bannerbannerbanner
полная версияБабалардын Урпагы. 3 китеп

Кадыр Абакиров
Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Ак жайыктын бери жагына,

Ак боз жорго салдырган.

Артынан чаң ызгыган,

Айылчы аба бу өттү.

Илмейген тоонун жанына,

Илбирс түнөп жай алган.

Иш бүткөрүп, мал багып,

Ишенбек ага ал өткөн.

Айдарым желдүү өтөккө,

Абыр-шабыр жаан төктү.

Ат бороюн салдырып,

Ак боз күлүк алкынтып,

Аңгеме айтып бакылдап,

Айылчы байке бу өттү.

Булар менен биргип,

Апа менен жеңе өттү.

Туу тутуп жүргөн берилип,

Тууганга салып күйүттү.

Булар өтүп кеткенде,

Баарыбыз тең кайгырдык.

Убайымга улам батып,

Ушул ырды чыгардык.

***

Башкарып чоң чарбаны,

Тирүүсүндө чарчабады.

Акылы менен эл баккан,

Ачык айрым бакылдап.

Ак эмгектен баар тапкан,

Мектепке бала окуткан,

Оңойм деп журттун турмушун,

Эрте туруп, эл тескеп,

Элден кийин уктаган,

Усөн ага табылбас,

Ал замандар кайрылбас.

Кайрылса да жаңырбас.

***

Кайда кетти Мукамбет, Мыйса аталар?

Карааны жок карасам да көрүнбөдү.

Бул дүйнөдө өмүр сүрүп закымдап,

Шамал, күнүм улуу тоолор өлбөдү.

Кайда кетти Калый, Бүкөй энелер?

Көп карадым такыр эле көрүнбөдү.

Бир гана бул жашоодон кол үзбөйт,

Кеч менен таң, күн менен түн бүлбүлдөйт.

Кайда кетти Төлөмүш, Сакен жеңелер,

Көп карадым жолдо сапар өтпөдү.

Өмүр сүрүп жашап келет биз менен

Жымжырттык, куш үндөрү кебелбеген.

Кайда кетти Өмүрбек, Эсенгул инилер?

Күлүк минип узун жолдо сапар өтпөдү.

Ай нурунда аккан суу агат шарпылдап,

Асылдар не келбеди бул жакка сапарлап.

Адамды ушунчалык таң калтырып,

Колду жуумп эсеп менен санатып,

Капаланып кайгырганда не чара,

Кайран өмүр берилиптир аз гана…

***

Майданда элин коргогон,

Өз элине чеп болгон.

Кагаз жазып чийме чийип,

Балдарга чачып илимин,

Сырын билип ар кишинин.

Элине чачып эмгегин.

Аруун деген аба өттү,

Ал өтпөсө ким өттү.

Акылы тунук эс менен

Ал агамды эскерем,

***

Мамыр баскан жайлоодон,

Малын айдап малчы өттү.

Жайылманын төрүнө,

Жайдын күнү жаан төктү.

Ырын төгүп жамактатып,

Ырыстуу бир атак алып,

Абды атадан, Ыдырыс

Түркүн-түркүн чөптөрдүн,

Түрүнөн дары жасаган.

Адырашман, чалкан чөп,

Алыс жактан алдырган.

Уу коргошун, тыйынчек,

Чайга демдеп салдырган.

Бачым жана сарамжал,

Баардык ишти шай кылган.

Адамдарды дарылай,

Албаш ишке жараган.

Туулган жери жөнүндө,

Турмушта далай ыр жазган.

Өкүнүч салып баарыбызга,

Өтүп кетти бул адам.

Өкүнүч экен шум жалган.

***

Анын арты жагынан

Эмгекчил эр өткөн.

Элине арнап кызматын,

Эринбестен шаң төккөн.

Өмүр боюу тынбастан,

Өрнөк болуп баар тапкан

Жер сугарып, эгин айдап,

Жергеми сонун гүлдөттү.

Көөнөрбөс эмгек сиңирип,

Көк жорго деген ат минип,

Көнөчөктүн айлында,

Көркөмдүү сонун жайында,

Көбөк деген эр өттү.

***

Анын арты жагынан,

Кайгуулда күзөт күзөтүп,

Кайран уулдар дагы өтүп…

Болот, Эсен эки окуучум бар эле.

Элестери, кыял, жорук , турпаты,

Өкүм мезгил, өткөндү эске түшүргөн,

Көз алдыдан алар такыр кетпеди.

Кеткен бойдон кайра артына келбеди.

Он гүлүнүн бири ачылбай,

Жыпар жыты аңкып чачылбай.

Жылгадагы жыттуу гүлдөрдү,

Жылдыздуу маалы табылбай.

Эр жигитке мекен коргоо парзы да,

Эң улуу иш буюрган экен балдарга.

Түйшүк тартып баатырларча жок болгон,

Түбөлүк даңк, улуу урмат аларга!!!

***

Чүкө ойноп сайдын жээгинен,

Абдан ынак болчубуз.

Коктулардан мааратып,

Козуну бирге жайчубуз.

Ыраакка бирге барчубуз,

Ышкын терип төрлөрдөн,

Тай минип чаап өтчү элек,

Тараша баскан бөксөдөн.

Таштарды терип жылмакай,

Тап таза сууну кешчү элек.

Таңда койду айдачу элек

«Ата» деп айтып чакырып,

Артында жалгыз туягы.

Текебайдын Түйтөсү,

Теңтушум учуп дүйнөдөн.

Мындай шумду ким көргөн?

***

Арпа Тектир жайлоонун,

Арасын сылап жел өттү.

Алынып дайым мал менен

Ак жашоо өтүп шаң менен.

Жок эмес, бар менен

Жан дүйнөсү кеп –кенен.

Айлында жүрүп түбөлүк,

Ак бата алып элинен.

Агарып туулган жеринен.

Балдары тың чыгып,

Ата атын даңктантып

Амантур деген эр өттү,

Эр өтпөсө ким өттү.

Эл ичинен жээн өттү.

***

Солто, Өмүрбек инилер

Сонолотуп куш салып.

Созултуп жылкы айдашып,

Согон өтөк жайлашып.

Созулуп катар бастыңар,

Сонун бекен оо дүйнө,

Сонуркап неге шаштыңар.

Сырларын айтпас балдар!

Сыбызгыны какпайт балдар!

Сырдуу өтөктөн өткөн балдар!

Сырттан кайып болгон балдар!

***

Кагылайын Канат, Өмүш иним

Кечөө эле бар элеңер.

Арабаны айдап алып,

Арабызда жүрчү элеңер.

Айланамды карасам,

Көрүнбөдү карааныңар.

Болуп өттү не шумдук,

Болумушка таң калдым.

Бүгүн силерди жоктойбуз,

Капа жана күйүнмөй.

Ажырашып кетүү бул,

Арман тура бүтүндөй.

Медияндын чөлүндө,

Мен эмнеге келатам.

Медер кылып жактырган,

Мээримиңен адашкам.

Канжыгамда байланган.

Кара чепкен ичик жок.

Караан тутуп сыйлашаар,

Кандашым Канат, Өмүш жок?

***

Менин сүйкүм төрт тирегим бар эле

Ата-энем, Бейшен, Дүйшөн агалар.

Төртөө менин жан-жагымда тоо болуп,

Оор кезде алар мени калкалаар.

Кечөө эле жан-жагымда турду эле,

Тоодой болуп ынактарым коргошуп.

Бүгүн болсо, мында турам жап-жалгыз,

Тоолорумду таба албай томсоруп…

***

Мен ата-бабалардын мүрзөсүнүн жанында турам. Айланамда торгой куштар сайрап жатат. Тээ бийикте куштар, чымын-чиркейлер каалгып учуп, тээ береги Атыгай колоттон ыйык куш күкүк

тынбай үнүн безейт. Андан берки колоттон карганын үн салганы кулагыма даана эшилет.Ал эми бул жерде ата-бабалардын сөөгү коюлган көрүстөндө тынчтык мемиреп каалгып жатат. Алар түбөлүк бобу чөлкөмдөгү тынчтыкта, бобу куштардын үнүн тыңшап тынч уктап жатат. Тирүү адамдын жан-дүйнөсү тынчтыкты жактырат.

Закымдап мезгил өтөт. Күндөр, айды, айлар жылды кууп өтүп замандар алмашып жатат. Өз учуру келгенде биз дагы кара жерди жамынып, сырттагы тынчтыкты тыңшайбыз. Бирок кимдин сөөгү кайсы жерге коюлат ал тагдыр. Ал да белгисиз. Мейли кайсы жерде жүрбөйлүк бобу бабаларыбыз жаткан жердеги мүрзөлөрдү биз эч убакта унутпайбыз. Анткени бул жерде биздин туугандарыбыз, жакын адамдарыбыз, ата-тегибиз жатат. Алар менен туулган жерде тирүү болуп, баарлашып, балалыкты, жаш кезибизди өмүрүбүздү өткөрбөдүк беле. Ошол үчүн бул жерде жаткан адамдардын арбактары биз үчүн касиеттүү жана ыйык. Аларды биз өмүр боюу унутпай эскерип жана куран окуп келебиз. Алар дагы ошону каалашат. Анткени алар чын дүйнөдө жашап жатышат. Эмесе андан ары баяныбызды уланта берели. Токтоп калган болбойт.

***

Оо, мүрзөлөр, мүрзөлөр,

Байыркынын тарыхы.

Силер эске саласыңар,

Унут болуп калгандарды.

Оо, мүрзөлөр, мүрзөлөр,

Бал, бал жанган эстелик.

Боз дөбөгө тынч алат,

Ар бир жан, эрте, кеч келип.

Кош айтышкан адамдарды,

Коёлу биз аны эскерип.

Силерге биз багыштап,

Куран окуп кетели.

«Туйгундар учуп кетти»– деп,

Туугандарды эстейли.

Кампанын бери жагында,

Аккан суунун жанында.

Мүрзөсү бар Мамайдын.

Сөөгү жатат Токобайдын,

Казанагы оюлган,

Алаш Ата коюлган.

Ашына мал союлган.

Бул баянды уккан элем,

Айылда бир карыдан.

Чыгарган жокмун оюман.

Дагы бир канча жандар бар,

Биз билбеген тап-такыр,

Белгилүү, даңктуу адамдар.

Ыстам деген ата бар,

Сулайман менен Ыбрай,

Экөө тең бар бул жерде,

Карыларым кеп айтса,

Качанкы келет эсиме.

Кабары жетет элине,

Сейит деген атадан,

Шамыркан менен Шамырат,

Катар жатат бул жерде.

Бул чөлкөмгө коюлган,

Дагы канча жандар бар.

Ушул жерде орун алган,

Урматтуу биздин бабалар.

Дайнын такыр унутпай,

Дайым эстеп келебиз.

Эсибизден кетмек беле,

Эртеңкибиз, кечеегибиз.

Тескейдеги мүрзөлөр

Үч атанын үч бөлөк,

Баяндап бер жомокчум,

Баянга көңүл бөлүнөт.

Араба айдап кечөө эле,

Арабызда жүрдүңөр.

Аралыкты алыстатып,

А дүйнөгө көчтүңөр.

Жалгыз атчан жолочум,

Жаркыным бери келе кет!

Кайрылгыстар жатат бул жерде,

Кайрылып куран окуй кет!

Ата-баба тарыхын,

Аңгемелеп эстей кет!

Кербен тарткан кербенчим,

Кербениңи бура кет!

Мүрзөлөргө келе кет!

Аталарга куран окуп,

Агаларды эстей кет!

Анан жолду улап кет!

Кызыл Дөбөнүн ар жагында,

Тескей тоонун бер жагында,

Бийик тоонун этегинде,

Мектептин туш ченинде,

Бүтөбайлардын мүрзөсү

Ушул жерге жай алган,

Эң биринчи бул жерге,

106 жашта каза болгон,

Санжырачы, ары акылман,

Сабалата кеп таштаган.

Урушканды жараштырган,

Урумга чейин аты калган

Түмөнбай ата коюлган,

Ошол кез кетпей оюман.

Чоор тарткан чоорчум,

Чоо жайын козгоп өткөндү,

Чооруңа баарын сала кет!

Чогусу менен эстей кет!

Кыяк тарткан кыялчым,

Кыябын сайрап байыркынын,

Кыягыңа сала кет!

Кыйын, оор күндү эстей кет!

Сурнай тарткан сурнайчым,

Сур жорго минген бабаларды,

Султан сымал агаларды,

Сурнайыңа сала кет!

Жол улаган таанышым,

 

Жолуңу бери бура кет!

Аталар жатат бул жерде,

Алыстабай келип кет!

Арбакка куран окуй кет!

Булар дагы бир кезде,

Тирүү болчу өзүңдөй,

Жашоо деген ушул тура,

Баардыгы тең өзгөрүлмөй.

Бир кезекте бараарбыз,

Алар жакка биз дагы.

Бурулбай өтүп жатпайбы

Бу жашоонун агымы

***

Оо, көрүстөндөгү тааныш адамдар!

Жатасыңар дабыш чыгарбай.

Мелтиреп ушунчалык ойго батып,

Мен турам силерди эстеп кайталай.

Оо, бул жерде жаткан ыйык адамдар!

Жатасыңар туулган жерди жазданып,

Даанышман силердин жакшы жагыңарды,

Дагы кайра эскере берем ойго салып.

Оо, өтүп кеткен менин тааныштарым!

Силерге арноо ырын жаратуу парс экен.

Алыс жерде жашап калуу тагдыр экен

Аман болсок кайрыламын далай нечен.

Оо, бул жерде жаткан жаркындарым!

Бөтөн жерде силерди эстеп жүрөмүн

Дарек айтып унутулбай турбайбы,

Дайны эстелип өтүн кеткен күндөрүм.

Ошол күндү тумар кылып унутпай,

Ар дайыма ыр кылып келемин

Азил окуп атыңарды сыйлаймын

Айткылачы андан башка не деймин.

КӨЗҮ ӨТКӨНДӨРГӨ

Көрүстөндү карап туруп ойлоном,

Кечөө эле тирүү элеңер баарыңар.

Мезгил деген күлүк нерсе турбайбы

Силер неге бизден кетип калдыңар.

Тирүүлүктө сөзсүз болот кемчилдик,

Бизден эгер жаңылыштык кетип калса.

Калыстык менен кечирип койгула,

Катаал иштер болот тура турмушта.

Силерден кеткен чеки болгон иштерди,

Эчак эле биз кечирип койгонбуз.

Жашап өтүү бу жалганда парс тура,

Жаркындарды бассак -турсак ойлойбуз.

Өмүрдөн кийин өлүм деген бар тура,

Мезгил келсе силер жакка барабыз.

Ага чейин биз силерди эскерип,

Амандыкта бу дүйнөдө жашайбыз.

Бул жерде уктап жаткан маркумдар,

Тынч болсун түбөлүккө уйкуңар.

Эл силерди эч убакта унутпайт,

Эсен болуп, эстей жүргөн учур бар.

***

Айлыбыздын төш жагында мүрзө бар,

Бөз дөбөлөр дөмпөйүшөт улам арбып.

Кейитип кетти өмүрүдү басып аяныч

Кемпир чалдар бара жатат азайып.

Кем дүйнө карылык келет билинбей,

Кемпир чалга айланып биз баратабыз.

Арыбас ушул куу түшүктөн кутулуп,

Акыры биз да боз дөбөгө айланабыз.

4- БӨЛҮК

ЗАМАНДАШТАРГА ТАМАША– ЧЫН АРАЛАШ

Байлык –мал-мүлктүн көптүгү менен эмес, балким

напсинин токтугу менен эсептелеттир.

Мухаммед Пайгамбардын осуяты.

***

Бу дүйнөдө адамдарга катуу азап чектирген

кишилерди кудай акыр кыяматта катуу жазалайт.

Мухаммед Пайгамбардын осуяты.

***

Бири-бириңиздерге кайрымдуу, күйүмдүү жана мээримдүү

болуп, кол беришип, ал-жай сурашып туруңуздар,

мына ошондо дилдериңиздердеги кайгы-капа арылат.

Мухаммад Пайгамбардын осуяты

***

Күлкү өмүрдүн мүлкү, бирок ар бир

күлкү өз оорду менен болсун.

Элден

Замандаштарга тамаша-чын аралаш

Короодогу кой, козу менен аралаш

Кара сөз ыр менен кетти аралаш.

Көөнөөрбөгөн күлкү учкуну табылбас,

Көңдөй элге тамаша, чын аралаш.

***

Тирүүлөр ыйманыңарды жоготпогула!

Ыйык нерсе силер менен өмүр сүрөт.

Жакшы адам жан дүйнөсүн булгабай,

«Жараткан» деп тазалыкты ала жүрөт.

Ыйманыңы көөгө булгап таштасаң,

Ошол күнү пенделигиң кор болот.

Тирүү эле өмүр сүрүп жүрсөң да,

Жер үстүндө адамдыгың жоголот.

***

Тажатып кээде адамды,

Тантыр-мунтур бу турмуш.

Тайсалдатып жолуңан,

Тайгак кечүү кечтирип,

Татаалдыгы бир укмуш.

Энтеңдете камчылап,

Элки-селки бул турмуш.

Эси оосо да эңсеткен,

Эртеңкиге ээрчиткен,

Эрктүүлүгү бир укмуш.

Алдыга айдап жүткүнткөн,

Апыл-тапыл бул турмуш.

Акү-чүкү бул турмуш,

Учур менен жарышып,

Утуш дагы уттуруш.

Арбын түйшүк тарттырган,

Алчы-таасы калчалган,

Алышкан адам чарчаган,

Албууттугу бир укмуш.

Оодара тартып белиңден,

Опон-топон бул турмуш.

Оңой конбос башыңа,

Олжо болуп бакыт куш.

Оокаттын жүрүп артында,

Оо, дүйнөгө жеткизген.

Оомал-төкмөл бу турмуш,

Оопасыз ал бир укмуш.

Жел кайыкта сыздырган,

Жеңил-желпи бу турмуш.

Желпилдеген учкаяк,

Жеткен чеги бир укмуш.

Ар жазмышта жазылган,

Андай-мындай бурулуш.

Ар кыл тагдыр кабылган,

Ачуу-туттуу бу турмуш.

***

А дейбиз да, бу дейбиз

Эртеңкиге кам жайбыз.

Эртең эмне болоорду,

Эмнегендир сезбейбиз.

А дейбиз да, бу дейбиз,

Алыска жол издейбиз.

Алыбыз саал экендигин,

Аны неге сезбейбиз.

А дейбиз да, бу дейбиз

Байлыкка жол издейбиз.

Жан дүйнөбүз жакыр экенин,

Жашоодо биз сезбейбиз.

А дейбиз да, бу дейбиз,

Көп дүйнөнү издейбиз.

Алышып жүрүп акыры,

Жок болоорду билбейбиз.

Аппак булут көчтү го

Аттиң ай, өмүр өттү го.

А дейбиз да бу дейбиз

Абалкы кезди эстейбиз,

Бу өмүрдү кошкун,– деп,

Бурулуп бир күн кетеербиз.

МЕН ЖАШАГАН

1979-1984 ЖЫЛДАРДАГЫ ЖЕРДЕШТЕРИМИН

ЭЛЕСТЕРИ.

Азыркыны ырдасам

Ак санаадан бата алам.

Айдың чачкан түбөлүк,

Ак жашоо өзү калкыган.

Биз өтөгөн бу турмуш,

Бир кезекте эскирет.

Күүгүм убак жакындап,

Күн да батып кеч келет.

Анда эмесе туугандар,

Суунун нугун кубалап,

Балык издеп куугандар,

Азыркы кезди ырдайлы.

Мезгил сызып баратат,

Мемиреп жөн турбайлы.

Жердештерим жердеген,

Жериме жетип барайын.

Жамактатып кеп таштап,

Жалпысын ырга салайын.

Жол улаган Жолдубай,

Жомогу көп момундай.

Жоргосунун жонун жоорутуп,

Жолдо калган жоругу ай.

Жүгөнүн чечип бош таштап,

Өтүктү жыртып шалпылдап,

«Келатам» дейт лакылдап.

Кана эмесе баянчым,

Баяныңды баштап бер.

Мезгил сызып баратат,

Мемирөөдө элет жер.

Ала күүгүм эскирет,

Акырындап түн келет.

Окуйлу деп дастанды,

Окуучум күтүп телмирет.

Карааны тоодой бел тирек,

Канчалаган тааныш бар.

Айылдын жерин мекендеп,

Аман болсун эми алар.

Белден келген жолочунун,

Белгилүү жалгыз болбосу.

Жакшылык чачып аларга,

Жараткан болсун колдоочу.

***

Адырда жүргөн аркардын

Ак май эти толо элек.

Жааны тартып кырлардан,

Жамаке мерген өтө элек.

Курбуда жүргөн кулжанын

Куу эти азыр толо элек.

Жайылма деген төрдү өрдөп,

Жамаке мерген көчө элек.

***

Сазда жашайт көп өрдөк

Сайроодо жүрөт малыбыз.

Көп эл билет биздерди,

«Көнөчөк» болот айлыбыз.

Көптөгөн журтка тараган

«Көзгө чабаар» дайныбыз.

***

Жолдо такыр тынч албай,

Жорголой бер торпогум.

Улама кепти улаган,

Улана бер жомогум.

Бабалар жолун баяндап,

Баштап айтчы болгонун.

***

Жар боорунда жагалмай,

Жарды учат аралай.

Анда эмесе туугандар,

Агала жоолук таштамай.

Алдынан кыя баспаган,

Айылдан алыс качпаган.

Алгач кепти Көңдөйдөгү,

Адамдардан баштамай.

***

Куу турмуш өзү курусун,

Күйүктүрүп кууп келет.

Куудул абам Кусмидин,

Кубандырып шык себет.

***

Селсебетте иштеген

Секретти төп билген.

Кара сумка асынган,

Кагазынын бетине,

Калкынын аты жазылган,

Катуу сөз чыкпай оозунан,

Нааалыбай туруп бетке айткан,

Налог алып чогулткан,

Ырыстуу Көңдөй уланы,

Ырыма кирип бу дагы,

Кадырбек агам эс алат,

Кадыры анын макталат,

Каадалуу деп аташат.

Далай жылдар өтүптүр,

Дайны чыкпай көчүптүр.

***

Киши барбас аскада,

Кийиктер өттү жар менен.

Кербендер белден көрүнөт,

Кененбай байкем мал менен.

Белестен өттү жылкылар,

Бетегелүү жол менен

Берилип кымбат жашоого,

Бекен байкем мал менен.

***

Чоорчу бала күүлөрүн,

Чолуп тартты капырай.

Арманым көздөн учат ээ,

Ашуу белге жете албай.

Кыякчы бала кыягын,

Кынап чертет капырай.

Чебелендим кудай ай,

Чермиш ташка жете албай.

Чермиш ата ташы ошол,

Сорок Ташта сороёт,

Боюн керип корёт.

Ошол ташка Чермиш ата,

Боюн таштап жөлөнгөн.

Таягы менен ташты уруп,

Аңгеме таштап өткөндөн.

***

Ооз комузда кыз ойнойт

Обонун кагып капырай.

Бүгүн кечке жөө келем,

Бүтөбайлар отурчу,

Бүдүрлүү сазга жете албай.

***

Комузчу бала күүлөрүн

Кошуп чертти капырай.

Котракцияга алдырып,

Кокуйлап турам атым жок.

Кошубай ата отурчу,

Котур Төргө жете албай.

***

Сурнайчы бала сурнайын,

Суктанта тартты капырай.

Сулаган турам жыгылып,

Султанбай жезде отурчу,

Суук Төргө жете албай.

***

Атыгай Колот, Жол Колот

Алдына барып эл конот.

Жаадырап жаз жакындайт,

Жайнаган сонун чак болот.

Айран, жуурат мол болот.

Аларга бүт эл тоёт.

***

Абыш ата өткөн тараша,

Алды жакты карасам.

Эчаакы өткөн баянды,

Эстей албай баратам.

***

Кылымдар боюу өмүр сүрүп

Кымбат жерде жашайбыз.

Көбөйүп барат даңкыбыз,

«Көнөчөк» аттуу айлыбыз.

Күтүрөгөн малыбыз,

Күлгүн чак экен артыбыз.

Көздөн учкан көк жээкти,

Көрөлү деп барабыз.

Көп жерге болгон таанымал,

«Көзгө чабаар» дайныбыз.

***

Жол улаган Жолдубай,

Жомогу көп момундай.

Жоргосун жолдо жоорутуп,

Жолдо калган жоругу ай.

«Өтүгүмү жыртып шалпылдап,

Келатам»– дейт лакылдап.

***

Далай-далай тааныш бар

Аларды бирден сындайын.

Ар бирине ыр арнап,

Азил кылып чыгайын.

Кемчилдик жагын айтпастан,

Жетишкен жактан баштайын.

Кемчилдигин кеп кылсам,

Кейиште болуп калбасын.

Кейитип жанын албасын

Төбөмдөн алып тоо мантек,

Төө басты кылып салбасын.

***

Кемчилдик болот ар жанда

Келген ушул жалганда.

Жазгырып кудай таштаса,

Жаңылыштык ар башта.

Өзүңдү-өзүң сындай жүр,

Жаратканды сыйлай жүр.

Куу пенде өмүр өткөрөт,

Кудайыңды карай жүр.

***

Тааныштарды абайлап,

Сын көз менен карайын.

Кемчилдик жагы бар болсо,

Кеп козгоп андан айтайын.

Билдирбей жымсалдап,

Бирок атын айтпайын.

Жобурата кеп таштап

Жомокту эми баштайын.

***

Дагы бир менин жердешим,

Жакшылык менен жаман да.

Чокчолоңдоп түгөткүр,

Чоң болгонсуп калжактайт.

Казан-аякка киришип,

Карыга калжаң сөз таштайт.

Жанында жүргөн жаштарга,

Жагымсыз жаман кеп салат.

Башында акыл болбосо,

Баштаар иши ушул да.

Телпеңдеген кургур да,

Теңелбейли эми ушуга.

***

Күлүк, чобур бир багылды

Күнөстүү жерге байланды.

Чаалыкпастан жем берип,

Чабандес келип таптады.

Чоң жарышка чапканда,

Чобурду күлүк калтырды.

Чобур деген чобур экен,

Чоң чабуулга жарабады.

***

Дагы бир менин таанышым,

Байлыгын айтып мактанат.

Кассага каткан акчасынын,

Кабарын айтып даңктанат.

Жыйган-терген байлыгы,

Өзүнө эле буюрсун.

Ар бирибиз көрөбүз,

Аркалап турмуш буйругун.

***

Аялын коргоп бир агам

Эркектерди кууратат.

Чуу чыгарат ар дайым,

Ар күнүнө үч убак,

Аялы жакшы болсочу,

Кейпи тиги тарбайып,

Чаап жаак болгон түгөткүр,

Чачы куудай агарып.

***

Ар жактагы айылда

Алайган тааныш бар эле

Аял алуу жагынан.

Республика боюнча,

Рекорд койгон башынан.

Далай сонун аялдарды,

Дагдаңдатып айдаган.

Акыры жалгыз картайды,

Билинбей күн өткөрүп,

Бир үйдө жалгыз жашады.

***

Дагы бир тааныш жадатты

Иче берип аракты.

Жаштарды жаш дебеген,

Жарытып кеп билбеген.

Калдайып кары турса да,

Каадасын көзгө илбеген.

Кара ит чыгып эшиктен,

Ак ит кирип тешиктен.

Эч нерсе келбей колунан,

Элең сөз чыккан оозунан.

А деле кемпай кургурум,

Арман күн ошол курусун.

 

***

Дагы-дагы бирөө бар,

Жүргөн жери ызы-чуу.

Ополоң менен тополоң,

Сактай көр кудай ошондон.

***

Белден ашып көрүнбөй,

Беккулу досум кеткенби.

Анын кетеер чагына,

Агылып мезгил жеткенби.

Көнөчөк элдин балдарына,

Билим бердиң айныбай.

Эл-жериңе меенет кылып,

Эмгектендиң бир далай.

Кара көйнөк калкына,

Кайттың бекен таарынбай.

Көңдөй элден кетеериңде,

«Кош бол жерим!» дедиң го,

Өткөн өмүр жыйырма жылың,

Өкүнтүп жүрөк эзди го.

Ак боз атка жүк жүктөп,

Ак Суулук досум кетиптир.

Андай жакшы досторубуз,

Арбын боло бербестир.

«Эр жигиттин бактысын,

Аял ачат»-деди эле.

Ушул улуу ыйык макал

Айтылып келет бүт жерде.

Бээ жетелеп мал айдап,

Беккулу досум кайтканбы.

«Ак Сууга эми келгин»– деп,

Ага тагдыр айтканбы.

Адамдын жакшы, жаманы

Кеткенден кийин айтылат.

Жакшы жандын артында,

Жагым чачып жарык калат.

Көңдөйлүк урпагыңдын,

Көп жылы калдың эсинде.

Аман-эсен узак жаша,

Ак –Суунун ыйык элинде.

Көнөчөк элди унутпай,

Сала жүргөн эсиңе.

***

Бордунун өскөн ышкыны

Божур-божур кеп салат.

Болуштун Тыным уланы,

Бордудан кетип баратат.

Белдин өскөн ышкыны,

Бежиреп шыбыш таратат.

Бектин уулу Жамаке,

Белде шашып баратат.

***

Бул өмүрдө не калат?

Көркөмү көздү суктанткан,

Көөнөрбөс ырдай уланган,

Улары үнүн улаган,

Укмуш күүнү чубаган,

Аркары Ат- Жайлоодо,

Аралап өтүп чубаган.

Көздөн учуп сагынткан,

Көөнөрбөс Көңдөй жер калат,

«Көзгө чабаар» эл калат.

Бул дүйнөдө не калат?

Жигердүү келип башынан,

Жигиттери ат чапкан,

Калыс жүрүп башынан,

Карысы каада сактаган,

Жашырбай ички сырларын,

Жаштары сылык башынан.

Эли келет эмгекчил,

Эрте-кечи талбаган.

Көздөн учуп сагынткан,

Көөнөрбөс Көңдөй эл калат.

Ой, Көөнөрбөс Көңдөй эл калат.

Белден ары көрүнгөн,

Берилип жерин урматтаган.

Бел кылып туугандыкты,

Бекем салтты улаган.

Бектер кетип, бел калат,

Бетеге кетип бел калат,

Берешен жана бай келген,

Беш энеден жылдыз жанган,

Беккул деген эл калат.

Беккулу ата тараткан,

Ой, берешен пейпил эл калат.

Бул дүйнөдө не калат?

Айдыңы алыс угулган,

Ала-сала жулунган,

Агыны күчтүү суу калат.

Жашарткан чөптүн тамырын,

Жакшысы болуп ааламдын,

Жайдын күнү агылган,

Жаап жаткан жаан калат.

Шашып өтүп тынч албас,

Шайыр-шаттуу тынчыбас,

Шагылдуу тоодо шуулдаган,

Күчүнө келип алганда,

Күнү-түнү дуулдаган,

Шамал калат зуулдаган.

Көзүнөт от көрүнүп,

Көргөн адам кубанган.

Күүлү маалы уланган,

Күмүш нуру чубалган,

Жакшылык жеңип жаманды,

Жаңылык каптап ааламды,

Күнүмдүк турмуш унутулуп,

Күн менен жылган ай калат.

Агылган ушул жашоодо,

Андан башка не калат.



Агала тоонун башынан

Ай нур чачып кайкыган.

Алтын нур жерге төгүлсө,

Агылжым төрлөр жаркыган.

Жашарткан чөптүн тамырын,

Жакшысы болуп ааламдын.

Жашоо деген бир укмуш,

Жаңылыгы көп замандын.

Адамдар айтып түгөткүс,

Акындар жазган ыр калат.

Абалтадан келаткан,

Андан башка не калат.

Ой, андан башка не калат.

***

Айылдаш менин таанышым,

Адамдын тапса айыбын.

Районго теминет,

«Акимге барып айтам» дейт,

Аким тааныш немедей,

Уята жок кенедей,

Батыл сүйлөп барк этет,

Байкушум ай, эмне дейт.

***

Анан да бир таанышымын,

Коюу жатат өрүштө.

Жылкысы жатат жылгада,

Эчкиси жүрөт кырларда

Короосуна кирген мал

Казанга кайнап жоголот

Артынан чыккан бок болот.

Ээси болсо, ал малын

Эч убакта таба албайт,

Бокко айланган ошол мал,

Ээсине кантип кайрылат.

***

Да бир агам башынан

Аялды далай айдаган.

Айлап тапкан айлыгын,

Аракка жумшап хайлаган.

Боз улан болуп кыз тандайт,

Бойдоктуктун айынан

Уялбайт окшойт ал кургур,

Боз кыроо болгон чачынан.

Боз бултук жеңем жыргатмак,

Бек кармаса башынан.

Чыт курсак балдар ойномок,

Чымылдашып кашынан.

***

Бир теңтуштун оозунан

Кыяпат сөздөр чубурган.

Андай сөз айтпай калганда,

Башы айланып ооруган.

Кыяпат айтуу жагынан,

Кыйланы артка таштаган.

Кыңылдап сүйлөп жатканда,

Кыялы учат кап-кайда.


«Кыяпатчы аке» деп,

Келиндери тергешет.

Кербези чыгып айлына.

Сөзү жаман каапырдын,

Оозурак сасык жыттанган.

Жолобой алыс качалы,

Жолу жаман андайдан.

***

Дагы бирөө бар эле

Сөзүн сүйлөйт аялдын.

Ушак-айың кеп таштайт,

Жоругу мүшкүл жамандын.

Аял эмес, эркек эмес,

Андайлар жүрөт арада,

Жаралат тура ар адам,

Жараткан ушул жалганда.

***

Дагы бирөө бежиреп,

Уялбай мактайт аялын.

«Укмуштуу болуп кетти» деп,

Учуруп жүрөт балдарын.

Аялы жүрөт кашында,

Оңдуу оокат кыла албай.

Опур-топур балдары,

Он коюн жакшы бага албай.

«Кокуйлап» жүрөт таба албай,

Кой жоготуп чалдары.

***

Туруп-туруп да бирөө

Өзүн-өзү мактаса,

Өзгөлөр угуп уялат.

Качан калат экен аа,

Кайран гана бул адат.

***

Жаманды-жаман дейт экен

Жакшыны жакшы дейт экен.

Жамандан жаман кеп калат,

Айыпка батып катүгүн,

Айың ушак таралат.

Жатындаштар аны угуп,

Башын жерден ала албайт,

Башкаларча баса албайт,

Бөтөндөрдөн корунуп,

Бөдөнөдөй жашынат.

Жакшыдан-жакшы кеп кетет

Жакындар угуп демденет.

«Азамат эр болчу» деп,

Айлы бүтүн шерденет.

***

Дагы бирөө чемпион,

Ушак айтуу жагынан.

Атагы чыккан башынан,

Аялды артка таштаган.

Айлы болот ызы-чуу,

Ал ушактын айынан.

Эркек туруп катүгүн,


Элине катын атанган.

Кебин сүйлөйт зайбынын,

Кейпи бузук андайдын.

Жүргөн жери чаң-тополоң

Жүз кара шакмардын.

***

Көзү каткан дүйнөдөн,

Кул бий болду.

Аңыраңдап «Жашоо» деп,

Ач көзддүгүн койбоду.

Өлүк дүйнө дегенди,

Үйүнө жыйып салыптыр.

Учугун чубап оокаттын,

Укмуштуудай байыптыр.

Ал бий болуп жүргөндө,

Курган журт куурады.

Жанаша жүрүп жакырлык,

Жоксуздук белин тушады.

Тойгуза албай курсагын,

Жакырлар өтө көп болду.

Капасы жок кымпыйып,

Бий дүнөйсү төп болду.

Эл башкарса ошол кул,

Эси дарты дүйнөдө.

Анткени анын оокаттан,

Көзү катып калганда.

Ошонусу арман да.

Жакшы бийидин жышааны,

Дүйнө жыйбас шумкарлыгы.

Биримдик журт деген,

Бирге болот эл менен.

Калыс карап баарысын,

Камдуу болот бий деген.

Эл жерине бел болуп,

Эли даңктуу бий менен.

Ушундай оор жашоодо,

Эли бийин бел тутат.

Бийи элди башкарып,

Алга сүрөп баратат.

Кул бий болгондо,

Эли самсып кыйналат.

Күчөп азап тозогу,

Күндө кайгы аралайт.

***

Аялына ээ боло албаган

Акаев чыкты арадан,

Катынын тилин алып,

Калың журтту бащкарган.


Далайга запкы көрсөттү,

Көр оокаттын айынан.

«Алтын жана доллар»– деп,

Ооналактап кайсалаган.

Баласы хулиган баштанган

Бакиев чыгып эл башкарган.

Кулдар элди башкарса,


Куу жыгач болот бул заман.

***

Түн ортосу болгондо

Атасы чырды баштады.

Мурду канап аялы,

Ач кыйкырык ташталды.

Балдары жүрөт буркурп,

Кыздары ыйлайт чуркурап.

Үй-бүлөсүн түнкүсүн,

Көчөгө айдайт командир.

Андайлардан алыс жүр,

Адатың менен жерге кир.

Үйүнөн чыгып көчөлөшүп,

Эртеси дагы ызы-чуу,

Ажырашуу башталат,

Аялы качып төркүнүнө.

Айлап, жылдап көп жатат,

Качан калаар экен аа

Кайран гана бул адат

Өмүр боюу келатат,

Ажырашып, элдешип,

Айлада жок пенделик.

***

Жылкычы деген агам бар

Жеңелери тамашалайт,

« Көл толкуса, толкуйт го,

Шопур бала толкубайт.

Тоо толкуса, толкуйт го,

Биздин бала толкубайт».

Тоодой элес сактаса,

Тоодой агам бар тура.


Көлдөй болуп жайкалса,

Көлдөй жөлөк бар тура.

Көлдөй элес берсе да,

Көлөй журтта көрүнүп,

Көлдөйүм аман жүрсүнчү.

Тоодой элес берсе да,

Тоолукшуп өмүр сүрсүнчү,

Тоодойум аман жүрсүнчү.

Анан байкем бир кезде

Океан болуп жайкалат,


Май аралаш көбүктөр,

Майда толкун жыбырайт.

Ат тизгинин ал кезде,

Оңой менен тарттырбайт.

Жылдыз чачып сыйлашкан,

Жылкычы агам жан агам.

Мээрим чачкан агамды,

Мекеден да таба албайм.


Агайым кетти ак тоого,

Ак шумкарын көккө агытып.

Аркы адырдан көрүнөт,

Аккула атын алкынтып.


Агамдай болуп мен дагы,

Ак шумкарды көккө агытсам.

Аң улап тоодон келгени,

Ак бозду минип чайкалсам.

Аз өмүрдө бактылуумун,

Агамы жазбай мен тартсам.

***

Ынтымак деген элге жаккан агам бар

Аны сыйлап жакшы көрөм атамдай.

Анда-мында ичкени эле болбосо,

Андан башка күнөөсү жок кыпындай.

***

Калдыр-калдыр-калдыр тоо

Калдыр тоонун өзүнөн

Кабалаңды кайра баштай,

Калдырады таш кулай.

Ийри-ийри-ийри тоо

Ийри Тоонун өзүнөн,

Иймекке сызды сабалай,

Ителги менен жагалмай.

Кайкыдан ары сагалап,

Калың туман аралап,

Кайырмага жаан төктү,

Ит агытып, куш салып,

Ысабек ата шашылып,

Иймекке карай чаап өттү.

***

Тынччылык деген агам бар

Далай жылы мал баккан.

Элине эмгек калтырып,

Эмгеги менен шаңдантып.

Элестүү күндөр ажайып,

Жамандык менен жакшы да,

Көлөй уулун башкарып.

Жаман сөз чыкпай оозунан,

Жакшы карыды балпайып.

Сакадай боюу сары алтын,

Сакалы куудай агарып.

***

Уламадан айтылган,

Уламышы көп дүйнө.

Сыры сыртка айтылбас,

Сырдуу дүйнө, бу дүйнө

Табылбаган жагы көп,

Табышмагы бар дүйнө.

***

Ушунча чатак болуптур

Бир таанышым башынан.

Ажаандыгы кем калбайт,

Ажылдап үргөн сарыдан.

Аябай сонун киши эле,

Ажыраптыр акылдан.

Качып турам жанынан.

Карала уйдай салпылдап

Кара ит кирип оозунан,

Ак ит үрөт ажылдап.


Кандай адам болуп калган,

Катындардай чаңкылдап.


Аракты арбын ишчү эле,

Андан балее жармашканбы.

Акыл-эстен ажырап,

Ажына болуп калганбы.

Догдурлатып алпарсам,

Табылабы айла-амал.

Кагын болуп калыптыр,

Калжак атып кайрадан.

Алжыйт деген ушул го,

Ак чач болгон чагында.

Куну кеткен түгөткө,

Кудай да келбейт жардамга.

***

Ээ ..эй..ээ ..эй…ээ ..ээй…

Ээн жайлоо аралап,

Элкин куштай сабалап,

Эшек минип эпеңдеп,

Эки бала өтө элек.


Ээ…эй…эээй....ээ…ээй…

Өткөөл жолдо бир келип,

Өпөң чычаң теминип,

Өкүрөңдөтө желдирип,

Өгүз менен өпөңдөй,

Эки бала өтө элек.


Ээ…эй…ээээй…

Тай минип алып жарышкан,

Тайгак жолдо ашыккан,

Тайчан балдар өтө элек.


Ээ…эй…эээй…

Элим ашкан узун жол,

Уламадан келаткан,

Узун жолдо үмүт мол.

***

Шыктанткан кары жаштарды,

Шыкыйдын уулу Шыкмамат.

Шыбышын берип үн сала,

Шыгыр айтып баратат.

Жаш баладай табият,


Жабыккан түрүн кайталайт.

Жайылманын төрүн өрдөп,

Жаан сабалай баратат.

***

Кеңеш деген агам бар

Кезикпесем сагына берем элесин.

Элчилеп эстен тана арак ичпейт,

Жаман сүйлөп көңүлдү кирдетпейт.

Өз агам өзүмө жагат башынан,

Аман-эсен жүрө берсин элимде.

Жарыгымды жаман десем башкага,


Жакшы агасын бермек беле ал мага.

Жакшы агасын бере койгон күндө да,

Ал агама окшош болбой жатпайбы.

Анан кантип агам деймин башканы.

***

Акылдуу жердеш бар эле

Азгырылып кетти аракка.

Кылтактан такыр чыга албай,

Жаш башы калды азапка.

Аракты такыр ичпегенде,

Чоң болмок бир жерде.

Калыс жана так иштеп,

Кайрымы тиймек элине.


Арак шайтан азгырык,

Сугунуп жалмап салганда,

Мен калмакмын жашабастан.

Анда силер айтмаксыңар,

«Ал өлгөн деп арактан».

***

Жыргал деген агамы

Жылдыз сымал туу тутам.

Көрүнбөй калсам карааны,

Көздөн учуп сагынткан.

Тамак ашты бөлө жешип,

Таттуу болдук башынан.

Тууган деген ушу экен,

Туу тутуп сыйлашкан

Тагдырга деле ырахмат,

Таалайлуу тууган жараткан.

Эс тутуп сыйлашаар,

Энелешим эгизим.

Көрүнбөс кыйры алыс,

Көлкөйгөн океан, деңизим.

Байкемин даражасы жогору,

«Пошёль кет» деп жемелеген,

Полковниктен төмөнүрөөк,

Какайып честь берген,

Капитандан өйдөрөөк,

Маңыздуу сиңип эмгеги,


Майор чинин алды эле.

Элеси кетип калбастан,

Чоң сыйлыкты алды эле,

Чоңдорго жагын башынан.

Жалыйнасы көп эле,

Жакшылап пара алды эле.

Эсиме келет кайра эле.

Карып калган чагында,

Капалык көрбөй жашасын.

Бу өмүрдүн өзүндө,

Арманы такыр калбасын

Жылкынын казы картасын,

Жылмая күлүп чайнасын.

Конокко барган жеринде,

Урматы сиңип элине


Уча менен жамбаш алсын.

Берекеси төгүлгөн,

Беш бармакка колун салсын.

Жалаң келде жалмасын.

Алдына аш төгүлүп,

Арак, вино жайнасын.

Ырахмат айта кубанып,

Ылжыган мас болсун.

Эң эле көп ичип,

Эс акылын жоготпосун.

Чөнтөгүндө акчасын,

Бир грам да коротпосун,

Алкышын угуп чоочундардын


Ар дайыма кут көрүнүп.

Арасында жүрсүн сыйлардын.

Ак кагазды белендеп,

Калем сап кармап бекемдеп,

Тарыха аты калсын деп

Ушул ырды жазгамын.

Анан кандай кыламын.

Жүзүнөн кетпей кубаныч,

Жүздөгөн жашка ал барсын.

Жылдыздуу адам аталып,

Жыргал байкем жашасын!!!

***

Ай, шум дүйнө, шум дүйнө,

Жомоктору көп дүйнө.

Жоругу жолдо көрүнүп,

Жоболоңдуу бу дүйнө.

Бар дүйнө да жок дүйнө

Шарактап алып токтобой,

Шамал учкан бу дүйнө

Кубулжутуп үн кошкон,

Кубанычы көп дүйнө.

***

Курбудан атты желдирип,

Кушту салаар мүнүшкөр.

Ат таптаган саяпкер

Аргымак жайын түшүнөөр.


Сай-сайдан алып чогулткан,

Санжыраны ким сүрөөр.

Санжыраны сүргөндөй,

Карыңар барбы түшүнөөр?


Таранчыны сойсо да,

Тактап соёр казапчы.

Наар татыбай таң заардан,

Нанды жабаар наабайчы.

Санжыра айтып сайраган,

Жан табылбай калбастыр.

Бабалардын тарыхын,

Унутуп эл салбастыр.

Баскан жолду баяндоо,

Баардык элге бакыттыр.

***

Дагы бир жердеш бар эле

Бырыш кирген бетине.

Карып калган маалы экен,

Калжайып ушул кезинде.

«Эмнеге карып кетти?» деп.

Ал жердешти аягым.

Ал бырыштын ичине,

Бир балакет жашынган.

***

Сөз сүйлөп дайым аялча,

Киришип казан аякка.

Тамакты чектеп ар маалда,

«Чыныдагы май кайда?»

Бул кайсы жердеш тапкылачы,

Атын ылдам айткылачы?


Ушак сүйлөйт кыңылдап,

Башынан жакын чатакка.

Рейтинг@Mail.ru