bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Капаста отурган адам бир нерсесинен айрылган. Ал – жүрөгүндөгү эркиндик жана тынч жашоо.

* * *

Күзгүнү карасам сакал мурутум агарып калыптыр. Карылык бат эле келгенин байкабай калыптырмын. Өмүрүм кандай өткөнүн да билбей калыптырмын.

* * *

Кээ бир адамдар өзүнүн ким экенин билбей өтүп кетет. Ал өтүп кеткенден кийин ал пенде ким экенин башка кишилер да, билбей калат.

* * *

Куулук-шылуундук менен жүргөн адамдарда биз билбеген бир кыянат кайым мүнөзү бар.

* * *

Жаш чагыңда кедей болгонуң деле жакшы кийин кедейликтен качып бай болууга умтуласың.

* * *

Зөөкүр, сөгүнгөн, чоң муштум, эркек кооздуктун душманы, жээ анын мээсинде бир мандемдүү дарт бар.

* * *

Адамдын генийлик өмүрү, жаратылышты, ачылышты, өлбөстүк дүйнөсүн кооз жана бийик кылып турат.

* * *

Жай айында ала-күүгүм тынчтыктын мемиреп кирип келиши бейкуттуктун өлбөгөн элеси.

* * *

Ар бир түнүбүз жоголбосун, анда биз улуу тынчтыкты жоготуп алган болобуз. Ошол мемиреген тынчтыкта биз жакшы нерсени түзөбүз.

* * *

Ар бир адамга уйку, тынчтык, мемиреген жымжырттык керек. Булар пенде үчүн табылгыс дары. Демек аларга тынч жашоо керек.

* * *

Ойлуу кыска сүйлөгөн адамдар, убакытты үнөмдөйт. Бирок алар турмушка кандай ой жүгүртсө ошондой жашайт.

* * *

Атам айтат:

– Менин эң жакшы көргөндөрүм: Арсак-терсек бийик тоолор, анда согуп жаткан шамал-бороон, шаркырап аккан суу, сапар тарткан катмар-катмар булуттар, жайкалып өскөн чөптөр, өтөк, талаалар. Аңкуштаган суурдун үнү, бүркүт, карга кузгундун дабышы, маараган койлор, жайылган малдар. Мен өмүр боюу малчы болуп кой бактым, мен ушулар менен бирге жашагам.

* * *

Адамдардын жүрөгүндөгү эң назик нерсе- лирика, күлкүлүү окуя бул -сатира менен комедия, эпикалуу чыгарма бул- роман, булар адамдардын жүрөгүндө жаралып анан китептерге түшүп өлбюөстүк жашоого айланган.

* * *

Куулуп кеткен жетекчинин өмүрү, ар бир адамдын көңүлүнө кетпес тарых болуп жазылып калган, ал эми азркы жетекчинин өмүрү жаңыдан тарых болуп жазылып жатат.

* * *

Сатирик мылтыгы жок майданга кирген аңчы.

* * *

Алга жылуунун жардамчысы: акыл жана эмгек.

* * *

Өлгөндөрдүн арасында тирүүлөр жүрөт, Тирүүлөрдүн арасында өлгөндөр жүрөт.

* * *

Ар бир жөнөкөй дам мендей эле ойчул бирок алар учкул сөз

жазбаган пенделер.

* * *

Кара жерге оор, анткени ал эң эле кылмыштуу адамдарды көтөрүп турат.

* * *

Учкул сөз жаратканың жакшы, бирок ошол жазганың адамдардын жүрөгүндө жашап жүргөнү андан он эсе бакыт.

* * *

Жаштыкка караганда карылык түбөлүктүү, чаң тополоңго караганда жымжырттык түбөлүктүү, аягында жым-жырт өмүрдө карылыкты тынч өткөргөнүң түбөлүктүү.

* * *

Өлүмгө караганда өлбөстүк түбөлүктүү, жокко караганда бар түбөлүктүү демек өлбөс өмүрдө бардар жашоо түбөлүктүү дегибиз оң болуп турат.

* * *

Баарынан мурун улуулук айтылат, улуулуктун артында ак эмгек айтылат. Ошол ак эмгектин ичинде биздин жашообузга керектүү иштер айтылат.

* * *

«Даанышмандык каякта»? деп сурасам «Ал сенин жүрөгүңдө жана ак эмгегиңде», – деди.

* * *

Өмүргө оор күндүн келгенин эстейли, ошол оор күндү жеңип жеңишке кеткенибизди дагы эстейли.

* * *

Зулумдук болгон жерде жеңиш жок, кайгы болгон жерде кубаныч жок, зулумдук менен кайгы жашап жаткан жерде баары жок.

* * *

Акыл түбөлүктүү, акыл менен кошо эмгек түбөлүктүү, эгер ушунун баары сенде болсо, анда сенин өмүрүң түбөлүктүү.

* * *

Жакшы адам өлгөндө арабыз бирге азаят, акылман адам өлгөндө карааныбыз жүзгө азаят, улуу адам өлгөндө жашообуз миңге азаят. Демек өлүмдүн жолунан өмүр азаят.

* * *

Жалганды чындыкка кошуп ийген күнөө, ал эми жалганды чындыктан бөлүп алуу накта ийгилик.

* * *

Өмүр сага берилген белек аны кандай түзөсүң ал сага ыйгарылган ишеним.

* * *

Атаңын «Адам бол!» – дегенин унутпа! Энеңин «Эстүү бол!» – деген сөзүн урматта!» – баарынан мурун атаң менен энеңин элесин унутпа!

* * *

Ыйык китептерди мезгил-мезгили менен окуп жүрсөң жакшы нерселерге кабыласың, жөн эле кабылбай жандүйнөдөгү кереметтүү нерселерди аралайсың.

* * *

Бакыт ооруга чалдыкпайт жана жаман нерсеге кабылбайт.

Ошол үчүн ал – бакыт.

* * *

Эки жашты карап эмнени айтамын? «Бактылуу болгула!» деген карылык каалому айтамын.

* * *

Адамды адам кылган кайрат, кайраты жок адам уча албаган канатсыз карга. Канатсыз карга уча албай кор болот.

* * *

Байыркы замандан бери адамдар кайгырып келген азыр деле кайгырып жатат. Кайгыны жеңиш үчүн түгөнбөгөн кайрат керек.

* * *

Адам биринчи өзүн кандай адам экенин билгени жакшы. Андан кийин ал башка адамды ой жүгүртүп билип алат.

* * *

Баарынан мурун өзүңү сыйла, өзүн сыйлай албаган киши өзгөнү сыйлай албаган киши.

* * *

Жалгыз аяк жолдон чоң жолго жетиш кыйын, даңгыр жолго жеткенден кийин барчу жагың дайын болот.

* * *

Билимди казып окуган кишиде бир тереңдик бар. Ал – тырышчаактык жана өзүнө кайратты топтогон тереңдик.

* * *

Байыркыдан байыркы, азыркыдан азыркы турмушту көрүп,турабыз жана экөөнүн жакшы жагын сыгып алып жакшы келечектүү жолго түшүүнү самап турабыз.

* * *

Өлгөндөн кийин тирүүлөрдүн арасында жашап калган адамдын өмүрү эрдикке барабар.

* * *

Өлүм оор бирок өткөндөн кийин өлүм ал адамды баардык азап-тозоктон кутултат.

* * *

Акылмандын айткан сөзү баардык адамдарга жетет, анткени анын маанисинде өлбөгөн чындык жана келечек жатат.

* * *

Улгайган адамдарды сыйлай жүргүлө, анткени, силер дагы ошолордун курагына жакындап баратасыңар!

* * *

Балдар алсыз ошол алсыздыгынан пайдаланып аларды кордой көрбөгүлө! Антсеңер жаратканым силерди жаман көрүп калат.

* * *

Жаман адамдын уккан сөздү жерге тез көөмп сал, анткени ал сенин көңүлүңдү кирдетип үшүңдү алып жатпайбы!

* * *

Бирөөнүн кубанычын бөлүшсөң, ал сенин кубанычыңа тилектеш болот.

* * *

Башкаларга зыян келтирбей акылдуу адам байлыгын топтойт, анткени байлык менен акыл, эмгек эзелтеден дос экен.

* * *

Бийлик бул тепкич, акылдуу адамдар акырындык менен өйдө көтөрүлөт. Акылы жоктор ал тепкичтен кулап түшүп, бир жерин сындырат.

* * *

Жакшы өткөн балалыкты эстөө кубаныч, кайгылуу өткөн балалыкты эстөө арман. Бирок экөө тең эле адамдын эсиңде жашап жатат.

* * *

Адабияттагы түбөлүктүүлүк ал -өлбөстүк менен таланттын жашап турган кубанычы.

* * *

Адамдын адамга кылган жакшылык болгон азыр да болуп жатат, мындан ары да боло берет. Анткени ал түбөлүктүү нерсе. Адамдын адамга кылган жамандыгы болгон бирок мындан ары болбойт. Анткени анын келечеги жок.

* * *

Аял, эркек чыныгы сүйүү менен жашап, алардан үчүнчү адам жаралат. Ал дагы сөзсүз жашоодо бактылуу болуш керек. Үй –бүлөдө бактылуулук уланса,таалайлуу жашоо аралайт.

* * *

Кимдир бирөөгө турмушка чыгуу үчүн өзүңүн жана анын адамдык тагдырын таразалап туруп, анан келечекке аттан.

* * *

Чыныгы эне үй-бүлөнү сакташ үчүн өзү жаккан очогун өчүрбөш керек. Ошондой жерде биримдик бекем болот. Анткени үй-бүлөнүн биримдигин очок эне сактайт.

* * *

Баардык кезде баардык замандарда сүйүү коомго жараша болот. Бактылуу коомдо бактылуу үй-бүлө жаралат. Андай жердин эли да бактылуу.

* * *

Өлкө башчысы канчалык мекенчил болсо, ал жерде ата-

мекенчил жаштар жаралып, мекен ыры жүрөктөрдү каалгып аралайт.

* * *

Каардуу, заардуу үн сүйүүнү жоготуп келген. Назик музыка, сызылган мукам добуш байыртадан бери сүйүүнү жаратып келген.

* * *

Адамдагы акыл эс эң башкы нерсе, анткени анын жашоосу ошого баш ийип турат.

* * *

Кандай жашадым тааныгандар аны да айтсын, кемчилдик кылдымбы, жашырбай муну да айтсын, жакшылык эмне? Жамандык эмне? Баарын так айтсын!

* * *

Мектептин балдары коңгуроону көрбөй эле анын үнүн угуп, класска кирип-чыгып жатышат. Коңгуроонун бардык болгон касиети кабар айткан жаңылыгында, жаңы шыңгыр үнүндө, ар бир адам мектептеги балалыгын эстесе коңгуроо каккан кишини да эстеп жатышат.

* * *

Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерсени үйрөнөт окшойм. Жана дагы үйрөнүп бүтпөйт окшойм.

* * *

Адамдын денесинде ысык от жана жалын бар. От менен жалын өчкөн күнү пенденин жашаган күнүнүн бүтмөгү бар.

* * *

Сен тиккен дарактар сенин эмгегиңди даңазалап ыр ырдап жатат.

Ошонун үнүн укчу адамым!

* * *

Баланын эрдиги ата-эненин даңкына айланат, жүрүп отуруп, жалпы элдин кубанычына айланат.

* * *

Пенделерге кылган жакшылыгың сени менен болот. Сенин көзүң өткөндөн кийин алардын жүрөгүндө болот. Демек жакшылык түгөнбөс нерсе болот.

* * *

Улуулук түгөнбөйт, ал ошонусу менен таалайга бөлөнгөн.

* * *

Өсүүчү баланын атасы – акыл, энеси-эмгек, конушу -талант, минген тулпар аты-үмүт.

* * *

Бири-бириңерди сыйлай жүргүлө! Араңар алыстап баратат. Араңар алыстаса, баягы өзүңөр жараткан жакшылыгыңар өчүп, унутта калат!

* * *

Ата-бабабыз калтырып кеткен туулган жерди башка элге сата көрбөгүлө! Антсеңер, ата-бабанын аманат керезин аткарбаган болобуз. Асыл керезди аткарбай кийинки муунга уят болобуз!

* * *

Жалпы дүйнө элин оору каптаса, ал арман. Бирок дүйнө эди ал арманды жеңбей койбойт. Анткени дүйнө элинин биримдиги ал оорудан миң эсе күчтүү.

 

* * *

Бирөө келбей ага экөө келатат. Келбей калганы өткөн өмүрү. Келатканы карылык дагы бирөө келатат? Ал эмне эле?

* * *

Үчөө болчу, экөө келди. Бирөө күтүп отурат. Карылык, оору келди. Ал кишини дагы эмне күтүп отурат? Анын жайын азырынча кабарлабаш керек.

* * *

Эне тилим, ата мурасым – менин байлыгым. Менин байлыгым– элимин байлыгы. Ар бир эне-тил дүйнө элинин байлыгы.

* * *

Атасы кетсе баласы калат, баласы жок болсо ким калат? анда ата очогу ээнсиреп калган жатат.

* * *

Жардынын арманын кудай угат. Андан башка угуучулар барбы?

* * *

Бул дүйнөдө жакшылык бар экенин билдим. Бирөөгө жардамдашсам анын кайрымы бар экенин дагы билдим.

* * *

Үй-бүлөбүз кичинекей өлкө болот. Өлкөбүз чоң мамлекет.

Кичинекей өлкө бейпил жашаса, чоң өлкөдө кубанычы артат.

* * *

Ынтымакыз эл, келечеги жок өкмөткө кабылган.

Келечеги жок өкмөт болот, ал эми келечексиз эл болбойт.

* * *

Өкмөт чындыкты элден бир жолу жашырат, эки жолу жашырат, а түгүл жыйырма, отуз жолу жашырат. Ал эми жүз жолу кантип жашырат? Ошончо эл чындыгын кантип эле жоготуп жиберсин?

* * *

Үлгүлүү жүрүш-туруш адамды көрккө бөлөйт. Андан ары анын бүткүл өмүрүн көрккө бөлөйт.

* * *

Ийгиликтин дарагы талант. Аны дайыма сугарып турбаса куурап калат. Суусу – эмгек.

* * *

Башкаларга зыяны жок ак пейил киши уктаганда да сонун түштөрдү көрөт. Андай адам түшүндө жакшылыкка эрте жолугат .

* * *

Талант менен ширелген улуу эмгек, мезгил өткөн сайын эскирбей жаңылана гүлдөп, ажарына чыга берет.

* * *

Ал башкалардай эле ачка алсыз болуп жүрүп, улуу китепти жаратты. Улуу адамдар башка жактан келбейт. Элдин ичинде жүрүп, эле элден чыгат.

* * *

Бирөөгө мээрим чачсаң, анын мээримине сөзсүз кабыласың. Көп адамдар ушул сырды билбей башканын мээримине кабылбай жүрүшөт. Алар такыр ушуну түшүнбөй жүрүшөт.

* * *

Күн эртең менен чыгып, кечинде батып кетти. Дагы бир күн сапар кетти.. Өмүрүбүздүн кечмелиги токтобой өтүп кетти.

* * *

Адам болгон жерде, аласа жана бересе болот. Аласа болгону жакшы, сен – байсың. Бересең болсо – жардылыгың.

* * *

Сылык мамиле мээримдүү жүрөктөн жаралып, башка адамдардын жүрөгүнө ошол мээримди жоготпой өтүп, кубанычты арттырат

* * *

Падышанын кампасында алтын күмүш ар түрдүү кымбат нерселер катылып, аны куралдуу жоокерлер кайтарып турат. Кайтарбаса бирөө уурдап кетет.

Ошондой эле улуу китептерде улуу кенч катылып жатат. Аны окуучулар окуп, жүрөгү, аң сезими акылман нерселерге чулганат. Себеби ал жалпы адамзатка арналган улуу байлык аны эч ким уурдай албайт. Уурдап алып окуса, уурунун жан дүйнөсү жашарып, уурулугун таштайт. Бирок ал байлык падышанын алтын зергерлеринен миң эсе артык.

* * *

Ичпеген адамдар кандай бактылуу. Алар кайгы, капа масчылыктан алыс болушат. Эң башкысы алар оору, сыркоодон алыс болушат. Алар таалайга жана жакшы ден-соолукка жакын болушат.

* * *

Адам дайыма чек аранын жанында жүрөт. Ар жагы чөл жамандык, бери жагы жайкалган жашыл бактуу кереметтүү талаа – жакшылык.

* * *

Адамдар майда барат жана түбөлүктүү иштерге бел байлайт. Бирок майда барат нерсе түбөлүктүү өмүрдүн өзөгүн түзөт.

* * *

Пенделер болбогон нерселер менен алектенет. Негизги нерсе унутулуп, өмүр сая кетип жатат.

* * *

Кылым өтүп, кылым оошот, ар бир кылымдын кара жана ак жагы болот. Карасы – ошол кылымдын арманы, агы – ошол кылымдын кубанычы.

* * *

Байкап карасам ыраак калган өмүрмдөн үл-бүл этип жакшылыктын жышааны көрүндү. Анда мен алыс калган жаркын өмүрүмү көрүп жатам.

* * *

Деңизден ары кургактык жатат, тоолордон ары түз жер жатат, каарман эрдиктен ары өчпөгөн улуулук созулуп жатат.

* * *

Мен ага эчтеке деген жокмун, ал мага эчтеке деген жок. Биз үнсүз, сөзсүз коштошконбуз. Биз бири-бирибизге кереги жок адамдар окшойбуз.

* * *

Элде мындай сөз айтылат: «Кемпири өлгөн чал жетим, энеси өлгөн бала жетим, ээси жок аңгырап калган үй жетим», – мен деле ошол сөздү айтам.

* * *

Кээ бир адамдар жанындагы адамдарды сыйлабай, «Кудай, кудай», – деп эле кудайга сыйына берет. Кудай айтат «Сен жаныңдагы адамдарды сыйлап анан мага кайрылсаң ошондо сага чыныгы бакыт келет», – дейт.

* * *

Ар бир нерсенин башталышы, бүтүшү болот. Иштеген ишибиз жакшы баштадык эле эми бактылуу бүтсө экен деп кудайдан тилеп турабыз. Ошол тилектен үмүтүбүздүн акталышын күтүп турабыз.

* * *

Акындын ырларынан жылдыздар чачыраса, ошол жакшы жышаан. Анын чыгармачылыгы түнкү жылдыздуу дүйнөгө окшогон жышаан.

* * *

Көп адамды ыйлатып байып алган байлыгың, оорду толбос жоготуу деп, ойлосок болот, анткени, кайгыдан чогулган көз жашты кайра ордуна кантип коюуга болот.

* * *

Түндө айылдын четинде бир кырсыктуу окуя болуптур. Аны иштеген шайтандар качып кетиптир. Кылмыш иликтөөчүлөр адамдардын арасынан, ошол шайтандарды издеп жүрүшөт. Адамдардын арасынан аларды издеп табуу оңой иш эмес. Шайтандар да карматкандай бала эмес.

* * *

Кайгы баасы канча десем эч ким жооп бере алган эмес. Ал акча менен эсептелбейт. Оорду толбос жоготуу акча менен алмашса, жашоо мынчалык армандуу болмок эмес.

* * *

Кээ бир жетекчилер атка мингенде эле ээрге кыйшык отурат. Ээрге кыйшык отурган киши атты жакшы бастыра албайт. Анын үстүнө кыйшык отурган адам тең салмагын сактай албайт. Жини келген ат мөңкүп-мөңкүп кирет. Тигил адам денесин башкара албай чаң топуракка башы менен жерге сайылат. Аны көргөн жалпы эл күлгөнүн токтото аябай каткырышып боору эзилет.

* * *

Өмүрдө эки эле китеп болот. Эмгектенип өткөн өмүрүбүз окулуучу китеп, экинчиси бош өткөргөн өмүрүбүз окуйлу десек да окулбаган актай китеп.

* * *

Кышкы түн канчалык узак болгон менен эсептей келсек ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүр кыска.

* * *

Үйгө эшик да, терезе да керек. Эшиги жок үйгө, конок кире албайт, терезе жокто жарык кире албайт. Муздак жүрөккө мээрим кире албайт.

* * *

Иттер үрүп, жылкылардын дүбүртү угулду. Биз күткөн адамдар келаткандай туюлду.

* * *

Кечээ күнү суук болуп өттү эле, ал сууктун каарынан бүгүн да үшүп отурам.

Кечээ күнү мага бир адам жаман сөз айтты эле, анын жан ооруткан жаман сөзү тиги каар сууктан кем болбоду, ага да бүгүн үшүп отурам.

* * *

Эки атчан аңгемелешип отуруп тоодогу конушка кандай жеткенин билбей калышы.

Эки жаш сүйүшүп, баш кошту эле, экөө катарлаш жүрүп отуруп, карылыкка кандай жеткенин да билбей калышты.

* * *

Эгерде сен мени менен сүйлөшөм десең жүрөгүңдөгү

каралыкты кууп чык. Ошондо экөөбүздүн жүрөгүбүз таза болот, бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Андан кийин чын берилип баарлашсак болот

* * *

Калптын күнү өкүм сүргөндө, караңгылык каптап, басаар жолдон такыр жаңылабыз.

* * *

Жерге жарык бериш үчүн күн жаралды. Ал эми адам адамга жарык бериш үчүн жүрөк жаралды. Таза жүрөк, достук, эмгек, кубанычты, махабатты жаратып, аны башкаларга бериш үчүн өлбөстүк жаралды.

* * *

Канаттуулар болбосо биз учууну билбей калмакпыз. Ал эми эмгек, талант болбосо, жашообуз көрксүз болуп, көккө көкөлөп учпай калмакпыз.

* * *

Бассаң, турсаң ойлонуп жүрүп, адамдар үчүн бир сонун нерсе жаратканың бактылуулук. Ал жакшы нерсени башкаларга бергениң, андан бетер бактылуулук.

* * *

Биздин жүрөгүбүзгө кудай каяктан келсе чындык да ошол жактан келген. Кудайды сыйлаган киши чындыкты

сыйлайт. Чындык жок жерден кудай качат. Андай жерден баары качат.

* * *

Силер да эми жакшы калгыла! Биз да сапарга чыгалы. Жолукканча бири-бирибизди эстеп, эсен болуп, соо-саламат жүрөлүк.

* * *

Мугалим окуучуга – устат. Устат деген – чоң чебер. Демек, устатты эл да, коом да, журт да кадырлаш керек. Анткени ал – устат.

* * *

Алыкул менен Мидин эрте жанып, эрте өчүп калган жылдыздардан экен. Эгер өчпөй турганда көп сонун чыгармаларды жаратмак экен. Эрте жанган жылдыздын эрте өчмөгү бар экен.

* * *

Караңгыда тоодо күйгөн от адамды кайра-кайра өзүнө чакырат.

Талант менен жаралган эмгек адамды өзүнө чакырат.

Эмне даңктуу болсо, баары тирүү жанды өзүнө чакырат.

* * *

Мыйзамсыз жол менен кабыл алынган мыйзам такыр жараксыз

* * *

Улуу эмгекти жараткан адамдын үйүндө дайыма той болот. Тойдун ырыскысын жөнөкөй адамдар көрүп шыктанса, алардын жүрөгүндө дагы той, салтанат болот.

* * *

Өмүрүң күйгөн шам чырак, адамдар үчүн бакыт ачып кетсең, шам чырактын жарыгы ошончолук нурдуу асан-үсөн түстүү болот.

* * *

Эл байлыкты жакшы жетекчинин жардамы менен жаратат. Андай жерде турмуш оңолуп, бүтүндөй эл бакубат жашоону жаратат.

* * *

Казылган көр, көр казуучуларга керек эмес, өлгөн кишиге керек. Жазылган ыр акынга эмес ыр сүйүүчүлөргө керек.

* * *

Жашоо экөөңөрдүн ортоңордо чыгып турган музыкалык мээримдүү үн. Силер ата-эне болгон соң ал үндөн үй-бүлөөгө сүйкүм добушу угулуп турсун.

* * *

Баш кошкон жарлар күн сайын сүйүүнүн жаңы барагын жаратып турушат, антпесе сүйүү карып, улгайып кетиши ыктымал.

* * *

Ким сулуулук менен сүйүүнү сактап жүрсө, ал дүйнөнүн сулуулугун сактап жүргөн болот.

* * *

Кара мүртөздүк менен сулуулук бир жашаган эмес, экөөнүн жолу бул дүйнөдө эгерим бириккен эмес..

* * *

Эмне үчүн улуу адамдар байыркыдан бери сүйүү деп тамшанып келген. Алар сүйүү өлбөй анын жашоосу түбөлүктүү экенин билип келген.

* * *

Сүйүү ооруса ал кайгылуу көрүнүш, аны айыктыруу оңойлукка турбайт.

* * *

Аялыңын көз жашын көрүү сен үчүн өтө оор нерсе, болуш керек. Ошол көз жашта сенин күнөөң болсо андан бетер оор.

* * *

Турмушта трагедия, комедия экөө тең болот. Турмуш трагедия менен комедия аралашкан драма.

* * *

Өзгө караганда өгөйлөр бат унутулат, жардыга караганда байлар бат унутулат, жакшыга караганда жамандар бат унутулат.

* * *

Үйүрдүн арасынан жорго тайды көрүп калдым. Топ жигиттин арасынан акылман жигитти көрүп калдым. Жандан да, малдан да чыгат экен. Уучубуз куру эмес- деп кубанып калдым.

* * *

Акылмандуулуктун үнү чыккан жерде жакшы нерселер жаралат. Андан шек санабагыла! Баардыгы жаңы жаралат.

* * *

Сенин акылдуулугуң, бул сенин байлыгың. Ал башкага нур чыгарган жаркын нерсе.

* * *

Жалган менен чындыктын бир окшош жери бар. Экөөнү тең адам жаратат. Бирок чындык адамды жакшылыкка жетелейт. Жалган адамды кайда жетелейт?

* * *

Келишкен үч боз аргымак минип үч жолочу келатат.

Аргымактардын арыбас түрлөрү бар. Алар ушу кебетеси менен жердин шарын айланганы келе жатат. Ал үч жолоочу: Махабат, эмгек жана достук адамдарга таалай чачканы келе жатат.

* * *

Миңдеген чырактын шооласы бир күндүн жарыгына жетпейт, жүз коркоктун эрдиги бир баатырдын эрдигине жетпейт.

* * *

Адам жүрөгүнө каар чогултса, зили жүрүп, ириңдеп кетет кайра эле өзүнө зыян.

* * *

Билбей туруп күнөө кылса, кечиримдүү, билип туруп күнөө кылса, кечиримдүү боло алабы?.

* * *

Түн өтүп күн чыкты, эми эмгекке киришип, өз жолубузду жаратабыз, ошол өлбөс эмгек менен кайра жаралабыз.

* * *

Чындык жоголгон жерде жарык жок. Жарык жоголгондо, айлананага караңгылык жашайт. Караңгыда адамдар бири-биринин жан дүйнөсүн көрө албастык жашайт.

* * *

Эмгек деңиз болсо, бакыт толкун болот. Толкун эмгектин даңазасын башка жактарга кабарлаганы бара жаткан болот.

* * *

Улгайып калган адамдар ат минип өр таяна тоого кетип баратышты. Алардын минген аты мезгил эле. Өр таяна келе жаткан жолу карылык эле

* * *

Ой менен көркөмдүктүн ширелишкен жеринен ыр жаралат. Андай ыр адамдын жүрөгүн түбөлүк мекендейт. Андай ыр кайберендер мекендеп жүргөн Ала-Тоонун сыйкырдуу аймагын мекендейт.

* * *

Улуу акын өзүнчө бир толукшуган океан. Анда толкуну, сүзүп жүргөн балыгы, кайкып учкан ак чардагы, баары болот. Океанда бир сыйкырдуу укмуш кубулуштар жаралат.

* * *

Адамдын өмүрүндө үч кубулуш болот. Төрөлүү, өмүр, өлүм. Төрөлүү болгон жерде өмүр болот.. Өмүр болгон жерде жащоо өз оордунда болот.Өлүм болгондожеоде жаңылык ачылбай эс алуу өкүм сүрөт

 

* * *

Чогулуштун башы жана аягы болот. Чогулуштун башы тартип менен башталып, аягында адамдарга ынанымдуу ой калтырып эмгекке кайраттантып шыктантса, ал жакшы чогулуш. Эч кандай ой калтырбай тарап кетээри менен унутулуп, эсте калбаса, ал жаман чогулуш.

* * *

Шамал тынчып айлана мемиреп уктап калды. Орулуу адам да көшүлүп уктап калды. Адам менен жаратылыш айкалыша тынчып калды.

* * *

Бул дүйнөдө жаманчылык жасабаган адам тиги дүйнөдө бейишке чыгат. Жакшы жашоонун туундусу ошол.

* * *

Мен анын кемчилдигин эскертип алдыда келүүчү чоң кырсыктан сактап калдым. Аны жаманчылык жолду бастырбай аман-эсен алып калдым.

* * *

Адамдар жүргөн жерде бир жылан бар экен. Эми кимибизди чагат деп баардыгы ошондон сактанып жатышты. Жыландай, айың ушак жаманчылыктан сактанып жатышты.

* * *

Начар адамдын кемчилдиги өзүнө зыян, такка отурган падышанын кемчилдиги бүткүл элге зыян.

* * *

Падыша акылы жок аялынын тилин алып өлкөнү башкарса, анысы өзүнө эмес жалпы элге зыян. Анткени элдин турмушу акылы жок аялдын турмушундай болот. Акылы жок аялдын турмушундай жашаган элде кандай тагдыр болот?

* * *

Ак баракка мыкты ырлар китеп болуп чыгып келди. Ошол чыгармалар түштүктөн учуп келген аппак кушка окшошот. Ал китепти ким жаратса, ошол акын бактылуу жанга окшошот.

* * *

Оорулуу акынга ырдын келгени бакыттай туюлду. Ыр келгенден баштап, оору жеңилип бараткандай туюлду.

***

Өмүр боюу ушак айың таратып келген адам өлдү. Жеке эле адам өлбөстөн аны менен ушак айыңы кошо өлдү.

* * *

Оорулуу адамды чүнчүтүп жалгыз таштабагыла! Жалгыздыкты жеңе албай жок болуп кетиши ыктымал. Ал жок болсо, баарыбыз анын ордун таппай калышыбыз ыктымал.

* * *

Күзүндө асманда үн салып, бараткан эки куштун үнүн эшиттим. Алардын добушунан керней-сурнай чалып бараткан өмүр бою бир жашаган экөөнүн үнүн эшиттим.

* * *

Адамдын өмүрү: Төрөлүү, жашоо, көңүлдүү эмгек, улгаюу анан оору, өлүмдөн тургансыйт. Булардын биринчи төртөө бактылуу окуя, калган экөө сөзсүз келе турган окуя.

* * *

Жакшы акын туулган жеринин булбулу. Аны жараткан ата-эне таалайлуу.

* * *

Көзү өтүп кеткендерге куран окулуп эстелик тургузулуп жатыптыр. Демек ал жердин адамдары арбактарын унутпай эстеп жатыптыр.

* * *

Бир кезде адамдар куран да окуй албай эстелик да, койбой арбактарды унута баштаган. Бул арбактар үчүн эчтеке эмес тирүүлөр үчүн жаман жышаан.

* * *

Калп бул ойдон чыгарылган чыгарма же фантазия. Чыныгы калпты фантазиясы бар адамдар чыгарат.

* * *

Айылга жакын жерде чоң кара бак бар эле. Анда таш бака жашоочу. Бир күнү назик жел, – «Канча жашка чык-тың?» – деп ошол таш бакадан сурап калды. – «Мен балакезде, бул калың бак анан тигил таштак жол жок, бул аймак аңгыраган ээн талаа болчу. Андан бери канча кылым өткөнүн билбейм», – деп тиги таш бака жооп берген экен.

* * *

Эки жерде эки төрт дегендер бирөөнүн эмгегин жебеген ак ниет сатуучулар. Эки жерде эки беш дегендео алдамчы сатуучулар.

* * *

Журтубуздун саламатчылыгы биз үчүн чоң кубаныч анткени, элибиздин байлыгы ошол жактан башталат. Ал тоодой болгон алтындан артык. Алтының болгондон көрө, чын ден-соолугуң артык.

* * *

Энелер экиге бөлүнөт. Өз жана өгөй. Өгөй эне балага эч убакта өз энедей жылуулук бөлүп чыгарбайт. Бөлүп чыгарса ал өз энедей бактылуу болмок.

* * *

Чоң атам айтчу: «Энекемдин акысынан кутулган жокмун», – деп атакем да ошол сөздү айтып жүрүп өтүп кеткен. Улгайып баратам. энекемдин карызынан мен да кутула албай өтүп баратам.

* * *

Шайтан ээликтирсе адам накта шайтанга айланат, а жүрөгүн шайтан ээлеген адам эмнеге айланат?

* * *

Турмуш шарты оор болуп акын туулган жерине такыр бара албай калды. Бара-бара эли да акынды унута баштады. Бул эки тараптан тең утулуш.

* * *

Кудайды ким унутат? Элинен качып чыккынчы болгон кеткен жетекчи унутат. Жетекчини эл унутат. Ушинтип бири-бирин унутат.

* * *

Бирөөгө жаманчылык кылганыңды абийриң тескейт, ал тескебесе, адамдар тескейт. Алар тескебесе, жаратканым өзү тескейт.

* * *

Адалдыгыңды булактын суусу менен салыштырсаң болот. Анткени, булактын суусунун тунугунан түбүндөгү кумдар көрүнөт. Кум көрүнсө, кумдагы алтын көрүнөт. Алтын көрүнсө, аны менен кошо жылтылдап үмүт көрүнөт.

* * *

Айдын алтын шооласы жердеги төшөктүн үстүнө төгүлүүдө. Төшөктө бала менен эне уктап жатат. Бала эненин эмчегин ээмп, эми эле мемиреп уйкуга кирди.

Түн бейпил тынч. Айыл уйкуда.

Бардык жерде жымжырттык.

Ай гана тынчтыктан төшөк салып, бизди укта дейт.

* * *

Башыбызга оор күндөр келип жатат, бирок чындык биз тарапта, ал бизди азап-тозоктон коргоп жатат.

* * *

Карыялар жаштарды карап, биздин келечегибиз ушулар деп, болочоктон үмүттөнүшөт. Жаштар карыяларды карап кеңеш берээр, жөлөп таяр тообуз ушулар деп, болочоктон, баарынан үмүттөнүшөт.

* * *

Бир бай адам оор заманда энесин карабай кетти. Энеси ачкалыктан каза тапты. Эне сүтүн коргой албаган байлык өлгөн. Байлык менен кошо бала өлгөн. Байлык жана бала менен кошо эне өлгөн.

* * *

Уйку – жымжырттык, түш – жымжырттыктагы жүрүп жаткан кино. Түш кинону элестетип, андан жашоонун жана чындыктын элеси анча-мынча болсо да бүлбүлдөп төгүлүп турат.

* * *

Ар кандай иштин аягы, болот. Ал эми жакшы нерсеин аягы жок, чексиз уланып кетет. Эмнегендир адам баласы жакшылыкты жаратыш үчүн жаралгандай.

* * *

Багбан жемишти сугарат, жемиш ага түшүмүн калтырат. Адам – адамга жакшылык калтырат. Жакшылык да жемиш сыяктуу үрөнүн калтырат.

* * *

Жалгызга жаманчылык жасап кеттим деп сүйүнбө. Сенин жан дүйнөң да жалгыз, сен да жалгыз, жаманчылык да жалгыз. Баары жалгыз.

* * *

Ар кандай жалган бийлик жана арам байлык чындык менен эмгектен төмөн турат. Ошентип, жакшы жамандан баары бир өйдө турат.

* * *

Үйдөн чымындын ызылдап турганы жай мезгил жаныңда турганы, жакшы адамдын жаныңда турганы, коргоочуңдун жаныңда турганы.

* * *

Тоонун башына чыкканыңда, айланаң даана байкалат. Акылман адамдын жанында турганыңда, айкындыктын жүзү даана байкалат.

* * *

Чындык ачуу үн чыгарып чыңырып жатат. Ал байкуш:

– «Жалгыз таштабай жардамга келгиле», – деп силерди чакырып жатат.

* * *

Бакытты тоголок дешкени дагы чын. Көп адамдар аны колунан чыгарса, тоголонуп жоголоору дагы чын, ал эми мээнетти сүйрү дегени дагы чын. Ал бакыттай тоголонуп жоголбосу дагы чын. Демек адамдардын айтканынын баары чын.

* * *

Тоолорум бозомук тартты. Бул күз келгенинин жышааны, чачтарым ак чалыптыр, бул өмүр жашым улгайып жатканынын жышааны. Күз – булл мезгилдин аянычтуу жышааны.

* * *

Адырда койлор көп, койчу бирөө. Алкымда жайылып жаткан жылкылар көп, күлүк бирөө. Эл-журтту алга сүрөгөн баатыр бирөө.

* * *

Ат минип балалык өткөн жерлерден кетип баратабыз, жөн эле кетпей, өткөн өмүрүбүздү эстеп кетип баратабыз.

* * *

Жигит эрдикти жаратат. Эрдик элди атак-даңкка бөлөйт. Эрдик ошол элдин жеке менчиги.

* * *

Колдон түшпөй турган улуу китепти жаратуу да эрдик.

Анын колдон түшпөй окулуп турганы да түбөлүктүү эрдик.

* * *

Бала түшүндө энесин көрүп жатыптыр. Түшүндө көрүп, өңүндө таппай калгандык – бул жетимдик менен сагынычтын бириккен элеси.

* * *

Бөлүнүп, ажырашуу сагынычты жана кусалыкты жаратат. Албетте бардык эле адамды сагына бербейсиң. Сени ким сагынса, сага ошол адам сагынычты жаратат.

* * *

Тагдыр кандай болсо, жашоо ошондой, эмгек кандай болсо түшүм деле ошондой. Мугалим, ата-эне кандай болсо, тарбия деле ошондой.

* * *

Өмүрдүн көбү өтүп, азы калды.

Карыянын чымчыктай жашы калды. Жашообуз өттү, артыбызда эмне калды?

* * *

Чындык каякта болсо, кудай да ошол жакта. Кудай ар дайыма эл тарапта.

* * *

Пенде ойлонуп отуруп, кыялды жаратат. Кыял асманда учуп жүргөн эркин куш. Асманда учкан алгыр куш адамдарга эркиндикти жаратат

* * *

Чагылган түшөөрдүн алдында, түнөргөн айлана бир аз тынчып калды. Жолочулар жолго чыгаардын алдында бир аз эс алды. Сөөктү коюнун алдында журтту да, бир аз тынчтык аралады.

* * *

Балалык өткөн Балгарт дайрасы менен сүйлөшүп жаттым:

– Балалыгым кайда?

– Аны мен агызып кеткем.

– Эми аны көрө аламбы?

– Агып кеткен өмүрдү кантип көрмөк элең?

* * *

Элдин талабын коргоп чыккан баатыр кадимки эле адамга окшош пенде болот. Бирок ошол баатыр жараткан эрдиктин табына миңдеген адамдар жылынган болот.

* * *

Далай жылдар ачкалыкта жана жакырдыкта жашап, оңоло албаган өлкөнүн жетекчисинде же элинде бир мандем бар.

* * *

Туманда адашкандарды: «Сен каяктасың, бергелгин?»,

– деп үн берип чакырабыз. Турмушта адашкан адамдарды биз ошентип качан чакырабыз?

* * *

Биз үч нерсени кармай албадык: – Күмүш сындуу шыңгыр эткен балалыкты, өтүп жаткан өмүрүбүздү жана көл үстүндөгү күү-шаа эткен толкундарды.

* * *

Түн ичинде каякта от болсо чымын чиркейлер ошол жакка учат. Куштар күзүндө жылуу жакка учат. Мээримдүү жүрөк кайда болсо, сүйүү ошол тарапка учат.

* * *

Ар бир үй ичинен да, сыртынан да бекилет.

Ар бир өлкөнүн ички жана сырткы душманы болот. Сырткы душманга эл бар, аны журт менен тосуп сак бололу! Ал эми ички душман өтө коркунучтуу, ошондон да, сак бололу!

* * *

Жогорку окуу жайында окуп жүргөндө ыр жазып, атак-даңктуу чоң акын болобуз дегендерден он элек. Анан бир аз жыл өтүп сегизибиз калдык. Дагы бир аз жылдан кийин төртөөбүз эле калыппыз. Азыр болсо экөөбүзбүз. Азыр ошол эки чабандес акындыктын күлүк атын чапкылап келатабыз. Баардыгын мезгил таразалайт деген ушул тура.

* * *

Рухий дөөлөтүн жоготкон эл жылаңач. Жарды адам көрүнбөгөн жылаңач. Жарды элди башкарган хан жылаңач.

* * *

Рухий байлык бул көзгө көрүнбөгөн жан дүйнөдөгү байлык, ал алтындан баарынан өйдө турган байлык. Аны сага бирөө келип курап бербейт, сен өзүң курап, түзүп алышың керек.

* * *

Өзүм аябай ток болуп, кошуналарымын ачка болуп турганы жаман, ал эми туугандарымын ачка болуп жүргөнүн көрүп, көрмөксөн болгонум андан бетер жаман.

* * *

Деңиз жээгинде ойго батып турам. Күн Атам, Жер Энем болгон, Алдымдагы деңиз жашоом, андагы учуп жүргөн ак чардактар менин бир туугандарым болгон.

* * *

Балалык күндүн бат өткөнүн билбей калыптырбыз. Ал бат окулуп, жабылган китептей экенин да билбей калыптырбыз.

* * *

Кээде көлөкөбүздү көрүп тирүү экенибизди сезип сүйүнүп калабыз. Ал эми күндөрдүн бир күнүндө биздин көлөкөбүздүн жоголуучу кези келет. Ошондо жоголгон көлөкөбүздү бизден башка ким жоктойт болду экен? Кантип эстейт болду экен?

* * *

Уйкунун бузулганы эчтеке эмес, түштүн бузулганы жаман белги болуп турат.

Рейтинг@Mail.ru