bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Дүйнөдө канча бала болсо, ошончо эне болсун. Анткени балдардын коргоочусу энелер болот. Энеси жок баланын коргоочусу жок болот. Коргоочусу жок баланын тагдырына кыйынчылык сагалап, ого бетер коркунуч болот.

* * *

Учкул сөздөр асканын түбүнөн чыккан булактын элесин берет. Пенделерди булактын шылдыр үнү, тазалыгы, тунуктугу керемет болуп, кайта-кайта өзүнө чакыра берет.

Ошол керемет үндү адам уккусу эле келе берет.

* * *

Бакытты каалаган кишинин жүрөгү ачылышты самап турат. Ачылыш адамдын денесиндеги оргуп ташкан таланты аркылуу келет. Илимдеги ачылыштар турмушту жеңилдетип, адамзатка ийгиликти ала келет.

* * *

Адамдар бири-бирин алдаганда иш жылбайт. Анткени ал жердеги пенделер шайтандын кебетесин кийип жүрүшкөн болот. Шайтандар көңүл көтөрүү, алдоо менен алектенет.

* * *

Байкабай ачууну, таттууга аралаштырып жибербегиле! Мезгили келгенде бөлө албай кыйналабыз!

* * *

Эмгек, талант, сүйүү болгон жерде бир сонун иш башталат. Адамдардын атагын ошол сонундуктар чыгарып, ошол иштен керемет башталат.

* * *

Мен талаа менен баратып, эгин сугарган дыйканга жолугуп:

– Түшүмгө береке берсин, – дедим.

– Айтканыңыз келсин, – деп ал алик алды. Мен аны тааныбайм, ал мени тааныбайт. Бирок бири-бирибизге ак тилек каалап, жан дүйнөбүздү дагы бир ирет байытып алдык.

* * *

Өткүн өтүп кетсе, жан жыргаткан шапатасын эстейбиз. Жакшы адам өтүп кетсе, бизге арналган жакшылыгын эстейбиз. Эмне сонундук болсо, ошонун баарын унутпай эстейбиз.

* * *

Чындык жылаңач төрөлдү, ошондо анын чындык экенин билдик. Жалган оронуп-чулганып, денесин көрсөтпөй төрөлдү. Биз анын чындык же жалган экенин билбей, башыбыз катып шектендик. Оронуп-чулганып, бетин жашырганынан бир нерсесн бар деп шектендик.

* * *

Элдин байлыгын бөлүп алган тирандар карсылдашып бири-бирин өлтүрүшүп, жатты. Ошол күнү бир жарды кедейдин үйүндө чоң той, салтанат болуп жатты.

* * *

Наадандыктын атасы, оройлук, энеси осолдук болот. Оройлук болгон жерде назиктик менен боорукерлик качып жоголот.

* * *

Бир кары айтты:

– Бүтүндөй өмүрүм тоодо мал багуу менен өттү. Досум жамгыр, иним шамал, кошунам туман, өлөң төшөгүм асман менен жер, ырчыларым бороон менен албууттанган дайранын үнү болгон, – дейт. Демек ошол карыя жаратылыштын нак баласы болгон.

* * *

Макоого менин айтканым түшүнүксүз, анын мага сүйлөгөнү түшүнүксүз. Ошентип, экөөбүз үчүн бул дүйнөнүн баары

башаламан же түшүнүксүз.

* * *

Жазайын деген оюңду кагазга жазып кой, такыр унутуп каласың, ал сага карматпай качып кеткен куш. Ал кушту экинчи жолу такыр көрбөй калышың ыктымал.

* * *

Элет жер бир гана каргалар бир гана тынчтык.

– Каргалар кандай жашооңор жакшыбы? – дедим.

– Жакшы биз тынчтыкта жашап жатабыз, – дешти.

– Тынчтыгыңарга береке берсин, силердин тынчтыгыңарды эч ким албасын, силер тынч жашасаңар, биз да тынчпыз, – деп жооп кайтардым.

* * *

Адам өзү басып өткөн узун жолду карап, ойлонуп отурат. Ал жолду жөн эле карап жатабы? Же узун жолдо басып өткөн тагдырын карап жатабы?

* * *

Өмүрдө балалык бар, жаштык бар, мастык бар, эр ортону курак бар, токтогон мезгил бар, анан карылык бар, андан кийин эмне бар?

* * *

Маркумга үйүнөн мүрзөгө чейинки жолу жакын эле, бирок ага кайра келбей, түбөлүк сапарын улап кеткен жол. Кайра келгис армандуу жол ошол.

* * *

Адамдын ишин майда-барат нерселер түзүп турат. Бирок майда-барат көрүнгөн нерселер ага түбөлүктүү иштин өзөгүн түзүп турат.

* * *

Көпкөн макоо чалыш киши мага бир нерселерди айтып жатат, Мен анын эмне деп айтканын түшүнбөдүм. Анын айтканын түшүнүш үчүн мен ошондой макоо чалыш киши болушум керек болуп жатат.

* * *

Сааттан күн куралат, күндөн ай куралат, айдан жыл курулат, жылдан кылым курулат. Ошентип, мезгил куралып жүрүп отурат. Бирок анын аягы кайда барат. Ошого башым жетпей жатат..

* * *

Дүйнөдө темир кымбатпы, же алтын кымбатпы? Сен кайсынысына жетпей жүрсөң, сага ошол кымбат. Ал эми башкаларга башкасы кымбат.

* * *

Күн жаадырап тийип турганда биз аябагандай дос элек, Көп өтпөй алай-дүлөй болуп замана бузулду. Достукту унутуп, ар бирибиз ар тарапка кеттик. Достукту биз бузган жокпуз аны алай-дүлөй бороон бузганын түшүндүк..

* * *

Кылтыйып жаңыдан өнүп чыккан көк чөптөр жаз келатат, жакшы күндөр келатат деген асыл кабарды жарыялап жатты.

* * *

– Бактын ичинде китеп окуп жаттым эле, китебиме үч жалбырак келип түштү.

Биринчиси айтты:

– Күз келди, – деп. Экинчиси айтты:

– Биздин дагы өмүрүбүз аяктады. Үчүнчүсү айтты:

– Эй, адамым сен дагы ак чач болуп, биз сыяктуу картайдың, – деди.

* * *

Бала-чакалуу ата-эненин ажырашканы бир кичинекей өлкөнүн бузулганындай эле болот. Колуңардан келсе ал кичинекей өлкөнү талкалабай, аман-эсен сактап калгыла! Ал кичинекей өлкө бузулса, чоң өлкөгө зак кетеерин такыр унутпагыла!

* * *

Биз көрө элек көчөнүн аягындагы жашаган адамдар өкүрүп ыйлап, бирөөнү жоктоп жатышты. Кебетеси ал жерде бир кайгылуу, оорду толбос окуя болгон го. Ар бир адамдардын башына келген кайгы баардык жерде болоору түшүнүктүү иш

* * *

Бардык нерсе түгөнөт: Байлык да, акча да. Бир гана акыл, үмүт, жүрөктөгү жаркын ой түгөнбөйт. Ошол үчүн үмүттөнгөн адамдын келечеги кенен. А деңиздей кенендик эч убакта, эч бир заманда түгөнгөн эмес.

* * *

Адам басса басып, турса туруп турган көлөкө бул жансыз нерсе, адам жандуу нерсе. Жандуу нерсе менен жансыз нерсенин ортосун байланыштырган бир сырдуу шыбыш бар экенин билгиле.

* * *

Тирүү пенденин күнүмдүк жашоосун сыркоолук менен саламаттык аралап бара жатат. Адам сыркоолукту жеңип, саламаттыкка умтулбаса, өмүрү токтоп калган жатпайбы?.

* * *

Адам өмүрүндөгү жашыруун сырлардын шыбыртын ачкан сайын, анын турмушу жаңылана, жеңилдене берет.

* * *

Маданият менен адабиятка кам көрбөгөн элдин ата-конуш журту аңгырап ээн калып, шамал менен кар ойноп ызылдап суук болуп турду.

* * *

Адамдар бири-биринен достук жакшы маанайды күтөт. Жаңылбасам, алардын жүрөгү деле жакшылыктан жаралбады беле. Андан башка эмнени күтөт?

* * *

Жакшы өткөн учур кайра келбес жомок, аны жомокко айлантып, ар бирбиз айтып жатабыз.

* * *

Адам өзүнүн эркиндигин алганда, анын жан дүйнөсүндө сонун элестер жаңырып ырга айлана баштайт.

* * *

Күн бийиктикте туруп, бизге мээримин таратат. Улуу адамдар да, бийиктикте туруп, жердеги жөнөкөй адамдарга жакшылык нурун таратат.

* * *

Күдүктөнүү, шектенүү иштин алга жылышына кедерги болуп жатат. Биз ошол элести өзүбүздөн жогото албай жатабыз..

* * *

Кара иш каралыгы менен коргоно албайт, тескерисинче ак актыгы менен коргоно алат.

* * *

Убакыттын жылышын эсептебе, тескерисинче ошол убакытта эмне жумуш бүткөрдүң ошону эсепте. Ошол иш биздин эсибизде түбөлүккө сакталсын.

* * *

Тоодой алтындан ток пейилдик артык, жер жарган калп атактан кичинекей карапайымдык артык.

* * *

Кудай пенделерге эс алсын деп түндү, эмгектенсин деп күндүзгү күндү жараткан. Акылдуу пенделер түнүндө да кошумча эмгектенип, ашыкча ийгиликти жараткан.

* * *

Кылымдарга калчу эмгектерди жаны тынбас эмгекчил адамдар жаратат. Алар ошону эле жаратпай өзү менен кошо өлбөс жаңылыкты жаратат.

* * *

Кошунаңы душман кылба! Ал жакынкы душманың болот Ал ар дайыма сага душмандык жасаган менен алек болот. Анда сенин жан дүйнөң да аны менен алек болот.

* * *

Күн, түн, ай, жылдар жаңырган сыяктуу чындык, үмүт, сүйүү, ишенич токтобой жаңырып турат. Эгер алар жаңырбай токтоп калса, адамдардын турмушу до токтоп калмак.. Ошентип мезгил айланып, баардыгы жаңырып турат. Адамдардын жашоосу да жаңырып жаңылыкты күтүп турат.

* * *

Убактылуу жыргал, ал опасыз жыргал, Ал эми эл үчүн жакшы эмгекти жаратсаң ал түбөлүктүү жыргал. Демек опаасыз жыргал менен түбөлүктүү жыргалдын ортосунда чоң айырма бар.

* * *

Асыл эне жөнүндө айта берсе, сөз жетпейт, ал поэма, ал улуу эпос жана аягы бүтпөй айтыла берген улуу санжыра.

* * *

Күнүмдүк өмүр болот, түбөлүктүү өмүр болот. Күнүмдүк өмүр эмгек аркылуу, түбөлүктүү өмүргө жеткени ал – өлбөстүк.

* * *

Күмүш булак жерден шылдырап чыгып, өзүнүн ырын ырдап, жаралган жерин даңктап келет. Адам баласы дагы булак сыяктуу өзү жараткан ата-энесин, туулган жерин даңазалаганырын ырдап келет.

* * *

Жашоонун маңызы эмнеде? – деп, мышыктан сурасак:

– Чычкан жеште, – деди.

Коен:

– Капуста жеште, – дейт. Карышкыр:

– Койдун этинде, – дейт. Ичкичтен сурасак:

– Аракта, – дейт.

Ар бири ар кандай жооп берди. Демек өмүр сүрүүнүн маңызы тамак жеп анан жашоону улантышта экен.

* * *

Жарык – жарыктыгы менен, караңгы – караңгылыгы менен.

Адамдар жарык кезде эмгектенип, караңгыда эс алышат.

Ал эми жаштар жарыкта таанышып, караңгыда сүйүү даамын татышып, андан аркы жашоосун улантышат

* * *

Канаты сынып асманда кайкып уча албаган кыраанды көрдүм. Аягы барып – барып эле аткарылбаган арманды көрдүм.

* * *

Адамдын адамга болгон ишеними эч убакта көрүнбөйт. Бирок ошол ишенимди көз карашы, жүрөгү билгизбей, акырын шыбыш кагып турат.

* * *

Жолдо сапар келатып, ээн талаада бузулуп калган тамды көрүп, мага мындай ойлор келди. Бул тамды ким салды экен? Алар кайда болду экен? Бул тамдын ээси тирүүбү? Бар болсо кайда? Бул ата конушун эстейт болду бекен? Бузулуп калган там мени ар кандай ойлорго салып турду.

* * *

Бактылуулук кайдан башталса, адам үчүн жакшы иштердин баардыгы ошол тараптан башталган.

* * *

Ичкилик уялап, алган денеде ар кандай шайтан, шабыр көп болуп, бактысыздык башын кылтыйтып чыгарып турду.

 

* * *

Манас эпосу бул эмне деген ыр. Ал өзүнчө эле кол жеткис керемет. Ал кереметти чанда гана эл жарата алат. Кыргыз эли ошол керемети менен дүйнөгө таанымал. Бул бактылуу көрүнүш. Мындай улуу ырды улуу эл гана жарата алат го деген сонун керемет ойдомун.

* * *

Санжыраларда, уламаларда Манас ырын жараткан Ырамандын ырчы уулу дешет. Ырахмат ошол ырчыга. Кыргыздын ырысына Манас ырын өзү үчүн жаратпай, эл үчүн жаратканын, баш аягы жок ченемсиз ыр болуп кетээрин улуу ырчы ошондо билдиби? Жана өзүнүн аты жомоктолуп жаңыраарын туюуп бмлди бекен.?

* * *

Сагынбай менен Саякбайдын бүткүл денеси ырдан турат го деп ойлоп калам. Баса ырдан куралбаса, мындай ченемсиз океан ыр алардын кичинекей башына кантип батмак эле деп таң калам.

* * *

Өтө кыйналып жашап жатсаңар да «Кандай жашап жа-тасыңар?» – деп сураса: «Жакшы, жаман эмес, кудай деп – өмүр сүрүп жатабыз» ,– дегиле. Анткени силердин үмүтүңөр алдыда.

* * *

Мен билгенди ал билбейт. Ал билгенди мен билбейм.

Ошол үчүн аны менен үндөшпөдүм.

* * *

Үмүтү, кубанычы сынып калган адам жалгыз калат.

Жалгыз калган адам таянычы жок, бат эле жеңилип калат.

* * *

Караңгыда жол жүрүп бараткан адамдардын алдынан жылтылдап от жанат. От үмүт болчу. Эми адамдардын жүрөгүндө ошол отко жетем деген жылтылдаган от жанат.

* * *

Бир дагы эне уулун бактысыз болсун деп төрөбөйт. Анда адам бактысыздыкка кайдан кабылат. Оор бактысыздыкка аны адамдар түртөт, же бир себептердин аркасы менен кабылат.

* * *

Түн кирип эс алаарда:

– Уйкуңар тынч өтүп, жай тургула! – деп бири-бириңерге каалоо айтууну унутпагыла! Ошондо жакшы эс алып,санааңар жайлана, сонун түштөрдү көрүп, эртең менен шаттуу ойгоносуңар. Майда болсо да ушуну унутпагыла!

* * *

Сүйүү болгон жерде эки көз дайыма жолугат. Ал көңүлдүн эң терең жериндеги ырахатты түшүнөт. Эгерде эки жаштын ортосунда мындай сезим жок болсо, эки көз эмнени түшүнөт?

* * *

Асманда чуру-чуу болуп куштардын тобу айланып жатышат. Адамдар ошол куштардын айланасындагы кара шумкарды кайра-кайра кеп кылып жатышат.

* * *

Көңүлсүз он түндөн бир түн артыгыраак, жүз коркоктон бир баатыр артыгыраак. Начар жүз ырдан бир ыр артыгыраак.

* * *

Жолочу болуп кетип бараткам. Түндөсү түнөгөн чоң даракка:

– Жакшы кал! Бул жерге кайра келемби же келбейимби, муну келечек тагдыр билет, – дедим.

* * *

Мен эмнени кааласам, сен ошону кааладың, демек биздин жүрөгүбүздө өтө жакындык сезим бар экен. Ал жакшылыктын, жаралышы экен.

* * *

Көзүбүз улам-улам чагылышып жатат. Ал жүрөктүн жалыны экени сезилип турат. Эки жалын бириккен жерде сүйүүнүн кудурети чачырап турат.

* * *

Сүйгөнүңдүн элесин күндүз жолукканыбызда көрдүм, түн ичинде уктап жатып түшүмдө көрдүм.

* * *

Аалы акынды мугалимим деп урматтайм. Анын лирикасы эмне деген кенч. Бардык эле акындар ушундай бийиктикке көтөрүлбөйт. Ал эми анын кара сөзүнөн кеменгерлик пайда болот. Талант менен кеменгерлик айкалышканда, акында өчпөгөн даанышмандык пайда болот.

* * *

Ийгиликке жетем деген кишинин санаасы ак. Жакшы кишинин башкаларга тилеги ак, ыр жазылган барактын өңү ак.

* * *

Күндөр кечээгүнкү, бүгүнкү жана эртеңки болуп бөлүнөт. Мындан кечээгүнкү, бүгүнкү күн эскирет. Эртеңки күн эч убакта эскирбейт. Анткени адам баласы эртеңки күнгө жетели деп, канат байлап баратабыз. Ошол үчүн ал жаңы, биз ошол жакка баратабыз.

* * *

Бала атасын элес-булас көрүп калган. Анда кандуу майдан күчөп турган чагы. Жоокерлер ат минип, батышка карай аттанып жатышкан. Бул окуя ошол жайдын сонун бир кечинде болуп өттү. Атасы энеси менен баласын жайлоого калтырып, жакага түшүп, андан ары майданга кетмек. Аларды жайлоого көңүлдөгүдөй жайгаштырды.

Жигит жары жана баласы менен коштошуп, чапкан бойдон батышка жөнөп кетти. Бала атасын көпкө карап турду. Жоокер кетип бараткан тарапка күн алоолоп батып бараткан болчу. Бала атасынан көзүн албайт. Ага бирде күн, бирде атчан чаап бараткан киши көрүнөт. Тигине узун бойлуу ак калпакчан жигит кетип баратат. Ат асман айга түйүлө туяктары, ай чапчып кишенеп жиберди.

Андан бери бир канча жылдар өттү. Бала атасынын өңүн эчак унутуп калган эле. Аны эстегенде күн батышка чаап бараткан атасынын элеси, эске келет. Атасы ага күн көрүнчү.

* * *

Он начар дос көтөрүп келе жаткан жүктү керек болсо, бир эле жакшы дос көтөрүп коёт.

* * *

Үй-бүлөнүн ысык сүйүүсүн катуу мыйзам жарата албайт аны бир гана ысык жүрөк жаратат. Мыйзам жарата албаган нерсени ысык жүрөк жаратат. Анткени адамдын, адамга болгон жакшылытын жүрөк гана жаратат.

* * *

Табыттын өлгөн кишиге кереги жок. Өлгөн кишини көмө турган тирүү кишиге керек. Чоң кишиге оюнчуктун кереги жок, аны ойной турган баласына керек.

Атанын балага айткан акылы, атага кереги жок, анын баласынын келечегине керек.

* * *

Дүйнөдөгү керемет нерселер булар: Жакшыларынын эң жакшысы, мыктыларынын эң мыктысы, атактууларынын эң атактуусу.

* * *

Бай өткөн өмүр бир башка, жардылыкта өткөн өмүр бир башка. Демек бул жашоодо ар бири, ар башка.

* * *

Асыл буюмдарды асыл кишилер жаратат. Алардын асылдык сапатын көргөндөр кубанат. Аны көрүп, билген кийинки муун кубанат.

* * *

Ыймансыздык каяктан келип чыккан? Аны биздин арабыздагы адамдар эле жараткан. Ыймансыз жүрөк ыймансыздыкты жараткан.

* * *

Жер канчалык кенен болгон менен жарды адамдар үчүн дүйнө ошончолук тар. Жардыларга кенен дүйнө ар дайыма тар.

* * *

Бир уяда окшош эле жумурткалар бар. Алардан жаралган балапандын бири кыраан, бири орто заар, жана коркоктору да бар. Баары оп-окшош жумуртка болгон менен алардын тагдырлары ар кандай жаралып жатпайбы. Мунун баары тагдырдагы жазмыштан болуп жатпайбы.

* * *

Тоок дагы бир жумуртка тууп:

– «Бул окуя кичинекей болгону менен мен үчүн чоң жаңылык», – деп какылыктады.

* * *

Бири-бирине кереги жок адамдар карыш жерде туруп жолукпайт. Сагынышкан адамдар жолугуп, сагынышпаган адамдар жолукпайт.

* * *

Ал өгөй эненин колунда жүрүп азапты көп тартты. Өгөй энелер жетимчиликти жаратат. Ошондуктан он өгөй эненин бирөө дагы өз энеге жеткен эмес. Анткени алардын жүрөгүндө баланынын көңүлүн жылыткан энелик мээрим болгон эмес.

* * *

Аарынын чакканы ачуу, балы таттуу, мактоо таттуу, бвардык адамдар ошону каалашат. Чындык ачуу, бирок аны туура кабыл алсаң таттуу жактары болот. Адамдар жалаң мактоону кабыл алышып, турмушта көп жаңылышкан болот.

* * *

Соо адамдар жээкте турган киши. Орулуу адам агып бараткан пенде. Дайранын жээгиндеги адам дайрадагы агып

бараткан кишиге колун берип, тартып, аман-эсен алып калса, бир эрдик кылган болот. Алардын пендечилиги ошол болот.

* * *

Оорулуу денени жакшы көңүл, кайрат айтуу айыктырып адам кылат. Соо денени орой мүнөз, кагып согуу, наадандыгы оорулуу кылат.

* * *

Биз маркумду узатып баратабыз. Ал калат, биз кетебиз. Анын калганы мобул эл үчүн аябай аянычтуу. Жакшы жаркын адамдын бизден бөлүнүп калганы да аябай аянычтуу.

* * *

Үйдөн мүрзөгө чейинки жол жакын эле, бирок ал жакта калгандар үчүн түбөлүк келе алгыс алыс.

* * *

Бирөө мүрзө жакты карап, ошол жакка кетсемби деп, капаланып жашоодон үмүт үзгөн болот. Адамдар бири-биринин көңүлүн калтырганда ушундай айла кеткен ойлор пайда болот.

* * *

Чындыктын балдары: эмгек, таалай, сүйүү, достук болду. Ушактын балдары: жаңжал, ач көздүк, жек көрүү жана көрө албастык болгон. Эки коңшу жер жаралгандан бери ыркы келбей карсылдашып, ынтымаксыз болгон.

* * *

Чындык менен жалганды чакадагы сууга салдык. Чындык суунун үстүнө калкып чыгып, өңү көрүндү. Жалгандык суунун түбүнөн көрүндү. Ошондон бири-биринен айырмаланган жактары көрүндү.

* * *

Жашоо мен ойлогондой эмес экен. Сен ойлогондой эмес экен. Ал такыр башкача экен.

* * *

Көптөн бери жүрөгүмдүн асты чыдатпай ооруп келе жатат. Ал карылыкпы, же ал жерде бир балекет барбы? Эмне болоорун билбейм?

* * *

Жумуртканын ичинде ак менен сарысы бар, жакшы учкул сөздүн ичинде адамдарга арналган сонун асыл ойлор бар. Мүнөзү жайдары адамдын жүрөгүндө бизге арналган жакшы каалосу бар.

* * *

Өмүр жоготуудан жана таап алуудан турат. Күмүшүн жоготкон адам алтында таап алсамбы деп аттанат. Дайым эле жоготууга учураган, адам жолу болбогон адам. Өмүрүндө ийгиликке учурап жүргөн адам жолдуу адам.

* * *

Адамдар жарык кезде эмгекте жакшы жеңиштерди жараткан. Караңгыда ошол жеңишин эстеп, кубанып, түш көрүп, тынчтык менен эс алууну жараткан.

* * *

Дыйкан үчүн ар бир чыккан күн майрам. Ал ар бир күндү эмгек менен майрамдап, өзүнө бакыт алып келип, жашоонун ийгилигин көрөт. Көп адамдар ал майрамдын сырын билип, кубанып дүйнөдөн өтүп баратышат. Ал дагы майрам.

* * *

Бака баканы, жылан жыланды туугандай чындык чындыкты тууса, калп калпты тууп салыптыр. Биз билбеген турмуштун сыры эле ошол.

* * *

Чындык жана эмгек ишке ашып жаткан жерде сөзсүз бир жакшы нерсе төрөлөт. Демек адамдар үчүн бакыт төрөлөт.

* * *

Түнүндө тээтиги күйгөн оттун жанында аял-эркектер ичип-жеп эркелешип, мас болуп ырдап-бийлеп жатканын даана көрдүм. Алар түнкү жарыкта учуп жүргөн шайтан көпөлөктөргө окшошот. Бирок тигилердин жыргалы бир жөн. Шайтан көпөлөктөрдүн учуп жүргөнү бир жөн.

* * *

Чындык оңдогу, жалган солдогу жолдо болгон. Ошол үчүн байыркы замандан бери жомоктордо чындыктын иши оң, жалгандын иши сол болгон.

* * *

Жек көрүү, арам саноо, көрө албастыкты денеңден сырткары айдап салып, үмүт, жакшылыкты жана берешендикти жан дүйнөңө киргизип алсаң, ал жакшылыктын башталган жери болот.

* * *

Денеңе токтоолукту, үмүттү, ишеничти, тазалыкты бекем сактап жүрө көр! Ошондо сен адамдыкты жоготпогон болосуң.

* * *

Арман болгон жерде бакыт болбойт. Бакытты киргизиш үчүн арманды кууп чыккан оң болот. Арманды акыры, унутулчу маалы болот.

* * *

Жүзү каралык, жалган жана бийлик үчөө бир ишти иштеген жатат. Ал жерде кандай балакет болоорун эстегенден корком. Жыйынтыгын уккандан да корком.

* * *

Кээде чындык кой, калп карышкыр болот. Карышкыр койду жеп салган сыяктуу, калп көп эле жолу чындыкты жеп салган. Бирок акыры түбү алар өз жолун табат. Кой-кой бойдон, карышкыр-карышкыр бойдон калып жолун табат.

* * *

Тоо канчалык бийик болсо, ал ошончолук сүрдүү жана бараандуу болот. Убадаң канчалык бекем болсо, карааның опол тоодой улуу болот.

* * *

Кайыкчылар көлдүн тереңинен коркпой толкундан коркту. Калп толкун сыяктуу кебелбеген чындыктан коркту.

* * *

Талаада койду жеген карышкыр да бактысыз, кой да бактысыз. Малды жакшы кайтарбаган койчу да бактысыз. Кыскасы баары эле бактысыз.

* * *

Үйдө тамак аштын калдыгы арбыганда чымын-чиркей көбөйөт. Талаада жан-жаныбардын өлүгү арбыганда жору кузгундардын шаан-шөкөтү көбөйөт. Эл журттан тартип кеткенде жеп-ичкичтер көбөйөт. Жазында жаан-чачын көп жааганда, жаңы көлмөлөр

арбып,. туш-туштан бакалардын чардаганы көбөйөт.

* * *

Чымындын ыры угулду, жаз келаткан окшойт. Эл кубанып жатат, жакшы кабар келаткан окшойт.

* * *

Коом олку-солку болуп турат. Анын түбү чириген. Ал коомдо жашаган эл кантээр экен? Баарынан бийликтегилер элден коркуп турат. Эл башчысы, өкмөт эмне болоор экен.

Дарак куурап баратат, түбү чириптир, ал даракка уя салган куштар кантээр экен?

* * *

Күн караңгылыкты кубалайт. Караңгылык өзү деле, күн жок жерде жашап, өмүр сүрө берет.

* * *

Күн ар бир күнү жаңы төрөлүп жатат. Ал эми чындык жашоого бир эле төрөлүп, ошол бойдон өлбөс болуп, жашап жатат.

* * *

Жоомарттык. Ал алтынга да, малга да, акчага да аябай бай болот. Ошол үчүн ал берешен. Ошол үчүн ал жоомарттык.

* * *

Адамдын тынч уйкусун санаа алды. Санаадан кап-кара чач агарды.

* * *

Көзү өтүп кеткен кишини эскерип, жакшылык кылган эмгегиңди бирге өмүр сүргөн жары билеер. Ал билбесе, денесинен чыккан баласы билеер, ал дагы сезбесе, кандаш тууганы билеер, тууганы элес албаса, арбактын өзү билеер.

***

Оорулуунун акыркы керээз сөзүн угуп калалы. Ал сөздөр жакынына, туугандарына, жалпы эле тирүүлөргө айта турган акыркы ойлорунун жыйындысы. Ошон үчүн аны тыңшап калалы.

 

* * *

Тоо койнундагы түшө калыш жолдо алты атчан сапар келатат. Алты атчандын алдында ак бозчон узун бойлуу, салабаттуу киши келе жатат. Ошол узун бойлуу, салабаттуу адамды алты атчан ээрчитип келе жатат.

* * *

Боз үйдүн жанында үйүлгөн топ адамдар чабандестин келишин күтүп жатат. Тигинде келе жатат акбоз атчан чабандес элге эмне жаңылык айтаар экен? Адамдар бир жаңылыкты күтүп жатат.

* * *

Көз көрбөгөн азиз адамга күн алыс калат.

Баса албаган оорулуу адамга жол алыс калат.

Өлгөн маркумга баардыгы алыс калат.

* * *

Чоң жээрде атчан кирген сууну кечсемби, кечпесемби деп ойлонуп жатат. «Биз менен ойнобо, тагдырың жаман болуп калат», – деп дайра айтат. Жолочу жээкте эмне калаарын билбей жатат, а аркы өйүз туулган жери жолочуну «Бергелгин!» – деп чакырып жатат.

* * *

Мезгил бууракандап агып жаткан чоң дарыя. Дарыя кайра артына бурулбаган сыяктуу, убакыт дагы артына кайрылбайт, жашообуздун ошонусу арман.

* * *

Мактанчаак адам жалгандын үйүндө жүрсө, чынчыл адам бакыттын үйүндө жүрөт.

* * *

Майда адамдын айланасында айкөл адам жашайт. Бирок, майда майдалыгы менен айкөл айкөлдүгү менен айырмаланат.

* * *

Кетип бараткан жолочу бар, келаткан жолочу бар. Экөөнүн жолуккан жеринде ал жайда сурашып, саламдашкан жагы да бар.

* * *

Бийлик-бийлик бойдон калат. Жалган-жалган бойдон калат. Бийликти жалган жол менен башкарсаң, ал дагы ошол жалган бойдон калат.

* * *

Шайтан көпөлөк жарыкты издеп табабы? Жээ жарык шайтан көпөлөктү табабы? Жок жарык ордунда эле турат. Шайтан көпөлөк жарыкка умтулат.

* * *

Жакшы адамдын оозунан анткор, алдамчы сөз чыкпайт.

Андай сөздөр анткор адамдын оозунан чыгат.

* * *

Алдамчылыкты кадимки эле адамга окшош пенделер жаратат.

* * *

Жаз айын жалгыз чабалекей алып келбейт аны бүткүл келгин куштар жана мезгил алып келет.

* * *

Бир үй-бүлө, бала чаканын ажырашканы, заман үчүн да оор, биз үчүн да оор. Эл үчүн андан бетер оор.

* * *

Кайырчыны аяган адам боорукердин боорукери.

* * *

Кубанычтын эшигин ачалы, ал эми кайгынын эшигин колубуздан келсе, жаап салалы.

* * *

Булганган адамдын жан дүйнөсүн тазартыш үчүн жаңы жүрөктү, жаңы бийиктикти табыш керек. Ошолор табылабы? Баары эле табылат. Балким табылып калаар.

* * *

Өткөн ишибизден сабак алып, келечекке канат байлап жатабыз. Жакшы жашоого умтулуп жатабыз.

* * *

Жолдун башы үйүңдөн башталат. Бузулбас бекем сүйүү сенин бекем жүрөгүңдөн башталат.

* * *

Жолдогу дарактын карааны жакшы, караанынан дагы ысыкта, жамгырда жолоочуну коргогону жакшы, баарынан кең талааны жалгызсыратпай өсүп турганы жакшы.

* * *

Бактылуу балалык, бактылуу жомокко айланган балалык.

* * *

Адамдын жан дүйнөсүн өлтүргөн адам киши өлтүрбөсө да ошого карай жакындаган адам.

* * *

Күнөө кылып, анан жаманчылыкка барбай тазалыкка аттанса, ал жомоктогу оң жолго бараткан караан.

* * *

Акылсыздык болгон жерде далай сонун нерселер артка чегинет.

* * *

Рухий духу жогору адам бай болот. Анын жанындагы адамдар кошо бай болот.

Анын өзү эле бай болбой ал жашаган дүйнө бай болот.

* * *

Баары эле акылдуу эмес, жакшылыкта жашоону, турмушка ашырган адам акылдуу.

* * *

Жакшылык жүрөктө жашайт, сулуулук көздө жашайт.

Жүрөк менен көз адамдын күзгүсү.

* * *

Кышкы күн канчалык узак болгон менен эсептей келсең ал деле кыска, бийик улуу тоолорго чыгалы дейбиз, бирок өмүрүбүз кыска.

* * *

Биз Жаратканга баш ийебиз, Жараткан бабаларыбыздын өткөн жолун сактап турат.

* * *

Ар кандай жаман сапаттан жакшылык бийик турат.

Ошол үчүн анын жолу бийик жана үлгүлүү.

* * *

Чыныгы талант, эмгек бар жерде түбөлүктүү жашоо бар.

* * *

Адамдын карап турган эки көзүн алтын, асыл таштар менен тойгуза албайбыз, бирок рухий байлык менен тойгуза алабыз.

* * *

Улгайган кишинин өзү болуш керек, өзүнөн да жакшы сөзү болуш керек. Сөзүнөн да калыстыкты байкаган эки көзү болуш керек.

* * *

Жаштык улгайган адамды өзүнө чакырат, ошол үчүн ал кооз жана керемет.

* * *

Узак жол да жакшы, узак жолдо өмүр сүргөн да жакшы, узак жолдо узак жашка барган андан бетер жакшы.

* * *

Ден-соолугу бар адам бай адам. Бай болуп туруп, денсоолугу жок адам жарды адам.

* * *

Каза болгон адамды жоктоп бир үй-бүлөө ыйласа, ошол үй-бүлөө үчүн керек адам. Миң адам капаланса, ал жакшы адам. Ал эми бүтүндөй өлкөнүн эли жоктоп ыйласа, ал бактылуу өлбөс улуу адам.

* * *

Араа арааланып, балка урулуп жатса, ошол жерде бүтүп жаткан жакшы иштер бар.

* * *

Жашоодо эмгек керек. Ишти бүтүрүш үчүн жумушчу керек. Баарынан ошол жумушчуга ден соолук керек.

* * *

Миң койлуу адам да, коюу бар адам, бир коюу бар адам да, койлуу адам. Болгону бирөө бай, экинчиси жардыраак адам.

* * *

Жезге караганда, күмүш кымбат. Күмүшкө караганда, алтын кымбат. Алтынга караганда бизге өмүр менен ден-соолук кымбат.

* * *

Таалайлуу күндөрүбүз алдыда, ошол үчүн келечегибиз жаркын биз үчүн баары алдыда..

* * *

Акылы бар пенде артык, талантты бар киши артык, баарынан акыл, эмгек, талант үчөөн айкалыштып жүргөн андан бетер артык.

* * *

Өлүм баарынан коркунучтуу ал эми, жазыксыз адамды өлүмгө түртүү андан жүз эсе коркунучтуу.

* * *

Кээ бир адамдар таалайды катып койсо болот дешет. Бирок аны эмгекчил адамдар издеп жүрүп таап алышат.

* * *

Акылмандуулук улуулуктан жаралат. Жана башкаларды оңго салуу да ошонон жаралат.

* * *

Бакытты өз өлкөсүнөн издебей башка өлкөдөн издесе, алар өз өлкөсүндөгү бакытты жоготуп алган адамдар.

***

Тапталган жолдон эл тажап, жаңы жол издеп турат. Бийликтегилер ошол тапталган жолдон кеткиси келбей турат. Эд бийликтин жоголушун самап турат. Эл менен бийликтин карама-каршылыгы чукулда чечилген турат.

* * *

Жаштардын жүрөгүнөн шаңдуу ыр угулат. Орто

курактагылардан толкун баскан шаң угулат. Баса карылардын жүрөгүнөн кандай добуш угулуп жатат?

* * *

Азыркы иш азыр бүткөнү жакшы. Бүгүнкү иш бүгүн бүткөнү жакшы. Быйылкы иш быйыл бүткөнү жакшы, демек ар бир нерсе өз учурунда бүткөнү жакшы.

* * *

Түздүккө караганда тоо бийиктиги менен ыйык. Жоголгонго караганда табылган ыйык. Өлүп унутулуп, жок болгонго караганда адамдардын оюнда түбөлүк эсте калган ыйык.

* * *

Байлык деле туруксуз. Бийлик деле туруксуз. Кыскасы элдин таламын жактай албаган нерсенин баары туруксуз.

* * *

Калыс адамдын айтканы туура. Эл үчүн эмгектенген баатырдын иши туура. Талант менен иштелип бүткөн өнөрдүн баары туура.

* * *

Улуу кишилердин жакшы ишин кичүүлөр кайталайт.

Атанын ишин бала кайталайт.

Адамда кайсы жакшы иш болсо ошонун баары кайра кайталанат.

* * *

Адам оор күндө жакшы күндү эстейт. Жокчулукта барчылыкты эстейт. Муңга баткан адам кубанычты эстейт.

* * *

Жакшылыкты жараткан күндөр бактылуу. Адамга жакшылык алып келген адамдар бактылуу.Баарынан элдин биримдигин жараткан адам бактылуу.

* * *

Дагы бир жай өттү дедик. Дагы бир жайнаган өмүр өттү дедик. Өткөн өмүр кайра келбейт дедик.

* * *

Уурулук болгон жерде талап – тоноо болот. Өзүмчүлдүк болгон жерде кара ниеттик болот. Кыскасы андай жерде жаман нерсенин баары болот.

* * *

Созулуп аккан улуу дайранын башы ак карлуу музда жатат. Биздин баяныбыз карыялар айткан сырдуу санжырада жатат.

Өчпөс эмгектин сыры талантта жатат.

* * *

Баардык жапыз нерселерден Жараткан бийик. Ошол үчүн анын жолу бизге үлгү жана түбөлүктүү.

* * *

Күн жок жерде караңгылык бар. Күн бар жерде түбөлүктүү жарык бар. Чыныгы талант, эмгек бар жерде түбөлүктүү жашоо бар.

Адам баласы дайыма түбөдүктүүдүктү издеп өмүр сүрөт.

* * *

Адилеттүүлүктүн артынан дагы эле адилеттүүлүк болсун.

Байлыктын артынан дагы эле байлык болсун.

Жана жакшылыктын артынан дагы эле жакшылык болсун.

* * *

Баарынан акыл астыда болуш керек. Анан аны жолу менен курулган жакшы жашоо бизге келиш керек.

* * *

Асманда жылдыздар бар сыяктуу, ар бир адамдын жүрөгүндө өчпөгөн жаркын жылдызы бар.

* * *

Ар бир адам бактылуу болушу керек. Анын маңдайына ошондой озуйпа жазылган. Өзү да ошону самаган.

* * *

Бакыт үчүн азап тарткан адам. Башкаларды бакытка жеткирем деген адам.

* * *

Кеменгерлик эч убакта жеңилбейт. Анын эң бийик тепкичине жеткен адамдар бар. Ошолордун оюунда жана ишинде кеменгерлик бар.

* * *

Өлгөндөргө оңой эле жолугууга болот. Адамдардын арасында алардын жакшы сапатын дайыма эскерип, куран окуп турсаңар аларга жолуга бересиңер.

* * *

Акылсыз адамды жеңүү чоң душманды жеңгенге барабар. Себеби ал жерде акылсыздык менен акылмандыктын чоң согушу жүрүп жатпайбы.

* * *

Өз эне тилин сүйүү өз элин сүйгөнгө барабар. Элин сүйүү Ата-Мекенин сүйгөнгө барабар. Ата Мекенге болгон сүйүү албетте эне тилден башталат.

* * *

Ар бир болумушту, ар бир окуяны тагдыр дейбиз. Демек, ар бир окуядан, ар бир болумуштан биздин аз да болсо тагдырыбыз жатат.

* * *

Кыргыз болуп калганыма өкүнбөйм. Кыргыз болуп башка эл сыяктуу өнүгө албай калганыма өкүнөм.

* * *

Эки адам убадалашып жатышат. Алардын ортосундагы чындык бирөө. Жана асманда тийип турган күн бирөө.

* * *

Биз карылыктын келишин күткөнбүз. Биз адамдар үчүн бакыттын келишин да күткөнбүз. Ал эми капыстан өлүмдүн келишин такыр күткөн эмеспиз.

* * *

Чындыктын жүзү бизге даана көрүнүп турат. Ал ошонусу менен жалпыбызга сүйкүмдүү.

* * *

Намыс арыкта агып жаткан суу эмес. Арыктагы суу агып кетет. Ал эми намыс сенин жүрөгүңдө жашап, жоголбогон керемет.

* * *

Зили калп айтуу оорусуна чалдыкпа! Анда баскан жагыңан адашып, өз жолуңу таппай каласың!

* * *

Чыныгы сүйүү эч убакта өзгөрбөйт. Өзгөрүлгөн нерсе сүйүү эмес. Жээ чыныгы турмуш эмес.

* * *

Акылсыздын чеги бар. Акылмандуулуктун чеги болбойт. Ошол үчүн жашообуз бактылуу.

* * *

Улуу адамдар деле биз сыяктуу жардылыкта оор турмушта жашаган. Болгону алар эл үчүн жанын сабап, жакшы иштерди иштеп кеткендер.

* * *

Бир жакшы ишти бүткөрүш үчүн акыл жана акча керек. Эгер бирөө эле жок болсо, иштин натыйжасы болмок беле?.

Рейтинг@Mail.ru