bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Элге арналган кубанычты, сүйүүнү, бакытты, өлүмдөн коркпогон бир баатыр гана жаратты. Бизде ошондой баатыр бар үчүн кубанычтабыз.

* * *

Бала чагымда туулган жердин бобереги тоолоруна атам экөөбүз дайыма кой кайтарып жүрчүбүз. Азыр дагы кой кайтарып турам. Бирок атам жок жалгызмын. Атамын ошондогу элесин сагынып, ойго батып турам… Мен мезгилдин өтүшү менен атамы, балалыкты, койлоруму андагы күндөрдү баарын кайда жогототтум?

* * *

Тоодо кой кайтарып жүрүп, кузгундун куркулдаганын, карганын каркылдаганын, суурдун аңкуштаганын, койлордун маараганын жана жымжырттыктын көшүлгөн үнүн уктум. Булар мен угайын деген жаратылыштын өлбөс -өчпөс сыйкыр үндөрү эле. Бул үндү бала күнүмөн бери угуп келатам. Ал менин сагынып, эстеп калайын деген үндөр эле.

* * *

Ачка курсакты тойгузуу баарынан жеңил, а бирок ага тамак табуу кандай кыйын жана оордукка турат.

* * *

Жаштар үйлөнөөрдө аябай катуу ойлонуш керек, үйлөнгөндөн кийин эсине келген өтө кеч болуп калат.

* * *

Күн алоо кызарып батып баратат, келгиле адамдар күн батып кеткенге чейин карап туралы, ага жылыналы, алоо нурду жүрөгүбүзгө киргизип, башкаларга чачууну ойлонолу! Жана жашообузга күн жылуулугу сыяктуу жаңы нерсени кошолу!

* * *

Оттун жылуу табы деле адамдын жүрөгүндө жаралып күйөт. Ал ошол жаралган жеринде эле тура бербей жүрөктөн-жүрөккө өтөт. Анын сыйкырдуу керемет жылуу илеби ошондо.

* * *

Түбөлүктүү нерсе ар дайыма энеден төрөлгөндөй жаңы жана коозддукта турат. Ал ошонусу менен жоголуудан сактанып турат.

* * *

Байыркы ата бабаларыбыз эне тилибизди унутпасын деп: «Манас, «Эр Табылды», «Курманбек», «Эр Төштүк», «Олжобай менен Кишимжан», «Кожожаш» деги койчу санат жеткис элдик чыгармаларын урпактарына калтырган. Ошолордун тилегин унутуп, эне тилибизди сүйлөбөй унутсак бизди алардын арбагы кечиреби?

* * *

Бийликке жеткен жетекчилер өз кызыкчылыгы үчүн акыйкатты жана чындыкты элге көрсөтпөй катып жатат. Жаалданган журт ал катылган нерсни акыры көрбөй жана таппай койбойт.

* * *

Эл ичиндеги жакшы башталыш унутулбай кала берет, ал ошонусу менен улуу жана өлбөс болуп жашай берет.

* * *

Эпостогу миф бул жакшы ачылыш, андагы чыгарманын өзөгүндө байыркы ата-бабаларыбыз жараткан эрдик, арман, кубаныч баардыгы билинбей жашырынып, жашап жатат. Ошол жашыруун нерсени турмушубузда колдонуш үчүн анын сыйкырдуу жагын үйрөнүшүбүз керек.

* * *

Бактысыз күндөрдүн артынан бактылуу күндөр келе жатат. Алардан бизге жакшы жолдор ачылганы келе жатат.

* * *

Гүл өзүнүн жыты менен бааланат. Бирок жыт көзгө көрүнбөйт жана кармалбайт. Ошонусун да сыйкырдуу көрүнүш. Эгер жыт кармалса адамдар анын алып, касиетсиз нерсе кылып таштамак.

* * *

Ардактуу ата-энелер балдарыңарга кудайдан өмүрдү сурагыла, ошону менен бирге ыйманды, адамкерчиликти дагы сураганды унутуп калбагыла!

* * *

Биринчи өзүмүн ким экенимди тааныйын, андан кийин башкаларды байкап,алардын кандай касиети бар экенин дагы тааныйын.

* * *

Наяти кыргыз тилин билбей калган балдар ата-энеси жок такыр башка чоочун кишинин колунда жетим калып, чоңойгон балдар сыяктуу элес берет.

* * *

Аалы Токобаев кыргыз адабиятынын улуу сыймыгы анын поэзиясы, прозасы биздин эсибизде түбөлүккө калып, анын чыгармаларына биз куштарбыз жана окуганга муктажбыз.

* * *

Кандай болгон күндө да Касым Тыныстановдун, Мукай Элебаевдин жана Узакбай Абдукаимовдун кыргыз адабиятына жумшаган эмгеги, аябай чоң. Ошол үчүн алар эч убакта унутулбай бизден бөлүнбөй бирге жашап келе жатат.

* * *

Бийликтин жогорку тепкичине жетип, иштей албай кулап түшкөн адам кайра эле бийликти самап жулуна бергени адамдын боорун оорутат же, нервине доо кеткен пенде эмеспи деп шек санатат.

* * *

Бийликке жетип эл байлыгын жеген көрүнүш коркунучтуу нерсе, эл байлыгы менен байыгандык дагы азаптуу нерсе, же мындай кубулуш журтубузда жок нерсе болсун!

* * *

Эл байлыгын жеп байыдың, ал көрүнүш өзүңү уктатпайт, аны көрүп турган мени уктатпайт, же жалпы элди уктатпайт.

* * *

Кагылайын калың эл ойлонгулачы! Акыл эстүү жаштарыбыз өсүп келе жатат, ошолорду эл бийлигине сүрөйлү анткени, биздин келечегибиз жаштарга таандык деп айтпадык беле!

* * *

Баардык эле заманда, баардык эле кылымда, кыргыз элине акылман Бакайлар, сарала жаргак шым кийген, сарала сындуу ат минген акылман Алманбет, баатыр Манас, эбегейсиз элин коргогон Сыргак, Чубак, көп тил билген Ажыбай, Чыйырды, Каныкей, Айчүрөк, Күлчоро жана башка акылмандар керек. Алар болбосо кыргыз элинин сакталышы кыйын болуп турат.

* * *

Башыбыздагы ак калпак байыркы энелерибиз бизди кийсин деп жасап таштап кеткен. Ак кар баскан Ала- Тоону ата-бабабыз бизди жашасын деп таштап кеткен. Бул экөө бизге арналган байыркы ата-бабалардын эч кимге карматкыс ыйык таберик белеги.

* * *

Көз көрөт, кулак угат, ооз сүйлөйт, бул үчөө биздеги жүрөктөн чыккан асыл нерсени элге жеткирип турса, анда биз жаңылбайбыз.

* * *

Эмне үчүн биз Жусуп Абдыракмановду, Төрөкул Айтматовду, Баялы Исакеевди, Султан Ибраимовду кайра-кайра аттарын айтып,эскере беребиз. Алар эл үчүн иштеп, үлгү көрсөтүп кеткен. Ошол үчүн алар бизге баардык кезде керек. Унутулгус адамдардй улам-улам эскере беребиз. Ушундай адамдарыбыз көп болсо кана. Тилекке каршы алардын саны такыр эле аз болуп арбыбай жатпайбы.

* * *

Таза адамдын жан дүйнөсү кооздукту жаратат. Кооздукту көргөн адам ага суктанып, ал дагы кооздукту жараткысы келет. Демек кооздук өлбөйт жана түбөлүк үлгү.

* * *

Гүлдөр бир-бирине ач көздүк кылып, сулуулукту булгабайт ага отоо чөптөр көрө албастык кылып оордун талашат. Бирок адам колу отоо чөптөрдү отоп, ааламдагы залимдикти жок кылып гүлдөрдүн сулуулугун сактап турат. Демек ар бир адам жер үстүндөгү кооздукту сакташ үчүн жаралган сыяктанат.

* * *

Сабатсыз адамдын жан дүйнөсүндө караңгылык уюп жатат, Эшикте дагы караңгылык көз ачырбай уюп жатат. Бирок тура туруп, таң агарып, ыйык күндүн нуру чачып келатканын дагы унутпай туралы!

Жаратылыш энеге таң агарды, береги караңгы адамдын ички дүйнөсүнө дагы таң агарып ак жрык болсун биз ага ошону каалайбыз!

* * *

Эл үчүн адал иштеген адамдарды ушактап булгабайлы, аларды жамандоо оорду толбос кыянаттык. Кыянаттыкты жараткан киши жакшы уктай албайт жана жакшы түш көрө албай өзүн азаптуу кайгыга салат.

* * *

Бирөө менден сурады:

– Тазалык кайда?, -деп.

– Ал сенин жүрөгүңдө,– дедим.

Жүрөгүндө тазалыгы жок адам аны эч бир жерден жакшылыкты, ак жарыкты таба албайт.

* * *

Улуу казак эли менен ар дайыма биргебиз Алардын кубанычы биздин кубанычыбыз. Алардын арманы биздин арманыбыз. Анткени алар менен кан -жаныбыз, тилибиз, дилибиз байыркы замандан бери бирге жашаган эгиз элбиз, жана бир тууганбыз. Жана мындан ары да бирге жашап келе беребиз. Алар менен үмүтүбүз, ой санаабыз түбөлүк бирге.

* * *

Эмне үчүн кээ бир пенделер таза адамдарды жок кылат. Алардын жан дүнөсүндө: назиктик, боорукердик, жакшылык каалоо, келечекке умтулуу сезимдери жок беле! Жандүйнөсүндө жалгыз гана мыкаачылык өмүр сүрүп калды беле!

* * *

Журт башчыдан эл түңүлсө, эл башчы да элден түңүлөт дей бер. Эми эки жакты бириктирүү оңойго турбайт. Себеби андай алкы бузукту эл кечирбейт, элден мурун жаратканым кечирбейт.

* * *

Таланттуулар айтат:

– Ийгиликтин жолу түз эмес, ийри -муйру ошентип далай адашууларды көрүп, анан акыры түз жолго жетебиз,-дешет.

* * *

Комузубуздагы үч кылдын ар биринин мааниси бар. Алардан биздин өткөндөгү арманыбыз, кубанычыбыз көрүнүп турат. Же болбосо комуз күүлөрүнөн өткөнүбүз, азыркыбыз, келечегибиз даана сезилет. Демек комузубуз байыркы ата-бабаларыбыздын санжыра, тарыхын басып өткөн жолун айтып берүүчү ыйык китеп.

* * *

Булбулдар айтты:

– Биз түштүктөн келдик, эми силерге жакшы сайрап беребиз.

Чымын, чиейлер, көпөлөктөр айтты:

– Күзгү суукка чейин биз силерге караан болуп бирге жашайбыз.

Келген жаз айы айтты:

– Биз силерге баарын алып келдик, эми мезгилдин ырыскысын көрүп, эмгектенип жакшы жашай бергиле!

* * *

Акылмандан сурашты:

– Океан тереңби, же адамдын акылы тереңби?

– Адамдардын акыл океандын тереңдигин эчак эле ченеп салган. Албетте адамдардын акылы океандан алда канча терең.

* * *

Акылмандан сурашты:

– Тоолор эмне үчүн картабайт?

– Канча кылым болду, аны шамал, бороон, жамгыр да карыта албады. Демек бийик нерсе ар дайыма улуу болот жана эч убакта картайбайт.

* * *

Менин сүйүктүү адамдарым, каар, жек көрүү, жамандоодон башка адамдарга жакын сүйүү, көңүл көтөрүү, кубаныч, таалай бар экенин, унутуп салбагылачы!

* * *

Мен өмүр боюу мектепете татынакай балдар, кыздардын арасында жөнөкөй мугалими болуп иштедим. Аларга акыл насаатымы айтып, тарбия бердим. Ошол жылдарда иштип жүрүп, акыл насаат сөздөрүмү чогултуп, «Адамдын асыл ойлору» деген китепти жараттым. Татынакай окуткан балдарым болбосо, ал китебим жаралаар беле ким билет?

* * *

Мугалимден, ата –энеден жана коомчулуктан жүрүш- туруштун үлгүсүн алып, балдарыбыздын жакшы тарбияда болушу келечек жолдун ишке ашкан кубанычы.

* * *

Мен улуу педагогдор Макаренконун, Сугомлинскийдин жана Януш Корчактын китептерин ыйык чыгарма катары окуп суктандым. Аларды көрбөсөм да, китептердеги насаат иштери мага аябай чоң үлгү болгон жана аларды окуп балдарды тарбиялап, өзүмө жакшы нерселерди алдым. Ал китептер мага үлгү болгон жана боло берет.

* * *

Кыш катаал болгон менен алтын жаздагыдай мээрим чачып турат. Катаал адамдын жүрөгүнөн да, алтын жаздагыдай жылуулук төгүлөөрүн унутпайлы тааныштарым, санаалаштарым!

* * *

Ханын кууп качырган эл жаманбы? Же элин бата албаган журттун байлыгын соруп. сүлүк курттай болуп жашаган хан жаманбы? Иши кылып, хан менен элдин ортосуна айыкпас бир балакет ажырым иштер уялап алганы жаман. Ханды да. жакыр эджи да жаратканымдын көзү көрүп турат.

 

* * *

Биздин тоолорубузда алтыныбыз бар. Ал дагы элибиздин байлыгы. Андан сырткары аягы чеги жок түгөнбөгөн «Манас» эпосубуз бар. Бул дагы биздин кийинки муунга кала турган журтубуздун чексиз байлыгы.

* * *

Таланттуу акын Алыкул жалгыз «Толубай сынчы», «Жеңишбек» чыгармаларын жазса деле ал өлбөс-өчпөс улуу акын бойдон жашап кала бермек.

Азыркы эл башчылары элдин алдында сокур Толубай сынчы көргөн адилеттикти көрөөр беле?

* * *

Начар жазылган чыгарманын он бетин окуу азап, аны дагы арылатып окуу андан бетер азап.

* * *

Түшкө кээде оор аяндар кирет, аны оңдой албайбыз, ал сыяктуу адамдын жашоосу кээде ачуу тагдырга кабылат, биз муну да оңой менен оңдой албайбыз.

* * *

Көөнөрбөс акылдан улуулуктун жолу ачылып даана көрүнүп турат.

* * *

Байлык адамда илеешкен катуу оорудан сактай албайт, бирок, азаптуу жокчулуктан толук коргоп, сактап калат.

* * *

Акылман осуяттардын баары эле айтылып жүргөн сөздөрдөн турат. Бир эле айырмасы аны акылман жоготпой кагазга көчүрүп, китеп кылып, чыгарып койгонунда турат.

* * *

Кээ бир адам бир баскан жолун кайра-кайра бир канча жолу басып чыгат. Ал ошончо жолу жаңылыштык кетирген адам.

* * *

Акыл, ишенчи, токтоолук жана сүйүү өкүм сүргөн жерде, адамдын жан дүйнөсү, бузулбайт, жоголбойт, алданбайт баардыгы таза алтын сандыкта сакталып турат.

* * *

Турмуш даректүү жана дарексиз нерселерден турат. Дарексиз нерселердин жогору жагына дарактүү нерселер калкып чыгып көзүбүзгө даана көрүнөт.

* * *

Жаңы жыл өтүп, күн узарган сайын, жаз бизге: – «Шашпай тургула мен силерге жакында барып калам»,-деп кабар айттырып жаткансыйт. Адамдар ал кубурды угуп алардын жүрөгүндө кубаныч калкып жаткансыйт.

* * *

Жакынды жакын дейбиз, алысты алыс дейбиз, адамдар аралыкка карабай, бири-бирине мээрим чача байланыша жүрсө дейбиз.

* * *

Кайгы оор, оор нерсени көтөрүп жүрүү андан бетер оор, бирок адамдын жүрөгүндө кайрат жана ишеним бар. Алар адамды ошол оор нерсенин азабынан коргойт.

* * *

Жашоодо өмүр сүргөн эркек жана аял бар. Экөөнүн ортосунан жаралган мотурайган балдар, кыздар бар. Демек аягында бактылуу жашап жаткан таалайлуу үй-бүлө бар.

* * *

Эл башчы же өкмөт саясатты жакшы жүргүзө албай калганда, элдин баары баладан чоң кишиге чейин саясатты кобурап, саясаттычыга айланып кетет.

* * *

Карылат айтат: «Элибизди Көкчөкөз, Көзкаман, Тазбайматтар башкарбасын. Булардын жолу башка, элдин жолу такыр алардан башка. Бизди азыркынын баатыры Манас башкарсын ошону таап бийликти ошого берели!»– дейт

* * *

Саясатчымын деген адамдын жүрөгүндө элге болгон адилеттүүлүк, чындык, Ата -Мекенди сүйүүнүн жолдору көрүнүп турсун. Андан мурун ал адамда эне тилин, ата-бабасынын жолдорун сыйлаган урматы көрүнүп турсун.

* * *

Кээ бир саясатчылар өз караанын жалаң ак үйдүн ичинен көргүсү келет. Жок алар өз караанын элдин арасынан көрсүн. Ошондо элге да, өзүнө да эң жакшы болот.

* * *

Ар бир күн жөн эле өтпөйт, ар бир күндө адамдар бири-биринин жүрөгүнө коштошуу жана жолугуунун аянычын таштап кетип турушат.

* * *

Мен жүрөгүм менен Гиминимди, конституциямды жана желегимди сыйлайм алар менин ким экенимди, жашоодогу законумду жана туулган жеримдин үнүн менин жүрөгүмө угузуп шыбырап турат.

* * *

Түн ортосунда жолочуларды ташыган поездин үнүн угулуп жатат. Демек адамдар түн ортосунда да жолочулап, тынбай жашоосун улантып баратат.

* * *

Кечөө эле бийликке келип, өлкөнүн каражатын аябай жеп, колуна чынжыр тагынып, калган адамдардын караанын көрдүк. Биз бир көрүнгөн утурумдук жок болуучу караандарды көрдүк.

* * *

«Турмушта эмне ачуу, эмне таттуу?» деп балдардан сурасак. Алар « Шекер таттуу, туз ачуу» деп жооп беришти. Митаамдыгы жок алтын балалыктын жообу ушул.

* * *

Кээ бир саясатчылар айтат: « Саясат бул баланын ойну» деп, алар саясатты баланын ойнундай куурчак кылып ойноп кирсе, алар терең жаңылышат.

* * *

Саясаттын башында турган адам. «Бул меники, бул сеники дебей, Мунун баары менин элимдики», деш керек.

* * *

В.В. Радлов айтыптыр: «Кыргыз сөзү кулакка ырдай болуп угулуп, өтө жагымдуу жана назик» деп эскертиптир. Карагылачы касиеттүү улуу окумуштуунун кыргыз сөзүнүн кереметине маанисине тан берип, суктанганын. Бул улуу ойду биз да унутпай урматтап, жүрөгүбүзгө сактай жүрүшүбүз керек.

* * *

Байыркы биздин ата-бабаларыбыз, өзүнүн арман кубанычын, суукта жоголбос, чагылгандын отуна күйбөс, шамалда убаланбас таш бетине чегип сөздөрүн, осуяттарын бизге калтырган. Ошол ыйык сөздөрдөн биз байыркыдан кабар алып турабыз. Биздин киндигибиз байыркы бабаларыбыз менен байланыштуу.

* * *

Эл эне тилин сактап турат. Эне тили элди сактап турат. Ал жоголсо, ошол элдин улуттук идеясы кошо жоголот. Анда эли эмне болот? Ошону терең ойлонгулачы?!

* * *

Ар бир элдин ой жүгүртүүсү, философиясы, психологиясы, дүйнө таанымы, даанышмандыгы, саясаты, жүрүш-турум эрежелери ошол элдин эне тилинде чагылып, улуттук идеясын өлбөс болуп жанып турат.

* * *

Кыргыз элинин улуттун идеясы, улуттун руху. эне тилинде чагылып, ар бир адамдын жан дүйнөсүндө, жүрөгүндө тирүү жашап турат.

* * *

Түбөлүктүү улуттук идея ошол элдин байлыгын, биримдигин, чарбасын чыңап, ошол элди жоготпой түбөлүккө сактай алат.

* * *

Ар бир элдин эне тили ошол элдин байлыгы жана келечеги, аны аман-эсен сактап, алдыга алып барып, урпактарга тапшыруу ошол элдин колунда.

* * *

Кыргыз тили ата-журтубуздун символу. Ар бир элде өз эне тили өз өлкөсүнүн символу, Символ ыйык нерсе. Кайгысы, кубанычы, келечеги, баардык үмүтү, ыры, чоору элибиздин символунда өлбөй жашап калат.

* * *

Жандуу, өлбөс, ой-элес, схема, акылмандын башында жаралып, жоголбой кагазга түшүп, жана ишке ашырып, бүт өлкөнүн келечегине даңгыр жол салса, ошол дагы улуттук идеяга жатат. Же улуттук идеяны мен-менсинген акылмандар жаратып, аны ишке ашыруу жалпы элдин колунда

* * *

Улуу акылмандар, жазуучулар, акындар улуу китеп жазып бүткөндө айтышыптыр: « Мен өлбөйм, мен түбөлүк тирүүмүн» -деп кубанышыптыр.

* * *

Кыргызда бир сөз бар: « Кесир урганды, кусур урат»– деп ушул сөздүн маанисин баарыбыз өмүр боюу унутпай жүргөнүбүз оң.

* * *

Биринчи качып кеткен адамыбыз аялын гений атады. Экинчиси адамыбыз баласын гений атады. Мейли алар аялын, баласын гений деп атай берсин. Анысына каршылыгыбыз жок. Бир гана арман алар өз элин, өз эне тилин, өзү жашаган Ата-Журтун унутуп калган. Алар жумурай журттан түңүлүп, аялын, балдарын гений эсептеп калышты. Алар өз элинин генийлигин билбей такыр унутуп калган.

* * *

Өлкөнүн башына келген адам хан Шырдакбекти, анын аялын, даңкы таш жарган Акбоз жоргону эске сала жүрсүн. Буларды хандарыбыз такыр унутуп калбасын, унутуп калса, аларга жаман. Ал унутулбас улуу сабак!

* * *

Мугалим бала үчүн ким? «Адам бол жана дагы адам бол!» деген улуу насаатчы, акылман болуш керек.

* * *

Адамда оң жана сол көздөр бар. Адамдар оң, сол көз дебей эки көз менен айлананы бирдей карайт. Бирок саясатта терең жаңылыштык болот. Айрым жетекчи адамдар өң көзү менен өзүн, туугандарын, жакындарын карап, сол көзү менен элди карайт. Алар өтө катуу жаңылган адамдар. Эл андай сокур сол көздүү адамдарды бат эле бийликтен кууп түшүрүп, өз жолуна салат.

* * *

Көзкамандар менен Көкчөкөздөр Манастан мурун да чыккан, азыр да чыгып жатат. Керек болсо мындан кийин да чыга берет. Жана жерди саатып азыр да чыгып жатат. Адамдар сак болгула! Алар биздин жерибизди сатып, элди талоонго учурата тентитип, байлгыбызды алып, чет жакка качып кетпесин. Кайталап айтам адамдар сак болгула! Баарыңар сак болгула!

* * *

Жашоодо арамза адамдын жети акылы болот. Алар бир акылын салат. Экинчи акылын да сала баштайт. Ошентип 3…4…5…6… анан 7 акылын салып бүткөнчө. Чыныгы акылмандын бир эле акылы иш жүзүнө ашып кетиптир.

* * *

Биз малчынын балдары элек. Жайлоодо күн желеси Асан-Үсөн пайда болчу. Топ балдар ошол Асан,– Үсөнгө күн желесине жетели деп, суу болгон шалбааны аралай жыңайлак чуркаган балдар болчубуз. Бирок биз ага такыр жетчү эмеспиз. Чуркаган сайын алыстап кетеер эле …

Биз бала болуп, ошол жеткирбес балалык Асан-Үсөндү кууп бараткан балдар элек.

* * *

« Ата –Журт» деген ыйык сөз бар. Бул сөз биз төрөлгөндө өзүбүз менен кошо жаралган. Жана биз менен кошо жашап, өлгөндөн кийин да биздин денебизден, жүрөгүбүздөн кетпей кала берет. Демек Ата-Журт биз менен кошо жаралган.

* * *

«Манас» чыгармасы ата журтту, адамдарды элесин, турмушту, баатырдыкты, сүйүүнү, коркоктукту, чыккынчылыкты, деги койчу… баарын, баарын … чагылдырган улуу эпос, улуу китеп. Генийлердин эсинен жаралган улуу арман, аягы бүтпөс улуу ыр. Бул улуу китепти окубаган адам сөзсүз армандуу пенде. Окуп туруп анын идеясын кан-жанына сиңирип алса, жан дүйнөсү тазарат.

* * *

Үзөнгү -Кууш жерибиз башка жакка кетип жатканда, ошонун кайгысына чыдай албай, ачкачылык жарыялап, Шерали Назаркулов деген жигитибиз 22 күндөн кийин каза болду. Кайран ата журтун сүйгөн жигитибиз мекенинин кайгысын көтөрө албай калды. Ал жигит мекенге болгон сүйүүсүн өзү менен ала кетпей элине таштап кетти. Эли үчүн күйгөн жигитти анын караанын баатыр катары санап, элесин ар дайыма унутпай эстей жүрөлүчү! Анын атын укканда биздин мекендин ыйыктыгы,өлбөстүгү байкалат!

* * *

Атактуу жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун классикалык « Сынган кылыч» деген чыгармасы бар. Кайсы адам эл башчысы болуп көтөрүлсө ошол чыгарманы окуп койгон абзел. Баарын окубаса да, чыгармада «Чокой жөнүндө жазылган икаясы» бар. Ошол жерин окуп койсо, келечегине пайдасы тийип калмак. Чыгармада чокой кийген адам хан болуп шайланат. Акылман адам ошол ханды күндө чокойун көрүп туруп, аны өткөндөгү кезин унутпасын дегени.

* * *

Жакшы жазылган чыгармаларды, кайра-кайра окуп, сөздөрүн кармалап эркелетким келет. Тамгаларды кармай албасам да, аларды жүрөгүм жана көңүлүм кармалап алдейлеп, эркелетип жатканын билип эле сезип эле турам.

* * *

Эл жалаң саясатты сүйлөп, же баардыгы саясатчы болуп кетсе, ал жерде биз билбеген шойкомдуу мандем жашап жатат.

* * *

Жымжырттыктын элеси түн, эмгеетин энеси күн. Демек жашоонун элеси күн менен түн.

* * *

Өлкөнүн каражатын жеп, элди аябай жакырчылыкка отургузуп, качып кеткендер, элди терең азапка салгандар алардын баары адам кебетесин кийген тирүү шайтандар. Алар уурдап алган байлыгы менен башка өлкөнүн жетекчисин багып, ошонун жардамы менен эптеп тирүү жашап жатат.

* * *

Акылмандар китепти окуп аны терең түшүнүп талдап чыгып, жан дүйнөсүндө кайра башкача сонун китеп жаратат.

* * *

Жан дүйнөсүндө боорукердик, кенендик, чынчылдык, эмгек, сүйүү баардыгы уялаган пейли кенен пенде ал- кеменгерликк жолго кетип бараткан адам.

* * *

Бобу түздүктөгү мелмилдеп агып жаткан чоң дарыя кайдан келеерин айтым берейинби, адам чыгып көрө элек аскасы асман тиреген, башын булут ээлеген тоолордон башталып, агып келет. Ал жактардагы аскаларды карасаң башың айланат. Башында бүркүт уялап, сүрдүү тарткан булуттар башынан такыр кетпейт. Ошол жакты мекендеп, кайберендер жашайт. Бизге өмүрдү азыгын ошол жактан тартуулап алып келет. Бизге ошол жактын турмуш шапатасын алып келет.

* * *

Эли жакыр, кейпи кетип бараткан өлкөдө үч гезиттин түрү чыгат. Бийликти жактаган газеталар жана бийликке каршы күрөшүп жаткан газеталар. Үчүнчүсү чындыкты жазып элди жактаган газеталар. Баягыдай эле ал өлкөдө үч түрдүү саясатчылар болот.

* * *

Дүйнөдөн өтүп бараткан акылман карыя карыларга айтты: «Эл журтум эч убакта Үзөнгү Кууш чет элге кетип жатканда Аксылык элдин толкундоосун, алардын көргөн азап тозогун, көз жашын, аны сатып ийген өлкө башчысынын жоругун эч убакта унута көрбөгүлө! Ошондой оор тагдырды кайра кайталабагыла! Баардыгын унута көрбөгүлө!»

* * *

Өлкөнүн күч кубаты анын жетекчилигинде турат. Ошол үчүн бизге, рухий күчтүү, кубаттуу элдин ишенимин актаган жетекчи керек болуп турат. Себеби биздин тагдырыбыз, келечегибиз ошол кишинин колунда болгондой сезилип турат.

* * *

Жетекчиликке кыраакы, көзү ачык, мекен деген адамды коё берип шайлап алалы, ал келечек жана баардык оорчулук менен бетме-бет кездешип, элибизди жакшы жолго алып кетсин. Журтубузду оорчулукка кабылтпай жакшы жолго салып кетсин!

* * *

Алыскы адам буту баспаган жерлерди көргүбүз келет, ошол жерде биз эңсеген нерселер бардай сезилет. Жымжырттык жана таң калыштуу жашоо аты өчпөс тынчтык бардай сезилет. Биздин жүрөгүбүз ошол жактагы көрүнүштүн баардыгын сезип жана билип тургандай сезилет.

 

* * *

Дүйнөдөн өтүп кеткендерге биз түшүбүздө жолуктук, тирүү пенделерге өңүбүздө жолуктук, экөөндө тең өмүрдүн өчпөс элесине жолуктук.

* * *

Акылмандар жазган осуят жана асыл ойлор чыгармасын окугандан кийин адамдын эсинде калып, көпкө сакталып, жан лүйнөсүн жашоосун керемет дүйнөгө айлантат.

* * *

Жакшы адамдын сага жолукканы кубаныч, ал эми коштошуп кетип баратканы арман. Демек жашоонун өзү деле кубаныч, арман жана жолугуу коштошууданганын билдик.

* * *

Жакшы адамды көргөндө адамдын жан дүйнөсү тазарат жана жашарат. Ошол өлбөстүккө бараткан жышаана эле.

* * *

Жакшы досума жолугуу кубаныч жана таалай. Ал досум менин сүйүп окуган ардактаган китептерим болчу.

* * *

Адамдын өмүрү деле жолугуудан жана ажырашуудан турат. Жолугуу кубаныч, ажырашууда армандуулуктун бир түрү болгонсуп турат.

* * *

«Ырларым силер кайда жүрөсүңөр?»– деп сурадым. Алар: «Биз сенин жүрөгүңө келдик бизди тосуп алып кайра жаркытып жакшынакай кылып башка адамдардын жүрөгүнө аттандыр»,-деди кубана.

* * *

Биз жаратылышты сактайбыз, жаратылыштын улуулугу сулуулугу, өлбөстүгү бизди сактап жана жашартып, жашылдандырып хүрүп отурат.

* * *

Улуулукту адам жаратабы же адам улуулукту жаратабы, менимче алар бири-бирин жаратып түбөлүк өчпөс болуп жашап жүрүп отурат.

* * *

Куштардын сайраган үнүнөн жашоонун үнүн уктук, адамдардын сүйлөшкөн үнүнөн жашоонун сырын уктук. Демек биз тынымсыз жашоонун сырына, шыбыртына, өлбөстүгүнө жолугуп турдук.

* * *

Адамдар өзүңөрдү өзүңөр эмгегиңер менен жаратып алгыла! Ошондо силер өзүңөрдү эскиртип жана жоготуп салбайсыңар!

* * *

Сүйүүдө улуулук бар. Эгер адам ошол улуулуктун даамын татыса, ошол улуулукка жолуккан адам. Демек ал адам сүйүүнү, жашоону, өмүрдүн өлбөстүгүн сыйлаган адам.

* * *

Шаркырап аккан суунун үнү жашоонун өлбөстүгүн айтып турат .Суу- өмүр, өмүрдүн дагы андан ары уланаарын жаратылыштын өзү эле айтып турат.

* * *

Жүрөгүнө таза тунук сүйүүнү алып жүрбөгөндөр, көзүмө шектүү адамдардай туюлду.

Оорду менен сүйлөп, оорду менен жүргөн адамдар, көзүмө кандадйдыр бир маданияттуу адамдардай туюлду.

* * *

Бирөөнүн жакшы акылын угуп, аны өзүңүн акылыңа кошуп алганың жарым байыганыңа барабар болот.

* * *

Жардылык жоголгондон кийин, адамдардын жашоосу оңолуп, анан рухий байлык мен быяктамын деп өзүнөн өзү келет.

* * *

Адашпай жүргөн адамдар бар, жалгыздыкта жүрүп буюуккандар бар, өзүбүз менен бирге эле жүрүп буюугуп адашкандар да бар. Адамдар силерге ошол адашып жүргөндөрдү оң жолго салып койсоңор алардын алкышына татыйсыңар!

* * *

Жакшы адамдын жан дүйнөсү деле кооз жаратылыш, табяттын кооздугу жакшы адамдын жан дүнөсүндөгү жаратылыш.

* * *

Чындыктын жүзүнөн эл үчүн иштеген кишинин өңү көрүнөт, а жетекчинин жүзүнөн чыныгы турмуштун өзү көрүнөт.

* * *

Мен силерге көргөндөрүмү гана айтам, эгер бир нерсени көрбөй туруп көрдүм деп айтсам, анда калпычы болом.

* * *

Жаңы министр келсе, эски министр кетет бирок жаңысы эскисинин кетирген кемчилдигин оңдой албаганы эң жаман. Анда эл үчүн эскиси да жаңысы да эң жаман.

* * *

Жакшы адам болуп, ата-энеңин үмүтүн актаганың ал чоң кубаныч, ал эми жалпы элиңин күткөнүн актаганың ал аябаган эле зор атак даңк!

* * *

Шакирт менен устат жолукса алардын ортосун талант даарыйт, жинди менен дардаңбай жолукканда жин даарыйт, ушакчы менен ач көз жолукса бузукулук даарыйт.

* * *

Жашоодо эки жүздүү адам жаман. кошоматчылык эң жаман, кыянаттык, жүзү каралык андан бетер жаман.

* * *

Бийликке жетем деп дүрбөлөңдү саясатчылар баштайт, бирок анын азап- тозогун эл көрөт.

* * *

Жашоодо адамга өлүм жана ачарчылык коркунучтуу. Ушуларга элине алып келген өлкө жетекчилери андан жүз эсе коркунучтуу.

* * *

Эрке жел эч убакта токтоп калбайт, ал токтоп калса, адамдын бетин сылаган назиктик менен боорукердик жоголот.

* * *

Акылмандык болгон жерде акылсыздык болбойт, аны акыл «Ары бол, бери бол!» деп оң жолго салып турат.

* * *

Бир жөнөкөй адамдын баласы чоң кызматка көтөрүлгөн экен. Атасы баласын оңурая карап: «Менден тууган баланын ушундай чоң болот ,-деп, өңүмдө эмес түшүмдө да элестеткен эмесмин»– деп баласын улам-улам тиктеп аябай таң калыптыр.

* * *

Мен элди башкарган жетекчилерге собол кеңеш айткым келет:

«Ааламда бир эле күн бар, эгерде сенде эки күн болсо, ого бетер жакшы, Асмандагы күн сени жылытсын, сенин жүрөгүңдөгү күн сен башкарган элдин жүрөгүн жылытсын. Ошондо элге да сага да бейиш күн келет.

* * *

Тамгадан сөз, сөздөн сүйлөм, сүйлөмдөн чыгарма түзүлүп, китеп пайда болот.

Ал эми мүнөттөн саат, сааттан күн,күндөн жума, жумадан ай, айдан жыл куралып адамдын өмүрү түзүлгөн. Чындыгында китеп да адамдын өмүрү да кичинеден куралып отуруп түзүлгөн.

* * *

Бир нерсени өтө көп билгениң абдан жакшы бирок ошол билгениңди турмушуңда пайдаланганың, андан бетер жакшы.

* * *

Көп окугандыгың сага байлыкты алып келбейт, бирок жан дүйөңдүн байлыгын түзүп тураарына бекем ишен.

* * *

Тоону карасам, ашууларды ашкан ата-бабалардын жолу жатат. Биз басчу жолдорду ошол бийиктикке алып барган ошол ата-бабаларыбызга чын жүрөктөн ырахматыбыз айтылат.

* * *

Китепсиз билим жок, кайсы китеп бактылуу баардык кылымдарда окулган китеп бактылуу.

* * *

Адам бир ийгиликке жетсе, дагы бир ийгиликке жетем деп аттанат антпесе жүрөгүндөгү күрөш жолу токтоп калат.

* * *

Жашоодо коркунуч жана баатырдык бар. Адам коркунучту аралап жүрүп отуруп, баатырдыккажеткенин билбей калат.

* * *

Жүрөгүбүздө эрк, кайрат, эмгектин деми кайнап жатат, демек биз күчтөнүп жан рухту жыйнап жаткан адамдарбыз.

* * *

Бала бирде жыгылат, бирде чуркайт, бирде күчүк болуп үрөт, ал жашоонун сырын жаңыдан үйрөнүп келе жаткан кичинекей адам.

* * *

Чындыкка жетели деп, күрөштүк дагы алдыбызда сонун күндөр бар, ошондо чындык үчүн кан жаныбызды берип, дагы аябай күрөшөбүз.

* * *

Адам улгайган сайын айланасындагы майда барат ыпыр-сыпырды даана көрөт. Анткени ал жашоону бийиктиктен карап калган болчу.

* * *

Бийиктикте күн улуулук, сулуулук, даанышмандык нурун төгүп турду. Адамдар ошол асылдыкка жетели деп, канат издеп турду.

* * *

Бул дүйнөгө келип жашоонун сырын түшүнүп жана түшүнбөй кеткен адамдар бар. Сен кайсы жагына киресиң ошону айтчы замандашым!?

* * *

Адамдар келгиле жүрөгүбүздү кенен ачалы ага күн нурун төксүн. Ошол нурду биз жүрөгүбүздү кенен ачып башка адамдардын жүрөгүнө чачыраталы!

* * *

Уйку тынчтык болсо, түн жымжырттык, экөөсү тең чарчап калган адамга күч кубат берет. Ошондон кайрат эргүү алып, эртеңки оор ишке аттанганы жатабыз.

* * *

Жашоодо пайдалуу жана пайдасыз нерселер болот. Өтө пайдалуу нерселерди генийлер гана жаратат. Ал эми майда барат нерселерди арасында майда адамдар алышып жүрө беоет. Алар ага пайдалуу нерседей көрүнөт.

* * *

– Баарынан эмне күчтүү деп, баладан сурасам? « Пил менен өгүз күчтүү»,-деди

Улгагйан киши: « Адамдын акылы, сүйүүсү күчтүү» деди. Албетте экөөнүкү тең туура.

* * *

Көзү көрбөй калган адам айтты: «Көзүм барда күндү көрүп андан жылуулукту, улуулукту алып турчумун, азыр күндү көрбөй ошолорду сагындым. Мен күндү көрбөй калсам дагы күн берешендик жана улуулугун салып алтын нурун мага чачып турат»,-деп ыраазы боло кубана айтты.

* * *

Бийик тоонун башы адамдарды өзүнө чакырып жатпайбы. Анткени чокуда улуулук, сулуулк менен бийиктик жашап жатпайбы.

* * *

Акылмандардын арасында отурсаң алардын сөзүн угуп, суктанып отурганың жакшы, акмактардын арасында отурсаң алардын сөзүнө көңүл бурбай башка бир сонун нерсени ойлонуп отурганың жакшы.

* * *

Баш кошуп үйлөнгөндөрдүн арасында айтылбаган бир сырлар болуш керек, аны экөө гана билет бирок ачыкка такыр чыгарбайт.

* * *

Арстандагы каардуу айбаттуулук арстанга гана ыйгарылган. Анткени ал – арстан.

* * *

Улуу Толубай сынчы хан көрбөгөн улуулукту, кыраакылыкты көргөн. Хан аны эч убакта көрө алмак эмес, анткени анын жан дүйнөсү сокур. Сокур хан ошого жини келип анын эки көзүн ойдуруп, өзүндөй сокур кылып салган. Толубай сынчы сокур болсо да хан көрбөгөн улуулукту баары бир көрүп турду. Толубай сынчынын элди сүйгөн соолбос жүрөгү бар. Ошондо хан менен Толубай сынчынын ортосунда айгышкан элдешпес эрегишкен күрөш жаралган.

* * *

Мен улгайган адаммын, көрүнбөгөн өмүрүмдүн көп барагы жазылып бүтүп, аз гана барагы калды окшойт. Ал барактарда кандай окуялар баяндалат жана качан жазылып бүтөт ошону ойлоп башым маң.

* * *

Бир үй-бүлөөнүн кубанычы, кайгысы, Ошол үйбүлөөнүн баардыгынын жүрөгү аралап өтөт. Ошол үчүн алар үй-бүлөө.

* * *

Бирөөнөн алган карызгаңды кайра бере көр, Ал берген байлыгын эч убакта унутпайт. Ошол сенин мойнуңда унутулбай өмүр боюу кала берет.

* * *

Адамзатка эмне кооз? Өмүр кооз жана жаратылыш кооз.Анткени адамдан өмүрүндө өлбөс жаратылыштын төрт мезгили: жаз. жай, күз, кыш төгүлүп аны жаратылыштын өзү сыяктуу кооздоп турат.

* * *

« Жөнөкөй адамдарды аягыла! деп жаратканым айтат. Анткени алардын жүрөгүндө боорукерлик жана карапайымдык бар. Алар эч убакта башкаларга жамандык жасабайт».

Рейтинг@Mail.ru