bannerbannerbanner
полная версияБабалардын Урпагы. 3 китеп

Кадыр Абакиров
Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Чаалыкпастан аткарган.

Сыртка ташып мал-жанды,

Сыздырып келип айдаган.

Токодо кайгы болбосун,

Дөөтүнү кудай колдосун.

Топ ичинде көрүнүп,

Тоодойум дайым бар болсун!

Дагы бир агам заңкайган,

Ысык Көлдөй чайпалган.

Бүтөбайдын Токтомуш,

Көп жылы элди башкарган.

Атам менен бир болуп,

Арбын жыл катар жашаган.

Кары-жашты тек санап,

Милдетине элдин жараган.

Караламан калктын мүдөөсүн,

Калыстык менен аткарган.

Жараткан ушул жашоодо,

Жаш башты ой баспасын,

Жаш башты ой басканда,

Жалындуу кайрат чайпалсын.

Жалындуу кайрат чайпалып,

Санааны сүрүп айдасын.

Кабарын берип калкылдап,

Кайрадан үмүт жайнасын.

Кадырман ушул агалар,

Карааны элде бар болсун!

Карааны элде жок болсо,

Калкы унутуп койбосун.

***

Каарына тийген адамды,

Карсылдатып сабаган.

Дасмиялап кеп айтып,

Далай менен кармашкан.

Актив болуп теминип,

Акбоз деген ат минип.

Байыркыны окуган

Башына китеп жазданып.

Сап-саптарын баяндап,

Санжыраны так айтып.

Байыркыны боолголоп

Бабалардан кеп козгоп.

Айылдаштар ал жөнүндө,

Арбын-арбын сөз айткан.

Туулган жери көздөн учуп,

Турагынан ыраак жашаган.

Алыс жактан жол ала,

Анда-мында каттаган.

Шайдоот өмүр өткөргөн,

Шайык деген кары бар.

Бараңдуу элдин ичинде,

Бар болсунчу карылар!

***

Мен айлыман кеткенге,

Отуз жылдай болуптур.

Анда туулган жаш бала

Туура отузга толуптур.

Отуз жылдай шаркырап,

Агын суулар агылып.

Туулган жерим турагым,

Отуз жыл кар жамынып.

Отуз жылыдай сагынып

Ырларымы жазыпмын.

Ак ала чач адам болуп,

Абдан эле карыпмын.

***

Карагерин алкынтып,

Камдуу Көңдөй элинен.

Кара Колот жеринен

Кайкы жактан көч баштап,

Каадалуу сонун кеп таштап,

Касымбек абам өткөн жер,

Кезинде мекен коргогон,

Элине жакшы чеп болгон.

Жагымдуу сонун адам деп,

Жалпы журтка кеп болгон.

Актив болуп учурунда,

Айылдын камын ойлогон.

Коопту сезбей тап-такыр,

Колдо кушу обологон.

Тарбиялап мыкты балдарын,

Алкышын алып башканын.

Атамдай көрүп берилген

Агамын айтам баянын.

Абалкылар козголсун.

Ушул Темир Канатта,

Ушундай адам көп болсун.

***

Калмактын ханы эмес

Береги эле Өмүрбайдын иниси

Кадимки эле биздин Коңурбай.

«Арам болуп каламбы» -деп,

Аракты такыр ойлобойт.

«Каламбы»-деп булганып,

Бузук ишке жолобойт.

«Уят болуп калбайын»-деп,

Ушак сөздү үндөбөйт.

Көпчүлүктү арасында,

Көпкөлөң сөз сүйлөбөйт.

Жайнап турган тамакка,

Жалмалаңдап кол салбайт.

Сыйлуу болуп баардык кезде,

Сыпаалыкты дайым сактайт.

Беш убак кырынып,

Бетине сакал жолотпойт.

Калың бетте бырыш жок,

Карылыкты ойлобойт.

«Түшөмбү,-деп, капканга»,

Түнкү шектүү иштерге,

Түк качып жол салбайт.

Күлкүлүү иш болобосун,-деп

Күүгүмдө айыл аралабайт.

Калмактын ханы эмес,

Кадимки иним Коңурбай,

Ушундай адам болуптур.

Жаман ишке такыр барбасын.

Иши оңолуп алга барсын,

Шуудуратып акча жыйнасын

***

Бул китепке кирбей калгандар,

Такыр эле унут калып.

Аны жазбай калганым үчүн,

Айтпасам да менде айып.

Калем алып кийин деле,

Камынып алып жазаармын.

Айтылбас ички сырларын.

Айдыңдуу кылып ачаармын

Калем алып, сөз жазганы

Көнөчөктөн бирөө чыгаар

Өзгөчө кылып ыр жазып.

Өзгө жанды кубантаар.

***

Эки тоонун ортосунда,

Элет жерим жай алган.

Темир Канат кыштагым,

Теңириме айланган.

Түндүгүн тоолор тоголоп,

Түнүндө жылдыз оронот.

Акырын соккон жел менен

Айдыңына шыбырт толот.

***

Көңдөйдөн Калсөпкөгө

Көп эркектер жол кеткен.

Кеткендер кайра жол келди,

Тааныбай башка адамды,

Тааныш агам мас келди.

Жер Үй жакка сапарлап,

Жети эркек жол кеткен.

Кеткендер бизге кеч келди

Эс учун билбей шалактап,

Эң кичүү иним мас келди.

***

Курдашымдын үйүнө

Кулундуу бээ минип келдим.

Кулгуна өрдөп жөн келбей,

Кубанычты ала келдим.

Курдашымдын баласы,

Куудулданып тосуп алган.

Куудулдаган балага,

Кулунумду кармап арнагам.

***

Жакын жерде ирегелеш турса да,

Эки тууган бирин-бири баалашпайт.

Жол талаша анан ыдык көрсөтүп,

Жоболоң иш, эки ортону аралайт.

Көркөм дүйнө акырындап азайып,

Көңүлдөргө зак кеткени байкалат.

***

Алтынды-алтын,– дейт экен

Алтынга калай жарашпайт.

Күмүштү-күмүш,– дейт экен

Күмүштөй жез бааланбайт.

Күлүстөн жерин жамактап,

Күү чалган акын адашпайт.

***

Жамынып турган чепкендин,

Жакасы алтын, жеңи жез.

Жамы журттун жерлерин,

Жамактан ырдап тураар кез.

***

Бийиктикте жолду өрдөп,

Бирөө өттү жоргочон.

Кайрылып ошол жигитти,

Карап турдум жоноктон.

Жолдогу өмүр көрүнөт

Жоргочон ошол бараткан.

Жолун улап кете берсин,

Жорго минген салт атчан.

***

Шоокенин сайынан,

Шоңколор атты желдирет.

Демдүү сонун кеп кетет,

Демөөр жанып алдыда,

Демитип кара күлүктү,

Денсоолук деген эр келет.

***

Биздин кээ бир адамдар

Башкалардын балдарын

Кепке салып мазактайт

Кербездене мактанат.

А өзүнүн балдары,

Кандай болот болду экен?

Ошол жагын ойлобой,

Келечекти болжобой,

Баканооздук кесибин,

Баштай берет ойлонбой.

Кызы барлар чоочун кызды,

Кыжылдашып сынамай.

Уулу барлар өңгө уулду,

Ушак кылып сын айтмай.

Андан көрө кудайга,

Бир жалынып койсо эмне?

Ушак айың баштабай,

Урматтуу жан болсо эмне?

Башкаларга бакыт каалап,

Бай дүйнөлүү болсо эмне?

Таалайлуу жан өңдөнүп,

Таза бойдон калса эмне?

Сенин балаң чоңойгондо,

Кандай болот ким билет?

Аңыраңдап тыңсынба,

Ал мезгил да бир келет.

Балаң начар болгондо,

Бармагыңды чайнаарсың.

«Ай бекер кылыптырмын»,

Арманыңды айтаарсың.

Ошол үчүн кеп уруп,

Эртелей эле шашылба

Тагдыр деген оор болот,

«Тамаша»– деп мактанба.

***

Нелер өттү бул дүйнөдө,

Учкун чачкан көңүлдө.

Абалап учкан баягы,

Алыстан учкан баянды.

Ай жаңырып таң аткан

Алтын ыргак таштаткан.

Абалкынын жомогун,

Айта албай баратам.

Келеер кезек бул өмүр,

Кейибесин бул көңүл.

Шашып учуп шаракап,

Шаттуу болсун бу көңүл.

Кейиште өткөн баянды,

Кеңири түрдө сөз козгоп,

Кеп сала албай баратам.

Шамал сындуу шарактап,

Шашылган бул өмүр.

Кээде бар да, кээде жок,

Кейиште экен бул көңүл.

Ата баба тарыхын,

Айткан соң бүтө албай,

Ак чач болуп баратам.

***

Темир Канат айылым,

Өмүрдүн алтын барагы.

Өткөндөргө көз салып,

Өзүңдү эстейм мен дагы.

Кулжалар жүрөт кумайда,

Куу турмуш өтөт бу маалда.

Күлүстөн жерге тартылам,

Күчкө толгон чагымда.

Аркарлар Арпа Тектирде,

Айдыңдуу жерди сагынам.

Туулуп өскөн турагым,

Туурума улам тартылам.

Текелер жүрөт тектирде,

Теминип агат чоң дайра.

Унутта калган өткөн чак,

Уланып келет санаама.

Чоң Ташымыдн дайрасы,

Чоо жайын алыс таратат.

Шибеңдеген назик жел,

Шиберин тарап жазантат.

***

Ордобай өтөк аралап,

Өйүзгө карай эл көчөт.

Өкүрөңдөтүп өгүзүн,

Өмүрбек деген бала өтөт.

Ийри Колот жерди өрдөп,

Имериле көч жөнөйт.

Шагылдуу жолду өзүнөн,

Шамырбек деген ата өтөт.

***

Топ-тобу менен мал айдап,

Тоодон малчы түшө элек.

Карааны чоң көрүнүп,

Кампага эгин толо элек.

Агарган тоонун башынан,

Ак булут жаанын себелеп.

Ашыккан куштар коштошуп,

Алтын күз өтүп бүтө элек.

***

Жоломан агам менен

Жорго минип жол келгем.

Жолду улам арбытып,

Жоргом жолдо тепеңдеген.

Жоломан агам мага,

Жол жомогун айтып берди.

Жолдош болуп жол арбыттык,

Жолубуз алга илгерлеп.

Асыл тура өткөн тарых

Айтылып жүргөн элдеги.

Жолду улам арбыткан

Жомоктор көп мендеги

Аңдабай өтүп баратыппыз

Ата-баба баянын.

Укмуш жагы көп экен,

Уламалуу санжыранын.

***

Көзүмөн учуп элет жер,

Көңүлүмөн ыр кылам.

Көбүрөөк кирген түшүмө,

Көңдөйүмө тартылам.

Ата-бабам өскөн жерди,

Санжыра кылып баратам.

«Ырыстуу жер экен»-деп,

Ырчылар сени мактаган.

Сууру шаңшып үн салган,

Суулары тоодон алкынган.

Суктантып кирет түшүмө,

Султанбай жезде отурчу,

Суук Төр сени сагынам.

***

Кытайдан келген кырма аяк

«Бирөөн алдап кеттим»-деп,

Айылдаш досум ырсаят.

Алдаса алдап кеткендир,

Алдамчы шүмшүк аталып,

Айлынан жүрөт ал качып.

***

Кечиргиле туугандар

Кемчилдик болсо жазмамда.

Кемчилдиксиз киши жок,

Келген ушул жалганда.

Баарыңарды мактасам,

Душмандарга кеп тарайт.

Мааниси жок таркылдак,

«Мактанчаак»– деп, шыбырайт.

Туура сынды айтамын,

Туугандар калыс өзүбүзгө.

Кемчилдиксиз болбот го,

Кереметтүү бул дүйнө.

***

Ыр түшүрө баштадым

Калем алып ак кагазга.

 

Ар бир жандын өмүрү,

Өзүнчө бир санжыра.

Санжыралап жердештерди

Баян айта кетейин.

Кайран өмүр өткөнүн,

Кайтадан бир эстейин.

Жердештерим санжырада,

Кала берсин эскерилип.

Айныбас өмүр өтөт го

Ар бир ырым эстелик.

***

Араба айдап келатат,

Ак көңүл агам Шалтабай.

Араба барат токтобой,

Аттар такыр чарчабай.

Биз дагы өмүр боюу,

Араба айдап келатабыз.

Аттар баспай калдыбы,

Астыга карай жылабыз.

Араба качан токтогондо,

Өмүр жылбай аяктайт.

Ашыккан өмүр чаалыктыбы,

Армандуу болот ошол чак.

***

Дүйнө алтын, байлыкка

Чынгыз ханда тойгон жок.

Албан журтту караткан,

Аксак Темир тойгон жок.

Наар татыбай дүйнө деп,

Наполеон да тойгон жок.

Искендер да жөн турбай,

Далай жерди жойлоду,

Сугун артып дүйнөгө,

Сулайман султан тойбоду.

Жердин жети түбүнө,

«Жетемин»– деп ойлонду.

Чөмүлүп Кум-Төр алтынына,

Байлык менен катынга.

Баарын берип тууганга

Бакийип дунган тойгон жок.

Калың журтту талатып,

Каркырадай жерин сатып,

Акайип каапыр тойгон жок.

Арман күн ай алыска,

Алар качып жоголду.

Опаасыз дүйнө экен го

Ошондой эле болмогу.

Алар тобой койгон соң,

Биз тоймок белек дүйнөгө

Ачылган оозу жыйылбас,

Арман тура бул дүйнө.

Тың жүрүп эл ичинде,

Аман-эсен жашайлы.

Биримдикте күч болот

Бир-бирибизди сыйлайлы.

Кыргыз эли аман болсун.

Дал ошону ойлойлук

Журт ичинде бар болуп,

Биз да аман бололук!

***

Алтынга бергис карылар

Алар да өтүп кетиптир.

Күүдөн тайбай уланып,

Күлүк мезгил безиптир.

Андан кийинки абалар,

Алар да карып калыптыр.

Арасында калып бир экөө,

Аларды оору басыптыр.

Агылып мезгил өтүптүр,

Агын суулар ташкындап.

Билинбей артта калыптыр,

Бир кездеги жалын чак.

Кечөөкү эле байкелер,

Ак чач болуп алыптыр.

Улгайгандык жөнүндө,

Улама кеп башташыптыр.

Биз да өтөөрбүз дүйнөдөн,

Бизден кийин ким калат?

Жалындаган күчү тың,

Жаштар өсүп келатат.

***

Байтак, байтак, байтак жол

Байтак жолдо эл көчөт.

Бай өзөндү аралап,

Байтал минген бала өтөт.

Курбу, курбу, курбу бел,

Курбуларга жол жөнөйт.

Куудулданып ыр ырдап,

Кунан минген бала өтөт.

***

Артуу, артуу, артуу бел

Ашуудан согот салкын жел.

Айланыш жолдун өзүнө,

Айланып конду биздин эл.

Аман болсоң өзүңө,

Аттанып бир бараармын.

Алыста калган балалыкты,

Айланып келип табаармын.

***

Агабыз биздин Муратбек,

Санжыраны жазыптыр.

Ырлары да бар экен

Ыргакты сонун ачыптыр

Арыбас ушул өмүрдө

Арбын жашка барса экен.

Сабалатып санжыраны

Дагы далай жазса экен.

Тагынып чыгаар төшүнө,

Ордендери бар экен.

Аккан арыктан суу агат,

Суктанып аны эл карайт.

Атасындай агабыз,

Ардактап аны сыйлайбыз

Айтылып элде калса экен.

Таанылбаган дагы көп,

Талант жолун ачса экен.

***

Жолугуп калдым Жамансартка

Өткөндө барып жолугуп.

Өткөн-кеткен баянды,

Маек курдук отуруп.

– Кандай досум, ак молдону,

Чертесиңби баштагыдай?

– Мен аны небак таштап

Стаканды калгам кармабай.

Такыр эле калгамын,

Ботолкени карабай.

Көңүлүм айныйт карасам,

Качтым ошол каапырдан.

Мас кылган наадандан

Кайта андан сурадым:

–Ак молдонун оордуна

Эмне ичип жүрөсүң?

Мындай деди жообума:

– Карандай чайга сүт кошуп,

Кымыран ичип калгамын,

Кымырынып өтө сакмын.

Ошол оңбос каапырды

Өлгөнгө чейин таштадым,

Кымыран такыр мас кылбайт,

Ичсен соң чатак чыгарбайт.

Бирөө менен сүзүштүрүп,

Чоң жаңжалды баштатпайт.

Бекер жерден көлдөтүп,

Акчаны такыр чачпаймын.

Аялымдан жеме укпай,

Күлүп-жыргап жайнаймын.

– Мезгилдин шарты ошол

Кымыран ичип аман бол!

Артта калган качанкы,

Унутпай эсте балалыкты.

Анан эстен чыгарба

Жыргап ичип жүргөн чакты.

Алыста калган качанкы.

А мен болсо сен үчүн,

Ден соолугуң өмүрүң үчүн

Жүз грам ичип койомун.

Баягы жыргал чагыңдай

Сенчилеп мас болоормун

Бактылуу болсун туугандар,

Дал ошону ойлоймун

Көз жиберсең бир кезге

Мен келем сенин эсиңе.

Кандай сонун бала чак,

Кабагы ачык жаркылдак.

Андан кийин сендей болуп,

Ичкенди такыр таштаймын,

Кымыран иче баштаймын.

Тиштер түшүп карыдык.

Кымыран ичип калалык.

Аялдардан жеме укпай,

Аман-эсен жашайлык.

***

Мыкый үкүк деген куш

Мындайраакта үн салат.

Анын салган доошуна,

Айдың тоолор жаңырат.

Арпа Тектир тараптан,

Атыр жел улам согууда.

Мыскылдата сөз салган,

Мырзалар аман болгула!

Күн Тийбес деген тараптан,

Күкүк кушум үн салбай.

Уларлар кончу конушка,

Уялап алган чакчыгай.

Доомат койбой көңүлгө

Дооштор улам жанууда.

Доорго сонун күү кошкон,

Достор аман болгула!

Кыйладан бери салт ушул,

Кыз беришип алышмай.

Бийиктикти парс тутуп,

Бири-бирин сыйлашмай.

Үзүлүп кайра уланып,

Үмүт оту жанууда.

Кудуңдашып бел туткан,

Кудалар бар болгула!

Акбоз атчан алыска,

Айбыкпай кетип баратат.

Ашууларда сапарлаар,

Астыда далай жол жатат.

Жакшылык келип жакындап,

Жаркын илеп согууда.

Жанды койбой сыйлашкан,

Жаралгандан бакыт арнашкан

Жаркындар аман болгула!

Эне деген кеткен соң

Экинчи кайра жаралбайт.

Ыйык туткан туугандын,

Ысмын эч ким баса албайт.

Туу көктө учкан ыйык куш,

Тууруна келип конууда.

Туу тутуп күндө сыйлашкан

Туугандар аман болгула!

Куу дүйнөнүн аягына,

Куусак дагы жетпейбиз.

Куруп кетсин бул турмуш

Куушуп бир күн кетеербиз.

Конок болуп жашоодон,

Коштошуп биз кетебиз.

Кубулма экен бул жашоо

Кууралы жыргал болууда.

Кудуңдашып сыйлашкан,

Кудайдан бакыт арнашкан

Кудалар аман болгула!

Алым сабак акыл айтып,

Адат менен белгилеп.

«Жетик бол!»-деп турмушта,

Жемелеер кезде жемелеп,

Айдыңы тоодой көрүнүп,

Арбын үмүт кошууда,

Алдыга дайым жол тапкан,

Апалар аман болгула!

Ата-энеси балага,

Жем издеген таранчы.

Баласына «чачсам»-дейт,

Байсалдуу чоң бакытты.

Эстүү болсо баласы,

Эненин таалай жолу да.

Эңсеген ой ишке ашып,

Эл ичинде аман-соо,

Энелер аман болгула!

Ары «Бассам» «бери бас!»-деп,

Арбын акыл кеп айткан.

Жайнаган чолпон жылдыздай,

Жакын көрүп сыйлашкан.

Айдыңы тоодой бел болуп,

Арбын үмүт жанууда,

Арыбас жолдо келаткан,

Абалкыдан кеп айткан,

Агалар аман болгула!

Ылдый тартсам жөлөгүм,

Өйдө тартсам өбөгүм .

Кандаш болуп жаралган,

Кагылайын бөбөгүм.

Илгеркиден келаткан,

Илгери үмүт жанууда.

Ийнимди таяр жөлөгүм,

Инилер аман болгула!

***

Бир-бириң менен сыйлашып,

Жолуккан кезде амандашып.

Ажырашпай аман жүр!

Аз эле өмүр берилген.

Кыйбас өмүр жашчылык

Кыябы менен бир келген.

Көрүнүп көзгө түркүн гүл

Көп берилип сүйчүсүң.

Ачкан жашоо барагын,

Адамдын көөнү кызыл гүл.

Оой, адамдын көөнү кызыл гүл!

***

КҮНДӨЛҮК

Бир кезде иштеп жүргөн чагымда,

Күндөлүк деген неме жазылган.

Завуч: «толукта сабакка кийирбем»,

Дайыма ушул сөздөр айтылган.

Түн боюу күндөлүк жазып отурчубуз,

Ак кагазга китеп сөзүн толтурчубуз.

Күндөлүктү катыра жазып отуруп,

Сабакка даярдана албай калчубуз.

Эртеси сапар келип мектепке

Күндөлүктөн катуу согуш башталат.

«Мындай жаз картичке канакей»,

Репрессия күчөп катуу айып тагылат.

Күндөлүк эмне чоң чатакты баштаган

Мааниси жок эч нерсеге арзыбаган.

Бирок ошол жазма үчүн чатак башталган

Жөн эле бир иш мээне жеп нервди алган.

Ал күндөр өтүп кетти такыр байкалбаган,

Баардыгы унутулуп такыр эсте калбаган.

Ал кездеги күндөлүк кагаз эбак жоголуп

Эчак эле чирип же тамызыгы айланган.

Мугалимдин кээ бирлери өтүп кетти,

Тирүүлөрү карып меш түбүндө отурган.

Ошол күндөн эмне деген белек калды,

Уруш чатак ортону жаңжал аралаган.

Эч нерсе деле такыр эсте калбаган

Мезгил өтүп акырындап жыл жылган.

Ошол күндөн ыр болуп жалгыз жазылган

Мен жазган «Күндөлүк» деген ыр калган.

***

Кузгун кушу төрт жүз жыл,

Куу өмүрдү сүрөт экен.

Ошонун эле жүз жылын,

Жашына кошсо адамдын,

Бактылуу болуп калмакпыз,

Байсалдуу жашка бармакпыз.

***

Адамдын көөнү кызыл гүл,

Караны ага сыйпаба,

Карааны тоодой адамды,

Кайгыга бөлөп таштаба.

Акка көөнү сыйпаганга,

Абийир ага жол бербейт.

Көөдөнгө кирбей тазалык,

Көңүл чиркин бир кирдейт.

Ой, көңүл чиркин бир кирдейт.

***

Адамдардын көңүлүн,

Ар дайыма калтырба.

Тоодой кармап өзүңдү,

Токтоолук болуп каныңда.

Сый-урмат менен аралаш,

Сыпаалык болсун жаныңда.

Күйүп турган жаркылдап,

Күлгүн өмүр шам чырак.

Ар дайыма арыбас,

Айдың шоола балбылдак,

Адамдын көөнү шам чырак.

Оой, адамдын көөнү шам чырак!

Көнөчөк элдин көчү өтөт

Ийри Колот аркылуу

Имерилип көч өтөт.

Булуңдуу жерди буйткалап,

Бурулуп алып көч өтөт.

Кара Колот аркылуу,

Калбай калың көч өтөт.

Бак-бак этип эл башкарып,

Байкабас ага бу өтөт.

Журттагы элди «болгула»-деп,

Жумаш ага бу өтөт.

Карааны тоодой көрүнүп,

Касымбек агам ал өтөт.

Айрылыш жолдун башынан,

Ак боз тайчан бала өтөт.

Төө куйруктуу чоң жолдон,

Төөсүн айдап чал өтөт.

Кайкыда койду «Тоскула» деп,

Карагул аба ал өтөт.

Машийне айдап ашыгып,

Малчылардын үйүн салып,

Жылгадагы жолду өрдөп,

Жылкычы агам шашылат.

Тоодой болуп анын артынан,

Токтобек аба келатат.

Бээ жетелеп, жол улап,

Бексултан аба көрүнөт.

Ашыбай ата жылкысын,

Алкым менен өрдөтөт.

Акбоз атта өпөңдөйт

Көч улам өрдөп алып,

Чоң ашууга баратат.

«Тоскулачы чоочун малды»

Токуш аба башкарат.

Көбүргөн өтөк тарапка

Көч жылып арылайт.

Денсоолук аба баратат

Демдүү сонун кеп айтып.

Күлкүлүү баян жаратып.

Шоңшойуп атчан көрүнүп,

Шоңколордон Бакбур бар.

Тынбай атчан баратат,

Тыным, Кыргыз агалар.

Сайгактаган уйду кууп,

Саламат ага ашыгат.

Куудул сөз айтып күлдүрүп,

Кусмидин жезде жылмаят.

Кула тайын минип алып,

Кудуңдай артмак артынып

Кулеттен Атчы келатат.

Ынтымак аба шашылат,

Ыргыштаган атын камчылайт.

Ылдам жыла сапарлайт.

Жамбашында дүрбү салактап.

Жамаке мерген келатат.

Чач мончогу кагылып,

Турна моюн кыз өтөт.

Ак элечек салынып,

Ак байбиче дагы өтөт.

Минген атын камчылап,

Адам эле шашмалак

Эки буту салактап.

Тамашалуу баян айтып,

Аскербай жээним келатат.

Турдубектин жалгызы,

Жыттуу чөптүн жалбызы

Суксур байке көрүнөт.

Көчтү карап сүйүнөт.

Короолу коюн улам кайрат,

Шашып-бушуп уюн айдайт,

Шамалдай байке тору атын.

Шашып-буша чапкылайт.

Улуу көчкө көз салып,

Адамдарга кеңеш айтып,

Баарысын тең башкарып,

Тукеш аба баратат.

Анын көчтө жүрүшү

Айтып бүткүс салтанат.

Арт жагынан балдары

Калбай ээрчип келатат.

– Биз дагы көч көчүрөбүз

Бул сөздү айтып кубанат.

Сырдуу тартып ат үстүндө,

Сыдыш абам баратат.

Этек жакка коюн кайрып,

Эсентур аба келатат.

Аскаттын ак калпагы,

Ар бир жанды каратат.

Эшен абам самоорун

Ат үстүнө артып алган.

«Ийри Суудан ары өтүп,

Ичебиз-дейт көк чайдан».

Анда-манда уктай коюп,

Абакир атам келатат.

– Ой, какмар көзүңү ач!

Абатай атам жемелейт.

Жолго чыгып алыска

Көчтүн башы Калак Ташта.

Көч аягы Жылуу- Сууда

Алыска сапар уланууда.

 

Укурук алып колдоруна,

Бака-шака үн салып,

Жылкычылар баратат.

Айт-уйт, айт-уйт,

Айт-уйт, айт-уйт,

Ишенбек ага баратат.

Кең өтөктөн жылкыны

Кененбай байкем кайырат.

Шам кулактуу жылкылар,

Шамалдай болуп баратат.

Куйрук жалы жылкынын,

Куюндап желге таралат.

Кула ат минген Муса аба,

Күлкүлүү бир баян айтат.

Жан жыргаткан сөздү угуп,

Жаш жигиттер каткырат.

Эки агам сапар келатат,

Кыдыр менен Төлөнбай,

Төлөнбай агам сырт жакка,

Почто тартып баратат.

Искен менен Мураттар

Асан менен Жапарлар.

Бериден атын желдирет

Бердугул менен Сагындар.

Калбай ошол көч жолун

Карагыла баарыңар!

Жагымдуу ырга бөлөнүп,

Жакшы ырды таап алыңар!

Кызыл-тазыл ушул көч,

Кырдан ашып баратат.

Сабак айтып биздикилер,

Салтанатты жаратат.

Бабалардын элеси,

Биз менен кошо баратат.

Колот өрдөп жөнөгөн,

Кой кошулуп баратат.

Колоктогон жаш балдар,

Койду тосуп алганы,

Колот өрдөп чабыңдар.

Шаршембинин Казагы,

Жамгырчынын Жакыбы,

Жаманактын Абдысы,

Боогачыдан Коёнаалы,

Желдеңдин Ысмайылы,

Токторбайдан Орозо,

Султангазынын Эшени,

Байшериден Турдубай,

Карап жаттым бу көчтөн,

Карааны ыйык чалдарды,

Кадыры бар жандарды.

Оозу бозо жыттанып,

Жеңелерге көз салып,

Кадыркул байке келатат.

Койгулап кара атын,

Конок байке чаптырат.

Артынан анын такымдап,

Алыбай байке жакындайт.

Жар чакырып бакылдап,

Жапас байкем келатат.

Бүркүтчүнүн колунда,

Каардуу бүркүт талпынат.

Ысмайыл ата боз кушун

Илбесинге агытат.

Жол жомогун улаган,

Жомокчу ушул балдар ай,

Торпок минип топурашып,

Өз алдынча кобурашып,

Марыбас жерден кеп баштап,

Манас айтып келатат,

Маңгибай менен Чаңгибай.

Келиндер келатат,

Бешиктерин. өңөрүп.

Тайчан балдар жарышат,

Бөктөрүнчөк бөктөрүп.

Ак бозунун үстүндө,

Кээ биринде үргүлөп,

Бир сөздү айтып күбүрөп,

Максүт жезде келатат.

Тайчан чабат жаш балдар,

Ал балдардын арасында,

Аңкай менен Шаңкай бар.

Ойноок далай балдар бар.

Кана баарың болуңдар!

Көчтү узатып жөнөтүү

Байртадан салтыңар!

Беккулунун көчү өрдөп,

Кара Тоону айланат.

Астыда жол тайгалак,

Ал жактан да аша алат.

Далай кылым ата көчү

Жолун улап келатат.

Көч көчүргөн аталар,

Ак элечекчен энелер,

Көчтү алдыга сүрөгөн,

Көч менен келген абалар,

Баарыңар аман болгула!

Ата-баба өмүр сүргөн

Журтка барып конгула!

Сапар алган улуу көчтү

Беккулу ата колдоп алсын.

Элечекчен Бугу эненин элеси,

Биз менен бирге жашасын.

Ар дайыма жардам берип,

Арбактар эми жар болуп!

Жараткан болуп колдоочу,

Пайгамбар болсун коргоочу.

***

Бул китепти ким окуса,

Ал да калат арманда.

А ким калса окубай,

А да батат арманга.

Жашоонун оор экенин,

Окугандар анык сезет.

Ата-баба тарыхын

Аз да болсо эскирет.

А ким калса окубай,

Бабаларын билбей калат.

Баш аягы чоң арман

Бабаларсыз кантип жашайт.

Ошол үчүн өмүр сүрүү

Айтып бүткүс чоң арман.

Жарыкка келбей калганың

Аның дагы бир арман.

ЭРТЕҢ МЕНЕН

Жан энекем уй саап жатат эшикте,

Таңкы сууктун илеби улам сезилет.

Төр тараптан салкын аба дем бере,

Төмөнкү айыл коюн айдап өтө элек.

Жапыз үйдөн кең талаага жыт тарап,

Жаш көчөттү турган кези жел термеп.

Окуранат аркандалган жалгыз ат,

Ортоңку айыл койун айдап өтө элек.

Уйчуман уйун айдайт чогултуп,

Мурап болсо, сууга кетти бир кезек.

Жон-жондордон таза салкын жел уруп,

Жогорку айыл коюн айдап өтө элек.

Биринчи айыл бапыраган өзүммүн

Экинчи айылым кыштактагы кандаш элим.

Үмүт чачып айга-күнгө умтулган,

Үчүнчү айылым алдымдагы туулган жерим.

Гүлдөр каптап кең мейкиндин аймагын,

Ошолорду ырыма кошуп жазайын.

Асман-айга кеңейтип аймагын,

Аман болсун кагылайын үч айлым.

Бай кыштак

Акын элем ак баракка ыр жазган

Адам менен көңүл бөлүп сырдашкам.

Эмне үчүн көңүлүмө кут конбой,

Эмнегендир чүнчүп кетип баратам?

Туулган жерге бара албай калгамын,

Тыйыным жок такыр эле жардымын.

Жолдор узун, мени кимдер алпарат,

Жол кире жок баардыгы бүт кымбат.

Турмуш татаал мен бара албай калсам да,

Туулган жерим жүрөгүмдө толкун чачат.

Тербип көккө барчын болуп канат жаят,

Темир Канат көңүлүмдө толкуп жатат.

Теңирим болуп жан дүйнөмдө бай кыштак.

Жергеме

Кыл куйрук учса кырлардан

Кыйкырсам үнүм жетпеиир.

Кара боор учкан жарлардан,

Жаңыртсам үнүн жетпестир.

Көңдөйдө өткөн балалык,

Көөнүмдөн такыр кетпестир.

***

Жаз келгенде жергеме

Жаш балдар жарышат.

Качма топ ойноп бапырап,

Тоонун гүлү мандалак,

Топ-тобу менен ачылат

***

Бир жеңекем бар эле,

Ал жөнүндө баян айтам.

Ошону ырга салганы,

Ойлонуп кетип баратам.

Суурулуп колго карматпай,

Басанаак болчу жашынан.

«Акча-тыйын тапканы,

Алыс жакка аттанган.

Алыс сапар барса да,

Оңдуу эчтеке таба албайт.

Майда тыйын-тыпыр таап,

Мааниси жок кайрылат.

Эмне бекер туруптурбу,

Ал жеңеге акча деген.

Бир мааниси жок жерден,

Билинбей кирип иштеген.

Тентип-кетип сапар улап,

Жеңекем үйгө жолобойт.

Билинбей жүрөт белгисиз,

Бир кеткен соң жоголот.

Үйдө оңдуу тамак жок,

Какшып калган казаны.

Азап тартып көп ыйлайт,

Ачка болуп балдары.

Күйөөсү дайым аракта,

Мас болуп келет күнүгө.

Мынтип ичип отурса,

Ак молдо жетет түбүнө.

Мындай тентип жүргөнүнө

Он жылга жакындаган.

Айтканына жеңемдин,

Агам кантип чыдаган.

Басанаак ошол жеңемдин,

Буту сынып калса экен.

Үйүнөн такыр чыга албай,

Үңкүйүп үйдө жатса экен.

***

Кыйкуулап көлдүн ак куусу,

Кыялап көлгө конгону.

Кыроо басса, муз тоңуп,

Күз бүтүп, кыштын болгону.

***

Көңдөйүмүн ар бир кокту- колоту,

Китеп болот мага арнап жазылган.

Жөө кыдырып нечен ирет талыбай,

Жөлөк издеп ар биринен ыр табам.

Темир-Канат сырдуу китеп өзүмө

Дагы далай көп кыдырып басмакмын.

Китепти окуп ошол Көңдөй жеринен,

Кайра өзүнө китеп арнап жазмакмын.

***

Күлүктөрдү күүлөндүрүп,

Күн тийбеске айдадым.

Зоолорун көрүп жергемин,

Сорок Таштан кайрылдым.

***

Топ айыл көчтү бет алып,

Тоо жакка кайра камданып.

Жийделүү белди өрдөшүп,

Жигиттер кетти жол чалып.

***

Тоо боорунда айылга,

Торжорго минип баратам.

Тоолуктарды ырга салып,

Толгон баян жаратам.

***

Эртең ашуу ашабыз,

Кантеер экен малыбыз.

Аман ашып калгай эле,

Ардактаган карыбыз

Ак булут тоону аралап,

Жамгыр төктү сабалап.

Кудуретүү жараткан,

Кудайым өзүң сактасаң.

Кудайга улам жалынып,

Көк теңирге жалбарып,

Ай туяк жылкы чалалы.

Аркайып жаткан ашуудан,

Аман ашып алалы.

Аталардын арбагы,

Ашуулардан колдой көр!

Астыбызда сан жылкы,

Аман ашып кете гөр.

Ата-баба ашкан ашуу,

Арыз арман калган ашуу.

«Бай үмүттү кудай»– деп,

Байыркылар көргөн ашуу.

Жүгү бар төө кулап,

Жүрөк түшүп калган ашуу.

Аты менен эр кулап,

Алат күндү салган ашуу.

Аңырайган чуңкурга,

Алып кетип тыккан ашуу.

Кудайым өзүң бар болсоң

Биздин элди колдосоң!

Жар кыядан өтөлү,

Жаратканым жар болсоң!

**

Мен ашуунун туу жонунда турам. Бйик ашуунун башынан көзүмө өүнчө дүйнө ачылаып чыга келди. Кенен учу-кыйырсыз созулуп жаткан улуу өрөөн. Тигинде өлбөс жашоону элестетип байыркы дайра агып жатат. Аны менен бирге жарыша созулган кенен аймак.. Учу-кыйырсыз созулуп жаткан мейкиндик. Алдымда ылдый карай кеткен жол. Дабандын башында туруп алдыны карап турам. Мен ашуунун туу жонунда туруп, көп нерсени ойлондум. Бул жерден кимдер гана ашкан жок. Менин жети атам, туугандарым деги койчу баардыгы ушул касиеттүү дабандан ашып өтүшкөн. Ашуудан аман-эсен ашып балалыгым өткөн ыйык жерлерим: Ийри-Суу, Калак-Таш, Чатыр-Таш, Кара-Каман, Тешик-Көл жерлерине барып ата-бабам болгон ыйык жерлерди көрмөкмүн. Ата-бабам өскөн ыйык жерди көрөйүн деп баратам. Сагынып калган кубанычымы жасайын деп баратам. Коп жылы көрбөй калган жерими көрөйүн деп баратам. Кагылайын ыйык жерлерим бар бол! Мен сага жетип жолугайын деп баратам.

***

Ала байтал күлүк чаап,

Атакты алган шоңколор.

Элчибай чечен тил безеп,

Эңишти алган шоңколор.

Күрөңкө шыңкыр күү безеп,

Көрөшкө чыккан шоңколор.

***

Кадырлуу Жайлоом Кара Таш,

Кой менен жылкы аралаш.

Шоңко менен бүтөбай,

Шоңшоюп конду катарлаш.

Кыпчактын журту ар жакта,

Арпа Тектир алдында.

Кымыз улап барабыз,

Кызык баян салабыз.

Саргарып өсүп гүлдөрү,

Сары кашат далдаят.

Ураалы журт жаңыртып,

Ушул жерден байыр алат.

***

Курумшудан Койсойбос

Койсойбостон Максүт бар.

Максүттөн калган Кулжыгач,

Кулжыгачтын атынан,

Белдеги коо аталган.

Эл барып анда чөп чапкан,

Акындар ырын жараткан,

Дүйшөн, Көкүш абалар,

Кышында малын кыштаткан.

Балалык өтүп ал жерде,

Байсалдуу ырды жараткам.

Ал аймак мага майрамдай,

Айдыңдуу күүлөр калгандай.

Ошол коодон өткөн күндүн,

Айдыңын издеп таба албай.

Андан ары Кулгуна,

Табылды баба өткөн жер,

Калмактарды сүргөн жер,

Калдайып жаткан калың бел.

***

Сулайман ушчу Сорок Таш

Суулары көп жер ушу.

Сууру тоодон ышкырса,

Сугуң түшөөр жер ушу.

Аркары тоодон куюлуп,

Агын суулу жер ушу.

Аскалардын учун жандап,

Ай түнөгөн жер ушул.

Кокту жакты карасам,

Коктудан чыкты кош шыбырт.

Койлорум жатат короодо,

Коргулдар берет бир шыбырт.

Койлорум аман чыга көр,

Кооптуу сана аралайт.

Коюу түн каптап тарапты,

Короочум үрүп арсылдайт.

***

Аскалардын башынан,

Айбаттуу бүркүт айланат.

Аркарлар оттоп кумайда,

Адамды кайра карантат.

***

Урчуктан бери айланып,

Ураалыдан бирөө келет.

Муратбек тааныш турбайбы,

Мунарык тоого беттенет.

Эки тайын жоготуп,

Ээн жакка көз салат.

Өйдөдө атка камчы уруп,

Өпөңдөй чаап келатат.

***

Бүкүңдөтө желдирип

Бүтөбайдын бирөө келет.

Шамалдай байкем турбайбы,

Шашкандай тоого желдирет.

Караан көрсө көз салып,

Карагер атты камчылайт.

Чепкенин оң этеги,

Элбир-делбир этеди.

***

Таш Кыянын белинен

Атчан бирөө келатат.

Элден окчон бөлүнүп,

Эпеңдете желдирет.

Үсөнбай байкем шекилдүү,

Атынын билдим басыгын.

Байкап көрүп тааныдым,

Башына кийген калпагын.

***

Соодагерлер бир укмуш

Алар табат амалды.

Ошол үчүн аккан суудан

Акча жасап жатпайбы.

Сүткө сууну тамызып,

Тыйын жасап жатпайбы.

Сүткө сууну кошпосо

Сүткор болбой калбайбы.

Соодагердин бетинде

Бырыш-тырыш көп болот.

«Адамдарды кантип алдайм»,

Ошону көп ойлонот.

Ойлонуп тапкан амалын

Эл журт билип алышат.

«Алдамчы шүмшүк бетпак» деп

Баары андан качышат

***

Жардан учкан чакчыгай,

Жайлоону келем аралай.

Жабыгып турам дүйнөдө,

Жайылмага бара албай.

Тектирге учуп келаткан,

Темгил баскан кушум ай.

Телмирип турам дүйнөдө,

Тешик Көлдү көрө албай.

Боо-боо болуп алыстай,

Боордон учкан кушум ай.

Боорум ооруйт саргайып,

Бордуну бир көрө албай.

***

Балта жутаар көк жору,

Байырлап тоодо ушчу эле.

Калтырбай жеп салганга

Канаттуубуз маш эле.

Алкыңы тый калк мүлкүнө,

Ачкарын болуп сук артпай,

Балпаңдатып жей бербе,

Балта жутаар аталбай.

***

Мочочу да мончосун

Жакпаганы көп болду.

Чоргодон суу шылдырап,

Акканы да токтолду.

Денебизди кир басып

Уктатпады тынчты алып.

Алтүндө да кытыратып,

Чыгабызбы тырманып.

***

Байкап тоону карасам,

Байтак жолдон чаң чыгат.

Шоңшоңдото атын желдирип,

Шоңкодон бирөө келатат.

Бердугул байкем болбосун,

Беш коюн кечөө жоготкон.

Шоңшоңдото атын желдирип,

Шоорат издейт жоноктон.

***

Суулары тоодон агылган,

Сууру чыгып үн салган.

Куюндата жылкы айдап,

Кум-Кайкынын белинен

Кудаш аба өткөн жер.

***

Жылтырдын уулу Карыпбек,

Жылгаларда кой баккан.

«Жылынып бир алайын»-деп,

Жылтылдата от жаккан.

Жылына элден бата алып,

Жылдыздуу уул атанган.

***

Кыялата жолду өрдөп

Кыпчактан бирөө келатат.

Аскербай жээним болбосун,

Ашыга белге көз салат.

Жоготуп семиз токтусун,

Жонокту карай бет алат.

Кер ити калбай акактап,

Келе жатат салпактап.

***

Кара-Каман, Кара-Каман суулары,

Катуу агат каардана окторулуп.

Агыны катуу айбаттансаң күрүлдөй,

Ак таштарды ала-сала омкоруп.

Адам Ата, Обо Энеден беркини,

Аңгемелеп күүгө салып жатпагын.

Жээк кемере албуутанып акканың,

Жээгиңде туруп кайратыңа таңдандым.

***

Сан жылкынын дабышы,

Сайлуу өтөктөн тараган.

Кербез тоолор заңкаят,

Кеңейип менин заманам.

***

Аралыгы алыс жаткан

Ак Кыя менен Көк Кыя.

Ат минип алсам жетембм?

Арасы анын канча ия?

Ак Кыяны аралап,

Ак бозчон жол тартам.

Көк кыяны аралап,

Көңдөйгө кетип баратам.

Ак Кыя менен Көк Кыя

Арткы күндүн карааны.

Талаа, тоону аралап,

Талбай барам сабалап.

***

Ат Жайлоо деген конуштан

Ак аргымак ат келди.

Аскаларга көз салып,

Айдыңдуу жерге сук артып,

Аттарды айдап жабылта,

Амандур деген эр келди.

***

Ак байпак күлүк ат минип,

Ак- Кыядан келатам.

Ата-баба тарыхын,

Аңыз кылып кеп таштайм.

Көк Кыядан келатам,

Көөнөрбөс Көңдөй жеримди,

Көркөмүн эстеп ыр баштайм.

***

Кара атына жүк жүктөп

Карач ата көч көчүрөт.

Кагылайын туулган жер,

Карааның ыйык көрүнөт.

Жер Үй суусу ташкындап,

Жээкке суусу чабылат.

Көөндөндө соккон жүрөгүм,

Көңдөйгө карай талпынат.

***

Кичинемде мен өскөн

Киндик каным тамган жер.

Жашыл шалбаа түзөңдө,

Жалыным жанып калган жер.

Асманда учкан ак шумкар,

Алтоо тура санасам,

Ажайып укмуш туулган жер,

Азгырылып сага баратам.

Көктө учкан ак куунун,

Уп-жубу мени каранткан.

Кудуреттүү туулган жерге,

Куса болуп баратам.

***

Ак бозуна жүк жүктөп,

Айман ата көч көчүрөт.

Карагер атка жүк жүктөп,

Канай ата жолдо өтөт.

***

Алыскы Көңдөй жеримин,

Айдыңы чыгып бөлүнөт.

Жар ылдый кеткен созулуп,

Жашыл көлгө каз конот.

Жаштыгым өткөн Көңдөйүм,

Жарашыктуу жер болот.

Тал түбүндө булагым,

Талбай агып үн созот.

Рейтинг@Mail.ru