bannerbannerbanner
полная версияБабалардын Урпагы. 3 китеп

Кадыр Абакиров
Бабалардын Урпагы. 3 китеп

***

Адамга унутулбай эң жаркын күндөрү эсинде калат. Ошондой күндөрдү бири мен үчүн Балыкчыда үйлөнө элек курагымдагы Бекболот байкем менен Керез жеңемдин үйүндөгү жашаган күндөрүм болду. Экөө тең кең пейил бакубат, жаркын ойлуу пакиза, адамдын көңүлүн эч убакта калтырбаган эң сонун пенделер экенин билдим. Ошол жылдары мени алар үйүндө кадимкидей конок катары сыйлады десем болот. Алардын үйүндө жаман сөз угуп көңүлүм калып иренжиген жок. Мындай мээримдүү адамдар тагдырда өтө сейрек кездешет. Жеңем шаардык оруканада жакшы кызматта иштеди. Байкем колунан көөрү төгүлгөн темир усталык менен узанып, көп элдин алкоосуна ээ болду. Жакшы адамдын эмгегин эстөө эң сонун иш. Экөө мен үчүн табылгыс ыйык адамдар. Туугандарым ырас эле көп, бирок экөөнө эч бири жете бербейт. Экөө тең кудай берген өтө кең пейил ыйык адамдар. Менин алгачкы чыгармачылыгымдын көп бөлүгү ушул үйдөн башталган. Аны эч убакта унутпайм. Алардын ыймандуу жакшылыгын ар дайыма эстеп, унутпай келем, Бирок алардын карызынан такыр кутула албай келатам. Баардыгынан ошол арман экен. Бирок менин кандайдыр бир ийгиликке жеткеним ошол ийгиликтин арасында алардын да ийгилиги бардыр деп ойлойм. Санаамда аларга жакшы ийгиликти каалап, балдары менен аман эсенчиликти каалап тукумдары биз жептпеген бийиктикке жетсе деген таттуу ойдомун. Элде « Жакшы санаа жарым ырыс» дейт. Ал эми алардын жакшылыгын жакшы ырга айлантуу баардык эле адамдын колунан келе бербеген жумуш.

БЕКБОЛОТ АГАМА ЖАНА КЕРЕЗ

ЖЕҢЕМЕ

Наныңы жеп даам татыдым тузуңдан,

Ошол үйдө мээримдүү сөз угулган.

Жарык чачып ынтымактуу убактар,

Жаркын элес жакшылыктай туюлган.

Ошол учур жылып кетти кармалбай,

Отурчу элек бир столдун четинде.

Ден соолук үчүн стаканды көтөрүп,

Деми күчтүү ал мезгилдер эсимде.

Анча-мынча кемчиликтер болгондур,

Ал көрүнүш эч нерсеге татыбайт.

Жакшы күндөр келе берет алдыдан,

Жаркын убак шоолалана жаркылдайт.

Көңүлүбүз такыр эле калбаптыр,

Ошондуктан ырга айланып жатпайбы.

Эң бир сонун ал кездеги курактар,

Эстей берем жеңем менен агамды.

Туугандыкты бекем сактап калыппыз,

Мезгил өтүп ал учурлар ыраактайт.

Узак жашка өмүр сүрүп баргыла,

Улам-улам силерге айтам ырахмат

***

Экөө тууган болгон соң,

Чачып турду жарыгын.

Жүздөшкөндө аяшкан жок,

Жүрөктөн жанган жалынын.

Бир-биринен аяшса,

Жалындарын чачпаса,

Эңсеген ой ашпаса,

Экөө тууган болбостур.

***

Төдөнбай деген почточу болгон,

Гезит, журналды жакшы ташыган.

Өз ишин аябай жакшы иштееп,

Өрнөгүн өз элине калтырган.

Ушу дүйнөдө жакшы иштеген адам,

Унутулбай кайра-кайра эскерилет.

Чымыркана терин төккөн пендебиз,

Чын дүйнөдө да, жакшы эмгектенет.

***

Күлүк жорго чаптырсам,

Күн артынан ай келет.

Ак бозуму таптасам,

Ай артынан жыл кетет.

Күлүк болуп күн учат,

Күн артынан ай туулат.

Айлампа салып ай учат,

Ай артынан жыл узайт.

Кечөөкү Кыдыр, Март байкелер

Жап-жаш болгон жигит эле.

Алардын оордун биз басып,

Карып кеттик тез эле.

Капырай ай, бул өмүр,

Кайда учуп ашыгат?

Элес калбай артыбызда,

Эмнеге мынча шашылат.

Күлүк жорго чаптырсам,

Күн артынан ай келет…

Күүгүм салып токтобой,

Күн артынан жыл кетет.

Күн артынан жыл келсе,

Өмүр кайда ашыгат,

Кайран өмүр ашыгып,

Кайда кетип баратат…

***

Жегич менен паракордун баардыгы,

Жалгыз гана шордуу элдин азабы.

Шабырата келип караламан элди жейт,

Ата-журтту бычаксыз гана кескилейт.

Ал экөөнөн көргөн жокпуз пайданы,

Эл байлыгын килемиштей жеп жатат.

Аларга-өлүм, же түрмөгө салалы,

Ата-журттун калкы андан азайбайт.

***

Аталар конгон конушка

Сапар барып кономун.

Азыр болсо көч менен

Ат үстүндө жолдомун.

Бабалар конгон конушту,

Кантип таштап кетемин.

Алардын жолу жалгызсырап,

Арманга батса кантемин…

***

Эки бакыр бир тукур

Кызык экен бу турмуш.

Кези келип калганда

Кээде утуш, уттуруш.

Уттуруп ийгенимде,

Чабалактап кыйналдым.

Бирөөн утуп алганда,

Бийиксинип мактандың.

Эки бакыр, бир тукур,

Эл тилеги бузулгус.

Таалайлуу жагы арбыса,

Таттуу болоор бул турмуш.

Таттуу болсо бул турмуш.

Таалайлуу жандай жашайлы.

Таш Кыянын белинен

Тайгаланбай ашалы.

***

Соодагерим солоктойт,

Сомду жыйып колоктойт.

«Калтырбай баарын бергин»-деп,

Картошканы бүт отойт.

«Текши эле салгын»-деп,

Терини жыйып таштады.

Жүзүнөн күлкү төгүлүп,

Жүндү ала баштады.

Болгондун баарын алдатып,

Калың журт калды жалдырап.

Арман күн кор турмуштун,

Азабын көрдүк далдырап.

***

Кемерсант деген пайда болду

Кетирип такыр айланы.

Абалап учуп асманда

Ак жорудай айланды.

Кемерсант деген немелер,

Каргаларга окшошот.

Арзан алып журт оокатын

Айылды бүтүн тоношот.

Жүзү алардын курусун,

Жүргөн жерин боктошот.

***

Жусу агам кеп айтты

Кеп айтканда деп айтты:

–Кум каптаган айдыңда,

Кушуму көккө талпынткан.

Жолдон калбай айдатып,

Жоргому жолдо алкынткан.

Киши кылган агаңды,

Гүлбайра сенин кудачаң.

Учугуму узатты,

Уучума уул төрөп.

Улуулук жолун билдире,

Учуруп жатат кыз үйлөп.

Күркүрөгөн күздү күнүндө,

Күрдөөлдү Жусу абакем,

Күңгүрөнөт сөз сүйлөп.

«Киши кылган агамды,

Куттуу үйгө шаң төгүлткөн,

Кудачама ырахмат.

Кудачаман мурун да,

Аралап жүрүп бүт калкты,

Желдей күлүк ат минип,

Жердин үстүн бир кыдырып.

«Жетейин деп максатка»

Желдей тулпар ат минип,

Жердин алдын бир сыдырып.

Байгамбардан бата алган

Баскан жолдон кайтпаган.

Арып-ачып акыры

Агама тапкан жаш жарды,

Баш коштуруп топойтуп,

Бактылуу кылган аларды,

Атакеме ырахмат.

«Айдыңдуу болуп өссүн» деген,

Атакемин арбагын,

Абакем сыйлап жүрсүн,-дейм.

Атакемдей абакем,

Арбын жашка барса,-дейм.

Алынып журтка калса,-дейм.

Атакемин арбагын

Дайым сыйлап жүрсө,-дейм.

Атаңын көрү дүйнө күн,

Андан башка эмне дейм.

Ысабектей атамды,

Мактап жазгам ырымда.

Баки журтка даңкталып,

Бай болуучу чынында.

Атак, даңкы айтылып,

Кала берет кылымга.

Арбагы аны колодосун!

Бул атакеме окшошуп

Жусу абакем бай болсун.

Кашында жайнап балдары,

Ар дайыма шай болсун!

Атаңын көрү дүйнө күн,

Андан башка эмне,-дейм.

Туурадан дайым сыйлашкан,

Туугандык ыйык,-деп келем.

***

Турарбекти көрбөгөнүм,

Отуз жылга аяк басты.

Отуз жолу кар түшүп,

Туура отуз жаз алмашты.

Бетин бырыш бастыбы,

Аны дагы билбеймин.

Чачына ак жармаштыбы,

Муну дагы билбеймин.

Же баса албай карыдыбы,

Баарысын тең билбеймин.

Ошого мен аң-таңмын,

Жердештерден сурадым:

–Турарбек аман жүрөбү?

–Аман-эсен курдашың,

Тоого карай мал айдайт,

Ат минбей жөө айдайт.

Үч чыгып, үч түшөт,

«Физкультура»,-деп жүгүрөт

– Ичеби ак молдону?

– Жаш чагында ишчү эмес,

Майраш аны карматпайт,

«Ичсе карып кетет»,-деп,

Ачуу сууга жакындатпайт.

Тартипти бек сактайт.

– Бырыш барбы бетинде?

– Кап-кара азыр чачтары,

Сакал-мурут өсө элек.

Бетине бырыш түшө элек.

– А тиштери оордундабы?

– Тиштери бүп-бүтүн,

Баарысы тең ап-аппак.

Таң калтырып адамды,

Чогусу менен кашкаят.

– Кандай болгон мал жаны?

– Илгери эле бай эле,

Короосунда кой жайнайт,

Бир үйүр жылкы айдайт.

Уйлары тоодо сайгактайт.

Эчкиси жүрөт жар башында,

Оңой менен карматпайт.

Кийик атып жүргөнсүп,

Тарсылдатып аны атат.

– Күүгүмдө сыртка чыгабы?

– Майраш аны чыгарбайт,

Строго бек кармайт.

Түн кирди болду да,

Кучакташып укташат.

Курдашыңын абалы,

Чыны менен ушундай.

Туура отуз жыл өтсө да,

Отуз жыл кар түшсө да,

Отуз жыл жаз алмашса да,

Койгон тура карыбай,

Бул не деген жаңылык,

Жаман болот чынында,

Карылык деген жарыктык.

Туке досум түбөлүк.

Сен карыбас болгунуң

Мага жагат ошонуң.

***

Чеченди чечен деш керек,

Чер жазып сөздү кураса.

Акылдуу кепке ынанып,

Аны уккан адам кубанса.

Устаны, уста дедик го,

Жыгачты сүртүп сүйлөтсө.

Айылдан айыл аралап,

Атак, даңкка бөлөнсө.

Шумкарды шумкар дедик го,

Асманга сызып баратса.

Анын каардуу үнүнөн,

Айлана бүт жаңырса.

Күлүктү күлүк дедик го,

Күүдөн тайбай чуркаса.

Караандуу көп күлүктөрдү,

Калтырып алга баратса.

Зергерди зергер дедик го,

Күмүштөн буюм жасаган.

Көзүн ачып өнөрдүн,

Көргөн жандар таңданган.

Ар бир кесип ардактуу,

Өнөрдү бекем сыйласа.

Өжөр адам эмгектенип,

Өлбөс болуп даңкталса.

Ар дайыма ардакталып,

Арт жагында из калса.

Таланттуу адам өнөрүнөн,

Таалайлуу болот турбайбы.

Бакытка карай жол ачкан,

Батпастын күнү бу дагы.

Айлым менин Темир Канат,

Өнөрлүү жандар жаралсын.

Аты анын айтылып,

Ардак менен даңкталсын!

***

Энем айтат: « Кеч күздө төрөлгөнсүң

Тээ береги Иймек кыштоо жанында.

Мааратып жылгаларда кой айдап,

Малчы элек өмүр сүрүп биз анда».

 

Адамдар мезгилди тартып калганбы

Бир-бирине дайым окшош тартканын

Өкүнүчтүү көңүлүмдү суз каптап,

Өзүм дагы кеч күзгө окшоп калгамын

***

Туулган жерде Тешик Көлүм бар эле

Жээгинде мен ойноп жүрчү элем.

Жетип барып балалыкта балык кармап,

Жээигинде уктап сергип калчу элем.

Мен улгайып ак чач болуп алыпмын

Андан бери мезгидер өттү атаганат

Шаардыкмын Тешик Көлүм унутпайм

Шаңын чачып жүрөгүмө толкуп жатат.

***

Кээ бир кезде сагынып калганда

Туулган жердин ой кырын аңтарам.

Адырлардан ойдуңдарды аралап,

Ата бабам ырларын таап чыгам.

Ар бир жол, ар бир бадал түбүндө

Атакемин изи калган ал күндө.

Тигил ташка көчүк басып отургандыр

Тизе бүгүп, өз ишине ой кургандыр.

Бобул жерден атчан балким өткөндүр,

Бул булактан бир кезекте суу ичип.

Алыстагы жайлоосуна кетти бекен,

Ак боз атын улам-улам теминип

Жеримдин кокту колот ой кыларын

Ата бабам мага мурас калтырган.

Жаштар өзүп келе жатат артымда

Жаңы муунга мен да белек калтырам

***

Кечөө эле кап-кара эле жок эле,

Күмүш зымдар кайдан келди чачыма.

Эмнени айтат бетимдеги бырыштар,

Эзил курак кайрылбайбы артына?

Күмүш зымдар улгайгандын белгиси,

Күндөр өтөт көбөйүшөт эми алар.

Кайрылгыстай кайып сызып качтыбы,

Каадаланган кайран гана убактар.

Андан ары мезгил өтсө карыйбыз,

Анан дагы жок болобуз убак келсе.

«Жазмасын жазды дешип» унутпай,

Жаштар бизди эске салаар кез-кезде…

БИРИНЧИ ЫР

Айтсаңар боло туугандар

Биринчи ырым кайдан келген.

Жатыркап билбей жатамын,

Жаралды экен ал эмнеден?

Көп жерди мен аралагам,

Далай жерге сапар баргам.

Башкача чоочун кыштактан

Балким ырым жаралган.

Айылдаштар менен чогулуп,

Алыскы тоого сапарлагам.

Ойлондум бекем анда отуруп,

Ошол жактан жаза салгам.

Кагаздарды улам карайм,

Көп ырларды жазыпмын.

Эмнеден келди биринчи ыр

Эстей албай жатыпмын.

Дептерими аңтара,

Ошол ырды таап алдым.

Кагаздагы чыгармага

Кайта-кайта көз салдым.

Биринчи ырым жазылган,

Туулган жерим жөнүндө.

Эстеп баарын жатамым

Эчаакыны алып көңүлгө.

Кагылайын Темир-Канат,

Биринчи ырым сен экенсиң.

Мейкин жерде бир кыштак,

Мекеним арча бешигим.

Мен эстелбей калсам дагы,

Биринчи ырым унут калбайт.

Анткени ыйык туулган жерим

Асылдыкты жүрөгүмө жаратат.

ӨМҮР КУРАКТАРЫ

Оюуну канбай, оюун салып ушул жерде,

Он беш жаш жарда ойногон улак эле.

Жыйырма беш күүлдөп келип үн курай,

Жылгындууда агып жаткан өзөн сай.

Кырк беш жаш жыбылжыган тунук өзөн,

Кыйбас курак кыштоо жактан көрүнгөн.

Элүү беш жаш аша турган бел болду,

Жигиттер чалып келсин чоң жолду.

Алтымыш беш жайлоодон кайткан эл,

Алтын доорун өтөдү го кайран эл.

Жетимиш беш жемирейген жер болду,

Жеткен чектер ушул болот окшоду.

Сексен беш ооздон чыккан куру жел,

Секиден ары көчүп кетти бир топ эл.

Токсон беште томпойгон жер көрүндү,

Толгон өмүр кайтып кетпес өңдөндү.

Өмүр деген жылып өткөн учкунбу,

Өксүк айтпай биле жүрчү ушуну.

Бүткүл союздун жана Кыргызстандын депутаты,

Кыргыз жаштар cоюзунун лауреаты,

ж. б. сыйлыктардын ээси

Беккулу атанын даңазалуу,

атактуу уулу Куттубекке арналган ыр.

Бакыт деген нерсе болот тоголок,

Аны кармап тоголотуп ойнобойт.

Оюнчуктай тоголотуп ойносо,

Оёң жерге түшүп кетип жоголот.

Бакыт деген учуп жүргөн куш болот,

Эр жигиттин колуна учуп куш конот.

Элет жерге куш агытып сергисе,

Эр жигиттин көңүлү учуп оболойт.

Унутулгус жакшы эмгек жаратып,

Куттубектин колуна куш конду.

Жар болуп ата –баба арбагы,

Жаш жигиттин аты калса болону.

Ойлоп көрсөм, айылда жүргөн чагымда жердештериме арнап жазылган жалгыз ушул ыр болуш керек эле. 1983-жылдардын жаз айларында Куттубек республикага депутат болуп көрсөтүлөт. Ошондо мектептин эркек мугалимдери Куттубекти куттуктап, Кара- Колоттогу сарайына барганбыз. Мусажан байке, Шаадат жана башкалар бар болчу. Мага ошондо депутатты куттуктап ыр жазгын дешти. Анан калемимди алып ушул ырды бир мүнөттө жазып койгом. Куттубектин энеси мени куттуктап бир көйнөк кийгизген. Дүйнө деген бир жагынан армандуу экен. Куттубек жаш өтүп кетти. Бирок эмгек деген эмгек экен. Эмгек кылып жаш жигитибиздин аты калды. Демек жаш жигиттин жасап өткөн эмгегин эли унутпасын. Болуп өткөн тагдырга өкүнбөш керек. Анын артында туугандары, балдары жана эли -журту жасап кеткен эмгеги турбайбы.

Анын баардыгы кечөө эле өткөндөй болгон. Чындыгында Куттубек жеткен бийиктикке биздин Беккулу атанын тукумунан чанда гана адамдар жетет. Ошол үчүн анын атын унутпай эстеп жүрөлү. Өткөндөрдүн элесин унутсак, кийинки муун бизди дагы унутат. Алардын элесин ырга салып, кара сөз түрүндө даңктап жазалы. Алардын ыйык элеси унутулгус болуп ак кагазда жазылып кийинки мундарга калсын.

***

Кышында ылдый жатактап,

Кыштоолорго ыктаган.

Жайында көчүп өйдөлөп,

Жашыл төргө бээ жайган.

Узун элдин учуна,

Улама кеп тарасын.

Кыска элдин кыйрына,

Кызык кептер жатталсын.

Комузчусу күү чертип,

Кошуп келип ырдасын.

Кыякчысы кыякта,

Кызык күүнү сыздатсын.

«Кандай дастан болду»-деп,

Карылары сындасын.

Жаман-жакшы жактарын,

Жашырбастан так айтсын.

ТЕМИР – КАНАТ АЙЛЫМА

Кайда барсам жүрөгүмдө

Туулган жерим жашап жүрөт.

Мен кайгырсам кайгырат,

Мен кубансам ал сүйүнөт.

Алыстагы туулган жерим,

Жүрөктө жанган бакытпы.

Алмадай болгон жүрөгүмө

Асыл жерим кантип батты?

***

Жүзбай деле эмесмин,

Миңбай деле эмесмин.

«Эч нерсеси жок такыр»,

Мени жарды дебегин.

Токчулукту, жокчулукту,

Көрдүм окшойт баардыгын.

Ырыс чачып дем берген,

Ыр китеп менин байлыгым.

***

Өзүм менен алпаратам ырлрымы,

Өрүшүм кенен тулган жериме белек деп,

Өскөн жерим мени күтүп жатканбы,

«Ыр жараткан уулум качан келет»– деп.

***

Алыскы тоонун арасында,

Тешик-Көлүм сен барсың.

Жээгиңде чуркап ойноп,

Далай жолу кой кайтардым.

\Бир кездеги балалыгым,

Өткөн сенин аймагыңда.

Жээгиңе келип сууга түшүп,

Бала элем го мен анда.

Өткөн ошол бала чакты,

Саа тапшырып жатамын.

Бала чагым калды эле,

Жоготпой аны сактагын.

Кеткен күндү эстеш үчүн

Келем сага кайтада.

Жагым чачып кубанткан,

Жакшы күндөр алдыда.

***

Тээ арыда адырлар,

Тарам-тарам жолдор бар.

Коктуда атам экөөбүз,

Кой айдаган кыялар.

А баягы аймактар,

Жаш экен го картайбай.

Өзүм эмне чал болдум,

Атам кайда кудай ай!?

***

Баягы момун уулуңар,

Акты алмашып карага,

Алып сатар болгон жок.

Жем издеп желип жутунган,

Жегич деле болгон жок.

Чойтоңдоп элди тескеген,

Чоң деле болуп кеткен жок.

Эли жерин турагын,

Дайнын айтып кайрадан,

Даңазалап ырдаган,

Айдыңдуу журтун ырга салган,

Акын болдум- деп турам.

Баягы жоош балаңар,

Бапырата мал айдап,

Бай деле болуп кеткен жок.

Сый артынан сыймык алып,

Сыйкырдуу болуп кеткен жок.

Каардуу иште ташыркабай,

Калемин колдон таштабай,

Кан-жаны менен ыр жазат,

Кагасын алыс ыргытпайт.

Жазмыштын иши ушул деп

Жазгыч болдум,– деп турам.

***

Жолу тура жашоонун,

Далай тааныштарым жок болду.

Жакшылыгын улам унутпай

Жоктоп турам ошолорду.

Бул өмүрдө түбөлүккө жашоо жок,

Биз дагы кетебиз го кез келип.

Жакшылыкты элге таштап кетели

Кийинки муун бизди жүрсүн эскерип.

***

Кең мейкинде кайрат жиреп баратам,

Келечекте дагы дастан жаратам.

Айыл эмес, бүткүл кыргыз кызыгаар,

Кылымдарга сүйүп окуп бел кылаар.

Акбозум басып өтчү сапар бар,

Алдымда улап өтчү жол жатаар.

Бул дастаным бар болгону бер жагы,

Бир учурда жараткан элем мен аны.

Аман болуп бир жараткан колдосо,

Беккулу ата арбагы анын жар болсо,

Жазганыма талант, өнөр шык консо.

Алды жактан далай-далай бел ашам,

Дайнымды айтып даңазалуу эл жерге,

Дабандарга дабыш берип баратам.

КОМУЗЧУ АКУН АТАНЫН ҮМҮТҮ

Кичинекей баян

Ай туугандар шашылбай,

Бери коё тургула.

Бир баян айтам силерге,

Биригип баарың уккула!

Акун ата улуу комузчу,

Карып калган чагында:

«Өнөрүм калбай калабы,

Өтөмбү эми арманда.

Ынак элем жашыман

Жакшы чертип комузду.

Күүлөрүм калбай калабы»

Күйүттү ойду ойлонду.

«Борборго алып кетебиз,-дейт,

«Бол ылдам эми жөнөйлү».

«Айылда өстүм түбөлүк,

Ал жакка мен көнөмбү.

Айылыман алыс чыга албайм

Кандай гана болбосун.

Элди аралап чет жерден,

Этин жейимби чочконун».

Анан тапты бир амал

«Неберем бар жараган.

Ага комуз үйрөтөйүн,

Аны таптап көрөйүн.

Чоң комузчу болот ал

Эл ишине жараган.

Калбай деле калат го

Кайгылуу менде бир арман.

Бат эле илет күү баянын,

Менден дагы кыйын чертет.

Балам болот комузчу,

Бактыма тобоо каниет».

«Комузчу болот уулубуз».

Бегимат байке жылмаят.

«Элге болот белгилүү»,

Жетине албай делпилдеп,

Жеңем кургур кубанат.

Акун ата, Азык эне чоңойткон

Шаадат анда жаш бала.

Эрке талтаң ээ бербес,

Эпке келбейт башкага.

Аябай кыйнап ата-энесин,

«Айды алып келгин»-дейт.

Айды алып бере албай,

Азык эне кайгы жейт.

«Уулум болсун белгилүү,

Комузчу кылып салайын.

Не бир сонун күүлөрдү,

Небереме калтырайын.

Өзүм өлсөм мейли эми,

Өлүм деген бир келет.

Берилип чертүүчү күүлөрдү,

Берекем уулум жеткирет».

Анан ата берилип,

Шашпай комуз камдады.

Керки менен оё чаап,

Өрүк комуз жазады.

«Көз тийбесин уулума»,

Мойнуна тумар тактырды.

Башына калпак кийгизип,

Даярдап жатты баланы.

Небересин чынында

Комузчу кылып жасамак.

Каадалуу сонун күүлөрүн,

Калың журтка калтырмак.

Азык эне ойлонот:

«Комузчу болсун бу балам.

Эң бир сонун болот эле,

Элге даңкы таанылган.

Баламы Фрунзеге алып кетет,

Телефизордо отуруп комуз чертет.

Атагы бүт элге тарап кетет».

Азык энеме болочоктор элестейт.

Жеңекем улам сүйүнөт,

Жакшы бала төрөпмүн.

Бегимат байкем жылмаят:

«Бизге келет бакыт күн».

Кээ биринде жаш бала,

Такыр комуз кармабай.

Эркелетип баланы,

Эне-атасы сыйламай.

Куурдак куурат балага

«-Ме, уулум жей койгун.

Курсагыңды тойгузуп,

Анан комуз ойногун».

Майга көөлөп талкан салып,

Табакты коёт алдына.

«Күүлөрүңдүн кайрыгын,

Черте бергин садага».

Бала комуз черте албай,

Ал ойлонот башканы.

Пейпайда болуп ата-эне,

Ушунчалык чарчады.

Ал баланын көңүлү,

Алдында турган табакта.

Ал табакка салынган

Аппак таттуу каймакта.

Ата-энеси убара,

Улам батып азапка.

Бул окуя болгон экен,

Тээ береги бир чакта.

Андан бери токтоно албай,

Жердин шары айланат.

Кылым ары узоодо,

Кыш жайды кууп барат.

Айлар жылып токтобой,

Апыл-тапыл узамай.

Акун ата өтүптүр,

Эч изин такыр калтырбай.

Мага айтып берген эле

Бул баянды Шакеним.

Кээ бир нерсе унутулбайт,

Өтүшү менен мезгилдин.

Эске салып кайрадан.

А мен аны ырга салдым.

Аз да болсо туугандарды,

Жылмайтканга жарадым.

А баягы жаш бала,

Комузчу болбой калса да.

Элине сиңп эмгеги,

Шаадат иним эчак алган,

Бир катар сыйлыктарды.

Айтсак алар арбын кеп,

Арбып барат даңазасы.

Төш белгисин эчак алып,

Педагог болгон таланттуу.

Башкалардай арамза эмес,

Адам да ал ынсаптуу.

Ар дайыма таза жүрөт,

Куудуң –шуудуң көрбөдүм.

Ак эмгек менен чоңойтту,

Ата болуп үй –бүлөсүн.

Мугалим болуп иштеди.

Тарбиялап көп балдарды,

Кызматына элдин жарады.

Акун ата, Азык эненин,

Ак үмүтүн актады.

Азыр эли Шаадат менен

 

Баардык журту сыймыктанат.

Өсүп-өнүп балдары

Өркөнү гүлдөп баратат.

Мындай жакшы жигитке,

Ак эдилден чоң урмат?

*********

Өмүр деген бир келет,

Экинчи кайра жаралбайм.

Балалык өткөн жерлерге,

Балким кайра бара албайм…

Мен барбай калсам да,

Туулган жерим бар болсун.

Туугандарым шай жашап,

Турагыма бакыт консун.

Мен көргөндүн баардыгы,

Аман-эсен жашасын.

Кыш өтүп жазга айлансын,

Жергемде жаз жайнасын.

***

КЛАССТАШТАРЫМА

Мезгил агып шарын жээкке ургулаар

Кагылайын бирге окуган курбулар!

Элесимен такыр кетпей эстетип,

Элеңдеген бала бойдон калдыңар!

Өткөн күндөр закымдап

Көз алдыма тартылат.

Мектепте өткөн чагымы,

Мезгилим мага кайырат.

Жылгадагы жылкыладай,

Жыбыратып айдап келет.

Көрүнүштөр, өткөндөр,

Көз алдыма кайрык себет.

Эрбең-сербең чабандес,

Эң сонун кат апкелди.

«Эсте жаз-деп, өткөндү»

Эжейлерден кат келди.

Ал кезек артта калды,

Алыстап улам карааны.

«Аныктап жаз-деп,-өткөндү»,

Агайлардан кат келди.

Теминип учкан ыйык куш,

Тектирди конуп жердеди.

«Терип жаз-деп тарыхты»

Теңтуштардан кат келди.

Кайран гана балалык,

Кайда кеттиң таптырбай?

Мезгил деген өкүм экен,

Тизгинин бизге карматпай.

Учурунда өткөн ал чактан,

Укмуш элес шартылдай.

Караанын эми ал күндөр,

Калган тура кайырбай.

Мени менен окуган

Балдар кайда андагы?

Ар кайда жашоо өткөрөт,

Турмуш өкүм өңдөнөт,

Караан жылып, жыл өтөт.

Үч бала мектепте,

Үч жыл катар окудук.

Билимдин ачып капкагын,

Билип чыктык баардыгын.

Төрт бала келип мектепке,

Төрт жылы катар отурдук,

Байыркы жомок баянын,

Баарлашып топтолдук.

Анда эмесе курбулардын,

Аты-жөнүн айтып берейин.

Бапырап өткөн таалайлуу,

Балалыктан элек элейин.

Беш бала келип мектепке,

Беш жыл катар отурдук.

Беш энеге жазылган,

Беш ырды жатка окудук.

Алтынчы жыл болгондо,

Алдыга канат серпкенбиз.

Алтообуз алты дастандан,

Аңгеме айтып кеткенбиз.

Жетинчи жыл болгондо,

Жетөөбүз бирге окудук.

Жетик билип Манасты,

Желпиниш тоого кеткенбиз.

Сегизинчи жыл сызганда,

Сегизибиз чогулдук.

Аңгеме айтып Алманбеттен,

Ал күндө бирге отурдук.

Жылдан-жалга жыл өтүп,

Жыл мезгили жетиптир.

Күндөн-күнгө күн өтүп,

Күн мезгили келиптир.

Он бир бала мектепти,

Ошентип бүтүп кетиптир.

Айта берсе арман көп,

Армандан да аян көп,

Баштагыны козгогон,

Байыркыны жомоктогон.

Баяндагы ырлар көп,

Өтүп кеткен ал күндөр,

Тарых болот жөрмөлөп.

Мен эми ошол өткөндөн,

Сөз курайын бөлмөлөп.

Силер кулак буруңдар,

Алдыңкы жайга туруңдар.

Ал күндөр кандай өттү,

Анын баарын угуңдар.

Карааны тоодой көрүнгөн,

Кагылайын курбулар.

Ошол күндөн айтылбай,

Кайрылбай кеткен аян бар.

Жомок болуп, баяндалган

Жоодураган күндөр бар.

Жароокер жакшы нур калган,

Жамалы жаркын айлар бар.

Сөзүмө кулак буруңдар,

Карааны чыгып калдайган,

Кагылайын курбулар.

Баягы биз окуган,

Кичинекей класста,

Парта турат биз жокпуз.

Баягы биз окуган,

Кичинекей класста,

Доска турат биз жокпуз.

Баягы биз окуган,

Кичинекей класста,

Терезе турат биз жокпуз.

Курдаштардын өзү жок,

Өзү эмес кара көзү жок.

Доска турат агай жок,

Эмнеге караан калган жок.

Жандай көрүп берилген,

Кашый эже дагы жок…

«А» тамгасын окуткан,

Аруун агай өзү жок…

«Ү» тамгасын окуткан,

Үсөн агай кайда кетти?

Ал кишиден дарек жок.

Өзү эмес кара көзү жок.

Кужулдаган балдар жок,

Куруп кетсин дүнө шок.

Шарылдатып тамга тааныткан,

Шаршен агай а да жок.

Май айындай нур чачкан,

Мария эже бу да жок.

Асейин агай кайда кетти?

А кишиден дарек жок.

Апыл-тапыл дүнө шок,

Андагынын баары жок.

Суу башчысы Сулайман,

Менден эмес кудайдан.

Адагы жаш жигиттер,

Ак чач болуп улгайган.

Баардыгыбыз он бир элек,

Он бир бала окуган.

Билим кенин чокуган,

Ошолордун баянын,

Ойлоп жазып отурам.

Бешөө анын кыз болчу,

Беш булак агып сызылган.

Беш кыз бантик тагынган,

Бешөөнө арнап ыр жазгам,

Беш кайыңым шуудурайт

Жагымы анын балалык.

Жаркыткан адам көңүлүн,

Жаштык күндөр ажайып.

Көркөм беш гүл ыргалып,

Өзүнчө ыр чыгарып,

Ырыстуу ошол беш гүлдүн,

Ырлары бизге ажайып.

Жогоруда беш булак,

Бизде окуган курбулар.

Мыскал, Жамал сен экенсиң,

Бопуй жана Бегимжан,

Калтар тура ыргалган.

Ынактарга берилип,

Ышкым толо ыр жазам.

Курбу, курбу, курбу саз,

Куркулдап учат өрдөк каз.

Курдаштарга сыр ачып,

Кудуңдай барам ыр жазып.

Ошол бешөө беш чүрөк,

Бийик көктө көрүнгөн.

Сапар кеткен бешөөнөн,

Үл-бүл элес төгүлгөн.

Бешөө кеткен жакты карап,

Беш энемен ыр түзөм.

Таш кыяда эл келет,

Ташыркап бир ат келет.

Бийик турган белди өрдөп,

Бир эр жигит салт келет.

Көк кыядан эл келет,

Көк жорго деген ат келет,

Көчтү сүрөп алдыга,

Көөнөрөс бир эр келет.

Алты бала эшек минип,

Аңыз бойлоп келишкен.

Бапыратып таалайлуу,

Балалыктан баян эшкен.

Алты бала кунан минип,

Адыр ашып бараткан.

Жагымы жанга шок келген,

Жаштыктан баян тараткан.

Ошол алты баланын,

Баяндайын аттарын.

Класста кимдер бар эле,

Баарысын тең тактайын.

Куркуйган бала Бактыбек,

Сары бала Жаштилек.

Кара бала Турарбек.

Жылкы бакканда төрөлгөн,

Жылдыздуу бала Жылкыбек.

Берки бала Жамансарт.

Кичинекей жоош бала,

Абакирдин Кадыры,

Айылдаштарды сансам,

Алты болду баардыгы.

Куркуйган бала зав караж,

Сары бала соодагер.

Кара бала Көңдөйдүн,

Кадыры өткөн шопуру.

Тоголок бала каадалуу,

Ачендик болуп отуру.

Берки калган экөөбүз,

Кенен көлдөй турмуштун,

Кемеси болуп сүзөбүз,

Мугалим болуп жүрөбүз.

Отуз жыл куушуп өтүптүр,

Андан бери санасам,

«Таптырбай өмүр өттү»-деп.

Таңданам да баш чайкайм.

Ошол күндү элестерин,

Ойго салып баратам.

Караанына кол сунуп,

Кармай албай таң калам.

Ак Кядан көч келет,

Акбоз бир ат келет.

Артына карай кайрылып,

Акбозум неге кишенейт?

Көк Кыядан көч келет,

Көк аргымак ат келет.

Көк аргымак жөн турбай,

Көктү карап кишенейт.

Аргымак ал-балалык,

Ашуу ашып бараткан.

Мезгил эмне мынча күлүк,

Ошону ойлоп таңданам.

Ыраакта калган күндөрдү,

Ырыма коштоп баратам.

Бапырак ошол күндөргө,

Барайын дейм, бара албайм.

Кудай кошкон курбулар,

Куландай соо бололу.

Кайрылып Көңдөй жерине,

Каркыра болуп конолу.

Каткырышып сыр чечип,

Кайрадан бир бололу.

Күңгүрөнүп күү черткен,

Күмүш жаак жез комуз.

Күндө чертсем добуш жок.

Күүгө келбейт досторсуз.

Айдыңдантып чертилген,

Алтын жаак жез комуз.

Абалата чертип кирсем,

Абаны чыкпайт досторсуз.

Бизди окуткан агайлар,

Калың журттан бата алган,

Карыя болуп төрдө отурган.

Бизди окуткан эжейлер,

Ак элечек салынган,

Адамдардын оюндагы,

Алкышына татыган.

Кайрымдуу ага Кадырбек,

Кадыр-баркы эстелет.

Айтылуу Үсөн агайды

Кайрылып эске салабыз.

Айдыңын айта барабыз.

Кулуке, Саяк агайлар,

Эркиндик жана Мусажан,

Орус эжей Мария

Орус тилден берчү эле.

Эмгиче өтүп кеткендир,

Элеси бирок эсимде,

Оң жаагын таянып,

Ойго батып отурчу эле

Калкылдап жылдар сызса да,

Карматпай алга учса да,

Эжей турат эсимде

Сыйлуу болчу жашынан.

Кадырман ага Карагул,

Каадалуу болчу жашынан.

Баардык, баардык агайлар,

Эзибизден кетпеген.

Өмүрдүн жазын аяктап,

Алтын күздү беттеген.

Көк Кыядан көчкөн көч,

Көксөгөн жерге жеткендир.

Көч башкарган эр жигит,

Көөнөрбөс Көңдөй элдендир.

Ак Кыядан көчкөн көч,

Айдыңдуу жерге жеткендир.

Ак боз минген эр жигит

Ак калпак Көңдөй элдендир.

Бир кездеги бирге окуган курбулар,

Тагдыр экен ар кай жакка тарады.

А баягы чурулдаган балдар жок,

Класс болсо мурункудай ээн калды.

Мезгил деген кайда алпарып таштады,

Шар суудай октос берип темине,

Шамал аны башка жакка айдады.

Класс ичин улам-улам каранам,

Ошондогу бирге окуган балдар жок.

Элес кетти, баардыгына таң калам.

Шамал –мезгил небак жылып кетиптир,

Парталарга башка балдар келиптир.

Балалык кез бир жарк этип жоголуп,

Эзибизде жанган элес кетпептир.

Турмуш деген шар экен да, бар экен,

Балалыкты биз унутпай туралы,

Баарлашып-аңгеме дүкөн куралы,

Партадагы бирге өткөргөн күндөрдү,

Балалыктын бир өзүнөн бүткөнбү,

Ар адамдын денеде каккан жүрөгү.

Ошондогу татынакай кыздарды,

Унутпастан кайра эскере баштайлы.

Кыз деген конок болот бир келген,

Жолукканда «классташ»– деп сыйлайлы.

Убакыт таап жолугуша жүрөлү,

Эстеш үчүн небак өткөн күндөрдү.

Айтып бүткүс аңгеме, жомок экен

Алтын көкүл балалыктын өткөнү.

Унутпайлы Темир-Канат мектебин,

Унутпайлы балалыктын кездерин.

А тамгадан билим берип жетилткен,

Аман болсун ошондогу агайлар.

Дайынды айтып аман-эсен жүрөлү,

Дагы далай жолугуучу убак бар.

Унутпайлы Темир- Канат мектебин,

Унутпайлы жаштык күндүн кездерин.

Картайбастан аман-эсен жүрсүнчү,

Кагып-согуп бизди окуткан эжейлер.

Ар бирибиз соо-саламат бололу,

Алдыбызда күндөр жатат кезигеер.

Сапар алып кайда гана жүрбөйлүк,

Сапар алып самолёттчон өтөлүк.

Сапар алып поезд менен көчөлүк,

Тирүүлүктү бу өмүрдө туу тутуп,

Соо-саламат амандыкка умтулуп,

Унутпайлы Темир-Канат мектебин,

Унутпайлы балалыктын кездерин.

КАЙРАН ЭЛ

Жеп ичкич болуп башчысы

Жең ичинен пара жеп.

Жем таппай куруп айласы,

Желип-жортуп сандалып,

Жели чыкты кайран эл.

Тамагын оңдуу таба албай,

Тамтыгы чыгып сандалмай,

Кары, картаң чалдары

Карызгага капталмай.

Алып сатаар соодагери,

Арыктагы чөп болуп,

Андан дагы көп болуп.

Азап тартты кайран эл,

Абалтадан калган эл.

Аракка тоюп алышкан,

Арып калган чалдары.

Бок ооз сөздү оозанышат,

Зөөкүр тартып жаштары.

Бычакташса жулунуп,

Коркунучтуу кайгы учуп,

Кокуйлаган кайран эл,

Кордукту көрүп келген эл.

Эл башкарган кишиси,

Тарп аңдыган жорудай,

«Келе, келе, келе»,– дей берет.

Топукту улам жоготуп,

Тойбос болгон жоругу ай.

Кайдадыр жакка сапарлай,

Калтырып ата-конушун,

Жаштары кетип жатышат,

Жанына алып жолдошун.

Бөлүнгөн соң алысташып,

Көрүшө албай азап тартып,

Бөлүнбөй жүргөн кайран эл

Бөлүнүп эми калган эл.

Ичкилик ичет уялбай,

Бойго жеткен кыздары.

Жарымы чын, жарымы калп,

Жарымы арак, жарымы суу

Аракка улам чыланып,

Азап тартпа кайран эл

Хан Бакайдан калган эл!

Жумуштан качып жигиттери,

Байпак сатып отурат.

Баардыгы эле соодагер

Эч нерседен уялбайт.

Бирин-бири алдай салып,

«Баарысы эле байыйм»,– дейт

Эбелейдей себелек,

Элден ашып кетем,-дейт.

Койду чайга алмашып,

Арзан кетти кайран мал.

Анысына жаны ачып,

Азаптанды кайран эл.

Ар биринин малдары,

Бир четинен уурдалган.

Алсызга күч көрсөтүп,

Алдуусу чыкты жулунган.

Атаны кокуй кайран эл,

Азапты көрүп келген эл.

Билимсизи көп болуп,

Караңгылык каңгыган.

Эркек эмес аялы,

Өкүртө ичип аракты,

Өкүм сүйлөп шаңшыган.

Өсө албаган кайран эл.

Улуусунан уят качып,

Кичүүсүнө жалаа жармашып,

Кара аламан калың эл,

Капага батып калган эл.

Азапты жеңип чыкканы

Аттанып чыкты кайран эл.

Каары кайнап чыңалып,

Кайраттанды кайран эл.

Жалмап-жулуп жуткандарды,

Журтту азапка салгандарды.

Эл байлыгын жалмаганды,

Эл ичинде жамандарды.

Бөтөн элге карматып,

Үзөнгү-Куушту саткандарды.

Көкөтөйдүн ашы өткөн,

Көп жыйындын башы өткөн,

Алдырып ийип башкаларга,

Каркыраны саткандарды.

Адам эмес жалаңкыч,

Жалаңкыч эмес жан алгыч,

Албаң-шалбаң талпактатып,

Айдап чыкты Акаевди,

Айбаты күчтүү калың эл.

Аялы чыкты түрү суук,

Калың элди башкарып.

Баардык болгон байлыкты,

Балдарына талатып

Кум-Төрдү алтынын,

Ой-боюнча талады.

Желип-жортуп жутунуп,

Желмогуз чыкты балдары.

Эл башчыны кууп чыкты,

Башын байлап өлүмгө.

Кээ бирлерин отургузду,

Кармап алып түрмөгө.

Түрү суук желмогуздардын

Жанын сурап жатышат.

Колго түшсө жалаңкычты

Жанын сууруп алышат..

Адам эмес жалаңкыч,

Жалаңкыч эмес жан алгыч

Белинен кармап омкоруп,

Элден сүрүп жоготуп.

Эл башында кайран эл.

Баатыр Бакай баш болуп,

Баарысын тең жеңген эл.

Барктуу болуп башынан,

Байыркыдан келген эл.

Түгөнөт десе түтөгөн,

Түбү түптүү кыргыз эл

Бабалар жолун улантып,

Байыркыдан келген эл.

БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ

Бул китепти мен жазында баштагам,

Чөптөр өсүп гүлдөр жайнай баштаганда.

Күкүк кушум эң бир сонун үн салып,

Күүгө келип, айланам гүлдөп жатканда.

Мына эми кыш келгенде аяктадым

Жазып бүтүп эң акыркы саптарын.

Жазганыман чыны менен не таптым,

Жазмаман кандай ишти жараттым.

Мени менен бирге жүргөн жандардын,

Аз болсо да, бир элесин бере алдым.

Өздөрүнүн көздөрү өтүп кетсе да,

Өмүр сүрүп ырларымда жашасын.

Айланамда адамдар аны окуйбу,

А бул жумуш тааныштардын өз иши

Өтүп кеткен жакындарды эскердим,

Алардын да балким келеер элеси.

Эч бир адам жашабастыр түбөлүк,

Бир кезекте кетебиз го биз да өтүп…

Дал ошондо бизди эскербей отурса,

Рейтинг@Mail.ru