bannerbannerbanner
полная версияБабалардын Урпагы. 3 китеп

Кадыр Абакиров
Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Үй-бүлөсүн сала берет,

Өзүнчө бир азапка

Бул кайсы жердеш тапкылачы,

Атын ылдам айткылачы?

Аракты ичсе сөгүнүп,

Качып турам жанынан.

«Ко» менен «С» көп сүйлөйт,

Сүйлөп алып күлмүңдөйт.

Ошондой пенде башынан

Бул кайсы жердеш тапкылачы,

Атын ылдам айткылачы?

Мас болуп алган маалында,

Кыраңдап аял, балдарына.

«Өлөмүн» деп коркутуп,

Жип ала чуркайт сарайына.

Бул кайсы жердеш тапкылачы,

Акыл кеңеш айткылачы?

***

Арак деген азгырык

«Айда, кел!» дейт жазгырып.

Көңдөйгө кирип алган соң,

Көңүлдү коёт шат кылып.

Жан дүйнөнү тарытып,

Жаңжал, чатак, каткырык.

Көңүлдөш досуң аягында,

Көргө коёр жаткырып.

***

Амангелди күйөө балам бар

Жамакчылык талант бар.

Жаалы келип алганда,

Жамактатып ыр таштаар.

Бир отурган жерине,

Бир китепти жазып салган.

Окугандар ал китепти,

Оорундуу деп мактаган.

Мен жамакчы дегендердин,

Далайын артка таштаган.

Чымыны мунун бар эле,

Чымырканып иштесе,

Көңүл коюп ыр жазса,

Кой бакканын таштаса,

Көп нерсе чыкмак заматта.

Берешен талант даарыса,

Белгилүү болмок баарына.

Жок дегенде акын аталмак,

Көнөчөк элдин калкына.

Баарын таштап ыр жазса,

Байдылда болмок бүтүндөй.

«Байдылдадай акын чыкты»– деп,

Кара көйнөк сүйүнмөк,

Акындыгын салыштырсак

Байдылдадан бир карыш ылдый болмок.

Менден бир карыш өйдө болмок.

Ортобузда жүрмөк акын аталып,

Тарыхта аты катталып.

Каада күтүп күлмүңдөп,

Сөз сүйлөгөн чечендиги

Безилдейт буудай куургансып,

Горбачевден ашса ашат

Бирок аста кемибейт.

Ат минип актив болбосо,

Акын болмок өзүмдөй.

Каадалуу Көңдөй элине,

Кадырлуу жан бүтүндөй

***

Насыбай салган ак чакчам

Үйүмдө жок карасам.

«Чакчам кайда кетти? деп,

Издеп жатам баятан.

Жарма досум уурдаптыр,

Насыбай аткан чакчамы,

Ушундай эле болот да,

Жарма достун жасаары.

Чакчамы алса мейли эле,

Жан аякты кытый кетиптир,

Азаптанып санаа чегем,

Насыбайды кайда ийлейм.

***

– Ак такыя кызыл чок

Ак жоргочон ким экен?

Адыр менен алкынтып,

Келе жаткан шашылып.

–Ак такыя кызыл чок

Ак жоргочон келаткан.

Алкынган менин жаштыгым,

Алдыңбы анын кабарын.

-Көк такыя, кызыл чок

Көк жоргочон ким экен?

Алдында аты жарашык,

Абайлап аны тиктесең.

-Көк такыя кызыл чок,

Көк жоргочон азамат.

Жоомарт жаштык кезегим.

Жомок сырдуу элесим,

Жолочу сырын билдиңби.

***

Илиястын Эсенгул,

Чымыны мунун бар эле.

Чыж…чыж… этип гезитке,

Чыгармасы чыга калчу эле.

Кой артынан түшүп кетип,

Өлтүрдүм дейт чымынды,

Чыжылдатып учурган,

Чымындары дымыды.

***

Торколуу тондук жакасы,

Тогуз уулдун атасы.

Көөнөрбөс Түкүш абаке!

Көнөчөк элдин сакасы.

Ай туяк аттын такасы,

Айдың Көлдүн жакасы.

Айтылуу Түкүш абаке!

Азамат эрдин даанасы.

Кылган иши өзгөчө,

Кыйын болсоң саначы!

Тоодой өстү карачы,

Тогуз уулдун атасы.

Бул адамга тийген го,

Пайгамбардын батасы.

***

Арак ичип бир таанышым,

Аялына улам таарынса.

«Асылып азыр өлөм» деп,

Жип ала чуркайт бак жакка.

Часовой болуп балдары,

Таң атканча кайтарат.

Көп жылдан бери таанышым,

Коркутуп бизди келатат.

***

Кап-кара тармал чачы бар

Кап-кара чачтын ар биринде.

Калдайгн талант жашынган,

Жашынан билим алып,

Борбор жакка барбаган.

Борбор жакка барганда,

Боройлотуп билим алганда,

Өжөрлүк талант анда бар,

Өткүрлүк өлбөстүгү дагы бар,

Анда болмок башка адам.

Бүт кыргызга таанымал.

Жон-жондогу жыгачтын,

Жөн койбой баарын жулдурган.

Белсене ишке киришип,

Бетине тамга ойдурган.

Адырдагы жыгачты,

Артынан түшүп алдырган.

Абайлап аста жасатып,

Артына мыкты кактырган.

Мурдатан журтка таанылып,

Музейге сүрөт койдурган.

Жылгадагы жыгачты,

Жыйып келип жондурган.

Кезиттердин бетине,

Керектүү сүрөт чийилген.

«Баланча иштеп салды»– деп,

Кабар жазып шилтеген.

Жаш чагында талыбай,

Жалкоолукка багынбай,

Ийгиликти жылоолотуп,

Ишти иштеп бир далай.

«Кажыбас талант болом»– деп,

Карылардан бата алган.

Скльуптура жагынан,

Көп иштерди жасаган.

«Таланттуу биздин уулубуз»,

Талыбай эли мактаган.

Сыймыгы артып журтуна,

Сыйлуу уул болуп атанган.

Педагогика жагынан,

«Карточке» деген кагазды,

Калтырбай жаз»– деп какшанган.

Жакшы окуткула сабакты»,

Катуу койчу талапты.

Арбын ишти аткарган.

Узап жылдар кетсе да,

Унутулбайт бул адам.

Сүрөтчүлөр мүчөсү,

Өлкөбүзгө таанымал.

Бул сыймыкка жете албайт,

Өмүр сүргөн ар бир жан.

Төшүндө бар ордени,

Агартуунун мыктысы,

Мадаияттын алдыңкысы

Адамдардын жакшысы.

Эл-жериңде өмүр сүрүп,

Эсен аман жүрө бер.

Өмүр кандай өткөнүн,

Өкүнбөй гана эстей бер!

Жакшы адамдын артында,

Эмгеги калат сакталып.

Өнөрлүү өткөн адамдар,

Өзүнчө Улуу Мактаныч!!!

***

Шайыр иним Шаадатым,

Шарын көрүп балалыктын.

Тепчип өтүп чуркадык,

Тешик -Көлдүн кыясын.

Ойноктогон ал күндөр,

Оюман менин кете элек.

Элес ачкан ал түндөр,

Эсиңен сенин кете элек.

Бириктирет экөөбүздү,

Бирге болгон балалык.

Бийикте өткөн ал күндөр,

Бизди турат карантып.

«Кандай өттү өмүр»– деп,

Кайгырабыз таң калып.

Ал күндөрдү кел десек да,

Артына келбейт кайрылып.

Келбей калган балалык,

Арт жакта калды байланып.

***

Той берип, боорсок жазабай,

Мал союп, эт кайнатпай,

Бала чакта, Бакбур ага,

Тентек болчу шоктонуп,

Инилеринин чочогун

Өзү эле кесчү молойтуп.

Түбүн шылып мотойуп,

Кесилген чочок чоноюп,

Кыска тартчу молоюп.

Суу куйбас тентек болчу эле,

Акылдуу адам жаш кезде.

Шоктонгон Бакбур аганын,

Шок жагы эсте дагы эле.

Өсөөр жигит шок болсун!

Шок болбосо жок болсун!

***

Жорго минген боз бала,

Жоругу көп бир далай.

Куудул-шуудуң сөз айтып,

Кубантып барат алгалай.

Кунан минген куу бала,

Куудул сүйлөп тартынбай.

Ырыстуу шайыр күлкүдөн,

Ыкшытып барат капырай.

***

Арак ичип алганда,

Алтымышта бир агам.

«Жаш чагыңда жаңылдың»,

Кемпирин сабап бакырган.

«Жаңылдым, жаздым»– деп,

Кемпири ыйлап шолоктойт.

Өткөндөгү кемчилдикти,

Кандай кылып ал оңдойт.

***

Уламышта айтылган,

Уламасы көп дүйнө.

Сыры сыртка айтылбас,

Сырдуу дүйнө, бу дүйнө.

Табылбаган жагы көп,

Табышмагы бар дүйнө.

Кажыбас жагы айтылган,

Кайраты бар шок дүйнө.

***



Белден туруп карасам,

Беккулу айлы көрүндү.

Сагынычым тарабай,

Санаам-санга бөлүндү.

Булайган булут, буурул таң,

Буйгатка барып сөгүлдү.

Алтын тарам жебелер,

Аймалап жерге төгүлдү.


Көк сеңирден карасам,

«Көнөчөк» айлы көрүндү.

Көгөргөн ойдуң түзөңгө,

Көксөөлүү көөнүм бөлүндү.

Кылайган булут, кызыл таң,

Кырларга чейин сөгүлдү.

Көөнөрбөс күндүн нурлары,

Көөхарын чачып төгүлдү.

***

Үстөлдө бирөө отурат,

«Жакшылык болуп кетет»– деп,

Жакындан жардам аяган.

Арааны бөлүп алыстатып,


Арам оюу кылтыйган.

Ач көз жана ичи тар,

Жараткан ушул ааламда,

Жаралат тура ар адам.


«Баарын эле башкарсам» -деп,

Башкага тийди зыяны.

Аялынын тилин алып,

Аңдабай калып алданды.

Келечекти даана көрүп,

Кенен болсун арымы.

Кетеер дүйнө бир келет,

Кеткенден кийин ким жетет.


Асыл өмүр бир келет,

Артынан кууп ким жетет.

Жалган дүйнө бир келет,

Жабыла кууп ким жетет.

Бийилик деген жел болот,

Жел желп этсе жоголот.

Ээсинен кеткен куш болот,

Экинчи келип ал конбойт.

***

Сүйөркул деген жээним бар

Зоотехник болгон чагында,

«Эки ирик бере коём»-деп,

Эки жүз сом алды эле.

Аласасы бар жап-жалгыз,

Мен эле болсом мейли эле.

Арбын кептер айтылат,

Ал жөнүндө элимде.

Акчадан жок, ириктен жок,

Адамга адам алдатмай,

Атаңдын көрү кайран жээним,

Алыстап кетти карматпай.

Берседен дарек жок,

Белден ашып алыстай.

Ырсалактап кутургур,

Ыраактап качты карматпай.

Эл башкарып, тың чыккан,

Азамат болот деп жүрсөм,

Жогору жактан окуу окуп,

Жолдуу болот деп жүрсөм.

Карызгасын кайырбас,

Каңкир-маңкир кеп айтып,

Качаанак болуп калганбы?

Алганын кайра кайтарбас,

Аңкир-маңкир сөз айтып,

Алдамчы болуп калганбы?

Өзүмө эле жээн элең,

Таякең сени жемелеер.

Алдамчы болуп кетсең да,

Аман-эсен жүрө бер.

Ак сакалчан чал болуп,

Арбын жыл өмүр сүрсө экен.

Жылас өмүр бир келет,

Жыргап өмүр сүрсө экен.

Далай байлык чогултуп,

Дардайган бай болсо экен.

Жүзүнөн күлкү төгүлүп,

Жүздөн ары ашса экен.


Кемпиринен жеме угуп,

Кемшейген чал болсо экен.

 

Секиртмеден так аттасын,

Сексенден ары жашасын,

Сербейген чал болгунуң.

Арып калган чагыңда,

Ашыпке сөздү көп айтпай,

Акыл эстүү жан болгун.

«Эки ирик берем»– дегенди

Такыр эле койгунуң.

***

Сүйрү тоону этектеп,

Сүлүк караны жетелеп.

Сүйүнтай менен бир келдим

Сүйүү ырларын ырдап берип,

Сүйүнтүп салды тентегим.

Сүлкүлдөтүп жорго минип,

Сүйүнтай менен бир келдим.

Сүйүктүү сонун кеп таштап,

Сүйүнтүп салды береним.

Сүлүк кара атты минсе да,

Суук Төр менен келсе да,

Тийгизеер эмес пайдасын,

Көрсөтпөй такыр жатпайбы,

Катып койгон акчасын.

«Кайсы жерге катты»– деп,

Авчарка менен издесем да,

Такыр эле таппаймын.

Билбей турам айласын.

Мен эгерде аны билип,

Таап алсам акчасын,

Бөтөлкөдөй алып ичип,

Жазасын берем арактын.

***

Басыгы күлүк ат минип,

Башында кундуз тебетей.

Байыркы тоону этектеп,

Бай өзөн сууну мекендеп.

Таанылган жорго ат минип,

Тааныштар менен бир кетмей.

Бабалар баскан жолдордун,

Баянын сүрүп эсептей.

Көйдөйгө атын чыгарган,

Көйкөлтүп жорго салдырган.

«Көөнөрбөс күлүк экен»-деп,

Көргөндү эстен тандырган.

Манаппай ата Ыскагы,

Маалында абам тың чыккан.

Жолдо улап сапарын,

Жорго үстүндө чайпалган.

Жорго минген жол арбытат,

Жолдо сапар алгалайт.

Жолдо өзү жалгыз барбай,

Жолдошторго кабылат.

Күлүк минип күүлү барат,

Күнүгө жолун арбытат.


Күн нурундай жаркылдап,

Күлүстөн чагы чачылат.

***

Урманбеттин Качкыны

Урматтуу эр бу дагы.

Токтоолук жагын санасак,

Тогуз эрди калтырган,

Тамаша айтуу жагынан.

Жанына адам чендетпейт.

Кубанычтан адамдын,

Курсактары сүлкүлдөп.

Кашында турган адамдын,

Кабыргасы бүлкүлдөп.

Адамдарды шат кылып,

Айланасы каткырык.

***

Ылдыйкы Качкын абабыз,

Тактайды жонуп башынан.

Укмуштуу эмгек жаратып,

Уста болгон жашынан.

Уста эле болуп тим жатпай,

Короо толо кой бакмай,

Уйду тоого айдамай.

Жылкыларга чөп салмай.

Түтүнмө-түтүн кыдырган,

Посылка катты ташыган,

Почталон болчу бакыйган.

Классташым Латипанын,

Кылымдык болгон жолдошу.

Кыздары менен баласынын,

Кымбат ыйык жан досу.

***

Калдайган Көңдөй ичинде

Кадырлуу канча жандар бар.

Карааны тоодой көрүнгөн,

Кадыркул деген абам бар.

Кобуранган сөзү эле

Горбачевге барабар.

Чебер айткан сүйлөмдөр,

Чечендик жайы дагы бар,

Албан жашка ал барып,

Аман болсун абалар.

***

Короого батпай койлору

Колотто жылкы андан көп.

Санжыргалуу Темир Канатта,

Сагын өңдүү байлар көп.

Илгери эле бай эле,

Азыр деле бай экен.

Бир коюу да жоголбой,

Баарысы тең аман экен.

Көөнөрбөс үмүт оболоп,

Көңүлү ачык шай экен.

Бапырап улам көбөйгөн,

Байлыгыбыз жакшы нерсе.

Убагында ал да жоголоор,


Учур өтүп кез келсе

Ошол үчүн жарды-жалчыга,

Каралашкан оң болот.

Оң эмес сооп болот.

Ошонун иши оболойт.

Байларыбыз көп болсун.

Мал туягы жоголбосун.

Иши күндө оңолсун

Байлыгы көккө оболосун.

***

Көкүш аба минген көк жорго

Басыгы сонун жол жорго.

Көркөмү улам ачылып,

Көйкөлүп сызат чоң жолдо.

Башына кийген тебетей,

Башкача болуп калдаят.

Жонуна кийген чепкени,

Жорунун канатындай далдаят.

***

Ыскак аба минген тор жорго

Ыргыштап сызат чоң жолдо.

Дайны улам айтылып,

Даңкан чачат оң-солго.

Үстүн кийген пальтосу,

Делбирей кетип баратат.

Этек жагы токтобой,

Шамалдап улам далпактайт.,

Келишимдүү денеси,

Келин-кызды карантат.

***

Арак ичип алганда

Жердешим батат арманга.

Жемелей берет аялын

Жемирип жеп кайта да.

Аялы деле не кылмак.

Болоор иши болду да.

Кезинде өткөн ошол иш

Келмек беле оордуна.

Кежирлик кылып кемирсе,

Кеткен кез азыр келеби.

Кымбаты кайра кыңшылап,

Кыз болуп чыга келеби.

***

Арак саткан тааныш болгон

Арбын тапкан пайданы.

Даамын татып арам оокаттын,

Далай ирет хайлады.

Арамдык деген арамдык,

Акыры жүрүп жакпады.

Алдырып арам буюмун,

Аңгырап үйү ээн калды.

Чыгым болгон оокатына,

Чыркырап жүрөт балдары.

Күлдөй учкан акчасына,

Күйүп кетти аялы.

***


Бозргон жардын бетине

Боз таркылдак уялар.

Боордо турган уяны,


Боз балдар көрүп суктанаар.

Боор ылдый жалама,

Боордо турган уяга.

Боз балдар жетпей тим калаар.

«Уяма жетпей калды»– деп,

Учкан кушум кубанаар.

***

Контракт деп бакылдап,

Кап-кара жапалак.

Жарыя айтып лакылдап,

Музоо алганы келатат.

Ал келсе бизди оңдурбайт,

Эгерим эки болтурбайт.

Жалбарсак да сөздү укпайт,

Айрылсак жалгыз музоодон,


Бөбөктөрүм ыйлашат,

Катыксыз кантип жан багат.

«Кеткин кара, кет ары

Музообуз жок келбегин.

Жалгыз кара музоого

Жамандык кылып тийбегин».

«Жаман кары жапалак,

Жарыя айтып бакылдап,

Тай алганы келатат

Ал келсе, биди курутат,

Аянычтуу сөздү укпайт.

Үйрүнөн бөлүп кармаган,

Үйрөтүп жүргөн башынан.

Инимдин жалгыз тайы бар,

Иним тайын алдырса,

Жабагадан айрылса,

Мончоктоп жашын агызат,

Мокочодон жан чыгат.

Ак чач болгон энебиз,

Соорото албай кайгырат.

Кеткин кара кеткиниң,

Тайыбыз жок келбегин.

Жалгыз кара жабагага,

Жамандык кылып тийбегин».

***

Райкомду көрсөң жүгүрүп,

Баш урасың бүгүлүп.

Көргөндө сенден үшүймүн,

Үтүрөйгөн жүзүңдөн.

Үлп эткен жел өтө алгыс,

Үйүп жыйган дүйнөңдөн.


Билимиң деле жок эле,

Сатып алдың кагазды.

Кайрымы жок пендеге,


Кагаздан акыл чыгабы.

Сендейлер элди башкарсаң,

Журттун күнү не болот.

Калкы калат жакырлыкта,

Караңгылык анда орнойт.

Бузук адам эл башкарып,

Буудан минип чочоңдойт.

Жегич адам эл башкарса,

Жер үстүнө чөп чыкпайт.

Жону жука жакыр эл,

Жокчулуктан кайсалайт.

Чекеге бүткөн жалгыз тайды,

Дал ошентип алдырат.

Айлалары улам куруп,

Абышкалар жалдырайт.

Партиянын заманы,

Дал ошентип өтүп кеткен,

Партия менен биригип,

Жапаровдор кошо кеткен.

Өтүп кетти закымдап,

Андан бери көп заман.

Желе жортуп такымдап,

Чарк уруп жер айланган.

***

«Байке», «байке», «байке»– деп,

Чуркап алгам артынан.

Арбын жыл бирге жашадык,

Айланса болот жакындан.

Эсил жылдар кетсе да,

Элеси эсте кайрадан.

Шамалдай деген агамын,

Шарданына таянгам.

Ак чач болуп баштары,

А да карып калыптыр.

Татына болчу тиштери,

Такыр эле калбаптыр.

Калбаса да мейличи,

Токсон жашка барса экен,

Кадыр деген инисине,

Караан болуп жүрсө экен.

Калаабат өмүр сүрсө экен.

***

Тууганга тууган сый чачып,

Туурадан жылдыз жаркысын.

Ортосунда алардын,

Оргуштап таза суу аксын.

Көрүнгөн жолду көрсөтүп,

Көктө жылдыз нур чачсын.

Жакындарды алыстатпай,

Жаман санаа баспасын.

Жалындаган жашоону,

Жаркын үмүт каптасын.

Жашообуз өзү- шам чырак,

Жакшылыктар жайнасын.

***

Акмакты акмак дегенде


Ачуусу келип каарданды.

Акмак эмей эмне эле,

Ачуусу келип калса эле,


Акылман боло калабы.

Акылман деп аны атасам,

Башкалар ага ишенбейт.

«Акмактарга жакын болгон

Көк мээ шүмшүк адам»– дейт.

***

Бир жеңекем бар эле,

Таштай албай аракты.

Аны менен бирге өткөрдү

Аруу таза жаш чакты.

Катып келет бөтөлкөнү

Бөлтөйтүп алып чапанына.

Андан кийин шимирет,

Абайлатпай балдарына.

Айтканы такыр төп келбей,

Айныгансыйт акылдан.

Эмнеге мындай болгон деп,

Эсим чыгып таң калам.

Догдур келип текшерсе,

Дени соо тунук баардыгы.

Бирок жаман жоругу,

Кетирип турат айланы.

Анын көрүп абалын,

Капаландык баарыбыз.

Не кылаарды биле албай,

Катып турат башыбыз.

***

Качкын деген агам менен

Жылмайып келип көрүштүк.

Кусалыкка батыппыз,

Кучакташып өбүштүк.

Кечөөгүнкү жаш жигит,

Абышка болуп калыптыр.

Кайра-кайра ойго батып,

Огеле токтоо тартыптыр.

Эске сала баштадым,

Өткөн өмүр баардыгын.

Жалындап от жанган,

Жаш жигит эле жайнаган.

Жеңелери ашык болуп,

Карап турчу тигиле.

Ушундай сонун жаш жигит,

Карыбай койсо эмине?

Жараткан аны карытты,

Бизде өчү бар беле.

Качкын байкем мели карысын,

Март байкем кошо карыптыр.

«Булар эмне картайды»– деп,

Жиним келип калыптыр.

Ак ала топу кийгенсип

Ак чач болуп алыптыр.

Көрүп алып ак чачын,

Жиним келди аябай.

Ким карытты буларды,

Урушкум келет аянбай.

Таяк алып жерди сабап,

Ыйлап жаттым аябай.

Бала чакта буларды

Карыбайт деп эсептегем.

Көз кысып жеңелерине,

Көркөмдүгү калат дегем.

Колуман келсе аларды,

Кармап дайым жаштыкта.

Карылыкка карматып,

Салбайт элем азапка.

Кыздарга ашык кылып,

Кылым боюу кармамакмын.

Жалындата от чачып,

Жаштык менен сыйламакмын.

Абаларымы карылыкка алдырып,

Мен тагдырга таарынып.

Жаш баладай өкүнүп,

Ыйлагым келди өкүрүп.

***

Кагылайын Асегим

Караан болчу тентегим.

Кагып-согоор эрмегим,

Жаныман карыш жоголсо,

Жалгызсырайм ошондо

Жакырдыкты тартамын,

«Жаныма кел» деп айтамын.

Жалындаган жашоомдо,

«Жан иниси болсун деп,

Жакшы үмүткө толсун»– деп,

Жаратып койгон кудайым.

***

Көз жиберип кыялданам,

Көйкөлгөн Көңдөй жерине.

«Көнөчөк» деген элиме,

Мектептин коллективи,

Бөлүндү дешет экиге.

Барып калсам ал жакка,

Кайсы жакка кошулам.

Шаадатыма кол сунсам,

Самыйбек иним таарынат.

Самыбекке жан тартсам,

Шаадат иним кур калат.

Атаңын көрү кызыталак,

Айлам кетип баратат.

Сүйлөй берет шакылдак

Атаны кокуй таркылдак,

Айрылыш жолдо баш катат.

***

Эртең менен бакырса,

Эл чочуп бүт дарбыган.

Уйкусу канбас аялдар,

Уй сааганга шашылган.

Качанак уйду жылдырбай,

Камчылап келип сабаган.


Жүткүнтө тосуп ат менен


Жүлүнгө бүлүк таштаган.

Аңыраңдап баскан малды,

Алдынан тосуп качырган.

Шамшаңдаган жаныбарды,

Шамыраңдата айдаган.

Сырактап келип качкан малды,

Сыздырып жетип жолго салган.

Таң сүрө туруп талыбай,

Журттун малын кайырган.

Ар бир уйду өңүнөн,

Айырмалап тааныган.

Жумаш деген агам бар

Жумурай журтка таанымал.

Жаш чагында уйчу болуп,

Ак баракка жазылган.

Албан эмгек сиңирип,

Анын аты айтылган.

Ар дайыма урматтап,

Айланабыз андай агадан.

Жумаш агам ак эдил,

Жумурай журтка таанылган.

***

Бир иним бар эле,

Тазасында мастай жүрөт.

Алжир-манжир кеп айтып,

Ар кандай сөз сүйлөйт.

Ачууну албай оозуна,

Таза жүрөт сизчилеп.

Ал иним таза кутурмак,

Арак ичсе бизчилеп.

***

Туулган жерим турпагым

Сага жалгыз келбедим.

Жобурата кеп таштап,

Жомок менен жол келдим.

Жалындата үмүт чачып,

Жакшы ыр менен жол келдим.

Жандай көргөн жерлерим,

Бай өмүрү узун болгон,


Баяндарды ала келдим.

Салпылдап учкан сары айгыр,

Сагынычты ала келдим.

Кум -Кайкыдан учкан кашкалдак,

Кубанычты чачып келдим.

***

Төлөнбай деген почточу

Арпа Тектир жайлоого.

Почтосун тартып келген жер,

Кадырман сүйгөн калкына,

Кат-кабарын берген жер.

***

Жапар ага жылкыларын,

Жаан алдында ашыгып.


Ак Кайкынын белинен

Айдап түштү шашылып,

***

Сулайман ага уйларын,

Жайып түштү Суук Төрдөн.

Аралап жыбыт жылганы,

Арал өйдө жөнөгөн.

 

Алдындагы акбоз аты,

Ээ бербей алкынат.

Куттуу жерин улам карап,

Кубанып алга баратат.

***

Бүркүт учуп айланган

Бийик тоону жай кылган.

Биздин айыл алкымда,

Ашыга минип кашка атты,

Ал жакка жол бараткам.

Көздөн учуп элеттер,

Көөнөрбөс жерлер сагынткан.

Айдыңдуу Темир Канатым

Ашыгып сага баратам.

***

Күндүн күмүш нурлары,

Кайдадыр алыс жашынып.

Түнөгүнө куш кайтты,

Түн келүүгө шашылып.

Жымың-жымың көрүнгөн,

Жылдыздар чыкты чачылып.

Кадырлаш бирге бололук,

Келе жаткан ашыгып,

Калдайган Темир Канаттан

Кадыр түндү тосолук.

***

Шамеш деген агам бар

Сылыктыгы мага жагат.

Адамга такыр угузбайт,

Аярлуу жүрүп жулунбайт.

Акырын сүйлөп шыбырайт

Оозу араң кыбырайт,

Аңгемеси куудул сөз

Бир сөз менен мат кылат.

***

«Акылдуу бол» -деп көп айтты

Айылда жүргөн балдарга.

Андан бери закымдап,

Алып учту замана.

Тарбия-таалим алганбыз,

Кулуке деген агайдан.

Кут билими элимдин,

Кубаттуу ишке жараган.

Көөнү таза көлкөйүп,

Башкага ак санаган.

Баарысын бирдей баалаган.

Акыйкат менен караган.

Тагдыр деген ушу экен,

Дүйнөдөн өтүп ал адам.


Темир Канат мектеби.

Тилеков болуп аталып.

Тарыха калды катталып.

***

Мукаштын уулу Муратбек

Жакыптын уулу Бактыбек,

Аяп кетем буларды

Атадан жалгыз туяк деп.

Аман-эсен жүрсө дейм,

Ак жашоонун өзүндө

Арбын жыл өмүр сүрсө дейм.

Аялдарына жетелетип,

Алжыган кары болсо дейм.

Токсон жаштан ары ашып,

Торсойгон чал болсо дейм.


Балдарынан ырыс көрүп,

Балпайып кары болсо дейм.

Муталыптын Турарбек,

Абдылданын Жылкыбек,

Мусанын уулу Жаштилек,

Жана дагы Өмүрбек,

Атын уйкаш койгонсуп

Айылдаштын баары бек.

Ак тилек каалайм аларга,

Жана да болсун жаны бек.

Эсен-аман жүрүшсүн,

Эл ичинде сербеңдеп.

Оокат кылып эрбеңдеп.

Жолукканда амандшып,

Аман-эсен жүрөлүк.

Айылдаштан экенбиз,

Ажырашкыс түбөлүк.

***

Далай жылдардан бери туулган жерге барбай калдым. Көрбөй калдым. Ата-бабам өскөн аймакта менден мурункулардын алтындай изи калган. Ошол жерди көрбөй калсам, туулган жерим ого бетер жүрөгүмө жакын болуп, бассам-турсам эсимде элестеп, уктасам түшүмдө алтын жамынып, күмүш оронуп күн болуп кирет. Ак таң атаардагы, ак шам болуп, алтын жалата төгүлөт. Уктап жаткан адамдар түшүндө өзү өткөргөн балалык жерин көрүшөт. Жеке эле өзү өткөргөн жерди көрбөй, өзү менен бирге болгон адамдарды түштөрүндө көрүшөт. Алар менен бир болуп кадимки тирүү чагындай сүйлөшөт. Биздин айылда өскөн балдар

алыска кетип жашап жүрсө сөзсүз Ат-Жайлоо, Арпа-Тектирди түштөрүндө көрөт деп ойлоном. Ушундай ыйык жер алардын түшүнө кантип кирбесин.

***

Текөөрү бар алгыр куш

Тешик Көлүм барсыңбы?

Мемиреп өткөн балалык,

Мени унутуп салдыңбы?

Ата-энем мал багып,

Ажайып түндү өткөргөм,

Жашыл чөпкө оронуп,

Жаштыгымы жөнөткөм.

Боз үйүмүн түндүгүнө

Жылдыздар келип түнөгөн.

Учурунда тыным албай,

Учкул шамал күүлдөгөн.


Эсиме келет ыйык түн,

Андай түндү көрбөгөм.

***

Бир жердешим бар эле

Алкы аттын башындай.

Дүйнө десе алат күн

Дүмүрөңөйт тартынбай

Андай жанды ач көз дейт,

Арман алат дйнө күн!

«Мал-жанын ээлеп алсам»– дейт

Өлүмүн тилеп бирөөнүн.

***

Көңдөйдөгү жан агам

Мамбет ата Саягы

Армандуу өткөн согушта,

Коргоп келген эл- жерди.

Андан бери заман өттү,

Мезгил баарын жөнөттү.

«Карып калган чагым»-деп,

Карартып сакал койдурган.

Кара тоонун бооруна,

Калдайтып чөптү кондурган.

«Кары киши алыс баспайт-деп,

Сан жолдорду аралап,

Сапарга алыс чыкпайт»– деп,

Карыш жылбай көз салган,


Калдайган чөптү акмалап,

Караан болуп кайтарган.

Мамбет ата Саягы,

Улама сөздү улаган,

Улгайса да тың аман

Кара сакал койдурса да,

Кылына ак кире элек,

Каадалуу жүргөн агамын

Картайган чагы боло элек.

Азамат эрдей тың болуп,

Азыр аттан түшө элек.

Демдүү жана сак жүрөт,

Денеден кайрат кача элек.

Мамбет ата Саягы,

Кандуу өткөн согушта,

Коргоп Ата Мекенди,

Көп эмгекти сиңирди.

Бирдей карап баарына,

Билим берди жаштарга.

Агайдан билим алганбыз,

Алга канат какканбыз.

«А» тамганы үйрөндүк,

Атын дайым даңктайбыз.

Анын өчпөс эмгегин,

Албан сырдуу иштерин,

Биз кийинки муундарга,

«Ушундай адам өткөн»-деп,

Улама баян айтабыз

Унутпай эске салабыз.


Асыл эмгек эстелик,

Эсте бекем сакталат.

Жолдуу өткөн баяндар,


Жомок болуп айтышат.

Анын ысым баяны,

Тарыхта калган ар чакта.

Жазмышта ал эскерилип,

Жазылды алтын баракка.

***

Тынчылык байкем мугалим

Ал дагы географ,

Мен дагы географ,

Түйшүктүү иштер көбөйүп,

Колуна карта көтөрүп,

Эл ичинде эсен-аман жүрүшсүн

Ээрчишкен эки географ.

***

Ушул эле жакында

Барып калдым айылга.

Аманчылык кааладым

Айылдштын баарына.

Жолугуп калдым Жайлоого

Маек куруп отурдум.

Арай-чарай сүйлөшүп,

Арбын кепти толтурдум.

Заңкайган мечит салдырыптыр,


Сыйынып баары кудайга.

Беш убак намаз окушуп,

Берилип Алла таалага.

Жетик иним -ал Жайлоом,

Желпинип такыр сөз баштабай,

Жеңелерине жакындабай.

Кеңкир-меңкир кеп салбай,

Кебездей болуп чоюулуп,

Керилген жигит болуптур.

Ыйманы ысык жан болуп,

Кеп-сөзү бар болуп,

Кебездей болуп чоюулуп,

Керимсел жигит болуптур.

Душман сүйүндүрүп айтат,

Тууган күйүндүрүп айтат.

Мен-менсинген иниме,

Мен айтпасам ким айтат.

Эл башкарып тың чыкма,

Жолдуу болот,-деп жүргөм.

Атагы чыгып айлына,

Алымдуу болот,-деп жүргөм.

Малы тоодо жайылып,

Бай болот,-деп сүйүнгөм.

Ысабек атам сыяктуу,

Ысмы элге жайылып,

Айылга аты таралып,

Ырыстуу болот,-деп жүргөм.

Аты жөнү баардыгы,


Ак баракка катталып,

Аман болсун,-деп жүрөм.

Бакыйган иним Жайлоого,

Бакыт каалап сүйүнөм.

***

Кезегинде макталып,

Гезиттерге катталып,

Абдыш акын чыкты эле,

Таланты анын мыкты эле.

Таанылып элге кетти эле.

Таарынтып алып талантын,

Таштады бекен жазганын.

Кандай күндө жүрдү экен.

Каадалуу жердин акыны.

Ташыркатпай ар дайым,

Талантыңды таптай жүр!

Талантыңдан мурун да,

Ташыркабай аман жүр!

***

Өкүл иним Самыйбек,

Улам жыдып алдыга,

Директор болду жакында?

Кезеги келди анын да.

Директор болгон адам,-деп

Тарыхта аты айтылат.

Даражалуу азамат.

Кулуке өкүл атсы.

Ак батасын бергенби,

Артып калган тамагынын.

Түк калтырбай тамчысын,

Түбүн шыпкап ичкенби

Элге сиңсин эмгеги,

Жакшы болсун иши эми

Оюна ашсын эңсегени.

Чуңкур жерди баспаган,

Басса дагы шашпаган.

«Ала салып кетем»– деп,

Абдан акыл калчаган.

Азаматтын бири да,

Алды-артын абайлаган.

Баарысын тең сак караган

Алдына келген эмгекти,

Жулуңдаган шумпайларга,

Жулдуруп ийип кур калбаган.

Дал өзүмдөй болгун,-деп

Абдан катуу акыл салгам.

Айылга барып калганда,

Адыңын карайм акмалап,

Өкүл иним Самыйбек,

Өзүмү тарткан азамат.

***

Өйдө жакты карасам

Аскер жээним көрүнөт.

Башкалардан куркуюуп,

Боюу чыгып бөлүнөт.

Абан эле уп-узун,


Акылы да боюнан.

Жээним менен көрүшкөнү,

Ага барып жолугам.

Жакшы адамдар дайыма,

Кетпейт калып оюман.

Эл жеримде айтылып,

Элеси эсте сакталган.

***

Каадалуу Көйдөй айлында

Качанкы өткөн бабалар.

Сап-сап болуп айтылган,

Санжырада оорду бар.

Саптары ойду жашырган,

Кажыбай айткан карылар.

Качанкы бир баяндар,

Кадырман журт Беккулунун,

Карт тарыхы дагы бар.

***

«Санжыра» деген ушул сөз

«Чежире» сөздөн жалгашкан.

Кезинде ушул ыйык сөз,

Келген эен Араптан .

Алар да ата-бабасынын,

Айдыңын сүрүп такташкан.

***

Өргө карай бараткан,

Өмүрүбүз канча ким билет?

Куттуу тилек каалаган,

Кудайым билсе бир билет.

Курап жазган ырымы,

Кудуңдап келип чыгардым,

Учуп-күйгөн ырыман,

Угулса экен жаңырыгым.

Канча өмүр бар алдыда,

Тагдыр аны ким билет.

Кут кондурган баарыбызга,

Кудайым гана бир билет.

***

Өмүр деген кыйма чийме кечмелик,

Биз өтөөрбүз бир учурда кез келип.

Кийинки жаштар жолугуша калганда

Бизди жүрөөр анда-мында эскерип.

***

Кайрат берген өмүргө,

Туулган жерим жөнүндө.

Төрт китепти жазгамын,

Төрт жаңылык ачкамын.

Төрт аргымак кишенейт,

Төртөөнө төрт эр минет.

Төгөрөктөн баян тапканы,

Төрт жолочу жол кетет.

***

Анча-мынча ыр кылып

Аталарды жазгамын.

Эңсеген ой ишке ашып,

Элечекчен жол кеткен,


Энелерди качан жазамын?

Эл ичинде жашаган

Энелерди жаза албай,

Эңсеген ой ишке ашпай.


Алп карааны тоодой болгон

Ак элечек оронгон

Аларды күндө эстеймин.

Ал кезге сапар келемин.

Апалардан баян бере албай,

Ак кагаздын бетине,

Агылган ырды таштабай,

Арманда кетеер бекемин?

***

Кагылайын салпылдак

Жүрө бербе салпылдап.

Эл ичинде көрүнүп,

Эмгек кылып жанды бак.

«Баягынын баласы,

Баш аламан басат-деп,

Таба албай өз жолун,

Такыр жалкоо болду- деп,

Араң жүрүп жашоодо,

Аялга көз кысат» деп,

Тантыр-мунтур ушактап,

Тааныштарың кеп кылат,

Дурустап сөз сүйлөбөй,

Душмандарың шыбырлайт.

***

Шоңшойгон тоодо отуруп

Шоңколор элдин шогу болду.

Бүлөөгө каалап тынччылык,

Бүтөбайлар момун болду.

Ураалылар ураан талашып

Укурук менен качырышып,

Көрүнөө көзгө чабышып,

«Көзгө чабаар» атка конду.

***

.Бешиктенин өңөрүп,

Бөктөрүнчөк бөктөрүп.

Жон-жондогу жашоого,

Жомоктото сөз бөлүп.

Эңгесердей белестен,

Элеси эсте элечекчен

Энелер өткөн ыйык жол.


Ат арытып сабалап,

Адырлардан жылкы айдап.

Айдыңы тоодой жаркыган

Ат Жайлообуз шаңданган

Башына кийип ак калпак,

Баарынан өтүп кыялап,

Бабалар өткөн кандуу жол.

Кыр- кырлуу адыр белестен,

Кыраан куш үнүн эшиткем.

Керүү өйдө жол өрдөп,


Кербендер небак жол кеткен.

Акбозу менен жол алып,

Ак калпак кийип калдайып,

Агалар өткөн тааныш жол.

***

Арпа Тектир жайыттан,

Абыр-шабыр ат токуп,

Ат токуса бат токуп,

Айылдаштар аттанган

Агалар сапар бараткан,

Алардын арт жагында,

Атымы улам камчыланып,

Алды жакка багыт алып,

Ат кошчу болуп баратам.


Арпа Тектир, Ат Жайлоо

Ат ойнотчу жерим бар.

Күнгө жагы адырлар,

Күн Тийбесим дагы бар.

Алыска сапар аттанган,

Ажы-бажы кеп салган.

Кеп салганда деп салган.

Ардагым менин абалар,

Аман болсун деп салгам.

Артыбызда жөлөк бар.

Ат кошчу болоор иним бар.

***

Сыртка карай мал айдап,

Сыртпай байкем өткөн жер.

Коёнаалы чоң ата,

Коюн айдап көчкөн бел.

Темиркан биздин чоң ата

Тешик Көлдө жүргөн жер.

Ата бабам ыр ырдап,

Айбат чачкан белестер.

Ачылып аркы мейкиндер.

Жетине албай кубанып,

Жерими мактап ырдайын.

Ал аймакта өтпөдүбү,

Ай терметкен жаш чагым.


Аралап өтсө коктудан,

Атыр жыттуу чөбү бар.

Көркөмү улам суктанткан,

Көргөн адам таң калаар.

Көп жолу кирген түшүмө,

«Көнөчөк» атту эл көрдүм.

Көңдөй деген жер көрдүм.


Алгыр кушу айланган,

Айбат чачып асмандан.

Аска-зоого кызыгып,

Айдыңдуу пенде караган,

Аталар өмүр өткөргөн

Ардактуу бир жер көрдүм.


Элетте ыр калкыса,

Эске келет качанкы.

Чоң чокудан үн сала,

Чоорун тартат чабандар,

Чоо жай ыр кайкыган,

Чоң аталар мактаган

Чоң Таш деген жер көрдүм.


Арылдап ылдый токтобой,

Агылып тентек сайлары.

Ала-сала шамал менен

Ак булут тоого байланды.

Сан жылдар өтүп мемиреген

Санжыра козгоп тереңден

Ата-бабам жердеген

Ат -Жайлоо деген жер ушу.

Согону тоодо ыргалган


Сонуркап жазып акыны,

Сонун ырды чыгарган.

Соолубай алтын булагы,

Созолоно ылдый агылган.

Созултуп улар үн салса,

Сорок Таш деген жер ушу.


Арпа-Тектир, Ат Жайлоодон

Жусуп акын өткөн жер.

Өгүз минип аралап,

Өлбөс ырын жазган жер.

Алыскы жер Бишкектен,

Айтылуу ырын жазыптыр,


Таштап кеткен чыгармасы,

Тарыхда жашап жатыптыр.

Ак бозун минип алкынтып,

Ата бабам жөнөшкөн.

Айдыңдуу күздүн күнүндө

Абай-сабай жаан төккөн.

Созулуп жаткан кыйры алыс,

Сонунун көрдүм жерлердин,

Баары жетпес Көңдөйгө

Туулган жер ыйык өзүмө.

Кебелбес жердин ырын ырдап,

Келгендирмин дүйнөгө.

Баарынан көөз экенин

Азыр баалап эстедим.

Туу жондор ыр ырдаса,

Туулган жер Мисир экенин.

Туура баалап мен сездим

Арпа Тектир тарапка,

Атын коштоп жөнөгөн.

Ээн жолду өрдөгөн,

Элечекчен ардактуу,

Эң кайратуу, урматтуу,

Энелерди мен көргөм.


Көп атчандар ошондо

Көч көчүрүп, көк жонго,

Көк тулпарлар алкынып,

Көкөлөтүп учурган,

Көк кушу көккө талпынып,

Көчүп келген эл көргөм.


Кыраңдан улам алыстайт,

Кыз-кыркыны шарактайт,

Кыяны өрдөп көч барат.

Бай өзөн сууга жөнөгөн,

Байсалдуу сонун эл көргөм.

Ээн жолдо бараткан

Энекелерим турбайбы.

Көк кушун колдо талпынткан,

Көчмөндөрүм турбайбы.

Атчан кетип бараткан,

Абакелер турбайбы.

Тааныбай калсам буларды,

Мени кудай урбайбы.

***

Согулайын Акыйып,

Солдойуп калдык карачы

Соодагерге таланып.

Айланайын Акыйып,

Ачка калдык акыйып

Сен бийликте жүргөндө,

Жылаңач калдык шалдайып

Бу жашоодо үч кордук,


Иштейли десек жумуш жок.

Ичели десек тамак жок,

Кийели десек кийим жок.

Тарбалаңдап арык ач,

Тартипсиз сойку катындай,

Такыр калдык жылаңач.

Согулайын Бакыйып,

Солдойуп калдык карачы,

Соодагерге таланып.

Таз жоруга окшошуп,

Талап алдың байлыкты.

Эси эңгиреп ал кетти,

Элибизди карачы.

Айылды тез оңдобосоң,

Айкырык салам бакырып.

Айланайын бакийип,

Алып сатарга таланып,

Кол бутуна какайып,

Ачка калдык арбайып.


Арбактардан тарбайып,

Алалы десек акча жок.

Арзаныраак кийим жок.

Азап болду ушундай,

Ардагым ай, кудай ай.


Жамынаарга жабуу жок,

Жамаачы кийим жыртылса,

Тиши сынган араадай,

Тиги тарап сырайса,

Ал тарапты ката албай,

Абийир кетип кудай ай,

Шек сымал болуп катүгүн,

Шермендебиз чыкчудай,

Кармап жамаар шымы жок,

Кара шымым жыртылса,

Тиши сынган сокодой,

Тиги тарап соройсо,

Ал тарапты ката албай,

Абийрибиз чыкчудай.

***

Жайылма төр тараптан

Жамгыр улам себелейт.

Балпайта оозун ачып,

«Паракор мага бергин»– дейт.


Ак Кайкы төр тараптан,

Ак жаандан кабар келет.

Аңырайта оозун ачып,

Ач көз «Мага келе» дейт.

Ач көз жана паракорду,

Арам оокат багат дейт.

Караламан элди таласа,

Каргышка алар калат дейт.

Рейтинг@Mail.ru