bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Эгерде адам ач көз, көрө албас болсо, өз жолун өз шыбагасынан тапсын. Эгерде адам кайраттуу ток пейил болсо, ал дагы өз шыбагасынан тапсын.

* * *

Кудайды эскере жүрөлү, кудайды эскере жүрсөк, дүйнөдөгү улуулукту, жакшылыкты кошо эскере жүргөн болобуз.

* * *

Бир четинен узак жылдардын өткөнү биз үчүн арман, ошол узак жылдарда эмне сонун иштерди иштедик ошону эскерүү биз үчүн кубаныч.

* * *

Чыныгы сүйүү жашыруун келип, жүрөктү түбөлүк уялап ошол жерде бүр ачып, билинбей түбөлүк гүлдөй берет.

* * *

Ийгилик менен бүткөн иш адамдардын жүрөгүнө эргүүнү, кубанычты алып келет.

* * *

Өмүр сүрүү биринчи да эмес, акыркы да эмес ал түбөлүктүү.

** *

Кайсы адам пенделер үчүн жакшылыкты жаратса, ал бактылуу, ошого туш келген адам да бактылуу.

* * *

Адамда төрөлгөн жана өлгөн күнү болот. Төрөлгөн күн «Бул дүйнөгө адам келди» ,деген кубанычтуу жаңырык. Ал эми өлгөн күн бүт өмүрүңү, эмгегиңи жыйынтыктаган негизги жаңырык.

Күрөш бүтпөйт, күрөш дагы уланат, демек жашоо бүтпөйт өмүр дагы уланат. Жашоо уланса, өмүрдүн кызыгы такыр бүтпөйт.

* * *

Биринчи байлык ден-соолук, эгерде ден-соолугуң жок болсо, курап алган тоодой алтының, татымы жок болот.

* * *

Жоготуу бул оор нерсе. Адамдар ошол нерсени кайра калыбына келтириш үчүн аракет кылып жатат, Пенделер жоготууга жол бербей, жакшы нерсени түзүш үчүн жашап жатат.

* * *

Чиркей бир адамдын канын сорот, ал да коркунуч, жегич адам коомдун байлыгын сорот, бул да коркунуч, тигиниси да, мунусу да коркунуч.

* * *

Жашоо таң калаарлык, анткени ал күрөш менен жык толгон,талбаган күрөштүн өзү дагы таң калаарлык.

* * *

Күрөш, эмгек, сүйүү – бул өмүрдүн өчпөс уландысы.

* * *

Анын мага берген жардамын жүрөгүмө сактап, жүрөгүмө катып келем, бул жакшылыктын унутулгус элеси. Бул адамдын адамга берилген баягы эле унутулгус элеси.

* * *

Базарда иштеп жүрүп баарын көрдүм. Араба сүйрөп эптеп үй-бүлөсүн баккандарды көрдүм, араң соода кылып кара жанын баккандарды көрдүм, Бийликтин артынан бүтүндөй базарды ээлеп алгандарды көрдүм, Комуз чертип, кыяк тартып, эптеп акча чогултуп жүргөндөрдү еөрдүм. Оорулу болуп, кайыр сурап жүргөндөрдү көрдүм, кыскасы баарын көрдүм.

* * *

Сен бакыт барсыңбы? Мага качан кабар бересиң? Ар бир адам ушул жардамды күтө берет.

* * *

Жүрөгүнөн жылуулук чыгара албаган киши башка бирөөдөн жылуулукту күтүшү кыйын иш.

* * *

Чыгармачылык керемет, ошол чыгарманын кереметин сезгендик андан бетер керемет.

* * *

Жакшылык өзүнө-өзү жар салып, анан башкалардын жүрөгүнө өтөт. Жакшы адамдын жүрөгүнө жакшылык тез өтөт.

* * *

Ыйлап жүргөндөр күлөт, кайгыргандар кубанат, коркоктор баатырдыкты жаратат, мунун баары жашоонун жеңиши.

* * *

Бөтөн аймактан туулган жеримдин бир ууч топурагы, төрөлгөн жеримдин бүткүл топурагынын касиеттүү элесин бергендей болду.

* * *

Сөздү кулак угат, окуяны көз көрөт, уккан жана көргөн нерседен адам бир жакшы жыйынтык чыгарганга аракет кылат.

* * *

Жакшылыкты көзүң көрөт, айтылган сонун кабарды кулагың угат, булардын баарына жүрөгүң кубанат.

* * *

Сынчылар жакшылыкты, жакшы китеп жазып кеткен таланттарды эскерсин, уулдар көзү өтүп кеткен ата-

энени эскерсин, кыскасы адамдар бири бирин унутпай эскерсин.

* * *

Баланы энеси кайгы, капа, муң, арман үчүн төрөбөйт. Ошону ар бир пенде эстей жана унутпай биле жүрүш керек. Кайгы, капа, муңду адамдар тагдырга өзү жаратат. Жакшы адам башкаларга жакшы сезимди жаратат. Ал ошонусу менен бактылуу.

* * *

Байкабай калып кырсык жараткан адамдын кемчилдигин кечирген бул улуулук. Бирок ошол кечиримдүүлүктү унутпай эстеп жүргөн дагы улуулук.

* * *

Күн, өмүр, суу, аба, үмүт, кубаныч, келечек, эмгек – ал биздин жашообуз жана ал биздин өмүрүбүз.

* * *

Бирөөнүн мага кылган жакшылыгына унчукпай коё албайм.

* * *

Сенин жүрөгүңдө башка бирөөнүн сүйүүсү жүрсө ал кубаныч.

* * *

Мейли Африкадабы, Азиядабы, Америкадабы ач көздүктү, көрө албастыкты, жек көрүүнү алып жүргөн адам жаман көрүнөт. Анткени бул үчөө жер жүзүндөгү баардык адамдардын душманы болот.

* * *

Арыздангандар айтты:

– Жаман адамдар пенделерди кор кылып ыйлатып жатат. Кудайдын көзү аны көрбөй кулагы неге укпай жатат?

* * *

Жеңилип бараткан адам кимге таянат. Кудайгабы? Адамдаргабы? Адамдарга таянат. Адамдар кудайга таянат.

* * *

Улуу эмгектен чыныгы жашоонун булагы менен чындыктын барагы ачылган.

* * *

Күн да узак, түн да узак алар бизге кайталанып кайра келе берет. А жашоодо эмне кыска. Адам пенденин өмүрү кыска. Анткени ал бир кеткен соң кайрылып келбейт.

* * *

Кары адамга жакшылык кылсаң, ал батасын берет. Ал бата сенин көңүлүңө кубаныч себет.

* * *

Таалайлуу өмүр узак болот. Ошол узак өмүр унутулгус эмгек жаратса ого бетер узак болот.

* * *

Өмүр бул: ден-соолук, а ден-соолук айлуу түндө капарсыз ак чөөлмөк ойноп жүргөн балалык.

* * *

Байлыктан мурун ден-соолук болсун, ден-

соолук болсо, байлыкты курап алыш колдон келет. Бирок байлык ден-соолукту чыңдаганга жардамга келет.

* * *

Айрым адамдар ден-соолугуна маани бербей эрте кеткен. Алар ден-соолугунан мурун, өздөрүнүн өмүрүнө маани бербей кеткен.

* * *

Жокчулук кайда десем ал биздин элде эле жашап жүрүптүр, эл башчысы, жогорку бийликтегилер, депутаттар элди тоноп алып жүрүптүр. Элдеги жокчулукту ошолор жаратыптыр.

* * *

Мээримдүү адамдар Жаратканга жана жакшы адамдарга жакыныраак болот.

* * *

Мен эмнени самасам, сен да ошону кааласаң, анда биздин үмүтүбүз бир жерден чыккан.

* * *

Адам энеден таза жылаңач, баё төрөлөт бирок, дүйнө, байлык, мүлк чогултам деп булганычты, арамдыкты кийин жаратат.

* * *

Алдуу сонун адамдын жанында жүргөн пенде, коркунучка учурабайт, аны жакшылык коргоп жатат.

* * *

Бирөөгө берген жакшы кеңешиң ал адамды бакытка чакырып, жаманчылыктан сактайт.

* * *

Өзүнүн өтөөрүн билген адам жарыкчылыкты карап туруп, бул дүйнөгө толгон муңду, көз карашы аркылуу таштап кетет.

* * *

Оорубай жашоо бул бакыт анын сырын ооруп азап тарткандан кийин билдик.

* * *

Жаңы жолго түшсөң, эскини ойлобо, эскини ойлогон, жаңылыктын даамын жакшы тата албайт. Ошону ойло!

* * *

Таз жору бийликке келип, элдин башына каран күн түштү. Анткени ал жорулук сапатын таштабады. Жорулук сапат менен эл келише албайт.

* * *

Биримдик болгон жерде, тынчтык болот, тынчтык болгон жерде, жашоо болот, жашоо болгон жерде, чыныгы турмуштун өзү болот.

* * *

Балдарың күлүп турса, үй-бүлөң бактылуу, үй-бүлөнү күлкү араласа, ата-эне бактылуу, таалайлуу ата-энеден эл бактылуу.

* * *

Биздин жашообузду поэзия жана проза аралап жүрүп отурат. Поэзия жаштык кубаныч жана эргүү баскан өмүр. Ал эми проза саламактуу, турмушту өтө олутту караган чагыбыз.

* * *

Жөлөк бала турганда, ата-эне бактылуу, үмүтү ишке ашкан жигит бактылуу, эли токчулукта жашаган, хан бактылуу.

* * *

Калыстык, тынчтык барда, көңүл аман, көңүл аман болсо, журт аман, журт аман болсо, заман аман.

* * *

Жымжырттыкта туруп, алып кимге жаманчылык кылдым, кимге жакшылык кылдым ошону эстеп жатам.

* * *

Кээ бир пенделер адамдарды иштеген ишине, даражасына, байлыгына карап сыйлашат, андай адамдар чыныгы адамдар кайда экенин билбей жаткандыр, же ошол адамдар алардын көзүнө кудай сыяктуу көрүнүп жаткандыр.

* * *

Жүрөгүмө жаманчылык жана, жакшылык кирем дейт.

Кайсыны кийирүү ал менин эрким.Албетте мен чыныгы адам болуш үчүн жакшылыкка жакындашым керек.

* * *

Алыска аккан дайранын жолу узак, кайгылуу жанга кыштын түнү узак, бирөөнү зарыгып күткөн мезгил узак.

* * *

Көл тамчыдан куралат, акча тыйындан куралат, ар бир жыл сааттан куралган сыяктуу, сенин өмүрүң эмгектен куралаарын унутпа!.

* * *

Жоголоор эл тилин жерийт, түшөөр хан элин жерийт, кетээр аял келген жерин жерийт.

* * *

Аарынын чакканы ачуу, балы таттуу, чындык менен айтылган сын ачуу, кээде жалган мактоо таттуу.

* * *

Ай күндөн алган нурду жерге чачат. Колубуз менен кармаганда анын нуру муздак. Бирок анын жылуулугун жүрөгүбүз сезип эле тургансыйт.

* * *

Башында ийгилик менен башталган нерсе ийгилик менен бүттү, а ортосунда изденүү, жаңылуу, жаңылануу жакшыруу кубулуштары сөзсүз болуп өтөт.

* * *

Жүзүңдү чындык менен акыйкаттыктан буруп кетпе!

Эгер буруп кетсең, кайсы жакты карайсың!

* * *

Жазуучу, акындар бардык окуяларды жазып бүткөн. Бирок, жаза турган нерселер өтө арбын. Эскирген турмушту жаңыртып такыр башкача кылып жазыш керек болуп жатат.

* * *

Ар бир адамдын оң, сол буту бирөө, оң, сол көзү бирөө, анын оозу бирөө, аягында анын өмүрү бирөө.

* * *

Көктө жылдыздар миң, жерде адамдар миң. Алар асманда, жерде миң болгон менен ар биринин тагдыры ар башка жалгыздык. Ар биринин өмүрү бул дүйнөгө келип-кеткен жалгыздык.

* * *

Күкүк сайрап жатат, жай бүтө элек экен. Адамдар ырдап жатат, той бүтө элек экен. Акын жаңы чыгармаларды жаратып жатат. Картайса да, кайраты кете элек экен.

* * *

Өткөн өмүрүңдү унутуп баратасың анын эске салаарлык жакшы жагы жок болду беле? Көңүлгө салып эстеер жагы жок болду беле?

 

* * *

Денени таза көңүлдү куунак кармайлы. Ошентсек өмүрүбүз тунук жана байымдуу болот.

* * *

Заман оңолбой калган жерде, миңдеген сүйүүлөр кыйрап жок болот. Андай жердеги жетекчилер сүйүүнү ойлонгону мындай турсун өз жанын араң ойлоп калган адамдар.

* * *

Бири-биринен өч алуу үчүн жашап калган үй-бүлөдө сөзсүз арман өкүм сүрөт.

.

* * *

Ичкилик жана нашаа болгон жерде сүйүү болот деп уккан эмесмин. Андай жерде армандуу жашоо мен быяктамын

деп кылтыйтып жүзүн чыгарып турат.

* * *

Жашыруун сырлар эмгекте көп эле болот, бирок аны ачып, турмушка колдоно билиш керек.

* * *

Туура айтып түз жүргөндөр бир гана чындык менен коргонот.

* * *

Жакшы адамдын кеңеши, сенин жүрөгүңдө сакталат.

Демек, кымбат акыл кымбат жерде сакталат.

* * *

Адам чындыкты жүрөгү менен негиздейт. Жүрөгүндө чындык болгон адам ак жашоонун өчпөс келечегин негиздейт.

* * *

Ар бир адам өз жолун бийиктиктен алып өтөт. Бийиктиктеги жол бактылуу жол, айлананын баары даана көрүнөт. Күн жолу да, ошол бийиктиктен көрүнөт.

* * *

Улгайган адамдын башынан ак чачтар көрүндү. Ал ак чачтар өмүрдүн жыйынды уланышы болууга тийиш эле.

* * *

Катуу оору адамдын шайын кетирип, кемирип жеп келатат. Катуу кайгы адамдын жүрөгүн алсыратып келатат. Ошентип экөө тең кыйнап келатат.

* * *

Такыр келбейм деген уул, өз үйүнө кайтып келди. Бирөөнө жакшылык кылдың эле, жардамы сага кубаныч болуп кайтып келди. Күн кайра өз уясына эс алганы кайтып келди.

* * *

Илимдеги кымбат ачылыштын өмүрү түбөлүктүү. Ал ошонусу менен таалайга бөлөнөт. Өлбөстүктүн өмүрү да түбөлүктүү. Ал да таалайга бөлөнөт.

* * *

Улуунун сөзүн тыңшап, жыйынтык чыгаргандар, өз тарбиясына келечектүү бүтүм чыгаргандар.

* * *

Бул дүйнөдө бир эле арман бар, ден соолугу жок адамдар, армандуу адамдар.

* * *

Өмүрлүк жарыңды капага салдың, эмне үчүн капаланды, Анын капасы сенин жүрөгүңдү да жашап жатат.

* * *

Үйлөнүү бул жөнөкөй эле нерсе эмес, үйлөнгөн эки жаштын келечеги биригип андан ары жол кетет. Алар турмушта бактылуу жолго жетсек дешет.

* * *

Өмүрүндө көп китеп окуган адам болот. Бир дагы китеп окубаган адам болот. Көп китеп окуган адамдар көзү ачык, көп нерсени билет. Бир китеп окубаган адам караңгы, жарды. Көп китеп окугвн адамдар рухий байлык күтөт.Рухий байлык жан дүйнөнүн амандыгын сактап турат

* * *

Менин кулагым: «Күз келатат» –деген шыбырады угуп калды.: «Күз келатпай эле сага карылык келатат», – деп өмүрүм шыбырады.

* * *

Баардык доордо көп окулган китептер бактылуу. Китеп эле эмес аларды окуган адамдар да бактылуу.

* * *

Сокур адам менен көзү көргөндөрдүн ортосунда айырма бар. Сокур көрбөйт, көзү таза адам көрөт. Бирок көздүү адам көрбөгөн нерсени сокурлар жүрөгү менен көрүп коюушу ыктымал.

* * *

Биринчи келгин куштун үнүн уктум, Демек мен келаткан жаздын үнүн уктум,Келгин кушум мага: « Жаз келатат аны сага мен алып келдим»-деп айтып жатыптыр.

* * *

Үй-бүлөдө ар биринин өз оорду болот. Ата-эненин, кызынын, баласынын. Бирөө эле өз оордун таппаса, келишпестик пайда болот.

* * *

Улуу адамдар жана майда адамдар болот. Улуу адам кичинекей терезеден сырттагы кеңири ай ааламды толук көрөт. Ал эми майда адам чоң терезеден көрүнгөн кичинекей эле жерди көрөт.

* * *

Мезгил келсе, муун алмашат. Тирүүлөр кетет, анын оордуна башка жаңы муун келет. Муун өтүп, муун жашарат деген ушул.

* * *

Жаман нерсени жасасаң, анын акыр түбү бекем эмес.Анткени, анын жолу чындык менен жашоодон оолак болот

* * *

Ал мага таянды, мен чындыкка таяндым. Демек биздин жолубуз ийри эмес түз.

* * *

Начар адам жаман менен жакшыны айырмалай албайбы! Ошол сыңары өлүм менен өмүрдү да айырмалай албайбы!

* * *

Адам улгайып баратканда кайра-кайра өткөнүн эскерип, мурункуларга кайрылгысы келет. Ансыз өмүрдү эскерүү көңүлсүз.

Улгайган өмүр жашоонун жакшы-жаманын чыпкалап келет.

* * *

Даанышмандуулуктун ичинде кенен мейкиндик, улуулук, өлбөстүк болгону дагы чын. Ошондо андан өчпөстүктүн изи жаркып жатканы дагы чын.

* * *

Баланы сыйлаганың, келечекти сыйлаганың, карыны сыйлаганың, азыркыны, өткөндү, баарын сыйлаганың.

* * *

Көрүстөнгө адамды койгону баратабыз. Маркум баарыбызды ээрчитип баратат. Ал угузбай жүрөгүбүзгө шыбырын айтып турду:

«Мен жасаган кемчиликти кайталабагыла, адамдарга жасап кеткен жакшылыгымды уланткыла жана дайыма мени унутпай эскере жүргүлө! Анткени, мен силердин араңарда жашап өтүп, кетпедим беле!»

* * *

Бүткүл өтөгөн өмүрүбүз, жакшылыктын күбөсү болсо ал – таалайлуу окуя.

* * *

Эмнеликтен А.Орозбеков, И. Раззаков. С.Ибраимов, Ж.Абдрахманов жана А.Масалиев, Т. Кулатов, Исанов жөнүндө эл жакшы ойду айтышат. Алар жөнүндө айтып жатканда кубанышат. Алар журт үчүн абийирдүү иштеп, жакшылыкты артына таштап кеткен адамдар экен. Буларды эстөө кубаныч. Ошондой уулдарды тапкан кыргыз элге да ырахмат!

* * *

«Менин денем эт менен сөөктөн турган, ага жан кошулганда мен адам болуп кыймылдайм», – дейин. «Өзүмү тирүү

алып жүрүш үчүн азык зат тамак керек болду», – дейин. «Аны табыш үчүн арам эмес адал жолду тандайын, менин адамдык парзым ошол болот», – дейин.

* * *

Чыгармаларымда жаңы бир нерсени түзөйүн деп жатам, демек мен тирүү жашап жатам.

* * *

Баланын өнүгүүсү менен тарбиясы, ойлонуусу учкан куштай эркин болсо, ал келечекте кенен мейкиндикке ошол куштай канат кагып өзүнүн бактысын ийгиликтүү таап алаар.

***

Ата бабалар ашуу ашып ар дайыма жылдыздар турган бийиктикке умтулган. .Ошол бийиктиктен биздин ийри-муйру кетнп, баскан жолдорубуз даана көрүнөт. Ошол жолдордон санжырачылар саежыра жаратып, көмузчулар күүгө салып, ырчылар ыр чыгарганда, басып өткөн жолубуз унутулбай ыр-күүгө айланып жашап калган.

* * *

Өмүрдө кууш жана кенен жолдор бар. Анын жолу кууш болду. Кууш жол коркунучка кептелет. Тигинин жолу кенен болду, ал алдыга карай тартынбай кетет.

* * *

Биз ишке ашыра албаган элге арнаган асыл нерселерди келечек муундар ишке ашырат. Атасы иштей албаган нерсени, баласы ишке ашырат.

* * *

«Аары балым бар», – дейт. Бай адам «Байлыгым бар», – дейт. Жарды адам «Жарды жашап жатам», – дейт.

* * *

Артыңы кылчактап көп карай бербе, артыңдагы жаңылыштыгыңдын жыйынтыгын чыгарып ойлон!,Анан сенин келечегиң артта эмес алды жакта.

* * *

Адам эртең менен жакшы ийгиликке бел байлап аттанса, ошол күнү бир ийгиликке жетпей койбойт.Ал үйүнө кубанычты кабарлап келбей койбойт.

* * *

Жалгыздыктын да пайдасы бар, ошол кезде өз өмүрүңү сыдыргыга салып сындап чыксаң, ошонун өзү чоң ийгилик.

* * *

Пенде жашоону турмуштан, адамдардан же китептен үйрөнөт. Ошол үчүн үчөөнүн түбөлүктүүлүгү жоголгон эмес.

* * *

Мен менсинген адамдар деле дурус адам эмес, ошол үчүн алардын арасынан жакшы адамдарды таппай жатабыз. Алар адаикерчиликтүү жолго эмес, мен менсингендиктин көлөкөсүнө сиңип кеткен.

* * *

Адам деле жаныбар. Бирок андан чоң айырмасы бар.Ошол үчүн адамдын жаныбардын айырмасын билип жашайлы! Баарынан мурун адамкерчилик эмне экенин билип жашайлы!

* * *

Жалган үмүткө көп берилбе! Анткени ал аткарылбай турган окуя. Же жок нерсе.

* * *

Кайсы жерден сүйлөш керек. Кайсы жерден сүйлөбөш керек. Көбүбүз ошону билбей өмүр сүрүп каккы жеп жатабыз.

* * *

Сен башкаларга жаман сапатың менен көрүнө көрбө! Анткени ошол жагың көрүнө берип, эл журтка ылдам тааныласың.

* * *

Бизди дайыма жакшылыкка сүрөп жүргөн адамдар биздин жашообузду оңдойт, бизди эмес биздин коомду оңдойт.

* * *

Адам өз өмүрүндө бир жакшы ишти жасап жатам дегени кубаныч, ал эми бир нерсени түзгөнү ойлонуп жатам дегени деле алдыга умтулгандык.

* * *

Чындык менен чыныгы турмушту жоготкон адамдар эч убакта ийгиликке жеткен эмес, же алар чыныгы турмуш эмне экенин такыр билген эмес.

* * *

Зөөкүрдүктөн коркунуч башталат. Зөөкүрдүк болгон жерде чындык жок. Чындык болбогон жерде жашоо жок.

* * *

Акмактардын алдында акылдуу сөз сүйлөй көрбө! Алар өздөрүн акылдуу сезген адамдар.

* * *

Байлыкты чогултуш үчүн акыл керек. Ал байлыкты сарамжалдуу урунуш үчүн дагы акыл керек. Демек баардык кез-

де байлыкка акыл керек.

* * *

Акылдуу адамдар менен акылсыздардын айырмасы асман менен жердей, ошол үчүн жер менен асмандын аралыгы алыс болуп жатат.

* * *

Убакытты сараң баалап, өзүн-өзү таразалаган адамдын өмүрү жыйынтыктуу. Жыйынтыктуу өмүрдөн келечектин өту жылтылдап көрүнөт.

* * *

Өмүрүм жанып турган шам чырак. Акыл-эсим, шам чырагың өчө электе, эмгектенип кал!

* * *

Жашоонун сыры эмгекте, анын натыйжасы – ачылыш, мөмөсү – бактылуу жашоо.

* * *

Кечээ бир адам каза болуп,үч бала төрөлдү. Бүгүн эки бала төрөлдү. Жалган дүйнө. келгендин кетмеги бар экен. Адамдардын төрөлүп жана өлмөгү бар экен. Бул жер каймактагандан берки боло келген көрүнүш. Андан ар бир пенде кача албай кадган экен.

* * *

Алдыдан иттер үрүп, короз кыйкырып, бай кыштакка жакындадык. Таланттуу адамдын артында калган ыр китеби толкуп жаткан бай кыштак.

* * *

Акылман адамдын кеби, макал-лакап, сөзмөр адамдын сүйлөгөнү да, макал-лакап. Элибиздин каухар алтын сөзү да, макал-лакап.

* * *

Күн бардык адамдарга бирдей нур чачат. Нур чачкан жакшылыкты адамдар күндөн үйрөнгөн. Бакытты чачууну адамдар бири-биринен үйрөнгөн.

* * *

Мамлекеттин чек арасы болот. Ал эми поэзия, маданияттын чек арасы болбойт. Ал жерден-жерди, элден-элди бактылуу, салтанаттуу түрдө аралап жүрө берет. Ошол үчүн аларда чек ара болгон эмес.

* * *

Ал жаман иш жасап айласыз терең ойго чөмүлүп олтурат. Ага эми ким жардамга келет? Теңирби, же адамдарбы, же өзүбү? Ошону ойлонуп отурат.

* * *

Коштошоордо мен аны аяп турдум, ал мени аяп турду.

Экөөбүздү тең күн асмандан карап аяп турду.

* * *

Жетүүчү, жетпөөчү нерселер бар экен. Жеткениме сүйүндүм. Жетпей калганыма күйүндүм. Кыскасы адам жолу сүйүнүч менен күйүнүч.

* * *

Эмгек, сүйүү, кубанычты арттырат. Кубаныч адамдын ырыскысын андан ары арттырат.

* * *

Жакшылыктын сыры эмнеде десем, жүрөгүм жооп бер-

ди:

– Жакшылыкка, жакшылык менен жооп кайтара бил!

* * *

Жашоо эки бөлүктөн турду: жакшылык иенен жамандык. Жакшылык болгон жерде, өсүү болот. Жамандык болгон жерде, кемүү болот. Ал эми көңүл коштук болгон жерде, эч нерсе жаралбайт. Демек, турмуш өсүү,кемүү жана көңүл коштуктан турду.

* * *

Согушта күч менен жеңгенге караганда акыл менен жеңген алда канча артык.

* * *

Адилеттүүлүк жана чындык болгон жерди адамдарды кубаныч айланчыктап сагалайт.

* * *

Акылмандын өмүрүнүн аягы болот, бирок ал жараткан акылман сөздөрдүн аягы болбойт.

* * *

Өмүр сүрүү бул – керемет. Ошону сезген адамдар болот, сезбеген адамдар болот.

* * *

Кайсы адам өзүнө сот, өзүнө прокурор болсо, ал өзүн адилеттүү жашоодо алып жүргөн адам.

* * *

Улуулуктун уч кыйры жок ошол үчүн ал – улуулук.

Кубанычтын чеги жок, ошол үчүн ал – кубаныч.

Сүйүүнүн чеги жок, ошол үчүн ал – сүйүү.

* * *

Сүйүү болгон жерде жек көрүү жашабайт, жек көрүү болгон жерге сүйүү баш бакпайт.

* * *

Акылман адамдын китебин анда-санда окуй жүргүлө,! Антпесеңер акылыңар жаңырбай ого бетер мокоп керексиз макиге окшоп калат

* * *

– Акылманды да акмакты да көрүп турам кайсынысына барайын?

– Сен кыргыздын улуу сөзүн эсиңе сала жүр! – «Жамандан кач, жакшыга жанаш». Ошол сөздү дайыма эсиңе салып жүрсөң адашпайсың!

* * *

Душманыман акылым, эмгегим, талантым менен коргоном. Аларым жок болсо, эмнем менен коргоном?

* * *

Тоо түбүнө барсам, таш короом туруптур. Анын айланасына коко тикен, уйгак, чалкан жана башка чөптөр өсүптүр. Таш короом айтты:

– Сен бул жерден адамдардын изин издеп жатасыңбы? Алардын мага каттабай калганы кыйла заман болгон. Андан көрө шамал, жел, жалгыздыктын изин издесең таап алмаксың, – деди. Жоопту угуп көзүмө жаш тегеренди.

 

* * *

Жаз жылуулукту чакырат, эмгек бакытты чакырат.

Жакшы ишеним өмүрдү чакырат.

* * *

Жалган, чындык менен аралашып жүрө берет, бирок анын жалган, же чындык экенин мезгил кийин айтып берет.

* * *

Өмүргө кеч кирип, таң да атат. Адам кеч менен караңгынын ортосунда жашайт. Таң – өмүр, караңгы – өлүм шекилденет. Өмүр, өлүмдүн ортосунда табышмак бардай сыяктанат.

* * *

Кайгы менен кубаныч бирге жашабайт. Кайгы болгон жерден кубаныч качат. Кубаныч болгон жерде кайгы качат.

* * *

Кол менен жасалган улуу эмгек акылы чексиз адамды элестетет. Акылы чексиз адам мелмилдеп аккан дайраны элестетет. Анла

узун дайра эмнени элестетет?

* * *

Жашоодо жаңы сонун ыр жаралган күнү акындарды энеси кайра-кайра төрөй берет.

* * *

Сүйүү – бул айтып бүткүс поэма. Анын даамын таткандар бар. Таткандар – бактылуу, татпагандар – бактысыз. Ал эми таза сүйүүнү булгагандар – бул дүйнөдө эки эсе бактысыз, же жүз эсе армандуу.

* * *

Көп адамдар менен түбөлүккө коштоштук… Алардын үнү алыстап кала берген күкүктүн үнүндөй муңдуу болчу…

* * *

Сонун ырлар кереметтүү ырчынын жүрөгүнөн жаралып, башкалардын жүрөгүнө учуп өтөт. Ал кереметте канат бар беле? Же болбосо эмнеге учуп өтөт?

* * *

Куш даракка, аскаларга уяласа чындык адамдын жүрөгүнө уялайт. Аскадагы уяга жете албайбыз. Ал эми чындыктын өзүнө жетип кубандык.

* * *

Өмүр дарагы кайда болот деп жер шарын кезип келатам. Көөнү келсе, ал өзүмдүн эмгегимде жана жүрөгүмдө эле экен.

* * *

Жазында албууттанган дарыя күз келгенде тынчып, үстүнө муз тоңуп, кышта тынч уйкуга чөмүлөт. Муз астында суу агып жатса, өмүрдүн үнү угулат. Ал үн менен жашоонун шаңы уланып жатканы угулат.

* * *

Мен кудайга таяндым, кудай чындык, акыл ойго, түбөлүк ак жашоого таянды. Ак жашоо өмүрдүн өлбөс чексиздиги.

* * *

Романды окуп, андан роман тапкым келет. Аңгемени окуп, андан аңгеме тапкым келет. Өзүмдү окуп жатып, андан өзүмдү же чыныгы адамды тапкым келет.

* * *

Ар бир адамдын үйгө кирип-чыкканын, эшик кыйч-куйч этип эсептеп жатат. Ал эми ар-бир адамдын, өмүрүнүн өткөнүн, убакыт эсептеп жатат. Артыбызга эмне эмгек таштап кеткенибизди ким эсептеп жатат болду экен?

* * *

Кедейдин карызын бербесек болбойт, улуу адамдын осуятын аткарбасак болбойт, сапар узаар карынын акыркы сөзүн укпасак да болбойт.

* * *

Кайгычыл кишиге ар бир кадамы сайын кайгы жолугуп, учураша саламдашып турат.

* * *

Кайгычыл адамкайгыны чакырабы же, кайгы кишини чакыраб?, Экөө бири-бирин чакырат. Андай жерде кайгы ошол кишини оңой менен таштап кетпейт.

* * *

Жаратылышты башкаруунун купуя жашырын сыры бар ошол сырды жакшы өздөштүрсөк анда биз да, жаратылыш энебиз да капа болбойт.

* * *

Улгайганда акыл кирген адам, жолго кеч чыккан жолочуга окшош.

* * *

Тунук акыл далай жакшы нерселерге жол ачат.

* * *

Оома адам менен жолго чыкпа, бир күнү сени жолго таштап ооп кетет. Ошол үчүн адамдан да, оома сапат эң коркунучтуу. Ал жолдо келатып эде тең салмагын сактай албай ооп кетет.

* * *

Адамдын адамга жакшылыгы, бул тунук акыл аркылуу келет. Тунук акыл аркылуу жашоонун жакшы жагы келет.

* * *

Куураган дарактын өңүнөн анын келечеги эмес бүткөн өмүрү көрүнүп турат.

* * *

Акылман адам дайыма бийикте, ошол бийиктикке аны тунук акылы жеткирген.

* * *

Майда адамдын өмүрүн майда турмуш, майдалап жашоосун кемиреек кылганын өзү да билбей калган.

* * *

Кээ бир жетекчинин өмүрү, өмүр бою чындык менен кармашын өтүп баратат. Демек чындыкка каршы чыгып, өзүнүн таламын жактаса, ал баарыбыз үчүн коркунучтуу.

* * *

Өмүр өтүп жатканына кубанбайм, көп өмүр бекер өтүп жатканына кайгырам.

* * *

Учкул сөз жазган адам бул тоодой кумдун арасынан алтын иргеген адам.

* * *

Макоо адам баардык пендени өзүндөй көрөт. Ошол адам өзүнүн макоо экенин барып-барып өмүрүнүн көбү өткөндөн кийин түшүнөт. Ошонусу оорду толбос жоготуу.

* * *

Көптүн арасынан бир келесоо чыкканы өтө жакшы, анткени башка адамдар «Ошол келесоодой болуп калбайлы», – деп сактанып жашашат.

* * *

Кээ бир адамдар өлкөнү урук-тууганы менен күчтөп башкарып келет. Анан өлкөнүн байлыгын талап-тоноп башка жакка качышат. Мунун баары акылы жок, же ата-мекени жок келесоолор иштөөчү жумуш.

* * *

Жетилген тунук акыл адамды көп жаманчылыктан сактап келатат.

* * *

Үнөмчүл сарамжалдуу адам ашкере коромчулуктан корогоно алат.

* * *

Башкаларга акыл чачып кеңеш берип турган адамдар, ашкере таалайлуу пенделер.

* * *

Жашоодо трагедия, комедия бар. Адам өмүрү ошол экөөн аралап өтөт. Трагедия болсо, кайгырып ыйлайбыз.Комедия болсо, каткырып күлөбүз.

* * *

Карыяларыбыздын калыс, ойчул, кеменгер болуп жашаганы эле жакшы жаштар ошол сапатты үйрөнүп келечек жашоого умтулат.

* * *

Улгайган адамдардын жаштарга жакшы жол көрсөткөнү жакшы, антпесе карылык кадыр-барктын бир жери кемип калат.

* * *

Жазуучулардын бир жакшы сапаты бар, алар эч кимге көрүнбөй бекинип алып, бир асыл нерселерди жарата берет.

* * *

Эрдик жасаарда эң алды коркпой өлүмгө тике кара, антпесең баатырдык сага оңой менен жакындабайт.

* * *

Кээ бир адамдар мээсине караганда күчүнө көп ишенет. Алардын акылы өнүкпөй булчуң күчү мээнин кызматын аткарып калгандай туюм келет.

* * *

Үй-бүлөдө чыр-чатактын токтобой келатканы – ал ажырашуунун астын ала айткан белгиси. Же үй-бүлөнүн бузулаар белгиси.

* * *

Токтоолук эң жакшы сапат бирок анда терең ой жүгүртүүн болгону андан бетер жакшы сапат.

* * *

Бир канча никени башынан өткөргөн эркекте бир мандем же бир кыңыр шек бар.

* * *

Эл журтка билинбей түбөлүк дайынсыз жоголуу бул дагы өлүмдүн белгисиби? Же башкабы?

* * *

Залим сапатың айланаңдагы душманыңдын тобун көбөйтөт. Душмандарың көбөйсө ал өзүңө жаман.

* * *

Мезгил айланага күз шобуртун берди, а өмүрүбүз күз шобуртун бергени камданып келатаабы?

* * *

Билимсиздик, билимсиздикти эле төрөйт, анын баласы-баягы эле караңгылык .

* * *

Кайсы жакта чындык болсо, ошол жакка барыңыз. Жол

оңуту оңолуп барып-барып түз болот.

* * *

Өткөн өмүрүңүздү унутуп салбаңыз. Анын сабак алчу жагы болгон. Жана да унутулбас жакшы жагы да болгон.

* * *

Бул дүйнөдөн кетээр адам «Мен кеттим, силер эми жакшы калгыла, мен жетпеген бакытка, силер жеткиле»! – деп бирөө дагы айткан эмес, бирок алар көз карашы аркылуу кетеерде билдирген болуш керек.

* * *

Жалгыздык жакшы, жаның тынч, бирок ал кээ бир адамга беймазалыкты алып келет. Жалгыздыкты билген адам пайдаланат.

* * *

Кудайдын буйругу биздин жүрөгүбүздө жашап жатат.

Ошол жактан бизге түбөлүк адамкерчиликтин үнү угулат.

* * *

Акындар үчүн ой чындык, аны эң сонун көркөмдөп берүү накта чебеочилик.

* * *

Дарыя агып жүрүп отуруп, деңизге жетет. Кыраан учуп отуруп, бийиктикке жетет. Тапталган талант жүрүп отуруп, өлбөстүккө жетет. Демек баардыгы ийлиликке жеткен.

* * *

Жакшылык болгон жерде жамандык жок, күлкү болгон жерде кайгы жок, Чындык болгон жерде, жалгандык жок.

* * *

Кыш өтүп жаз келатат, эмгекчил адамга жакшы күн келатат, талантын таптаган адамга баары келатат.

* * *

Сөз билги адамга сүйлөгөн жеңил, чындык менен жүргөн адамга жашоо жеңил, өнөрлүү адамга баары жеңил.

* * *

Өткөн өмүр табылбай калат, өткөн жаштык табылбай калат, улгайган адамга өткөнү табылбай калат.

* * *

Ичкич жалкоо адамдан эмгек качат, кеп билбеген адамдан сөз качат, өз жолун таппаган адамдан баары качат.

* * *

Кыз жакшы болсо, энеге урмат, уул жакшы болсо, атага урмат, үй-бүлөң жакшы болсо, калың журтка урмат.

* * *

Кыш бат эле өтүп, жаркыраган жаз келээрин унутпа!

Оор күндөр өтүп, жакшы күндөр келээрин да унутпа!

Жамандыктын артынан, жакшылык келээрин дагы унутпа!

* * *

Карыбыз барда, биздин жөлөгүбүз бар, жаштарыбыз барда биздин келечегибиз бар, демек бизде баары бар.

* * *

Өмүр кандай өткөнүн билбей калдык, кандайча карылыктын келгенин дагы билбей калдык, кыскасы баарын билбей калдык.

* * *

Карылар карылыгы менен жаштар жаштыгы менен кыскасы

баары өз жолу менен.

* * *

Рухий байлыгы жок адамга кең аалам ошончолук жарды бойдон калган.

* * *

Алыс сапар аттанган жолоочуга жол ыраак, туулган жерин таштап качкан адамга ата-конуш ыраак, өлгөн адамга баары ыраак.

* * *

Деңиз суунун аягы, акыркы точка романдын аягы, өлүм өмүрдүн аягы.

* * *

Жан дүйнөнүн өлүшү адамдын өзү өлгөндөн дагы жаман нерсе.

* * *

Жолочу алыска жол улап баратат. Күндүн ачыгы ага жакшы, анын жанында жакшы досу баратат анысы андан бетер жакшы.

* * *

Адамдын ниетинин жаман жакка бурулушу, анын денесинин чирип баратканы. Ошону ошол адам сезип оңдосо– ал ийгилик.

* * *

Лирика жылт-жулт эткен өлбөс назик жалынды чачыратып турат. Ошол жалын анын өлбөс кылган кайрыктын кубанычы.

* * *

Элдин эсинде калбаган бийлик бат унутулат. Же анын журттун эсинде жакшы жагы болгон эмес.

* * *

Өтө чоң ачылыш ачам деген адам көп окуш керек, андан да көп иштеш керек. Баарынан мурун көп ойлонуш керек.

* * *

Адамдар байыркы замандан бери асыл ойлор китебин жазып келген жана дагы жаза берет. Асыл ойлор китеби адамдар үчүн табылгыс кенч.

* * *

Чыныгы адам болбой туруп бийликтин жогорку сересине жулунуп жаткан адамдар көп болуп жатпайбы. Алар ошол жакка жеткен менен элди ойдогудай башкара албайт ошол арман.

* * *

Жакшылык кала берет ал эми жамандык унутулат.

Жазмыштан байыртадан берки тагдыры ошондой.

* * *

Мен ыр жазам демек мен түзүүчүмүн. Акындардын баардыгы түзүүчү болуш керек. Түзүүчүсү жок эл болбойт.

* * *

Жыйырма бир адам президент болом деп жулунуп жатат. Бир эле киши президент болуш керек эле. Ушунча адамдын арасынан элдин жүгүн көтөрөөр бир адам чыгаар бекен? Ошончо адам бир эле акылман адамга жол берсе кана? Анда алар эл үчүн жакшылыкка жол берген пенделер болбойт беле?.

* * *

Жаратылыштын көрүнүшү төрт эле мезгилден турат. Жаз, жай, күз жана кыш. Ошол төрт мезгил биздин өмүрүбүздү коштоп кетип баратканын такыр эле эске албай калыптырбыз.

* * *

Ойчулдун жан досу – жалгыздык. Жана талбаган эмгек.

Жалгыздык менен эмгек бирге кеткен ойчулдун жан досу.

* * *

Мээ кайык киши өлкөнү башкарса ошол өлкөнүн эли мээ кайык кемеге түшүп, ары-бери чайпалып бараткандай болот. Чоң толкунга туш болуп, кеме талкаланып калбаса экен.

* * *

Өмүр бою өз жолун таба албаган кишиден эч нерсени күткөн жокмун. Жана күтө да албайм.

* * *

Аракеч аял жаман. Ал аялзаттын бактылуу оордун беш эсе кемитет. Же энеликтин ыйык жолун шек келтирип жатат.

* * *

Талаш-тартыш, кеп-кеңеш менен башталган иш натыйжалуу алды жакка жол алып бараткан болот.

* * *

Акыры чындыкка жеткен адам чындыктын желегин элге булгалап,көрсөтүп келаткан адам.

Рейтинг@Mail.ru