bannerbannerbanner
полная версияБабалардын Урпагы. 3 китеп

Кадыр Абакиров
Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Туура жолго баштагын, каарыңан сактагын,

Адашкандын багытында аздырбай,

Жолуна сал кут-береке алгандын.

Айт: «Алла таала бирөө гана.

Ал түбөлүктүү!

Ал төрөлбөдү, Өзү да төрөлбөдү,

Кудуреттүү, теңдешсиз эч ким Ага!»

Жогорудагы окулган сүрөнү, жаратканым асмандан эки жолу түшүргөн экен. Ошол үчүн ал ыйык сүрө болуп эсептелет. Башкача айтканда бул улуу сүрө Ыйык Курандын Энеси же баардык Курандын маанисин түзүп турат. Бул сүрөнү «Фаатиха» сүрөсү деп да аташат. Аны бир күндө канчалык окусаңыз ошончолук сага ырахат берет дешет. Бул « Улуу Сөз» же адамдардын келечегине кайрат берген «Улуу Баян» болуп эсептелет. Бул сүрө болгону кыска жети гана аяттан турат. Ошол жети аят «Ыйык курандын» баардык маанисин элестетип тургансыйт.

Кыргыздын ай аттары

Бирдин айы. Он сегизинчи январда кыш чилдеси түшөт. Кырк күндөн кийин он сегизинчи февралда гана кетет. Бул убак кыштын кыраан чилдеси болот. Аны тогуз тогол айы деп аташат. Жалган куран. Эликтин эркегин куран дейт. Жети тогол деп аташат.

Чын куран. Беш тогол айы деп да аташат. Бул айда мусулмандардын Нооруз майрамы болот.

Бугу үч тогол деп да аташат.

Кулжа. Бир тогол деп да аташат.

Теке. Жайдын жеткен узун күнү болот. Аны 23-тогол деп да аташат.

Баш оона. Кээ бир жерлерде 21-тогол деп да аташат.

Аяк оона. Он сегизинчи августа кырк күнгө созулган кыш чилдеси чыгат.

Тогуздун айы. 23-сентябрда күн менен түн теңелет.

Жетинин айы.

Бештин айы.

Үчтүн айы.

Жер секундасына 30-км же мүнөтүнө 1800км ылдамдык менен 365 күн 6 саата күндү айланып чыгат. 22-июнь эң узак, 22-декабрь эң кыска күн 21март, 23 сентябрь күн менен түндүн теңелген маалы болот.

Ыйык пирлер кайсылар

Имам Мазам- соодагер пири

Жер Эне-кара жердин пири.

Кыргыз Ата-кыргыз эилинин пири.

Умай Эне-аялзаттын жана наристенин пири.

Калкаман-элдин пири.

Элеман-Журттун пири.

Малабай-малдын пири.

Адам Ата-адамзаттын пири.

Кыдыр Ата – адамды колдоочунун пири.

Секелек кыз, Асан Шайыр- акылдын, акындын, ырчынын пири.

Зулайка Жусуп- сүйүүнүн пири.

Ак тайлак- шамандыктын ликтин пири.

Камбаркан- күү -обондун пири.

Баба Дыйкан- дыйкандын пири.

Улукман-табыпчылыктын пири.

Кырк Чилтен-жоокерчиликтин пири.

Очок Эне-оттун пири.

Шайы Баба-акылдын пири.

Тастар Ата-тоонун пири.

Күлдүр Ата-чагылгандын пири.

Дөөтү Ата- устанын пири.

Үркөр Ата-жылдыздын пири.

Жел кайык-шамалдын пири.

Бай Терек-теректин, дарактын пири.

Аяз Ата-сууктун пири.

Жез Тырмак-кара ниеттин пири.

Кырдач-сууктун пири.

Кайберен- кийиктин пири.

Дөөтү куш-бакыттын пири.

Шаймеден-жигиттин пири.

Заңги Ата-уйдун пири.

Ак Мүйүз-топоздун пири.

Чие Ата-чычкандын пири.

Кумайык –иттин пири.

Чолпон Ата-койдун пири.

Камбар Ата-жылкынын пири.

Ойсул Ата-төөнүн пири.

Шыйпаң Ата-эчкинин пири.

Какчеке-чүкө оюндун пири.

Алп кара куш-алгыр куштун пири.

Коросон Ата-эмчиликтин пири.

Дулдул, желмаян-күлүктүн пири.

Ак Бугу-темирдин, намыстын пири.

Бүбү Батма-казан аяк, үй жумушунун пири.

Кара чаян- курттун пири.

Черте Баян-чегирткенин пири.

Куман Баян- кумурсканын пири.

Солтон Мерген-суурдун пири.

Жоламан-жолдун пири.

Ордо Кыз-оюндун пири.

Куланчы-аңчылыктын пири.

Жырткычтын пири-жабыр.

Көкө Теңир-асмандын пири.

Дөөтү Ата-устанын пири.

КҮЛҮКТӨР

Жылкынын күлүгү-тулпар.

Күчтүүсү-дулдул.

Уйдун күлүгү-шүүдүңкүт.

1

Чычкан (муш)

1924

1936

1948

1960

1972

1984

1996

2008

2

Уй (бахар)

1925

1937

1949

1961

1973

1985

1997

2009

3

Барс (жолборс)

1926

1938

1950

1962

1974

1986

1998

2010

4

Коён (табылган)

1927

1939

1951

1963

1975

1987

1999

2011

5

Улуу (балык) ажидаар

1928

1940

1952

1964

1976

1988

2000

2012

6

Жылан (мар)

1929

1941

1953

1965

1977

1989

2001

2013

7

Жылкы (алп)

1930

1942

1954

1966

1978

1990

2002

2014

8

Кой ( госпанд)

1931

1943

1955

1967

1979

1991

2003

2015

9

Мечин ( маймыл)

1932

1944

1956

1968

1980

1992

2004

2016

10

Тоок (кук)

1933

1945

1957

1969

1981

1993

2005

2017

11

Ит ( сак)

1934

1946

1958

1970

1982

1994

2006

2018

12

Доңуз ( кара кийик)

1935

1947

1959

1971

1983

1995

2007

2019

Төөнүн күлүгү-Желмаян.

Байыркы салтты ардактай билели.

ЖАНЫБАРЛАР КАНЧА ЖЫЛ ЖАШАЙТ.

Жарганат-20, жылкы-35, уй- 23, тыйын чычкан- 7, кой- 14, коён-9, ит- 20, пил- 80, бүркүт- 100, маймыл-40, төө-35, мышык- 35, сөөлжан-15, бугу-20, аюу-50, жолборс-50, үкү-60, төө куш-60, майда балыктар-5, осетр-70, щука-100, кирпи-10 жыл, чиркей -1-2 күн, крокодил-80- 100, шимпанзе 20, горилла-50, тоту куш- 8, кептер 13 жыл жашайт.

ЖЫЛ СҮРҮҮ

Ар бир он эки жылдан кийин мүчөл жыл болот.

Биринчи мүчөл жыл 13-жашта.

1-13

2-25

3-37

4-49

5-62 дагы ушул сыяктуу болот.

АЙ ЭСЕБИ

Кыргыз эли айларды он экиге бөлгөн

Кыргызда Орустарда

1.Жалган куран Январь Куран деп эликтин текесин айтат.

2. Чын куран Февраль

3. Бугу Март

4. Кулжа Апрель

5. Теке Май

6. Башоона Июнь

7. Аяк оона Июль

8. Тогуздун айы Августь

9. Жетинин айы Сентябрь

10. Бештин айы Октябрь

11.Үчтүн айы Ноябрь

12. Бирдин айы Декабрь

БАЙЫРКЫ ЗАМАНДАРДА

(УЛАМЫШ)

Касиеттүү ата-бабабыз өскөн Тешик Көл жайлоосу. Батыштагы тоолордон түзөңдү карай жайлоонун тентек жели закымдап согуп турат. Бул жерге токумдай эле булут пайда болсо, жаан жаап анан ачылып кетмейи бар. Ылдыйда соккон желге бетин чыбырчыктатып кош көл жатат. Көлдүн айланасында суу куштары ак чардактар кайкып учуп, суучулдуктар жээк мене закымдап канат сабайт. Эки көл жер алды аркылуу биригип, эңкейиштей агып Ийри Сууга, Ийри Суу Балгартка келип куят. Анан айтылуу буркан-шаркан түшкөн Нарын дарыясы.

Биз топ балдар сөзмөр карыяны тегеректеп отурабыз. Аксакал биздин ата-бабабыздын санжырасын жакшы билет эмеспи. Анын оозунан чыккан алтын сөздү тыңшап эле угуп тургуң келет. Узак жашка барган карыя далаты таяп калса да, ары демдүү, ары акылдуу айтканы эби менен китептин сөздөрүндөй ширелүү чыгып, уккан жанды эргитет. Биз чачыбызды тасырайта алдырган чыт курсак балдар анын оозунан чыккан кереметтүү баянды тыңшайбыз. Карыя бизди бүркүттүкүндөй көздөрү менен бир карап алды да:– Ой, жумарымбектер, шымыңар шыпырылып калмай болду, мен өткөн бабалардын санжырасын айтып берейин. Бул уламаны жигит курагымда уккан элем,-деди үнүн бир аз жайлата. Биз анын оозунан чыккан сөздөрдү тыңшоодобуз. Карыя санжырасын баштады: – Адыр менен түзөңдөрдө шамал ойноп, жылгаларда түлкү жойлоп, күн токтобой айланып, пендеге билинбей замандан заман оошту. Ошол байыркы-байыркы мурунку өткөн кылымдарда кыргыз элине, жерине кыжылдаган калмактар сес көрсөтүп үстөмдүгүн салып турду. Ошентип Алсейит ата Мүйүздүү энеге үйлөндү. Мүйүздүү эне Жамангул, Бапа деген уулдарды төрөдү. Ошол заманда Жамангул атанын Бөрү деген досу болгон. Элдин биримдигин каалаган Бөрү чечен ары өлүмдөн коркпос баатыр эле деп айтылат. Ал колго түшүп кетип он жылдай калмактарга көз каранды болгон аны менен кошо башка кыргыздар да көз каранды болуп турду. Ошол учурда калмактардын тайшысы Бөрүнүн айлына келет. Анын урматына айылда чоң той жана күрөш ойну башталды. Күрөш ойнун калмактар жогору баалашчу. Мелдешке кыргыздар тараптан Бөрү баатыр түшүп калат. Элди башкарган тайшы Бөрүгө: – Бөрү балбан, сен баатыр болсоң биздин калмак баатырын жыгып бер, жыкпасаң өмүр боюу бизде көз каранды болуп жүрөсүң, эгерде жыксаң бобул кыргыздар менен өз ата-конушуңа кете бер,– дейт.

– Акылман тайшы айткан сөзүңө турасыңбы?– дейт Бөрү баатыр.

–Турам, оозуман чыккан сөз ант,– дейт тайшы көңүлдөнө.

Ошол мелдеште Бөрү баатыр жеңишке жетишет. Калмак тайшысынын убадасы боюнча Бөрү же ал жердеги кыргыздар баары эркиндик алып бошонот. Бөрү кыргыздар менен көлгө карай көчүп жөнөйт. Көлгө келсе эч ким жок, калмактардын да алы кетип өз жерине көчө качып жаткан экен. Ансыз деле калмактардын күчү кетип, алар чыгышка карй сүрүлөт. Бул кезде бийлик талашып, ич ара согушуп жаткан болчу. Түштүккө кеткен кыргыздар кайра өз жерине келип отурукташа баштайт. Алсыз кыргыздар кокондук ханга көз каранды болуп калды. Ошондо кокондуктар ак үйгө үй-бүлөсү менен билимдүү киши жибергиле, бул жерден силер менен болгон карым-катнаш алаканы жөнгө салып турсун дешет. Анан бугу уруусу Жамангулдун баласы Төрөкочкорду аялы менен Кокондук хандын ак эшигине кызматчы кылып жиберилет. Төрөкөчкор ишке берилген, өз элин сүйгөн, баатыр сымал мусулман дининин жөрөлгөсүн жакшы билген адам эле. Ошол сапатын туугандары туура баалап аны аялы менен алыска жиберүүнү ыйлайык табышты. Анын аялы белсемдүү баатырдын кызы болуп, өңдүү-түстүү маңдайы жарык жаркылдаган ургаачы болчу. Төрөкөчкор менен жан дүйнөсү бир болуп, булар башынан туура табышкан ынак курбулардан эле. Аты Токтоайым болчу. Бирок жыл айланбай ак өргөөдө жүргөн Төрөкочкор атага уу берилип жок кылынды. Токтоайымды ак сарайдагы бирөө алмак болуп жаман алаамат башталат. Токтоайым эненин боюнда бала калган эле. Эне аман-эесн төрөйт. Атанын керези боюнча балага Сейит деген ат коюлат. Анткени атанын Сейит деген досу болгон экен. Эне «Тулпардын туягын аман-эсен туулган жерине жеткирсем»– деп кудайдан аябай тилеп санаага батат. Бугу уруусундагы адамдар да Кокон хандыгына барып, баатырдын жарын жана баласын алып келүүнү басса-турса ойлонушат. Белектин тукуму Акүчү деген атка чак, тайга жеңил баатыр атактуу дубанга белгилүү Желжетпес деген күлүктү минип атадан калган жалгыз тукумду куржуна салып Теңир Тоого алып келиптир. Баланын Сейит аты өчүп куржунда келгендиктен эл аны Куржун деп атап калыптыр. Куржун ата алты балалуу болгон. Анын улуу баласы Торгой эле. Ал беш эркек үч кыздуу болот. Торгой атанын улуу баласы Беккулу болчу. Санжыраны айтып жаткан кары жөтөлүп, бир азга тыным алып анан алтын сөзүн улантып кирди. Беккулу жаш чагында суукка урунуп оорулуу болуп анан оңолуп кетти. Ал үч аял алып, бирок балалуу болбой жүрдү. Улуусу Ак келин, ортончусу Сулуу келин, ал эми кичүүсү Наз келин деп аташкан. Аларды ошол өңү түсүнө карап аташкан. Баарысы тең акыл эстүү болуп, сырткы кебете- кешпири жагынан жаратканым эчтекени аяган эмес экен. Бирок аларга кудай этегинен айтпай бир дагы тукум бербей койбодубу. Ургаачынын тукумсуз болушу өзүнчө эле кордук эмеспи. Беккуулу Белек баатырдын тукумдары менен алыш-бериш алакка түзүп жүрдү. Таалайга жараша аларды Белек тукуму да жакшы көрчү.

 

Уланып күндөр өтүп жатты. Тукум жоктугу атанын да капалантты. Ал өзүнүн капасын бир күнү кичүү иниси Майназарга айтты: – Иним, канча кылса да бир жатындан чыкпадыкпы. Короомдө толгон кой, адырда үйүр-үйүр жылкым бар. Бирок аларга ким ээлик кылат. Аны багаар балам жок, жоо алка-жакадан алып турганда душманга, тууганга сес көрсөтүп, камчы үйрөөр тукумум жок кор болот экенсиң,– деп арманы түтөп турду. Ошондо агасынын айтканын Майназар иниси угуп арманданды. Беккулу кайраттанып чыңалды. Бирок Майназар ары ойлонду, бери ойлонуп:-Үч аялы бар агам «Атаке» деп айтаар тукумсуз калабы, кой алдынан бак айткан ылайыктуу ургаачы издейин деп, эки жактан акмалап, айылдан айыл аралап, агасына төп келген жар издей баштады. Ошентип Беккулунун иниси Майназар тапкан Жумгалдык саяк уруусунан чыккан Кургакчүкөндүн ак жуумал бетинен нур ойногон татынакай кызы Кутбүбүгө үйлөнөт. Ал ары акылман, адамдын жан дүйнөсүн терең байкаган ургаачы эле. Беккулу ата дагы бир ургаачыга үйлөнгөнүнө кубанбай ушул алган жарымдан балалуу болсом экен деп, үмүтү астыга умтулуп, жылдыз болуп жанып учуп турду.

Анын мингенге басыгы жеңил чабдар аты бар эле. Ошол жаныбарды минип Чалкашка айгырынын үйрүн көрүп келейин деп, Ак Кыяны аралап, Көк Кыяга сапар кетип баратты. Анын санаасы алдыга учуп, жылкы издебей эле балалуу болсом экен деп жараткандан бала издеп бараткандай болду. Тоодон ылдый түшүп, түзөңдөгү байтак жол менен кетип баратты. Ички дүйнөсү эңги-деңги болуп кетип баратты. Көп өтпөй айланасынан ыйлаган баланын үнү чыккандай болду. «Бул эмне мага угулган жаңырыкпы» деп эки жакты карады. Күн төбөдө тийип, айланада жайдак жер. Бала көрүнбөйт. Тараптан шыңгыр добуш чыгып анан кулундун ичке доошу созула берип жаңырды. Ал эки жакты суктана карады, Анан дагы кулагына бир эне коңур үн менен бешик ырын ырдап жаткандай туюлду. Атчан адам жанаарак:– «Баланын үнү чыкты эле, эми кулундун үнү жаңырып, кайра бешик ыры ырдалды» деди. Жакын жерде эч кандай кыймыл байкалбайт. Атчан бараткан адам таң калды. Көп өтпөй абада шаңшыган куштун сүрдүү үнү жаңырды. Адам Көкө Теңирди таң кала карап калды. Ободо эч кандай куш карааны жок эле. Бирин-экин чымын чиркейлер, көпөлөктөр калкылдап учуп жүрөт. Кетип бараткан чабдар атчан «айланадан баланын, кулундун жана куштун сүрдүү үнү кулагыма угулду» деди. Ал алды жакты карады. Тээ береги алда кайдан түтөктөн каза болгон Жыргалбайдын күмбөзүнөн бери бир ак боз атчан киши келатканын көрдү. Чабдар атчан киши аны карап ойлонуп калды. Издеп жүргөн жылкылары эстен чыгып кетти. Көп өтпөй ак боз атчан алды жагынан чыга келди. «Мага кандайча ылдам эле жете келди жана эле тиги кырда эмес беле» деп таңданды. Ак боз атчан киши жакындап келатты. Ат үстүндөгү адам улгайган карыя экен. Далай жашка барса да, тың күүлү элести берет. Алдында мингени бул жердин жылкыларына окшободу. Чабдар атчан Камбар ата тукумуна өтө сынчы аяр адам эле. Канча кылса да көнуп-көчүп жүргөн тоолуктун баласы эмеспи. Жылкы жаныбарга ынак малсаак болуп өстү. Буттарынын сөөгү жазы келип, алты ай басса арыбас, он күндүк жолго чыкса чарчабас сыяктанып, жамбаш жагы кенен келип, жарыктыктын жал куйругу күнгө күмүштөнүп төгүлүп турат. Анан дагы бир укмушу ак боз аттын чекесинде карарган тагы көрүнүп турат. Жаныбарды көпкө карап калды. «Бул мал кайсы жердики. Биздин чөлкөмдө мындай тулпар жок эле го, калмактар тараптан мындай малды көргөн эмесмин. Кебетеси түштүк тараптан оошуп келсе керек. Адамдын көңүлүн өзүнө тартып турган тулпар экен,-деди. Бул жаныбар тоо кайып менен суу кайыптан жалгашкан мал экен. Араптардын таза кандуу аргымактары ушундай болчу эле го» деп ойлонду. «Өткөн жылы коңгуроолуу кербенчилерди коргоп келген сакалчан кара баатырдын аты ушундай ыргыштап турчу эмес беле». Ак боз атты минген карыя жакындай берди. Беккулу карыяны берилүү менен карап калды. Абышканын сакалы куудай ак бирок өңүндө түгөнбөгөн кайраттын элеси төгүлүп турат. Сыйды акылман экени сезилип турат. Карыя биздин адамга жакындады. Биздин адам атынын тизгинин тартып өзү биринчи салам узатты:

– Атсаламалекум ата, келаткан жолуңуз байсалдуу болсун!

– Алекума салам балам, сени менен бир болсун!– Карыя бир азга Беккулунун жан дүйнөсүн теше тиктеп калды да,– Балам жок издегениң өңүңдөн билинип турат. Буюрса сенин үйүңдө да шаттыктын үнү жаңырат,– деп жан чөнтөгүнөн үч саканы алып берди. Беккулу ыраазы болуп:

– Ырахмат ата жакшылыгыңды өмүр боюу унутпаймын,– деп аны алкай ичинен жакшы карыя экен,– деди.

Беккулу атынан түшүп канжыгасындагы улактын терисинен жасалган кол чаначтагы кымызды ат үстүндөгү карыяга сунду. Карыя чаначты жеңил гана алып кымызды кылкылдата жутуп, кол чаначты кайра ээсине берди.

– Балам өмүрүң болсо баары болот «Оомийин каалаганыңы ыйык теңирим берсин» деп бата жолдоду да,– Кой, мен жолдон калбай кетейин – деп акбозду камчыланып закымдай жөнөй баратты.

Биздин киши «мага бул карыя эмне үчүн үч сака берди бешти же онду деле бербейт беле»– деп ойлонду. Ошондо анын кулагына «Ушунчага эле ыраазы бол!» деген жаңырык жаңырды. Ал артына бурулуп карыяны карады. Атчан адам ашып-шашып кетип бараткансыйт. Токтой турган түрү жок. Жердин шарын айланып чыкчудай. Чөнтөгүндөгү сакаларын көргүсү келип турду. Алып көрдү. «Тоодо жүргөн кайберендин чоң чүкөлөрү экен. Жакшы сака болот балалуу болум калсам ошолор ойносун»– деп кайра чөнтөгүнө салып койду. Анын эсине чүкө ойногон балалыгы келди. «Бирок кайсы балам ойнойт»– деп санаага батты. Ошондо кулагына үн жаңырды. «Капаланып келечегиңен үмүт үзбө!»– деген доош келип турду. Ал бурулуп азыркы атчанды карагысы келди. Артын акмаласа алиги карыядан дайын жок. Артында өзү кеткен талаа созулуп жатат. Талаа бетинде агарып жалгыз аяк жол созулуп жатат. Ак боз атчан мейкин талаанын четине чыга калгандай болгон жок эле го, кайда сиңип кетти,-деп биздин адам таң калды.

Чабдар атчан кетип баратат. Келечеги бүдөмүктөнүп, көңүлү чөгүңкү болду. «Үч аял алдым, Бала жок, уям тунжурайбы».

Акыры ал кайтып үйүнө келди. Ал улуу байбичеси Ак келиндин өргөөсүнө бурулуп, көңүлсүз чабдар аттан түшүп, жол жүрүп чарчаган окшойт чепкенин айкарасынан жамынып жата кетти. Анын башына « Жаш курагым да өр таянып баратат баласыз өтөмбү» деген ой калкылдап туруп алды.

Аба салкындап, күндүзгү жылуулук качып, алыскы тарап тынчтыкка даярданат. Күн батканга камынып, улуу тоолор көлөкө жамынып, жайлоого кеч келатты. Жайытка кеткен мал түнөгүнө кайтып жаткан. Ак келин бир абысыны менен бээни саап бүткөн. Жылкылар дүбүрт таштап оттогуна кетип жаткан. Үйгө кирип ак келин Беккулуга кайрылды:

– Күүгүи кирип келатат, байым, кечинде төшөк жамынып жатчу эмес. Баса бүгүн кайда барып келдиң?

– Чалкашканын үйрүн көрүп келдим. Андан башка жок издеп келатам. Жогум табылган жок,– Ак келин сөздүн маанисине түшүнгөн жок.

– Жолдон бирөөнө жолуктум.

– Ал ким экен. Эмне деди?

– Эчтеке деген деле жок. Үч сака берди,– Беккулу чүкөлөрдү аялына сунду. Ак келин таң кала сакаларды алды: – Кебетеси тоо кийигинин чүкөлөрү окшойт, чоңдугуна караганда,– деди Беккулу.

– Жакшы аппак чүкөлөр экен. Улгайган киши сага жаш баладай чүкө бергенин карасаң,– деп Ак келин каткырып күлүп калды. – Илгери үмүт менен балалуу болсок ошолор ойносун,– дегени го. Тактанын астындагы чүкө салынган тулупту алып, сакаларды ошого кошуп койду.

Ошентип жылдыздар чыгып акырындык менен түн көшүлөт. Ошол түнү Буккулу ата түш көрдү. Түшүндө үйүнө карай үч кыраан куш канат кагып учуп келатты. Аны ээрчип жайнаган топ куштар Беккулунун бөз үйүнүн үстүнө уя салып мекендеп киришти. Куштарга Беккулу ата өз колу менен жем берип жатат. Эртеси бул түштү «көз тиеби» деп эч кимге айткан жок. Жакшы аян берген түштү көпкө чейин эстеп жүрүштү. Ошондон көп өтпөй акыркы алган жары жаратканымдын буйругу менен ыйык эне Кутбүбү: Курумшу, Бүтөбөй, Шоңко деген үч бала төрөдү.

Ошол үч бала бой керип чоңойду. Анын уландары көлдүн айланасын мекендеп кыргыздын кыйрын аралады. Бир адамдын тукумунан көптөгөн түтүн булап укум-тукуму уланып жатты. Атанын урпактары Тоң Районундагы Темир Канат жана Большевик айлындагы калкты түзүп турат. Андан башка көптөгөн жерлерде бар. Темир Канат айлы бүтүндөй Беккулу атанын тукумдары. Бул элдин айлы Курумшу, Ураалы, Бүтөбай, Шоңко деген тукумдарынан таралган. Касиеттүү Темир Канатты Беккулу айлы деп койсо да болот.

Баятан бери санжыра айтып жаткан карыя чарчап калган окшойт бир азга эс алып, анан сөзүн улады:

– Баягы Беккулу атага жолдон жолуккан Боз атчан киши бакыт даарыган Кыдыралейсалам эле. Ал баардык эле кишиге жолуга барбайт. Сейрек гана адамдарга жолугат. Ага кезиккен адамдын бактысы ачылып, тукуму уланып кетет. Атага Кыдыралейсалам жолукпаса туяксыз болуп калат беле ким билет. Анда биздин бул дүйнөгө келишибиз арсар болот болчу. Ырас ал атабыз Кыдыр алесаламга жолугуп жаратканым жалгап анын тукумдары көбөйбөдүбү. Ал эми тарыхта тукумсуз өтүп унутулган пенделер ааламда арбын эле эмеспи. Атанын боз үйүнө келип конгон үч куш: Курумшу, Бүтөбай, Шоңко уландары эле. Бул баян улама болсо дагы турмуш менен айкалышкан чындыгы бар болуп жатат. Ушу аңыз санжыраны мен атамдан уккам. Атам өз атасынан уккан экен. Биздин жети атабыз ушул улама санжырада унутулбай айтылып келатат. Ушул баян кеп биздин түпкү атабыздын санжырасынын бир бүркүмү гана. Ал эми кийинки жолукканда калган уламаны айтып берем деп асыл карыя сөзүн аяктады. Санжырачы баянын бүтсө да биз тунжурап ойго батып калдык. Байыркы аталарызбыздын санжырасын угуу биз үчүн канчалык кубаныч, канчалык таалай. Алар биздин көз алдыбызга тирилип келгендей болду.

Күн ачык. Алыстан аба термелип закым жасайт. Ыйык күн өз сапарын улап кетип баратат. Айланада чыккан суурдун үнү болбосо тарап тынч. Ободо бир бүркүт үн салып чыгышка карай канат сермеп токтобой учуп баратат. Кыраан учуп канат сермеп, баатырдыкты көрсөтпөсө, ал жашай албай калат. Ата бабабыз өскөн касиеттүү Тешик Көл акырын көбүк чачып жайкалат. Жел менен жаралган тармал толкундар жээкке карай тынымсыз келип- кетип турат. Бул жер ошол санжырада айтылган биздин бабаларыбыздын ыйык турагы

***

Асмандап учкан ылаачын,

Жетөө экен көз салсам.

Жете албай келген өмүрдө,

Жети атам тура санасам.

Көктө учкан шумкардын,

Жетөө тең чыкты карасам.

Жеткис жылдыз өңдөнгөн,

Жети атам экен байкасам.

***

Жети шумкар сабалап,

Учуп өттү бийиктен.

«Жетим уул»– деп аташат,

Жети атаңды билбесең.

Кыяда өскөн карагай,

Кыяр жан кетти кыя албай.

Жети атамды билейин,

Жетим уул деп аталбай.

Дүңгүрөмөдө карагай,

Дүйнөкор кетти кыя албай.

Жети атамды билейин,

Жетим чоркок аталбай.

БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ СӨЗ

Илгери мен айылым жөнүндө бир нерсе жазайын деген бир дагы оюм жок болчу. Мурун ыр, аңгеме, сатиралык чыгармаларды жаза коюп жүрчүмүн. Анан айылдан Балыкчыга барып жашап калдым. Бир күнү Балыкчыдан Төрт-Күлдүн кашатына түшүп калып, Шамалдай байкеге жолуктум. Ал киши айтып калды:

–Сен матириалис, Шайыксың, жазганыңын баары матриал-деди.

Мен унчуккан жокмун. «Жөн эле айтып жатса керек»– деген ойго келдим. Ага бирдеме десем да, дебесем да, эч нерсе чыкпасын билип турам. Анын айткан сөзүн өз ичимен тыянак чыгарбасам болбой калаарын билип эле турам. Мен көп адамдардын айтканына анча маани бербей алардын оюн өз ичимен тыянак чыгарууга небак эле көнүп калгам. Эгер ал киши мага ушундай сөз айтпаса бул китеп жазылбай эле калат болчу. Анда мен башка нерсеге алаксып кетмекмин. Андан кийин бул сөздү унута алган жокмун. «Айылда жүрсөм да жөн койбойт, эми бул жакка келсем дагы ар кандай сөздү айтат»– деп ойлондум. Айылда жүргөндө мен кимди жамандап, материалдап иштен түшүртүптүрмүн. Же болбосо, ким менен урушуптурмун. Же кимдин ишин алып кызматка турайын дептирмин. Ошол ой мага тынчтык берген жок. Ойлонуп-ойлонуп отуруп, «кой буларды баарын чогу санжыра кылып жазайын, мен баары бир булар үчүн матрийалис экем го»– деген ойго келдим. Же бир жолу булар үчүн матириалис аталайын дедим. Ошентип санжыраларды карап отуруп, жазууга кириштим. Адегенде оңой болгон жок. Эмнеден баштап, эмнеден бүтүрүүнү билбей жаттым. Санжыра китептерди жана көптөгөн чыгармаларды окуп отуруп анан жаза баштадым. Баардыгы 4-китеп болду. Үчөө толук бүттү. Бирөө калды. Аны камынсам бат эле бүткөрүүгө болот. Экөө кара сөз, экөө ыр түрүндө кетет. Анан эмне кылмак элем. Ата-бабалардын жолун, алардын баскан изин унутуп таштасак, кудай бизди жакшы көрөбү? Бул китептер тээ береги эле 1990-жылдары толук жазылып бүтүп калган. Андан бери жомокторго, башка жазгандарга алышып отуруп, буларга кол тийбей жүргөн эле. Жакында ошолорду бир сыйра карап, айрым жерлерин оңдоп чыктым. Алчусун алып, кошчу жерлерине коштум. Ошол мурунку жылдары кол машинка менен басып айрым адамдарга берген элем. Жердештерим ал китептерди окушуптур. Ырахмат. Айрым адамдар кээ бир ырларды жатка айтып берди. Бул китепте кимдин кандай жазылганын айтып жатышты. Мен турмушта болгонун-болгондой эле жаздым. Кимдир бирөөн жамандайын деген ниетим такыр болбойт. Анча-мынча юмор аралашты. Ансыз кызыксыз болуп калган жатпайбы.Туулган жер жөнүндө жазыш керек Анын ойдуң-кырларын ырга салуу парз. Ата-бабалардын баянын ырга салып кетпесек болбой калган жатпайбы. Биздин өткөн өмүр баяныбыз ошол жазылган ырлардан ачылат. Канчалык көбүрөөк окуп, көбүрөөк эмгектенсек ошончолук жакшы болот. Ар бир ырдан өткөндөрдүн элеси биздин көз алдыбызга кайкып келип-кетип тургандай болсун. Биз ошол элестерден өткөн күнүбүздүн баянын көрүп тургандай бололу. Көзү өтөп кеткен биздин жакын адамдарыбыз биз менен кошо жашап жаткандай болсун. Ошондо биздин эскерме китеп баяныбыздын көркү чыгат. Ар бир адам санжыра китепти окубай койсо деле болот. Бирок өткөн ата-бабаларыбыздын баянын жети атасынын баянын билбей кандайдыр бир маңкурттук абалда калган болот. Ошол үчүн ар-бир адам кандай деңгеелде болбосун ата-бабаларынын баянын окууга аракет кылат. Жаштарга эч нерсе эмес, ал эми бобу улгайып бараткандар кандайдыр бир түрдө сөзсүз кызыгат. Ансыз деле биздин айыл бир атадан тараптыр ошол жагы кызык болуп жатпайбы. Ошол үчүн Беккулу атанын ар бир тукуму кайра эле санжырага кайрылып келип туруп алат. Эгерде бир жерде жашагандар ар кандай кыргыз урууларынан болсо, анда бир жөн. Аларга жети атасынын же андан аркы ата-тегин жөн салды билип койсо болот. Көрүнгөн жерде менин жети атам мындай десе болду алар кутулат. Алардын баянына эч ким деле кызыкпайт. Болгону кайдан тараганын билип койсо болду. Сөз аяктайт. Ал эми биздики алардан айырмаланып башкача болуп жатпайбы. Беккулу атанын айлы бир кутучада жаткан өзүнчө бир жагымдуу күү чыгарган музыкалык инстурумент. Ошол үчүн алар кайра эле баягы жети атасын, алардын келген баянына жана ар бир адамдын тарыхына кайрылып туруп алат. Башка жактан келген адамдарга ушул айыл бир атадан тарагандар десек, алар таң калат. «Кантип эле ошондой болсун» деп. Биз аларга ата-бабаларыбыздын санжырасын сүрүп берсек. Алар бизди сыймыктуу карап калышат. «Бир жерде болуп, бир атадан таралган бактылуу жандар турбайсыңарбы» деп бизди бактылуулук менен карашат. Мына ушул жагы баарыбызга айтып бүткүс керемет.

 

Мен эки китепти ыр түрүндө жазгам. Ыр чыгармачылыктын мырзасы, эгер жакшы жазылса. Аны окуган адамдын жан дүнөсү кеңип, учкан куштай алдыга сызып канат кагып жүрүп отурат. Кийин бир топ убакыт өткөндө ал чыгарманы кайра окуп, өткөндү эскергиси келет. Кээ бир жакшы жазылган кереметтүү саптар анын эсинде калат. Туулган жердин баяны, ар бир адамдын баяны ыр түрүндө жазылганы кандай сонун. Аны жазуу өзүнчө бир тозок. Ал үчүн көп окуп, көп эмгектенүү керек. Ар бир адамдын образын эки куплет ырга салып берүү бир топ эле кыйындыкка жатат. Ал эми калган эки китепти кийин окуйбуз. Ал китепте Ырыскан, Долон бийдин жана башкалардын кыскача баяндары биздин айылган келген Түмөнбай, Абадан, Ураалы аталардын баяны кара сөз түрүндө берилип жүрүп отурат. Буюрса анда баарыныкы жазылган. Кара сөз чыгармасы ырга караганда түшүнүктүрөөк болот. Анда ар бир баян сөз түрүндө айтылып, узап жүрүп отурат.

Бизден мурунку бабалардын баянын окуу дагы бир өзүнчө керемет. Бир гана арман ошолордун баянын толугураак билбей калдык. Санжыра айткан карылардан жакшы укпай калыптырбыз. Бирок бизде негизги деталдары бар аларды алыбыздын келишинче киргиздик. Эми санжыра ар кандай болот. Кошуучу жери кошпоочу жери болот. Ар бир чыгарманын тарбиялык, реалисттик мааниси болуш керек. Тарбиялык мааниси болбосо кандай болот. Ошол жагы менен биздин кийинки муундарыбызга пайда келтирет. Жана дагы жаштарыбыз ошол санжыра баяндарды окуп өздөрүнүн түшүнүгүн кеңейтсин. Турмуштун жакшы жагына барсын, жаманчылыктан такыр эле качсын. Башка элди көрсүн, алардын жакшы жагын өзүнө алып, жаманына жолобосун. Биз айтпасак дагы жашоонун образы, илими ошондой эмеспи. Алар өздөрүнүн турмушун жакшы өткөрүү менен жакыр туугандарына жардам берип, алардын кыйынчылыктан кутултуп кеткенине кол кабыш кылсын. Ошондо туугандыктын да, жашоонун да жакшы жактары чечилет.

Ким-кимден келип чыкканын билбей, тамак жеп, курсагын тойгузуп жашап жүрүү өзүчө бир маңкурттуктун чыныгы образы болуп эсептелет. Ал ошол санжыра китепти окуп эле койбой, ал китептен адамкерчиликти, жакшылыкты, ата –бабаларынын жакшы элесин коргөндөй болсун. Ошолорду көрүп, жашоого кайраттанып, жакшы жашап, биздин элди сүйүп, бир атадан таралганыбызды сезип, туугандык ымалага келсин. Жогоркуларды аткарбаса да, эл ичинде жакшы эмгектенип башкалардын алдында кор болбой жашасын. Азар баарыбыз бир айылда жашабай калдык турмуштун огуна тушугуп, жаштарыбыз ар кайда кетип жатат. Антпесек болбойт, алар ошол жерге барып, тыйын-тыпыр таап жашоолорун жакшы жагына бурбаса болбой калды. Ошол алыскы биз көрбөгөн жерде жети атасын, байыркы аталарынын тарыхын жакшы билип, алардын арбагына сыйынып, куран окуп, өздөрүнүн жашоосун жакшы өткөрүп, аман-эсендикте жүрүүгө аракет кылсын.

Биздин айыл улам-улам өсүп, кийинки жаштардан азамат уландарыбыз чыгып келатат. Алар өздөрүнүн эле намызын коргобостон жалпы айлыбыздын кадыр-баркын көтөрүп элдин алкоосуна татыктуу болууда. Ылайым эле ошондой болсун. Алардын эл алдына чыкканы, биздин алдыга чыкканыбыз. Баягынын тукму, же уруусунан чыккан улан ушинтип өсүп жатат деген сөздү уксак гана. Ошол ар –бирибиздин сыймыгыбыз болуп эсептелет. Ылайым эле ошондой болуп, башка журттун алдында биздин кадыр-баркыбыз өсө берсе гана. Айта турган дагы бир жакшы окуя болуп өттү. Мына даңазалуу Ысабек атанын тукуму болгон Шайлоо инибиз жалпы эл менен бирдикте, касиеттүү Беккулу атанын 350-жылдыгын чоң шаани менен өткөрдү. Ал дагы биз үчүн жалпы эле көл айланасындагы журт үчүн зор кубаныч болуп эсептелет. Ошондой эле эзели салынбаган Ыйык Мечит курулуптур. Бул дагы болсо, биздин айыл үчүн жакшы нерсе. Журтубуз мусулманчылыктын жакшы жактарын даңазалап, жаштарыбызды жаман жоруктан сактап калат. Бул демилгени өткөрүүдө таланттуу агабыз Мусажан байкенин дагы чоң салымы бар экени айтпасак да сезилип турат. Ал байыркы ата бабанын өнөрүндө эң сонун ажайыптуу эстеликти орнотуптур. Ушул эле сонун эстеликтен байыркы биздин ата бабаларыбыздын эң сонун элеси чагылып турат. Айлыбыздын ар бир адамы өзүнүн колунан келишинче ушундай жаңылыктарды жарата берсе ал жеке адамдын ийгилиги эмес баарыбыздын ийгилигибиз экенин түшүнүүгө убакыт келди. Жердештерибиздин сүрөтүн чогултушуптур. Ар бир адам өзүнчө санжыра, жомок. Анын өмүр баяны бир китеп. Демек алар жөнүндө бир унутулбас баян жазып, аны жалпылап чогултулган каражат менен чыгарса да болот. Ошондо ал ыйык эстелик кийинки муунга таберик сыяктуу кала бериши ыктымал. Кандай жашадык, жер үстүнө эмне эстелик калтырдык? Аны баалоо кудайдын бир иши. Эмне эмгек калтырганыңды айланаңдагы адам билет, ал билбесе кудай билет деген ыйык кеп бар эмеспи. Ошондой эле бир адамдын аты, ысмы бир сап ырда же, бир сүйлөмдө эскерилип кетсе кандай кубаныч.

Дагы бир айта турган жакшы иш бул Муратбек агабыздын ыр жана санжыра жазылган китеби болуп эсептелет. Анда ыйык Беккулу атанын үч уулунун таралышын жазып бериптир бул дагы жакшы ийгилик болуп эсептелет. Улгайгандар ошентип өздөрүнүн колунан келишинче иштерин иштеп кетсин, калганын кийинки жаштарыбыз улантып алышаар. Анткени бизге караганда кийинки муунадырыбыз бизден да мыкты, билимдүү, тарбиялуу болот эмеспи. Биздин келечегибиз, кубанычыбыз ошолор болуп жатпайбы. Биз улай албаган нерселерди ошолор улаган жатпайбы. Биз ошолорго таянабыз. Алар биздин келечек-күнүбүз болуп эсептелет.

Менин эч кандай филологиялык же журналистик билимим болгон эмес. Адамдар жазуучу же акын болуш үчүн билим алышат экен. Мен андай билим ала алган жокмун. Филолог болгум келген тилекке каршы ал факултетке өтө алган жокмун ал окуу жайына өтұш үчүн эки миң сом пара төлөп өтчү бизде андай акча болгон эмес. Атам болгон 20 сом пенсия алчу, кантип ал окуу жайына өтмөк элем. Мен тескери геофакка өтүп калдым бул окуу жайынан окугум келген жок. Эптеп өзүмү күчкө салып айылга келиптир» дегенден уялгам. Мен койчунун баласы болгом. Ата-энем агам менен тоодо кой кайтарчубуз. Жай, кыш боюу мал жанынан чыкчу эмесмин. Балалыгымда бир да адабий китеп окуган жокмун. Газета, китеп окугум келчү ашырчубуз. Сыртка кой айдап баратканда кой жайылып оттоп баспай койгонда Дүйшөн байкем мени менен катуу урушчу: « Сен койду жаман кеайтарып, арыктатып, кой баспай жатат» деп ар дайыма урушчу. Анда Жусу байкем айтчу « Муну эмне кыласың, мындай балдар көчөдө бөтөлкө сатып, момпосу жеп жүрөт, койду кайтара албаса да, кой четинде жүрө берсин, карааны болот. Кийин кой кайтартып, койчу кылып ал» дечү.

Рейтинг@Mail.ru