bannerbannerbanner
полная версияБабалардын баяны 2

Кадыр Абакиров
Бабалардын баяны 2

ТОРГОЙ АТА БАЯНЫ

Жолдо такыр тынч албай,

Жорголой бер торпогум.

Улама кепти улаган,

Улана бер жомогум.

Катуу чуркайт энтеңдеп,

Кара кашка торпогум.

Бабалар жолун баяндап,

Баштала бер жомогум.

Боор түзөңдү аралап,

Бороон согуп турду эле.

Ак боз атчан көрүнбөс,

Ай караңгы түн эле.

Шар аккан сууну аралап,

Шамал согуп турду эле.

Жолочулар көрүнбөс,

Жоболоңдуу түн эле.

Куржун ата таң заарында,

Боз үйүндө жатканда.

Тамылжып келип жаңыдан,

Таң супасы башталган.

Кара чаар кабылан,

Элес чачып жаңыдан.

Эшиктен кирип чамынган.

Жолборс кирди боз үйгө

Жоболоң учуп дүйнөгө.

Эне карайт таң кала,

Көз жиберип далайга.

Баяндарда аты калган,

Ысмы ырдалып ырларда,

Торгой ата бешиктеги,

Топудай болгон жаш бала.

Каардуу жолборс жөн турбай,

Коломтодон от чапчыйт.

Үйдүн ичи алай-дүлөй

Үстү-үстүнө чаң ызгыйт.

Ыркыраса кабылан,

Ыш болуп от чачырайт.

Бешиктеги баланын

Бетин жалын аймалайт.

Улуу отто калгандай,

Үйдүн ичи өрт жалын.

Аяк жагы күйүп жатат,

Арыда жаш баланын.

Бирок бала үн чыгарбай,

Таң калтырды баардыгын.

Үйдөгүлөр шекшинет,

Курган бала не болду.

Же дареги билинбейт

Жеп салдыбы болжолу.

Көздү азгырып жазгырган

Көрүнүш шектүү окшоду.

Жолборс кетти артына,

Үйдөгүлөқр таңданды.

Мемиреп тынчтык мемирейт,

Мезгилдер сызып арыга.

Бешиктеги балага,

Үйдөгүлөр таңданган.

Бетин ачып караса,

А баягы бала аман.

Айтып бүтткүс тамаша.

Жолборс неге келди экен,

Жолдошубу баланын.

Кор кылбай башкаларга,

Коргоочусу бабанын.

Байгамбарлар берди бекен,

Байыркы бир батасын.

Бетин сылап баланын

Бейгам кезде келдиби.

Арыбас кылып бабага,

Ак батасын бердиби.

Ыйык тагдыр аян берди,

Теңиримден белги келди.

Жоболоң чакта таштабайт,

Жоодон аны кайтарат.

Атактуу Торгой атанын,

Айдыңы кеткен далайга.

Карааны тоодой бел тутуп,

Кадырман болчу калкына.

Калмактар аны баалаган,

Караан тутуп кадырлашкан.

Аман сактап өз журтун,

Алыш-бериш катташкан.

Кылкүрөң деген ат минип,

Кылторко деген тон кийип.

Кырдагы өскөн элине,

Кымбат баалап намысты,

Калмакка элин кор кылбай,

Каадасы улук бир далай,

Кыйлага кетип атагы,

Кытайдан жибек шайы алды.

Кербендер келип айланып,

Кебез тоого жол салып,

Тепчип өтүп келүүчү,

Теңир Тоого байыр алып,

Сөөлөт күтүп токтоо эле,

Сөзгө чечен бай эле.

***

Карыядан укканымы,

Баарын ырга салайын.

Сабалата сөз курап,

Санжыралап таштайын.

Байыркыны улам эстеп,

Торгой ата баянын.

Топ-тобу менен тизмелеп,

Толкунун айта баштайын.

Торгой ата бир жылдары,

Үч жигитти жанына алды,

Алыр менен сапарлап,

Алыскы Чүйгө аттанды.

Атабаек деген бай бар эле,

Алыстабай куда болуп,

Алыш -бериш катыш эле.

Чүйдө болуп он беш күндөй,

Солто элин бүт кыдырды.

Адыр ашып түздү басып,

Аймакты бүтүн сыдырды.

Жыйырмадай күн өткөндө,

Ата Атабекти карады,

«Сый бүттү эми кайталы,

Кел демек бар, кет демек жок,

Туулган жерге сапарлайлы.

Убадага турбаса,

Дос деген айрылат.

Сөөк деген айрылбайт,

Таттуу сыйга чоң урмат

Өзүңү күтүп алууга,

Бизде дагы чоң күч бар.

Эртең эле жаз келет,

Эмдиги жылы сапар бар».

Күзүндө мал нык семиргенде аны айдап барып түштүккө соода кылып келчү. Анын бир келини Торгой атага жакын туугандарынын кызы эле. Ошол үчүн аны менен катышып келатпайбы.

Ошол кезде солтолор душманга каршы катуу айбат көрсөтүп, аябай чыңалып алган эле. Торгой баатыр да алардын жоокердик өнөрүн өз көзү менен көрүп,үйрөнгүсү келди. Анткени бугу уруусу калмак, жакын турган жылкы чабаар казактарга таланып турган эле. Күч жыйнап аларга каршы күрөшмөй болду. Солтолордон көп өнөрдү үйрөнүп, келген жоодон өз уруусун коргомой болду.

Атабектин байлыгы сан жеткис эле. Миңге жакын жылкысы, короо-короро койлору, жайнап жаткан тоодогу топоздручу. Созулуп жаткан жеринде дыйкандар иштеп алардан кампа-кампа түшүмдү жыйып алчу.

Атабек баатыр:

– Торгой куда кыргызда дос айрылат, сөөк кайрылат деген жакшы сөз бар. Сыйыбыздын кемчилдиги болсо, кечирип кой. Бобу эки күлүк жоргону жетелеп кет,-деп жакшы маанайда узатып турду.

Ошондо жүдөө али даакысы түшө элек чаар кулун, үйүрдөн чыгып, Торгой баатырдын артынан ээрчип алган экен. Торгойдун жигиттери кулунду кайра артына айдаса да болбой аны артынан сандалып болбой жүрүп отурду.

Атабек байдын жигиттери:

– Убара болбой тим койгула, даакысы түшө элек, котур кулун бая күнү үйүр менен кошо талаадан келген. Кимдир бирөөнүн жоготкон жандыгы окшойт. Өзү чарчаганда кайра эле келет. Келбесе талаада өлүп, карга-кузгун жеп кете берсин,ушул канча мал болмок эле, бул эмес калган малды бага албай шайыбыс ооп отурат -деген экен.

Бирок чаар кулун Торгой баатырдын артынан калбай ээрчип алды.

Үч жолочу аттанышты сапарга,

Алардын бараар жери алыс жак.

Кокту, адыр алкынган суу кечип,

Коркпой эле алды жакка баратат.

Кеч кирип кээде түнөп калышат,

Түн ичинде алоолонтуп от жагат.

Тулга асып мискейге чай кайнатып,

Ээри жаздык көрпөчөсүн жамынып,

«Өхүлөшүп, жол жүрүп чарчадык»,

Өтүп жаткан окуядан кеп айтышып.

Эртеси алар кайра жолду улантат,

Жолочулар дагы алга сапарлайт.

Буурул кулун дагы калбай келатат,

Жол узак далайлары артта калды.

Торгой баатыр кулунду карап кеп салды:

– Кулунду кантип биз коштоп жүрөбүз,

Калса калсын ага көңүл бурбайлы.

Жол ыраак ылдам гана жүрөлүк,

Жолдо калбай конушка жете баралы.

Сургулт булут асман жактан түнөрөт,

Суу болуп жамгырда азап тартабыз.

Мейли эми эмне болсо, ошо болсун

Чаар кулунду карабай таштайбыз.

Жонок жерде аттарын камчылай,

Жолочулар сапар улай баратышат.

Жолдон бирөө мындай кеп салды:

– Атабек бизге шылдың ишти жасады.

Котур болгон кулун менен алышып,

Чоң түйшүктү такыр үйүп таштады.

Жолу жок кулунду такыр албайлы.

Дагы бирөө мындай кепти сүйлөдү:

– Мейли эми аны жесин карышкыр.

Таштайлычы бурулуп аны карабайлы,

Такыр эле бизден ыраак калыптыр.

Жолочулар катуу жүрүп баратса да,

Бирок дагы кулун артта калбады.

Арып-ачып котур болуп турса да,

Арт жактан жоголбоду карааны.

Кулун кээде окуранып кабар таратып,

Ал жаныбар бир нерсени айткансыйт.

Берки аттар артты карап дабыш таштайт,

«Ылдам бас жете кел»– деп жаткансыйт.

Алардын уланып келет сапары,

Жүдөө кулун арт тарапан калбады.

Адамдар аны кайра-кайра карады,

Баарысы бул сыйкырга таңданды.

Оңой эмес бул кулундун жүрүшү,

Жүдөө неме аттар менен тең келет.

Закым болуп бизге карай берилейт,

Жылаажын үн кээде назик шыңгырап.

Бул шыйкырбы же укмушпу ким билет?

Жол жүрүп анан алар конушат,

Кулун дагы ошол жерди байырлайт.

Эс алып бүтүп алар дагы аттанат,

Кулун калбай алар менен кошо чыгат.

Сапар басып эчен-эчен өр жерди,

Түпкө жолочулар жете келди.

Алар менен бирге келген кулун бар,

Чарчабаган асыл ыйык жаныбар.

Акыры алар айылга жетип келген

Жорголорду көрүп алып баардык эл,

Солтолордун берген сыйын жактырышты.

«Жеңил барып, оор келгенин айтышты.

Касиеттүү ошол Торгой атанын

Эң мыкты саяпкери бар эле.

Баатыр аны ар дайыма баалаган,

Кезинде далай күлүк таптаган.

Ата аларды жарыштарга чыгарган.

Саяпкердин аты Бакал деп аталган,

Дайындуу далай күлүк кармаган.

Котур болгон кулунду ошол көрүп,

Улам-улам көз салып көңүл бөлүп.

«Бул жандыктын энеси кайып экен,

Балким тууп талаага таштап кеткен.

Же жаратканым бирөөгө энчилеген.

Бул жаныбар карышкырга жедирбейт,

Көрүнбөгөн коргоочусу бар экен.

Муну жылкы пири дайым колдогон,

Жаныбардын ар дайыма жолу болгон

Ата кайып саяпкери дагы бар,

Котур кулун өз мезгили келгенде,

Жер үстүнө ийгиликти жаратаар.

Же болбосо улуу Торгой атанын,

Атагын ай-ааламга кабарлаар.

Айкөл Манас төрөлгөндө жле,

Жаратканым Аккуланы ыйгарган.

Алп баатыр энчисиз калмак беле,

Ал күлүк кайыбынан кабылган.

Коңурбай шер бу дүйнөгө келгенде,

Жаратканым энчилеген Алгарыны.

Жолой баатыр бу заманга келгенде,

Энчилеген Алла Таалам Ачбууданды.

Төштүк баатыр бул ааламга келгенде

Теңирим ага берди Чалкуйрукту,

Мунун өзү тагдырбы же буйрукпу.

Торгой атага ыйык энчи бергенди,

Эмнегендир жаратканым унуттубу.

Унутпады отуздардан өткөндө,

Ыроолоду жүдөп калган кулунду.

Энчиси ага кечигип сапар келген,

Кеч болсо да Теңиримен белек тийген.

Саяпкер кулунду кармап кубанды,

Эртеси эле эски жүнүн жулуп салды.

Котуруна кымбат дары сыйпады,

Ал жаныбар ылдам эле тыңып калды.

Бара-бара боюу чыгып келишкен,

Жаныбарым бир асылга айланды.

Бакал «Чаар кулунга көз тиет»-деп,

Эл көрбөс бир үңкүргө таптады.

Эки жыл өттү закым салып арадан,

Убакыт ушунчалык бат жылган.

Чаар кулун жал куйругу келишкен

Тоодой болгон жаныбарга айланган.

Көп жолу ал түштү алыс жарышка,

Адамдай эстүү акылдуу жаныбар

Ар дайыма жарап берген намыска,

Чекесинде күйүп турган шамы бар.

 

Чаар бууданга бүт калайык көз салган,

Баатыр жанга кайыбынан кабылган.

Эл чаар атка « Закым» деген ат койду.

Ошол бойдон «Закым» болуп аталды.

Закым күлүк кайып болгон жаныбар,

Анын эки капталында канат бар,

Канат жайса ак булутту аралар.

Каалаган жерге закымдап тез бараар.

Анын даңкы бүт ааламды аралаар.

Закым деген чындыгында закымбы,

Түптөн чыкса Көтмалдыга тез бараар.

Боом жерин ылдам өтүп аралап,

Керек болсо Чүй аймагын аралаар.

Алыс жерге чарчабаган жаныбар.

Атына окшош арыбаган даңкы бар.

Бакал ат сырын билген саяпкер,

Жаш чагынан жылкы затын караган.

Атасы да чоң саяпкер аталган,

Өлбөс өнөр ошентип жаралган.

Ал адамдын даңазасы таралган.

Закым деген закым болуп турганда,

Казак ханы, калмак тайшы келген,– дейт

Алар мага «бергиниң»– деп айткан дейт

Атты аларга такыр эле бербеди,

Ардактууну көрүнгөнгө бере береби.

Казактар күч көрсөтө камынды,

Торгой баатыр ал дагы тапты амалды,

Жигит топтоп үч жүз баатыр курады,

Кыргыз кошуун улам-улам чыңалды.

Темирди казып алып кайкыдан

Усталар кылыч, калкан жасаган.

Куралдарын чогултушуп шайма-шай,

Кыргыз журту курала берди кайрадан.

Жигиттери үйрөнүп жаа атканды,

Башка элден мылтык сатып алышты.

Жоокерлер даярдык көрүп баарына,

Найза сайып жана кылыч чабышты.

«Калмактар каптамакка кыргызды,

Кутунай дөө өз кошуунун камдаган.

Мурун эле жоого каршы даярдык,

Кем эмес эле кыргыз кошуун алардан.

Эки эл казганактап жолуккан,

Каркыранын дал баш жагынан.

Эмне болот бул согушта ким жеңет,

Эси кетип ойлонушуп айла амал

Калмактын кошууну көп көрүндү,

Карааны караганда кандай сүрдүү.

Кыргыздар чынында оңой эл эмес,

Кылым боюу эрдикти берген эмес.

Чыкмак болду бир-бирине бетме-бет,

Кутунай баатыр ага ким тең келет.

Өзүнчө эле тоо болуп зоңкоёт,

«Бет келгенди жоготом»– деп койкоёт.

Каршылаша бул баатырга ким чыгат,

Карааны чоң кимдер гана кармашат.

А Кутунай ат үстүндө тоо болот,

Аны карап кырыгз тарап ойлонот.

А калмактар эс албай кыйкырат,

«Жабуу, жабуу, жабуу»-деп үн салат.

Алп Кутунай өзү аман турганда,

Ага каршы кандай баатыр чыга алат.

Шыгай, баатыр чуркап келди Торгойго

– Бул калмакка мен гана чыгайын.

– Чыкпагыла Кутунай оңой эр эмес,

Канткен менен силерге намыз бербес.

Торгой баатыр бир азга ойлонот,

«Эмне кылам» ойго батып толгонот

Кутунай өзүнчө эле тоо турбайбы,

Кутурган кул кетиреби айланы.

Зоот киймин акырындап кийген соң,

Колго алды кылыч, найза калканын.

«Ата бабанын арбагы» колдо деп,

Атка минди чоң тулпар Закымдын.

Кыргыздар ошол кезде үн салды:

– Кыргыз, кыргыз, кыргыз»,-деп.

Кээ бирлери кайрат берип жатышты:

– Манас, Манас, Манас»-деп.

Биринчи туруп берди Торгой баатыр

Кутунай ак бозун минип каргытат.

Калмак баатыр ат үстүндө арбаят,

Кыргыз дөөсүн найза менен качырат.

«Жабуу», «жабуу», «жабуу»-деп,

Калмак тарап улам-улам кыйкырат.

Жаратканым бир өзүң сакта,-деп,

Кыргыз кошуун, акырындап үн салат.

Кутунай дөө Торгойго жакындап,

Кутуруп катуу уруп калды найзаны.

Закым буудан буйт берип секирип,

Торгой баатыр тосо салды калканды.

Кутунай дөө Акбозунун үстүндө

Туруп берди кенебей залкайып.

Баатыр Торгой кайраттана бакырып,

Калмакты уруп калды качырып.

Кутунай да оңой-отоң жоо эмес,

Ошол кезде тосо койду калканды.

Же болбосо ат үстүнөн ыргымак,

Чымын жаны ошондо аман калды.

Кутунай, Торгой экөө кармашып,

Ат үстүндө бара жатат алышып.

Найзалары корок этип сынып калды,

Ал экөө тең кылычташа баштады.

Торгой тарамыштуу темирдей,

Кутуна чоң бирок өтө борпоң

Кылычка жок такыр эле олдоксон,

Тердеп курган алы кетип онтогон.

Торгой баатыр калмакты чарчатты,

Кылычташып далайга кармашты.

Ошол кезде келди окшойт оңтоюу,

Калмактын оң колун кыя чапты.

Чокмор менен уруп калды кекиртекке,

Калмак болсо тоодой болуп кулады.

Торгой баатыр ат тизгинин шарт буруп,

Өз кошууну жакка карй зуулады.

«Манас», «Манас», «Манас»-деп,

Кыргыздар ат коюп жабылды.

Калмактардын сеси кетип калганбы,

Түз жакка токтоно албай агылды.

Кылыччандар кылыч уруп киришти,

Найзачандар найза менен качырды.

Жаачандар жаа тарта беришти,

Мылтыктардын үнү чыгып жаңырды.

Калмактар таба албай айланы,

Ат үстүндө далай жандар кулады.

Келген жоо кыргынга кабылып,

Өз жерине беттей качып агылып.

Эртеси кыргыз кошуун чогулуп,

Калмактарды ары сүрө баштады.

Башка жаака качып гана кутулду.

Багыт алып душмандардын далайы.

Ансыз деле алы кеткен калмактар,

Кытайлардан катуу сокку урулган.

Баш аягын такыр эле жыя албай,

Баягыдай кайраты жок жулунган.

Торгойдун өтө шылуун жигиттери,

Калмак жактан жылкыны чаап алды.

Сүрүлгөн ары качкан кошуунду

Сүйрөлтүп баш көтөргүс кылып салды.

Анан өттү далай-далай убакыт

Үстү-үстүнө токтолбой куралып.

Жылгадагы казакларлы кудай урду.

Жылкы уурдап баштады чабуулду.

Торгой баатыр жигиттерин таптады,

Чокмор менен чапканга такшалды.

Казактардын күтүп жатты чабуулун,

Качырып барып кармамак уурунун.

Баатыр анда жигиттерге кайрылды:

Ууруларды тирүү гана кармалсын

Таяк менен аларды колго түшүрүп,

«Андан кийин беребиз деп жазасын».

Кырк жигит аңдып жатты ууруларды,

Он казак уурданып жыдып келатты.

Караңгы каптап айлананада түн жатты.

Казактарды качырбай бүт кармашты.

Онун тең орго салып таштады,

Аттарын кермеге тизип байлады.

Эртеси келди сапар тартып чабаган,

Торгой баатыр келгендерди тосуп алган.

Казактарга дайын болду баардыгы,

Торгой баатыр ошондо кеп салды:

Жылкы уурдап жигиттер кутурган,

Айып берсин анан барып кутултам.

Он жылкыны айдап алып айып үчүн,

Элдос баатыр Торгойго сапар келди.

Башын ийип:берип жатты убадасын

Дагы экинчи бул уурулар кол салса,

Анда бергин ар бирине өз жазасын.

Ошентип Торгой баатыр ал убакта,

Өз жерин бекем кылып коргоду.

Башкалар менен эч убакта урушпай,

Башталды бийиктикке достук жолу.

Закым күлүк закым салып, токтобой

Торгой атага табылгыс ыйык ат болду

Улуу элге тынчтык бейкут келдиби,

Узанып барат токтобой достук жолу.

Ушинтип бүтүп баратат

Бул дастандын аягы,

Башка дастан күтүүдө,

Баштайлы эмки баянды

БЕККУЛУНУН ҮЧ УУЛУ

Кеткендерден кеп угам,

Кебиме кулак буруңар,

Жымыңдап бийик Теңирге,

Жылдыщдар толду теп-текши.

Беккулу ата баянын,

Баштаганга кез жетти .

Санжырачы Түмөнбай,

Сабалатып сөз курай.

Эчаакы өткөн тарыхты,

Элимден калган алысты.

Эби менен кеп айтат,

Кеп айтканда деп айтат.

«Элес учкан»-деп айтат.

Жалган айтпай чын айтат.

Жоболоңдуу иштерди,

Жомоктой кылып так айтат.

Жолдо болгон окуядан,

Жоромолдоп сөз таштайт.

Жолдон чыккан жолочуга,

Жолугаарга кез келет.

«Жомогуңу башта»-дейт,

Беккулу ата арбагы,

Баарыбызга жар болсун.

Кымбат жомок айтканга,

Кыдыр даарып бак консун!

***

Биз айтуучу бу баян

Жергес жерде болуптур.

Андан бери токтобой,

Ала-сала тогошуп,

Дайны чыкпай жоголуп,

Дала заман оошуптур.

Андагы өткөн окуялар,

Биз айткандай болуптур.

Торгой деген атанын,

Даңктуу уулу Беккулу.

«Жанына кут консун,-деп,

Бектин өзү болсун»-деп,

Беккулу деп атаган.

Айдыңдуу өткөн атанын,

Атагын урпак жаттаган.

Аяр болуп түз жүрдү,

Арпа, сулуу айдаган,

Жергесине тал сайган.

Жерди барктап баалаган.

Беккулу деген атанын,

Үч аялы болуптур.

Улуусу эле Ак келин

Ортончусу Жаш келин.

Кичүүсү Наз келин.

Жараткандын ишиби,

Анык, чыны ким билди.

Беккулу ата үч жардан

Такыр туяк таппады.

Үчөөнөн эмне тукум жок,

Согончогу канабай,

Атанын кокуй дүйнө ай,

Ата тартып жапаны,

– Үч аялдан балам жок,

Айтып жүрөт арманды.

Анан ал дагы үйлөндү,

Анан болду үч уулдуу.

.Курумшу, Шоңкр, Бүтөбай,

Жараткандын болуп улуулугу.

Ушул кептин баянын,

Кийинчереек айтамын.

***

Торгой ата балдарын,

Отургузуп жанына

«Көзүм тирүү маалында,

Сапар кетеер чагымда,

Энчими бөлүп берейин,

Өтүнүч айтып балдарга.

Ал кеби ушул болуучу,

Айтылып калган баянда.

Тоодо малы жайылып,

Төрт түлүгүн кайырып,

Торгой ата бай болду,

Толгон дүйнө шай болду.

Жылкычылар шаңданган,

Жыбыттардан кайырган,

Жылкылары бар болду.

Жылдызданып дүйнөсү,

Жыбыр-жыбыр бай болду.

Койчуманы өпөңдөп,

Колотторду бүт өрдөп,

Койлору миң сан болду.

Көзүм өтүп кеткенде…

Тагдырым өтүп кетеби деп,

Тагдырым өтүп кеткенде…

Балдарым байлык талашып,

Баш жарыша сабашып.

Ушак кеп кетет элиме,

Уят болом жергеме.

Баарын бирдей көрөйүн,

Балдарга энчи бөлөйүн.

Көк асманым күңүрттөнүп,

Көзүм өтүп кете электе…

Кебими айтам силерге,

Кеч болуп кала электе.

Коломтодо алоолонуп,

Отум өчүп кала электе…

Денемен качты жаштыгым,

Демөөрдү кайдан табамын.

Жыйганымы бөлбөсөм,

Жаман айтпай жакшы жок.

Көзүм өтүп кеткенде…

Өкүнүч башка келет ээ…

Уулдарым дүйнө талашып,

Бир-бирине кас чыгып,

Көзүм өтүп кеткенде…»

Беш баласы бар эле,

Берен Торгой атанын.

Бешөөнө тең энчи арнап,

Камын көрдү алардын.

Колундагы болгон малын

Беш бөлүккө бөлүп салды.

«Беш береним эле» деп,

Бешөөнө тең ыйгарды.

Улуу уулу Беккулуга,

Энчи малын бөлүп берди,

«Тун уулум эле,-деп,

Туу казыктын өзү,-деп,

Туумуду алып жүрөөрүм,-деп,

Туу түбүндө тураарым,-деп,

Жылкы берди, уй берди,

Арбын, арбын мал берди.

Айдап берди караны,

Аттан берди канчаны.

Качырганды куткарбас,

Кара мылтык бар эле.

Сен ошону алгының,

Аңчылык кесипке,

Ардагым сен жакынсың.

Куш салганды башынан,

Жакшы көрдүң жашыңан.

Какшаалдан кармаган,

Кара бүркүт бар эле.

Ошону кошо алгының,

Кары атаңы эстей жүр!

Калбасын такыр арманың.

Экинчи балам Майназар,

Экиленген жан багаар.

Куудулдугу бир далай,

Купшуңдаган шумпай ай,

Шумураак чыгып башынан,

Шумдукту сүйлөйт капырай.

Акбоз жоргом бар эле,

Сен ошону алгының.

Ала -Тоолук элди карантып,

Жорго салып чапкының.

Аңчылыкка алыс чыкканда

Ак шумкарды кошо алгының.

Торгой ата балдарына,

Энчи арнап баардыгына.

Беш уулуна бөлүп берди,

Жыйып алган байлыгын.

Көрүнгөн тоонун ыраагы жок,

Көңүлүн таап алардын.

Ыраазы болуп кубанган,

Беш уулу ошол атага.

Кудуңдашкан балдардын,

Кубанганы бакты да.

Даңктуу атадан энчи алып,

Дардаңдап калды балдары.

Бешөө минип беш күлүк,

Белестеги жолду улады.

Алыска жайган атагын,

Айдыңдуу Торгой атанын,

Калмактан колго түшүргөн,

Он кулу анын бар эле

Ичте-тышта жумшап жүргөн.

Баардык ишин бүтүргөн

Жайлоолорго аттанган,

Жайында малын кайтарган.

Жыбыттардан жылдырып,

Жылкыларга көз салган.

Ошол онун беш уулуна,

Бөлүп-бөлүп арнаган.

Ата кургур башынан,

Балдарга бакыт арнаган.

Каабын деген калмагы,

Он сегизге барып калган.

Ар нерсеге байкоо салган,

Демөөрү күч шамдагай,

Денеси чоң далдагай.

Бала күндө колго түшүп,

Кыргыз тилин билип алган.

Сай-сайда болгон кагылышта,

Ата-теги анын чачылган.

Бабасын эстеп сагынып,

Бала ичинде кек калган.

Он кулунун ичинен

Ушунусу коркунучтуу.

Кээде жасап жиберет,

Эң бир жаман жорукту.

Башка кулу баш көтөрбөй,

Каалаганды аткарат.

Алар көнүп кыргызга

Калганы тынч жашашат.

«Улуу уулум» -деп Беккулуга,

Каабын кулун арнады.

 

Дардайган кул атанын,

Өз энчиси аталды.

А дагы бир калмак бала,

Жейрен жатчу үңкүргө,

Качып барып жашынган,

Өз аты анын көмүскө,

Жейренбай болуп аталган.

Ал баланы Майназарга,

Белек кылып арнаган.

Ошол күндөн баян таштап,

Дастанчы чал кобуранган.

Борколдой деген баланы,

Муса уулуна карматты.

Ата болсо балдарына,

«Алгын»– деп энчи таратты.

Бешөөнө тең энчи берип,

Бейгам бакыт арнады.

«Бактылуу уулдар болушсун»,

Бабабыз күлүп жылмайды.

Торгой чалдын беш уулу,

Энчилерин бөлүп алып.

Туу жондордо жашоодо,

Турмуш менен алышып.

Беккулуга буюрган,

Каабын чыйрак неме эле.

Дөөдөй күчтүү, бекем бел,

Чымырлык жагы бар эле.

Он сегизде анын жашы,

Күндүзү койду кайтарган.

Түнүндө жылкы жанында,

Түйшөлтүп күлүк чаптырган.

Жылкыны жаят адырга,

Мүйүздүү мал каптал да.

Эмгекчил болуп жашынан,

Эринбей ишин аткарган.

Болк-болк этип жаштыгы,

Боконо сөөгү катыган.

«Ар дайым мени эзет»-деп,

Арамзаа жагы ашынган.

Арамдык мүнөз жашынган,

Кыргыздарды жок кылып,

Жылкыларды жыйра айдап,

Жыбыттагы жолго салмак.

Жыла качып чыгышка,

«Жылсамбы»-дейт калмакка.

Белгилүү да арам оюу,

Бирөө айтып койгонбу,

Байымдуу ата байкады,

Башын улам чайкады.

«Калбай бери келгин»-деп,

Каабын кулду чакырды.

Кабаарып мындай кеп салды:

– Кичинеңде сени бактым,

Кул дебедиң өзүңдү.

Жакын жандай сыйладым,

Жактыргамын мүнөзүңдү.

Жакшынакай сулуулардан,

Жан жолдошту таап берем,

Арыба деп бата берем,

Куттуу үйдөн кур чыгарбайм,

Кур койбоймун энчиден.

Калмак, кыргыз эки тууган,

Каралдым бизди ким тууган.

Сербейип өмүр сүрсүн,-деп,

Сен байкушту ким тууган.

Элден качып бөлүнбөй,

Элге бергин дилиңди.

Ушунчаңда акыл салам,

Угуп кой, айтаар кебимди.

Бирок Каабын кыйды да,

Бирикпес кара көңүл да.

Өзгөртпөдү ал өзүн,

Жоо сымал арам ой ойлоп,

Жоготпойт жаман мүнөзүн.

Майназар айтты Беккулуга:

– Этият бол калмактан.

Эсил башка азап үйбө,

Ар дайыма сактансаң.

Балпактаган куу калмак,

Балакетти салат го.

Жан багып оокат кылганды,

Жалпайта бир чабат го.

Балеелүү куу калмак,

Балтырга биттей чыгат го.

Тажаал ушул камактын,

Тазалап көзүн салалы.

Баамдап ишти баштайлы,

Баарысын тең байкайлы.

Сөздү эми башка жакка,

Кичине бура туралы.

Кепке кошо кетели,

Керек экен бу дагы.

Беккулу атанын

Дагы бир аял алганын.

Байыркыдан кеп козгоп,

Баштайлычы ошол жагын.

«Аны айтып берейин»-дейт,

Аңгеме айткан баянчым.

Улуу келин төрөбөй,

Учуна уул келген жок.

Ак келип туубады,

Белин бекем буубады.

Сулуу келин кезинде,

Суйкайган бала көргөн жок.

Арманы улам ашынды,

Атанын кокуй дүйнө бок.

Берешен ата дүйнөдөн,

Беш энеси туяк көрбөйбү.

Карарып өткөн кыядан,

Кара атчан жалгыз өтөбү.

Боордон келген жаш жигит,

Боз туйгун бала көрбөйбү.

Бозоруп жаткан кыядан,

Боз жоргочон жалгыз өтөбү.

Жумгалдык саяктардан,

Кургакчүкөн дегендин,

Нурлуу кызы бар экен,

Адамда жок сулуу экен.

Айдай эле сулуу эмес,

Акылы ашкан жан экен.

Маанилүү сөз айтып,

Мактагандай бар экен.

Адигене уругунан,

Торгойбакшы болуптур.

Жети үйүрлүү жылкы айдап,

Жетимиш жашка толуптур.

Анын уулу Арыкбай,

Бойдок болуп колоктоп,

Жашка чыкты бир далай.

Ал адам Кургакчүкөндүн,

Кызына куда түшүптүр.

Эки куда сыйлашып,

Эл ичинде жүрүптүр.

Торгойбакшы чалдын баласын,

А тиги кыз чаныптыр.

Жактырбаган немеге,

Жар болгону азаптыр.

Майназар менен Кургакчүкөн

Дос тура жаш чагында.

Малы-жанын аяшпаган,

Маңыздуу бир аяштардан.

Майназар ата бир күнү,

Аяр курап сүйлөмдү.

Аста секин сөздөрдү,

Салкын төрдө жатканда,

Оодарылып оң капталга,

Жашыл майсаң чөп үстүндө,

Жаадыраган жай күнүндө,

Кургакчүкөнгө кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Бел тутуп эли сыйлаган,

Беккулу деген агам бар.

Үч аялы анын бар эле,

Үчөөнөн тукум таппады,

Далай жылы баласыз,

Дапдаарып жалгыз жашады.

Баласыз өтүп байкушум,

Бактысыз бойдон калабы.

Ушунча жаным ооруду,

Убалап турат боорумду.

А дүйнөгө көчкөндө,

Агам байкуш өткөндө

Ай талааны жаңыртып,

«Ата»-деп бирөө айтпайбы.

Өңгүрөп келип атакелеп,

Өкүрүктү салбайбы.

Үч аялы бар эле,

Согончогу канабай,

Асыл агам туяксыз,

А дүйнөгө барабы ай.

Бу жалгандан жан агам,

Буюугуп жалгыз өтөбү ай.

Каргадай болгон байкушум,

Кара тоону өрдөбөй,

Караанын көрбөй баланын,

Кайгырып жалгыз өтөбү.

Кан жайлоодон мал айдап,

Калжайып жалгыз көчөбү?

Айтканы дайым маңыздуу,

Акылдуу кызың бар экен.

Каалаганды арнайын,

Калыңынан качпайын.

Жетик акыл ургаачыны,

Жеңе кылып алайын.

Бар-бар эткен бала үнүн,

Береер бекен кудайым.

Кайтадан дагы айтаарым,

Калыңын мыктап берейин.

Ак Кыядан өтөөрдө,

Айрылыш жолдун өзүндө,

Сөөк элем деп эстейин.

Сөз менен элек элейин.

Сөлпөйүп өзүм кетпейин,

Кузгундар ушчу кыядан,

Купшуңдап жалгыз кетпейин.

Куудул-куудул сөз айтып,

Кудалашып кетейин.

Куу өмүрдө дос болдук,

Кутту күндү эстейин.

Кубалап алып жол учун,

Кубанып бир кетейин.

Күңгөй менен тескей бар,

Күн тийбеген беттер бар.

Куда дешип сыйлашкан,

Кудуңдашкан пенде бар.

Алча менен жийде бар,

Арбын-арбын жемиш бар.

Ымаласы келишип,

Ырыс күткөн жандар бар.

Ак караны байкаган,

Адамдарга көз салган.

Жаман менен жакшы бар,

Жараткандын өзү бар.

Кургакчүкөн, Майназар,

Ошентип сөздү бүткөргөн.

Кудалашып сыйлашып,

«Куда»-деп ишти бүтөгөн.

Кара малды көп берип,

Кайкыдагы жылкыны,

Караандуу кылып айдатып,

Чулжуң-чулжуң басканы,

Чуудалуу төөнү баштатып,

Баскан жолу чаң болуп

Баарысын тең жайнатып,

Кеч бешим күн батаарда

Келип калды кудалар.

Жылкыга кебез байлатып,

Берешен тагдыр тамылжып,

Беш энеден жылдыз жайнатып.

Баардык элге алымдуу,

Эне болсо акылдуу.

Турмуш болсо күр өтүп,

Туу жондорго умтулду.

Бугу эненин очогунан,

Эне болду үч уулду.

Ардактуу ошол атанын,

Айдыңдуу ошол эненин.

Кор кылбай башкаларга,

Колдоп алар үч уулу,

Атанын мыкты үч уулу.

Ар немеге шай уулу.

Беккулунун үч уулу.

Улуусу болчу Курумшу,

Эне аны төрөгөндө,

Бар-бар этип үн чыгарып,

Бактылуу күндү көргөндө,

Эски таарын сүйрөп алып,

Курумшуну алып орогон.

«Башыма бакыт консун-деп,

Балам аман болсун,-деп,

Бай өмүрлүү тилек менен

Армандан ыраак болсун,-деп,

Беккулу уулду болду,-деп,

Баардыгы сапар келишти,

Бактылуу өмүр тилешти.

Даңкы элге жарыя,

Даңазалуу карыя,

Айтканы элге жарыя,

Ак сакалчан карыя,

Азан айтып чакырды,

« Көп күттүрүп журтка конгон,

Көк кушту кудай колдогон.

Куу тон кийип колдойгон,

Курумшу тонго оронгон.

Куу жашоодо ал бала,

«Курумшу» деген атка конгон.

Кубантып журтка конгон,

Куу кушту кудай колдогон.

Кубанычуу кез келип,

Курдаштар бата берип.

«Беш энеге кушу конду»-,

Беккулу ата ошондо,

Бетин жаап ыйлап шолоктоп.

Акбоз жоргону желдирип,

Адыр менен кетти жоноктоп…

Анан, дагы арбын кеп

Ата, баба ыры бар,

Айтылуучу сырдуу кеп,

Абалкыдан калган кеп.

Санжыра кылып бабырап,

Сакалчандар айткан кеп.

Атадан өтүп балага,

Алмак-салмак кеткен кеп.

Бир күнү Беккулу ата,

Уктап жатып түш көрдү

Укмуш сонун иш көрдү.

Түшүндө алтын ай көрдү.

Түгөнбөс узун жол көрдү.

Айтып бүткүс түш көрдү,

Айдыңдуу сонун иш көрдү.

Көгала атчан экен,

Көк асманды караса,

Айтканга кызык тамаша,

Ак шумкар учуп жүрүптүр,

Бөпөлөп аны чакырат,

Бөлтөккө атын чаптырат.

Бөкөндү кууп баратат.

Абалап көпкө сызган жок,

Ак шумкар учуп кеткен жок.

Каккылап кайра канатын,

Касиетин ачып тараптын.

Айбаты чыгып калкыган,

Алдында аңдар жашынган.

Асмандап учкан ак шумкар,

Колуна конот атанын,

Коймолжуп ата кубанат,

Ит агытып, куш салат,

Тор жорго атын чаптырат,

Торко тон кийип баратат.

Бир кезде ата ойгонду,

Ары-бери толгонду.

Өңү эмес түшү экен

Айтып бүткүс иш экен

Абдан сонун сөз экен.

Арадан бир жыл өтпөй,

Эненин бүттү боюна.

«Ак шумкарлуу болом»-деп,

Атанын жүрдү оюнда.

Жай менен кыш өттү,

Жайылмага жаан төктү.

Жаркырап жаз келгенде,

Жашыл чөп каптап өтөктү.

Учуп турду көкөлөп,

Калдыркан менен көпөлөк.

Шайыр жаштар бээ байлап,

Шаңданып турду кең өтөк.

Жуманын ыйык түнүндө

Энеке улам түйшөлө.

Толгоо келди энеге

Кабар кетти жеңеге.

Буйрукпу ата уулду болду,

Буурул түн келген кечинде.

Таалайлуу ата кубанып,

Таап алды шумкарын.

Шумкары көккө талпынып,

Шумдуктуу үндөр жаңырып.

Шуулдагы көктөн табылып,

Баланын үнүн угушту,

Баардыгы тең кубанып.

Бакытка батып турушту.

Чабаганды чаптырды,

Чар тарапка кабар айттырды.

Карыяны чакырды,

Салмагы тоонун ташындай,

Сары атын камчылай,

Сапар келди карыя,

Санжырасы дарыя.

Таң атпай азан чакырды

Кабарды угуп баардыгы.

«Бүт баары бай болсун»-деп,

Бүткүл элге каалап жакшылык.

Бурулбай уланып учугу,

Бугу эненин тукуму,

Дүйнө ачып жаңырды.

Шаар курулган сыяктуу,

Шаңданып турду заманы.

Жар кыядан үн салса,

Жаңырыктар толсун,-деп,

Жабыккан ушул жашоодо,

Жан дүйнө бай болсун,-деп,

Жакшы уулду болдук,-деп,

Жалпы журтун коргогон.

Кеби элге жарыя,

Кеменгер ошол карыя.

Сөзү элге жарыя,

Сөзмөр ошол карыя.

Азан айткан карыя,

Бүлөөгө келген баланы,

«Бүтөбай»– деп атады.

«Бүтөбайдай уулду болдук»,

Бүткүл журту кубанды.

Кубанмак түгүл купшуңдап,

Айдап келип адырдан,

Ай туяктуу бээ чалды.

Аркы, берки элдерди,

Айдыңдуу тойго чакырды.

«Бешик боосу бек болсун,

Кундагың боосу бек болсун».

Айдыңдуу ушул жакшы сөз,

Аралап учту айылды.

Топурашып эл келип,

Чогусу менен бүт келип,

Комузчусу күү чалып,

Кошмо күүнү улады.

Кыякчысы кыяктан,

Кыялдуу күү чыгарды.

Созолонтуп болбоду,

Чоорчу чоорун ойноду.

Шарактата күлдүрүп,

Шайыры оюн койбоспу.

Ылдыйдан келип ак бозчон,

Ырчысы ыр чыгарды.

«Жаш бөбөк аман болсуг,-деп,

Жакшынакай ыр жазылды.

Ошол тойдон унутулбай,

Опол тоодой сөз калды.

Биз айтпасак болбойт го,

Бир кзде өткөн окуяны.

Тентек балдар ал тойдо,

Текши зтке тоюушту

Кужуңдашып сөз бербей,

Купшуңдап конок болушту.

Той тарады ананда,

Минип алып тайына,

Баштыктарын көтөрүп,

Үйлөрүнө жөнөштү,

Үй кайтарып калгандар,

Устуканды мүлжүштү.

Этке тоюп алгандар,

Эбин таппай күлүштү.

Мына ушундай болуп өткөн,

Айдыңдуу кылган атаны,

Ал тойдун атагы.

Бүтөбай уул сапар алып,

Бул жашоого аттанды.

Тоодой болгон атадан,

Толгон тукум жаралды.

Ал атадан жаралган,

Бабаны мактап ыр жазган,

Бир уулумун мен дагы.

Айланайын замандаш,

Анын баарын унутпай,

Айта жүрчү сен дагы.

Ата-баба тарыхын,

Айтып кетип баратам.

Ырга салып сөз түзүп,

Ырдап кетип баратам.

Жылгалардан үн созуп,

Жыргап кетип баратам.

***

Аз да эмес, көп эмес,

Анан убак өтүптүр.

Ала салып токтобой,

Ак булуттар көчүптүр.

Эненин бар боюнда,

Эркекпи же, кыз балабы,

Керүүнү улам өрдөгөн,

Келе жаткан атчанбы.

Атчан бизге таанышпы,

Атакелеп журт коргогон,

Агаларын тартканбы,

Кыңаалап уулдун төрөлүшү,

Кымбат нерсе тагдырбы.

Атанын ыйык жубайы,

А дагы бир уул төрөдү.

« Айланайын кудай»-деп,

Ак бешикке бөлөдү.

Алыска кабар айттырып,

Беккулу ата кубанды.

Чабаганды чаптырды.

Калкына болгон алымдуу,

Карыяны алдырды,

Карыя болсо жылмайып,

Калдайып азан чакырды.

Бек атанын үчүнчү уулу,

Өргө кеткен жолунда,

Өмүр сүрсүн азапсыз.

Жашоонун көрүп бактысын,

Жана да болсун кайгысыз.

Шоорат чачып жашоодо,

Шойкому чыгып ошондо,

Шоңшоюп аман жүрсүн,-деп,

«Шоңко»,-деп аны атады.

Жаш бала аман төрөлдү,

Жаны бардай араң гана,

« Шоңком»-деп аны эркелетет,

«Шоңшоңдоп аман жүрсүн»,-деп

Энеке ага эмчек берет.

Эрбейген бала араң эмет.

Араң жан бала чыйрак болот.

Ысылы- суукта байым болот.

Тоготпой шамал бороонду,

Торпуда жүрүп торолот.

Шоңко уулдан тарагандар,

Ала Байтал ат чапкандар,

Шоорат чачып тарапка,

Шоңшоңдоп жолго чыккандар.

Ар намысы болуп атанын,

Арылатып улап сапарды.

Чыгарып ата атагын.

«Үч уулду болдум»-деп,

Беккулу ата кубанды.

Андагы өткөн чоң тойго,

Ай туяктуу бээ чалды,

«Жегени арбын болсун»-деп,

Жер жемишти жайнатты.

Алыс жактан ар түркүн,

Тамак-ашты алдыртты.

«Калктын баары тойсун»– деп.

Коломтону кастыртты,

Далай казан эт астыртты.

Чоң Жергестин башындагы,

Чоочун элди чакырды.

Алыс менен жакынга,

Анда кабар айттырды.

Даам татып, кымыз ичип,

Келбеген адам калбады.

Аңгемечим санжыраңда,

Айта кетсең буларды.

Көп өтпөй катуу ооруду,

Эне кургур көз жумду.

Эмчек эмбей Шоңкосу,

Эгемде ал буйрукпу.

« Асылыман айрылып,

Алтынсыз жалгыз калдым»-деп,

Үч бөлтүрүк төрөгөн,

Үйүмдү шаңга бөлөгөн.

Жаркыным кайда жөнөдү,

Жашоонун ушул өзүндө,

Рейтинг@Mail.ru