bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Сүйүүдө бакытка жеттик дегендердин таалайлуу үй-бүлө куралыптыр деп билсек болот.

* * *

Бакытты ар бир адам ар кандай түшүнөт. Бирөө бир буюм утуп алса бактылуу болот. Дагы бири чоң эмгек жаратса бактылуу. Демек, бакытты ар бир адам ар кандай түшүнөт. Ар бир адамга бакыт ар кандай жол менен келет.

* * *

Досторубуздун арасынан душмандар чыкса, ал ишеничтин кеткени, душмандарыбыздын арасынан достор чыкса, ал – кубаныч.

* * *

Улуу тоонун бийиктиги алыстаган сайын көзгө даана көрүнүп, бизди кылчак-кылчак каранта берет..

* * *

Көзү өткөн пенделерди тигиндей- мындай дегенде болбойт. Жакшы жактарын эскерип, начар жактарына унчукпай тим болуу. парз

* * *

Бирөө менден сурап калды: «Сен бакыт кушун кармадыңбы?» – деп. Мен деңдароо болуп, жооп бере албай мукактандым. Албетте бир дагы адам бакыт кушун кармадым, – деп, жооп берген эместир. Жооп берсе ошол адам ким болду экен?

* * *

Адамдар рухий дөөлөт менен байып турбаса, анын акылы мокойт, балтаны кайрак менен кайрап турбаса, анын курчтугу мокойт.Заман ачылыштар менен байыбаса, ал да мокойт.

* * *

Бузукулуктун артынан бузукулук келсе, ал жаман. Бузукулуктун артынан оңолуу келсе, ал жакшы.

* * *

Сапар жүрүп отуруп, бир булакка туш келдим. Булак жагымдуу үн салып, шылдырап агууда. Анын мукам үнү менин ырларыма же жалындаган жаштык чагымдын үнүнө окшошуп турду. Баары өткөнгө окшошуп турду.

* * *

Тоо дайрасы катуу киргенде анын үнү алыска-алыска угулуп, атак даңкка бөлөнөт. Талант даарыган акын дагы ушундай асылдыкка бөлөнөт.

* * *

Асманда жалгыз эле бир күн бар сыяктуу жерде дагы бир эле чындык бар. Эгерде чындыктын эки түрү болгондо адамдарга ал шек жаратып турат.

* * *

Өлгөндөн кийин хан деле, дыйкан деле, бирдей кара жерге койулат. Хан үчүн тиги жакта хан сарай жок, дыйкан үчүн тиги тарапта өзү иштеген талаасы жок.

* * *

Улгайып калганыбыздын белгиси биздин өңүбүздөн,

чачыбыздан, денебизден, сүйлөгөн сөзүбүздөн эле билинип турду.

* * *

Өткөн өмүрүбүздүн элеси биз жасаган эмгектен көрүнүп турсун. Эмгегибиз жашап, өмүрүбүздөн өткөндүн элеси жанып турсун.

* * *

Чыгармачылыктан жолу болуп келаткан адам, аябай жолу болуп келаткан мергенчиге эле окшошот.

* * *

Адам өзүнүн ордун билиш керек, көрүнгөндү ээрчий берсе ал жаңылат. Аны көрүп башкалар да жаңылат.

* * *

Бабалардын басып өткөн жолу биз үчүн улуу тарых. Ал тарых унутулуп калбасын деп, китепти ойлоп чыгарып, өткөн өмүрүн ак барактарга ыр кылып калтырышкан. Бул улуу китепти ойлоп жазуунун өзү эле эрдик жана акылмандуулук.

* * *

Улуулук бизге байлык, мансап аркылуу келбестен, талант жана эмгек тараптан келген.

* * *

Бүткүл элди жалгандык менен алдасаң анын аягы эмне менен бүтөт? Үй-бүлөңү жалгандык менен алдасаң анын аягы эмне менен бүтөт?

* * *

Сүйүү никеге чейин болгон. Никеден кийинки сүйүү жоопкерчиликтүү сүйүүгө айланат. Анткени ал жашоодо чыныгы бактылуулукту, турмуштун дал өзүн аралап кетет.

* * *

Үй-бүлө бул: Ата-эне, балдар, кыздар, неберелер жана башкалар. Үй-бүлөлүк сүйүү бөлүнбөс ынтымактын биримдиги. Ал биримдик жалпы элибиздин биримдиги.

* * *

Кичүү муундар улуу муундардын айткан осуяттарын, санжыраларын, уламаларын үйрөнүш керек. Себеби, ошолордо чоң тажрыйба баштамалардын негизи бар экенин билсин.

* * *

Байгеге отуз күлүк кошулду эле, ошолордун ичинен бир эле акбоз күлүк ашып келип, көптөн берки болот деген ат чабыштын тагдырын жалгыз өзү чечип койду. Ал тагдыр бир эле күлүккө таандык.

* * *

Бир сулуу, акылдуу кыз жаштык дүйнсүн байытат, эгерде ал өз сулуулугун булгабай өтө таза сактаса.

* * *

Коркунуч келгенде, агаң – калтааруу, иниң – сабыркоо болот. Кубаныч келгенде агаң-сүйүнүч, иниң-ишенич болот.

* * *

Эки тоонун ортосунда туруп алып кыйкырам. Жаңырыгым аскалар тараптан угулуп турду. Жаңырыгым – ырларым болчу.

* * *

Бала ээрчитип бараткан аялды көрдүм.

Музоо ээрчитип бараткан уйду көрдүм.

Кулун ээрчитип бараткан бээни көрдүм.

Алардан кийин жолдо бараткан энени көрдүм.

* * *

Таң агарганда кыштактын бир жеринде басылбай балканын үнү угулуп жатты. Бул жаңырыктан жаңы башталган эмгектин добушу чыгып жатты..

* * *

Көк-Кыяга кетчү жолдо турам. Астымда ашуу, бул жерден өткөн ата-бабамдын арбагына бата кылдым. Ашуудан аман ашып кеткей элем.

* * *

Астымда чоң дайра агып жатат. Ал менин өмүрүм. Дайра азыр агып жатат. Анын акпай калчу күнү келет. Ал күн алыспы, же жакынбы аны такыр билбейм?

* * *

Жомоктордо бул окуя илгери-илгери болгон дешет. Азыркы заманда дагы жомоктор жаралып жатат. Ал жомоктордун каарманы биз өзүбүзбүз.

* * *

Адам өзүнүн турмушун жакшы жагына өзгөртсө, ишеним жакшы түшүмүн берет.

* * *

Нике үй-бүлөнүн келечеги. Үй-бүлөнүн мындан аркы жоопкерчилиги.Алардын турмушу андан ары уланат.

* * *

Ата-эненин жан дүйнөсү канчалык бай, кубаттуу болсо, балдарга жашоо ошол жактан агылып келет.

* * *

Жакшы үй-бүлө болгон жерде, бири-бирин аё бири-бирин баалоо, жардам берүү сезими жаралат. Анан барып үй-бүлөнүн бекемдиги чыңалат.

* * *

Айылга карай алыстан топ атчандар катуу келе жатат. Ошол атчандардын алдында боз жоргочон адам келе жатат. Адамдардын баардыгы ошол кишилерди күтүп жатышат. Ал бир жаңылык алып келе жатабы, ким билет?.

* * *

Адамдар асмандагы жылдыздарды жердеги болуп жаткан азап-тозокторду билбейт деп ойлошот. Жок алар жердегилердин баардыгын көрүп-билип турушат. Адамдардын бири-бирине чачкан азап-тозокторун көрүп-билип, жылдыздар кайгыдан түн ичинде кайып жоголуп жок болуп жатышат.

* * *

Тарыхта жеңилбей турган төрт эле нерсе бар: талант, мезгил, мейкиндик, жашоо. Адамдардын ырларынын көпчүлүгү ушул төртөөнөн куралаарын туюп билдик.

* * *

Биз улуулукту жер титиреткен бийлик жана байлык аркылуу, келет деп ойлогонбуз. Жаңылыппыз, улуулук, талант жана эмгек тараптан келатканын көрдүк

* * *

Адамдар акыл жана эмгек аркылуу атом, водород бомбаларын таап алышып, бирин-бири кырсыктата баштады. Муну көрүп, күн эне менен асман эне айтты:

– Пенделерим бири-бириңерге бактысыздыкты чачпагылачы , ал кырсык, жаратканым силерди кырсык үчүн жараткан эмес,-деп кайгыланды

* * *

Адамда чындык менен сүйүү өлгөн күнү ошол жерден ишенич кайып жоголот.

* * *

Ар бир адам жашоодо жаңырык болуп туруш керек.Адам жоголгон күнү жаңырыгы кошо жоголот.

* * *

Ар бир үй бүлөнүн жыргалчылыгы анын карамагындагы өлкөнүн бейкуттугу.

* * *

Наристе ата-энесине талпынды. Бул белги менин таянычым силерсиңер, силер бар мен бактылуумун деген белги эле.

* * *

Никесиз төрөлгөн бала таалайсызбы же ошол баланы жаратып карабай качып кеткен ата-эне таалайсызбы?

* * *

Дайны жок алжаке-жалжаке сапаттан, дайны жок тарбиясыздык башбагып турат.

* * *

Алыстан асан чакырган адамдын үнү угулат. Аны ким чакырып жатканын биз билбейбиз, бирок адамдар:

– Жакшы болгула! Жаман иш кылбагыла! Кудайга тобо кылгыла! – деп жакшылыкка үндөп жатканын билип эле турабыз.

* * *

Адамдын өмүрү эки бөлүк китептен турат. Өмүр жана өлүм. Өмүр өзүнчө бир роман. Анда басып өткөн жолуңун баардыгы жазылган. Өлүм ал китептин жабылып жазылбай калганы аягы.

Ал – эпилог.

* * *

Асмандагы жылдыздар биздин эле колубузда турат. Бирок алардын бирин дагы кармай албайбыз. Аны кармаш үчүн талант, эмгек жана билим керек болгон. Алар жок кармай албайбыз. Бизге сөзсүз аларды кармаш керек болгон.

* * *

Кызым, энеңи сыйла! Сен жөнүндө анын эсинде жаман нерсе калбасын! Ал келечегиңе жакшы.

Уулум, атаны сыйла! Анын көңүлүн калтырба! Сен жөнүндө жаман нерсеанын оюунда калбасын! Ал келечегиңе жакшы. Баарыбызга жакшы.

* * *

Үйүмдөгү бир гүлдөн бир эле өсүмдүктүн жытын таптым. Ал эми талаадагы ар түркүн гүлдөрдөн миңдеген гүлзардын жытын таптым.

* * *

Тарыхты тарыхчылар жазат, бирок анын башкы кааманы эл жана башкалар болушат.

* * *

Класста жыйырма окуучу. Ар бир окуучунун көзү мугалимди жаадырап сонун маанай менен карап тигилет. Окуучунун көзү мугалимден эмнени күтөт? Эмнеге тигилет?

* * *

Бала жаңыдан төрөлүп жерге түшкөндө «баа» деп жаңырык таратат. Бул белги жашоодо кубаныч жана азап бар, мен ошонун баарын көргөнү келаткан жолочумун – деген жышаана.

* * *

Бузукулуктун артынан бузукулук келсе, ал армандуу бузукулук.

* * *

Жашоодо кайсы иш оор. Кайсы жумуш жеңил. Жеңил нерсе жок. Баары эле оор. Оор ишти жеңип, анан ийгиликке жеңил жол менен гана жетиш керек.

* * *

Үмүт биздин эртеңкибиз, эртеңки күн биздин келечегибиз.

* * *

Жакшы үй-бүлөдө бардык сонун нерселер жатат. Баарынан мурда жакшы тарбиянын тарыхы, негизги башталышы жатат.

* * *

Адам адегенде жүрөгү менен чындыкты тааныйт, чындык анан тиги кишини тааныйт. Аягында чындык менен сугарылган адамды эл тааныйт.

* * *

Сен жараткан кубаныч менин жүрөгүмө жетти. Менин жүрөгүмөн өтүп, башкалардын жүрөгүнө жетти.

* * *

Бактысыз үй-бүлөө, бири-бирин сүйүүнү көргөн эмес, ошол үчүн бактысыз.

* * *

Мен бактысыз үй-бүлөөнү көрбөй, бактылуу үй-бүлөөнү көргүм келет. Бактысыз үй-бүлөөнү аяйм, алар дагы бактылуу үй-бүлөдөн болсо экен – деп самайм.

* * *

 

«Сүйүүдөн бактыбызды таптык» деп айткан сөздү көп жаштардын оозунан уккум келет. Дагы эле уга бергим келет.

* * *

Жакшы ынактар бири-биринин күнөөсүн кечиришет. Анткени сүйүү ар кандай кемчиликтен жогору турат. Анын жакшы жагы ошондо.

* * *

Баш кошкондор үчүн алдыда чоң иштер бар. Мурун алар ата-энесинин камкордугунда болсо, азыр кичинекей үй-бүлөлүк өлкөнү курууга аттанып чыккандар.

* * *

Кандай адамга баш коштуң, ошол адамдан сенин караан элесиң көрүнүп турат.

* * *

Аялына баш ийген арсыз адам эл башкара албайт. Эл эмес койнунда жаткан аялын да башкара албайт. Эл башкаруу үй-бүлөнү башкаруудан башталат.

* * *

Тарбия гүлдөп турган дарак. Жакшы тарбия жемиши даамдуу дарак. Адамга түрмө да тарбия. Бирок анын жемиши өтө ачуу дарак.

* * *

Жакшы нерсе ыплас жерде жатса да, кайра-кайра карантат. Кеп ошол жакшы нерсе ыпластыкты тепсеп жатпайбы.

* * *

Асмандагы жалгыз айды, жалгыздыгы үчүн аягам. Жалгыз жашап, ар түндө аны караганым үчүн өзүмдү да аягам.

* * *

Өсүүчү жигиттин жолу башкача болот, жаш чагында эле басаар жолу дайын болот. Салган жолу өзүнө даңгыр болот.

* * *

Бул үйдө атасынын өз орду бар, энесинин да өз орду бар, балдарынын, кыздарынын өз орду бар. Демек, бул үйдө жашоо өз жолунда.

* * *

Улгайган адам көлчүктү карап туруп өзүнүн өңүн көрөт.

Өзүнөн мурун улгайган кезин көрөт.

* * *

Баланы куш сыяктуу таптап жаткан чеберди көрөбүз. Баланын жаңы башталган талантын көрөбүз. Баланы таптаган чебердин ишин көрөбүз. Барып-барып эле баланын куш сыяктуу учуп баратканын дагы көрөбүз.

* * *

Таланттын ар кандай түрү болот. Ийгиликке жеткендер жана жетпегендери болот. Жетпей жүрөм деп, мээнеттенгендердин арасында эбак эле жетип алгандар болот. Жеттим дегендердин арасында жетпей жүргөндөр да болот.

* * *

Мен өзүмдү ойлойм, анан үй-бүлөөмдү ойлойм. Анан чыгармачылыгымды ойлойм. Аягында барып-барып эле аз калып бараткан өмүрдү ойлойм.

* * *

Капалуу жүргөн адам капаны, кубанычтуу жүргөн адам кубанычты чакырат. Капага да, кубанычка да батпаган адам бул ааламда барбы ыя?

* * *

Тулпар оор жолдо сыналат.Баатырдык кыйын кезде сыналат.Адилеттик үчүн аттанып, кайраты кайрылган эрдик түрмөнүн ичинде сыналат.

* * *

Ынак эки жашты бириктирген бир нерсе бар – ал сүйүү.

* * *

Баардык жаштар «бактылуу болсок» деп үйлөнүшөт. Анда аларга бактысыздык кайдан жармашып алган?

* * *

Тунук суудан адамдын жүзү көрүнсө,баш кошкон эки жардын мамилесинен сүйүүнүн өңү көрүнүп жатабы?.

* * *

Бекем сүйүү жүрөгүңдө болсун, өкүнүчүң сыртыңда болсун. Жүрөгүңдөгү нерсени эч ким жууп сала албайт. Сыртыңдагы нерсени күбүп салсаң болот.

* * *

Эки жаштын ортосунда кызганчаактык көбөйсө, ал жаман жагына айланышы мүмкүн. Жаштар ошондон этият болгула!

* * *

Узагандардын саны арбып баратат. Улам-улам ошолордун карааны суюулуп баратат.

* * *

Жагымдуу нерсе болот. Жагымсыз нерсе да болот. Экөөнүн ортосунда айырма чоң болот.

* * *

Байлар жөнүндө сүйлөп жардылар жөнүндө сүйлөбөдүк, байлар ошол жардылардын эмгеги менен байыганын да сүйлөбөдүк,.Өлкөбүздө байлар өтө аз, жардылар өтө көп экенин да сүйлөбөдүк, элибиздин байлыгын ошол жардылар түзгөнүн да такыр сүйлөбөдүк.

* * *

Терезеден кирген желден эшик ачылат, элге жакшылык кылсаң, көп адамга жакшылыктын эшиги ачылат.

* * *

Ал жараткан кубаныч менин жүрөгүмө жетти. Мендеги кубаныч башкаларга жетти.

* * *

Жан дүйнөсү таза адам майда пенделерден баары бир улук болгон. Аны улуулукка көтөргөн багы эле тазалык болгон.

* * *

Улуу генийлердин артынан адамдар ээрчиген анткени адамдарды ээрчите турган жакшы касиеттер болгон.

* * *

Акылдуу болуп байлыкты түзө билсең ал дагы бир жакшы жөндөм. Ошол ишиң сени жакырлыктан коргогон.

* * *

Адамдын жаштыгы керемет, ал жашооңдо бир гана жолу өмүр сүрүшүң керемет.

* * *

Сулууну бир карап өт.

Бышып келаткан эгинди бир карап өт.

Байгеге чабылчу жел жетпес, аргымакты бир карап өт.

Баса улгайып бараткан өңүңдү да, күзгүдөн бир карап өт.

* * *

Өмүр бою кара жанын карч уруп келген адам дүйнөдөн кайтаарда бир сөз айтты:

– Чарчадым, эми тынч гана уктайын!.

* * *

Өзүңө каалаган бакытты, башкаларга кааласаң жакшы болот, Башка адамдар бактылуу болсо, аларга да жакшы болот. Сен тааныбаган адамдар бактылуу болсо, жалпы эл бактылуу болот.

* * *

Карылыктан деле коркпойлу, ал келе турган нерсе, өлүмдөн деле коркпойлу, ал боло турган нерсе, аягында карылык деле өлүм- өмүр баары өтүп кетүүчү нерсе.

* * *

Кыштакта каралбай калган үйдү аядым, ал үйдү таштап кеткен адамды аядым, ал адамды батырбай кууп жиберген туугандарды аядым.

* * *

Бирөө менден, – «Бакыт эмне?» – деп сурады.

Жооп: – «Бирөөгө жакшылык чачканың бакыт, өтүп жаткан өмүрүң бакыт, ошол өмүргө таштаган эмгектеги, байлыгың – бакыт».

* * *

Адамдар эки колун таза күтүш керек, анткени көңүлдүн буйругу менен адамдын эки колу ар кандай ыпылас иштерди жасайт.

* * *

Рамис Рыскуловдун ырларын окуганда чоң дайра, мелмилдеп жаткан өрөөн, албуут жаштык, өлбөс өмүр, алдыдагы мейкиндер ачылат. Анын ыры чоң майрам, шатыра-шатмандык ачылат.

* * *

Өмүрүң жоголгон күнү жер үстүндө сени жоктогон

жетимдиктин үнү угулду – ал кошок.

* * *

Поэзия адамдарга өлбөстүктүн шапатасын чачып турат, өлбөстүк сенин өмүрүңдү ырга салып турат, ал ырдан сенин назик шылдырын күүсү жаңырып турат.

* * *

Чыныгы осуят кийинки муундар аткарган осуят, жалган осуят. Кагазда калып, адам аткарбаган осуят, жок осуят.

* * *

Байлыкты акылмандуулук түзүп турат, акылмандуулук кадимки эле жөнөкөйлүктөн турат.

* * *

Китеп – бул турмуш, турмуш да китеп. Чыныгы турмуш– жазылган китеп. Унутулган окуялар качандыр бир заманда жазылып, адамдар окубай унутулган китеп.

* * *

Уурданып түн жарымында жасалган дабыш шектүү дабыш. Эмгектен жаралган дабыш, бир жаңылык жаратып жаткан дабыш.

* * *

Самаган нерсеңи түшүңдө көрүп, өңүңдө ишке ашса, ал чоң кубанычтын белгиси.

* * *

Күн кечтеп баратат, өмүрүбүз да кечки күн сыяктуу өтүп баратат. Баары өтүп баратат.

* * *

Ыр жазгандар өтө көп болуп жатат, ыр менен даңктуу болом дегендер да, көп болуп жатат, армандуу жагы жүрөктү толкуткан чыныгы акындар аз болуп жатат.

* * *

Ким эгер кыямат-кайым иш жасаса, ага кайра кыяматтык менен жооп берилсе, ал жерде эң жаман кыямат кайым иш болот.

* * *

Жалкоолук бекерчиликти чакырат, бекерчилик жакырчылыкты чакырат.

* * *

Үйдөгү кайгы- капа түз эле эшикке чыгып кетпейт. Ал үй-бүлөнүн жүрөгүн аралап кеткен кара так.

* * *

Эски, өзүмчүл бийлик кетет, жаңы адилет бийлик келет. Демек, жаманчылык кетип, жакшылык келет.

* * *

Күйөөсү жок аял балта менен отун жарат.

Аялы жок эркек казан-аягын калдыратып башкарат.

* * *

Таң агарып жылдыздар суюла баштады, жылдар өтүп кайрат кача баштады. Мезгил денедеги асыл жаштыктын жылдыздарын бир жакка алып кете баштады…

* * *

«Мен иштеп жатам, бош кетпей артыма бир нерсени калтырайын», – деп жатам. Демек, мен жашап жатам.

* * *

Жүрөктөгү сүйүүнү акыл жана көз жаратат. Анын жашоо жолун өзүңөр жана жашоо турмушуңар таразалайт.

* * *

Бирөөнү «сүйөм» деп айтыш өтө оор. Ошол үчүн ага бе-рилгениң өзүңүн адеп-ахылагыңан жана жан-дүйнөңдөн көрүнүп турсун.

* * *

Кызганчаактык бул жаман көрүнүш, ошону бел туткан жаштар көп нерседен кур жалак калат.

* * *

Жакшы түгөйлөр оң кол менен сол кол сыяктуу. Экөө бири-бирин колдоп жүрүп отуруп, бул өмүрдө бактылуу жашоого жолугат.

* * *

Кимди сүйсөң ошого бакыт алып кел, аны ошол үчүн сүйгөнсүң.

* * *

Үйлөнгөн жаштардын жашоосунда кулчулук жана эзүү болсо, ал жерден сүйүү качып, арман башталат.

* * *

Адамдагы асыл нерсе-бул сүйүү. Ал пенденин жашоосуна көрк жана ырахат чачып, жашыл өрөөн мейкиндикти аралатып өтөт..

* * *

Бирөөлөр айтат: «Биз кырк жыл бирге жашап, ошондон кийин гана сүйүүнүн асыл экенин билдик».

* * *

Сүйүүдө эреже жок, ал жүрөктү эрежесине баш ийген көрүнүш.

* * *

Бактысыз үй-бүлөнүн адамдары сүйүү эмес, уруп согуу, ушак-айың жана башка жаман көрүнүштөрдү аралап жүрүп отурат.

* * *

Кең талааны мээримдүү күн жылытат, суукта үйдү көмүр менен отун жылытат, «Айткылачы, менин карып калган көңүлүмдү жана жүрөгүмдү ким жылытат?»

* * *

Сулуулук кайда болсо, адамдар аны көрөбүз деп ашыгат, алар өздөрү деле сулуулукту түзөөрүн билишпейт.

* * *

Жакшы окуя түштөй бат өтөт, анын баалуулук жагы эле ошол.

* * *

Акылсыз адамддын алдында унчукпай коюу – бул дагы чоң чатактан коргонуунун үлгүсү.

* * *

Чыныгы поэзия көңүлдөн жаралып, акын ага ээр токуп, канаттуу ырларды акбоз атка мингизип, алыскы элдерге аттантат.

* * *

Суу көрбөгөн жемиштин даамы башка, тарбия көрбөгөн пенденин айтканы башка.

* * *

Күн кеткенде ай-жылдыздардын жарыгы жалгыз күнгө окшобойт. Жетим калган балага башкалар ата-энеге окшобойт.

* * *

Ак буюмду карага боёсо болот. Эмне үчүн кара акка боёлбойт? Турмуш кандай болсо, баары эле ошондой. Анткени каралык такыр акка боёлбойт.

* * *

Бай кедейге, кедей байга жолукпайт. Кедей жарды колунда эч нерсеси жок. Бай да жарды сурасак жок дейт.

Ошол үчүн кедейге анын кайрымы жок. Ошондуктан байыркы доордон бери бай, кедей болуп келатат.

Алты бир туугандын бирөө бай, бешөө жарды. Бешөө итке минген жарды болсо, анда бирөө бай эмес, кедей. Анда алтоо тең жарды.

* * *

Жалгыз койго койчу жок. Талаага коё берсе ал адашат.

Жалгыз бээге үйүр жок, талаага коё берсе бу да адашат.

Акыл айтса, аны хан укпай ал адашат, аны менен кошо эл адашат.Кыскасы баары адашат.

* * *

Адамга жаманчылык издеген пенде эч убакта, эч жерден жакшылыкка жолукпайт.

* * *

Жаман ишти көрүп туруп, көрмөксөн болсоң – бул да күнөө.

Жакшы ишти көрүп туруп, көрмөксөн болсоң – ал да күнөө.

* * *

Орден, медаль тирүүлөргө гана керек окшойт. Өлгөндөрдүн алган сыйлыктары аларды тирүү жашап жүрөт деген белги окшойт. Ошондуктан алар алган сыйлыгын тирүүлөргө таштап кеткен белеги окшойт.

* * *

Арман өлгөндөргө да, тирүүлөргө да тиешелүү. Өлгөндөр

ичиндеги арманын тирүүлөргө таштап кеткен.

* * *

Тирүүлөрдүн өлгөндөрдөн айырмасы алардын тирүүлүгүндө.

* * *

Жаман ишти жасап кеткени үчүн өлгөндөр армандуу, тирүүлөр андан бетер армандуу. Бир гана жасалган кылмышка өлгөндөр жооп бербейт. Тирүүлөр гана жооп берет.

* * *

Бүткүл эл үчүн кылмыш жасап жүргөн адам ошол эли үчүн, бир замандарда жоголгон адам.

* * *

Бала адегенде энесин эстеп, андан кийин атасын эстейт. Жок ага кимиси кайрымдуу болсо, ошону биринчи эстейт.

* * *

Табият адамдан жапыз турбаш керек. Табият дайыма адамдардан бийик турат. Анткени ал түзүүчү. Адамдар түзүүчүнү коргоп, аны сулуулап туруш керек. Адамдар ошол табияттын бийиктигине суктанып жашаш керек.

* * *

Ач көз хандын бир эле оюу бар. Анысы жалпы элге эчак эле белгилүү болгон.

* * *

Котормочулук дайранын эки өйүзү. Дайранын оң жагындагы жазылган мыкты чыгарманы, дайранын сол тарабына бузбай кылдаттык менен көчүрүү.

* * *

Кээ бир адам менен кайра-кайра жолугуп турсаң жан дүйнөң тазарып турат. Себеби анын жылуулугу сенин жүрөгүңү аралап өтүп турат.

* * *

Аары гүл издеп келди, акын туулган жерине ыр издеп келди, оорулуу карт адамга кимдер келди?

* * *

Табият сулуулукту жаратат. Демек, адамдар табияттан сулуулукту үйрөнүп, алар да сулуулукту жаратат.

* * *

Анын жаркын элеси жүрөгүбүзгө катталып картайбады.

Анткени ал эң жакшы калибет мыкты адам эле.

* * *

Бир адам аракты өмүр бою таштай албай келатат арак, да анын артынан калбай ээрчип келатат.

* * *

 

Табият музыкалык үндөргө жык толгон. Аны музыканттар гана билет. Алар ошол үндөн чыгарманы жаратат. Себеби алардын жүрөгү да ошол үндөргө жык толгон.

* * *

Талантка суктангандык ал жакшылыкка, ачылышка, суулуулукка умтулгандык.

* * *

Талантка ач көздүк кылганың, көрө албастыктын белгиси. Андан башка эчтеке эмес. Ач көз адамга талант такыр элдешпей башкача түр мнен жооп берет.

* * *

Оор кезеңде бир-бирине кайрылбай кеткен туугандардынсаны өтө эле арбын. Бул жакшы эмес – жаман. Оор кезде бир бирине кайрылбай кеткен достордун саны дагы арбын. Бул да жакшы эмес –жаман.

* * *

Тактык – жүрүм турумдун таразасы. Тараза бузулса, тактык да кошо бузулат.

* * *

Өзүңдүн ким экениңди билбей туруп, башканы такыр тааный албайсың.

* * *

Жакшы адамдын артынан бир нерсе издеп жүрөт. Анысы өчпөгөн кубаныч.

* * *

Эки жүздүү адам болуш да кыйын, анда биз билбегенө

бир бишкача шек жана жашыруун нерсе жашынып жатат..

* * *

Обондуу ырлар сөз менен музыкадан куралып, сапар келаткан эки мейман.

* * *

Мүрзөнүн жанында улгайган адам бир нерсени ойлонуп отурат. Ал эмнени ойлонуп отурат билбейм?

* * *

Устаттын сөзүн угуу бул улуу иш. Анткени ал улуу турмуштун өзүнөн тарбия алып устат болгон.

* * *

Чыгармачылык – бул түгөнгүс кенч. Ал кенчти талантуу бактылуу адамдар жараткан. Алар карапайым эле адамдардын арасында жүрүп улуу чыгармаларды жараткан. Ошонусу менен өлбөстүктү жараткан.

* * *

Көл канчалык терең болсо да, анын да түбү көрүнөт. Чындыктын түбү канчалык терең болсо, анын түбү да көрүнөт. Эзели калптын түбүн көргөн адам болгон эмес.

* * *

Айкөлдүк, улуулук мейкиндигин кеңейтип жүрүп отурат.

* * *

Көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип анан улуу чыгарма жаралат. Андай чыгарманы жараткан адам өзү эле улуу болуп жаралат.

* * *

Акыл-эси уктап калган адамды ойготуу, акылмандын колунан гана келет.

* * *

Рухуң канчалык күчтүү болсо, ал сага ошончолук чеп болуп бере алат. Чептен мурун кубаныч болуп бере алат.

* * *

Бала чагымда жааган жаанды боз үйдүн эшигин түрүп коюп карап турчу элем. Анда сонун ойдо элем. Эми улгайганда дагы боз үйдүн эшигин түрүп коюп жааган жаанды карап турам. Азыр такыр башкача ойду ойлоп турам.

****

Түбөлүксүз нерсени түбөлүктүү деп көп адамдар жаңылышат.

* * *

Жалгыз гүл топ гүлдүн элесин бере алат. Улуу акылман көп элдин атынан сүйлөй алат.

* * *

Адамдын көңүлүндө айтылбай келаткан көп нерселер бар. Ошолор жашыруун ачыкка чыкпаган сыр болот.

* * *

Өзүңүн жашыруун сырыңы башкага айткан өзүңө жаман, ал эми өлкөнүн жашыруун сырын душманга айтканың ал бери болгондо өтө катуу чыккынчылык.

* * *

Кайдыгерлик көңүлсүздүктү чакырат, көңүлсүз жерде жашоонун алга жылышы супсак жана кызыксыз.

* * *

Улуу иштерди улуу адамдар эле жаратпай, жөнөкөй пенделер деле жаратып улуулукка жетет. Өсүш деген ошол.

* * *

Ишкер адамды ийгилик курчап турат. Андагы жашоонун ачылуучу сыры ошол жакта.

* * *

Улгайган адам үчүн каотаюуу деле күз мезгил. Өмүр бою эмнени эгип келсең ошонун түшүмүн жыйнаганың күз мезгилде көзүңө көрүнөт.

* * *

Трагедия – кайгы, комедия – күлкү. Ал эми көңүл коштукту эмне десек болот? Ал комедия же трагедия эмес, ал такыр башкача .чыгарма.

* * *

Кемчилдикти көрүп туруп, унчукпай койгонуң бул жакшы эмес. Андан мурун адамкерчилик эмес.

* * *

Жакшы адамдын жүрөгүнөн асыл ойлор төгүлүп турат, ал күндөн бөлүнгөн бакыт нуруна окшошот.

* * *

Бир уй бир короо уйду түзгөн эмес. Бир барак бир китепти түзгөн эмес. Анткени ал баракта бир китептик касиет болуш керек.

* * *

Учуш үчүн жалгыз тал канат жетпейт. Ал үчүн кушта болгон баардык тал канат болуш керек.

* * *

Күнөөсүз адамды күнөөлөгөн, өзү күнөөгө баткандык.

* * *

Көңүл ынанымдуу болгон жерде, жашоо ынанымдуулукка айланып, андан ары жылууга болот.

* * *

Жупунулук көрк, анын маңызы жөнөкөйлүктө.

* * *

Тынч мүнөз биз суктанган тынчтыкты жаратат. Буркан-шаркан түшкөн мүнөз изденүү кээде жаңылыкты, же жаңылыштыкты жаратып жиберет.

* * *

Рухий байлык – бизди, биз – рухий байлыкты жаратабыз.

* * *

Тарбиялуулукту китептерден, адамдардан жана коомдон, жаратылыштан үйрөнүп, аны жүрөгүбүзгө байыр алдырабыз же, сиңирип жатабыз. Ошолор менен чыныгы адам болуп жашайбыз.

* * *

Дүйнөдө жети керемет бар дейт. Кыргызда деле жети керемет бар. Алар: Ала-Тоо, Ысык-Көл, боз үй, комуз, Манас, ак калпак, эне тил, бешик. Кыргыздар бул жети кереметинин бирөөнөн эле айрылса, алар үчүн оорду толгус жоготуу.

* * *

Адам өзү жасаган ишинен бакытты көрүп турса, анын өзү эле бакыт.

* * *

Талант менен байлык укумдан-тукумга кала берет. ал эми жалкоолук, ар кандай жаман сапаттар укумдан-тукумга калды деп уккан эмеспиз жана көрбөдүк.

* * *

Чыныгы талант тынчтыктын жана эмгектин нурунан жаралат. Талантты тынчтыктын, эмгектин казанынан сузуп алып кылымдарга калтырабыз.

* * *

Кара өзгөй адамдар жакшы пенделер үчүн жүрөгүнө бир нерсени салып жүрөт. Анда алар эмнени салып жүрдү болду экен?

* * *

Терең ойлонуу болгон жерде жакшылыктын башталмасы бекемделет жана анда келечек бар.

* * *

Тынымсыз ийгилик күрөш болгон жерде жеңиштин түбөлүктүү өмүрү башбагат.

* * *

Акылдын нугу, мектеби – ынаным. Ынаным болгон жерде тарбия – өз нугу менен агып өтөт. Ал дагы ынаным.

* * *

Тарыхтагы ар бир жаңы ачылыш жаңы китеп, аны ачкан адам жаңы төрөлгөн адам.

* * *

Кайсы кылымда илимдин ачылышы көп болсо ошол кылым алтын кылым деп аталган. Кайсы кылымда улуу маданият жаралса ошол кылым дагы алтын кылым деп аталган.

* * *

Кээде бир класстагы окуучуну тарбиялоого караганда, бир баланы тарбиялоо өтө оор жүктөй сезилет. Тарбиялоо өтө оор экенин ошондон эле билүүгө болот..

* * *

Көңүлүң эмнени кааласа, ошону аткар. Ал акылың жана жүрөгүңдүн кезиккен туундусу.

* * *

Ашкере жулунганың менен бай боло албадың, байлыкка жетүүнүн да өз ченеми, өз өлчөмү бар тура.

* * *

Мага дүйнөдөгү улуу керемет жай – өз үйүм, өз очогум экенин алыста жүргөндө сезгем.

* * *

Жаңы ачылышты жасаш үчүн жаңы кайрат керек. Кайратты жаратыш үчүн талыбаган изденүү керек.

* * *

Улуу чыгармаларды руху күчтүү таланттуу, маданияттуу адамдар жаратат.

* * *

Жаңы өсүп келаткан муун өлкөнүн келечеги. Анткени, адамдар алардан көп жакшылыкты, ачылышты жана башканы күтүп жатат.

* * *

Жалган атак тарап кеткен түтүндөй, аны биз таппайбыз жана көрбөйбүз. Ал эми күйүп жаткан жыгачтан чындыкты жана түтүндү табабыз.

* * *

Ыр менин жүрөгүмдү издебейт, менин жүрөгүм ырды издейт.

* * *

Биз чындыкты ылай суудан сузуп албастан таза суудан сузуп алышыбыз керек. Анткени, чындыктын өзү тазалык.

* * *

Адам мурун жаралды беле же, сүйүү мурун жаралды беле, менимче адам жаралып, сүйүү куш болуп учуп келип, анын жүрөгүнө кирип кеткен болуш керек.

* * *

Адамдар өсүмдүк гүлүн жерде өстүрүшөт. Ал эми сүйүү гүлүн жүрөктө өстүрүшөт. Ал көрүнбөйт. Аны жүрөктүн өзү гана, же аны жараткан адамдын көзү гана көрө алат.

* * *

Балаңды жакшы тарбияласаң, анын келечегинен жаадыраган күндү жана өзүңдү көрө ласың.

***

Бешик терметип турган аялдан:

– Баарынан эмне түбөлүктүү? – деп сурадым.

Ал айтты:

– Бала менен бешик.

* * *

Жакшы чыгарма узак өмүрдүн улуу элесин берет. Ал деле

тер агызган улуу эмгектен жаралган.

* * *

Балаң менен жан дүйнөңдү ачып аңгемелешсең, анын жан дүйнөсүнүн ички сыры терезе сыяктуу ачылып сага көрүнөт.

* * *

Эки атчан аңгемелешип отуруп тоодогу конушка кандай жеткенин билбей калышыптыр. Эки жаш сүйүшүп баш кошушту эле, экөө катар жүрүп отуруп, карылыкка абышка- кемпир болуп кандай жеткенин билбей калышыптыр.

* * *

Бүгүн биздин айылда бир бала төрөлүп, бир адам каза болду.

Бул дүйнөлүк деле жаңылык эмес. Бирок кичинекей айыл үчүн чоң эле жаңылык болгон.

* * *

Күн алыстан караганда жылуулук чачкан кичинекей эле нерсе, болуп көрүнөт. Бирок анын ааламга нур тараткан улуулугу улуу.

* * *

Өмүр бою көп нерсени үйрөнүп келатам. Дагы көп нерселерди үйрөнөт окшойм. Ар бир нерсени үйрөнүп билип, тааныш үчүн төрөлгөн окшойм.

* * *

Тынымсыз изденүү болгон жерде жашоо жаңылыкка умтулат, өмүрдүн өзү деле жаңылыкка умтулуудан турат.

* * *

Ар бир кылым өчүп калбас үчүн өзүнүн каарманын жаратып жүрүп отурат. Каармандын өлбөс иши кийинки муун үчүн үлгү жана түбөлүк унутулгус жарык.

* * *

Өмүр бою ыр жазып келип, аны чыгара албаган акынды аяп турам. Жакшы ырды чыгара албаган элди аяп турам.

* * *

Көп ачууланба, анын уусу жүрөгүнө сиңип кетсе, аны кетире албай азаптанасың.

* * *

Адамдар бирөөнүн – бирөөгө жасаган адилетсиздигин көрүп туруп унчукпай коюшту, ошонун өзү– адилетсиздик.

* * *

Күйгөн оттун табына аз эле адамдар жылынат, акылмандар жазган учкул сөздөрдүн отуна миңдеген адамдар жылынат.

* * *

Кур мактоо уйгу-туйгу соккон шамалга окшошкон.

* * *

Чындык үчүн он миң кишини артыңан ээрчитип чыксаң, ал дагы баатырдыкка тете.

* * *

Баатыр элин коргойт, эли баатырын коргойт, же бири-бирине чеп. Чек арадагы чепти баарылап коргойт.

* * *

Жалкоо адам алсыз, ошонусу менен армандуу.

* * *

Мааниси жок жалган иштер маанисиз эпилог менен аяктайт.

* * *

Сен төрөлгөндө ыйлап бул дүйнөгө жалгыз келгенсиң, эми сен өлгөндө көп адамдар кайгырып ыйлап жатса, анда сен бактылуусуң, себеби сенсиз жашоо аларга оор болуп жатат жана аларга сен керексиң.

* * *

Өмүрүңү бекер өткөргөн жылдар жок жылдар. Анткени ал жылдардан эч бир элес калбай актай калган.

* * *

Мектепте окуп жүргөндө китеп окуу, жазуу, ырдоо,

сүйлөө жолдорун үйрөнгөм, мектепти бүтүп кеткенден кийин, курсакты кагдай тойгузуу амалдарын, кантип акча топтоонун жолдорун изилдеп үйрөнүп жатам.

* * *

Сүйүүнү жашырсаң арман пайда болот. Арманды жашырсаң, жүрөгүңдө оору пайда болот. Кыскасы сүйүү ар бир адамда өзүнчө эле роман болот.

* * *

Чоң кайгы кичинекей эле көздө пайда болот. Ал кайгыны тамчылатып суу кылып чыгарган кара көзгө өтө эле оор.

* * *

Көздөн чыккан бир тамчы жаш бир чака суудан алда канча

ачуу болот. Канчалык ачуу болсо ошончолук оор.болот

* * *

Караңгы түн бүтүндөй кыштактарды, шаарды, же баардык жаратылышты жашырып жатат. Унчукпаган адам дагы түн сыяктуу сырын айтпай жатат.

* * *

Жалгыз адамды дарт чалса ал эчтеке эмес, ал эми мекенди дарт чалса ал баарыбыз үчүн коркунуч.

* * *

Эшиктеги соккон шамал сапар бараткан жолоочуну ойлонтот. Ал эми өлкөдө болуп жаткан шамал бүткүл калкты ойлонтот.

* * *

Дарыяга көпүрө салып койгонуң жакшы болду. Көпүрөдөн өтүп жаткан адамдар ар дайыма сени жакшылыгыңы эскерип турушат.

* * *

Түн – тынчтык, күн – күрөш, биз адамдар ошол экөөнүн ортосунда жүргөн пенделербиз.

* * *

Энелер дүйнөсү бул улуу дүйнө. Балдардын жашоосу ошол энеден башталып, ар бир балага дүйнө ачып жаңыртат.

***

Ыр болгон жерде өмүр сүрүүнүн, кубанычтын жолу жатат. Көз жаш менен кайгы болгон жерде армандын жолу жатат.

Рейтинг@Mail.ru