bannerbannerbanner
полная версияБабалардын Урпагы. 3 китеп

Кадыр Абакиров
Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Өмүрбек иним жок экен.

Бирөө безге сайгансып,

Так секирип чочуп кеткем.

Карандуу ушул инимди,

Жазбай калдым кандайча.

Ушул дагы китеппи

Бул жерден аты чыкпаса.

Ишке белдүү чоң азамат

Иш башы ушул эмгекте.

Жакындарың менен жанашып,

Жашай калгын бу китепте.

Коомдук ишмер, директор педагог, көптөгөн сыйлыктын

ээси Айдаров Усайырга жана анын жолдошу К.Рнын

эл агартуусунун отличниги, К.Рдин эмгек сиңирген

мугалими,Айдарова Батимага

Коп жылдар агартууда иштедиңер

Эл журтка арналып иштериңер.

Адыр ашып ак эмгекте тер төгүп,

Албан жылдар өмүр сүрүп келдиңер.

Ак эмгекти жаратууда зор бакыт,

Чоң ырыскы дал ошонтип табылат.

Өжөр тумуш өргө карай баратып,

Өлбөс эмгек дал ошентип жаралат.

Өлбөй калган адамдын аты калат.

Автовнештрансты жетектеген жетекчи, көптөгөн сыйлактардын ээси Абакиров Жолочуга жана СССРдин, К.Р. дин эл агартуунун отличниги, К.Р. дин эмгек счиңирген мугалими, Эмгек Кызыл Туу. Даңк орденинин жана башка сыйлыктардын ээси Исаева Зуураканга:

Дарак деген бир жерде көгөрүп,

Асманга боюн керип оболоор.

Бири болсо чоң жерде жетекчи,

Бири болсо, өмүр боюу директор.

Ээрчишип эгиз козудай келдиңер,

Өтөөр далай билинбей мезгилдер.

Агылып өмүр өтүп кеткенде,

Ак эмгекти эли журту эстешеер.

Иним Абакиров Кумарга

Адамдагы талант деген,

Баардык жанга ыйгарылбайт.

Өнөрү бар улуу адамдар,

Өргө карай тынбай кадамдайт

Талантыңы бекем сактап,

Талаага аны таштаба

Чагармачылык жолуң менен

Чыгасың бийик аскага.

КЛАСТАШ КУРБУМ БАКТЫБЕККЕ

Бала кезде Бакыны,

«Куркук» деп атап алганбыз.

Ал кезде шайыр шат элек,

Айдыңдуу ойноок чагыбыз.

Азыр болсо абышкабыз,

Ал убактар кайра келбеер.

Купшуңдап куудул сөз айтып,

Куркугум аман жашай бер.

Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу

Касымбек абам менен Бурул апама

Апам айтат: -Биздин бала эле,-деп,

Абам айтат:-Мага бала болгон,-деп,

Даам татыдым экөөнүн тең колунан.

Дайындуу күндөр дайым кетпей оюман.

Мен жөнүндө жакшы кебин айтышса

Мемиреген мезгил өттү карматпай

Мен силерди чыгарбаймын эсимден,

Мээрим чачкан энем менен атамдай.

Асек иниме

Өмүр боюу эмгектенди

Агартуу илим тармагында.

Анын асыл эмгеги

Жомоктолуп баарында

Бирге ойноп бир жүрчүбүз

Оромпой тээп жүгүрүп.

Балалык бир керемет,

Бакыт чачкан сүйүнтүп.

Жада калса ачууну,

Биригип алып ишчү элек,

Таба албай үйүбүздү,

Темтелеңдеп келчү элек.

Анан мезгил өтүптүр

Көздү ачып-жумганча.

Кара мурут ак болуп,

Карып кеттик кандайча?

СССР дин жана Кыргыз Рес-ынын Жогорку Советинин

депутаты

Бүткүл союздук жаштар сыйлыгынын лауреаты

жана көптөгөн сыйлыктардын ээси

Кожокен уулу Куттубекке

Кыраан бүркүт канаттарын кайкытып,

Кырлуу тоодон улуу эрдикти жаратат.

Ал эрдикти, аңгемелейт эл-жери,

Аска-зоолор жаңырык коштоп баратат.

Ал даңктуунун жасап өткөн эрдигин,

Арадагы баардык куштар жасашпайт.

Катаалдыктан от жүрөгү коркпогон,

Каармандыкты ала жүрүп коштогон.

Кайкып учкан кыраан гана жаратат.

Эл ичинде уу-дуу кептер айтылып,

Эрдик даңкы кылымдарды аралайт.

***

Агам Абвлгазы уулу Жапаска

Жылдар өтсө келатасыз эсимде,

Агаларым сапар жолдо эскерилип.

Адам болуу чындыгында өтө оор,

Алдыга кадам шилтеп телчигип.

Чоң бакыт жакшы адам болуу да,

Башкалар суктанып сизди караган.

Айкөл болгон жашоо деген бир келет

Жөнөкөйлүк жан дүйнөдө уюуп калган.

***

Турдубай уулу Сатарга

Бир жолу жолуктум Сатарга

Жаштыгы ойт берет өңүндө.

Калыс токтоо карап баардыгына,

Каадалуу сөздөр сүйлөмүндө.

Өңү дагы картайбастан жаш экен

Баардыгы эле баягыдай бала экен.

Жан дүйнөсү жакшы адам карыбайт,

Оңой менен карылыкка алдырбайт.

Беккулу атанын атактуу уулу, милициянын генерал майору

Аалиев Чыныбекке арналган жоктоо ыр

Тоңдо Темир-Канатта бүт дубанга белгилүү Беккулу атанын тукумунан таралган Аалиев Тукеш деген белгилүү адам жашады. Ал жаштайынан билимге берилип китепти көп окуп, эл менен бирге болуп, өтө билимдүү адам эле. Кийин жогорку окуу жайын бүткөрүп, райондун ар кандай чарбалык жана партиялык ишинде иштеп элдин алкоосуна ээ болгон касиеттүү адам болгон. Кудай бергениненби ал он баланын атасы болду. Анын балдары дагы өзүндөй тарбиялуу, парасаттуу болуп чоңойду. Уландары бойго жетип, биринен сала бири аким, мер жана өлкөбүздүн ар кандай жооптуу иштеринде иштеп журт башкарып, калктын терең кадырлоосуна ээ болот. Ошол уландарынын ичинен Аалиев Чыныбек деген өтө тың баласы бар эле. Ал милициялык окуу жайын эң жакшы деген баалар менен бүткөрүп, өлкөбүздүн ички иштер кызматында иштеп жүрдү. Ишин өтө так бүткөрүп, баардык жумушта эң жакшы иштеген, өз өлкөсүн берилип сүйгөн жигит эле. Жакшы иштегендиктен кызматынан бат эле жогорулап жатты. Оомал төкмөл дүйнө ошол учурда өлкөбүздө рекеттер, өлкөнү тоноочулар, карапайым адамдардын байлыгын тартып алуучулар, жана башка терс иштерди иштеген коркунучтуу топтор чыга баштады. Аларга коомдун да алы келбей турду. Ушулар менен күрөшүү органдардын иши болуп калды. Ошол терс күчтөр менен бетме-бет тирешүүдө Чыныбек тике маңдай чыгып, далай мен-менсиген адамдарды кармап аларды өз жайына отургузуп, өлкөнү терс күчтөрдөн арылтууну үстүндө жүрүп, көптөгөн адамдардын алкооуна ээ болду. Ал Пишкек шаарынын милиция органын жетекчиси болуп далай жумуштарды аткарды. Шаар толук терс күчтөрдө тазалангандай болду. Бирок канкор өч алуучулар аны машинасында кетип баратканда жок кылышты. Бүтүндөй өлкө баатыр уулунан айрылып кайгыга батты. Баатыр уулдан айрылуу өлкө үчүн оор жоготуу болду. Тагдыр экен анын бир туугандары жараткандын жазмышына көнүп, айласыздан жоктоп калышты. Анын эмгеги бааланып, милициянын генералы деген чоң наамга жетип далай сыйлыктары бар эле. Тоң районунун милиция бөлүмү ушул жигиттин наамына аталып калды. Артында аны жоктотпой балдары калды. Ушундай өлкөнүн тынчтыгына өмүрүн арнаган жигиттин эрдиги үчүн Эл Баатыры деген ардактуу наамды берип койсо деле аздык кылбас эле. Балким ал үмүт деле акталып калаар. Тирүү адамдар үчүн ийгиликтин эрте-кечи жок эмеспи. Адамдар үмүт менен жашайт эмеспи. Эмне болсо дагы баатырдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, артында калган эли аны дайыма эскерип жүрсө болду.

Жетимиш жыл жашаган,

Союуз урап тарады.

Баары кетип туш-тушка,

Башкача болгон замана.

Ар бири узап ар жагына,

Кайыл болуп баарына,

Кыргыз эли өзүнчө,

Жашап калган замана.

Кылымда мындай болобу,

Кыргыз элдин башына.

Жегичтер келип башкарды,

Желип жорткон замана.

Журттун учуп үрөйү,

Алы келбей баарына.

Коңулддан улуп жырткычтар,

Кордук келген замана.

Журттун ичи тынчыбай,

Жутунуп байлар баарына.

Этек-жеңин жыя албай,

Эл бузулган замана.

Эй, замана, замана.

Кузгундар куркулдап,

Добуш салып айланага.

Жулмуңдап тарпты жеп,

Журт бузулган замана.

Жорулар жондо жортуп,

Жоругун салып айланага.

Жулмуң эте кылык жасап,

Журт бузулган замана.

Сагызгандар сайда учуп,

Жоор атка кайра учуп.

Эңшерилип түгөткүр,

Эл бузулган замана.

Акаевдер туйтнуп,

Алтынга карай жутунуп,

Калкка такыр карабай,

Оң таанышын сыйламай,

Улууларыдан кетип акыл эс,

Калк бузулган замана.

Ой, замана, замана.

Автомат кармап колуна,

Адам өлтүргүч жаныңда.

Карабай атат баатырын,

Калк бузулган замана.

Айланада коргооч жок,

Акмактар чыгып алдыга.

Алы кетип жетекчилер,

Алжып калган замана.

Бакиевдер баш боло албай,

Эл намызын коргой албай.

Журт байлыгын сактай албай,

Жулунуп ар кай жерде,

Жулунгучтар чыккан замана.

Ай, замана, замана.

Кокуйлатып элди жеп,

Кор болуп калган замана.

Ханы элди башкарбай,

Көзү тойбой алтынга.

Аялы элди жетектеп,

Алжып калган замана.

Ай, замана, замана.

Рекеттер жок кылат,

Суурулуп чыгып алдыга.

Баатырларын жоготуп,

Башы айланган замана.

Байымы кеткен замна.

Маңгурт болуп эркеги,

Макул болот баарына.

Катаал кезге капталып,

Калт-калт эткен токтобой.

Калчылдап турган замана.

Ханы элди башкара албай,

Өлкөдө тартып сакталбай,

Талаага кетип баардыгы,

Таланып калган замана.

Үзөңгү-Кууш, Каркыра,

Белгилүү жерлер жалпыга.

Башка элдин колуна,

Кетип калган замана.

Айлабыз кетти ошондо,

Ай, замана, замана…

Эл деген эл экен,

Эч ким жеңбес чеп экен.

Баардык журтту сактаган,

Баатырлар чыккан замана.

Журт деген журт экен,

Үлгүлүү жагы бек экен.

Калк намызын коргогон,

Кашкөйлөр чыгып ортодон.

Калкты оңдогон замана.

Калдайган калың журтту,

Коргоочу эрлер бар экен.

Өз элине чеп боглгон,

Өлбөстөр чыгып ортодон.

Өлбөс калың эл бар да,

Өргө кетсин замана

Шоораты элге тарамай,

Шоңко атадан Кошубай,

Санжырада улам айтылган,

Сап-сап ыры бир далай.

Санжырасын кошоп келген,

Сабы алтын замана.

Шоңко аталан Ороз менен Кошубай,

Бир атадан экөө жол улай,

Кошубайдан төрт уул бар,

Жаманак, Таңыскожо,

 

Мукамбет, Аалылар.

Аалыдан Тукеш абабыз,

Баянын азыр айтабыз.

Даңктуу уулдар жаралган,

Даңкын элге жаябыз.

Баянды эми баштайбыз,

Биздин Тукеш абабыз.

Жаш чагында билим алган

Такыр тайбай максатынан.

Бала чагында китеп деген,

Түшчү эмес экен колунан.

Көп окуу анын бактысыбы,

Болгондур балким жолунан.

Жаркын назик жан эле,

Турмуш курган жубайы.

Анын сүйкүм элеси,

Ар дайым эсте турбайбы.

Ырыс кени ачылып,

Ынтымактуу жашады.

Он баланы тарбиялап,

Акыл айтып дайыма,

Барчын кылып таптады.

Балдарынын чайын ичпей,

Эрте кеткен арманы.

Багып баарын жетилтти,

Бактысы эле балдары.

Үмүтүн актап эненин,

Баары жакшы чоңойду,

Эл деп согуп жүрөгү,

Эр жетти эңсен чоң жолду.

Тукеш абанын балдары,

Алддыга коюп максатты,

Эрезеге жетип уландар.

Эл башкарып тың чыкты.

Бири иштеп акимиятта,

Бири иштеп мер тарапта.

Дагы бирөө кызматта,

Такыр чоочсун аймакта.

Дагы бири жөнөкөй,

Карапайым кызматта.

Бирок баары жөнөкөй,

Калк кызматын аткарат.

Байлык деп жутунбайт,

Кадырлуу элге алынып,

Калың элин урматтайт.

Аганын белдүү балдары,

Журт жумушун тейледи.

Караан болуп эл башкарып,

Калкына сиңген эмгеги.

Жети бала ичинен,

Тыңы болчу Чыныбек.

Ар дайыма жүрүүчү,

Эл максатын бекемдеп.

Окууну да жакшы бүтүп,

Аркалап журт кызматында.

Калкына сиңип эмгеги,

Карааны чыкты алдыгы.

Карааны күчтүү замана

Органда иштеп жашынан,

Кызматынан көтөрүлдү.

Өз ишин так аткарып

Бар эле укмуш жөндөмү.

Эл ичинде кызмат кылып,

Журтту сүрөп алдыга.

Жаштардан кыраан чыгып,

Жалыны жанган замана.

Сөзү десе сөзү бар,

Иши десе иши бар,

Жалындуу кайрат күч менен

Жаштар өскөн замана.

Жеп ичкич менен алышып,

Эл ичинен жаштар чыкты.

Кээде өмүр, кээде өлүм,

Далайы менен алышты.

Даңазасы кеткен алыска,

Дайны күчтүү замана.

Эл деген жалгыз эмес,

Өмүрүн улайт алдыга.

Баардык журтка бел болуп,

Баатырлар чыккан замана.

Баатырлар чыкса алдыга,

Байып калган замана.

Киши өлтүргүч жаныңда,

Кээде өлүм бет келет.

Душман эгер күчтүү болсо,

Бат эле жеңип кетет.

Киши өлтүргүч адамдар,

Алтынга карай жутунган.

Байлыкка кол сунган.

Эл байлыгын баатырлар,

Коргоого улам умтулган.

Душман деген кан соргуч,

Оңой менен алдырбайт,

Автомат бар колунда,

Ал да катуу кармашат.

Дал ушундай кармашууда,

Оңой менен алдырбады.

Нечендеген жеп ичкичти,

Колу-бутун бек байлады.

Кылт этсе эле өмүр кетет,

Жашоо бүтүп калбайбы.

Өмүр менен коштошуу,

Өкүнүчкө жатпайбы.

Эл менен өмүр сүрүп,

Өлбөстөр жашайт арада,

Өлүмдөн такыр көркпөгон,

Баатыры бар замана.

Тартынган жок Чыныбек,

Канкорлор менен кармашты.

Өмүр жолун аркалап,

Анткен менен тың чыкты.

Калктын сактап тынчтыгын,

Канкорлор менен кармашты.

« Өлсөм өлүп калайын,

Өлүмгө тике барайын.

Элим үчүн, чындык үчүн,

Журтка жанды арнайын».

Коркунуч чоң кармашта,

Душман ага тике барды.

Азап келет бери жылып,

Ажал ага жакындады.

Тартынбас кыраан баатырды,

Канкорлор келип кол салды.

Ажал деген ажал экен,

Азапка өмүр чырмалды.

Куу жыгач деген ажал экен,

Куруп калган замана.

Чыныбек каза болгондо,

Күн бүркөлүп жамгыр жаады.

Эми бир кайра келбейт го

Энелер көзүн жаштады.

Кайың ыйлап, тал ыйлап,

Карган жандын баары ыйлап,

Эмчектеги бала ыйлап,

Алган жары ал ыйлап.

Баатыр уулун жоготуп,

Достор көзүн жаштады.

« Атаке!» деп улам ыйлап,

Алсыз калды балдары.

Өлүм деген өлүм экен,

Кеткен келбейт артына.

Бир уланын жоготуп,

Капага батты замана.

Ак эмгеги кала берди,

Баян болуп артына.

Баардык кезде унутулбас,

Баатыры бар замана.

Жамандыкка баш ийбес,

Жарыгы күчтүү замана.

Биринчи чыккан генерал,

Беккулу ыйык атадан.

Дайны журткңа айтылган,

Даңкы күчтүү замана.

Айланган тоонун бүркүтү,

Абалап учат асманда.

Атагы элге айтылып,

Аты калган замана.

Карарган тоонун шумкары,

Кайрылып учат асманда.

Дайындуу ушул баатырдын

Даңкы калган замана.

Тукеш уулу Чыныбек,

Белгилүү болуп бүт элге.

Атпай журтка айтылып,

Аты калган замана.

Кең пейилдүү эр жигитке,

Генерал деген улуу наамды

Эли сыйлап баласына,

Ыйгарып өткөн замана.

Эли уулун жоготпой,

Чыгарсын атын жалпыга.

«Эрдикте жашап өткөн» деп,

Эскере жүргөн замана.

Баатырын дайым эскерип,

Кыргыз эли аман болсун.

Эл намызын коргогон,

Чыныбектей чеп болгон

Баатырлар чыксын обологон,

Элибиз жылат алдыга,

Чыныбектей баатыр барда,

Аттанып алыс сапарга,

Кыргыз эли жоголбойт.

Журттун даңкы оболойт.

Эл деген эл экен,

Сапары алыс кеткен экен.

Гүлдөй берип замана

Гүлүн чачсын замана.

Оболосун кыргыз жолу,

Ой, замана, замана.

Ой, замана. замана.

***

ЖАШТАР ҮЧҮН ОБОНДУУ ЫРЛАР

Хор

Көңдөй жердин элесине кагылгам,

Ата-бабам көчүп келип жай алган.

Жибитесиң жүрөгүмдүн жалынын,

Жипсиз сага өмүр боюу байлангам.

Кайырма:

Даңктуу кыргыз элибиз,

Темир-Канат жерибиз.

Кан жаныбыз туулган жер,

Канат кага алгалай беребиз.

Айдыңданган далай жерди кыдыргам,

Алыс жакка сапар тартып аттангам.

Бийик болгон тоолоруңа берилип,

Бир өзүңдөн ыйык жерде таппагам.

Кайырма:

Уламалап тарых сүрүп келаткан,

Ураалы, Шоңко, Бүтөбайдай элим бар.

Ата-бабам жазды сенде тарыхын,

Ак жашоодо арылбаган бактым бар.

Кайырма:

Түбөлүккө көңдөй жерин мекендеп,

Ар дайыма аман эсен жашайлы.

Арыбаган калың кыргыз эл менен

Алга карай канат сермей баралы.



ТЕМИР -КАНАТ ТУУЛГАН ЖЕРИМ

Темир Канат турагым,

Терезеде чырагым.

Көңдөй жерим турагым,

Көкүрөктө ынагым.


Өмүрүм өтүп кеткен соң,

Өзүң менен болоюн.

Чынарыңда сайраган,

Чымчыгың болуп коноюн.

Кара-Каман, Чатыр-Таш,

Калкылдап өткөн кайран жаш.


Капарсыз жүргөн каткырып,

Калыптыр күндөр кайрлбас.

Көңдөйдө калган көп мезгил,

Көңүлүмдөн айрылбас.

Улактай ойноп өскөн жерин,

Уул-кызы кантип сагынбас.

Арпа-Тектир, Ат- Жайлоодо,

Атакем малын кайырган.

Төрлөрү кенен кең конуш,


Төрт түлүк малы жайылган.

Балгарттын аккан доошунан,

Байыркы күүлөр жаңырган.

Санаты бүтпөс жаштар өссүн,

Сагынып жүргөн айлымдан.


Темир –Канат турагым,

Терезеде чырагым.

Көңдөй жерим турагым.

Көкүрөктө чырагым.


КӨНӨЧӨКТҮН КОЛ КИТЕП

Көнөчөктүн кол китеп,

Көөнөрбөс жагы мол китеп.

Баястан ата тарыхын,

Баяндаган бул китеп.

Айман ата тарыхын,

Айтып берген бу китеп.

Курумшу ата тарыхын,

Куруп берген бу китеп.

Беккулу элдин кол китеп,

Березеси көп китеп.

Торгой ата тарыхын,

Тоо-талаанын баянынан,

Аян айткан бу китеп.

Канай ата тарыхын,

Качанкынын баянын,

Кайтпастардын аянын,

Кабар кылган кол китеп.

Курумшудан Койсойбос,

Кеп курбасак такыр болбос.

Курумшудан Ураалы,

Көтөрүп чыккан ураанды.

Арт ата, Босток чабышып,

Көзгө чабаар аталды.

Боордо өскөн Боргөтөн,

Боолотуп сөздү түшүргөн,

Укмуштанткан уламыш,

Уккан адам түшүнгөн.

Таабий ата сөзүндө,

Тарыхтын түбү түптөлгөн

Тажабай улам уга берип,

Тамшана келип сүйүнөм.

Сан жылкылуу Атыгай,

Саан жылкы айдап шашылды ай,

Сабалаган жылкыдай,

Санжыраны айтышмай.

Ай туяктуу жылкы ай,

Абалкыдан тартышмай.

Көп жылкылуу Бугубай,

Көнөчөк элдин бугу ай.

Көөнөрбөс жашоо сырынан,

Көп жагы калды айтылбай.

Кайтыш болгон туугандардын,

Кабарын айткан бу китеп.

Жоокерлердин арманы бар,

Жоромолдуу жорго китеп.

Акун ата тарыхын,

Аңыз кылган бу китеп.

Жаштыкты эске салдырган,

Жаңырыгы бар китеп.

Тууганын эстеп ыйлаткан,

Турак жайын сагынткан.

Качанкынын баянын,

Кабар кылып уланткан,

Кабарчы китеп, бу китеп.


Агалардын жоругу

Жылмайтып күлдүргөн.

Кудулдардын арасында,

Кусмидин аба көрүнгөн.

Ойго койбой кеп салып,

Орозо ата бөлүнгөн.

Кубантып киши күлдүрүп

Кубат чачкан кол китеп.

Тешик-Көл, Борду тарапты,

Телмирип улам каранткан,


Арпа Тектир, Ат Жайлоого,

Ат бороюн салдырган.

Бабалардын конушунан,

Баян берген кол китеп.

Түмөнбай ата тарыхын,

Түгөлдөгөн бу китеп.

Акбоздун кунуна,

Алмашылгыс бу китеп.

Көнөчөктүн кол китеп,

Көөнөрбөс жагы мол китеп.

Сөзү сөгүлбөс,

Кеби кемибес.

Айтканы арыбас,

Ак санаасы карыбас.

***

Караандуу айлым Темир-Канатым

Кан жанымда сен айланып турасың.

Кийинки кезде барбай калдым өзүңө,

Кирди чыкты мүшкүл тура бу дүйнө.


Киндик каным таамп каралдым,

.Ой санаамда түбөлүккө жашайсың.

Күндөй болгшон туулган жерим аймагым

Күүгө айланып жүрөгүмдө сен барсың.


Мен сага каттабай калган күндө да,

Медерим деп мени эскере жүргүнүң.

Ырыстуу айлым Темир Канатты,

Ырга айлантып энекемдей сүйчүмүн.


КУРАН


Арбактар чын дүйнөдө,

Өмүр сүрүп жүрүшөтт.

Көзү ачык кээ бир адамдар,

Көрүшөт да сүйлөшөт.


Алыс узап кеткендерди,

Кээ бир кезде эстесек.

Кудуретин баалай жүрөлү,

Куран окуп кез-кезек.


Өмүрдөн өтүп кетебиз,

Өлбөй турган жан барбы.

Биз баарыбыз сезебиз

Бир баштагы арманды



ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИНИН ДИНДЕРИ


Дүйнө элдеринде эң белгилүү диндери жана алардын ар биринин ыйык китептери бар. Кээ бир диндин ыйык чыгармасы катары бир канча китептер окулат.

Байыркы кыргыздар Теңирчилик динине сыйынышка. Алар бир жерден экинчи жерге көчүп жүоүшкөн. Теңирчилик дана бул жаратылыш болуп эсептелет. Алар: тоого, сууга, жылдызга, айга жана башка жаратылыштын элементтери болгон. Бир четинен бул деле туура болгон. Жаратылыштан ыйык эмне бар. Бул 5- 12 кылымдардын айланасы болуш керек. Айрымдары шаманизм динине да сыйынышкан. Бирок Теңирчилик дининде китеп болгон эмес сыйынуу ооз эки түрүндө жүргүзүлгөн. Ар бир динде китеп болсо ал муундан-муунга кала берип адамдар ошол китепти окуп сыйынышат. Кийинчереек будпарас ( Буддизм) динине кирип кетишкен. Бул 5- 10 кылымдар болуш керек.

Эң кеңири тараган китептер, каапырлардын Инжил, жүйүттөрдүн: Эски осуят жана Жаңы осуяты. Бул китептерди бир канча пайгамбарлар жазышкан. Алар библия же библиотека, бизче китепкана, «китептер» деген сөздөн келип чыккан. Бул чыгармада бир канча китептерди биириктирип бир китепти түзүшкөн. Ал байыркы грек жана еврей тилинде жазылган. Аны кыргыздар Ыйык китеп деп чыгарып жүрүшөт. Бул китепте санжыра, дастан, ырлар, учкул сөздөр деги эмне деген чыгармалар жок. Аны шашпай окуган адамдын көзү ачылат. Ал эки салаага бөлүнөт. Байркы осуят. Мусулманча- Тоорат китеби. Экинчи китеби Жаңы осуят-Инжил. Дүйнөгө болгон түшүнүгү арбыйт. Айрыкча Соломон же, Сулайман пайгамбардын осуят китеби, ырлары азыркы кезде окумуштуулардын башын катырып кандай акылмандык менен жазылганы ойлондуруп келет.

      Инди элинде «Веда» ал чыгармада «Катха Упанишады» китеби адамды ойлондурган

кереметтүү китептердин бири. Инди элинде «Рамаяна» же «Махабарата» китеби да эң кызыктуу китептерден турат. Ошондой эле Инди элинде өтө ыйык китеби Бхагавад Гитада киетби өтө салмактуу жана олуттуу оорунда турат. Замшуддарда «Авеста» китеби да колдон түшүрбөй окула турган китеп. Анда учкул сөздөр, осуяттар биринин артынан бири келип окуган адамдын жан дүйнөсүн көз карашын кеңейтет. Ал эми чыгышта эң кеңири тараган будда дини да кызыктуу буга көптөгөн элдер кирип, алардын да эң сонун чыгармалары бар. Ошол эле чыгышта Конфуций дини ушул улуу ойчулдун атынан пайда болгон дин.

 

Анын осуяттары, акылман учкул сөздөрү өзүнчө бир керемет.

Биз эми Иисус Христос жөнүндө токтолуп өтөлү. Ал жөнүндө көп сөздөр айтылат. Эгерде динчилерден, тарыхтан анын баянын окуп чыксак анын болумушу төмөндөгүдөй экен. Ал жөнүндө диний китептерде, адабий китептерде көптөгөн баяндар жазылган. Анын энеси Мария Самариялык экен. Палестинада жашаган. Иисустун атасы Пантера деген киши тура. Элде мындай деген имиш болгон. Мария күйөөгө тийгенче жездеси Захарий менен жакындашып, Иисус Христосту төрөгөн имимш. Ал эми христиан дининдегилер айтат кудай Марияга күйөөгө тийбей туруп эле анын боюуна бүтүп, пайгамбарды төрөгөн дейт. Пайгамбар көрүнүктүү дарыгер болгон ал оорулуу адамдарды бат эле айыктырып койгон. Анын колу сокур адамдын көзүнө тийсе эле алы көрүп кеткен. Суунун үстүндө чөкпөй басып жүргөн. А спорт же иога менен машыккан. Ар түрдүү кишини айыктырып, дарыларды жасаган. Ошол касиетине каршы келип диндин өкүлдөрү аны куугунтукташкан. Аны жыгачка мык кагып асып салышкан. Ал иога менен машыккандыктан ал жерден түшүп Тибетке качып кеткен. Анын ошол жакта жүргөнүн документте тарыхта жазылып калган. Анын сүрөтү Тибет монастырында табылган. Анын улуту мурун еврей дешчү, кийин аны грек деп чыгышты. Ал Индияда 15-жыл жашап, Палестинага келген. Ал чебер уста, курулушчу, дарыгер, өтө билимдүү акылман адам болгон. Ал кийин Кашмирде жашаган. 90-жашка чыгып өлгөн деген имиш бар. Ыйык китеп Инжилде жалаң Иисус Христос жөнүндө баян айтылат.

Ушул диндердин ичинен эң кийин жаралган дин же, Мухаммед пайгамбар негиздеген дин бул- Ислам. Ислам дининин китеби Куран болуп эептелет. Куран арабчадан которгондо «окуу» дегенди билдрет. Ал 114- сүрө жана бир канча аяттардан турат. Куран китеби да ыр түрүндө, кыргызча айтканда шыгыр жеңил окула турган ыргак, ыр катары окулуп кете берет. Улуу пайгамбар аны ооз эки жаратып, кийинкилер аны жазма бетине түшүрүшкөн. Куранды тартипке келтирип, сөөктөргө, курма бариктерине, жалпак таштарга, кайыңдын кабыгына жана башка нерселерге жазып сактап калууну ойлошкон. Бул иштерди араб калифалары Абу бекр менен Омар жүргүзгөн. Ал байыркы араб тилинде жазылган. Байыркы араб тили менен азыркы араб тилинин ортосунда чоң айырма бар. Ыйык китеп катары Куранда да ар түркүн окуялар, илимий ойлор, тарых, санжыра, осуят, жүрүм-турум, өлкөнү башкаруу, мыйзам эрежелери деги айтып бүткүс баяндар бар.


Куран-Мухаммед пайгамбарга кудайдын асмандан жиберген жыйнагынан турган мусулмандардын ыйык китеби. Айтып өтпөдүкпү –« эмнени окуса ошону кырааттап айтуу». Куран сүрө деп аталган 114 бапка бөлүнөт. Сүрөлөр аятка бөлүнөт, анда 6226 же

6228 аят бар. Сүрөлөр пайгамбарга жаратканым асмандан түшүрүлгөн. Ал Меккелик жана Мединалык болуп бөлүнөт. Пайгамбар тирүү кезинде оозеки формада колдонгон, же оозеки айтылган. Куранды жарым-жартылай же толук билген көп эле адамдар болгон. Пайгамбар өлгөндөн кийин куран жоголуп кетүү абалында болгон. Ошол үчүн аны жазып калууга аракет кылышкан. Османдын тушунда Куран жазма китеп формасында болот.

Мусулман жерлеринде куранды жатка үйрөнүү аракетине өткөн.

Куран араб жазмасында тарыхый эстелик, креметтүү адабий чыгарма. Куранды окуп түшүнүш үчүн аны окууда даярдыгы, билими болуш керек. Ошондо ал баарын толук түшүнө алат. Куранда эң көп ашык нерселер бар китептин чыгышы турмуш тиричилик шарттардын негизинде болгон. Кээ бир элдер көп кудайга сыйынышкан. Ал эми курандан бир кудайга гана сыйынуунун жолдору жазылган. Жаратканым ал бир кудай. Ал эми арабдардын « Иллах» деген сөзү кудайдын кулу деген маанини билдирет. Жердеги адамдардын баардыгы кудайдын кулу болуп эсептелет. Ал эми Мухаммед пайгамбар Кудайдын жердеги элчиси болуп эсептелет. Кудайдын жердеги элчиси жердеги адамдарды боорукердикке, теңдикке, туугандыкка, бири-бирин кордообого, азаттыкка, ар кандай жаман иштерге барбоого чакырат. Жана ошондой эле Куранда ар кандай заң-закондор элди башкаруу, жүрүм-турум эрежелери баардыгы жазылган. Пайгамбарлар дагы ар кандай кесиптерге ээ болгон. Мухаммед пайгамбар -төөчү, Иисус Христос- дарыгер, Моисей – койчу болгон. Мухаммед пайгамбар куранды чыгарууда башка булактардан алган. Ал төөчү болуп жолго чыккан ошондо, Ыйык Библия китебиндеги сөздөрдү элден көп уккан Курандын аяттары ошол китептеги сөздөрдүн турат. Куранда байыркы уламыштар, икаялар, эселки казалдар,

көөнө баяндар, жүрүм- турум эрежелерлери, өлкөнү башкаруу, Тоорат, Инжилден алынган баяндар бар. Пайгамбар эл аралап, жер көрүп жүрүп ошол баяндарды кулагына сиңирип алган зирек адам болгон. Аларды адам тааныгыстай кылып башкача өзгөртүп алган. Аларга жаңы маани, укмуш көркөмдүк берген. Натыйжалуу насыяттарды, негиздүү осуяттарды, куттуу кулакка угумдуу сөздөрдү иргеп, Алланын гана айтканы деп, өзүнчө көркөм тил, жагымдуу үн менен ички мазмунуна сырткы кыраатын келтире айткан. Алгачкы эргүүдөн жаралган 550 аят абдан чоң ийгиликке жетип, арабдар аны жатка айткан. Пайгамбар курандын маани-мазмунуна өзгөчө көңүл бурган. Эгерде ал кайсыдыр бир жеринен жаңылып, жаратканга шек келтирип алса анын жаны кылыч мизинде турганын өзү да түшүнгөн. Арабдар ал кезде көп кудайларга баш ийген. Алардын жүрүм-турум эрежелери да башкача болуп, ынтымагы жок болгон. Ошол үчүн аларды бир элге, бир журтка, бириктирүүнү пайгамбар ойлонгон. Ошол үчүн жалгыз гана бир Кудайга сыйынууга Мухаммед пайгамбар чакырган. Ошондуктан кандайдыр бир жол менен баардык арабдарды бириктириш үчүн бир ишти ойлоп табуу зарыл экендигин Пайгамбар түшүнгөн.

Ошентип, мурдагы ыйык китептерде, улуу жазмаларда кезикпеген жаңы адабий тексти ойлоп табуу чоң эрдик, кенен акыл эсти, шык-жөндөмдү, көп кыйынчылыктарга, жан-милдетке, өзүн туш кылган. Пайгамбар куранды ойлоп табууда көпкө ойлонгон, ойлорду көңүлүнө аябай түйгөн, үнүн кыраатка келтирип аябай такшалган. Ал куранды жатка айтууга көнүккөн. Эгер желкайып абалында куранды айтпаса ага эч ким көңүл бурмак эмес. Куранды чыгарууда жалгыздап, үңкүрлөргө барып жатка айтып чыгара баштаган. Куранды чыгарууда көлкүп-толкуп, кээде ыйлап, жараткандан жардам тилеп, баян жорго сөз, дастан, ыр кайрыктары жанып, сөздөр бир-бирине өтө уйкаш келип угуп отурган адамдын көңүлүн өзүнө буруп алган. Адамдар аргасыз курандагы ыйык сөздөргө берилип, аргасыз ага баш ийишкен. Пайгамбар бул баянды чыгарууда байыркы арабдын элдик поэзия, ырларына, санжыра сөздөрүнө, уламыштарына, эрдик баяндарына, үрп-адат сөздөрүнө аябай көңүл бурган. Ошондуктан куран китеби укмуш чоң жетишкендикке ээ болгон. Башкача айтканда Куран пайгамбарга желкайып абалында келгендей болгон.

Курандагы эң эле ыйык сүрө 112. Ал болгону 7 гана аяттан турат. Ал бүткүл курандын мазмун-маанисин өз ичине батырат. Фаатиха сүрөсү окулбаса ал куран болбой калат дешет. Бул улуу генийалдуу сүрө.


Айт: « Алла таала бирөө гана,

Ал түбөлүктүү!

Ал төрөбөдү, Өзү да төрөлбөдү

Кудуреттүү, теңдешсиз эч ким Ага!»

Мен аны төмөн жакта да келтирип өтөм. Силерге анын маани-мазмунун айтып берейин. Мусулман баласы куранды окуп жатканда жөн эле окуй бербестен анын маани мазмунун,


баянын, ички сезимин туюп окуса ошондо гана аны даана түшүнөт. Же болбосо, жөн эле окуй берсе, андан эч нерсе түшүнө албайт. Ошол окуган нерсеңен ойлонуп бир нерсени

табышың керек. Ошондо гана анын маанисин сен түшүнгөн болуп ачыла келет же кемелине толот.

Ошондуктан ар бир сүрө, пайгамабардын жан сыры, жан дүйнөсү, ыйманы, чыгармачылык илхамы, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, же жан сүйгөн перзенти. Куран китеби Мухаммед пайгамбардын атагын ай-аалмага чыгарып аны түбөлүк даңкка бөлөдү. Азыркы учурда бул динге 1,5 миллиард адамга жетип, дүнө элдеринин төрттөн бири сыйынат. Бирок бул динге элдерди сыйынтуу оңой болгон жок. Эчен согуш, алааматтардын аркасында жетти. Арабдар элдерди кылыч мисинин жардамы менен мусулманчылыкка киргизди.

Биз эми ыйык китептерди жазган пайгамбарларга келсек алар ар кандай аталат. Ыйык китептерди өтө билимдүү адамдар жазган. Жалпы эле китеп жазуу ыйык билимди жана көптөгөн окууну талап кылат эмеспи. Андан башка алардын талант илхамы болуш керек да. Дүйнөдө пайгамбарлар арбын алар ар бир элде ар кандай аталат. Мисалы: Абраам-Ыбырайым, Ной-Нух, Лот-Лут, Исаак-Ыскак, Израил-Ысырайыл, Измаил-Исмайыл, Иаков- Жакып, Иосиф- Жусуп, Моисей- Муса, Аарон-Аруун. Иоб- Аюб, Давид- Дауд- Дөөт, Соломон-Сулайман, Илия- Илияс, Иисус-Иса, Идирис- Ыдырыс, Салих- Саалы, Захарий- Закир, Али- Аалы жана башка толуп жаткан көптөрү бар.

Биз эми куран көп тилге которулган деп айтпадыкпы. Ошолордун ичинен Куран орус тилине


да коорулган. СССРде жашаган элдер орус тили аркылуу куран менен таанышкан. Орус тилине 1871 жылы генерал Д.Н. Богуславский которгон. 1878-жылы Г.С. Саблуков которгон. Бул адамдын котормосу 100-жыл кызмат кылган. 1920-1930-жылдары которгон И. Ю. Крачковскийдин котормосу эң негизги оорунду ээлейт. Ал чоң окумуштуу арабист болгон. Аны илимий жеткиликтүү тилде которулганы көрүнүп турат. Ал эми кыргыз тилине ушул кишинин котормосунан алып, акын жана котормочу Э. Турсунов 1991-жылы чыкты. Мындан сырткары араб тили аркылуу бир канча котормолор чыкты. Алар менен кеңири түрдө таанышып окуп чыктык. Бул котормолордон биз куранды арабача шыгыр, уйкаштыгын, көркөмдүгүн жете түшүнбөсөк дагы анын маани-мазмунун түшүнгөндөй болдук.

Совет убагында куран китеби окулмак түгүл куран дагы унутулуп бараткан. Биз кийин айылга барып иштеп калганда, айылда куран окуган адам калбай калган абалга жеткен. Биздин тегеректен атам окуур эле. Ал кишини чакырып куран окутушкан.

Ал эми куранда көп жакшы нерселер бар экенин биз кийин гана түшүндүк. Биздин айылга эл жана мыкты азаматтарыбыз жардамы менен мечит салынды. Эл ислам динин бел тутуп, куран окуп, өздөрүнүн жашоосун жакшы улантып жатат. Жаштарыбыз намаз окуп ар кандай жаман нерселерге барбай ыйман-адеп деп өмүр сүрүп, жакшылыкка бел байлоого өтүп жатышат. Мунун өзү бизден мурун Касиеттүү жараткан жана Биз адамдар сүйүнө турган эң сонун нерсе экенин баарыбыз түшүнүп жана бел байлап турабыз. Биздин ар бирибиз Жараткан бар десек анда, Жакшылык бар деген болобуз. Жакшылыктан үмүт эткен адам баарынан үмүт этет деп ойлойбуз. Ал адам эч убакта жаманчылыкка барбайт. Баардыгы жакшы адамдар ойлогондой болот. Темир-Канат айлында же, Беккулу атанын айлында аз эле адам жашайт. Көптөрү жашоо турмуш үчүн башка жактарга көчүп кетип жатышат. Антпесе, болбой калгандай. Ошол жактан иштеп жанын багууга туура келип жатат. Улам карылар азайып, жаштарыбыз өсүүдө. Айлыбыз ошол жаштарга бел байлайт. Бизден кийинки иштерди ошолор иштеп бүткөрөт деп турабыз. Демек айлыбызда жашаган баардык адамдарыбыз, жаштарыбыз баарысы. баардыгы аман-эсен болуп, биз сыйынган Жаратканымдын өзү колдоп, алар Ыйык Куранды окуп андан жакшы таалимдерди алып, эл үчүн кызмат кылып, өздөрүнүн жашоосун уланта берүүсүн каалап, Ыйык Куран жөнүндө сөзүбүздү аяктап, эми кантип куран окуш керек ошол баянга өтөлү.


КУРАН ОКУУНУ ҮЙРӨНӨМ ДЕГЕНДЕР ҮЧҮН


Ассалому алейкум, азиз Инсан!

Ауузу биллахи минаш шайтоон ир-ражиим.

Бисмиллах ир-Рахмаан ир рахиим!

Алхамду лиллаахи раббиль ааламиин.


Ар-рахман ир-рахиим. Маалики иаумид-диин.


Ииякки на буду ва иияка настаин.

Ихдинас-сираатал мустаакиима,

Сираатал-лазиина ан-аита алэхим,

Гарил магзууби алейхим ва лад-дааин.

Кул-ху –аллааху ахадь,

Алла хус-самадь,


Лам иалид ва лам иуулад, 3-жолу

Ва лам иакул-лаху куфухан ахадь

Субхааана раббика раббиль

Иззати ьамма ясыфуун.

Ба салоомун алал мурсалиин

балхамду ли-ллаахи лиллаахи раббиль ьааламин.

Оомийин!


Кыргызча мааниси

Эң кайрымдуу, ырайымдуу Алланын ысымына

Даңаза мүлдө ааламды Жаратканга!

Боорукер мээрбанга!

Өкүмдары-кыямат-сурак күндүн!


Өзүңө табынабыз, жардам сурап жалынабыз!

Рейтинг@Mail.ru