bannerbannerbanner
полная версияБабалардын баяны 2

Кадыр Абакиров
Бабалардын баяны 2

БУГУ ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ УЛАМЫШ

Санжыра боюнча кеп баштасак ошол Кылжыр атанын эки уулу болгон Орозбакты жана Дөөлөсбакты. Орозбактыдан: Болотмырза, Асанмырза, Карамырза,Токочмырза, Мырзакулмырза деген беш уул төрөлөт. Алар атак-дактуу Орозбакты бийидин балдары эмеспи, кебетеси уулдарым сылык, сыпаа, кербез жана бай болсун деп ар бир баласынын атына «Мырза» деген атты улап койсо керек.

Уландарынын эң улуусу Болотмырза эле, ал узун бойлуу, арыкчырай болгондуктан келиндери аны «Арык» аке деп тергешчү экен. Асан чакырганда Болот аты унутулуп, Арык аке же Арыкмырза болуп аталды. Тагдырдын жазмышыбы туугандардын кичиүүсү Мырзакулмырза жаш кезинен эле айыкпас дартка чалдыгып, жакындарын убайга салып, «Оо» дүйнөгө сапар алып кете берди. Каза болгон адамдын балдарын асырап алаар жөлөк таягы Арыкмырза бар экен. Ал жаратылышынан ар нерсени туура баамдаган эстүү адам эле. Инисинин балдарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай кор кылбады. Мырзакул мырзанын уулдары Алсейит менен Тынымсейит атасы менен бир туугандарынын көз кырында турмуштун оош-кыйышын жаман-жакшыны көрүп кагыла, согула карышкырдын күчүктөрүндөй кайраттуу чоңоюп келатышты. Арыкмырза калыс, ары акылман, ары бир айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыккан адам болуучу. Анын жетим жесирлерге эл журтка кайрымдуулугу ошол учурдагы көчмөндөрдүн арасындагы кадыр-баркын бир топ арттырып салды. Анан Алсейитке Арыкмырзанын таасири тийдиби ары чечкиндүү,ары баатыр чалыш тартып, жакшы деген атакты алып, жакшы-жаманды көрүп, жашынан эл башкарганга көнүп, кийин бий боду. Жанындагы көчмөн калмактар менен тынч жашап, карым-катнаш дегенди билип, ар-бир нерсени орду менен чечип, иш билгилерче өмүр сүрүп келатты.Элде байыркы «Вазир жакшы,хан жакшы. Аял жакшы эр жакшы» деген кеп тегин жерден чыккан эмес экен.

Алсейит бийидин баш кошкон жары кайберен кызы бугу эне болгон дешет. Эмесе сөз оролу келип турганда, бул уламабызда ошол ата менен эненин санжырасын анча-мынча болсо да баяндап, кеп сала кетели. Алар окуучубузга дайын болсун.

***

Улуу тоо кичкисин суук тартып, аяк оона айы жылып,ай жаңырып жаткан убак болчу. Эл очокко ыктап, отсуз отура албай калга маал эле. Кол араага жарап калган балдар өгүз, ат минип, кышкыга отун камдай башташкан. Адамдар алыскы жайыттан ылдыйлай суугу жок далдаа жерлерге түшүп, шамалдан ыктоо жылуу чөлкөмгө байыр ала башташкан. Эркин аймактын чөбүн оттогон улуу тоонун кайберен аркар, кулжа, текелери кышкыга май камдап нык семирип калган учуру болчу. Күздөгү бийик тоолордун сары сойгок чөбү баягы жайдын маалындагыдай болбой жашыл өңү небак бозоргон. Ушул күндөрдүн биринде Орозбактынын үчүнчү уулу Асанмырза иниси Карамырзанын үйүнө кирип келди. Карамырза төрдө күзгү кымыздан ичип кийиктин кабырга этин курч бычагы менен ырахаттана жеп отурган эле. Сырттан агасынын кирип келгенин көрүп:

–Келиңиз аба,– деп төр жактан орун бошото ылдый отурду. Карамырза аялына белги берди эле ал чөөгүнү көтөрүп, улуу кишинин колуна суу куюп, суу жоолукту карматты. Кайнагасы келинин алкай:

–Кагылайын балам, теңирим тилегиңди берсин, башыңы бакыт жылоолосун,-деди.

Аял дасторконду кеңейтип, кийиктин эти бар табакты эки бир туугандын алдына койду. Чарада жайлы-жайлай семирген кайберендин эти бар эле. Ага-ини тамакты ырахаттанып жеп, жай сүйлөшүп отурушту. Алар аба ырайы, калмактардын келип-кеткенин, Нарын суусунун тартылганын, жырткыч бөрүлөрдүн айылга жакын келгенин аңгемелешти. Оттоок издеген кийиктер кайда ооганын, азыр кайсы жерде чөп калың экенин жоромолдошту. Жакшы эттен кийин бир чыныдай чай ичишип анан күзгү кымыздан жутушту. Сөздүн аягында Карамырза жоон үнү менен төмөндөгүдөй ойду баяндады:

– Ала Мышык тоосуна баралы ал жактын чөбү калың күз мезгилинде кийиктер ошол жакка ооп кетти. Кайберендер бара-бара Кум Белди ашып Ак Кайкыны өрдөп Ичке Төргө жыла электе бир нерсе атып алалы деп кеңешти.

Асанмырза кара мурутун сылай башындагы тебетейин жерге коюп:

– Мейли ошол жакка баралы, кудайга жалынып ак бараңга окту уралы,– деп жай сүйлөп жооп берди.

Эки бир тууган сөздү бүтүрүп эртеси аңга чыкмай болушту. Мергенчилер эч жакка чыкпай үйлөрүндө отуруп жумуштарына камылга көрүп жатышты. Экөө тең жаштайынан чечекейди жара аткан атактуу аңчылардан эле. Алардын таякелери аңчылыкка шыктуу болгон. Кебетесм бул жөндөмдүүлүк аларга ошол тараптан оошкон шекилденет. Эртеси эрте туруп, аттарды токуй артмагына азык салып, таң агарып кулан өөк тартканда аңчылар тоого жөнөп калышты. Эки атчан жолдо сербейишип, Ала Мышык тоосуна карай кетип баратышкан. Алар бул жерге далай мертебе келген. Ошол жолдо олжолуу күндөрүн бактылуулук менен эскерип баратышты. Ушул тоонун кайберендери булардан чочулашып башка жактарга кетебиз деп дүбүрт таштап турушту. Эл арасында мындай деген сөздөр тарап кетти «Аңчылар улуу тоонун кайберендерин дайны жок көп атып, жиберишти. Аларды кысталыш кезде атса болбойбу, дайны жок жогото берсе, Теңир Тоолорубуз кайберенсиз калбайбы» деп кайгырышты. Алар баратышкан тарап итабар өр эле. Жайлы-жайлай эркин тоонун чөбүн жеп семирген жылкылар өргө карай братып бат эле күшүлдөп-бышылдап калышты.

Тоонун ийри-муйру жолу таштак келип, өр, бурулуштар алдыдан жолуга берди. Мергенчилер бийикке көтөрүлүп тоонун үстүндгү тектирге чыга келишти.Эртең менентен эле күн бүркөө болуп, ала булут калыңдап тоо жактан ылдый карай жылып, бат эле күзгү жамгырдын сабалай төгүп келиши, мергенчилерди шаштырып салды. Алардын кийими жети кабатынан бери суу болуп, чыдай албай калышты. Күз күнүнүн жамгыры экөөнүн шайын кетирип, Карамырза агасына:

– Аба, бир жерге жашынбасак болбой калды. Киймибиз суу болуп шөмтүрөдүк.

Алар тоодо өсүп ысылы-суука чыдамдуу адамдардан эле. Ат тизгинин бош коё берип абай-сабай катуу келатышты.

Асанмырза Карамырзага жакка эңкейе:

– Кудай буюрса, Ала Мышык тоосуна жакындадык. Тетиги бадалы аркайган таштын ар жагында чоң кара үңкүр бар. Ошого баралы,-деди. Суу болгон ага-ини аттарын шөмүрөңдөтө желдире үңкүрдү көздөй чаап баратышты. Экөө унааларынын чылбырын бадалга байлап, шашып-буша үңкүрдүн ичине кирип келишти. Үңкүрдүн ичи отуз-кырк кой батчудай кенен экен. Киргендер үңкүрдүн төр жагын элейе карап калышты. Ошол жакта көңүлүн өзүнө бурдуруп бир кыз отурат. Үңкүрдүн ичи ачык жашыл нурга толуп, жашоонун, өлбөстүктүн элесин берип тургансыйт. Тээ арыда кайберендин улактары кепшеп, айрамдары уктап жатат. Улактардан бери кичинекей ысык булак шылдырт чачып агып жатат. Ошонун илебиби үңкүрдүн ичи күкүрт жыттанып өтө жылуу. Периште жылмая эки бир тууганды карап: «Келгиле дегендей»– башын ийкеп койду. Андан берде кайберендин, бирде кыздын бирде элечекчен эненин элеси тартылып турду. Элес бирде көрүнсө, бирде көрүнбөй калып жатты. Кыз туруп кийиктин туягына жолочуларга айран куйуп берди. Аш өтө ширин укмуш даамдуу эле. Алар берилип ичип жатты бирок түгөнөөр эмес. Мергенчилер кызга ыраазылык билдирди.

Асанмырза өткөн байыркы санжыраны, болумуштарды жатка билген куйма кулак адам болчу. Орозбакты карыя байыркы ата-бабанын уламасын ар дайыма айтып береер эле. Ал балдарына кайрылып калчу:

– Менин силерге калтыраар эч текем жок, болгону ата-бабанын санжырасын айтып берем, аны силер эсиңерге бекем тутуп калгыла,– деп анан улуу сөздөн баян козгоочу.

Мергенчилер улуу тоонун кайберени жөнүндө сырдуу жомок уламыштарды көп эле уккан. «Бул перизат ошолордун тукумунан экен го»– деп даана баамдап турушту. Кыз керек болсо кайберенге, андан кайра кызга айланып, кетеери белгилүү болчу. Эки бир тууган бул кубулуштун кереметтүү экендигин бу кызды таштап кетүүгө болбой тургандыгын дароо сезди. Бул көрүнүштүн артында сырдуу элестер жашынып жатканын баамдашты. «Алар кайберенди көп аттык эле же ошолордун элеси бир балее кылыш үчүн көрүнүп жатпасын»– деп ойлошту. Экөө аң уулап келгенин унутуп калышты. Улуу эмеспи сөздү Асанмырза алды:

– Перизат сен биз менен кет, бул жерге өзүңдү жалгыз таштабайбыз.

– Абалар, мен силерсиз эле улуу тоолордо жашап келгем, Теңир тоолор менин конушум кайберен менин жек жаатым болот.

– Аны билебиз биз деле Теңир Тоонун кайберендерин сыйлайбыз. Бул жерлер ата-бабабыздын өскөн турагы ,– дешти аңчылар.

– Абалар, айтканыңарды кубаттайм тоолордогу кайберендерге кастык кылбагыла, көп атсаңар каргышка каласыңар, жаман болот,-деди кайберен кыз.

Сүйлөшүп отуруп перизат кыз алар менен кетүүгө макулдугун берди. Мергендер бул кызды жаратканым берген белек экенин эгерде муну албай таштап кетсе, бир жаман иш болоорун сезишти. Кыз кетеерде тоо жакты эки-үч жолу карап алды. Анан эле кыз кетеерде кайдан-жайдан кайберендердин тобу пайда болду. Алар кызды армандуу узатып жаткансыйт. Тигинде улактар кулжа, аркарлар, таш үстүндө тизилип кызды аянычтуу карап турушат. Кичинекей улактар чуркап келип, кызды тегеректеп аны узата баштады. Кыз аларды колу менен баштарын аяр сылап коюп жатты. Аңчылардын кулагына кайберендин маараган жылаажындуу назик үндөрү далайга угулуп турду.

Экөө сапарлай айылга карай аттанышып, Асанмырза үйгө эртереек келип, Теңир Тоодон перизат кыз таап алганын тааныштарына кабарлады.

Карыялар жалпы эле айылдын эркектери Арыкмырзанын боз үйүнүн жанындагы бийик дөбөдө өткөн-кеткен бабалардын санжырасын кеп уруп отурушкан эле.

Асанмырза дөбөгө чыгып аттан түшүп ийиле:

–Улуу урматтуу аксакалдар биздин башыбызга баш, малыбызга мал кошулуп, Теңир Тоодон кайберен энени тукумунан перизат ургаачы таап келатабыз.

Карылардын ичнен сакалын толук ак чалган эң улуусу мурутун сылай мергендерди күлмүңдөгөн көзү менен карап:

– Болсун, болсун баатырлар салбырынга барып, кудайым шыбаа айтып сапарыңар олжолуу келиптир, улуу тоонун перизаты тегин пенде эмес. Ал көрүнгөнгө жолукпайт. Кайберен эне колдогон кайып силерге буюрган тура,– деп акылман карыя сакалын бажактата элге жакшы сөзүн агылып-төгүлүп кабарлап турду.

Арыкмырза:

– Аңчы инилерибиз улуу тоодон олжолуу болуп кайберен эненин кыз баласына туш болуптур, акылман карыялар алакандай элибиздин душмандары аз эмес, бирин-бири көрө албас кастар бар, андан сырткары чыгышта кара курттай быжырап калмактар турат. Дагы түштүктө күлүк аттары менен удургутуп уйгурлар жүрүшөт. Алар дини-тили бир болгон менен кээде душмандыгын салып кетет. Кытайлардын биздин жерге көз артканы тээ байыркы замандан бери келатат. Баары бизди басып алганы жутунуп турушат. Аз элибиздин айласы кетпесин. Алиги Манас баатырды Манас кылган Каныкей энебиз эмеспи. Курманбек баатырды алга сүрөгөн Айганыш зайып. Умай энелер берген акыл менен баарын жеңип алабыз. Отургандардын арасынан бирөө сөздү ары жиреп кетти:

 

– Ооба жаш болсо да Арыкмырза инибиз туура айтат. Акыл баарынан тунук жана айкөл. Калмактын даанышман байбичеси Бапик Чатху Коңтаажыны киши кылып жүрбөйбү. Ал эки карыш басса да, акылман кемпири менен акылдашат экен. Чачылган калмактарды ошол кемпир эл кылып жүрбөйбү.

Сөздү кайра Асанмырза алыды:

– Кыргыз кыргыз болгону көп эле акылман аталар менен энелер өттү. Сөздү башка жакка бурбай Наалы эжени эле алалычы. Ал элди журтту бириктирген акылман заада таза адам эмес беле. Каныкей энебиз болбосо, Манас, Манас болбойт эле го. Кыргызды кыргыз кылган ошол энелерибиздин салымы көп эмеспи. Инилерим Асанмырза менен Карамырза таап келген кайберен кызы бизге буйруп, журтубузга акыл шыбаа айткан ыйык ургаачылардан болоор. Анын жарыгы биздин ыйык журтубузга тиеер.

Бир жигит чуркап барып боз үйдөн кол чаначка кымыз алып келди. Суусундукту сыр аякка куюп улуулата суна баштады. Арыкмырза бир жигитти чакырып, ага акырын сүйлөп, колун жаңсап, буйрук берди эле, ал үйгө чуркап барып, аркан ала Ак Желе айгырдын үйрүнөн, ак боз бээни кармап, үйдүн жанынан жетелеп келди. Арыкмырза дөңдө отурган ак сакалдарга:

– Айланайын карыялар! Асанмырза менен Карамырза Теңирдин Ала Мышык тоосунан жөн келбей кайберен эненин кызын ала келиптир. Башыбызга баш, малыбызга мал кошулганы жатат. Ошого түлөө кылып мал союп, бата кылалы,– карыялар кепке макул болуп баштарын ийкеңдетти. Отургандар ээрчише боз үйдүн жанына келди. Өтө узак жашка барган карыя алаканын жайып, жараткан арбак теңирге бата жолдоп турду:

– Кагылайын Теңирим! Улуу жаратканым! Кыргыз алакандай эле элбиз, айлнабызды душмандар курчап турат. Ушундай капсалаңдуу күндө журтубуз аман-эсен болгой эле. Душман колунан жок болуп, дайынсыз чачылып кетпесек экен. Акыл салаар, эл башкараар адамдарыбыз көп болсо экен. Башыбызга баш кошулуп, алыскы журттар менен дос болуп, элибиз азап тартып, кыргын сүргүндө калбаса экен. Мекен туткан Теңир Тообуздан кетпесек экен. Байыркы бабалардын алтындай сөзү бар: «Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт»,-дейт.– Кагылайын туугандар мына ошону эске алып бата кылып койгула!– деди карыянын сөзүн угуп, баардыгы кол жайып бата кылышты. Отургандар кайта дөңгө келишти. Алар ата-бабалардын өтүп кеткен санжырасынан кеп козгоп узак аңгеме дүкөнгө киришти. Баарынын оюу чогулуп, бир бүдөмүктүү нерсеге такалды, бир даары ошону сүйлөй албай тунжурашты. Теңир Тоодон келген кызды кимге ыйгарабыз?

Сөздү Арыкмырза алып:

– Эми мергенчилер алып келген кызды кимге ыроолойбуз, кыз экен бойго жетип калыптыр. Биздин Кылжыр атанын тукумунун бирөөнө ыйгаралы тоодон табылган пенде умай эне колдоп, ак элечектүү элге-журтка байымдуу эне, бала-чакалуу болсо болду.

Ал бир аз тыным алды да:

Ырахматы болгур, Мырзакул иним өмүрдүн ырахатын көрбөй тиги дүйнөгө жаш кетти. Анын эрте кеткени менин дагы азаптуу күйүтүм болуп саналат. Анын уулдары Алсейит менен Тынымсейит жерден боорун көтөрүп тың чыгып, келатат. Жаратканым ошол оюмду бекемдесин. Алсейиттин үйлөнгөн теги анчейин болуп, чекебизди жылыта албады, айланайын туугандар мен десеңер Теңир тоолук кайыптан табылган кызды Алсейитке ыйгаралы. Ошонун башына баш, малына мал кошулсун, сүйлөп жаткан адам көзүнүн кыйыгы менен аңчы инилери Асанмырза менен Карамырзаны карады. Алар эмнегендир жактырышпаган таризде турганын сезди. Таап алган олжосун Алсейитке ыйгаргысы келбей турушкан эле. Арыкмырза эки инисинин көзүн тике карап, силердин олжо тапкан акыңарга мен карышкырга алдырбас, камчы салдырбас айгыр Ак желгени үйрү менен кармап берем,– деди.

Эки мерген бул сөздү угуп, өңүнөн кубанычтары жана түштү. Аңчылык менен алышып жүрүп, аларда камбар ата тукуму такыр эле аз болчу. Суусар тебетейин башынан алып оңдой кийип Асанмырза сүйлөдү анын тоо суугунун ысылы суугунда жүргөндүктөн кашка тиштери түшүп, суук тийип жүдөп жүргөн эле:

– Мейли агабыз эле айткандай болсун. Алсейит биздин да уулубуз болот. Ошол кургурдун бактысы ачылсын,-деди чын ыкласынан Арыкмырза Алсеитке:

– Алсейит балам бактың ачылсын кайберендин кызына үйлөнүп жатасың эми оордуңдан туруп ата салты боюнча камылгаңды көрүп, бобу карыялардан эл – журттан бата ал,-деди ырайымдуу карап Мырзакулдун баласы Алсейит жаштайынан атасынан эрте ажырап, жок- барга кабылып, анын үстүнө алган жары анчейин чыгып, ысылы- суукту көрүп, бир топ чырак өсүп келаткан эле. Байыркы бабалардын каада салтын билип, адамдын ички сырын көз карашын айттырбай туюп турчу. Журт башкараарга да жөндөмдүү жактары бар болчу. Мындай кезде жоо ирегеде турганда эл башкаруу деле азаптуу иш эмеспи Алсейит оордунан туруп:

– Ырахмат аталар айтканыңар келсин, мен силер менен болоюн,-деп ийиле үйүн көздөй шашыла басып жөнөдү. Ошентип Арыкмырзанын айлында Алсейит кайберендин кызына үйлөнүп, той шаанисин кылып жатты. Шамдагай чабандеске күлүк аттарды мингизип алыс-жакын орун алган туугандарга, элдин урматтуу адамдарына кабар айттырып жатты. Паразаттуу эл башкарган адамдар келип, тамак жеп бата берип, кетип жатышты. Алсейит кайберен кызга үйлөнгөндөн кийин анын үйүндө адамдар үзүлгөн жок. Ошондон баштап Алсейиттин башына- баш, малына-мал кошула баштады. Акылман ургаачы Алсейиттин ишин астыга жылдырып жатты. Аял эркектин оюу бир жерден чыкса иш оңолот эмеспи. Эл тынч жашап калмактар менен алака түзүп, эки журттун ортосунда аз да болсо ынтымак куралып, кооптуу дүрбөлөң азая баштады. Анан иштин баары жайында болуп, убакыт көзгө илешпей зымырай закым жасап өтүп жатты.Теңир Тоолук кыргыздар Алсейитти бий кылып шайлап алды. Ал акыл билги адамдын ич койнуна тез кирип кетип, пенденин ички сырын айттырбай түшүнчү. Кылжыр ата сыяктуу боюу бийик денеси тарамыштуу келип, тулкусуна кут уютуп койгондой баатыр сымал адам болгон. Байыртадан бери кыргыз эли баатырдык менен сыймыктанып келген эл эмеспи. Жоо капталдан күч алып турганда өздөрүн-өздөрү коргобосо ким коргомок эле. Мындай кезде элди башкарганга акылман адам керек болот турбайбы. Бирок кыргыздын аягы тиги Алай тоолорунда, түндүгү казак чөлүнө чейин чачкын болуп, бири-бирине ыраак катташпай биримдиги жок болуп жатпайбы. Келечекти ойлогон Алсейит бий калмактар менен эриш аркак чатагы жок жашоону самады. Жээ элдин ынтымакка бириктирип күчтөнтүп алууну каалады. «Кара курттай жайнаган кытайлар менен калмактар каптап кетсе элибиз чоң бүлгүнгө түшүп тагдырыбыз эмне болот. Тукумсуз калабызбы – деп санаа чегет. Ошол үчүн калмактын тайшысы эмнени буюрса ошону аткарып турабыз. Анан элибиздин амандыгын сактайбыз, жоо болуп эч кимге катылбайбыз -дейт. Абалтадан бери Теңир Тоону мекендеп келген элибиз бир-бирибизге тең ата журтпуз»– деп үнүн көтөрө сүйлөп калмак тайшысынын алдына сыпайлыгын салып анча башын ийген эмес. Калмак тайшысы да атам замандан бери кыргыздар менен коңшу келгенин эстеп, буруттар аттарын куюндата шамдагай баатыр чалыш келеерин жана мыкты эркекери бар экенин сезчү. Алар менен кармашуу жакшы натыйжа бербестигин туюп кыргыз журту менен тынчтыкта жашоону алар да самады.

Кайберенден келген кыз көзү ачык пенде болуп, ал адамдын келечегин жана алды да боло турган иштерин акыл сезими менен туюп турчу. Ошондой эле адамдын оюн илгерлетпей сезген сезимтал пенде эле. Береги жакшы сапатынан анын айыл арасында төбөсү көрүнүп келаткан. Алсейит менен эненин ортосунда бири-бирин сыйлоо сезими жаралып, алар үйлөнгөндөн кийин бир түнү жылдыздуу маалда сонун ойлорго бактылуу келечекти ойлоп жатышты. Алсейит эң сонун жарлуу болгонуна кубанып, анын бактысынан дагы бир жылдыз чачырагандай болду. Бейшембиден жумага өткөн түнүндө ата кайберен эне жаткан төшөктү караса, анын көкүрөгүндө шоолалуу нур ойноп,төгүлүп жаткан экен. Шооланы таң калып карап калды. Шооланын өңү кызыл келип, бир чети жашылга өтүп кетип турду. Алсейит нурду кармалады эле колуна кут конгондой жүрөгү опколжуп кетти. Балкм бул шоола боз үйдүн тешигинен келбесин деп ойлоду. Бирок үйдүн түндүк жабуусунда, туурдуктун бир жеринде да жыртык жок эле. Ал эми эшикте жымыңдап жылдыздар даана көрүнүп, ай улуу тоого эчак эле отуруп, караңгы болуп, тарап көзгө сайса көрүнгүс. Бирок мүйүздүү энени көкүрөгүнөн кызгылтым жашыл шоола төгүлүп жатпайбы. Ата жанып турган нур бекер эместигин түшүндү. Алсейит нурду кармалап көрдү. Энеден жакшылыктын элеси жанып нурдан жылуулук менен бакыттын илеби төгүлгөндөй. Терең уйкуда жаткан мүйүздүү эне атанын деминен ойгонуп кетти да, көзүн ушалап атага саналуу кайрылды:

– Эмнеге уктабай турасың? Менин сага айтаар үч өтүнүчүм бар эле.

– Ал эмне өтүнүч?

– Үч өтүнүчүм бар аны аткарсаң айтам, аткарбасаң кереги жок.

– Деги колдон келе турган нерсеби?

– Колдон келбей турган нерсени эмнеге айтмак элем.

– Анда аткарайын сеникин аткарбаганда кимдикин орундатам.

– Байым аны ошентип атоочу сага ички сырымды айтайын, денеми жууп жатканда үйдөн чыгып кеткениң жакшы. Жылаңач тулкумду кароого болбойт. Экинчи өтүнүчүм мен киммин? Кайдан келдим? Аны такыр сурабагын, иши кылып улуу тоонун кудай жараткан пендесимин. Анан айта турган үчүнчү талабым турмуш миң кырдуу, көп сырдуу келет эмеспи, эрди катын болгондон кийин урушпай койбойбуз. Ошол кезде мени башка чаппа, пенденин башы ыйык касиеттүү болот. Башка чаап кор кылба! Биздин касиет башкага ооп кетет. Мүйүздүү эне менен Алсейит ошентип үйлөнүп күндөр билинбей өтүп жатты. Экөө бири-бирине мүнөзү дал келишип, мамилеси суу кечип кеткени жакшы болду. Алсейиттин жашы да эр ортонуна жакындап калган эле. Эркекти эркек кылган зайып заты эмеспи. Алсейиттинн эл арасында салмагы арта баштады.

Ошондон кийин бир топ мезгил ала салып өттү. Далай суулар жээк кемирип акты. Ушул кезде жайдын сонун күндөрүнүн бири эле. Мүйүздүү эне боз үйдө денесин жууп жаткан маалы болчу. Алсейит ата сыртта жүрүп эркектик кумары кармап кеттиби берген убадасын унутуп боз үйдүн тешигинен ич жакты карап жатты. Аял кадимкидей эле жуунуп жаткан экен. Анын сырткы кебетеси бир эсе мүйүздүү кайберенге бир эсе аялга окшоп кетип турду. Мурун даана байкабаган эле эми аныгын билди. Ургаачынын башында эки мүйүздүн оорду бар экен. Муну башын жууганда келиндери да көрүп калган эле. Ошондон кийин кайыптан бүткөн мүйүздүү эне болуп аталып кетти. Аял жуунуп бүтүп эшикке чыкты. Эне Алсейит атага жакындап өзүнүн таарынычын айтты:

– Бекер кылдың байым, мени байкаган жок дейсиңби, менин көзүмө боз үйдүн ичинен сырт даана алаканга салгандай көрүнүп турду.Тукумубуз саал азыраак болуп, эл журттун керегине жараган таанымал болчу балдарыбыз арбын болбойт беле. Арман күн ай, менин тулку боюм жашыруун сыр боюнча кала берсе болбойт беле. Жаратканда канча жашыруун сыр бар, деги алардын аягына качан билип чыгууга болот. Бирок жаратканым колдоп, тукумубуз арбый берет. Күн эгем, жер энемдин мейкининде учугубуз бөксөрбөйт,-деди сүйүнө ыраазыланып.

Ыйык эне менен адамдардын ортосунда жалгашкын кайберен эненин биз билбеген касиеттүү жактары арбын эмес беле. Ошондо Алсейит ата бул сөзгө анчейин маани берген эмес. Өмүрүнүн акырына чейин ошол жаңылыштыгын көп эстеп далай арманданчу, балким энеге сук артпаса алардын тукуму мындан дагы арбын болуп, акылман уул кыздары көп чыгып, эл башкарып, калың журттун эгеси болчу аалымдары да арбын болот беле ким билет? Кыргыздардын бири-бирине көрө албастыгы тээ алмустактан бери келаткан илеешчек дарт эмеспи. Эки мерген таап келген кайып кыз Алсейитке турмушка чыгып ошону менен анын зоболосу көтөрүлүп кеткен экен. Эки аңчы дайыма ошого көрө албастык, ач көздүк кылып келген. Алсейит ата бул абалды билип турса да, айкөлдүк кылып аларга эч жамандык кылган эмес.

Мезгил өтө кыш артта калып, күн жылымыктап улуу тоолордун кары кетип, жаадыраган жаз жылмайды. Тоонун жылуулугу менен текеден чыккан Теңир Тоонун эчкилери улактап, жан-жаныбарлар кыштан аман-эсен чыгып, жазгы жашоого кам ура башташты. Ал мезгилде деле Асанмырза менен Арыкмырза баягы аңчылык өнөрүн улантып жатышты. Текелерин атса бир жөн эле курсагындагы улагы бар эчкилерди атып жатышты. Алардын көтөрүм болгон этин майга аралаштырып куурдак кылып жеп жатышты.

Кайыптан бүткөн эне мергенчилерди карап:

– Абалар, эчкилер улактаар мезгилде байкуштарды атпагыла, силерге да, аларга да убал болот,-деди сылыктык менен.

–Бизге буйрук бергендей сен ким элең, тентип таштардын арасында жүргөн кезиңде адам кылалы ,– деп сени быякка алып келбедик беле,– деп акырая карады. Кыяр мергенчилерди эне сыйлоочу байкап көрсө, алардын ичинде жүргөн кастыгы бар экен. «Түшүнбөгөн кем акылдарга кайдан да айттым эле»– деп ойлоду. Бирок эркин тоонун кайберендерин күнөөсүз өлтүрүп жатпайбы. Ургаачы бул сөздү угуп денесин калтырак басты:

 

– Мейлиңер өзүңөр билгиле силерди урматтоочу элек бирок мага акараат келтирбегиле. Анын өзү жаман болот,– деп эскертүү иретинде айтты.

Эки бир тууган энени карап сен ким элең дегендей мазактап күлүштү. Бул күлкү эненин жүрөгүн аралап замансы куурулуп турду.

***

Тоонун адамдары өз турмушун өтөп жатты. Алар бийик тоодон түзөңдөп, шамал тийбеген ыктоо жерге кыштамай болушту. Баягыдай эле эки мерген жапайы кайберендерди ылгабай ата берди. Аңчылар көп кол салып ийгендиктен Теңир Тоонун эркин малы башка жактарга ооп кетип жатышты. Мүйүздүү эне күндө чыккан мылтык үнүн угуп айыпсыз атылган кайберендердин тукумун аяды. Кээде жаш төгүп ыйлап да алчу эле. Жаратылыш эне менен адам эненин жаралган жери бир эмеспи.

Эки бир тууган мүйүздүү энеге атаандаштыбы, аңчылыкты такыр токтоткон жок. Ала-шала кайберенди атып келе беришти. Алардын жоругу башка адамдардын иренжите баштады. Бирок аңчыларга «Бул жаман иштерди токтоткула, кайберендердин каргыш-илкиши болот жана кудайы колдоочусу бар» деп, эч ким айта албады. Анткени эки мерген тең кырс улуу-кичүүгө карабай адам задисинин көңүлүн калтырып койчу. Бир күнү мүйүздүү эне Карамырза менен Асанмырза отурган өргөөгө баратса боз үйдүн бери түшө калышында, аркар-кулжа кийиктердин баштары, мүйүздөрү аркайып-каркайып жаткан экен. Алар от жаккан күл менен аралашып калыптыр. Ошондо мүйүздүү эне катуу иренжип каргаган

экен. Бул каргыш Карамырза менен Асанмырзага карай айтылыптыр дешет. «Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе, күзгө жетпесин» деген экен. Эненин оозунан айтылган сөз жаза кетпейт эмеспи, санжырада бул эки бир туугандын беркилерге караганда тукуму аз болуп калган дешет.

Тоого көп чыгып, ден соолгунун бузулганынанбы кийинки учурда Карамырзанын башы айланып мурдунан кан көп кетчү болду. Ал эмес суук тийип, Асанмырзанын буту оорулуу болуп калды.

***

Бийик аскасы бар Нарын тоолору. Тоо башындагы карлар эрип өзөн-сайлар ташкындап кирип жаткан учурлары эле. Катуу кирген суудан ээрдей болгон кара таштар ала-сала агып кетип жатты.

Ушул күндөрдүн биринде тээ Көтур Төрдүн түшө калышындагы конгон айылдардан алты мерген аңга чыкмай болушту.

Мерген башчысы Карамырза айтып калды:

– Буюрса тоонун аркар-кулжа, кийиктери кара эти толуп майы алып калышты, атып келип, куурдак кууруп жей берели.

Анын сөзүн берки мергендер жиреп кетишти:

– Анда эмесе ошондой кылалы, ансыз деле бекер отуруп, кымызды иче берип зеригип кеттик.

– Баса чын эле үй кайтаргандай биз бала белек, эртең эле аңчылыкка чыгабыз.

– Карамырза агабыз бизди баштап чыкса эле жолубуз болот.

– Ал биздин атактуу мергенибиз, ал эмнелерди гана атпады.

–Абабыз кийиктин оттогун жакшы билет. Ар бир мезгилде кийиктердин кайда кеткенин жаңылбай айтып берет.

– Анын алдынан эч бир кийик аман качып кутулган эмес.

– Ал бир атканда жыйырмага жакын кийикти аткан күндөрү болгон.

– Карамырза агабыз ылгабай эле ата берет. Бир жолу жаш он улакты атып келиптир.

– Атса эмне экен улактын эти жумшак болот, куурдак кууруп, артынан кымыз ичип алсаң жыргап эле калбайсыңбы.

Анын сөзүнө баардык мергендер жыргап күлүп калышты.

Ошонун эртеси эле түзөңдөгү адамдар ок дары мылтыгын белендеп, аңчылыкка даярдана башташты. Аңчылыкты Карамырза мерген баштап чыкмай болду.

Анчылыкка чыгаар түнү мерген бир жаман түш көрдү. Ошол түштү аялына айтты эле:

– Аңчылыкты таштасаңчы, тоого баса албай карып деле калдың,-деди.

Бирок мерген аялынын айткан сөзүнө мойнобой койду. Аны бийик тоонун семиз аркар, кулжалары чакырып туруп алды. Алардан мурун кайберендердин куурдагын жеп, артынан кымыз ичкиси келип туруп алган эле…

***

Ошол ак кар баскан улуу тоодо кайберендердин тобу бар эле. Бул топту Аксак кулжа башкарып жүрчү. Баардык кайберендер ошого баш ийчү. Аксак кулжа өтө сак болуп, кароолду абдан мыктап коёр эле. Антпесе болбойт ар бир кайберен өз алдынча кете берсе ит-кушка же адамдарга жем болгон жатпайбы. Аксак бул жердеги мергендердин баардыгын билчү. Ал үчүн өтө коркунучтуу аңчылардан болуп, ушул Кара мерген аталган. Кайберен «Кара мерген»– деп Карамырзаны атап жатат. Анан дагы «Бүкүр» мерген деген бар ал ар дайым бүкүрөйүп басат. Ошондуктан аны ошондой атап алган. Ал ар дайыма аңчылыкка беш-алты киши жана айдооч тайгандары ээрчитип чыгат. Андан кутулуу оңой эмес. Ал «Бүкүр» далай кайберендин башын жайлаган. Аксак кулжа үчүн ушул мезгил өтө кооптуу, мергенчилер бул убакытта биринин артынан бири келип, тоонун кайберендерин атып кете беришет. Ошол үчүн өтө сак болуш керек. Аксак кулжа алар келатса, кайберендердин тобун ээрчитип, адамдар жетпеген аскаларга чыгып кете берет. Ал көп жолу ошондой кылып, үйүрдү аман сактап калган. Бирок аңчылар да акылдуу алар өтө жашыруун жол менен келип кайберендерге кол салып жүрөт. Аксак кулжа ар дайыма эки чебич, же эки улактан кароол дайындайт. Аларга ишенбей ар дайыма өзү көз салып турат. Кайберендерде ар бир топ өзүнчө жүрөт. Антпей баары чогуу жүрсө ит-кушка оңой жем болмок. Аксак кулжанын тобу башкаларга кошулбай өзүнчө бөлөк жайылат.

Мына сонун жайдын убагы жердин чөбү жакшы жетилип, күчүнө келген чагы. Ар бир жандык «Жашаң чөптөн жеп эт алып алайын»– дейт.

Ушул кезде Котур Төрдүн башындагы тайпаң бетте Аксак кулжанын тобу жашаң чөптө оттоп жатты. Эки чебич бийик таштын үстүнө чыгып кароолдо турат. Эч нерсе көрүнбөйт. Алар өтө сак. Караан болсо эле коркунучтуу маарап кабар берет. Белгини уккан кайберендер качып жоголот.

Чөпкө тойгон аттарды минип, мылтыктарын асынып, Карамырза мергендин тобу келатты. Ал Котур Төрдө кайберендердин оттоп жатканын билип, аларды үркүтпөй үч топко бөлүнүп, туш-туштан курчап мылтыктарын атмай болушту. Кексе мерген өмүр боюу аңга чыгып, кийиктердин сырын жатка билип алган эле.

Кароолдо эки улак турган эле алар сүзүшө кетип, алаксып ойноп жатып алды. Ушул кезде мергенчилер чукул өңүп, кайберендерге жакындап келди. Эки жигит тайгандарын жетелеп, жыт алдырбай, чыгыш жагынан чыгып, кийиктерди үркүтмөк. Үрккөн кайберендер жардын алдындагы чубамадан өтүп, бийик аскага карай чыга качмак. Ушул кезде тайгандар кийиктерди кууп калды, алар түндүккө карай тараша карай бой урду. Ал жерде жашынып жаткан мергендер келе жаткан кийиктерди атып кирип, бир топ жаныбар өлүмгө учурады. Кайберендер ал жерден качып, чыгыштагы аскаларга чыгып кетүүгө аракет кылып, чубамага жакындап анан аскага карай жармашып, андан ары кутулуп кетмек. Чубамада бир бала мерген менен Карамырза турган. Кайберендер жакындап келгенде экөө атып киришти. Баланын мылтыгы от албай койду. Карамырза атып жатып, бир топ кийикти кулатты. Акыры огу түгөнүп калды окшойт, ата албай калды. Бирок бир огу бар экен жакындап калган Аксак кулжаны көрүп, аны атууга камынды. Мерген бир ок менен жаныбарды атты. Жаныбар Карамырзаны тике карап кыймылдабай туруп берди. Ок анын оң капталынан терисин каарып өттү. Кайберен мергендин огу түгөнүп калганын сезди окшойт, тике эле адамга карай каршы барып, анын жанынан өтүп аскага карай чу коймок. Ушул кезде Карамырза мүйүздүү кулжанын түз эле өзүн карай келатканына таң калып, бир эсе сестенип, бир эсе таң калып, мылтык менен кайберенди башка чаап жарадар кылмак болду. Кулжа каркайган мүйүздөрү менен мергенди качырып барып сүзүп калды. Мергендин көзүнөн от чагылышып, жаны оозуна келе түштү.

Ал ыргып барып жерге жатып калып, көзүнөн өт чагыла, бели бир нерсе болгондой сезилди. Мерген көптө барып эс алып, эмне болгонун байкабай калды. Өз ичинен таң кала «Ушундай да болобу»-деди. Арыда өзү аткан кайберендерди карады. Бир эки кийик чала жан болуп, анда санда кыймылдап коёт. Ал кайберендерди аяды. «Же тирүү эмес, же өлүү эмес жаткан экен. Бул кудайга жакпайт. Мерген турайын»,-деди тура албады. Белин бирөө сындырып кеткендей болду. «Белими ким сындырды?» тура албады. Ал эмгектеп барып, чөнтөгүнөн курч бычагын алып, бир кийикти мууздап кирди. Мерген аны араң дегенде мууздады. Курч бычак жүлүнгө тийгенде жаныбар бутун тыбыратып, жан талаша башы менен мергенди бир канча жолу түрттү. Аңчынын алы кетип, шайы ооп барып, араң дегенде жандыкты мууздады. Ал өзүнө таң калды «Эмне үчүн жаныбарга бата кылган жокмун, мен буларды көп атып каргышына калдым беле ия?»-деди. «Ошондой болду беле? Ошондой болгонго, канча жылдан бери аңчылык кылып келе жатам?. Балалык курактан бери жаныбарларды атып келе жатам. Канча жаныбарды өлтүрдүм, санаган эмесмин. А канчасын капкан, кылтак менен кармадым. Ошол жаныбарлардын убалы мени уктатпай жатабы? Колума курал тийсе эле жаныбарларды өлтүрүүгө киришем ушул жакшыбы? Эмне үчүн аксак кулжа мени сүздү, анын менде өчү бар беле ия? Мен канча кийикти аксак кылдым, көп эле жаныбарды аксак кылбадым беле? Бул канчанчысы?» Мергендин башына сан ойлор келип-кетип турду. Анын оюу кээде чар жайыт болуп жатты. Турайын деди тура албады. Кулжа мергенди катуу сүзгөн экен. Ошол үчүн тура албады. Бирок ыйынып-ышкынып атып араң турду. Ары-бери басты такыр алы жок. «Ушундай да болобу, жаратканым мага эмне жазаны буйруп жатат». Анын колу, чепкени баары кан болуптур. Ал кан болгон кебетесин көрүп, өзү коркуп кетти. Кимдир бирөө менен бычакташкан сыяктуу болуп калыптыр. «Мен ким менен бычакташтым, адам мененби, жок кайберендер менен. Кайберендер ыйык канын мага сыйпап кеткен тура. Бул эмне? Биздин канга забын болдуң дегениби ия? Же канга кан деп жатабы? Ошондой болуптур. Белге сүзүп, омурткамы да оордунан козголткон окшойт. Белим күч бербесе баса албай адам болбой жетелетип калам го?» Ал кан болгон денесин жууганга сууну карай араң кадам шилтеп баратты. Аркар сүзгөн жери ачышып ооруп, жаны көзгө көрүнүп жатты. Дагы бир жыйырма кадам басса эле, сууга жетип кан болгон жерин жууп, суу ичип тыңып калмак. Бирок андай болгон жок. Ал илең-салаң басып баратып, анан чоң эки таштын ортосунда шиберлүү жерди көрүп, ошол жерге эс алыш үчүн отура кетти. Отура кетти да, эс алыш үчүн жантая жата кетти. Шиберлүү жерден ары аюу казган ийинди көрүп, мерген сойлоп отуруп ошого кирип кетти. Эс алыш үчүн көзүн жуумп, ошол бойдон кыйналган неме терең уйкуга кетти. Берки мергендер үн салып, Карамырзаны издеп жүрүштү бирок эмнегендир аны эч жерден таба алган жок. Анын аткан кийиктерин жана мууздалган жаныбарды баарын жада калса минген атын да тапты, бирок өзүн таба алган жок. Такыр таба албай койгондо «Карамырза аба кайдасың?» -деп кыйкырып, айлананы жаңыртып издеп жүрүштү. Эч бир дабыш жок кайда житип кеткени билинбейт. Айланадагы таш, коргулдардын баарын тинтип карап чыгышты. Бирок таба алышпады. Эмне болгону белгисиз. Бийик тоону иңир аралап түн кирип келатты. Мергенчилер кийик эмес, бир тууган абасын таба албай айлалары кете баштады. « Балким жөө айылга кетип калдыбы?» деген божомолдо болушту. Бир адамды айылга чаптырып, өздөрү айланадан издей башташты. Бирок табылган жок. Айлалары кеткенде чоң таштын түбүнө отуруп эс алууга өтүштү. «Эки жактан Карамырза келип калабы»-деп шыбырт күтүштү, бирок эч шыбыш болбоду. Айылга кеткен адам баардыгына айтып чыкты. Бирок түн кирди, караңгы түндө алар эмне кылмак эле. Ошол түнү Карамырза мергендин үй- бүлөсү такыр тынсызданып чыгышты. Мерген кабарсыз эмне болду? Ызгаардуу күз түнүндө катуу суукка учурап калбаса экен? Айыл эртеңки таңдын атышын күттү. Каардуу кыш кирип келаткан күз убагы болчу. Тарапка небак суук түшүп, жер тоңо баштап, суунун үстүнө катмар-катмар муз каптап калган.

Рейтинг@Mail.ru