bannerbannerbanner
полная версияБабалардын баяны 2

Кадыр Абакиров
Бабалардын баяны 2

Эртеси жерге жарык төгүлүп, таң куланөөк атты. Эркектер атчан, жөөлү мергенди издөөгө чыгышты. Ошондо Карамырзанын бой жетип калган баласына Мүйүздүү эне келип айтып турду.

– Абабыз эки жарык таштын ортосундагы аюунун үңкүрүндө жатат, аны ошол жерден таап аласыңар,-деген божомолду кобурады.

Адамдар ашыгыша жөнөп кетти. Алар жолдон дагы мергенди издеп кетип баратышты. Атчандар Котур Төргө бат эле жетип аңчыны издеп киришти. Ыйык эне айткандай аңчы чоң жарык таштын ортосундагы аюунун үңкүрүнөн табылды. Карамырзанын денеси өтө коркунучтуу болуп калган эле. Алды жагы бүт кан. Көргөн адамдар ойлонушту: «Бир жандык менен кармашкан окшойт»-деп. Денесин чечип көрүшсө баары аман эч жеринде шек жок. Анан эмне үчүн кан? Мууздалган кийикти көрүп, ошонун каны чачыраганын билишти. Мерген такыр тил оозсуз эле. Аны атка өңөрүп айылга алып келишип, чечиндирин башы -колу жууп ысык төшөккө жаткырышты. Эмчи-домчулар мергендин тамырын кармап көрүп, «Алы кетип калыптыр, көзүн ачсын»-дешти. Мерген эки күндөн кийин араң көзүн ачып, үл-бүлдөгөн жарык дүйнөнү көрүп, бирок тил-оозсуз жатты. Мерген көзүн ачканда Эмчи эне айтты:

– Кагылайын Карамыза бизди коркутпай көзүңү ачсаң, эмне апаатка кабылдың баарын айтып берсең боло!

Мерген кубанычтуу эки жакты карап, анан кайра көзүн жуумп уйкуга кетип жатты. Адамдар «Жакшы эс алсын анан деле эмне болгонун айтып берет»– дешти. Уктап жатып эки жолу: «Аксак кулжа келатат, сүзөт»-деп кыйкырып жиберди. Жанындагы адамдар таң калды. Алар окуя аксак кулжа менен байланыштуу экенин сезишти. Аялдар ыйык Мүйүздүү энеге кайрылышты. Ал айтты: «Жаратканым ата-бабанын арбагы колдоптур же болбосо, зыян болуп калмак экен. Ал мергендин белин сыйпалап кармап көрүп: Кайберен белге сүзүптүр, омурткаларга зак кетиптир, жакшылап эс алсын анан дары сыйпап айыктырабыз»,-деди. Көзү ачык эне окуянын эмне болгонун бат эле билип койду.

Карамырза эки күндөн кийин эсине толук келип, уйку-соонун ортосунда өткөн бир элести эстеп, эмне окуя болгонун баарын сыдыргыга салып жатты.

Анда эң сонун жайдын күнү болчу. Жээрде атын минип, мылтыгын асынып, Котур Төргө аңчылыкка чыккан. Сорок Таштын түбүнө жашынып, кайберендерди аңдып жатты. Кайберендер эчтекеден капары жок Сорок Ташка жакындап жайыла баштады. Ошондо мерген удама-удаа мылтык атып эки аркарды кулатты. Үчүнчүсү мүйүздүү чоң кулжаны атты эле, ага ок бутуна тийип, жарадар болуп аксаңдап кетти. Мерген эми эсине толук салып, ошондогу чолок кайберен ушул кулжа экенин эстей койду. « Жарыктык эстүү кекчил жаныбар мени унутпай эстеп калган экен, канча кылса да менден өчүн алайын дептир. Алды окшойт»– ооруган жерин эстеп онтоп жиберди.

Ал жанындагыларга эмне окуя болгонун баарын аныктап айтып берди. Аны бугу эне белине кыйтайдын кырма дарысын, түркүн чөптөрдү жана жаныбарлардын майын сыйпап жатып араң адам кылды. Мерген жарым ай болот дегенде оордунан туруп басып калды. Аркар сүзгөндө белине катуу зак кетиптир, омурткалары жылышып кеткенби ким билет. Андан кийин ал чоң аңчылыкка чыга албай калды. Эки жакка көп баспай үйүн эле айланып калды. Ошол оорунун залдарыбы ооруп жүрүп, төрт-беш жылдан кийин бул жашоону таштап тиги дүйнөгө узап кете берди.

***

Күндөр тынымсыз өтүп жатты. Кайберен эненин боюна бүтүп талгак боло баштады. Болгондо да кайберендин сүтүнө. Ал башка жандыктардын сүтүн ичип көрдү бирок талгагы жазылбады. Ошол өтүнүчүн Алсейит бийге кобурады. Бий ары бир ойлонуп, бери бир ойлонуп, «Канча кылса да, кайберендин тукуму эмес беле, ошондуктан жердигин тартып, өз энесинин сүтүн самап жатса керек» деген тыянакка келди.

Бир күнү Арыкмырзага байбичеси кайрылды:

Байым биздин мүйүздүү келинибиз кайберендин сүтүнө талгак болгон шекилдүү. Ургаачы кийик атсаң, терисин сыйырбай төшү менен алып келип бере көр. Сүтүн эмсин байкуштун бир сообуна жара,-дептир.

Арыкмырза кезинде көзгө атаар мерген болгон экен. Бирок инилери менен мылтык талашып сороктоп жарышпайын,-деп куралды таштап койгон. Ал бекем жерге катып койгон мылтыгын алып, басыгы жеңил Тору атын минип, кичинекей кол чанач кымызды канжыгага байлап, эки жигит менен күлүк тайганды ээрчитип улуу тоого жөнөп калды. Убакыт көп өткөн жок, салаңдаган карды жарык асканын оң жагындагы кара корумда топ кийик жуушап жаткан экен. Мергендер шамалы жок тарап менен эч шыбыш бидирбей, кайберендерге өңүп жакындайт. Айдоочу болуп тайганды ээрчитип эки жигит кеткен эле. Алар кийиктерге улам жакындап үркүтө шыбыш берди. Адамдын шыбыртын алган кайберендер дыр коюп Асанмырза тарапка үркүй качты. Мерген эчак эле мылтыгын белендеп кайберендерди атканга даярданып турган. Эч нерседен капары жок жаныбарлар мойноктон чубуруп өтө баштады. Аңчы аңдып отуруп улагы чоңоюп калган кийикти атты. Ок жаныбардын төшүнө тийген окшойт оңко-чоңкосунан барып кулап жыгылды. Улагы жыгылган энесин карап бир-эки жолу маарап алды да, качкан кийиктердин артынан узай жөнөдү. Арыкмырза кайберендин тулкусун атка артып жөнөп, аны бүтүндөй Алсейиттин үйүнө түшүргөн экен.

Эне чын көңүлүнөн ыраазы болуп:

–Тукумуңар көбөйүп, конушуңар көктөсүн ылайым жамандыкты көрбөсүн,-деп жакшы батасын берген экен.

Мүйүздүү эне кийиктин төшүн боз үйдөгү ала баканга илип, эшикти бекитип алды. Мүйүздүү эненин бир арамзаа келини бар эле, үйдүн тешигинен «Эмне кылаар экен» деп ошол энени аңдып карап турду. Эне төштү илип коюп эмчекти эмүүгө киришти. Эмчек ийип, сүт кадимкидей чыгып жатты. Келин бул жөрөлгөнү жакшылыкка жоруп, «Биздин түбүбүз кайберенден жалгашкан турбайбы»– деди. Анткени эмчектен кадимкидей сүт чыгып жатпайбы. Эне сүттү ээмп болду. Кебетеси анан талгагы канды окшойт. Ошондо энени аңдып турган келин боз үйгө жакын жердеги токойдон бугунун ичке үнү чыкканын кадикидей уккан экен. Бул үндү Алсейит атанын уккан жөнү да бар дешет. Анда-санда ошол токойдон кайберендин жылаажындуу назик үнү адамдарга угулуп турчу экен. Ата тукуму кайберендин тукумунан жалгашканбы. Анын эсине ошондой укмуш кыял элестер келип-кетип турду. Андан бери биз жашап өмүр сүргөн тоонун койнунда далай жаз келип, далай кыш чапкан аттай узап кетти.

Уламада ошол тээ байыркы заманда «Кыргыздар алсыз болуп, калмактар үстөмдүк жүргүзүп турган убак экен»– деп баяндалат. Андан бери далай кылым учуп өтүп кетпедиби.

Бир жолу калмак тайшысы менен Алсейит бий жолугуп калды. Ошондо калмак башкаруучу:

–Силер бизге алык-салык төлөп тургула анан дагы айткандарды аткаргыла эки эл болуп ирегелеш коңшу амандыкта жашайлы,-деди.

Тайшы Бадман ары митаам, ары жоокер чалыш адам эмеспи, кыргыздар менен касташып турууну туура көргөн жок. Алардын деле тынчын алган душмандары көп эмеспи. Түштүгүндө карай курттай быжылдап кара кытайлар тубайбы. Андан бериде аттарын удургутуп уйгурлар жүрүшөт. Эмне болсо да кыргыздар менен ынтымакта турууну каалады. Бирок калмак тайшысы кыргыздардын чыңдалып эл болуп кетишин да каалабайт. Ким эле душманын кайраттанып кетишин кааласын.

«Элди согуш балээден аман сактап коңшулар менен жакшы мамиледе турайын»– деп Алсейит бий калмактын тайшысы Бадмин менен алыш-бериш кылып жакшы катышта болду. Күндөрдүн биринде тайшы Алсейит бийди аялы менен чакыртты. Анткени алык-салык жакшы келип, Алсейит бийге анча-мынча сый көрсөткүсү келген эле. Андан башка Бадмин мүйүздүү эненин адамдан башка сапаттарын угуп, ыйык адамдын сапаттарын байкап көргүсү келген. Бий тайшыга ар кандай тартуу менен барат. Бадмин адмдын сырын байкап, көптү көргөн кексе адам эле. Ал мүйүздүү энеге көзү түшүп, шылтоо менен «Күйөөсүн жок кылып ушул ургаачыга үйлөнсөмбү»– деп кыялданат. Бирок көзү ачык мүйүздүү эне тайшынын ичиндеги удургуган арампөөш ойлорун айттырбай билип алды. Эне тымызын баардык ишти бүткөрүп бул коркунучтан чыгып кетүүнүн жолдорун ойлоп жатты. Тайшынын чакыруусун Алсейит аргасыздан кабыл алды. Антпесе болбойт эле кыргыздар ар жылына эки жолу калмак төбөлдөрүнө салык төлөп турган, Алсейит бий чукулда бир жаман нерсе боло турганын астын ала сезди. Ата чакан өргөөсүн жоош аттарына жүктөп камбыл күчтүү төрт-беш жигити менен белек камдап калмактарга жөнөп калган. Бийдин келишин мартабалуу калмак тайшысы жакшы кабыл алган болду. Ак жалдуу күлүк аргымагын минип алардын алдынан тосуп, үйүнөн арыда шамалдан ыктоо дөңдүн түбүнөн конуш берип жүктү түшүрүп кондурган. Меймандардын урматына деп семиз жылкы союлду. Тайшынын үйүндө конок үчүн камылга көрүлүп жатты. Ары-бери чапкылаган жигиттер сууга чуркап үйдүн тегерегиндеги адамдар ар кандай жумуштарды иштеп жатты. Бир тобу тайшынын үйүнө мейманга жөнөп калды. Алар бир топ күн жакшы конок болушту. Кантсе да кетеерге убакыт жетип калгандай. Сый үстүнө жакшы кептер айтылып отургандар эки журттун санжырасынан баян козголуп, аңгеме токтобой жүрүп жатты. Бадмин кыргысча сүйлөбөсө да, эң жакшы түшүнчү. Ал эми Алсейит бий калмакча, кыргызча аралаштырып корулдаган үнү менен маек курганга жараган. Анын кул-кутандары калмак болчу ошондон улам башка тил ага өөн болбой калган. Бадмин коңтаажы бийдин сөзүн берилүү менен угуп жатты. Акыры Алсейит бий калмак тайшыга ыраазылык билдирип, «Кел демек бар, кет демек жок» деп туулган жерге кайтуу жөнүндө ойун билдирди. Калмак бийлөөчүсү анча жактыра бербегендей кыязда:

– Буюрса эки-үч күндө кайтасыңар,– дегендей ишааратын айтты. Кетеерде дагы эт салып конок каадасы көрүлүп, меймандар семиз жылкынын казы, картасын жегенден кийин гүлдүү кытай чынысына мелт-калт эткен чыныга кымыз сунуп, тайшы Алсейитке кайрылды:

– Эми кымызга кез келди муну ичели.

Мүйүздүү эне ал чыныны алып:

– Ардактуу Тайшы биздин элдин салты боюнча биринчи тамакты үй ээси ичиш керек,-деп мелт-калт кымыз куюлган ийдишти калмакка кайра берди.

Тайшынын өңү бузулуп кетип эч нерсени сезмексен болуп ийдишти аялына кайра берди. Чыны ирегеге барып жай алды. Үйдө жаман окуя болбогондой бирок алардын жан-дүйнөсүндө уйгу-туйгу абал учуп турду. Чыныгы уу куюлган эне үйгө киргенде эле бир жаман окуя болоорун баамдаган. Кыргыз бийи каза болсо, мүйүздүү энени тайшы күчкө салып өзү алмак. Бирок окуя ал ойлогондой болбой такыр башкача өңүттө болуп кетпедиби. Олуя эне бул көрүнүштү алдын ала сезген. Тамак ичилип бүткөндөн кийин Алсейит Коңтаажыга ыраазылык билдирип үйүнө кетти. Мүйүздүү эненин ички дүйнөсүндө оюу бүдөмүктөнүп удургуп турду. Чын эле Коңтаажы ушундай кылабы? Биз эмне кылабыз, астыбызда кандай күндөр күтүп жатат? Калмактар турганда алакандай элибиздин тагдыры эмне болот? Аз өмүрүбүз Бадмин желмогуздун чеңгелинде калабы?

 

Убакыт көп өтпөдү.

Төр тараптан жел катуулай согуп, өткүн өтүп, күн ачылды. Кечки күн кызылын чачып, балбылдап уясына улуу тоолордун артына карай ашыга батты. Айланага ашып-шашып күүгүм келатты. Желедеги кулундар небак агытылып, калмактын жигиттери иш менен аттарын ары-бери чапкылап жүрүштү. Ошол кезде мүйүздүү эненин үйүнө ашып-шашыла тайшынын кызы Чежемен кирип келет. Кыз киреерин- кирип эшиктин алдына бозоруп туруп калды. Эне кызды жакшы маанай менен кабыл алып, «Төргө өткүн»– деди. «Алсейит бийди бүгүн түнү жок кылганы жатышат»,-деди калтаарый.

Чежемен кыз мурун Алсейит бийдин колунда көпкө жүрүп калган. Анын бул үй-бүлө менен башынан жакшы мамилеси болгон. Кыз баарынан мүйүздүү эненин жакшы көрүп аны берилип сыйлоочу.

– Анын баары бизге белгилүү,– деп бойго жеткен кыздын чекесинен сылап бетинен өөп койду. Чежемен мүйүздүү энеге үйүр алып жылдыздары бири-бирине дал келип калган эле. Мүйүздүү эне ага акыл айтып жана сыйлоочу. Ошондон уламбы алардын жан дүйнөөсү жакшылыктан кезигишкен. Эне башын жууганда дайыма сууну Чежемен куюп берчү. Жана ар кандай жашыруун сырларды ичине сактап, эненин олуя заадалыгын кыз билген шекилдүү. Бул кезде кыз бой тартып турмушка чыгууга даяр болуп калган.

Акырындык менен батыштан жайдын жели согуп тоонун башына булут түнөп, түн кирди. Асманда жылдыздар жымыңдап шыбырт чачып сырдуу жылмайышат. Ажаан иттердин үргөнү басаңча болуп айыл тынч. Эч шектүү нерсе байкалбайт. Айыл аралай эки калмак жигит кандайдыр бир жакка чаап кетти. Кой кайтарган калмактын кул-кутандары короо четиндеги алачыгында уйкуга алда качан кирген. Ошол күнү күүгүм келеери менен мүйүздүү эненин санаасы санга бөлүнүп, көзүнө бирдемелер көрүнүп, ар деме бирдемелерди ойлоп, көңүлү чар-жайыт, удургуп турду. Катуу санаага батпаганда кантмек эле эшигинде желмогуз-кара ой, сагалап турбайбы. Кара көңүл калмактар адамды аямак беле. Канына кастык сиңип калган адамдар эч кимди аямак эмес. Эне Алсейит жана берки жигиттер менен эчак эле аңгемелешкен. Бүгүн түнү Тайшынын кан ичеер жигиттери бийди күм-жам кылаары билинген. Алардын башында ушул жаман ой сагалай-удургуп турду. Бий тараптагылар астын ала качуунун жолдорун ойлоп жатышты. Антпесе алар өлүм чеңгелине калган жатпайбы. Эки жигит барып тоонун түбүндөгү жашыруун жерге аттарды эчак байлап койгон. Эл тынч уйкунун кучагына термелип кирип, Алсейиттин өргөөсү чечилбей турат. Эне иш билги адам эмеспи. Бийдин үйүн эки калмак кайтарууга алган. Мүйүздүү эне аларды этке, кымыздан тартылган аракка аябай сыйлап ичирип, мас кылып таштаган. Тамакка жана ичкиликке тойгон кароолчу жигиттер тез эле коңурук тартып уйкунун кучагына кирип, Алсейит даяр турган аттарды минип билинбей түн жамына караңгыга жым-жым кирип жок болушту. Ар кайсы жерден айылдын иттери үрүп басылды. Конушта эч нерсе болбогондой жымжырттык өкүм сүрөт. Түн ортосу ченде Тайшы алты жигитин чакыртты. Алар бийлөөчүнүн сөзүн угуп, караңгыда эч кимге байкалбай бийди жигиттери менен жок кылып, улуу дайрага ыргытып, тайшы мүйүздүү энеге үйлөнмөк. Каардуу калмактар кыргызга дагы бир зомбулугун көрсөтмөк. Тайшынын аялы бул кара ойго каршы болуп:

– Кой, андай кылба, ал сага зайып болуп бербейт. Буруттун аялы акыр түбүңө жетет. Кыргыздын колунда кылычы бар. Алар менен ирегелеш турабыз. Ак калпакчандар кек кууп, кайра өчүн алат. Демек жакшы санаа менен туралы,– деди ар нерсени баамдаган акылдуу бетинде чоң меңи бар зайып.

Тайшы жини келе орой коңк этти:

– Кой катын, сен көп сүйлөп башыма чыкпа, катының бийлик кылбасын. Мен сага күң жумшап берген жатам. Болгондо да кыргыз бийинин катыны,– деп тамашалагансып карс-карс этип күлүп басылды. Ал күлгөндө семиз курсагы болк-болк этип термелип турду.

Айсыз караңгыда шамшарларын жалаңдаткан калмактар бийди үйүнөн таппай калышты. Жигиттер кароолчулардын мас болуп жатканын Бадминге айтып келишти. Ошондо жорудай болгон тайшы капаланып:

– Шүмшүк бурут Алсейит мени сызга отургузуп, качып кеткен экен ээ мүйүздүү катын колума тийбей калган окшойт,– деп катуу өкүндү. Мас болуп жаткан кароолчуларды сүйрөп барып эс алсын деп терең орго салдырып таштатты. Жини келген тайшы күлүк аттарды мингизип жигиттерди куугунчу кылып жибеди. Колго тийсе көк ала кылбай аман алып келгиле, алардын жазасын өзүм берем,– деди. Куугунчулар күлүк аттарды мине иттерди абалата, туяктар дүбүрт таштай тапырата чаап кетишти. Ал эми эки жакка көп чыгып жүргөн жол оңутун билген куугунчу келеерине шекшинген кексе Алсейит бий түз жолго салбай тескери багытка баштап аларды амал менен буйтай эчак эле алыстап кеткен.

Калмак жигиттери буруттарды издеп ашуунун белине чейин чапкындап келип, кайра таппай үйлөрүнө кайтышты. Алар болгон абалды тайшыга айтты. Кымызга тойгон тайшы:

– Атаңдын көрү ит бурут түлкүдөй көз жазгырып, алдап кетти ээ,– деп эчтеке болбогондой жоон курсагын сылап карс-карс күлүп кала берди.

Ошондон кийин ала-сала көп убакыт өттү. Дайралар далай ирет ташкындап, далай ирет суу үстүн муз басып, бошоно керемет үнүн алыска угузуп жатты.Түлкүлөр ийнинен чыгып эчен жолу түлөп, далай жолу кар басышты.

Чагылгандар жарк-журк эте асманды жара аскаларды көзөп жатышты.

Жамандыр-жакшыдыр Теңир Тоонун кыргыздары өз турмушун өткөрүүдө. Албетте калмак менен кыргыздардын ортосунда кабалаңдуу көңүл чөгөргөн көп эле окуялар болду дечи. Аларды биз кийинки санжыраларда баян кылып айтаарбыз. Бул баянда бугу эненин кайып болуп кетиши жөнүндө уламада айтылган кептерге кайрылалы. Албетте бул улама ушундай болду беле, же башкачабы ким билет? Андан бери оболоп учкан куштай далай кылым өтүптүр. Жээ көргөн киши жок же кагазга калем менен чийип жазган адам жок. Атаңдын көрү дүйнө бок. Бирок эл оозунда ушундай болгон деп улама болуп айтылып келатат. Эгерде эл арасында айтылса анын чындык жагы деле бардыр.

Көбү төгүн көбү чын

Көрүп келген киши жок.

Жармы төгүн жармы чын,

Жазып калган киши жок.

Улуу китепте ушундай ыр жазылган.

Жазуу буйрук экен Мүйүздүү эненин тагдыры Кылжыр атанын тукумдары менен тыгыз байланышып калбадыбы. Жашоонун жыргалы менен азабын паразаттуу Орозбакты атанын укум-тукумдары менен бирге көрүп жатты.Турмушта адамдардын башына кандай күндөр, кандай тагдыр келип -кетпейт. Жакшылык да жамандык да өтүп, акыры бу жарыкчылыктан кайтып кетеер мезгил келет турбайбы. Баардыгы күлүк мезгил менен жамырап кошо келип-кетип жатты.

***

Ата менен эненин башынан биз айткандай ала-сала ар кандай окуялар жылып өтүп жатты. Эне атактуу Алейит атанын тукумун улап андан кийин жарыша небере-чөбүрөлүү болду.

Ошол жылы мыйзамдын гүлү учуп, мезгил күзгө таяп калган маалы эле. Баса жыл маалы баягы мүйүздүү эне келин болуп келген учуру болучу. Ошол күндөрдүн биринде энени денеси салмактанып төшөк таянып жатып калды. Жээ карылыкпы, жээ келген оорубу же тагдырдын жазмышыбы ким билет? Сыркоо адамдын айылдын кемпир-чалдары кирип-чыгып, ден соолугун сурап-көрүп, билип жатышты. Анан кантмек эле журттун тоодой-таштай энеси акыл салаар касиеттүү пендеси ооруп жатса, алар кыйгачтап өтүп кетмек беле. Анын оорусу улам күчөп, күч ала берди. Эне Жамангул, Бапа балдарын анан жакын көргөн санаалаштарын жанына чакыртып алды. Баардыгы касиеттүү энени аяп,-Эмне дээр,– экен деп анын айткан сөздөрүнө кулак буруп турушту. Эне боз үйдүн капшытына төшөк таянып жатат. Анын тегерегинде келин, кыздары неберелери отурушат. Төрдө Алсейит ата сакалын сылап санаада өтө ойлуу. Эненин оор абалын кайра оңоло албастыгын ушуну менен тиги дүйнөгө узаарын кыраакы карыя сезип жатат. Абышканын көз алдына эне менен бирге жашаган кайталангыс сонун мезгили жаа тартып келип-кетип турду. Ата унчукпайт анын баарын көз алдына чубуруп эстеп отурат. Ата ал күндөрдү кантип эстебейт. Алсейиттин кеңешчиси, акыл салаары, кеп айтаары, жардамчысы эмес беле. Эне отургандарды кыдырата карап келип, анын көзү Алсейитке барып токтоду:

– Байым, эми капа болбо тагдырдын жазмыш иши ушул экен. Жашоонун ачуу-татуусун нике кайып бир болуп өмүрүбүз кошулуп-шашылып өттү… Эмнегендир ичеер суум түгөнүп аяктап бараткандай болду…мынтип Жамангул, Бапа балдарың чачын ак аралап бой тартып, өзүң менен жарыша өмүр сүрүп келатышат. Жаныбыздагы калмактарга жем болбой өз күндөрүн өзү көрсө экен. Жанындагы улан, кыздарын бир сыйра көз жүгүртө карап:

– Балдарым, ынтымактуу болгула! Ички ынтымагыңар бузулса жоо чапкандан да жаман болосуңар. Мен силерге туу казык боло албайм. Жаратканым пендесин берип, кайра алмагы бар. Менин жаным узап кеткени жатат. Ирегеде калмактар бизге тынчтык бербей келатат. Ата-бабаларыбыз алар менен көптөн бери кармашууда. Менин атымы балдарым чакырып калаар. Силердин турагыңар ушул жер жана берекелүү көл аймагы болот. Эне кайратынан тайып кеттиби айтаар сөзүн билбей калгансыды. Анын сөзү башкаларга аянычтуу таасир бердиби эненин жанындагы жашык келиндеринин бирөө үн чыгарып ыйлап жиберди. Эне кайраттана колун көккө серпе:

– Кой, каралдым антпе, мен али тирүүмүн,-деп мээримдүү карады. Жашык келин ыйык токтотту.

Мүйүздүү эненин жанында суусар тебетейчен тун уулунун баласы отурган эле. Эне анын оң колу менен чекесин сылап:

– Менин өмүрүм бүтпөйт жашоому бобереги чүрпөлөрүм улантат,-деп кыркалай отурган неберелерин карап,– Менин атымды касиеттеп ушулардын балдары чакырат,-Алсейит ата бул сөзгө эреркеп кеттиби көзүнөн бир тамчы жаш кулап кеткенин эч ким байкаган жок. Эненин бир кезде үнү чыкпай деми кыстыгып кеткендей боду. Мүйүздүү эне бала чакасын жакын көргөн адамдары менен коштошуп жаткандай туюм болду. Баардыгы айттырбай ушуну ичтеринен сезип турушту. «Дайынсыз кетпей дайындуу кетейин»– деп алардын ар бирине керез сөзүн айтып жатты. Акыркы элесин калтырып жаткандай болду. Эне демин ичине тартып сүйлөөгө алы келбей жатты. Ал көзүн чоң ачып анан бир сөздү айтыш үчүн камынды. Алсейитке суудан ууртатып койчу деген белги берди. Сүйлөөгө күчү жетпей тамагы кургап кетти окшойт. Эненин жанындагы отурган келини суусу бар чыныны алып кашык менен оозуна тамызды. Оорулуу адам сууну күрмөп жута баштады да какап-чакап кетти. Тамагын суу аралап абалы кичине жакшырды. Денесин түзөдү мүйүздүү эненин жанында касиеттүү кары отурган эле. Энеге дем салды оорулуу көзүн ачты да, эки жагына акыл токтотуп баардыгын текши карап, анан бир сөздү сүйлөйүн деди эле аны айтууга дарманы жетпеди. Анан тарамыштуу арыктаган колун араң көтөрүп, коштошолу дегендей ишааратты жасады. Арык колу акырындык менен көкүрөгүнө түшүп көзү да акыркы жолу жумулуп бараткандай туюлду. Отургандар энени карап мемиреп калышты. Эне кыйналып дем алып жатты. Келиндери үн кошуп ыйлап жиберейин деди эле энени жанында отурган касиеттүү карыя:

– Шүк,– деп аларды тыйып койду.

Бир аз туруп эне кайра көзүн ачты. Төрдөгү ак сакалчан адам кебин улантты:

–Тоодон келген кайып пенде балдарыңа берген ак сүтүңдү кечтиңби?

Эне көз карашы менен алсыз түрдө: -Кечтим баарын кечтим,-деген ишааратын жасады.

– Кечсең чын дүйнөдө жаратканым жаныңы бейишке чыгарсан. Бизден кеткен пенделик кемчиликти кечиргин.Тагдырдын жазмышы ушул экен.

Анан эненин көкүрөгүнөн бир нерсе үзүлүп кеткендей болду, сөнүп кеткендей болду. Көзү сүзүлүп барып акырындык менен жумулду. Анын жан дүйнөсү туңгуюкка сиңип баратты. Көз алдындагы жаркын элес өчтү. Көкүрөгүнөн чыккан көрүнбөс нерсе каалгып учуп, өйдө көтөрүлүп кандайдыр бийик бейтааныш ааламга аттанууга сапар алып жол улантып баратты. «Төрөлдүң, өлдүң»– деген ушул экен. Баса ошол кезде боз үйдөн ары токойдун арасынан бугунун үнү угулганына таңданышты. Бугу улам-улам маарап, ким бирөөнү чакырып жаткандай туюлду. Үйдөгүлөр бул үндү угуп таң калышты. Аны карап турган келиндери, неберелери энени жоктоп «Баа» деген бакырыкты таратышты. Боз үйдүн ичи ый-муңга толуп эненин жанында отурган касиеттүү кары үн катты:

– Балдарым, ыйыңарды токтоткула, ыйлаганга убакыт жетет,– деди колун жаңсай. Улуу карынын сөзүн угуп боз үйдүн ичи бир азга токтолуп, тынчтык өкүм сүрдү. Бирок эненин жанындагы эки кичинекей бала дале үңүлдөп ыйлап жатты. Төрдөгү кары киши сөзүн улантты:

– Балдарым бизге берген жараткандын жазуу буйругу ушундай тура теңирим берди анысын кайра алды. Мүйүздүү энеңер мына ушинтип узады. Ыйлган менен пайда жок. Кайра келбейт. Энеңер бу дүйнөгө келген конок. Келген эми кетип жатат. Алыс жакын жерлерде туугандар турат. Биякта жабалактап душмандар турат. Энеңердин сөөгүн урматтап тиги дүйнөгө узаткыла. Сөөк жатчу үйдү тигип алыс жакын элдерге ат мингизип чабандес чаптырып кабар бергиле. Касиеттүү энеңер менен топурак салып коштошуп калсын кана балдар тургула,– деди ак сакалчан карыя өзү биринчи туруп, анын артынан калгандары да кыймылга келе баштады.

 

Катар-катар боз үйлөр тигилип кызуу камылга көрүлүп жатты. Энени майрам сууга алышып, оордун белендеп ак өргөөнүн бир ыптасына кытай килемин төшөп жаткырышты. Баардык камылга бүткөндөн кийин энени уландары таяк таянып баштарын жерге салып жоктоо белгисин кылып:– Эсил кайран энекем,-деп дуу-дуу эте үн чыгара өкүрүп киришти. Жоктоо үнү ай-ааламга тарап кетти. Жоктоо үнү аркы адыр баардык жакты аралап кетип жатты…

Армандуу ый ачык абага көтөрүлүп айылдын аяк-биягына даана угулуп турду. Ал эми боз үйдүн ичинде кыз-келиндер муңдуу кылып кошок кошуп жатышты:

Алтындан соккон дарбазам

Ачылаар да жабылаар.

Даанышман энем өттүбү,

Дарбазамы ким ачаар.

Күмүштөн соккон дарбазам

Күн нуру тийип чачыраар.

Күлүстөн энем өткөндө

Күндөйүм эми табылбаар.

Энекем, ак тактанын буту элең,

Ак сарай үйдүн куту элең.

Көк тактанын буту элең

Көк сарай үйдү куту элең.

Энекем, ак талдан уук коштоткон,

Ак сарай үйүн окшоткон.

Көк талдан уук коштоткон

Көк сарай үйүн окшоткон.

Энекем сен ыйык элең,

Ээнсиреп жалгыз калабыз.

«Бугу энекебиз тирүү»– деп

Атыңы биз чакырабыз.

Баардык камылга көрүлүп жатты. Алыс жакын жерлерге сөөк тамыр аяштарга «Мүйүздүү энебиз жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө узады»– деп чабармандар атын чапкылай кара терге түшүрүп, кабар айтып жүрүштү. Бул суук кабарды уккан пенделер «Адамдын төрөлмөгү бар экен, адамдын өлмөгү да бар экен, өмүр жалган, өлүм чын»– деп кайгырып топурак салганга даярдык көрүп, жатышты. Чабандестен жаңылык угуп эл келип жатты. Эненин коңшу турган калмактарга да кадыр-баркы бар экен аякка да чапкылап чабаган кетти. Анан кадырман адамдын кемпири өлүп жатса кабар айтылбай калабы. Энени эртең коёт деген күн жакындап келатты. Беленденген малы эчак союлуп, баардыгы шайма-шай болуп, калган. Эненин пейлиндей күн ачык болуп турду. Бул баягы ал айылга келин болуп келген күндөрдүн маалы эле. Күн кеч кирип түн жакындап келатты. Бийик тоолуу жерде түн бир топ эле суук болот эмеспи калың чепкен, тон кийген эркектер ата-бабанын расмиси боюнча сөөк күзөтүп турушту. Күн ачык туруп эле асманды булут басып, анан кичине кыламык кар себелей жаап, жумшак кебез булуттун арсынан ай калкылдап чыга келди. Бул күз айынын касиеттүү бейшембинин жумага өткөн түнү болчу. Ошол түнү кернейдин созолонгон үнүндөй болуп, калың токойдун арасынан бугунун коңур үнү угулган экен. Чыккан дабыш кимдир бирөөн чакырып жаткандай туюлду. Анан боз үйдөн арыда дөбөнүн оң капталынан дагы бир бугунун үнү ага жооп бергендей кошул-ташыл чыкты. Боз үйдү тегеректеп аңгемелешип отурган карыялар таң калышты. Бул чөлкөмдө бугу жок эле го. Алар башка жактарга үйүр тобу менен ооп кетпеди беле. Ошентип бугулардын үнү чыгып анан алыстап кыламык кар жааган жумшак түн өтүп, асмандагы бирин-экин жылдыздар жымыңдап коштошо суюлуп, тараза жылдыз батып, таң кулан өөк сала агарып келатты. Күз түнү эмеспи, суука чыйрыккан адамдар жылуу кийинип ары-бери басып турушту. Улгайып калган сары тон кийген чокчо сакалчан адам беркилерге акыл салып:

– Балдарым болгула, эненин жоктоп үн чыгаргыла таң атып кетмей болду,– деди.

Эркектер таяк таянып, сөөк коюлган боз үйдү тегеректей:

– Бир боорум энекем,– деп өкүрүп жатышты. Жоктоону боз үйдүн ичиндеги аялдардын кошогу коштоп кетти:

Ак жорго минген энекем,

Алтыным, арманданам сен кетсең.

Кара жого минген энекем,

Каарманым капаландым сен кетсең.

Кошок үнү менен талаа, түзөң акырындык менен ойгонуп, уктагандар көзүн ушалап жапырт туруп жатышты.Жакын айылдын адамдары сөөк турган үйгө агылып келип жатышты. Алардын карааны бара-бара көбөйдү. Убакыт жылып өтүп жатты. Сөөктү коюга камылгалар көрүлүүдө. Ошондо касиеттүү кары төмөндөгүдөй буйрук берди:

– Күзгү күнү кыска болуп бат эле кеч кирет. Сөөктү жууганга даярдайлы,– Боз үйдүн оозундагы чийди алып улуу кишилер үйгө кирип келишти. Сөөк жаткан жерди карап баардыгы элейип туруп калышты. Кечөөгүңкү мүйүздүү эненин сөөгү жок. Карыялар «Бул эмне көрүнүш касиеттүү кайберен эне бизди ушинтип таштап кеткенби»– дешти. Адамдардын оозу ачылып айран таң калып жатышты. Көптү көргөн чукак карыялар боз үйдүн айланасын карап жатышты. Бейшембиден жумага өткөн түнүндө кыламык кар жааган дебедикпи. Айланада бугунун изи бар экен. Анын жолу баягы эки мерген барчу Ала Мышык тоосуна карай узаптыр. Адамдар изди кууп барса жаныбар үңкүргө кирип андан кийин дайн жок. Андан башка шек билинбейт. Куугунчулар кайра үйгө кайтып келишти. Ошондо ак сакалчан карыя кеп салды:

–Түн жарымындагы чыккан бугунун үнү тегин дабыш эмес экен. Мүйүздүү энени чакырган окшойт. Адамдар эненин кайберенге айланып кеткенин сезди. Ансыз деле жаңы жааган кыламык кардын бетинде кайберендин изи калып жатпайбы, Мүйүздүү эне кайып болуп абалкы абалына айланып кетиптир. Балдары боз үйдүн жанында аны жоктоп өкүрүп турушту. Эненин жетилик, кырк ашын жана бир жылдык эскерүү ариетин жасашты. Эне көч көчүрүп эки жакка барганда өзү минип жүрчү ак боз жоргосу бар эле. Ак боз жорго оттобой энени жоктоп төрт аягы менен тик турду. Ак боздун кишенеп ээсин издегени ай талаага угулуп турду.Эл айтты:

– Жарыктык жаныбар ак жоргобуз ээсин энебизди жоктоп жана издеп жатат,– дешти.

Ошол күнү улуу тоодо ооз комуздун үнү жаңырып жатты. Аны эненин бир небереси тартып жатты. Энесин таппай жоготуп арманданып жатса керек… Бото деле энесин издейт экен. Ооз комуздун үнү бирде боздоп, бирде жайлап, бирде муңканып, аягында акырындап анан турмушту сүрөттөп аба менен калкылдап алыска-алыска таралып кетти. Ооз комуздагы күү «Турмуш ушундай, тагдыр ушундай болот»– деген белги, жышаана эле. Эне ооз комуздун үнүн жакшы көрчү жана берилип укчу. Ооз комуздун үнү төмөндөгү ойду билдирип жатты. «Бугу эне бар бол! Айланайын бугу эне жаратылышты кандай көрсөк сени дагы ошондой көрөбүз. Кайып болуп кетсең дагы өзүң өнгөн жериңди кыдырып жүрө бер! Жаратылыш барда адамдын жашоосу өлбөйт. Өмүр ошонусу менен кубанычтуу. Жаратылыш эне сен барсың, биз да барбыз! Бугу эне өзүңдүн тукумуңду түбөлүккө колдоп жүр!»

Жер токтобой закымдай айланып, түндөр өтүп, күндөр өтүп, айлар жылып, адамдар баягы мүйүздүү эне кайып болуп кеткен үңкүргө көз салып жүрүштү. Балким дагы бир жолу касиеттүү энени көрүп калабызбы, шыбыш болобу деп үмүттөнүштү. Анан дагы бир кызыгы ошол күзгү ишембиден жумага караган касиеттүү түнүндө баягы Ала Мышыктын тоосундагы Кара Үңкүрдөн отту көрүшүптүр. Күйгөн оттун жанында эликтин кооз чыбыйы бар экен. Анан дагы оттун жарыгында он алты айры мүйүздүү бугунун элеси даана көрүнүптүр. Ошол отту жаккан сөзсүз бугу эне болуш керек. Ал улуу тоого от жагып өткөн күнүн эстеп жүргөндүр. Касиеттүү кайберен бугу эненин атын атап Теңир Тоодо анын ыйык атын чакырып бугу уруусу өмүр сүрүп жүрөт.

Бугу эне улуу тоолорго отуңду жага бер! Сенин отуңдун жарыгы өчпөсүн! Жаратылыш тирүү турганда адамдын денесиндеги күйгөн ыйык оту өчпөйт! Ошондой эле бугу эне жаккан оттой ар бир үйдөгү эненин оту өчпөсүн!

Бар бол бугу эне!

Бар бол ар бир үйдөгү коломтонун оту!

Жараткан жаратылыш эне биз өзүң мененбиз!

Сен барда, биз барбыз!

Жаратылышты сүйүп барктаган адамдар ар дайыма аман болгула!

Ошондой эле кийинки муундар ата-бабаңардын санжырасын эстеп, алардын жакшы жагынан үлгү ала жүргүлө!

1994-жыл Май-июнь айлары.

« Эмне улук?»

« Теңир улук, Күн улук,

Төбөсү ачык Көк улук,

Жан-жаныбар бүт улук,

Жарык улук, от улук,

Ордо күткөн журт улук,

Төшү түктүү жер улук,

Адам улук, жан улук.

Ханы жакшы эл улук,

Ынтымактуу журту улук».

***

Тирүү жандын атасы – Күн,

Энеси – жер,

Каны – суу,

Жаны -аба».

БҮРКҮТТҮН ЖҮРӨГҮ

Токтомбай чоң атасы кадимки Шербото баатырдын өлүмүн эстеп жатты. Ошол көрүнүш кандай болду эле… Кыйыр бир тууганы чагымчыл Саза эске келе берди. Анын чын эле сүрөмө ортону иритип жиберген жаман мүнөздүү адам эмес беле. Ошол кыйды жаман мүнөзү Шербото баатырдын түбүнө жеткенин баары билип калды. Бирок такыр үн катышкан жок.

Рейтинг@Mail.ru