bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Жылкычы чымчыктын үнүн уктум. Буттарына жаз байланып келаткан окшойт. Бизди кубандырып жаз майрамын алып келген окшойт.

* * *

Төбөсү ачык көк улук, төшү түктүү жер улук, ортосунда жашоосун өткөрүп турган, адам пенде улук, баарына жылуулук жана жашоо берип жаткан күн улук!

* * *

Жаз эмнеге кечикти? Эмнеге жылкычы чымчык бизге келбей кечикти? Эмнеге кары адам тоону карап телмирет? Эмнеге баары эле кечикти?

* * *

Мектеп – гүлзар, ата-эне мугалим – багбан, ал эми бала

– өсүп келаткан гүлзардагы касиеттүү гүл – ал өлкөнүн келечеги.

* * *

Алыстагы жылдыздарды жерден көрөбүз. Дыйкандын түшүмүн күзүндө көрөбүз. Чыныгы таланттын бар, же жок экенин жазгандарынан көрөбүз. Өзүбүздүн жүзүбүздү элге сиңирген эмгегибизден көрөбүз.

* * *

Такыр байлык болбогон элде, жардылык бар. Жарды жашаган элде уурулук, бири-бирин алдоо жана башка жаман көрүнүштөр бар.

* * *

Үч киши чогулуп алып сүйлөшүп жаттык. Бирок үчөөбүздүн мамилебиз келише алган жок. Ошондон кийин үчөөбүз үч башка жолду тандаган адамдар экенибизди түшүндүк.

* * *

Адам бакытты да, кайгыны да өзү жаратат. Демек, адам өз тагдырын өзү жаратат.

* * *

Таланттын табышмактуу сыры анын ички кереметинде жатат.

* * *

Ата-бабанын тарыхы улам алыстаган сайын алардын жашоосу бизге мунарык жана күүгүм тарта берет.

* * *

Манас ыры элибиздин генийлигинен жаралган. Аны жараткан эл бактылуу деп, башка элдин адамдары шыпшына кубанышат.

* * *

Жаштык өлүмдөн да, коркунучтан да, баарынан корккон эмес. Ошол үчүн ал кайраттуу, ошол үчүн ал – жаштык.

* * *

Карылык болгон жерде сый болсун, жаштык болгон жерде эмгек болсун, карылык жана жаштык болгон жерде бакыт баары болсун.

* * *

Өлгөн адамдан жалгыз туяк калды.

Түнкү толкундан көл жээгинде из калды.

Күн сапарга кетип, жер үстүндө түн калды.

* * *

Бай жалгыз козусу жоголгондо, «Байлыгымдын чети оюлду»-дейт. Жарды жалгыз эчкилүү болгондо, «Байыдым»– дейт, бака кенедей сазы кургап калса, «Бүт дүйнө кургап калды»– дейт.

* * *

Жакшы, жаманга тең келбейт, сынык бүтүнгө тең келбейт, бар, жокко тең келбейт.

* * *

Көл жээгине келдим. Көл да тынч. Түндө көлдөн тынчтыкты таптым. Көл үстүнөн айды анын шооласын да кошо таптым.

* * *

Акылман да, акмактар да чогуу жашайт. Акмактар акылмандан көп нерсени алса болот. Ал эми акылман акмактан эмнени алса болот?

* * *

Сенин жүрөгүңдү кайгы каптаса, асмандагы ай да, кайгылуудай сезилет. Жеке эле ай эмес, мобереги айлуу түн да, убайымдуу сезилет.

* * *

Кыргыздын көчмөн турмушунда Жараткан улуу орунду ээлеген. Жараткан алардын жан дүйнөсүнүн ыры эле. Жараткан -бийиктик Теңир эле. Журтубузду ошол байыртан бери кемитпей сактап келген эле.

* * *

Чындыктын да өз жолу бар. Калптын да өз оорду бар. Акыйкаттын да, өз турагы бар. Мен анын кайсынысын тандайм. Демек, менин да өз жолум бар.

* * *

Улуу бейпилдик адамдын ыйык досу. Адамдар улуу бейпилдикти сактап келген.Пейпилдик адамдарды сактаган.

* * *

Улуу рухубуздан ажырабасак экен. Ажырасак биз менен рухтун ортосунда аралык алыс болуп, анда төбөсү ачык көктү, төшү түктүү жер энени да, а түгүл өзүбүздүн ким экенибизди да, көрө албай калабыз.

* * *

Жалгыздын берген жардамын эсимен чыгарбадым, жалгыз досумун акыркы осуятын эстен чыгарбадым, жалгыз жашап жаткан карынын армандуу ырын ойдон чыгарбадым.

* * *

Эненин сөзүн укпаган кыз жаман, жалгыз жолоочуга боройлоп соккон борошо жаман, өзүн өлүмгө кыямын деген адамга бул жашоонун баары жаман.

* * *

Байтак кара жолдун өзү жалгыз, анда кетип бараткан жолочу жалгыз. Асманда тийип турган күн жалгыз, Бобереги айланада турган күздүн өзү жалгыз.

* * *

Жалкоо адамга түн да узак, күндүн өтмөгү да узак, өмүрдүн өтмөгү андан бетер узак.

* * *

Акылмандын ар бир сөзү улуу жашоонун өлбөстүгүн даңазалайт. Өлбөстүк кылымдын ырын даңазалайт.

* * *

Тынымсыз эмгек менен өткөн өмүр бир сонун килемди токуп жаткан сыяктанат. Килем жашоонун өлбөс ыры сыяктанат.

* * *

Адамдарга керектүү Улуу ачылыш жаралган күнү, жер бетинде адам пендеси бар экен деп кудай сүйүнгөн.

* * *

Накта токтоолук сабырдуулуктан башталат. Ошол үчүн кээ бир адамдарды сабырдуу сапатка жеткириш кыйын болуп жатпайбы.

* * *

Комузумдун эмне үчүн үч кылы бар, бир кылы төбөсү ачык Жараткан. Бир кылы өзү жашаган очогу Ала-Тоосу– төшү түктүү жер экен. Бир кылы комузчу өзү, кыргыз журту үчүн үч кыл –үч жолоочу.

* * *

Көңүлү көктү карап эргигендик Манас эпосун жаратканга Кудайымдын өзү да, жардам берген өңдөнөт.

* * *

Жараткан Көкө Теңирди карап турсам мендеги сыр туюму көөлгүп, бийиктикке сиңип, кайра чыгып жатты. Аяктан кандай ойлорду, кандай сырларды ошол жактан таап, келип жаттым экен.

* * *

Манас ыры булуттуу Ала-Тоодо жана муңдуу чөптүн үстү, жер эненин ортосунда, адам оюу, анын ченемсиз акылы, адамдын генийлиги касиеттүү Манас ырын, кыргыз эли жараткан.

* * *

Кыргыздар төбөсү ачык көктүн астында, төшү түктүү жердин үстүндө, көптөгөн эпосторду жаратты. Алар бул элдин акылмандуулугу, өлбөстүгү жана түбөлүктүүлүк даңазасы жана аныктамасы.

* * *

Береги кан жолдон өзүнчө бир тарыхты көргөм, кан жолду карап, атчан өткөн ата-бабамын элесин көргөм. Алар жөнүндө жүрөгүмөн ыр жаралганын көргөм.

* * *

Бакыт да, таалай да, эмгек да түбөлүктүү жана түбөлүк-түүлүктүн аягы түбөлүктүүлүк.

* * *

Жаштык күндөгү жагымдуу учурду эскерүү бир чоң таалай өмүрдө жакшы мезгилдин өткөнү чоң майрам

* * *

Өткөн күндөрүбүз окуп бүткөн аңгеме, келээр күндөрүбүз окуйлу деген чыгарма.. Андагы катышкан каарман биз тааныган айланабыздагы эл.

* * *

Адамдын кайгылуу өткөн күндөрү трагедиялуу чыгарма. Ал

трагедиялуу чыгарманы окубай эле койгон жакшы. Анда өткөөдөгү кайгы муң эске түшөт.

* * *

Адамдардын мүнөзү бири-бирине окшош болушу мүмкүн. Ал эми таланттар бири-бирине куюп койгондой окшош болбойт. Окшош болсо бири-бирине туурап жазган чыгарма болот.

* * *

Согуш болгон жерде кузгун куркулдап, карга каркылдап турду. Аны көрүп жарадар адамдардын үрөйү учуп турду.

* * *

Кээ бир үй-бүлөдө атасы да аракеч, энеси да аракеч, балдары да аракеч. Ал үйдө аракечтердин армандуу үнү чыгып, таза адамдар табылбай турду.

* * *

Бир кедейдин жардылык азабы, миң кедейдин муңу.

* * *

Турмуш ачуу да, таттуу да. Ошонусу менен жашоо бизге ынанымдуу жана кызыктуу.

* * *

Оң колум айтты:

– Карыдыкпы карыя?

Сол колум айтты:

– Кайрат качты, калчылдап калдык.

Ага буттарым жооп берди:

– Бир кезекте жаш элек, солкулдап турган дене элек, калчылдап баса албай калдык.

Мен айттым:

– Ооба ынактарым бир кезекте жаш элек, эми баарыбыз карыдык ,-деп каңырыгым түтөдү.

* * *

Кайгынын атасы да, энеси да жок. Эгер ата-энеси болсо:

– Кой уулум бирөөгө барып, аны капалантпа демек.

* * *

Акыл, үмүт, кайрат үчөөнүн жолу бир. Бир жерден чыгып, бир тарапка кетип баратат.

* * *

Өсө турган эл: «Ким элек, ким болдук?» – деп, падышасы да, ар бир жөнөкөй адамы да ушул суроого жооп берип жүрүп отурат.

* * *

«Мен учкул сөз жазып жатам. Ачылыш жасаган жокмун, болгону элден алып, кайра элге таратып жатам»-деп улуу ойчул айткан. . Мен деле адамдарга ушул сөздү айтам..

* * *

Ата-бабамын атчан өткөн тарыхын кармайын дейм, кармай албай жатам. Байыркы бабалардын тарыхынын баяны

каякка сиңип кеткенин билбей жана таппай адашып жатам.

* * *

Байыркы бабалардын ташка тарткан сүрөтүндө адамдын башы Жаратканга тийип турса, эки буту түбү түктүү жерди басып турат. Бул элин коргогон улуу баатырдын элеси.

* * *

Жараткандын улуулугу анын кол жеткис бийиктигинде турат. Таланттуу адамдын бийиктиги анын да кол жеткис эмгегинде турат. Демек, Жаратканым да, талант да кол жеткис бийиктикте турат. Муну биз Ч. Айтматовдун, С. Каралаевдин, С. Орозбаковдун жана башка Манасчылардын чыгармачылыгына карата айтсак туура болгон турат.

* * *

Кудай барбы, же жокпу, деп кабатыр болбо! Кудай бар ал сенин жүрөгүңө жакшылыкты, ток пейилдикти, баарын чачып турат. Демек, ал бар. Кайсы жерде кубаныч бакыт болсо, ошол жерде кудай болот. Кудай болгон жерде бардык иш оңунда болот. Анткени анын кудурети улуу.

* * *

«Руху жок адам өзүнөн-өзү эле майдаланып жатат» – деп осуят китептерде жазылган. «Майда бараттык – жан дүйнөнүн жардылыгына алып келет» – деп да жазылган.

* * *

Көрүстөндөгүлөр: – «Көр казалы», – дешет.

Адамдар:

– «Сөөктү жерге коёлу», – дешет.

Жакындары: – «Маркум менен акыркы жолу коштошолу», – деп кайгырып жаштарын төгүшөт.

*

* *

«Эң эле негизги нерсе – экөөбүздүн жашообуз. Андан кийинки нерсе ошол жашоону турмушка ашырганыбыз»-дейт баш кошкондор.

* * *

Унутулган ыр өткөн кубанычты эске салат. Өткөн кубаыч кайта келбей калган күндөрдү эске салат.

* * *

Өткөн күндөрүбүз канчалык кубанычтуу болсо, өмүрүбүздөн ошончолук жакшы өчпөс элес калган.

* * *

Эч нерсени бүткөрбөй өтүп бараткан адам – өкүнүчтүү адам. Түбөлүк жакырчылыкты көрүп келген адам – жокчулукту оозанган адам. Бир адамга жарыгы тийбей кеткен адам – жок адам.

* * *

Өлкөнү бийлеп турган эл башчы элине трагедиялуу тагдырды жаратса, анын өмүрү да трагедиялуу тагдырга кабылат.

 

* * *

Жолдун аягына чыгып, кубанып кеткен адам – таалайлуу.

Эмгеги тирүүсүндө атак-даңкка жеткен адам – таалайлуу.

Баласынын ийгилигин көрүп өткөн адам – таалайлуу.

* * *

Эмгекчил адамда бир эле сыр бар, муну да билем. Жалкоо адамда дагы бир сыр бар аны да билем. Ошол бир эле сырда ар түркүн ойлор жашынып жатканын да билем.

* * *

Элге кызмат кылган таалайлуу өмүрдөн бир сонун ачылыштар башбакты. Кылымга үлгү боло турган окуялар башбакты.

* * *

Сыртта шамал болуп турат. Адамдар терезеден сыртты карап турат. Алардын жан дүйнөсүндө, сырттагы шамал уңулдап согуп турат.

* * *

Көптөн бери жөлөгү жок келатам, Кимдир бирөө жөлөк болобу деп келатам. Ал жөлөк мага жардам берип, жазган ырымды китеп кылып чыгартабы деп келатам.

* * *

Өмүр бою ыр жазып, бир да китебин чыгара албай кеткен акын бар. Ал бул жарык дүйнөдө бир нерсени жаратып, анысын такыр таба албай кеткен адам.

* * *

Эл эгеси биримдүүлүк, биримдүүлүк улуу акылмандыктан башаты.

* * *

Жер үстүнө адам жаралгандан кийин, кайгы жана бакыт жаралды. Жер үстүндө кайгыны жараткан , адамдарга каргыш

Бакыт жаралса, жер үстүндө бейиш өкүм сүрөт. Ошондой болсун.

* * *

Табият кооздук менен сулуулукту жаратат. Демек адам улуулук менен сулуулукту өзү курчап турган жаратылыштан көрүп анан жаратат.

* * *

Ай менен күн түбөлүктүү. Ошол үчүн алар ааламда жашап келатат. Жакшылык менен сүйүү түбөлүктүү. Ошол үчүн алар дагы адамдар менен кошо жашап келатат.

* * *

Адамдар айтат: «Ырыс оошот», – деп ырыс оошсо, таза сүйүү жүрөктөн жүрөккө оошот. Ошентип адамдар жараткан бакыт баарына тең орток.

* * *

Жакшы нерсеге адам эгедер. Адам жакшылыкка умтулуп кубанычка эгедер.

* * *

Жараткандын ысымы улуу, аны өзү айтып турат. Улуулук

бийиктиктен даңазаланат. Бийиктик таза жана рахаттуу нерсе.

* * *

Турмуш өзү элек. Жакканын өткөрөт. Жакпаганын өткөрбөйт. Жакканы жашап, жакпаганы унутулуп жок болот.

* * *

Жокчулуктун артынан барчылык келаткансыйт. Катаал кыштын артынан жаадырап жаз эшик каккансыйт.

* * *

Жакшы чыгарма кубанычтуу күндө жаралып, алар түбөлүктүү адамдардын кенчине айланып, алар менен кошо жашап жатат.

* * *

Күн да тынымсыз айланып турат. Жер да тынымсыз айланып турат. Адамдар да кыймылдап турат. Кыймыл жашоонун өчпөс элеси.

* * *

Көз алыстагы жылдыздардын шооласын даана көрөт, а эмне үчүн биз жаныбыздагы адамдардын шооласын даана көрө албайбыз?

* * *

Оор күндөн кубанычтуу күн артык, жеңилүүгө караганда жеңиш артык, бирөөнөн экөө артык.

* * *

Акылмандан сурап калдык:

– Даанышмандык кайдан башталат?

– Сүйлөгөн сөзүнөн, берген кеңешиңен, дүйнөгө болгон көз карашыңан, асыл ойдун ишке ашышынан.

* * *

Кечөөгүңкү күн бүгүн кайталанбайт, ошол үчүн өткөн өмүр кайталанбайт, өткөн кубаныч эсте калат, бирок кайталанбайт.

* * *

Эки жаш баш кошсо, алар түбөлүк ажырашкыс адамдар болгонго тете. Эми ошол эки жолочуну акыл аралашкан сүйүү башкарсын. Ылайым эле ошонжой болсун.

* * *

Эстен кетпей калган сүйүү бул армандуу сүйүү, ал түбөлүк эстен кетпей көңүлдө сакталып калган сүйүү.

* * *

Күндөр жагымдуу болсо, ошончолук узак, канчалык кайгылуу болсо, ошончолук кыска.

* * *

Тез өчүп унутулган сүйүү, сүйүү эмес, ал жөн эле бир элес. Ал түбөлүккө сакталбай унутулуучу элес.

* * *

Эски мектеп улгайган адамдардын эсинде калган. Анткени алар бала чагында ошол мектептен окуп калган .

* * *

Даанышмандан сурап калдым:

– Акылмандыктын чеги болобу?

–Жок, чеги болсо, акылмандыктын элеси эчак эле бүтүп калмак.

* * *

Шамал кайдан келсе, кубаныч ошол жактан келген. Махабат кайдан келсе, сүйүү да ошол жактан келген.

* * *

Эгин оруп жаткан адамга кайрылдым:

–Адамым эмне кылып жатасың?

– Жашоо менен күрөшүп жатам.

Ийин казып жаткан момолойго кайрылдым:

– Момолойум эмне кылып жатасың?

– Жашоо үчүн күрөшүп жатам..

Демек адамдар да жаныбарлар да жошоо үчүн күрөшүп жатат антпесе өмүр токтоп калган жатат.

* * *

Сен сабырдуу болсоң, мен да сабырдуу болом. Сабырдуулуктан турмуштун чыныгы башталмалары башталып, дүйнө сабырдуу болгон.

* * *

Мугалим үчүн баланын жан дүйнөсүн үйрөнүү анын ички сезимин билүү илими, ачкычы жок кулпуну ачканга барабар.

* * *

Үй-бүлөдө күчтүү талаш-тартыштын болушу, жашоонун оң жолго салынбай жатканынан кабар берет.

* * *

Башкалардын тажырыйбасын үйрөнүп жатканың, өзүңүн тажырыйбаңды байытып жатканың, антпесең турмушка жаңылык келип чыкпайт.

* * *

Жер үстүндө канча адам болсо, ошончо жашоо, ошончо тагдыр, ошончо кайгы, ошончо кубаныч болот. Демек ар бир адам өз- өзүнчө болот.

* * *

Чыныгы тарбия болгон жерде чыныгы мектеп бар. Ал жерде чыныгы кубаныч болот. Баарынан мурун ал жерде элге кам

көргөн чыныгы өкмөт болот, ошондо баары ирети менен ишке ашкан болот.

* * *

Катуу кайгырган адамдын үшкүрүгү терең жерден чыгат.

Ал үшкүрүктү уккан адам терең ойго батат.

* * *

Башынан сүйүү өткөрбөгөн адам, армандуу эле адам.

Менимче андай адам бул дүйнөдө жок болушу керек.

* * *

Адамдын өмүрү жоготуудан жана табылгадан турат. Жоготуу арман табылга кубаныч. Бирок жоготууга учурап, табылгага жеткендер да болот. Баардык өмүр ошондой куралган.

* * *

Кемпиринен айрылып жалгыз калган кары ойлонуп отурат. Ал өткөнүн жана жалгыздыгын ойлонуп отурат. Балким келечегин да ойлонуп отурат. Бирок кемпири менен бирге өткөн өмүрүн сөзсүз ойлонбой койбойт.

* * *

– «Эмне үчүн мен таалайлуу болбой калдым»? – дебе, таалай сенден кыйгач өтүп кеткен, же сен аны издеп чыккан жоксуңбу? Же колуңдан учуруп жибердиң беле?

* * *

Бир күнү аңчынын жолу болот. Экинчи күнү жолу болбойт. Бардык кезде адам жолдуу болбойт. Анткени, турмуш мергенчинин тагдырындай татаал нерсе.

* * *

Руху жок адам өзүн-өзү майдалап жатат, майда бараттык, жан дүйнөнүн жардылыгына алып келет, – деп насаат китгпте жазылган.

* * *

Туулган жердеги тоодон алыстап кеткен сайын өткөндөгү кооз дүйнөмөн, алыскы күндөрүмөн узап кеткендей болгом…

* * *

Жакшы нерсеге адам эгедер. Адам жакшылыкка умтулуп, кубанычка жеткенге эгедер.

* * *

Бала чакта ай мага сулуу сүйкүмдүү көрүнчү, улгайганымда көзүм начарлап айды жакшы көрө албай калдым ал башкача көрүнүп калды. Ай карып калдыбы же мен карып калдымбы?

* * *

Жалгыз жолоочу жолдо кетип баратты. Анын айланасында чымындын канат кагып учуп турушу: – «Адамым сен жалгыз эмессиң, биз да сени менен бирге кетип баратабыз», – деген жышаана болгон.

* * *

Көп жылдардан кийин өзүмүн жакшы көргөн адамым менен жолугуп, жоголуп кеткен сонун асыл нерсени таап алгандай болгом. Өткөн сонун күндөрүмө кайра жолуккандай болгом.

* * *

Тапшырманы аткарбай келген окуучу күнөөлүү эмес, тапшырманы кантип аткарыш керек, ошону түшүндүрбөгөн мугалим күнөөлүү, жүрүм -туруму начар бала күнөөлүү эмес, ошого жакшы тарбия бербеген ата-эне, коом күнөөлүү.

* * *

Ичкиликке: пиво, вино, арак жана башкалар кирет. Адамдын организмине: боор, ичеги, өпкө, жүрөк, бөйрөк жана башкалар кирет. Биринчи бөтөлкөдөн чыгып, экинчисине келип, ар кандай ооруларды жаратат. Ал оору жүрүп-жүрүп отуруп, оорду толбос арманды жаратат.

* * *

Сүйүү бул усталар жасагандай буюм эмес, анын түгөнбөгөн элесин жүрөк жасайт.

* * *

Негизги сүйүү Ата-Журттан башталат. Жашоону сүйүш үчүн сенин Ата-Журтуң болуш керек. Калганы андан кийин башталат.

* * *

Элин бага албаган алешим өкмөт болот.

Начар жашоодо ал жердин мугалимдери да алешим болот. Андай жерде балдардын тарбиясы да алешим болот.

Анткени өлкөнүн келечеги да алешимдикке такалган болот..

* * *

Түшүмдүн баары жыйылып бүттү, өмүрдүн арбыны өтүп бүттү.

* * *

Ашкере кооптонуу кээде оңтойсуздукту чакырат.

* * *

Асман: ай, жылдыз, булуттардан турат.

Талант: изденүү, ийгилик, окуу, эмгектен турат.

Жаманчылык: көрө албастык, ач көздүк, жек көрүү, уруп сабоо жана өлүмдөн турат.

* * *

Жан дүйнөсү жана руху эң төмөн адамдарды аясак болот. Аларга көңүл айтып, жардам бербесек болбойт.

* * *

Таалайдын бүттү деген чеги болгон эмес, жана болбойт. Ошол үчүн адамдын жүрөгүн кубанычка бөлөгөн таалай.

* * *

Жаштыктан жашыл өң көрүнөт, кубаныч андан бетер жашыл көрүнөт. Демек өмүр жакшы өтүп турганда баардыгы жашыл көрүнөт. Күттүрүп келген жаздын өңү да жашыл көрүнөт.

* * *

Жакшылыктын алды бакыт дечи, анткени анын келечегине бакыт бир керемет нерселерди төгүп турган.

* * *

Жакшылыкты жаратсаң ал эң жакшы, аны жарата албай алың саал болсо, ал деле жаман эмес жакшы.

* * *

Жакшы күндөр эсте калат, оор күндөр эмнеси менен эсте калат.

* * *

Жакшы жана жаман достун айырмасы асман менен жердей, жакшы дос сени асманга алып чыгып кетет. Жаман дос сени жерге таштап карабай кетет.

* * *

Күзүндө күн кыскарып, түн узарат. Өлүмдөн кубаныч кыскарып, кайгы узарат. Жакшыдан жамандык кыскарып, кубаныч узарат.

* * *

Изденүү менен жазылган чыгарма мазмунга бай болот.

Баарынан да анын өмүрү узак болот.

* * *

Окуучу-шакирт, мугалим-устат. Алар эми эмне кылыш керек. Алар бири-бирин тарбиялап, асыл нерселерди жаратыш керек.

* * *

Окуучу, шакирт экөө терезеден кең дүйнөнү карап жатат. Мугалим – устат, шакиртти ошол кен дүйнөгө кантип алпарам деп ойлонуп жатат.

* * *

Ар бир адам өзүнчө – жаратылыш. Жаратылышы жакшы болсо, анын жан дүйнөсүнөн биз күткөн жакшы, асыл нерселер көрүнүп турат.

* * *

Окуучу мугалимдин мактоосуна муктаж. Окуучу үчүн мугалимдин мактоосу көп мактоо баракчаларынан жогору турат. Анан дагы окуучунун сыйына мугалим муктаж.

* * *

Чаалыкпас тарбия болгон жерде гүлдөп өсүү жаралат.

Гүлдөп өсүү болгон жерде адамдын кубанычы кошо жаралат.

* * *

Мугалимдин окуучуга айтканы – тапшырма, ал эми ошол тапшырма ойдогудай аткарылганы – чыныгы турмуш.

* * *

Жаманчылыктын арты эмне?

Зарыккан күтүүнүн арты эмне?

Сага тапшырылган ишеничтин арты эмне?

* * *

Жаштар сак болгула! Жаш кезекте жаштык менен билбей калып, өмүрүңөрдү азапка салып, аны кайра калыпка келтире албай калбагыла! Түбөлүк арманга батпагыла! Дагы айтам сак болгула!

* * *

Акын ырды жаратабы же, ыр акынды жаратабы? А дегенде акын ырды жаратат. Жакшы ыр акындын атак-даңкын жаратат.

* * *

Адамдар уктап жатат, алардын тынчын албагыла! Эртең алар чоң сапарга аттанып жаңы турмушту жаңыртканы жатат!

* * *

Учуп жүргөн куштардын бары кыраан эмес. Ырчылар ырдап жатат, алардын баарысы, ырчы эмес. Обондорунда кыйкырык-өкүрүк өмүр сүрүп жатат, Ошол үчүн алардын ырчылыгы оордунда эмес.

* * *

Турмуш татаал болгон сыяктуу, тарбия деле татаал нерсе, же болбосо, баардык балдардын жүрүм – туруму ойдогудай болмок. Демек баардыгы татаал нерсе.

* * *

Турмуш жөнөкөй жана татаал көрүнүштөн турат. «Тигиндей бол, мындай болгун!» деген жөнөкөй нерсе, Аны турмушка ашыруунун оордугу турат.

* * *

Чыгармада ой биринчи жаралабы, же сюжети жаралабы? А дегенде ой жаралып, анан сюжет ээрчип келген.

* * *

Сенин мүнөзүндөгү жаман сапат ал тарбиянын кыйгач өтүп кеткен жери.

* * *

Өтө узак жашка барган адамдан сурадым:

– Узак жашка баргандын сыры эмнеде»? – десем, ал айтты:

– Анда күлкү менен ак эмгектин сыры, түйүнү жатат.

* * *

Беш адам көтөрө албаган жүктү, бир адам көтөрүп баратса, ал – эң жакшы адам, жүз адам көтөрө албаган жүктү, бир адам көтөрүп баратса, ал – баатыр, ал эми беш миң адам көтөрө албаган жүктү, бир адам көтөрүп баратса, ал – гений.

* * *

Тырышчаак жаштарыбыэдын ата-журтка берилген чыныгы жакшы сапаты баарыбыздын байлыгыбыз, баарынан мурун ал, коомубуздун байлыгы.

* * *

Мен мугалимдерге:

– «Таланттуу окуучулар жаныңарда эле турат, силер ошону таап тарбиялабай жатпайсыңарбы», – дедим.

 

Алар жерди карап:

– Бул айтылган ой туура,-дешти.

* * *

Шамалда ийрейген карт дарак катуу тагдырга туш болгон карт адамдын элесин берет.

* * *

Мугалимдер көп болгон менен чыныгы педагогдор аз эле болуп жатат.Бул жерде аларга жасаган коомдун мамилеси оордунда эмес.

* * *

Башканы оңдосок да, тагдырды же кайып буйрукту оңдой албайбыз, ал бизге билинбей келип, билинбей кетип жатпайбы.

* * *

Өткүн да өтүп кетти. Жаадыраган күн чыкты. Турмуш баары эле баягыдай өзгөрүү жок, бирок аба тазарып, жашоо жаадырап калган сыяктанды.

* * *

«Жарымы арак, жарымы кайгы менен өткөн өмүр мындан көрө өзүн азапка салбай, жаралбай койсо деле болмок», дейт бир адам, башка бирөөн карап туруп.

* * *

Арак куюлган бөтөлкөнүн түбү арак жыттанат.

Өмүр бою соодада жүргөн адамдын чөнтөгү акча жыттанат.

Ыр жазып жүргөн акындын болочогу талант жыттанат.

* * *

Куурап бараткан чөптөр, сай жээгиндеги жашыл чөптөргө атаандашып мага айтты:

– «Эй, адамым карачы, суу жээгинде чөптөр дале өсүп турат. Биз болсок куурадык, бул теңсиздик», – дешти.

Мен аларга:

– «Бул тагдыр, аны көрбөскө чараңар калган эмес», – дедим.

* * *

Менден сурашты:

– Дүйнөдө жакшы адамдар көппү же жаман адамдар көппү?

–«Жакшы адамдар көп, ошол үчүн дүйнө ушундай жаңырып, кооз болуп баратат-дедим.

* * *

Жол менен кетип баратам. Чымын-чиркейлер мени айлана учуп, айтышты:

– Эй, жолочу кичинекей болуп биз да сапар тартып келатабыз, жолочу болуп, сен дагы сапар келатасың, баарыбыз жол карытып келатабыз.

* * *

Кеч күздө топ куштар сүйлөшүп жатты:

– Убакыт чукулдап калды, түштүк мекенибизге аман-эсен жетип алалы.

Аларды карап карга айтты:

– Кетсеңер аман баргыла! Мен ушул жерде туулуп, ушул жерде өлөм. Бир да жолу башка жакка кеткен эмесмин, менин ата-журтум ушул аймак.

* * *

Жан дүйнөсү, руху өчүп бараткан адам күндүзү күндө, түнкүсүн түнкү жылдыздардын алдында калып эскирип саргарып калган барактай.

* * *

Балалуу аялдын колу байлануу, жалкоо адамдын иши байлануу, түрмөгө түшкөн адамдын убактысы, тагдыры байлануу.

* * *

Туулган жерди, Ата-Журтту сүйүү сенин жүрөгүңдөн агылып жүрүп отурат. Ата-журтту сүйүп карылыкка моюун сунасың. Бирок сүйүүң карыбай жашарып жүрүп отурат.

* * *

Баш кошкон кыз, жигиттин сүйүүсү күн сайын жаңыланып, гүлдөп жүрүп отурат. Ал таалайлуу көрүнүш, ошонусу менен сүйүү түгөнбөйт жана карыбайт.

* * *

Адам үч нерсесин туура башкара албагандыгынан аксайт. Курсагын тойгузам, жана эки санынын ортосундагы денесин баш аламан урунгандыгынан аксайт. Анан дагы баш аламан көп сүйлөп жиберип оозунан аксайт.

* * *

Жаштык, эмгек, сүйүү, талант төртөө бактылуу жолочулар. Алар биригип келечекке аттанса, сөзсүз бир жакшы башталышты таап чыгат.

* * *

Нагыз сүйүү адам жаралаганда эле пайда болгон. Ал ошондон бери жашап жана өмүр сүрүп түбөлүктүүлүккө кабылган.

* * *

Кыз таш боор жигитке туш келсе, анда сүйүү болбойт. Таш боордук сүйүүгө каршы келет. Алар бири-бирине кокусунан жолугуп калган адамдар.

* * *

Адам өзүнө жакшы жолдош тапса, ал кубаныч, жаман жолдош тапса, ал арман. Демек арман менен кубанычтын ортосунда достук куралат экен.

* * *

Бактылуу сүйүү болгон жерде жаштыгың кайра төрөлөт. Андай жерде өмүр сүрүү өтө кубаныч жана бактылуу.

* * *

Муштум болгон жерде сүйүү болбойт. Андай жерде сүйүү коркуп ыйлап көзүнөн жаш төгүлүп турат.

* * *

Адамда таланттын даарыганы ага бакыттын конгону. Ушул көрүнүш бактылуулуктун башталганы. Өзүнчө бир жаңы жашоонун башталганы.

* * *

Тоо аралап келатам. Береги ит мурундун түбүндө илгери шылдырап аккан жагымдуу булагым бар эле. Сапар келип ошол булактын түбүндө эс алчумун. тагдырбы, булагым акпай соолуп калыптыр. Бул көрүнүштү карап туруп, өзүмүн жакын досуман айрылгандай сезимге чырмалдым. Атаганат тагдыр, мезгил десе.

* * *

Чалгычы чөп чаап келатат. Чөптөр:

– Өлдүк, өлдүк жашообуз бүттү, – деди.

Мен айттым:

– Эч нерседен коркпогула. Ал тагдырыңыздар.

* * *

Жел кайдан сокконун билбей калдым, учкул өмүрдүн кандай өткөнүн да, билбей калдым? Өмүрдө эмне кылдым муну да билбей

калдым? .

* * *

Базардан келаткан адам бар, базарга бараткан адам бар. Базарга барбай эле эл байлыгын жеп, жашаган адамдар бар.

* * *

Бир куштун сайраганы жаздын белгиси, көп куштун сайраганы өчпөс жаздын даңазасы.

* * *

Байдын жер жарган тоюнан, эмгекчилдин каниет кылып ичкен чайы ыртык.

* * *

Кыска өмүрдүн өзү аяныч. Ал өмүр тукумсуз өтсө, андан бетер аяныч. Бул баянды козгоонун өзү аяныч.

* * *

Майрамда күн да башка, эл да башка, айлана чөйрө да башка. Ошентип баардыгы кубанычтуу, ба0,0ардыгы башка.

* * *

Улуу ийгиликке жеткен адам мурункуга караганда

тааныштарынын көзүнө башкача көрүнөт.

* * *

Өмүрдүн өткөнү ыр. Ал ырды өкүнүч, кубаныч аралайт.

Турмуш ошонусу менен кызык жана табышмактуу.

* * *

Эртең менен эрте турсам Балыкчынын шамалы дуулдап согуп жатыптыр. Заман катаал болуп, элде жокчулук өкүм сүрүп турган заман.

Жалаңдаган шамал көчөдөн-көчөнү, үйдөн-үйдү аралай чабат.

– Кышка кандай даярсың, отун сууң жайындабы? – деп ар бир үйдү кыдыра суроо салып, ашыга желип-жортуп баратат.

* * *

Устат да болсун, шакирт да болсун. Анткени турмуш

үйрөнүүчү жана үйрөтчүлөрдөн турат. Жашоону ушул экөө бар кылып турат.

* * *

Бардык нерсени пайдалуу деп да айтууга болбойт. Бардык нерсени пайдасыз деп да айтууга болбойт, анткени жашоодо орто заар нерселер көп болуп жатпайбы. Орто заар нерсесиз турмуш да болбойт.

* * *

Күн күркүрөп, чагылган жерге түштү. Ошондо айлана жарык боло түштү. Азга созулса да, чагылган бир жарк этип өлдү. Ошол жарык көз ирмемге созулса да айланабызды көрүп калдык.

* * *

Поэзия адамдарга өлбөстүктүн шапатасын чачып турат.

Анын жан жыргаткан асыл жагын ошол даңазалап турат.

* * *

Баш аягы жок жакырчылык эл үчүн аягы бүтпөс азап болсо, ал эми хан үчүн жакындап келаткан чоң коркунуч.

* * *

Ата-журттун, туулган жердин ырын, кубанычын биз эне тилде түшүнөбүз. Эне тилибиздин ыры Ала-Тообузга миңдеген кылымдардан бери сиңип, аны өлбөс-өчпөстүгүн түшүнөбүз. Ала-Тоону да, эне тилди дагы биз өзүбүз деп түшүнөбүз.

* * *

Эне тилибиз биздин байлыгыбыз, аны түпкү бабаларыбыз бизге мурас, асыл таберик катары калтырып кеткен. Аны чайпалтып төгүп албай, кийинки муундарга чыпчыргасын коротпой, аман-эсен өткөрүп берели. Ал биздин ыйык милдетибиз.

* * *

Сыйлуу коноктун келгени жакшы, сыйга татыбаган коноктун келгенинен келбеген жакшы.

* * *

Мен кудайды тааныдым, кудайды таанысам өзүмү тааныган болом.

* * *

Кээ бир жакшы нерселер улам-улам кайталанып, жашообуздун көркүн чыгарат. Жашоодон мурун өмүрүбүздүн көркүн чыгарат.

* * *

– Эмне азап, эмне бакыт? – деп жорудан сурадым. Ал мындай жооп кайтарды:

– Ачка болуп, тарп издеп, учуп жүргөн оор убакыт, ал эми тарпты таап жеп, аябай тойгон учур – бактылуу убакыт.

* * *

Акын ырын жазган учур келет, оңдоочу учур келет, аны чыгаруучу учур келет, атак-даңкты алуучу учур келет. Анан бул дүйнөдөн өтүүчү учур келет. Аягында тарыхта калуучу учур келет. Мунун бары жазмышка жазылган тагдыр.

* * *

Бир кой күткөн кедей кубанып:

– Аябай байыдым, – деди.

Миң кой күткөн бай:

– Дагы эле аябай жардымын, – деди. Экөөнүн кимисине ишенсе болот?

* * *

Эки адам бири-бирин жакшы түшүнө албаса, алардын жолу бирикпейт. Бирөө түндүккө, бирөө чыгышка бара жатса, кантип биригет

* * *

Күз айтты:

– Биз келдик, – деди.

Жер-жемиштер айтты:

– Биз бышып бүттүк, – деди. Дыйкан:

–Түшүмдү жыйчу кез келди. Карылар айтты:

– Өмүрүбүзгө күз келип картайып баратабыз, – деп капаланды.

* * *

Замандаштар! Эне тилибиз ата-бабалар калтырып кеткен чети оюлгус улуу мурас. Ошол улуу мурасты башка элдин алдында уят болуп жоготуп жибербейли, сак болгула!

* * *

Душмандарым менен мамиле түзсөм, алдыдагы келишпестик азаят. Жол оңутун байкап, сапар тартсам алдымдагы кыйынчылык азаят.

* * *

Башканы сын көз менен кароо жеңил. Ал эми башканын көзү менен өзүңдү сын көз менен кароо канчалык оор. Жеңил менен оордун ортосу канчалык алыс.

* * *

Кооздукту жана сонундукту кадырлаган адамдын

жүрөгүндө бизди кубанткан жана сүйүнткөн жакшы сонун

башталмалар бар.

* * *

Биз гүлдү үйүбүзгө, анын айланасына өстүрөбүз. Үйүбүздүн айланасындагы гүлдү башкалар көрөт. Жүрөгүбүздөгү гүл көрүнбөйт, аны жакшы адамдар гана көрөт же өзүбүздүн жакындарыбыз көрөт.

* * *

Улуу чыгармалар түбөлүк жаңы бойдон калат. Ошол үчүн ал дайым карыбас жана жаш. Жакшы нерсе карыбай жаш бойдон калат.

* * *

Ой гүлдөрү адамды сонун жакка жетелеп, аны акын кылат. Жүрөгү, көңүлү акын болгон адам картайбайт.

* * *

Поэзия адамдагы түбөлүк өлбөстүктүн шапатасы. Анын ичин аралаган сайын таң калтырган керемет сырлар ачыла берет.

* * *

Соодагердин сырты бай болуп көрүнгөнү менен ички рух дүйнөсү өтө жакырдай көрүндү. Сыртынан ичи кем көрүндү.

* * *

Акча, байлык деп чуркап жүрүп өмүрдүн кандай өтүп кеткенин бай соодагер билбей калыптыр. Байлык чогултуп жүрүп, анын өмүрү да аз калыптыр.

* * *

Асыл ойлор – бул даанышмандыктын китеби.

* * *

Азаптуу оору менен ооруп жаткан пендеге жыл да узак, ай да узак, күн да эки эсе узак, баарысы узак.

* * *

Поезддин үнүн уксам өмүрдү элестетем. Өмүр деген поезд.Бизди салып бир жакка алып баратат, каяка алпаратат? Карылыкка алпаратабы? Ошону билбейм?

* * *

Оттук таш болоттун соккусу менен күйдү. Демек, бизге оттук таш да, болот да жана күйгөн учкун да керек. Адам учкунсуз жашай алабы?

* * *

Өткөн кылымдар бизге хан, падышалар менен эмес, калтырып кеткен китеп, музыка жана архитектуралык улуу эстеликтери менен шаңдуу жана түбөлүктүү. Анткени алар түбөлүктүүнүн түбөлүктүүсү.

* * *

Биз канчалык таланттуу болсок, бизди өлбөстүк, түбөлүктүү жашоо издеп жүрөт.

* * *

Аë да адамды жакшылыкка чакырып турат. Ал жактан жан жыргаткан өлбөстүк илеби согуп турат.

* * *

«Кудай көрүп турат, ал турганда, жаман ишти такыр иштебейм», деген адамдар абийирдүү пенделер.

* * *

Көл жээгиндеги көлдүн шапатасы жана турмуштун шапатасы экөө тең биздин көңүлүбүздөн кыйгач өтүп кетпейт.

* * *

Суу да өмүр, өмүр да суу. Анткени адамдын ичеер суусу түгөнгөн күнү ал жок болот.

* * *

Биз алсыз адамга жакшылык кылып жатканыбызда биздин ишибизге кудай жардам берип жатканын сезип эле турдук.

* * *

Чыгармачылыкты ишке ашырган кыял болот. Ошол үчүн кыял баарынан биринчи жаралды десек болот.

* * *

Бир кылым бир роман, жылдар – барак, айлар – сүйлөм, күндөр – сөз.

* * *

Ар бир адам ийгилик мен тарапта болсо дейт. Бирок ал сенин ишиңдин маңызынан жана чындыгынан.

* * *

Жашоо үчүн эмгектеги күрөш керек, ошондо турмуш көркүнө чыга келет.

* * *

Жакшы көргөн адамың түбөлүк сапарга узаганда, бир кылым жоголгондой болот.

Рейтинг@Mail.ru