bannerbannerbanner
полная версияАдамдын Асыл ойлору

Кадыр Абакиров
Адамдын Асыл ойлору

* * *

Саясат – бул аккан суу. Суу агып өзүнүн нугун тазалап туруш керек. Суу акпай калса, суунун нугунда сасык жыт пайда болот, Эл сасык жытка чыдай албайт. Аккан суу таза болсо, саясат да таза болот, баары таза болот.

* * *

Кээ бир акындар өз эне тилинде ыр жаза алышпайт, анткени алар өз эне тилин билбей калган, бир арманы бар. Өз эне тилин билиш үчүн алар кайра төрөлүш керек. Тагдыр аларды андай кылбайт.

* * *

Бөксө мээге бир жакшы нерсе кошулбайт, кошуш үчүн ал кайра төрөлүш керек.

* * *

Жаратканым адамга эки кулак, эки көз, бир ооз эле бериптир. Бир эле ооз бергени жакшы болуптур, эки ооз берсе, экөө тең тынбай сүйлөй берип, бул дүйнө чалды-куйду болуп айланы кетирмек экен. Кээде бир ооз деле көп сүйлөп жиберип мазени такыр кетирип жатпайбы.

* * *

Көлөкөбүздүн бизге зыяны да пайдасы да жок. Болгону ал тирүү жашап жүрөт деген шоорат. Көлөкө жогодбосун, ал жоголгон күнү биз да жогодгон болобуз. Ошол үчүн анын бизге пайдасы тийбесе да жоготплй тирүү сактап жүрөлү.

* * *

Улуу даанышмандыкты адам жаратат. Башкалар анын нуруна бөлөнөт. Даанышмандыктын жолу ошол.

* * *

Адамдар жашап турган жерде алардын турмушунда сөзсүз

жаңылануу болуш керек.Антпесе, адардын жашоосу эскирип, алдыга жылышы болбой калат.

– 57 –

* * *

Үй ээсинин жаңылганы үй-бүлө үчүн жаман, Өлкө башчысынын улам-улам жаңылганы эл үчүн жаман, же экөө тең кырсыктуу окуя.

* * *

Жакырчылыктан жаалданган эл көчөгө чыгып толкуса, аны көрүп эл башчычынын шаабайы сууп жер карады. Эл бачысыны көрүп, элдин айласы кетип жер карады. Азыр баары асманда карабай, жерди карап турган чагы.

* * *

Чындык менен калп бир казанда кайнаса, аны көргөн адам, же калп, же чындык экенин билбей башы маң болот.

* * *

Куштардын сайраган үнүн колуң менен кармай албасың, бирок көңүлүңдө сакталат. Ошол үчүн көңүл тоодой нерсени көтөрүп жүрбөйбү. Адамдын көңүлүндө баардык улуу жакшылык сакталат.

* * *

Эл үчүн күрөшүп өлгөн баатырдын өмүрү санжырага айланып, сонун-сонун жомок сыяктуу башталып, түбөлүк эстен чыкпайт.

* * *

Жалган менен чындыктын бир окшош жери бар. Экөөн тең эле адам жаратат. Бирок аларды эки башка адам жаратып жатпайбы. Ошол жерде жаңылыштыкты жараткан адамда бир шек бар.

* * *

Кудай барбы же жокпу, деп кабатыр болбо! Кудай бар үчүн сен бар, мен бар, баарыбыз барбыз жана жердеги жашообуз бар.

* * *

Адамдын көзү өтүп кете электе ага жолугуп калалы, анын сөзүн угуп, ага кайрат айталы, анын сөзүн башкаларга айта баралы.

* * *

Ай толгон күнү акын бакытка жолугат, анын таланты да, толгон айдай толот. Айды көргөн акын, жаңы талантка жолугат.

* * *

Жалган атак, көп адамдарды жолдон адаштырат, бийлик жоголгон күнү жалган атак да көздөн кайып жоголот.

* * *

Эл башчы элди мыйзам менен башкарат, ошондо эл башчы да элдики, мыйзам да элдики болот.

* * *

Хандын аялы болуш өтө оор болот. Хандын аялы начар ач көз дүйнөкөр болсо, хандан мурун элдин шору. Жакшы болсо, бүткүл элдин энеси болот.

* * *

Бассаң, турсаң ойлонуп жүрүп, адамдар үчүн бир сонун нерсе жаратканың – бул бактылуулугуң. Ал бактылуулук башкаларга бакытты алып келсе, андан бетер бактылуулугуң.

***

Иттер үрүп, жылкылардын дүбүртү угулду. Биз күткөн адамдар келаткан экен. Эмне кабар айтат болду. Көңүл байкуш, кубанарын, же кайгырарын билбей үшүркөп турабыз.

* * *

Акындар айтат:

– Жакшы ыр жүрөктөн жаралат, – деп. Жүрөктү кубанычка бөлөгөн ыр анан каяктан жаралмак эле?

* * *

Адамдардын жүрөгүндө төрт нерсе, болуш керек: Сүйүү, чындык, эмгек. ойлонуу Сүйүү жашоону көркөмдөйт. Эмгек өлбөс өмүргө керек. Чындык ар бир күнгө, келечек жашоого, баарына керек. Ойлонуу болбосо, акылмандык кантип жаралат.

* * *

Ат арабаны сүйрөп баратат. Арабакеч арабаны кайда бурса, араба ошол жакка бурулат. Мезгил биздин өмүрүбүздү ат сыяктуу айдап баратат. Анда биздин арабабыз кайда? Арабакечибиз ким? Кайда баратабыз?

* * *

Бир күнүң, бир күндүк өмүр, кээде бир үзүм өмүрдөн өчпөс болуп эрдик жанат. Ошол эрдиктен өчпөс изиң калат.

* * *

Алыста жүргөн эки адам бири-бирин сагынышты. Демек алардын ортосунда жылдыз жанган жагымдуу күндөр болгон. Жагымдуу убакыттын арасында, жаадыраган жакшылык болгон.

* * *

Өнөр өчпөй турган ыйык нерсе. Ал дайыма жаңыланып турат. Ошол жаңылануусунда бир керемет жаркы жанып турат.

* * *

Балалыгым аркы жээкте, өзүм берки жээктемин. Дайраны кечип, балалыкка барайын дейм, бара албайм. Дайрадан кечүүгө болбойт. Экөөбүз эки жээктебиз.

* * *

Өткөндө жайлоого барып, балалыгым өткөн кыяны кылчак-, кылчак карадым. Кыя менин балалыгымы жоктойт, мен баардыгын жоктойм.

* * *

Унчукпай тынымсыз аракет кылган адамдар көп нерсени бүткөрүп, көп нерсеге эгедер болот. Алар жакшы жеңиштерге салтанаттуу түрдө жакындаган болот.

* * *

Ар бир күн жаңы төрөлөт. Улуу жомок, өчпөс талант да, ар дайыма күн менен кошо жаңы төрөлөт.

* * *

Жакшы учкул сөздөр кумдан жыйнап алган майда алтындар сыяктуу шоолаланып турат. Учкул сөз да жылт-жулт эткен алтындын сапатын элестетет.

* * *

Көп нерселер кайрылып келди, жаз да кайрылып келди, куштар да кайрылып келди. А эмнелер кайрылып келбей калды.., ошону эстегибиз келди…

* * *

Анын мүнөзүндө жакшы сапаттар бар. Бала чагында жакшы тарбия алгандыгын даңазалап турбайбы.

* * *

Тарых акты ак деп, караны кара деп, тыянак чыгарып коёт. Ошентип, акты карадан бөлүп, оордуна коёт.

* * *

Баласы жок, кемпири өлгөн абышка, жалгыздыкта өткөн өмүрүн эстейт. Армандуу өткөн өмүр менен эмнени эстетпейт.

* * *

Адамзат үчүн иштеп, журт тагдырын ойлогон жетекчилер өтө аз болот. Эгер алар көп болсо, дүйнө мындан бай жана бактылуу, шаңдуу болмок. Биздеги элдин жетишпеген арманы ошол.

* * *

Хан элден качса, эл да хандан качат. Хан тескей тоодо болсо, эл күңгөй тоодо болот. Ортосунда күрүлдөгөн дайра акса, эл аркы өйүздө хан берки өйүздө болот. Элин жек көргөн хандын тагдыры эми эмне болот?

* * *

Бирөө менден сурады: – «Ой узунбу же агып жаткан дайра узунбу?» Мен айттым: – «Ой узун, анткени ал дайранын баш аягын бат эле карыштап ченеп коёт».

* * *

Ден соолуктун эң мыкты дарысы күлкү менен кубаныч.

Экөө болгон жерде оорулуунун жүрөгү дарыгерсиз айыгат.

* * *

Алыскы душманым эчтеке эмес, ал эми жанымдагы душманым эң эле коркунучтуу. Анын күндө каршылык кыла бергени мага коркунучтуу.

* * *

Кичинекей балам жашоому көркөмдөп турат, менин кубанычым ошол жакта жоголбой турат.

* * *

Ырайымдуулук жана калыстык болгон жерде өмүр жаандан кийинки көк чөп сыяктуу өнүмдөйт.

* * *

Таланттын энеси – эмгек, атасы-изденүү, агасы-эргүү, иниси-окуу болот.

* * *

Малчылар тоодон көчүп кетип, тарапта кулак кескендей жымжырттык болду. Бирин-экин куштардын үнү гана угулганы болду, же такыр ың жыңсыз. Кайтыш болгондор ушул ың жыңсыз жымжырттыкка сиңип кеткендей дарексиз болду.

* * *

Элдин жыргалы, биринчи эсепте хандын жыргалы.

* * *

Адамды ынандыруу анын ишеничине кирүүнүн жакшы жолу.

* * *

Айылыбызда эчаакы өткөн көп адамдар унутулуп жок болгон, анткени алардын элеси караңгылыкка жана жым-жырттыкка сиңип кеткендей болгон.

* * *

Акылмандар айтты:

– Тирүүңдө адамдарга жакшылык чачып кал, анткени көзүң өткөндөн кийин сени пенделер ошол жакшылыгың аркылуу эскерет!

* * *

Акылмандар айтты:

– Адамдын төрөлгөн күнү,гүлдөгөн учуру болот. Жеңишке жеткен учуру болот. Өлгөн учуру болот. Өлгөндөн кийин эмгеги аркылуу эскерилген учуру болот.

* * *

Жашоонун башталган жери күн, аба, суу, жарык, кайгы, кубаныч – ал өмүр. Өмүрдүн бүткөн чеги – караңгылык жана жымжырттык – ал өлүм.

* * *

Байлыгыбыз – эмгекте, келечегибиз-акылда, элге эмгек сиңирүү үчүн буларды жоготпой ала жүрсөк, өмүрүбүздүн армандуу жагы жоголот.

* * *

Түн ичинде көл жээгине келип уктап жаттым. Таң агарганда көл шарпылдагы мени ойготту:

– Эй, адамым туруп эмгектен, мен да эмгектенип жатам!

* * *

Топ бай туугандардын арасында жалгыз кедей кыйналып араң жашап жатат. Кудай ай!

* * *

Менде болсо, сенде болот, экөөбүздө болсо, элде болот.

* * *

Кыраан бүркүт алысты көрөт. Кыраан эместерге ал тарап өтө ыраак, ал жакты кантип көрөт.

* * *

Алыста тоолор көрүндү анын башына чыксак этеги көрүндү. Өмүрдүн кылда чокусунан балалыгымдан берки күндөр үл-бүл этип көрүндү.

* * *

Кыраан куштун өлгөнүн көрүп аядым. Кыраандык өлгөн жок, ал эч убакта өлбөйт.

* * *

Бүгүнкү күн кечөөгүнкү күндөн башталса, кечөөгүңкү күн андан аркы күндөн башталган.

* * *

Эмгектин артында талант жатат, таланттын артында өлбөстүк жатат, өлбөстүктүн артында улуулук жатат.

* * *

Ар бир адам бактылуу болсом деп дүйнөгө төрөлөт. Ал эми ар кандай бактысыздыкка учурашы – ал тагдыр.

* * *

Өткөн өмүр-аяныч, келээр өмүр-кубаныч.

* * *

Кек сактаган сүйүү, сүйүү деле эмес. Андай жерде жашоо өч алууга бараткан болот.

* * *

Улгайган адамдарда сүйүү жок деп эч ким айткан эмес. Тескерисинче алар бактылуу жашап, сүйүүнүн өлбөстүгүн көрсөтүп жатат.

* * *

Желмогуз жеп ичкич жетекчилер элдик сүйүүнү кыйраткандар. Алар жаштарды кор турмушка алып келип, сүйүүнүн анык душманы болгон желмогуз тирандар.

 

* * *

Коом канчалык жакшы болсо, сүйүү да бактылуу болот.

Андай жерде жаштардын самаган нерсеси сөзсүз жакшылыкка барып, келечеги ишке ашат.

* * *

Бардан жок нерсе жасалбайт, жоктон бар нерсе жаралбайт, бар деген кубулуш бар бойдон кала берет

* * *

Суу агат. Адам өмүрү дагы агат? Экөө жарышып кайда баратат? Эмнеге жарышка ашыгат? Адам өмүрү каякка шашылат? Баардыгы табышмак.

* * *

Чыныгы сүйүү дайыма окулуучу повесть. Анда биз биле элек сонун сырлуу лирикалуу дүйнө жашайт.

* * *

Окшош сүйүү болушу мүмкүн, окшош тагдырдын да болушу мүмкүн. Демек турмушта окшош окуялар боло берет. Ансыз турмуш алга кантип агылат.

* * *

Ата камкор эмгекчил үйдүн ээси, аял камкор эне очоктун ээси. Андай адамдар болгон жерде сүйүү бактылуу болот. Очоктун айланасында балдардын үнү чыгып бактылуу жашоо уланат.

* * *

Жакшы таанышпай туруп, үйлөнгөндөрдүн арасында бактылуу сүйүү болгонун билем. Аябай таанышып жүрүп, үйлөнгөндөрдүн арасында бактысыз жашоо болгонун да билем.

* * *

Оорулуу акын жакшы ыр жазып, эли үчүн артына аманат ырын калтырды. Ошол аманат калтырган акынды эч убакта эли унутпасын! Өзүн унутса да, ырын унутпасын!

* * *

Эски муун кетип, анын ордуна жаңы муун келгенин билдик. Бул жашоонун өлбөстүгү экенин билдик. Эски ырлардын ордуна жаңы ырлар пайда болду. Бири кетсе, экинчиси келгенин билдик.

* * *

Кудай мурун жаралганбы, же чындык мурун жаралганбы? Менимче экөө бир жаралган. Анткени кудай жаралганда эле анын жүрөгүнө чындык кошо жаралган. Жаратканым ааламга чындыкты чачып турат.

* * *

Жалгыз кой бир короо койдун санын бербейт. Бирок, бир короо кой бир койдон куралаарын унутпаш керек.

* * *

Жалгыз баатыр падышанын бүт аскеринин санын бербейт, бирок жалгыз баатыр бүт аскерди артынан ээрчите алат.

* * *

Жакшы нерсенин жарыгы эмгек деп айтсак болот.

Улуу ачылыштын жарыгы изденүү менен ойлонуу деп айтсак дагы болот.

* * *

Турмуштан түрмөгө чейинки кашка жол. Ортосунда чоң сабак, чоң кайгылуу көрүнүш көрүнүп жаткан жол.

* * *

Жашоодо жардылыкты жойсо болот, анын жанында рухий жардылыкты жоюш бир топ кыйын.

* * *

Комиссия келип, кетип калган. Турмушубуз мурункудай эле эски бойдон өзгөрүүсүз калган. Мындай көрүнүшкө өкмөт да, эл да көнүп калган. Кыскасы комиссия такыр эле жок нерсе экенин билинип калган.

* * *

Жаман уул атасынын байлыгын чачып ийип жардыланат. Кээ бири өзүнүн талантын чачып ийип жардыланат. Кээ бир эл өзүнүн рухун чачып жардыланат.

* * *

Улуу чыгарма күн менен кошо төрөлөт. Аны менен өл-

бөстүк кошо төрөлөт.

* * *

Өмүр бою соодада жүргөн адам «бардык байлык акчада» деп ойлонот. Булар дүйнөдө: «Рухий байлык болгон эмес, баардыгын акча чечет», – деп да ойлонот.

* * *

Өткөргөн турмушубуз өзүнчө сабак, ал эми келечегибиз – анын жыйындысы.

* * *

Жакшы үгүт жакшы саясатты жаратат. Үгүт менен саясат бирге жүруп элге жакшылыкты жаратат.

***

Эмне үчүн эл Султан Ибраимовду кайра-кайра эскерип, адамдар өзүнө жакын кылып алган. Анткени ал эл үчүн иштеп, эл үчүн жашаган адам. Ошол үчүн адамдар жакшы жетекчини өзүнө жакын жана дос кылып алган. Адамдар аны оор кезде эстеп, анын эрдигине, элесине бел байлайт.

* * *

Кээ бир обондуу ырды бир эле кайрыгы аны бийик тепкичке чыгарып таштайт. Жашоонун өлбөс элеси бир кайрыктан башталат.

* * *

Сүйүүдөн көңүлү калган адам, турмуштан көңүлү калган. Көңүлдү көтөрүш үчүн ага көп нерселер керек болот.

* * *

Бир туугандар кысталыш кезде бири-бирине жардамга келбесе, алар тааныш бирок такыр чоочун адамдар.

* * *

Махабат эки адамдын иши, баш кошуу андан кийинки нерсе.

* * *

Жашоодо эски менен жаңы бар. Сүйүү эч убакта эскирбейт, ал дайыма жаңыга айланып турмагы бар. Ошол үчүн анын түбөлүктүүлүгү дагы бар. Бирок сүйүүнү эки адам баардык убакта жаңыртып турушу керек. Ошондо ал нагыз жана түбөлүктүү сүйүүгө айланат.

* * *

Таалайлуулардын арасында сөзсүз сүйүү болот. Антпесе анын өмүрү кантип гүлдөй алат

* * *

Сүйүүнүн сырын сүйүшкөндөр түшүнөт. Сүйүү менен жашап жаткандар бактылуу жашап жаткандар. Ал өзүнчө биз окуй элек биз билбеген ыйык поэма. Андай поэманы жаратыш үчүн бактылуу жашоо керек.

* * *

Улам жашыбыз өйдөлөгөн сайын, теңтуштарыбыз, досторубуз, суюлган сайын адам пендесине келчү жалгыздыкты сезе баштадык. Ошону менен бирге өткөн өмүрүбүздү көп ойлоно баштадык.

* * *

Улуу ачылышты бир эле адам жаратат бирок, аны менен жалпы эл сыймыктанат.

* * *

Адашам деген адамга ар кандай шылтоо -шыноо көптөгөн ийри жолдор табыла берет.

* * *

Генийлик чыгармачылыкка, соодалашуу менен бир да бай адам, жете алган эмес. Алар байлыгы менен жеткен күндө да Шекспир же Данте, Руставели болуп кеткен эмес.

* * *

Эки-үч жолу жаңылганың, кийинки жаңылбооңо сабак болот.

* * *

Учкул кыялың көңүлдөгү жакшы нерселерге жол табууга аракет кылат.

* * *

Төрт мезгил ээрчишип, биринин артынан бири кайрылып кайра келет. Бир гана өкүнүчкө салып өмүрүбүз кайда кетти?

* * *

Чыныгы чыгармачылык эч бир заманда эскирбейт.

Анын чындык, өлбөс заты ошондо.

* * *

Ар бир үй-бүлө кичинекей жазылбаган роман. Үй-бү-лөнүн мүчөсү романдын каармандары. Алар романдагы окуяны түзүп аралашып жүрүп отурат.

* * *

Көз көрөт, көз көрбөгөндү, көңүл көрөт деген такилип бар.

* * *

Бийик жана жапыз тоолор бар. Бийик тоолор, жапыз тоолордуэч убакта жапызсың деп, айткан эмес. Улуу жана, майда адамдар бар. Улуу адамдар майда адамдарды эч убакта майдасың деп да айткан эмес.

* * *

Түн узарып, күн кыскарып баратат, муну да билдим, Өмүр кыскарып, карылык жакындап келатат муну да билдим.

* * *

Ай жок жерде, түн жалгыз, кемпири жок чал жалгыз, кеңеш айтары жок жол жүрүп келе жаткан кашка жолдо жолоочу жалгыз.

* * *

Биринчи жолочу жакын жерге барып, кайтып келди, экинчи жолочу жол жарымына барып, кайтып келди, үчүнчү жолочу жол аягына чыгып өмүрүн жакшы өтөп келди.

* * *

Балага балалыгы кызык, жаштарга жаштыгы кызык, улгайган адамга баардыгы кызык.

* * *

Бир оору кыйнап келет, кандай кылам? Өмүрдүн көбү өтүп, азы калды, кандай кылам? Күз өтүп, өмүрүмө кыш келатат кандай кылам?

* * *

Бир койду жоготкондон беш койду жоготкон оорураак, жаңы достодон эски досту сагынган оорураак. Өмүрдө эч нерсе кылбай, бекер өткөн, жылдарды эстеген оорураак.

* * *

Оор күндөргө кайрат – таяныч, капага кубаныч-таяныч, астыңкы күндөргө – үмүт таяныч.

* * *

Кышында түн узун, күн кыска. Досуң менен коштошуп жатканда жол кыска, мезгил узак, а өмүр эмнеге кыска?

* * *

Улуу адамдын өзүн сыйлабасак да, улуулугун сыйлоого туура келет. Таланттуу адамдын өзүн сыйлабасак да, талантын сыйлоого туура келет.

* * *

Түнкү жарык күндүзгү жарыктан күчтүүрөөк. Анткени ар бир жанган жарык караңгыда даана көзгө көрүнөт. Күндүзгү айааламды жарык кылып, күн турат. Жанган жарыктар анын далдаасында калат. Ошондой эле кээ бир майда таланттар чоң таланттын далдаасында көрүнбөй калат.

* * *

Түнкү жолочу чыракты көрдү, ал ошол жерге барып түнөйт.

Жетим бала күндүзү үйдөн куулуп чыкты, ага күйгөн чырак жок кайда барып түнөйт?

* * *

Бийлик турат, бийликтин артында байлык турат, жардылык турат, анын артында жоксуздук турат.

* * *

Амалдуу адамдын көп амалы болот. Анын баарын ишке ашырам деп, карып кетет. Жакшы адамдын бир эле амалы болот. Көп амал ишке ашкыча бир амал тез эле ишке ашып кетет.

* * *

Көп адам окуган китеп, бактылуу чыгарма. Бир да адам окубаган китеп, армандуу чыгарма.

* * *

Акмактын бир сөзү узун роман, куудулдун бир сөзү адамды күлкүгө бологон кыска юмор.

* * *

Улуу кишиге салам айтып өт, көңүлүн эргүү каптасын, ажал алдындагы адамга жакшы сөз айтып өт, көңүлү дагы сенден калбасын.

* * *

Суу акпай калган арыкты көрдүк, балалуу болбой калган эрди-катынды көрдүк, ыр жазып жүрүп акын болбой калган адамды көрдүк.

* * *

Бир жерде жалгыз жетекчи эл үчүн иштеп жатат. Башка бир жерде эл жалгыз жетекчи үчүн иштеп жатат. Бирок турмуш билинбей эле өтүп жатат.

* * *

Чыныгы сүйүүнүн арасында кырк насыят жатат. Аны табыщмагын сүйүшкөндөр гана жандырып жатат.

* * *

Сүйүү бул эки жашты жолугууга чакырып туруп алат. Анын эң жакшы жагы ошол. Анан алар түбөлүккө ажыраша албай калат. Негизги байлык ошол.

* * *

Сүйүү жүрөктө жаралып анан турмушка аралашат. Ал жашоодо кандай ишке ашат, ал эки жаштын келечеги.

* * *

Сүйүү бул табышмактуу нерсе, анын баардык сыры ошондо жатат, Анын табышмагын эки жаш чечет жана жандырат.

* * *

Сүйүүнү үшүйт, ыйлайт, кайгырат, кубанат десе болот. Аны кайгыртып, кубанткан айланасындагы адамдар жана өздөрү жашап жаткан коом десек болот.

* * *

Бир кишинин муңдуу үнү бүт дүйнөнү солкулдатат. Демек анын жүрөгүндө бүт дүйнөнү солкулдата турган кайгы болгон.

Сүйүүдө кечиримдүү жана кечиримсиз нерселер болот. Кечиримсиз нерсени жасоо ал – чыккынчылык. Ал арманга айланат жана жүрөктү жаралайт.

* * *

Сүйүүдө бейадеп жагымсыз нерсени жасоо жаман. Ал көңүлгө кир калтырып кетпей жатканы арман.

* * *

Өзүн күчкө салып күлгөн кишиде биз билбеген бир чоң амал жашап жатат. Ал амалды сырын өзү гана түшүнөт, Анын сырын бизге такыр айтпайт.

* * *

Бир нерсесин жоготкон адам кайсалап, таппай тим болот.

Ал эми жан жолдошун жоготкон адам эмне болот? Кантип табат?

* * *

Тарых улуу сабак, ар бир адам ошол улуу сабактан үлгү алса өсүш болот. Анын баары келечегине сабак.

* * *

Адамда эки иш бар: күнүмдүк жана түбөлүктүү. Күнүмдүк нерсенин жарыгы бир күндү жаркытат, түбөлүктүү нерсенин жарыгы кылымдарды жаркытат.

* * *

Чыныгы тарбия үйдөн башталат дешет. Армандуу жери үйдөн башталбаган тескери тарбия түрмөдөн башталат дешет.

* * *

Эс алууга чыккандардын эки түрү болот: эмгектенди, эми жакшы эс алсын. Тагдырда түбөлүк эс алгандар болот. Аларга акчанын да, тамактын да, каражаттын да кереги жок. Аларды анда-мында эскерип куран окуп коюш керек. Бирок такыр унутуп салганыбыз жакшы болбойт.

* * *

Жаандан коргонуп турган кушту уясы жок деп айтпагыла! Кайыр сурап жүргөн пендени түбөлүк ушинтип калат деп да айтпагыла!

* * *

Тигил адамдын каякка баратканын сурабагыла! Анын силерге кереги жок. Бул адамдын да каяктан келатканын да сурабагыла! Анын да силерге кереги жок. Дүйнөдө силерге керектүү жана керексиз адамдар болот. Керектүү адамдар менен өзүңөр эле жолугасыңар. Кереги жок адамдар менен жолукпайсыңар. Тагдыр ошол.

* * *

Куштун доору учушта, балдардын доору балалыкта. Ар бир курактын өз доору болот.Өмүр ошонусу менен тандамал жана кызык.

* * *

Адамзаттын ар бир күнү жаңылык. Жаңылык болбосо өсүш жок. Өсүш жокто турмуш жылбай токтойт.

* * *

Наристеде жек көрүү, ач көздүк, көрө албастык жана башка жаман сезимдер жок. Ошондуктан аларда тазалыктын булагы сызылып агып турат.

* * *

Тамаша өз жолу менен кетти, чындык өз жолу менен кетти.

* * *

Турмуш чоң сабак. Түрмө да унутулгус сабак. Ал жерде уруп, согуу турмуштун башкача тарбиясы башталат. Адамар үчүн ал да сабак.

* * *

Ит үрсө, конок келатат деп айтпа! Кубаныч кичине эле жылмайса бакыт келди деп да айтпа!

* * *

Жакырчылык келгенде досторуң таштап кетээрин унутпа! Карылык келгенде кайрат-күчүңүн кетээрин да унутпа!

* * *

Күн кыска, түн узун, өмүр кыска, өлгөн жанга түбөлүктүү уйку узун.

* * *

Аз өмүрдү элге берип кетелик. Өмүрдүн кыскалыгын биле кетелик.

* * *

Нике кагаз баш кошуу жөнүндөгү келишим, а сүйүү жүрөктүн иши. Баш кошуу кубанычы да жүрүп-жүрүп отуруп сүйүүгө баш ийет.

* * *

Чыныгы жашоонун ичинде өчпөй турган махабат жатса, анда чыныгы турмуштун өлбөстүгү ошол.

* * *

Сүйүү бул – уч кыйырсыз мейкиндик аны кудай жараткан. Кудай жараткан нерсе, баардык кезде ыйык жана өлбөс кымбат болот.

 

* * *

Сүйгөндүн сүйгөнүнө жазган каты жүрөктүн даңазасын алып бара жаткан ыйык куш.

* * *

Жаман иштерге азгырылып жүрөгүңө булганыч нерсени киргизе көрбө! Анда сүйүү өлөт. Өлгөн сүйүүнү тирилтүү тозок.

* * *

Бардык балыкчылар көлдөн алтын балык кармайын деп келишет. Бирок эч бир балыкчы алтын балык кармаган эмес. Аны жомокто жана кыялында гана кармаган. Бирок адам кыялы менен чыныгы турмушка аттанып, алтын балык кармаганын билем.

* * *

Карыя бир кезекте тоого катып койгон алтынын эстеди. Карыя тоого бара албайт. Барган менен ала албайт. Карыянын алтыны балалык. Аны мезгил бекем жерге жашырып койгон.

* * *

Адамдын өмүрү эки нерседен турат: Өткөнү жана келечеги. Өткөн ишти оңдоого болбойт. Бирок андан сабак алып, келечекти оңдосо болот.

* * *

Жакшы нерсенин жарыгы эмгек деп айтсак болот. Улуу ачылыштын жарыгы изденүү деп айтсак болот. Элге жарыгы тийбеген жетекчини эмне деп айтсак болот?

* * *

Мезгил өтүп заман оңолсо, жакырчылыктын күнү бүтчү кези болот. Анан эл ынтымакта эмгектенип, бакытка бурулчу күн болот.

* * *

Улар улуу тоого учат, ак куу көлгө учат, жылан кургактыкка умтулат. Жашоо оор болуп заман бузулганы турат, мындай кезде жакырчылык кимге умтулат?

* * *

Бай жакырдан карызын алайын деп келиптир. Эзелки оору карыяны ээрчитип кетейин деп келиптир.

* * *

Жумуртка куш болуп учуп кетпейт, тапталбаган өнөр талант болуп учуп кетпейт.

* * *

Карыяны сыйлап салам берип келген муңайымдуу кишинин өзү жакшы, өзүнөн да, сөзү жакшы.

* * *

Сапар бараткан эки жолочу бири-бирине мээримин төгүп, пенделиктен каниет албаса, алар катар бараткан жолочу деп эсептелбейт.

* * *

Эл оңолот. Жакырчылык да жоголот. Жакырчылыктан коркпо! Эл башына аялынын тилин алган, жеп-ичээр убалдан коркпогон пенде келет дейт. Ошондон корк!

* * *

Бирөөнөн алайын дебе, берейин де, анын да сага жообу болот. Кайырчыдан алайын дебе, берейин де, анын да сага сообу болот.

* * *

Мышык мыёолойт, ит үрөт, карга каркылдайт. Паракор бирөөнүн эмгегин жалмайт, ууру уурдайт, баатыр эрдик жаратат. Демек баары өз ишин жасайт

* * *

Байыркы учкул сөздөр биздин ушул күнгө да керек, анткени алар ушул күндө да маанисин жогото элек. Демек, байыртадан бери элибиздин эне тили,сөзү унутулуп кала элек.

* * *

Бийик чоку бийиктиги менен баардык заманда бийик.

Баатырлар баардык заманда жасаган баатырдыгы менен бийик.

* * *

Бир учкул сөздү бир кой менен салыштырба, кой болгону бир байдын байлыгы, учкул сөз жалпы элдин байлыгы.

* * *

Тутам гүл туулган жериңин баардык гүлүнүн элесин бербейт, болгону анча-мынча жытын гана элестетет.

* * *

Бир үй-бүлөгө жакырчылык келсе, бүткүл элди жакырчылык басты деп айтпа! Бир үй – бүлөнүн жакырчылыгын эл оңдоп алат. Ал эми бүткүл элдин жакырчылыгын кантип оңдой алат?

* * *

Бир кишинин жок болгону бир үй – бүлөнүн кайгысы болду, Элди башкарган азаматтын жок болушу бүткүл жумурай журттун кайгысы болду. Бирок экөө тең эле кайгы болду.

* * *

Байдан жардам сурадым эле, ал мага эчтеке бербеди. Андан байлыкты эмес жардылыкты алдым. Жардыдан жардам сурадым эле, ал мага жардам берди. Андан жардамды да аны менен кошо байлыкты да алдым.

* * *

Картайганда айды карасам, ай мен сыяктуу өмүр жашы өтүп, картайып армандуу болгондой көрүндү.

* * *

Байыркы ата-бабанын ырлары ушул күндүн ырлары менен байланыштырып турган бир алтын жип бар. Ошол алтын жиптин биздин тагдырыбыз, жашообуз менен байланышып турган жери бар.

* * *

Бийик чокуга чыгып ийгиликке жеттим дегендер али жете элек экен. Атак-даңкка жетип, улуу болдум дегендер, эч нерсеге жете элек экен. Демек экөөнүн айтканы башты айланткан мактаныч кеп экен.

* * *

Бир эле тутам чөптүн өскөнү, биздин жерге жаздын келгенин айтты. Бир эле уулдун эрдик иши биздин айылга даңк жаратты.

* * *

Бир алтын шакек падышанын бүт казнасынын санына кирет, бирок ошол алтын шакекти казнадан ким бирөө уурдап кетсе, падыша байлыгымды уурдатып ийдим деп капага батат.

* * *

Карышкыр бир короо койго кол салып, бир койду жеп кетти. Бул жерде бир эле койго азап келген эмес, бүт оторго коркунуч келди деп түшүндүк.

* * *

Байдан карызга бир кой сурасам бербей койду. Ошол бир койдон байлыгым кемип калат деп корккон.

* * *

Айрылыш жолго келген жолоочу, кайсы жолго түшөөрүн

билбей, башы катты. Заматта чоң байлыкка жеткен адам бул, окуя чынбы, же калппы деп башы катты. Жети атасын билбеген бала, түпкү теги ким экенин билбей, башы катты.

* * *

Бир кой короодон жоголсо, бүт отор жоголду деп айтылбайт, болгону анын саны бирге кемиди. Бирок бир кой байдын байлыгын кемитип жатат.

* * *

Отун болгон жерде, балта бар, койлор болгон жерде, койчу бар, иш болгон жерде, ийгилик бар.

* * *

Калптын бир эле элдешкис душманы бар, ал – чындык.

* * *

Жакшынын коңшусу – ийгилик, изденүүнүн коңшусу – талант.

* * *

Бири-бирине сүйүү болгон жерде, жашоо көккө учат, бири-

бирине жек көрүү болгон жерде, жашоо төмөн кулайт. Демек сүйүү менен жек көрүүнүн ортосу асман менен жердей айырма бар экен.

* * *

Миңдеген койлору бар, байдын колунда алтын таягы бар, алтын таягы менен койлорду айдап жаймагы, санамагы бар. Койлорунан башка, алтын таягы байлык болуп айтылмагы бар.

* * *

Ар бир адам бакыт үчүн төрөлөт, жашап жүрүп бакытка жеткен адамдар кайра жаңы төрөлөт.

* * *

Күн төрөлгөндө жарык кошо төрөлгөн, адам төрөлгөндө аны менен ырыскысы кошо төрөлгөн.

* * *

Күн ар бир күндө жаңы төрөлөт, анын жаңылыгы ошол. Адам бул дүйнөгө бир төрөлүп, бир өлөт. Эки жолу төрөлгөндөр да бар. Алар өлбөс эмгеги менен жаңылык ачып төрөлөт..

* * *

Соодагер адам акчасынын артынан чуркап жүрүп, өмүрдүн кандай өткөнүн билбей калат. Бирок өмүрүнүн акырында жалаң акча үчүн чуркап жүргөнүн билип калат.

* * *

Туулган күн менен өлгөн күндүн ортосу бир күндүк эле жол, күндүн чыкканы, батканы да бир күндүк эле жол, шайтан көпөлөктүн жаралып, анын бат эле өлгөнү да, бир күндүк жол.

* * *

Акын түн ичинде көлчүктү көрдү. Анан көлчүктөгү айды көрдү. Таланты көлчүктөгү айды ыр кылып жаздырды. Адамдар ал китептен өлбөс талантты көрдү.

* * *

Жылдыздар өтө ыраак. Бирок анын сүймөнчүктүү жарык шооласы, биздин жүрөгүбүзгө өтө жап-жакын. Демек ал, ыраак эмес.

* * *

Ордун тапкан адам бар, ордун таппаган, адам бар. Ордун тапкан адам, өз жолунда бараткан жолочуга окшош. Ордун таппаган адам, өз жолун таба албай бороондо буюгуп, адашкан пендеге окшош.

* * *

Суу барбаган жерде жалгыз дарак өсүп турат. Ал айтты:

– «Карагылачы, бул жерде да жашоо уланып турат. Мени карагылачы», – дейт.

* * *

Армандуу үйдүн суусу да ачуу.

* * *

Руху жок адамды көрсөк, тамыры жок дарак ойго түшөт,. Шамал катуу болгондо дарак кулап түшөт.

* * *

Оорулуу адам баласына:

– «Карагым жалгызсың. Элиңе жөлөк, адам болуп өс, элиңе таянсаң, сен да жалгыз калбайсың», – деп акыркы керээз осуятын калтырып жатты.

* * *

Адамдын өмүрүндө эмне арман, эмне кубаныч экенин көп жыл түрмөдө жашаган адам билет. Ал билбесе өтө узак жашка барган адам билет. Ал билбесе ак чач акылман сөзсүз билет.

* * *

Байдын күтүрөгөн байлыгы кедейге керек эмес, кедейдин кедейлиги байга керек эмес. Анткени экөө эки башка шартта жашайт. Экөө эки башка адам.

* * *

Жакшыны жамандан ажыратыш керек, чоңду кичинеден бөлүш керек. Баарын бири-биринен алыстатып оорлуна коюуш керек.

* * *

Курсактын өтө ток болгонунан, ачкараак болгону жакшы. Көңүлдүн өтө шат болгонунан, олуттуу болгону жакшы.

* * *

Көп тууганың болуп жардамы тийбесе, алардын деле кереги жок. Байлыгың болуп, жыргалын көрбөй өтүп баратсаң, анча байлыктын деле кереги жок.

* * *

Ар бир пенде жаштыгын жалындуу эмгектин күчү менен сугарса, ал оңой менен картайбайт.

* * *

Сен кайсы убакта жазсаң, жаза бер. Айрыкча түнкү кезде жаз. Жазуучунун жан досу – жалгыздык..

* * *

Жылдыздарга чейинки жол, өтө алыс. Ага жол салып, барган адамдар өтө бактылуу. Анткени ал, эч бир адам басып өтпөгөн жолду багынтканы менен бактылуу.

* * *

Кээ бир адамдар бири-бирин такыр түшүнө алышпайт. Алардын бирөө жолдун башында турса, экинчиси жолдун аягында турат.

* * *

Күндүн кыскарганы, катаал кыштын келатканы. Чоң байдын сараңданып пейлинин тарышы ага жакырчылыктын келатканы.

* * *

Бирөөгө карызга бермей да бар, аны кайра сурамай да бар. Адам өтө жарды болсо, аны соопчулук үчүн албай коймогу да бар.

* * *

Элдешкис душманга берейин деген уу ачуу, катуу кайгыны уккан адамдын ыйы ачуу, жамандын оозунан чыккан сөз ачуу.

* * *

Аны талантсыз деп айтууга болбойт. Талантсыз болсо чыгармаларын жазбайт эле го. Ошол чыгармаларын кандай жаратты, аларда эмне касиет бар башкы кеп ошондо.

* * *

Кыраан бир бийиктиктен учуп өткөнүнө ыраазы болбойт. Ал катары менен көп бийиктиктен, учуп өтүш керек. Ошондо гана ал тагдырына ыраазы болот.

* * *

Үлгүлүү жүрүш-туруш кагазга жазылбаган осуят. Жакшы адамдар үлгүлүү жүрүш-турушу менен кийинки муунга осуят калтырат. Кагазга жазылбаганы менен ал дагы чыныгы осуят.

* * *

Көлчүктөгү сууга караганда, булактын суусу таза, эски жааган карга караганда, жаңы жааган кар таза, ушакчынын оюна караганда, кичинекей наристенин оюу түбөлүк таза.

* * *

Азыркы жетекчи мурунку куулуп түшкөн жетекчинин жолу менен баратса, ал бийлик эмес, так эле кагаздагы эң жаман көчүрмө.

* * *

Таланттуу мугалим болбосо, таланттуу окуучунун болушу да кыйын, маданияттуу ата-эне болбосо, маданияттуу баланын болушу да кыйын. Кыскасы, баланы тарбиялоо оор. Эмгектенбесе, баары эле кыйын.

* * *

Кагылайын туулган жердеги кашка жол – сенин атың улук. Анткени, сенде менин ата-бабамдын изи калган. Ошону эстеп кайра-кайра каранам. Менин балалыгымдын изи, да сенде калган. Баарыбыздын изибиз сенде калган.

* * *

Кагылайын кашка жол! Сени басып менин ата-бабам өткөн. Тилиң болсо, алардын баянын мага айтып берээр элең, айтып бере албайсың. Ошонуң арман, сенин айтып бере албастыгыңы мен билем, бул да арман.

* * *

Адамдарга улуулук жакшылык жасоо жолу менен келсин. Баардык бакыт жакшылык жолу менен келсин.

* * *

Улуу нерсе жерде калып унутулбайт. Анткени ал өлбөс мүрөктүн суусунун даамын таткан. Ошол үчүн унутулбайт.

* * *

Унутулуучу жана унутулбоочу иштер болот. Жакшы ыйык иш эч убакта унутулбайт. Кээ бир окуяларды унутпайын десең да унутулуп жок болот.

* * *

Жаштыктын абийирдүү болгону урмат, карынын сыйлуу болгону андан бетер урмат.

* * *

Жаш кезимде карылык өтө алыс ыраак тарапта болгондой көрүнгөн. Ал а бу дегиче эле кирип келди. Таңдандым, ал жакын эле жерде турганын эмнеге билбедим?

* * *

Кагылайын касиеттүү туулган жерим! Сен мага кайрат берип акын кылдың. Мен сен жөнүндө ыр жазайын, сен ата-бабамдын тарыхын айтып берсең боло!

Рейтинг@Mail.ru