыгул, санжырачы, акын Молдо Кылыч Манап бийдин тукумдары болгон. Баса Т. Усубалиев да ошолордун тукуму эмеспи. Ушинтип алар көп жылдар боюу биликте келген.Алардын кайсы иши жакшы, кайсы иштери жаман ага тарых жана эл баа берет. Бирок улама санжыра болуп айтыла берет. Аны өзгөртүүгө болбойт.

Жайлоону таза жел аралай согуп, жел эпкинине назик гүлдөр секин термелген болушат. Асманда үзүк боз булуттар кайдадыр жакка тыным албай сызышат. Тескей тоо тараптан кыраан буркүттүн үнү чыгып кайра басылды.

МЫРЗАКУЛМЫРЗА

Теңирдин шыбагасы менен Кылжыр эки балалуу болду. Орозбакты ары токтоо, ары кең пейил ар бир ишти туура акыйкат жол менен чечкенге аракет кылчу. Ошол кезде калмактар кыргыздардга кысымчылык көрсөтүп алардын жерин алып, бейкут элди ары бир сүрүп, бери бир сүрүп жок кылып салууга аракет кылды. Береги учурда калмактар кара кытайлардын соккусуна учурап турду. Алардын жери тартыш болуп, кыргыздардын жерине ач көздүк менен көз артканын койбоду.

Орозбакты үйлөнгөндөн кийин эркек балалуу болсом дегенде эки көзү төрт болуп жайнады. Анткени жоо жакын жерден күч көрсөтүп турганда сөзсүз эл-жерди коргоого жигиттер керек болуп жатпайбы. Жаратканым Орозбактынын үнүн уктубу эркек балалуу болду. Наристенин ысымын эч нерседен кетилбес, курч болоттой болсун деп «Болот» койду. Бешик баласы беш түлөйт деген элде сөз бар эмеспи ал чоңоё берди. Ал жаштайынан чемендүү болуп, ден соолугу жайындай болбой далай кыйынчылыктарды көрдү. Бирок жаратканым ага тубаса акыл берип койгонбу, сүйлөгөн сөзү иши менен айкалыша, орундуу келип, элдин көңүлүн өзүнө буруп турчу. Ошол үчүн негиздүү ишти чечеерде журт башчылары сөзсүз ага кайрылып, аны менен бирге чечишчү. Ал өтө шапайып арык болгондуктан келиндери аны «Арык аке» деп тергешчү. Ошондон «Болот» аты унутулуп, Арыкмырза аталып калды.

Орозбакты ата:

– Атаңын көрү дүйнөкүн балдарым бойлуу баатыр чалыш болгондо эмне, калмактарды ат үстүнөн аңтара сайып эрдик көрсөтө, сес берип турганда болбойт беле,– деп арманданчу. Анын эки аялы бар эле. Бир күнү түш көрүп, түшүн сүйүнө айтты:

– Жаратканым мага бала берген турат окшойт кыйынчылык учурда эл керегине жараса болду.

Арадан мезгидер сызып өтүп жатты. Бир күнү Орозбактынын аялы ооруксунуп жүргөнүн күйөөсүнө айтты:

– Жырткыч жаныбардын жүрөгүнө талгак болуп жатам.

– Ачыгын айтчы эмне жолборспу же аюунукунабы?

– Өзүм да билбейм, мергенчилер көп эмеспи иши кылып атып келишсин.

– Балким койдун же жылкынын жүрөгүнө талгак болуп жүрбө,-деп күйөөсү күлө айтты.

– Алардын жүрөгүн күндө эле жеп жатам, ошолордон талгагым тараса сенден эмнеге башка жүрөк таап кел деп айтат элем,– ургаачы аны жактырбай нааразы болуп айтты.

Бул учур жайдын толкуп-ташып турган убагы эле. Кыш боюу көк зиңгил болуп жаткан көк муз, ак тоңголок кар эрип, суулар күргүчтөп ээ-жаа бербей алкына кирип жаткан учуру болчу. Өрөөндө ийин казган жаныбар суурлардун аңкуштаган үнү алыска угулат. Канаттуулардын көпчүлүгү небак эле торолтуп балапанын учурган. Бир күнү Орозбакты ата кызыл атын желдире черик уруусунун мергенчиси Тоотайдын үйүнө келип түштү.

– Кагылайын Тоотай мен бир иш менен келдим эле, ошону аткарганга жарап бер.

– Айта бергин ардактуум сенин ишиңди колдон келсе, бат эле бүткөрүп берем, – мергенчи Орозбактыдан улуу болчу.

– Баягы жеңеңдин балакет болуп, талгагы кармап ошого бир жырткыч жаныбардын жүрөгүн керек болуп жатат ошону батыраак таап берсең.

– Менин ылдам атчу мылтыгым бар эле кааласаң ошону алып келип берейин.

– Кереги жок андай курал менин өзүмдө деле бар.

– Мейлиң өзүң бил ырымы үчүн төрт малдан бирден берем. Бул сөдү угуп мергенчи аябай сүйүндү. «Ырас болду, мал курап алайын» деп, Нарындын бийик тоосунда жырткыч жаныбарларды аңдып жүрдү. Аңчылыкка машыккан Тоотай, калың токойдун, камыштардын арасынан карышкыр, жолборс аңдып жүрдү. Бирок какшып калгансып эч нерсе байкалбайт. Жырткычтын изин кууп көп жерге барды эч бир жерде шек билинбейт. Жаныбарлар жакын жерде көрүнбөйт.

Күн чак түш болчу, мергенчи тамак ичкиси келип, отту алоолонто жагып, атып алган эки кыргоолду куйкалап жеп жатты. Семиз канаттуунун этин аябай тоё жеп, анын артынан булактын муздак суусун ичип, уйкусу келген шекилдүү атын тушап коё берип, бир чай кайнамдай уктап эс алып алды. Эс алып, курсагын дагы тойгузуп, мылтыгын асынып, дагы жырткыч жаныбарды аңдап жүрүп отурду. Ал тоонун оң капталындагы колотто турган эле. Күтүлбөгөн жерден күрүлдөгөн үн чыгып, эки жаныбардын айбаттуу доошу жаңырды. Бул каман менен аюунун жаңырыгы болчу. Курган мергендин үрөйү учуп кетти. «Кокуй мени жырткыч жаныбарлар курчап алганбы». Мерген урчукка чыгып караса, аюу килейген ташты көтөрүп, ал эми каман катуу чуркап келатыптыр. Экөөнүн ортосу эки аттам калган экен. Аюу килейген таш менен каманды башка уруп калды. Камандын денесине таш тийип теңселет, бирок курч тиштери менен аюуну капталга уруп өтүп, анын ичегисин эшилте жерге сүйрөлтүп таштады. Камандын башына таш тийип, оңоло албай ылдый барып сүрдүгө кулап, тыбырчалап жатып жан берди. Көз ачып жумган убакта аюу, каман да жок болду. Экөөнүн кармашын көрүп мергенчи бир сестене түшүп, таң калды. Жаныбарларды союп, атына жүктөп мергенчи үйүнө алып келди. Эртеси мерген камандын жана аюунун жүрөгүн Орозбакты атага алпарып берди. Эне эки жүрөктү казанга салып, кайнатып, сорпосун ичип бычак менен кесип, ырахаттана жеп алды. Бирок анын талгагы кичине кангансып барып, кайра күч алып туруп алды.

– Дагы эле жырткыч жаныбардын жүрөгүн жегим келип жатат. Кайдан да болсо таап кел деп ,– эне күйөөсүнө дагы кайрылды.

– Талгагың тарабай калса, балакет болгон тура, ал эмне деген талгак – деп ата каткырып күлгөн болду.

– Анда эмне кылайын жолборстун же көк жалдын жүрөгүн издеп табайын.

Орозбакты ата сүйүндү:

– Атаңын көрү аялымын талгагы тарабай калган экен ээ кабыландын жүрөгүнө талгак болсо, теңирим колдоп, шер бала төрөйт го- деп ичинен жымыңдай кубанды.

Дагы бир күнү кызыл атын минип эпеңдете желдирип, Тоотай мергендиине жете келди.

– Айланайын көзгө атаар Тоотай мергеним аялымын талгагы балакет болуп, дагы тарабай жатат. Эми жолборстун ал болбосо, илбирс же көк жалдын жүрөгүн таап бере көр. Же болбосо, алыска барып арстандын жүрөгүн таап бересиңби,– деп күлүп калды.

– Жолборстун жүрөгүн табууга болот. Ал эми арстандын жүрөгүн кайдан табам,– деп ал дагы каткырды.

Ошентип көзгө атаар мерген Тоотай жолборстун, же көк жалдын жүрөгүн издеп жолго чыккан экен. Ал Нарындын көп жерин кыдырып, жарытылуу эч нерсе таба албады. Бул кезде кайсы жаныбар кайда жүргөнүн жакшы билчү. Тырышып жакшы эле издеди бирок жолу болбоду. Ал акыры Орозбакты атага жолугуп:

– Торпоктой болгон көк жалды көргөн элем ал дагы кексе болуп калган окшойт, такыр дайнын таптырбай койду,– деди капаланып.

Орозбакты ойлонуп турду да бир пастан кийин сүйлөп кирди:

– Сенин калмак тарапта Кара мерген бөлөң бар эмес беле ошого айтып көрбөйсүңбү, канча кылган менен ал кадик адис мерген бир айласын табаар.

Тоотай ойлонуп калды да:

– Баса аны унутуп калган экем ал дагы көзгө атаар мерген эле, бир болсо ошонун колунан келет.

Ошентип экөө сүйлөшүп сөз бекитишип, аңчы көк чологун камчыланып үйүнө кетти.

Күн ачык. Жолочу ысыкта күркүрөп-шаркырап аккан сууну бойлоп саз менен кетип баратты. Көк чолок атчанды чабалакей айланып учуп турду. Суунун жээгиндеги көлмөдө жайнаган балыктар сүзүп жүрөт. Анткени бул жерде балыкка керектүү тамак-аштар көп окшойт. Тоотай Орозбактыны жакшы көрчү. Аны калыс элдин таламын коргогон адам деп билчү. Эми анын баласы баатыр чалыш, элди калмактардан, моголдордун чабуулунан коргогон эл багаар уулдар болсо,-экен деп ойлоду. «Кара мерген Доргугакантип жолугам үйүнө барсамбы, жок болбойт, жараган мылтыгымды жолдон бирөө тартып алышы мүмкүн. Андан көрө тоодогу аңчылык кылган жеринен табайын. Тоотай мерген Нарындан аркы чек ара бөлүктү кыдырып келатты. Сактанбаса болбойт бирөө кыргыз, бирөө калмак тааныбай бирин-бири мерт кылып коюушу ыктымал.

***

Калмак кара мерген Доргу үч күндөн бери тынымсыз аң уулап келатат. Чукулда күз аяктап, кээ бир жаныбарлар чеенге кирип кетет. Ошол үчүн ылдам жетишип, аң терилерин чогултуп алышы керек. Кеч күздө баардык жаныбарлардын териси жетилген болот. Аларды сатса абдан баалуу. Ар бир жандыктын кайда түнөөрүн, кантип азыктанаарын беш колундай билет. Бул чөлкөмдө ал кыдырбаган кокту, ал жүрбөгөн тоо калдыбы. Жана улуу тоолорду коёндун жатагына чейин билет. Алдында минген кара аты монголдордун тукумунан чыккан жылкы, ал күлүк эмес тоодо канча күн жол келсе да такыр чарчабайт. Жаныбар кышында ачка болсо да кара этинен такыр түшпөйт. Тоотайга ушул эле керек ал жаныбаррды жарышка чаап эмне кылмак эле. Жылкыны эң укмуш кылып үйрөттү, кайда барса да, артынан ээрчип жүрөт, ышкырып койсо бат эле жетип келет. Аны байлап, же аркандап кереги жок. Жардам керек болсо катуу кишенеп кабар берет. Кара мерген пендеде жок күлүк эле. Керек болсо чуркап барып бат эле кийиктерди кармап алат. Айсыз түндө баарын көргөн көзүнүн курчтугун айтпа. Ал эми жапайы жаныбардын сырын ушунчалык билет. Ал беш, он күн үйүнө жолобой мергенчилик кылып кете берет. Жаныбарларды атып алып этин даамдуу шиш кебек кылып жейт. Аңчы аба ырайынын өзгөрүшүн да жакшы баамдайт.. Доргунун атасы калмак энеси кыргыз болгондуктан кыргыз тилин суудай билет. Ал Тоотай менен бөлө болуп, экөө анда-санда эле жолугушчу. Анын жети атасына чейин мерген болгон.

 

Тоотай мерген кумайды аралап келатып, кичине сууну кечип өтүп, тоонун капталына чыгып, эки жакты акмалады. Ошол кезде бат атма мылтыктын үнү ылдый жактан жаңырды. Мергендин денесин калтырак аралап, өтө сак болуш керек болуп калды. Калмактын кара мүртөз мергендери кыргыздын аңчыларын мерт кылып, ташка корумдай салып, мылтыгын алып кеткен окуялар көп эле болгон. Ал атын бадалдын түбү менен жетелеп, эки жакты өтө этият сак боло карап баратты. Мылтыктын үнү дагы жаңырды. Үн тээ береги кичинекей тегерек тунук көлдүн жанынан чыккандай болду. Ал көлдө кундуз арбын ошондой эле көлдө кундуз жеген балык көп. Бир кезде көл жээгинен кара мерген Доргу көрүндү. Колунда кундуз терилери жүрөт. Тоотай ойлонду « Кундуз улап жүргөн экенсиң, бекер жүрбөйсүң ээ калмак бөлөм». Ал ылдый Доргуга карай баратып, капыстан буту ташка тийип, таш ылдый карай кулап кетти. Доргу ташка жашына калып, этият боло эки жакты карады.

Тоотай үнүн бийик чыгарып үн салды:

– Доргу бөлөм бул менмин, кыргыз мергени Тоотаймын,– бийик үндүн жаңырыгы аскаларга тийип андан ары коштоп кетти.

Доргу тиги киши өзүнүн жээни экенин билип сүйүнүп кетти. Анын жанына келишин күтүп, эки мерген кучакташып өбүшө көрүштү.

– Кандай бөлөм калмак кара мергеним.

– Жакшы, жакшы кундуз улап жүрөм.

– Анын терилерин жыйып жатасыңбы?

– Ооба кытай соодагерлерине сатам.

– Анда жакшы биздин байлар деле сатып алып жатпайбы.

– Аң терилерин бир топ жыйып алдым, алар жерде калбайт.

– Тай эжемин ден соолугу кандай?

– Жакшы жаңы эле ооруп айыкты.

– Үйгө келбей кеттиң го.

– Барам азыр кол бошобой жатат. Өзүң эмне жумуш кылып жатасың?

– Мен да аңчылык кылып жатам, Бирок анча жол болбой жатат. Баса бир жумуш менен келдим эле.

– Эмне жумуш.

– Орозбактынын аялы жолборстун ал болбосо, көк жалдын жүрөгүн талгак болуп калыптыр ошону издеп жүрөм.

– Көп берсе эле таап берем,-деп жылмайды Доргу.

Экөө көпкө аңгемелешти анан аягында кара мерген айтты:

– Силер кайсы конуштасыңар?

– Биз Саяк Айрыктын бери жагындагы Кара Тоонун түбүндөгү жалгыз булактын жанында турабыз.

– Билем, билем ушул жерде бир жолборс бар.

– Ошону атып жүрөгүн алып келсең сонун болбойт беле.

Орозбактынын байлыгы көп ал сени ыраазы кылат.

Кара мерген кармап турган үч кундуздун терисин Тоотай мергенге сунду:

– Ме бобу үч кундуздун терисин тай эжеме ала кет керегине жаратып жака кылып алсын.

– Ой жөн эле койсоңчу!

– Жөн эле коймок беле, тай эжем алтын киши ал биздин сыйыбызга татыктуу.

Экөө кучакташып ажырашты Тоотай мерген атын минип келген жагына кетти.

Кара мерген жээктен, кундуз атып жатты, анда-мында мылтыктын жаңырган үнү угулат.

Ошол окуя ошол болду.

Кара мерген аң терилерин үйүнө жеткирип, эми жолборсту атып алганга ашыкты. Анткени жолборс майлуу эт жеп жүнү жылтылдап териси да баалуу анын үстүнө жүрөгүн Орозбактыга берип андан каалаганын алган жатпайбы. Эгер жолборс болбосо ал көк жалды атып аны алпарып бергиси келди. Доргу мерген ар кандай жаныбарлардын үнүн туураганды эң жакшы билчү. Бул аймакта бир көк жал бар эле ошону жоготкусу келди. Ал өткөн жылы эки канчык карышкыр менен үйгүшүп жүргөнүн көргөн. Канчыктар чоң асканын түбүндөгү киши жете алгыс коргулдардын арасына бөлтүрүктөрүн тууп, чоңойтоорун да билген. Мерген тез атма мылтыгын белендеп, ай толукшуп чыкканда, же таң эре-шире аткан үрүң-бараңда, же күн асманды таштап кеткен коюу караңгыда эч кимге көрүнбөй коргул таштардын арасына же калың чердин арасына кирип, колун чоор сыяктуу айкалыштыра коюп карышкыр болуп улуп турду. Анын үнү кадимки эле карышкырдын үнүнө окшоочу. Дабышты угуп туш-туштан бөрүлөр келчү. Бул үн жырткычтарды азгырып туруп алчу. Ургаачыларына караганда эркек бөрүлөрдүн үнү жоон кайраттуу чыгат. Кара мерген далай жолу бөрүлөрдүн улуган үнүн уккан жана көп жолу аны өзүндөй кылып туурап машыккан. Кара мерген канчалык улуса да, бөрүлөрдөн кабар болбоду. Бир аз туруп ар жактагы калың черге кирип ошол жерден улуп көрдү. Мерген ошол жерде эки күн түнөп, таңга жуук үрүл-бүрүл атып келатканда карышкыр болуп улуп жатты. Кудай жалгап бир аздан кийин ары жактан карышкыр болуп улуган үндү укту. Кара мерген жоголгонун тапкансып сүйүнүп кетти.

– Кайраным мен сени издеп жүрсөм ушул жакта экенсиң,– деди.

Таң супа салып жерге анча-мынча жарык төгүлгөндө карышкыр болуп улууга өттү. Ошол кезде үч карышкырдын жарыша улуган үнү угулду. Экөө ичке бирөөнүн доошу эң эле жоон эле. Жел карышкырлар тараптан болуп турду. Алар адамдын коңурсук жытын бат эле билип коюуп алдамчы чакырык экенин сезип калышат да келбей коёт. Карышкырлар жытты искеп өздөрүнүн туугандарын издеп улуп жатты. Эркек карышкырдын үнү жоон чыгат. Ашыккан бөрүлөр дөбөттүн каякта жашынып жатканын билгиси келип, көк жал эки канчыгын ээрчитип этият келатышты. Бул жер көк жалдын ээлик кылган аймагы болчу. Жада калса ар бир чөпкө, ар бир куурайга бутун сыйрайтып заара төгүп белги салып жүрүп отурат. Анан бул жерге кайдагы башка жандыктар келет. Эгер келсе үчөөлөп жара тартып чайнашат. Азыр ошол атаандашынын кардын жарып салыш үчүн жинденип келатат. Жанындагы канчыктар көк жалдын мунусун даана билип турду. Ургаачы бөрүлөр сак аяр эмеспи, алар өз эрежесин байыртан бери сак кармап келатат. «Бул бизди чакырган жалган добуш болбосун» деп шекшинишет. Бул үндөн ургаачы канчыктар жагымсыздыкты сезип турушту. Чыккан үндү токтой калып тыңшашат. Үндүн кээ бир кайрыктары өзлөрүнүкүнө окшобогондугу сезилип турду. Алар үндү токтой калып тыңшашат. Ушул кезде канчык карышкыр «сак бол» деген белгини берип, дөбөт карышкырды ар этип бир тиштеп алды. Дөбөт аны тоготуп да койгон жок. Жанагы улуган дабыш дөбөттү бүйрүн кызытып чакырып туруп алды. Мен үстөмдүк кылган жерде кайдагы жандык жүрөт, ал каарданып керек болсо аны жара тартып салгысы келет. Көкжал ошол чакырык дабышты таштап кетмек эмес. Өлсө да ошонун кандай чоңдукта, анын атаандашы ким экенин көргүсү келет. Керек болсо аны менен эрөөлдө кармашып, көргүсү келет. Бул чөлкөмдө андан ашкан батыр жок эмес беле. Үн бирде бийик, бирде жай каалгып чыгат. Ааламда ар кандай үндөр көп, бирок бул үн өзүнүн бир туугандарынын үнү болуп жатпайбы. Тее илгери көк жалдын башынан мындай бир окуя өткөн. Анда ал эки ургаачы канчыгы менен жүргөн эле. Үчөө салып уруп, Зындан кыштоосуна бараткан. Ал тарапта жылкы, же уй жолугуп калышы маалим эле. Суук ызгаар анан кыш болуп жатса, айлана жылуу болмок беле. Алты, жети күндөн бери бөрүлөр наар ала элек ачкалыктан кыжынып бири-бирин жеп салуудан да кайра тартышпайт. Ошентип үчөө чуркап келатышса, астынан карышкырдын дөбөтүнүн улуган үнү угулат. Ай толуп турган маал эле. Анын нуру кар үстүнө төгүлүп, айланага керемет көрүнүш үстөмдүк салып турган болучу. Үч бөрү ошол дабыш чыккан тарапка салып уруп чуркап баратты. Үн муңдуу жардам сурап жаткандай туюулуп, алар бат эле чоң чычырганактын жанына жете келишти. Чоң дөбөт карышкыр мерген салган капканга түшүп калган экен. Ачка экен өзүнүн жатындаштарын көрүп муңдуу улуп жиберди. Үчөө аны жалооруй муңдуу карап турушту. Ошол кезде канчыктар тигил дөбөткө шыйпаңдай башташты. Көкжал кыскандыбы жини келип, капкандагы дөбөттү капталдан аткый тиштеп алды эле курч тиштер денеге батып кетти окшойт, дөбөт бөрү даттана улуп жиберди. Тиштеген жерден жүн чубалып калды. Ургаачылары шердене түштүбү, капкандагы карышкырды таламайга салып жиберишти. Дөбөт карышкыр капкандагы жаныбарды капталына тиш салды эле кан диркиреп атып кетти. Байкуш ачка карышкыр кыймылсыз өчөйүп отуруп калды. Берки канчыктар туш-туштан жыра тартып апылдатып жеп киришти. Айрылган тери айланага кандын жыты тарап жатты. Үчөө этке тоюп андан ары жол кетти. Көкжалдын эсине ошол көрүнүштүн элеси келди. Балким аларды жылуу, кандуу эт күтүп тургандыр. Үчөө добуш чыккан жакка аярлай баратышты. Алар башка дөбөттү көргүсү келет. Алар этият басып айланадагы жытты искеп көрдү, Үн үзүл-кесил чыгып, токтоп калат, кайра чыгып, карышкырлардын бүйрүн кызытып жан дүйнөсүнө бүлүк салып, чакырып туруп алды. Бөрүлөр шамал аркылуу жытты искегиси келди эле шамал да жок, жел да жок. Канчыктар чөптүн арасынан бир жытты искеди. Ал коңурсук жыт экен. Адамдыкы өңдөнөт. Үчөө тык токтоп үн чыккан тарапты шектүү карады. Алар шамалды күттү. Жел бөрүлөр тараптан согуп эч кандай жаңылыкты алып келбеди. Көзү курч бөрүлөр үн чыккан тарапты шектүү тиктеди. Эч кандай кыймыл жок. Тээ арыда булак агып, өзүнүн түбөлүктүү өлбөс ырын кайталап жатат. Жерге жарык акырындап төгүлө баштады. Мерген баарын салмактап байкап турду. Азыр аткан менен ок жетпейт. Бөрүлөр үндү үзүл-кесил чыгарып жатты. Бир кезде көк жалдын жону кычышып кетти окшойт, көк чөпкө жата калып оонап-оонап жиберди. Канчыктар анын турушун күтүп жатты. Үчөө кайра жолун улантышты. Бөрүлөр үн чыккан жерге кыйла эле жакындап калышты. Көкжал өзүнүн белгисиз курбусун көргүсү келип туруп алды. Ал эч нерседен тайманбай түз эле бадалды карай басты. Үн кайсы жерден чыгып жатканын алар кылдат байкоого алышты. Калмактын кара мергени көк жалды кылдат мээлеп ата-бабасынын арбагына жалынып машааны басып калды. Жаңырык аскадан-асканы аралап узап кетти. Таңкы тынчтык бузулуп, үн айланага тарады. Эки канчык кулап жыгылган дөбөттү карап, ылдый карай салып уруп качышты. Дөбөт ок тийген жерин арс үрүп, бир тиштеп алып, жерге кулап жыгылды. Кара мерген көк жалды кулата атканына аябай кубанды. Ал далдаа жерде байланып турган атына басып келди да аны чечип бошотуп койду. Чөп чалсын деди окшойт. Чаначта буулган кымызды чечип кере-кере жутту. Бир жерде отура берип, денеси талыкшып кетиптир. Колу бутун жан-жагына созуп, кыймылдай баштады. Анан жай акырын басып келип, торпоктой болгон көк жалды шамалдан ыктоо далдаа жерге сүйрөп келип, курч бычагын ташка кайрап курчутуп алып, терини сыйра баштады. Калмактын кара мергени алты күндүк меенети кайтып, ашуу жактан үчүнчү жолу көк жалды атты. Эки күндөн кийин көк жалдын терисин жана териге оролгон жүрөктү Тоотай мергенге алпарып берип, эмгеги үчүн Орозбактыдан толгон мал айдап келди.

Рейтинг@Mail.ru