bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Мага суунун майда мончок учкундарынан же, булактын шылдыр үнүнөн жашоонун өлбөс сырларын кадимкидей туюлуп турду.

* * *

«Келгиле адамдар! Чукулда күз келип, анын илеби акырындап кайтат, күн энебиз мээримин чачып турат, ага аябай жылынып, катаал кышта бири-бирибиздин жүрөгүбүзгө жылуулук чачалы! Ошентсек ортобузга жакшы маанай, өлбөс элес жаралган турат! Биз ошол ишти аткаралы! Келгиле адамдар!».

* * *

Ал жигит жаштайынан зөөкүр болуп калды, анда ал ата-энесинен жакшы тарбия албай калган же ага, коомдун-элдин тарбиясы толук жукпай кыйгач кеткен мандемдүүлүк бар.

* * *

«Жакшы өлкөнү жаратуу үчүн Ата Мекенди сүйгөн жаштарды тарбиялаш керек. Ошондо жакшы коом түзүлөт. Мени сыйласаңар ата-энелер, мугалимдер ошону такыр унутпагыла! Жана ар дайыма ошону ойлонгула!».

* * *

Өтө бийик өскөн дарактан жаратылыштын өлбөстүгү көрүнүп турду, адамды оор кыйноого алган пенденин көзүнөн желмогуздун элеси көрүнүп турду, жаш баласын эркелеткен эненин көзүнөн мээримдүүлүктүн шыбагасы төгүлүп турду. өз элин талап -тоногон өлкө жетекчинин көзүнөн дагы бир чоочун элестер, бизди коркуткан көрүнүштөр пайда болуп турду.

* * *

Дүйнөдөн өтүп бараткан адам айтты: « Өмүр бүтүп жашоом токтогон сайын, кайгым да кубанычым да токтойт. Эми тааныштарым жакшы калгыла! Мен көргөн кайгыны көрбөй, мен көргөн кубанычты көргүлө!»

* * *

Чыгармачылыктын туу чокусу көркөмдүк жана ойлуулук болот. Демек жаратуучу ошол экөөнө жеткенде сөзсүз жеңишке жеткен болот.

* * *

Акылман айтыптыр: « Асыл нерсени жараткан адамдын жүрөгүндө өлбөс шоолалар жанып турган жокпу! Ошону байкагылачы, ошол шоолага биз дагы баарыбыз жылыналы!»

* * *

Алыкул Осмоновдун жана Чынгыз Айтматовдун чыгармалары ченемсиз акыл, ченемсиз талант менен жаралган. Ошол үчүн алардын жазгандары ченемсиз мейкиндикти, ченемсиз ааламды аралап кетип жатпайбы. Биз ошону сезели жана чын дитибизден баалайлы.

* * *

Жаманга жакшы окшош эмес, барга жок окшош эмес, эч убакта өлүмгө өмүр окшош эмес.

* * *

Бийликте жүргөндөрдүн баардыгын жакшы иштеп жатат деп ойлобогула! Алардын арасында билинбеген жеп ичкичтер жашап жүрөт. Ошолордон сактангыла! Алар биз үчүн келмиштен миң эсе коркунучтуу!

* * *

Президенттик шайлоо жүрүп жатканда жүз бир жашка чыккан акылман карыя айтыптыр: «Шайлайлы деген жетекчибиз, элдин маңдай терин жеген желмогуз болбосун. Акылмандар, элди тескеген билермандар, урматтуу эл ошону жакшылап байкагылачы! Жаңылыштык кетирип азап тартып калбайлы!»

* * *

Улуу Пушкин өлөөрүндө төмөндөгү армандуу сөздү айтыптыр: «Мүмкүнчүлүк бергилечи ырларымды бир карап алайын!».

* * *

Өлөөрүндө бир адам өкүнүп айтты: « Жашоодо кайта жаралсам баарын жаңыча баштамакмын. Бирок баары кайтарымсыз кеч болуп калды. Бул менин кайта жаралгыс арманым!».

* * *

Чынгыз Айтматовдун бир чыгармасын окуп бир жазуучу арманданыптыр: «Мындай чыгарманы мен деле жазмакмын, болгону ал менден мурун жазып салыптыр.

Демек ар бир адам ачылышты башкадан мурун ойлонуш керек турбайбы».

* * *

Кандуу кабалаңды Напалеон, Чынгыз хан, Гитлер баштабадыбы, бирок анын азап-тозогун баары бир айыпсыз жалпы эл тартты.

* * *

Жапа тарткан адамдын өңүнөн кайгынын элесин көргөм, жокчулукту тарткан адамдын өңүнөн суранууну көргөм, барчылыкта жашаган адамдын өңүнөн бардарлыкты көргөм.

* * *

Акылмандан сурашты: « Өмүр улуубу, же өлүм улуубу? Акылман: « Тирүү жашап жаткан адамга өмүр улуу, ал эми дүйнөдөн кайтып жаткан адамга өлүм улуу, ал өлүмгө баш ийбегенге чарасы калган эмес, бирок ал жашоонун жаркын элесин көрүп, адамдар менен аралашып кеткен адам».

* * *

Аты өчпөс эргүү менен жаралган чыгарманын жолу түбөлүк өлбөстүккө карай умтулат.

* * *

«Сынган кылыч» адабий улуу чыгарма анда кыргыз тилинин байлыгы, туюму кенен ачылып, адамдардын образы даана байкалып, аркыраган дайрасы, шамалы бар укмуш сыйкыры өзүнчө тербип жаткан көз жеткис мейкиндиги көйкөлүп, кадимки биз сүйлөгөн сөз өрөөнү ачылып чыга келет.

* * *

Эне тилибиздин уңгусунда, биз сезе элек, биз билип көрө элек бир укмуш керемет ажайып нерсе жашынып жаткансыйт, ал ыйык нерсе, ак элечек кийген энебиздин курсагынан жарала келип, биз менен кошо төрөлүп, түбөлүк жашап өлбөс болуп калган сыяктанат.

* * *

Эне тилибиз ыйыктын ыйыгы.Ал баарыбыз үчүн түбөлүк түгөнгүс байлык. Жашообуз ошону менен ачылып, ошону менен көркөмдөлүп, тыкыс байланышып калган сыяктанат. Өмүрүбүз эне тил менен башталып эне тил менен аяктайт.

* * *

Кыргыз тилиндеги ар бир сөздү ыйык наристебиз сыяктуу чачынан, денесинен сылап эркелетким келет. Бирок аны кармай албайм, аны кенен жүрөгүм жана жан дүйнөм кармалап, балам сыяктуу эркелетип жатканын билип эле турам. Сезип эле турам.

* * *

Эне тилди биз канчалык баалап барктасак, биз ошончолук түгөнгүс бакытка, байлыкка жолугуп, океандай кенендикке жеткен болобуз.

* * *

Эне тилибиз биз жаралганда эле киндик каныбыз менен кошо жаралган. Эне тил эне сүтү сыяктуу таттуу андан бизди жылыткан өлбөс-өчпөс жашоонун сүйкүм мээрим төгүлө жанып турат.

* * *

Биздин бир чоң жетекчибиз эне тилин билбейт экен ал жетекчи болуудан мурун эне тилин үйрөнүп алса болмок. Эне тилин билбеген адам кантип чоң кызматка барды. Ошол жагы анын элден кемитип салган шору болуп жатпайбы.

* * *

Эне тилбиз өлбөйт, ал биздин балдарыбызга, бизден кийинки муундарга, тукумдарыбызга кол тийбес өлбөс- өчпөс мурас, байлык, таберик болуп жашап кала берет. Алар эне тилди биз сүйгөндөй сүйүп,баалап, биздин жолубузду улантып кетет.

* * *

Манас ыры турганда, эне тилибиз өлбөйт, ошол ырды жараткан касиеттүү эне тилге, касиеттүү элге, касиеттүү улуу акындарыбызга миң мертебе ырахмат айтылат! Улуу адамдардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

* * *

Эне тилибиз жок болуп кетсе, биз жетим калып энебизди жоготкон бала сыяктуу болуп калбайлы! Ошол элести ар дайыма унутпай эсте сактап жүрөлү!

* * *

Эне тилибиздин керемети ичкериден ачылып, биздин жан дүйнөбүздү ичкериден байыта берет. Ошол ата-бабабыз жараткан ыйык дүйнөнү баалоо үчүн өнөр жана сүйүү кусалыгы керек.

* * *

Ар бир адам эне тилинин ыйыктыгын сезиш керек, аны билбей, сезбей калуу бул жашоонун оордуна келбес жоголгон арманы.

* * *

Эне тилин билбей калган уул-кыздарыбыздын айыккыс шору жана түгөнгүз кусалык кайгысы бар экенин биз алардын өңдөрүнөн, сүйлөгөн сөзүнөн көрүп, билип эле турабыз…

* * *

Эне тилдин түгөнгүс кереметтүүлугүн улуулугун түшүнүү: ал өзүнчө окуу, өзүнчө чыгармачылык , өзүнчө жол, өзүнчө эргүү жана талыкпас татаал эмгек. Ошол жолдон ким өтсө, ал эне тилинин ыйыктыгын жана кереметин толук түшүнүп, эне тилинин кереметин канына сиңирет.

* * *

Манас ыры ал өзүнчө ыйык чыгарма, аны окуган сайын, өзүбүздүн байыркы жан дүнөбүз ачылып, эзелки бабаларыбыздын керемет тарыхы биздин жан дүнөбүздө жашап жана жакын болуп сиңип, жаркып чыга келет.

* * *

Манас ыры жөн эле ыр эмес, анын ыйык маанисинде Ала –Тоону, Алтайды ыйык мекенди, эне тилди, кийинки муундарды, ата-бабаны коргоп келген түбөлүктүү өлбөс-өчпөс эрдиги жатат. Биз ошол тереңдиктин маанисин жана кереметин түшүнөлү.

* * *

Байыркы бабаларыбыз бизди сүйлөсүн деп эне тилди калтырган. Эне тил алардын бизге арналган ыйык касиеттүү таберик белеги.

* * *

Эне тилин жоготон адам байыркы ата-бабаларынын таберигин жана өзүнө арналган ыйык мурасын жоготкон адам.

* * *

Мен дүйнөгө келе электен мурун эле ата-бабам сүйлөсүн деп, мага эне тилди жаратып калтырган. Эне тилим, мага ошолордун калтырган улуу мурасы жана түгөгнгүс улуу кенчи. Эне тилин жоготкон адам ошол байлыгынан ажыраган адам.

* * *

Жок болуучу эл өз эне тилин жерий баштайт. Ошол жоругу өзүнүн башына далай сапкыны көрсөтөт, бара-бара ата-бабасы түзгөн байыркы маданиятынын ажырап, өз тилин жоготуп, эл болуудан акырындап калат.

* * *

Тилибиз сүйлөнбөй башка чоң улуттун тилине өтүп кеткен күнү маданиятыбыз, адабиятыбыз эмне болот? Анда улуу Манасыбыз да айтылбай калуучу күн келеби? Бизден кийинки муун Манас ырын, эл тарыхын билбей калган күн келеби?

* * *

Тилибизди сүйүп, барктап бааласак, байыркы ата-бабалардын жаркын элесин, мурасын сактап калган болобуз. Баарынан мурун өзүбүздү –өлбөстүгүбүздү сактап калган болобуз.

* * *

Он баланын ичинен бирөө эне тилин билбей калган коркунуч, ал эми үчөө билбей калса трагедия, ал эми бешоо тең билбей калса, тилибиздин жок болуп баратканы.

* * *

Бүткүл дүйнөлүк уюмдар айтат «Кыргыз тили бара-бара жок болуучу тил»– деп. Бул сөз денебизге муздак суу куюп жибергендей сезилет. Анда бизге эмнеден коңгуроо кагып жата. Кеч болуп кала электе ар бирибиз ошону терең ойлонолу?

* * *

Күн өткөн сайын аз калктуу элдер эне тилин жоготуп башка элдин тилине өтүп жатат. Анда ошол элге да арман, ата-бабасы таштаган эне тилге да арман. Оордуна келгис арман ошентип жаралат. Ал кайра оордуна келбес арман. Ошол окуяны кыргыз эли да ойлонуш керек.

* * *

Биз башка улуу тилдерди да билишибиз керек бирок, кыргыз тилинин кереметин жүрөгүбүздө жоготпой бекем сакташыбыз керек. Анткени ал өзүбүздүн жоголгус менчигибиз.

* * *

И. Арабаев, К. Тыныстанов, Х. Карасаев, Т. Байжиев, З. Бектенов, Т. Саманчин. С. Каралаев, С. Орозбаков, Т. Сыдыкбеков, К.К. Юдахин, Ж. Мукамбаев ж.б. толуп-толуп жаткандар кыргыз тилинин ар бир сөзүнүн колу менен кармалап көрүп алардын кереметине кубанып жан дүйнөсү көөлгүп эргишкен. Биз ошололр сыяктуу эне тилибиздин ар бир сөзүн ошолордой жүрөгүбүз менен кармап көрүп, сүйүүгө берилсек кыргыз тили баардык-баардык заманда жоголбойт .

* * *

Ар бир адамдын жан дүйнөсүн ачуу өтө татаал нерсе, ал үчүн дипломаттык эпчилдик, элчилик өнөр керек. Бул үчүн дагы чоң шык жана жөндөм талап кылынгат.

 

* * *

Жашоодо эки нерсе бар. Белгисиздик жана белгилүүлүк. Биз анда белгисиздиктен белгилүүлүккө өтсөк жакшы болгон турабыз.

* * *

«Балаңы элдин баласындай болбой калды»– деп өкүнбө. Ошону элдин баласындай кылып тарбиялаш керек болчу.

* * *

Бири-бирин жактырып, кошулбай калган сүйүү деле адамдын жан-дүйнөсүндө өчпөй, өлгөнгө чейин бирге жашап жүрө берет.

* * *

Жалгыздык татаал нерсе, бирок чыгармачылык эргүүгө сөзсүз жалгыздык керек болууда.

* * *

Тарыхта жаңы жана эски кубулуштар болот. Мезгил жашообузга жаңы нерсе жаңылык ачып келбесе, анда тарых жаңы боло албай эскирет.

* * *

Кожожаш жаратылышка кастык кылгандыктан ал аскага барып бошоно албай кадалып калды. Аны карап турган эл , достору дагы, жары жада калса Сурэчки дагы бошото албай арманда калды.

* * *

Алыкул деген акындын атын угуп, анын бала чагындагы жетим калып азап-тозокту көрбөгөндү көргөнүн аядым. Аябай оорулуу болуп, канаттуу ырларын жана котормолорду которгонун кубана келип, анысын дагы аядым. Адамга бир берилген сүйүүсү өтө армандуу экенин билип, мунусун дагы аядым. Жана дагы өмүрү кыска болуп жаңы сонун чыгармаларды жарата албай кеткенин билип, андан бетер аядым. Аягында Алыкул өтө армандуу акын экенин билип жүрөгүм ооруп армандана мунусун дагы аядым.

* * *

Өмүрүбүз миң кайрык эмес бир эле кайрык, анткени жашообуз миң кайрыкты толук жарата албай, бир эле кайрык менен бүтүп калып жатпайбы?

* * *

Араа жыгачты араалап кесет, оор кайгы адамдын жүрөгүн араалабай эле кесет.

* * *

Бизден Үзөнгү –Кууш башка жакка берилип, адамдар өлүп оор тополоң башталбадыбы. Ошондо карыялар дүйнөдөн өтүп бараткан бир акылмандан сураптыр: «Акылманым бизден узап баратасың башыңда эмне арманың, эмне кубанычың бар?» Акылман кары оозун чүпөрөк менен аарчып: «Жараган жигиттерибиз тиги дүйнөгө шейит кетти, андан сырткары ыйык жерибиз башка жакка өтүп жатат, күйүтүм менен арманымды тиги дүйнөгө алып кетип баратам, менде кандай кубаныч болмок эле»– деп сай сөөктү сыздата капаланып тиги дүйнөгө көзү жумулуптур.

* * *

Аябай мас болуп жетелетип келаткан кишини көрүп, адамдар акылмандан: «Акылманым бул кишини эмне дейсиз» – деп сурашат, Акылман: «Эмне демек элем адам аракты ичет, бул кишини арак ичип, акылынан такыр адаштырып салган тура»– деп капаланыптыр.

* * *

Куру үмүт жок элес, ал жок нерсени эч убакта бар кыла албайбыз.

* * *

Акылман терең көлдү карап ойлонуп турган экен. Бирөө сурайт:

– Акылманым терең көлдү карап эмнени ойлонуп жатасыз?

– Таза адамдын ойлогон оюу дал ушул көлдөй терең жана тунук, болуш керек,– дептир.

* * *

Бйиктиктин элесин тоолор сактап турушат. Адамдар эмгеги менен ошол бийиктикке жетели деп канат байлап турушат.

* * *

Балалыгым өткөн алыстагы туулган жердин тоолорун сагына берем, жете албайм канатым жок. Бирок ойлорум менен канат жасап, бир канча жолу жетип, кайра эле келип-кетип турам.

* * *

Уурулук бул-бирөөнүн бар нерсени жок кылып ээсинен адаштырып кетүү, мындай ишти башканын эмгегин баалабаган кейбирлер гана жазайт.

* * *

Туулган жердин тузу ыйык, жери алтын дейбиз, а эмне үчүн Үзөнгү-Кууш менен Каркыра башка өлкөгө кетип жатканда, кайдагер болуп, такыр көңүл бурбадык, ошону түшүнбөй башым маң болуп турат. Байкуш туулган жерибиз бизге таарынып көз жашын төгүп, шолоктоп ыйлап турат. Ошол жерге коюулган биздин ата-бабаларчы? Ошолорду эстеп, жерден башым көтөрүлбөй турат.

* * *

Акылмандан сураптыр:

– Ысык күндө иштеген жакшыбы же салкын убакта эмгектенген ылайыктуубу?

Акылман жылмайып:

– Экөөндө тең иштеген жакшы, бир гана такыр иштебей койгонуң эңжаман.

* * *

Таланттуу адамдар турганда биз бакытка жетип кайра-кайра өлбөстүктө термелип турабыз.

* * *

Кээ бир адамдардын өмүрү табышмактуу жашоого барып такалат. Адам ошол табышмактын арасынан жакшылыкты таап чыгып, алдыга жол улаш керек. Табышмактын чындыгы биз эңсеген жагы ошондо чечилет.

* * *

Улуу Шекспир туура айткан «Бул дүйнө өзүнчө театр. Ар бирибиз ролдо ойногон адамдарбыз» деген. Ооба, баардык адам рол аткарып келген бизден кийинкилер дагы рол аткара берет. Бирок ролду ынанымдуу бүткүл адамдарга пайда келтиргендей аткарсак бактылуу болобуз.

* * *

Ар бир адам жашоосунда жакшы жаңылык жаратып туруш керек. Антпесе турмушубузду жаңылык аралабай эскирип калган жатпайбы!

* * *

Таза сүйүүгө көз артып, аны булгоо, бул келесоолук же, аңгилик жаман сапат. Жаратканым биз десең ошондой ыплас нерседен алыс кыла көр!

* * *

Күзгү сары жалбырактарды аяныч менен карап турдум. Өзүм дагы курагым өтүп улгайып баратам. Өмүрүм өтүп мени дагы аяныч каптап, күзгү жалбырактарым түшүп жаткандай болду.

* * *

Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагун, К. Тыныстанов. Б. Юнусалиев, К. Юдахин, Б. Орузбаева, биздин эне тилибиздин сыйкырдуу элесине эмгек сиңирип кеткен. Алардын эмгегин унутсак, эне тилибиздин керемет тарыхын баалабай калган жатабыз.

* * *

Турмуш чындыгын билбей туруп жашоону жакшы жакка бура албай кыйналдык.

* * *

Түшүнүүнүн негизги көңүл чындыгы абийрге барып такалат.

* * *

Эмгек менен жаралган өмүр бактылуу, анын негизинде өлбөстүк жана келечекке арналган акыйкаттыктын жолу жашайт.

* * *

Чолпонбай Түлөбердиев келечек жашоосун ата журтка арнады анын өмүрүндө мекенге берилген өлбөстүк жана кайра төрөлүүнүн өдбөс доору бар.

* * *

Жаман сапаттан алыс жүрөлү антпесек бир берилген жашообузду булганыч жана ыплас нерселер аралап калганы жатат.

* * *

Талант бул- адам жетем деп эңсеген ийгилик же бийиктик ошол үчүн ага биз дагы жетели деп жаныбызды сабап жатабыз.

* * *

Өткөн күндөрбүз биздин артта калган баяныбыз, ал эми келүүчү күндөр биздин баштала элек тарыхыбыз. Демек биз өткөндү карап туруп, баштала элек тарыхыбызды бактылуу кылып түзөлү деп жаткан адамдарбыз.

* * *

Адам улукпу же тагдыр улукпу? деген суроо туулат. Менимчсе адам улук. Анткени адам тагдырды түзөт. Ошол үчүн тагдырыбызды таалайлуу жакка буруп, бактылуу кылып түзөлү деген өкүнүч бар.

* * *

Өткөн жаңылыштыкты эстеп, кайра-кйра чатак чыгара берүү бери болгондо, кемчилдик, ары болгондо келесоолук.

* * *

Кээ бир адамдардын тагдыры ачуу болот. Ошол ачуунун арасына арман жана куса болгондук жашынып жатпайбы.

* * *

Кокустук бул күтүлбөгөн жерден пайда болот. Ал кезде адам өзүн токтоо жана чечкиндүү кармап ошол кокустуктан аман эсен чыгып кетүү керек.

* * *

Асмандагы айды миңдеген адамдар карайт. Үйүнөн куулган адамды эч ким үй- бүлөсү да карабайт. Демек эөөндө эки башка тагдыр жаткансыйт.

* * *

Илимдеги ачылыш жолу табышмактуу болот. Ошол табышмакты таап, адамдарга жарык чачкан окумуштуулар бактылуу болот.

* * *

Көңүл көтөрүү, баланы эргиткен көрүнүш болгон жерде, коркуу, зекүү жок калып, тарбиянын башат эшиги акырындап ачылат.

* * *

Көкө Теңир деген бул улуулук жана бийиктик. Ошого жетиш үчүн биз бийиктикке умтулуп калганбыз жана умтула беребиз.

* * *

Элибиздин көчмөн турмушу байыркы поэзиябызды жараткан. Ал жаратмандык, өлбөс поэзиябыздын күчү биздин жүрөгүбүздү ырга айланып жашап бизге өлбөстүктү жараткан.

* * *

Байыркы элдик ырларыбыз, дастандарыбыз, санжырабыз элибизде жаралып биздин жашообузду көрккө бөлөп өлбөстүккө ээрчитип баратат.

* * *

Махмуд. Кашкаринин. Ж. Баласагындын эмгектери илгерки замандан бизге жазылган каттай туюулат, анда биздин эне тилибиздин уңгусу, эзелки ыйык поэзиябыздын кайрык керемети ыйыктыгы жашынып жаткансыйт.

* * *

Олжобай менен Кишимжандын, Ак Мөөр менен Болоттун, Кыз Жибек менен Төлөгөндүн сүйүүсү өлбөс-өчпөс элес тагдырды жүрөгүбүзгө түшүнүктүү кылып таштап кеткен. Бирок алардын сүйүүсүндө аткарылбай калган арман бар экени бизди жүрөгүбүздү миң мертебе кайгыртат.

* * *

Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырза эжелерибизди эстегенде алардын өлбөс баатырдык элесин балдарыбызга жомок -санжыра кылып кайта-кайта айта бергибиз келет! Алардын эрдиги жалпы кыздарыбыздын түгөнбөгөн өлбөс-өчпөс эрдиги.

* * *

Окумуштуулар жана көзү ачыктар адам өлгөндөн кийин анын жаны чын дүйнөгө өлбөй тирүү учуп кетет дейт. Анда адам пендесин түбөлүк тирүү кылып жараткан Ыйык Теңирге миң мертебе ырахмат!

* * *

Шашкандык да кенч, токтоолук да кенч. Шашпасаң жакшы нерсеге жетпей каласың анан өтө шаша бербе, кырсыкка учурап каласың. Андай кезде токтоолугуңду өтө этият пайдалан!

* * *

Шашпай өтө узукка сүйлөшүп жүрүп баш кошкон жаштар толук бактылуу болушат. Анткени алар сүйүүнүн даамын татып,тагдыр сыноосун аралап, бири-биринин сырын терең түшүнүп, кыйбас ишенимди жаратышкан.

* * *

Өз ата мекенине чыккынчылык кылып качып кеткен адамдар, сыртынан кадимкидей эле адам болуп, бирок ичинен билгизбей ыйлап, тулган жер, Ата Журтун сагынып, кан сөлсүз жүрөгүн куртка жедиртип жаткандай сыяктанды

* * *

Бирөөнүн эмгегин жебе, бирөөнө эмгегиңди жедирбе, ошондо сенин турмушуңдун тактыгы сакталат.

* * *

Көптөн бери бирөөнөн чоң карызын такыр бере албай келатам. Демек мен арманда келатам. Карызга берген кишини да арманга салып келатам. Качан гана карызгадан кутулганда ошол мойнумдагы арманды алып таштайм деп келатам.

* * *

Улуу сүрөтчү Теодор Герцен биздин Манас эпосубуздагы сүрөттөрүн тартып кетти. Ал кыргыздын байыркы бай дүйнөсүн кенен аралап, жана аралаштыра таанып, ошону толук түрдө өлбөс-өчпөс чыгармаларына берип кетти. Өз талантын өлбөс-өчпөс кылып элине арнап кетти.

* * *

Жакшы адамдын жүрөгүндө шоолалуу учкундардын жылт-жулт эткен жалыны башкаларга тийип, аларды нурга бөлөп жатпайбы.

* * *

Берекелүү бай адамдын жан дүйнөсүндө бир нерсе бар эле, ал башкаларга арналган кенендик менен түгөнбөгөн берешендик болчу.

* * *

Улуу Асан кайгынын жашоосунун негизги максаты адамдарга жана жаныбарларга жакшылыкты каалоо болгон антпесе, ал адам болуп жашай албайт болчу. Жана дагы кылымдарга таанылып аты калбайт болчу.

* * *

Дооронбек Садырбайевге «Кыргыз эл баатыры» деген улуу наамды беришти. Ал чыгармачылык жактан дагы, депутат, ата-журтту сүйүүдө дагы жасалма эмес чыныгы баатырдыкты жараткан. Өз элине болгон өлбөс-өчпөс сүйүүнүн доорун жараткан. Анын өмүрү кийинки жаштарыбызга баардык жактан адам катары үлгү боло турган кубанычты жараткан.

* * *

Таланттуу киночу кызыбыз Динара Асанова кыргыз жеринен башка жакка барып, өлбөс чыгармаларын жаратып кеткен. Демек чыгармачылык бакытты өз жеринен эмес, башка жерден тапса, деле болот деген ишенимди толук далилдеп кеткен…

* * *

Жараткандан адам биринчи жаралганбы же шайтан биринчи жаралганбы?. Кайсынысын биринчи жаратканы баш катырат… Анда шайтан шайтан, адам адам бойдон кала берсин. Эмнеге адам жашоосунда өзү эле эки мүйүздүү шайтанга айланып кетет. Менимче адам шайтанды жаратып, анан өзү шайтанга айланып кеткен жери жокпу ия?

* * *

Кудай адамды өзүнүн моделине окшоштуруп жасаган деген аңыз кеп бар. Бирок ал адамдарды өзүнө окшош кылып жаратып, аларды бири-бирине кастык жасасын деп жараткан эмес.

* * *

Улуу аткаруучу Муратбек Рыскулов Король Лирдин образын жараттыбы же, Король Лир Муратбек Рыскуловду талантын жараттыбы? Менимче экөө бири-бирин жараткан. Андан дагы гений Шекспир экөөн тең өлбөс кылып атак жараткан.

* * *

Ак Мөөр, Бүбүсара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева сулуулуктун өлбөс-өчпөс элесин жаратып кеткен. «Алтын баткактын арасында жатса да алтын бойдон кала берет»-деген кеп эми чын чыкты.

* * *

Күнөөлү адамды түрмөгө алып келип камап салышты. Ал жер абдан караңгы жана сыз эле, бирок кичинекей тешиктен шоолаланып күн нуру төгүлүп турчу. Адам ошол жарыкта бир нерсе бардай улам-улам карай берген…

* * *

Оорубаган адам оорулуунун жайын түшүнбөдү,

Ач көз адам барчылыктын жайын түшүнбөдү.

Билимсиз адам билимдүүнүн баркын түшүнбөдү.

Бирок үчөөнү тең адамдар башына иш келгенде барып-барып баарын түшүндү.

* * *

Адамдардын өмүрүндө түшүнүү жана түшүнбөөчүлүк бар.

Түшүнбөөчүлүк болгон жерде иш алга жылат деп айта албайбыз.

Түшүнүүчүлүк болгон жерде жумуш алга жылды деп айта алабыз.

* * *

Бала үчүн ата да жакшы, бирок негизги оор жүктү энелер көтөрөт экен. Ошол үчүн аларга эне өтө керек экен.

* * *

Тазалык, актык, чындык, сулуулук, улуулукту жүрөгүнө алып жүрбөгөн пенделер эч убакта бактылуу адам боло албайт.

* * *

Асыл, таза, жөнөкөй адамдарды таба албай кыйналып издеп жатсак, андай адамдар биздин арабызда эле жашап жүрүптүр.

* * *

Куранды, бибилияны жана башка ыйык китептерди окуп жатып, бир нерсени туйдук, кудайдын улуулугн туйдук, ошол улуу кудай адамдарга улуулукту, урматты чачып жатканын да туйдук.

 

* * *

Адамдын сырткы дүйнөсү менен ички дүйнөсү бир-бирине жакшылыгы дал келип турсун ошондо анын ишинин жакшы жагына ооганы байкалат.

* * *

Адам өмүрүндө түбөлүктүү жана түбөлүксүз нерсени жаратат. Түбөлүктүү өлбөс нерсени жараткан адамдын өмүрү түбөлүктүү таалайга айланат.

* * *

Баардык адамга жашоо бир эле жолу берилет деген кеп бар. Бирок тубаса эмгекчил, гений адамдар өлбөс эмгегин жаратып, өлгөндөн кийин да жашап жатпайбы. Мунун сыры эмнеде? Аларга жашоо эки жолу берилип жатпайбы.

* * *

Илгери эле адамдар чындыкка жетебиз деп күрөшүп келген, азыр деле күрөшүп жатат. Чындыктын карама-каршысында каршылык көрсөтүп эмне күч турат. Ошону биле албай жатабыз?

* * *

Кээ бирибиз « Манас» эпосу бар экенин билбейбиз, айрымдарыбыз андан бир да барак окуган эмеспиз. Бул ошол адам үчүн оорду толбос арман жана рухий байлыгын жоготкондук. Баарынан мурун ал байыркы ата-бабасынын байлыгын таппай жоготкондук.

* * *

Куса болуу бул сагыныч, сагынган нерсеңи көрмөйүнчө же ишке ашырмайынча бук болгонуң бук болгон.

* * *

Адамдын өмүрү кайгыны да, кубанычты да аралап өтөт. Ошол жолдо сен кандай өттүң кеп ошондо болуп жатпайбы?

* * *

Катуу шамал кайдан келет, ошону байкагыла? Коркунуч, бузукулук кайдан келет муну да байкагыла? Ушуларды байкап сактансак эле иш жакшы жагына ооганы турат.

* * *

Түшкөн көлөкө убактылуу нерсе, күн батса жоголот. Жалган бийлик дагы жок нерсе, иштен кетсе ал дагы жоголот. А түбөлүктүү өлбөс иштер кайда? Ошону издеп табышыбыз керек болуп жатпайбы?

* * *

Олуялар, даанышмандар, акылмандар жана канкор зулумдар, ач көздөр, жеп ичкичтер, ыпыластар, ар түркүн пенделер. баардык кылымдарда болуп келген жана боло берет. Бирок алардын асман менен жердей айырмасы бар. Сен ошолордун кимисине кошуласың кудай алдында бизге ошону так айта аласыңбы!?

* * *

Адамдын, жакшылыгын, чынчылдыгын, эмгекчилдигин, урматтай билүү бул дагы чыныгы чеберчилик өлбөстүгүнүн анык жышаанасы.

* * *

Кайгырган адам ичинен да, сыртынан да ыйлайт. Кудай адамды ичинен ыйлатпасын. Ал сыртынан ыйлаганга караганда он эсе азап. Анткени анын назик жүрөгү үн чыгарбай, адамдарга угузбай шолоктоп ыйлап жатпайбы!

* * *

Адамдар бир-бирине кылган жаманчылыкты кечирип жатат, бирок жаман сөздүн тагы жүрөктө калып жатат

* * *

Аялуу адамга өтө этият мамиле кылгыла, жумшак назик мүнөзү сынып калып, муңайымга батпасын!

* * *

Картайган адамдар аман-эсен жашап турса экен.Алар турганда бизден улуулар бар деп, башкаларга жаш көрүнөбүз.

* * *

Жашоо бул тирүүлүк менен өлүмдүн ортосундагы бүтпөй турган айкаш-күрөш.

* * *

Кээ бир адамдар бүткөрөм деген сонун иштерин аягына чейин чыгара албай калат, ошол үчүн өмүрдү чачкын кылбай сарамжалдуу урунгула!

* * *

Улгайып калган ата-эненин он баласы болсо, ошонун ичинен бирөө эле багышы мүмкүн, эгерде он баласы тең бирдей бакса, анда ата-эне жаратканга жана он баласына тең ыраазы болсун!

* * *

Катуу жаңылыштык кетирип, аны кайра оңдой албай калганың бул кайра келгис арман.

* * *

Балта «отунду жарам»,– дейт, дыйкан «жерими сугарам»– дейт, Автобус: «жүргүнчүлөрүмү ташыйм» дейт, баарынын үнүн угуп мезгил айтат: «Бааарыңар жолуңарды уланткыла, антпесеңер жашооңор токтоп калган жатат».

* * *

Ынак достордун ортосун кара мышык аралаган күнү мышык тигилерге алек болуп чычкан жегенди такыр унутуп калат.

* * *

Арамза адамдар душманын алсыз кылып туруп, анан сокку үстүнө сокку урат. Баарыңар ошондон сактангыла!

* * *

Сөздүн маанисине түшүнгөн, түшүнбөгөн пенде болот. Түшүнбөгөндөр сөздү айтылган бир кеп деп айтат. Түшүнгөдөр сүйлөмдүн кереметине суктанып, андан эргүү, кубаныч алып, ырахатка батат.

* * *

Аябай ооруп жапткан жакындарыбызды көрүп, кайрат айтып, көңүлдөрүн көтөрүп келели, антпесек өмүрдөн өтүп кетсе, бизди жоктоп арманын өзү менен кошо ала кетет.

* * *

Жегич хандар, падышалар өлкөнүн байлыгын талап- тоноп башка жакка качып кетти, алар артына кайырчыларды, тентимиштерди, жакырларды гана көбөйтүп кетти.

* * *

Ачуунун даамын аңдабаган пенде, таттуунун даамын деле биле бербейт.

* * *

Макоо адам акылмандын оюуна түшүнбөй жатты. Акылман макоонун баардык оюуна толук түшүнүп жатты. Бирок көңүлүндө аяп койду

* * *

Өмүр боюу жакшы өнөрдү үйрөнүп келаткан адам акыры бир ийгиликке жетпей көйбөйт.

* * *

Чыгармачылыктын эки түрү болот. Кармалуучу жана кармалбоочу Жакшы обончулардын ыры адамдын жүрөгүндө, көзүндө кармалат, сонун акындардын китеби адамдын колуна, жүрөгүндө кармалат. Ал эми кармалбоочу чыгармачылыкка эмнелер кирет аны ойлонуп анан айталычы!

* * *

Кеменгер жетекчи элине пейпилдикти, токчулукту, бакубат жакшы заманды алып келет. Аны менен кошо элге жыргал доор жакшы жашоо келет.

* * *

Тилчилерибиз мезгилди туура эле үчкө бөлгөн: Өткөн чак, учур чак, келеер чак. Анда өткөн чагыбыз тээ алыстагы алтын балалыгыбыз болсун. Учур чак мээнеттене тынбай эмгектенип жаткан ушул чагыбыз болсун. Келеер чак өткөн эмгегибиздин ырахатын көрүп, дөөлөттүү эс алып, карылыкты сүргөн бактылуу күндөрүбүз болсун.

* * *

Усталар да иштеп жатат, тикмечилер да иштеп жатат, акындар да иштеп жатат, кыскасы баарыбыз иштеп жатабыз, артка бир нерсе калтыралы, нан таап, таза жашайлы, деп үмүттөнүп жатабыз.

* * *

Адамдар айтат: «Мурунку жаштарыбыз аябай үлгүлүү болгон» – деп, жок азыркы жаштарыбыз деле үлгүлүү, влардын эмгегине, жүрүм-турумуна сыймыктансак болот.

* * *

Шаардагы бай адамдардын заңгыраган этаж үйлөрүн көрүп, айылдан келген адам айтты: «Мындан көрө менин айылдагы тоонун түбүндөгү, суунун жээгиндеги бак шактуу эки бөлмө үйүм ызы -чуусу жок, тынч, жымжырттык аралап түбөлүк бейкуттукта жашап, эч нерсеми уурдап кетпейт деп жаным тынч. Ошол үйүм жакшы экен»-деп кубаныптыр

* * *

Жаңы менен эскинин ортосунда чоң айырма бар, жаңы жаңылыгын салып, жашообузга ачылышты жакындатып турмушубузга жакшылыкты алып келет.

* * *

«Жашообуз бул түбү жок чексиздик, кайда баратабыз, эмнеге баратабыз, биринчи ошону аныктап алалычы? Анан калганы өзү эле чечилет» -деп кээ бир адамдар баш катырышат.

* * *

Адам уктаса да, басып жүрсө да, аябай катуу ооруп жатса да ойлонот. Кыскасы адамды ой жетелеп жүргөн шекилденет. Ошол үчүн ойлоно берели.

* * *

Айланайын адамдар,! Оюуңарга жаратканымдын ыйык каалосун киргизгиле! Силердин аң сезимиңер жакшы жагына жылса, биз аны көрүп, баарыбыз кайра жаралган болобуз!

* * *

Соккон жүрөгүм нурланып, жаратканым жакшы каалоо ийгилигин, жүрөгүмө киргизип турса, менин жашоом жакшы жагына ооп бараткандай сезилет.

* * *

Адам пендесине өлүм келе турган кубулуш, келсе көтөрөбүз. Ал кандай жол менен келет биз ошону билбей жана сактана албай жатабыз. Келсе аны да көтөрөбүз.

* * *

Кээ бир адамдар айтат: «Күндү кантип жүрөгүбүзгө батырабыз» деп. Батырабыз жүрөгүнө күндү батырып, адамдарга кайра нур чачкан улуу гений адамдар толуп эле жатпайбы.

* * *

Аркандын бир учунда сүйүү, экинчи учунда жек көрүү турат. Жүрөгүмө «Кайсынысын аласың десем?», «Сүйүүнү эле аламын» дейт. Албетте сүйүүнү алган жүрөк башкаларга бактылуу нур тарата алат. Ошол үчүн жүрөк жашап, жана жакшынакай иштеп жатат.

* * *

Адам деле пенде эмеспи, сүйүп да, жек көрө да, билиш керек. Сүйүүнү жана таза жашоону булгаган кишини жек көрүш керек. Ал эми тазалыкка, сүйүүгө, акыйкат чындыкка умтулган адамды жакшы көрүш керек.

* * *

Маанисинде жалыны, таланты, ачылышы, чындыгы жок адабият чындыкка такыр дал келбейт.

* * *

Элдин демине журтка каршы багытталган адилетсиздикти жана жалган ушакты жеңип, чындыкты жарата алган адам баатырдыкты деле жарата алат.

* * *

Чындыкты садага чапкан адамдын жанында жүрүү коркунучтуу жана опурталдуу

* * *

Элди ээрчитип келеткан эл башчынын жолу дайыма алдыда болуш керек, ал токтоп калса, же баса албай эмне кылаарын билбей кетенчиктеп артка карай жылса, артындагы күргүчтөп келаткан журт аны тепсеп кетсе жок болушу ыктымал.

* * *

Жашоо канчалык сулуу көрүнгөнү менен ач көз, митаам адамга кандайдыр бир жери жетпей турат.

* * *

Ыр жазып баарыбыз акын болдук деп турабыз, бирок таланттуу ыр жазып качан Алыкулдай чыныгы даанышман болууга жете албай арманда турабыз.

* * *

Өсүп турган роза гүлүнүн сулуулугу каргага керек эмес, сулуулукту даңазалап оболотуп ырга салган тигил булбул менен акынга керек.

* * *

Бул оорчулук, жокчулук заман акыры бизден бир күнү кетеерин билип эле турабыз, бирок тетиги элдин канын соргон жетекчинин кайсы күнү иштен кетеерин такыр билбей турабыз.

* * *

Ырас эле адамдарга өмүр бир эле жолу берилиптир, эки жолу берилсе, Напалеон сыяктуу адамдар, бул дүйнөнү азга болсо да, кайтадан бийлеп алайын деп ааламды будуң-чаң кылмак экен.

* * *

Бийликтен жетип элдин башкарам дегендер өтө көп болуп жатат. Бийликке жетип элимдин турмушун кантип оңдойм дегендер такыр эле жок болуп жатат.

* * *

Өлкөгө эркиндикти эл алып келет. Ошол эркиндикти пайдаланып кээ бир адамдар эл башчы болуп, өз жанын жана жакындарын жыргата туйтуна баштайт. Анда биздин элге такыр эркиндик жеткен эмес. Эл мурункудай эле жакыр жашап келет.

Рейтинг@Mail.ru