bannerbannerbanner
полная версияБабалардын баяны 2

Кадыр Абакиров
Бабалардын баяны 2

ДОЛОН БИЙДИН ҮЧ УУЛУ

Мен силерге айттымбы,

Долон бийдин баянын.

Эми айтып беремин

Үч уулунун аянын

Анан анан токтобой,

Агылып мезгил өтүптұр.

Дайны чыкпай жоголуп,

Далай жылдар көчұптұр.

Бий орто жаш чагында

Бирге болуп эли менен

Көчүп кыштап белдерди,

Мелмилдеген суу кечип,

Мекендеди тоо жерди.

Долон бий дагы кайгырды.

Бала көрбөй далай жыл

Ичинде жүрдү кайгынын.

«Көрөмбү» деп баланы,

Башка жактан кыз алды.

Боюна бүтүп жарынын,

Төрөөр күнү жакындайт.

Бир күнү зайыбы,

Мындай деген кеп таштайт:

«Эртең-бүгүн төрөтүм,

Кызганып турам өзүңдөн.

Адырга жылкы кайтарып,

Ал жакка кеткин бет алып»,

Чарчап икалган ал ата,

Адырга жылкы кайтарды,

Ак боз үйлөр алыс калды.

Көзү бирок айылда,

Бакыт менен таалайда,

Аңгыча чаап алкынтып,

Атчан келди бир бала.

–Уулду болдуң абаке!

Мунун өзү бакыт ээ.

Сүйүнұп кетип Долон бий,

– Адыр жакта көрүнгөн

Ак торунун үйрүнөн,

Тогуз жылкы алгының,

Токтобой үйгө айдагын.

Айдап алып жылкыны,

Бала кетти үйүнө.

Кабагын ачып сүйүнө.

Убакыт көп өткөн жок,

Чай кайнамдай болгон жок.

Ак бозун чапкылап,

Келди башка чабаган.

Курган неме сүйүнө,

Кут төгүлөт өңүндө.

Жакшы кабар кеп айтты,

Жагалдана деп айтты:

– Ой, атаке, Долон бий,

Төлгөңүз топ болду,

Сакаңыз айкүр конду.

Бакытка байып толдуңуз,

Дагы бир уулду болдуңуз.

Атаке деер кош жылдыз,

Ачылып турат жолуңуз.

Бир эмес эки эркек,

Чоңоёт экен эркелеп.

Эртең эле эр жетет.

Жоо менен кармашат,

Намызды талашат.

Колуңузда эки куш,

Корунбай эми калыңыз.

Ала Тоого ай чыкты,

Ачылган экен бактыңыз.

Сүйүнүп кетти Долон бий,

Сүйкүмү элге жарыя.

– Сүнчүңө ай балам,

Тоо торунун үйрүнөн

Тогуз жылкы берейин,

Ажарың мага сүйкүмдүү,

Андан башка не дейин

Бир эмес эки уулум бар,

Аларга бакыт тилейин.

Аянып эми нетейин.

Кыбыланы каранып,

Жаратканга жалбарып.

Бата кылып Алла Таалага,

Жалынып турду бир азга.

Кубанып да шаттынап,

Тамагын кырып каргылданып.

Куу жоргону камчыланып,

Ашыга келди үйүнө,

Ала кечки күүгүмдө.

Туугандары тосуп алып,

Туш-туштан баары кубанып.

Бир кары айтты жылмая,

– Оң жагыңда бир балаң,

Ал оң деген атты алсын.

Сол жагымда бир балаң,

Ал сол болуп аталсын.

Азанчы чал карыяны

Тез келсин деп айттырды.

«Ат кой деди балдарга,

Чукулда той өткөрөбүз»,

Кабар тарайт калкыма.

Азанчы чал балдардын,

Экөөнө тең ат койду.

Жагымдуу бир иш болду.

Эне болсо сүйүндү,

Той берүүгө күтүндү.

Карын-карын май томуруп,

Аяктарды толтуруп.

Чакырды жакын коңшуну,

Баары чогу отурду.

Долон бий анда кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Оң жагымда Агуулум,( Абылым)

Ойротто жок чолпонум.

Сол жагымда Кубулум. (Кабылым)

Солдон чыккан чолпонум.

Соолубасын оң колум.

Балапан кезде дем алып,

Оң бойрөктө жаралып,

Биринчи бала оң болду.

А экинчи баласы,

Сол бөйрөктө жаралып,

Аталышы сол болду.

Ушундай эле болмогу

Эгем аны улам колдоп,

Эң бир сонун иш болду.

Таалайы тукум уланып,

Тагдырда иш оңолду.

Аңгемечим буларды,

Айтканың сонун иш болду.

Оргуштап мезгил токтобос

Ошондо ошол иш болду.

Экөөсү тең ак өмүргө,

Улап кетти чоң жолду.

Алып учат тагдыр бул,

Андан башка болбоду.

Андан кийин төрөлдү,

Көзүн ачып жарык көрдү

Аты аталып Кызылуул,

Атагы кеткен даңктуу уул.

Өрүшү өсүп Кызылуул

Ичкилик болуп аталды.

Өйүз-бүйүз жерде жашады.

Ошентип үч баланын,

Кыйлага кетип атагы.

Кыргыздын атын чыгарды,

Куу уулдан тарагандар,

«Кудайым» деп сыйынгандар,

Тепчип өтүп кыяны,

Теңир Тоону айланат.

Тогуз урукка бөлүнүп,

Тоолордо өмүр өткөрүп,

Кээ бирлери жашаган,

Алыскы Кыйтай тарапта,

Бизден алыс аймакта.

Санжырага биз келсек,

Алыскыны эстесек.

Агуул менен Кубул,

Алышып бийлик талашкан.

Эл журт түшүп арага,

Эки ортодо чыр чыккан.

Кыргыз салты боюнча,

Бийлик тиет улууга.

Баардык бийлик Агуулда.

Мал-мүлк менен байлыктар,

Берилет да Кубулга.

Абалкыдан кеп козгоп,

Айтаар сөзүм ушул да.

Долон бийдин бактысы,

Аты уйкаш үч уул бар.

Үч күлүк минип алкынтып,

Үч кушту колдо талпынтып.

Үч жолочу жол кеткен.

Үч ырды тагдыр эстеткен.

Чын төгүнүн карыядан,

Сапар барып сурагам.

Бабалардын тарыхын,

Алыскынын аянын,

Башталмасын эстей кет!

Баян куруп, сөз түзүп,

Башкаларга айта кет!

Агуулдан тарап кетиптир,

Адыгене, тагай, моңоштор,

Ат арыткан боорлоштор,

Кыз да болсо Наалы эже,

Ит агытып, куш салып,

Билгич пенде аталып,

Белди айлана чаптырган,

Бел болуп элин башкарган.

Айдыңдуу ошол Наалыдан,

Арбын-арбын ыр калган,

Ырысын даңктап эженин,

Ырчылар аны мактаган.

Комузчусу ырдап токтолобой,

Кошулма күүсүн чыгарган.

Чоорчулар чоорлордо,

Чогулма күүсүн тараткан.

Шыйкыр конгон эжеге,

Шыктанып ыр арнашкан.

Агуул, Кубул, Кызылуул,

Бир атадан тараган.

Тепчип өтүп кыяны,

Теңир Тоодо жашаган.

Жолдо жортуп куулугу,

Кубул өтө шок болду.

Шок болбосо, жок болду.

Кара мүртөз жайы бар,

Бул баянды айтышкан,

Тээ байыркы карылар,

Сабында чындык бар

Санат сөздү салгандар.

Саймедиреп сөз курайт,

Санжыраны айткандар,

Байыркыдан кеп улап,

Байма-бай сөз чубап.

Токтололу Кубулга,

Кушчу, кытай, саруулар,

Куу атадан тараган,

Баяндарда айтылган.

Чарчабай жолдо сапарлап,

Чабдар атчан чабарман.

Агуул басмырт, төп болгон,

Шоктонбогон, токтолгон,

Аңыз кылып болгондон,

Аңгеме айтам ошондон.

Аркы өтөк жашылданып,

Арт жагында өмүр калып,

Үч бала бар Агуулдан,

Улуу тоого жол улаган.

Адигене, Муңуз, Тагай бар,

Айтылып ушул баяндар,

Жол көрсөткөн өз элине

Жолдош болду Наалы эже,

Кубулдун баянын,

Айтып көрсөк бир далай,

Каратал менен Каранай,

Адигенеден төрт бала,

Муңайбай өмүр өтөгөн,

Муңуштан дагы он бала,

Атак даңкы тараган,

Эң кичүүсү Тагайдан,

Болгон экен төрт бала.

Богорстон, Койлон, Кылжыр,

Карачоро анан да

Жашоого жол арытып,

Ак өмүргө жол тартып,

Жашап түштүк тарапта,

Көл аймактан алыста,

Адигене, Муңуштун,

Өмүр сүргөн тарабы,

Түз жер тоонун аймагы,

Кенен Чүйдүн тарабы.

Тагай бийдин тукуму,

Байгеге ат кошуп,

Атак даңкы угулду,

Айдыңдуу тоолор ажайып,

Ал жерге мал жайып,

Жолдор менен өтүүчү,

Конуп, түнөп жүрүүчү.

Кылымга аты таанылган,

Санжырада айтылган,

Ак баракка жазылган.

Сөздөн-сөзгө тараган.

Кылжырдан эки бала бар,

Бугу менен Сарбагыш,

Алардын да баянын,

Абалкынын аянын,

Аңгеме кылып айтабыз.

Башталмасын ары улап,

Баш аягын тактайбыз.

Эки уул Кылжыр атадан,

Тукум улап тараган,

Орозбакты, Дөөлөсбакты,

Орозбакты көлдү ээлеген,

Ошол жакты жердеген,

«Байыркы баба жери»-деп

Түзөң, тоону мекендеп.

Бүркүт учкан оболоп,

Чоң Кемин менен Көк Ойрок,

Дөөлөсбакты ата жашады,

Жайлап жана кыштады,

Токтоо бербей октос алыш,

Зуулдап учкан заманы.

Кылжырдын аты Сарбагыш,

Мойну ийри, өңү чекир,

Дал ушундай аталыш,

«Кылжыр»– деп аталыптыр

Ушул ат анан калыптыр.

Өргө карай бараткан,

Өмүрүбүз канча ким билет.

Куттуу тилек каалган,

Кудай гана бир билет.

Курап жазган ырымы,

Кудуреттеп сыйладым.

Учуп күйгөн ырыман,

Үнү угулуп ата-бабанын

Эээ.ээй…

Байыркынын жомогу,

Баштаса келеер оролу.

ТАГАЙ БИЙ

Теңир Тоону жайлаган,

Далай ыр калды Тагайдан.

Жол көрсөтүп бий болуп,

Жорго үстүндө чайпалган.

Жолун калбай арбытып,

Аргымак чуркап өткөндө,

Артынан шаң таралып,

«Эр Тагай бий өттү»– деп,

Элдер калчу каранып,

Богорстон, Койлон, Кылжырдан,

Ар уруулар тараган,

Узун жолду арбытып,

Уулдар чыкты жараган.

Анын тондуу балдары,

Саяк, Азык, Чериктер,

Коңурат менен Чертике,

Жол улаган берендер,

Ырыска салып Теңир Тоону,

Ыр таратып кеткендер.

Атактуу биздин Тагай бий,

Түндүк, түштүк тарапты,

Кыргыз турган аймакты

Бир хандыкка бириктирип,

Манас туусун көтөргөн.

Элдин эрки көкөлөгөн

Моголстан ханы болгон,

Хан Саидге каршы барган,

Аларды жеңип ала алган.

Улуу тоонун арстаны,

Учурунда аты даңкталган..

Ал кезде кыргыз борбору,

Барскон болуп аталган.

Андан кийин күн өтүп,

Алда нечен түн өтүп.

Кыргыздар менен моголдор,

Каршы туруп кармашты.

Моңол ханы хан Саид,

Чоң кошуунду кураган,

Ысык Көлдү жеегинде,

Кан суудай агылган,

Болуп өткөн чоң майдан.

Кыргыз колу аз болуп,

Жеңилип аргасыздан.

Тагай бий колго кармалып,

 

Кашкарга алып барылган.

Туткун болуп кармалган.

Могол ханы хан Саид,

«Кыргыз оңой эл эмес,

Жок кылуучу мен эмес.

Балее болот башыма,

Асылбайын арстанга,

Жок кылгандан жазганган.

Хан ордоодо аны кармаган

Элге журтка таанылган.

Аралап журттун баардыгын,

Албан ишти аткарган.

Хан ордодо таанылып,

Атагы Моголстанга таралып,

Кыргыз журтун башкарып,

Аты аталып ал жерде,

Кабары кеткен элине

Зулайка кызга үйлөнүп.

Аны менен бирге жашаган,

Аз убакыт өттү арадан.

Ай айланып жыл жылган.

Султан Саид Тагай бийди,

Аргасыздан бошоткон.

Кетееринде сапар алып,

Зулайка менен коштошкон.

Ала жазгы көктөмдө,

Ала Тоого жөнөөрдө,

Аялына кайрылган,

Аманат кебин таштаган:

–Аркалап жүрөөр таалайды

Курсагыңда бала калды.

Төрөлгөн чүрпөң кыз болсо.

Аны өзүң билгиниң.

А эгерим уул болсо,

Ак санаага куш консо,

Карачоро кой деген

Карачоро деген сөз,

Карадан хан болот.

Чоро деген жигит да.

Тагай бий берди кестикти,

Маа көрсөтүп келүүчү,

Уулумдун ушул белгиси.

Жолдошу болуп жанында,

Жолун улап сапарлаар.

Жолунан көргөн баянды,

Жобуратып мага айтаар.

Аман болсо Карачором,

Он экиге толгондо

Кайрат күчтүү болгондо,

Эр Семетей бабасынча,

Турагы түшүп санаасына,

Аттанып чыгаар сапарга

Ала Тоого жол келеер.

Аркалаган кубанычын,

Аңгемелеп айтып береер.

Нени көрсө бу өмүрү,

Жомок болоор өткөнү.

Анан дагы күн өттү,

Ала-сала ай көчтү,

Жылдар жылып жөнөштү.

Төрөлгөн ошол баласы,

Эркек болду кыз болбой,

Энчиге таалай конгондой,

Теңирдин өзү коргоду,

Чынында мындай болорбу,

Оодарылып жыл өтүп,

Ошол бала акыры,

Үмүт басып ортону

Он экиге так толду,

«Атакем кайда энеке?»-деп,

Акмалап сураар кез болду.

Кең Кашкардын калаасында

Калың бакча арасында

Балдар менен жарышып,

Карачоро ойноп жүрдү.

Кээ бир кезде сүйүндү,

Оңдуу жакшы сөз укпай,

Оюу такыр ишке ашпай,

Кээ биринде күйүндү.

Балдар айтты балага:

– Атасы жок баласың,

Талаадагы таштандысың.

Айлар өттү, жыл өттү,

Атаңды качан табасың?

Ага качан барасың?

Хан ордонун баласы эмессиң,

Сен чоочун башка жерденсиң.

Үйгө келип Карачоро,

Үн катпай жатып алды.

Эркелетсе энеси,

Ага көңүл бурбады.

Такыр үнүн салбады.

– Кагылайын береке!

Атам кайда энеке?

Айткының баардыгын.

Андагы болгон иштерди,

Ачыкка гана чыгаргын.

Эне болсо жашырбай,

Кеп салып байма-бай.

– Сенин атаң Тагай бий,

Ала Тоолук жан эле,

Мындан көп жыл илгери,

Өз жерине кетти эле.

Сен курсакта жатканда,

Төрөлө элек чагыңда,

Сага кестик таштаган,

Аманат сөзүн баштаган.

Он экиге толгондо,

Эс акылдуу болгондо,

Бөтөн элге кор болбой,

Бөлөксүнөөр тең болбой,

Ата баба жердеген,

Ала Тоого жибер деген.

Албан-албан ой менен

Акыл айткан кеп менен

Бир кездеги аянды,

Мага ушундай баянды,

«Айткының»-деп тапшырган.

Абалкыны калтырбай,

Аңгемелеп кеп салам.

Аманат сөздү аткарам.

Ошол иш ошол болду,

Ошондой иш болмогу.

Бир күнү бала түш көрдү

Уламалуу ал түштү,

Удаасы менен үч көрдү.

Улуу тоонун асманында,

Шумкарлардын арасында.

Шукшурулуп жүрүптүр,

Ары-бери толгонду,

Ал кубанып ойгонду.

Энесинин жанына,

Карачоро жакын барды.

Эмне көрдү түшүндө,

Эбиреп айта баштады.

– Атаң деген бий болчу,

Ал тегин киши эмес.

Кыргыз деген элиң бар,

Ал жөнөкөй эл эмес.

Көп кылымды арыткан,

Көп тарыхты карыткан,

Далай менен кармашкан.

Кан чыгара тартышкан.

Намыс бербей башкага,

Айбаты күчтүү ааламга,

Аскасы асман тиреген,

Ала Тоо аттуу жериң бар,

Ак калпактуу элиң бар.

Ошол жакта жашаган,

Көп заманды арыткан,

Кылым жашап келаткан

Кыргыз деген элиң бир.

Өксүбөсүн тарыхың

Өчпөй турган демиң бар.

Бала болсо, кеп угуп,

Байыркыдан уланган

Башталманы бүт угуп,

Ушунчалык кубанган.

Аттанмак болду сапарга,

Атаар таңдын алдында,

Арбын иш бар алдыда.

Жолду улап токтобой,

Жолго чыкмак сапарга.

Аманат берген белегин,

Атасы берген кестигин,

Энеси берди балага,

«Ала Тоо жерим сен кайда?»

Даяданып чоң сапарга.

Көрө элек жактарда,

Көөдөндө көп санаа бар.

Аман болсо ал бала,

Анын баарын аткараар.

Алгалап анан канат жаяр

«Тааныш турак кайда?– деп,

Тайгай бийге жетем»,-деп,

Тору атты токуп минип,

Жол менен желдирип,

Жалгыз бала келатты,

Карап коёт тарапты.

Адыр ашат, суу кечет,

Аңыз бойлоп жол келет.

Тору атын теминет.

Тору аты баспады,

Алыс жолдо чарчады.

Кантип жетем элиме,

Ала Тоо деген жергеме.

Карап коёт айлананы,

Бул баспаган тору ат,

Кетирет го айламды.

Өзү болуп торгойдой,

Аты болуп ыргайдай.

Жалгыз бала келатты,

Жабыгып жолун арытты.

Мына ошол мезгилде

Бир кызык иш башталды.

Бала дагы таң калды

Кара тулпар жетелеп,

Балага жакшы тилек тилеп,

Келип калды бир карыя

– Ме минип алгының

Тизгинин берип балага.

Колдоочусу элем атаңын,

Атаң эмес кыргыздын

Алыс жолго чыгыпсың,

Бачым жет туулган жериңе,

Байсалдуу болсун сапарың.

Эмне керек болкп калса,

Жардам тиле кудайдан.

Жалгыз жолго чыктыңбы,

Жардам береер ал саган.

Бараар жериң алыс жак,

Бат бастырып жеткиниң,

Мен дагы сенин өзүңө,

Аянбай жардам беремин.

Сөзү адамга жарыя,

Заматта эле карыя,

Көздөн кайым жоголду.

Кайыппы же сыйкырбы,

Таң калып бала ойлонду.

Кара тулпар укмуш ат,

Капталында канат бар.

Алыс жолго тапталган,

Алкынып турат жаныбар.

Мындай атты көргөн эмес,

Ушундай жылкы болот,-деп

Ал ойлоп койгон эмес.

Минип алып тулпарды,

Алыс жолго аттанды.

Канаттары жазылып,

Асман менен кайкыды.

Улан болсо кубанып,

Улантып келет сапарды.

Адыр ашты, жер басты,

Канчалаган тоо ашты.

Кара тулпар жаныбар,

Чарчаар түрү көрүнбөйт.

«Баскының» – кайраттантып,

Алыста жол бүлбүлдөйт.

Муңдуу чөптүн үстүндө,

Булуттуу көктүн астында,

Сызып барат ал тулпар,

Сыйкырдуу укмуш жаныбар.

Сапар тартып келатты

Бир бала чыкты жолунан.

Арып-ачып ачка болгон,

Аш-тамактын жогунан.

Башынан өтүп көп азап,

Болгон өңдүү селсаяк.

Башынан өткөн окуяны,

Баардыгын тең кабарлады

Карачоро ал баланы,

Ушунчалык аяды.

Кара атка учкашып,

Экөө сапар келатты.

Адыр ашты, бел ашты,

Эчен-эчен жер басты.

Кара тулпар келатты,

Кээде жаят канатын.

Тоону ашат, бел басат

Токтотподу сапарын.

Жол арытып келатып,

Жолукту ага бир бала.

Өңү ушунча чарчаган.

Азыгы да жок калган.

Башынан эмне өткөнүн,

Карачорого кеп салган.

Жээр тамагы жок болуп

Ачка болуп, ток болуп,

Аябай жаны кыйналган.

Үч бала сапар келатты,

Адыр ашты бел басты.

Күркүрөгөн суу кечти,

Ашып өтүп белести.

Үчөө сапар келатса,

Жолукту ага бир бала.

Такыр эле алы жок,

Кан сөлү, дарман жок

Чертип койсо тоголонот.

Таштаса өлүп жок болот.

А береги үч бала,

Ал уланга боору ооруп,

Кошуп алды жанына.

Төрт жолочу биригип,

Бирге чыкты сапарга,

Кара тулпар алдында.

Мына кызык тамаша,

Ошол кезде пайда болду,

А баягы чал кайра.

Жетелеген бир атты,

Балдарга аны карматты.

Капталында, канат бар

Кем эмес кара тулпардан.

Алкынып турат жаныбар.

Эки атты минип алып,

Төрт бала сапар жөнөдү,

Барчу жери алыс жак,

Жонок менен өрдөдү,

Ашып өтүп чоң дөңдү.

Сапар жолду арбытып,

Аттамак чыкты кыядан,

Айланып өтүп аскадан,

Аттарында канат бар

Жол улап келет төрт бала,

Үмүтүм бар төрт гана,

Ачка- токту бүт көрүп,

Арып келет төрт бала.

Кабалаңдуу күндөргө,

Калып келет төрт бала.

Муңдуу чөптүн үстү менен

Булутту көктүн асты менен

Жолочулар келет сапарлап,

Асман менен баратып,

Алды жакты карашса.

Жайнаган боз үй көрүнөт.

Алкынып келип суу агат.

Адыр түзөң кайкыда,

Ар түркүн мал жайылат.

Балдарга жакындап,

Бүркүт учат куш учат.

Алар менен жарышып,

Төртөө кетип баратат.

Алдыда созулган,

Айыл калат агарган

Агын суу калып алкынган.

Өмүр өтүп жаткандай,

Баарысы калат бүт калат.

А балдар сапар токтобой,

Алар кетип баратат.

Айылга жетеер кезде

Кайып ата пайда болду.

Төрт баланы карап туруп,

Жылмыңдап күлүп койду.

– Өз жер жаңы конушка,

Жеттиңерби балдарым.

Өмүрүңөр бар болсо,

Көрөсүңөр баардыгын.

Аттарды кайра бергиле,

Тайгай бийге баргыла,

Не окуя болгонун,

Баарысын айткыла!

Эки атты жетелеп,

Кайып ата жоголду.

Жуумп көздү ачканча

Ошондой иш болду.

Балдар болсо токтобой,

Түзөң менен арылады.

Ары жакта жайнаган,

Боз үйлөргө бет алды.

***

Төртөө жүрүп отуруп,

Тагай бийге келишти.

Таазим кылып жүгүнө,

Ийлип салам беришти.

Тагай бий тосуп аларды,

Отургузду жанына:

– Кана балдар келиңдер,

Не окуя болгонун

Маа кобурап бериңдер.

Улуу бала кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

– Атым Ырай болуучу,

Түпкү уругум саяк,– дейт,

Атам болгон Байыш,-дейт.

Атам өлүп калган соң,

А дүйнөгө көчкөн соң,

Менин энем Маниса,

Сулуусу эле аялдын,

Жары болду башканын,

Чыгып алды турмушка,

А мен аны жактырбай,

Нааразы болдум ушунча,

Башыма каршы болду өгөй атам,

Каршылашып дүйнөдө кайда батам,

Бараар жакты биле албай,

Сизге келдим сапарлай,

Тагай бий анда ойлонуп,

Ары бери толгонуп,

Мындай деген кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

–Тукуму болот экенсиң,

Саяк журттун алыскы,

Уруусун жойбой баланын,

Каршы болуп өгөй атаң,

Көрбөгөндү көрүпсүң.

Жашоо деген азап болот,

Баарысынан өтүпсүң.

Саяк деп аны атады,

Сапар келген ал бала,

«Саяк» деген атты алды.

Даңктуу уулум болгун,-деп

Ата берди батаны,

Өз ичинен кубана,

Тагай бий сылап сакалды,

Дагы бир уулду болдум,-деп,

Жаны анын жай алды.

–Эми сен бала сүйлө,– деп

Экинчи уулга кайрылды.

Чердейген бала ашыгып,

Чекесин улам кашынып,

Башынан өткөн тарыхты,

Бапылдап айтып кеп салды,

Кеп салганда деп салды:

– Менин атам Домо,-дейт,

Кашкардын жанындагы,

Кара Корун шаарын салган.

Уруусу анын кыпчактан,

Урумга кеткен аталып,

Узун элге кеп болгон,

Кыйла журтка даңкталып

Кылымдык шер болгон.

Атакем эл алдында,

Айдыңы чыгып көгөргөн,

Атамы сарт тукумдар,

Азгырык менен өлтүргөн.

Алтынымдан айрылып,

Ак шумкарым талпынып,

Арманданып шаңшыган.

Тигип койгон терегим,

Күү чыгарып зарланган.

Аянычтуу үнүн угуп,

Асыл жаным азаптанган.

Атакем менин дарыям,

Агыны күчтүү олуям,

Дарыям акпай солуду,

Асылыма не болду.

Канатым кайрылып,

Карааныман айрылып,

Азаптуу күнгө кабылгам,

Атаман кийин мени да,

Өлтүрүүгө камынган.

Түн жамынып билгизбей,

Туугандар мени качырган.

Ал тараптан качпасам,

Айрылмакмын бу баштан.

Ачка болуп калбайын,-деп,

Азык-түлүк артынгам.

Бал үмүттү бириктирип,

Балдар менен тең чыккам.

Ай чыкканын боолголоп,

Ала Тоого жол алдым.

Арманды да кубанычты,

Аркалады бу башым.

Өткөнүн эстеп ал улан,

Ыйлап ийди шолоктоп,

Балким эстеп жаткандыр,

Бала чагын ал жоктоп.

Тагай бий баланын,

Жообун угуп таңданды.

 

Жаны күйүп аяды.

Жанындагы баланын,

Кара чачын сылады.

Кайгылвнв кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

–Ай, балам ай, балам ай!

Асылым жанды кыйнаба.

Атаңын шейит болгону

А да болсо тагдыр да.

Ким эле алып жүрүптүр,

А дүйнөгө көчүрбөй,

Атакесин өлтүрбөй.

А да болсо жазуу да,

Баарысы тең өтчүдөй,

Ар нерсеге маш балам,

Алтын балам ыйлаба,

Кара башты кыйнаба!

Жаның аман барында,

Жакшы күнүң алдында.

Сени баккан атакең,

Жоо колунан мерт болсо,

Аркалап алыс качканда,

Азыгың жолдо бар болсо.

Кор болуп бир жаның,

Кордукту көрдүң кезинде

Арка кылаар тирегиң,

Атаңы бердиң ээсине.

Ардагыңан айрылып,

Азапты көрдүң жашыңда.

Ак жолго чыгыпсың,

Азыгың болуп жаныңда.

Анда атың «Азык» болсун,

Ак башыңа бакыт консун!

Ар дайыма көөнөрбөс,

Жакшылыкта гүлдөп өс.

Жайлоо болсун конушуң,

Жакшы болсун жолдошуң.

Ала Тоонун койнунда,

Аман-эсен болсун-деп,

Качып келген балама,

Каалар сөзүм ушул да.

Элиң сенин тирегиң,

Кана эмесе оомийин!

Бий сүйлөп токтолду,

Билгизбей көпкө ойлонду.

Үчүнчү бала кеп салды,

Кеп салганда деп салды.

Карачоро анын аты,

Энеси берген кестикти,

Тагай бийге карматты.

Энем мени жөнөткөн,

Ээн тоолор тарапка.

Элиңи тапкын,– деп айтты.

Атаң сенин Ала Тоодо,

Аттангын деди ошого.

Атам жакка ашыгып,

Кестигимди жашырып,

Иликтеп тоолор тарапты,

Издеп келем сиз жакты.

Тагдыр мага айттыбы,

Таалай жолун таптымбы.

Бий алып кестикти,

Кайта-кайта карады.

Кестикти алып эсептеп,

Кеткен жылды санады.

Толкундана тамылжып,

Таалайлуу жылмая,

Таамай айтты буларды:

– Сенин атың Карачором,

Бир кезекте мен койгом.

Уулум келип калабы,-деп

Узун сабак ойлонгом.

Кашгар шаарда болгонума,

Өткөнгө серп салсам,

Оорду менен тактасам.

Он эки жыл оошуптур,

Ошондон бери санасам.

Он эки кыш болуптур,

Он эки жаз оошуптур,

Ошондогу жаш бала,

Он экиге толуптур.

Аманат айткан балама,

Амандаштым кайта да.

Ушул дагы бактымбы,

Бир эмес үч баламды,

Аман-эсен таптымбы.

Бактысы ашкан Тагай бий,

Баарынын өөп бетинен,

Керемет жанган чоң бакыт,

Кетпей турду эсинен.

Төртүнчү бала кеп салды,

Баштан өткөн азабын

Кыскача жай баяндап,

Айтып берди баардыгын.

Ата-энем өлүп калган соң,

Аябай азап тарткамым

Бир өлүмдөн башканы.

Баарысын тең көргөмүн,

Сапар тартып көп жолдон

Көп жолу басып өткөмүн.

Бирөө эле чертип койсо,

Тоголоно кулап кетемин.

Такыр эле алым жок,

Таянычсыз з жашап келемин.

Уурутунан жылмайды,

Тагай бий анда кеп салды:

–Чертип эле койгондо,

Тоголоноор жайың бар.

Ал кетип, азап тартыпсың,

Айланайын каркыбар.

Мен сенин атыңды,

«Чертике» деп атайын,

Өзүңү такыр кор кылбай,

Бала кылып алайын.

Уруубуздун саны көбөйсүн,

Элибиз улам тез өссүн.

Каршы турган жоолорду,

Ылдам эле жоготсун.

Бүткүл элге таанылгын,

Бүт калкыбыз бар болсун.

Ал баланы башынан

Акырын гана сылады.

«Кагылайын берекем»

Жакшы көрүп жыттады,

«Төлгөм төп түштү,

Төртүнчү баламды,

Кудай берип таптымбы».

Дүңгүрөдү эл чакырып,

Энчи берип төртөөнө

«Төрт уулум төрт бутагым,

Ысымымды улаарым».

Үмүт кошуп күчүнө.

Жадырап жарпы жазыла

Тобу менен эл чакырып,

Адамдар такыр көрбөптүр,

Чоң салтанат мындайды.

Жылдыздуу төрт балага,

Төрт күлүктү мингизди.

Атанын ата экенин,

Ошондо бир билинди.

Урумга кетип атагы.

Уулдадан тукум уланды.

Саналуу атын чыгарып,

Санжыранын тарыхы,

Ошолордон куралган.

Бурулгус күндү элестеер

Бу баянды уккан адам.

Баяны бүттү төрт уулдун,

Башка улама башталат.

Көзгө элестеп башка жак,

Ким окуса аа жагат.

Анда эмесе пкугула,

Ата-баба санжырасын,

Көрүнбөс өткөн баяндар,

Көз алдыга жакындасын.

Жаралып башка уламалар,

Убакыт өтүп закымдасын.

***

Тагай бийдин үчүнчү уулу,

Кылжырдан баян баштайбыз.

Оролмо кепти таштайбыз,

Бий жылмайып эркелетип,

Кыңая баскан баласын,

«Кылжырым» деп койчу экен,

Кыйладан калган сөз экен.

Баштагыдан кеп айткан,

Бабадан калган сөз бекен.

Өз аты болгон Мамытбек

Өкүм жана каардуу болгон,

Көзүнөн жалын ойногон.

Ала-сала чаап уруп,

Алышканды койбогон.

Бир көгөрүп алганда,

Беттешкенге тик барган.

Кара аламан алдында,

Каалаганын аткарган.

Эрке эле башынан,

Ээленгенин кылам деп,

Эне, атасын кыйнаган.

Тоодо өскөн караган,

Карагандан тараган,

Анан ошол Кылжырдан,

Эки уруу эл жаралган.

Ошол Кылжыр атадан,

Орозбакты, Дөөлөсбакты,

Абийир топтоп башынан,

Орозбакты акылман,

Оройлонбой жини жок,

Өзүн токтоо кармаган.

Дөөлөсбакты шум болгон,

Митаам анан куу болгон.

Душманга намыз алдырбай,

Айланасы чеп болгон.

Биринчисин бугу дейт,

Көл тарапты мекендейт.

«Көлүбүз көркөм» экен дейт,

Экинчиси Сарбагыш,

Бийик тоолуу жерде дейт,

Нарын тоолор тарапта,

Кара Саз, Долон жакта,

Ал тарапты мекендеген,

Алыскы жерди жердеген,

Бийик тоону аралап,

Ачык жерде сабалап,

Ит агытып, куш салып,

Келатты шаң таратып.

Эээй…

Эзелки баба жомогу,

Эстесе келеер оролу,

Эчен-эчен жыл өттү,

Эстегинин баары өттү.

Эчакынын тарыхын,

Эстебеске чара жок,

Ой, эч деле амал калган жок.

Бугу менен Сарбагыш,

Бир атанын тукуму.

Биригишип бирге өскөн

Бир айгырдын кулуну.

Байыртадан айтылат,

Бабалардын жуп-жубу.

Дөөлөтү тайбай келаткан,

Дөөлөсбакты, Орозбакты,

Бийик тоодо жашаган,

Бир атанын кулуну,

Билимдүү адам аталып,

Биле жүрчү ушуну.

Орозбакты атанын,

Беш уулу болуптур.

Арыкмырза, Мырзакулмырза,

Асан, Кара, Токочмырзалар,

Алыс жакка аттангандар,

Бакыт каалап жалпыга,

Баары бирдей тең мырза.

«Улуу үмүткө жетсин деп

Уулдарым манап болсун»– деп,

Коюулган аты бүт мырза

Балдардын айткан атагын,

Бабалардан кеп козгоп,

Баянын айттым алардын

«Сырдаш болуп жүрсүн»-деп,

Узун өмүр сүрсүн»-деп,

Баарын мыза атаган.

Мырзалар калбайт сапардан.

Сактасын деп бир кудай,

Санжырамын жайы ушундай.

Дагы бирөө мындай,-дейт,

Баян айтып жебирейт.

Дөөлөсбакты атанын,

Жалгыз уулу Сарбагыш,

Дал ошондон тараптыр,

Сарбагыш деген ууру аты,

Санаттарда калып калыптыр,

Андан бери өтүптүр,

Арбын-арбын замана,

Эки тууган кырчылдашып,

Бир-бирине тиш салып,

Жоо болушту бөлүнүп,

Душман болуп көрүнүп,

Кайып учуп далай жыл,

Карматпай кетти караанын.

Кайсы бирин айтайын,

Катаалдыгын замандын.

Аны айтып жатпайбы,

Асыл сөздө баянчым.

Ойноп алып от менен

Ормон хан өлдү Балбайдын,

Анын каны коё бербей,

Катаал тагдыр чапчыган.

Ормон хандын куну үчүн,

Бугулар канча чабылды.

Жаштары азап тартышып,

Жашып далай ыйлады.

Ал чабыштан ата-эне,

Азамат эрден айрылды.

Армандуу кошок ырлары,

Аралап учуп айылды.

Анын баарын билдиңер,

Арман келбейт оордуна,

Азаптуу күн уланып,

Болоор иш эми болду да.

Ырыстуу ойду бекемдеген

«Ынтымактуу бол»– деген.

Мен эмес бул акылды,

Жееренче чечен көп айткан,

Толубай сынчы, Токтогул

«Тобуң менен бол» деген.

Байыркы күү Камбаркандын,

Бакыт ырын безенген.

Дол ошол ой келе берген,

Тээ байыркы чеченден.

Сөздөр далай айтылган,

Сөз кадырын чеккенден.

Орзбакты атадан,

Далай тукум таралган.

Жоо чабаар эр болуп,

Эр уулу менен тең болуп.

Баатырлар чыкты жараган,

Кылымга аты даңкталган.

Дөөлөсбакты көп ирет,

Чабуул койду калмактарга.

Анда болгон чапкындарда,

Бирде жайыт талашып,

Бирде мал аралашып,

Ынтымакка келе албай,

Жоо болуп каршылашып.

Арбын адам жабыркаган.

Калың журту алсыраган,

Көрүп калды запкыны,

Чабуулда миз кайтармакка,

Кайра өчтү алмакка,

Ат коюушту калмактар,

Ошондо бир ааламатта,

Башталган чоң чапкында,

Орозбакты жалгыз качып,

Токойго барып жашады.

Жоо жакадан кеткен соң,

Айыл тынчып калган соң,

Айласы кетип Орозбакты,

Дөөлөсбактыга киши жиберди,

«Чабылып чачылганды,

Баарын айтып бер деди.

Чай ичип ылдам кел деди.

Кара жолдон бир өткөн,

Кагылайын боордошум.

Калмактар чапты айлымды,

Караңгүн мындай болбосун.

Ак кыядан бирге өткөн,

Асылым менин кандашым.

Акбозуму алып калмактар,

Арманга батты бу башым.

Караңгүн иним кой десең,

Калмакка кыргын салчу элең.

Каардуу душман өчөштү,

Кара жолдо көч өттү.

Өчөгүшкөн душмандар,

Өзүмө кордук көрсөттү.

Коо менен өтүп баратып,

Хорун бай чечти жүгүмдү.

Айтканга такыр көнбөдүң,

Алып бер эми өчүмдү.

Калмактарды далай чаап,

Калтырдың эле мүшкүлдү.

Жалгыз барып сен өзүң,

Кайтарып бер көчүмдү.

Болгон ишти кабарлап,

Жеерде атын камчылап,

Жетип келди чабаган.

Тууганына жаны ачыды,

Ушунчалык аны аяды.

Калмактарга жини келип,

Каар сактап тиштенип,

Дөөлөс баатыр ат минип,

Жетип келди агасына,

Элди көрдү чабылган,

Бүт баардыгы чачылган.

Бир жерде турбай санаасы,

Жини келип агасы.

– Корунга эми бар,-деди

Бүт баардыгын айт,-деди.

Чабылдык сенин айыңдан,

Азап кетпей башымдан.

Көк кыяда бараткан,

Көчүмү эми кайтаргын.

Ак кыяда бараткан,

Айлымы эми кайтаргын.

Жылгада ойноп даң салган,

Жылкымы эми кайтаргын.

Капырай ай, арман күн,

Калмакка эмне катылдың.

Дөөлөсбакты ат минип,

Калмактарга чаап келди.

Көчүңөрдү мен чапкам,

Жылкыңарды мен чапкам.

Агамын көчүн бер,-деди.

Айласы кетип телмирди.

Калмак баатыр кеп айтты

Кеп айтканда деп айтты:

– Дөөлөсбакты сенсиңби,

Дөөдүрөп эми келдиңби?

Терең орго салдырды,

Оозун бекем жаптырды.

Түн кирип, жылдыз чыкты,

Тиричилик башталды.

Канаттуулар сайрады,

Жашоонун чыгып сайраны.

Кыраңдарда термелип,

Кызыл гүлдөр жайнады.

Жан-жаныбар кыймылдап,

Жашоонун чыкты майданы.

Ордон кайра чыгарды,

Дене боюун тазалады

Дөөлөсбакты чоң бийди,

Корунга айдап алпарды.

Тизелетип жаткырды,

Жерге башын такады.

–Улуу урматтуу Корун хан,

Мен чапкамын көчүңдү,

Менден алгын өчүңдү.

Керүүдөн алгам жылкыңды,

Кетиргемин тырпыңды.

Орозбакты күнөөлү эмес,

Анын көчүн кайра бер.

Азамат болсоң кепке кел!

Сен эмнени кааласаң,

Баарын сага карматам.

Калмак ханы каары чыгып,

Мазактай күлүп кашкайды,

Уурутунан күлүп жылмайды.

Кекеер күлүп ырсайды.

Чапкан кандай болот экен,

Муну дагы сен билсең,

Эсиңе эми келтирем.

Акылыңа келбесең,

А дүйнөгө жеткирем.

Хорундун казак аялынан,

Эки кызы бар эле.

Ашып турчу акылы,

Көзү жетик кыраакы.

Жана акылман сынаакы,

Корун хандын ал кызы,

Берилип сүйдү Дөөлөстү,

Улам тиктеп көзү өттү.

Ашыктыктын баянын,

Энесине кабарлады.

Энесинин жини келди,

Мунуң кызым эмне,-деди.

Дөөлөс болсо мусулман,

Өзүң болсо буддасың,

Өзгө динге сыйынган,

Диниңер бөтөн болгон соң

Тилиңер чоочун болгон соң,

Силердин болбойт никеңер,

Атаң укса жини келеер.

Жинденбей эле өлтүрөт,

Көргүлүктү көрсөтөт.

Кыз болсо болгон жок,

Эненин сөзүн уккан жок.

Айтканынан кайтпады,

Кенедей да качпады.

Такыр эле көнбөдү,

Көгөргөндөн көгөрдү.

Башыңарга салып зордукту,

Өлөмүн деп коркутту.

Корун болсо жини келип,

Энеси менен ал кызды,

Терең орго салдырды.

Кара жанын тындырды.

Уабыргасын сындырды.

Убададан кыз тайсын.

Экинчи мындай айтпасын.

Күндөр жылып арылаган,

Өткөндөр кыйрылбаган.

Үч күн өттү арадан,

Кызды ордон чыгарган.

Абалкы сөз дагы эле,

Айтканынан кайтпады .

Акылмандар ханга айтты,

Акылдуу нуска табышты.

– Суу болсо жерге сиңет,

Кыз болсо эрге тиет.

Дөөлөскө кызды берели,

Айдыңдуу кепке келели.

Кыргыздар менен чабышпай,

Кылымдык ыркты билели.

Таба албай такыр арганы,

Макул болду хан дагы.

Эртеси хан Дөөлөсбактыны

Ордосуна чакыртты.

Кызды дагы ал жерге,

Келгиниң деп алдыртты.

Кыз менен Дөөлөскө,

Бир чыбыктын эки учун,

Ал экөөнө карматты.

Хан кармап кылычты,

Ортосунан бөлдү чыбыкты.

Баш кошуу салты экен,

Качпай турган ой экен.

Дөөлөс билет мындайды,

Ашуулардан көп ашты,

Белгилүү эле ага да,

Калмактардын бул салты.

«Чындыкпы же жалганбы,

Корун хандын бул кызын,

Колукту кылып аламбы.

Акылдуу кыз өңдөнөт,

Бул да болсо бактымбы.

Карыларга кайрылйын

Алардын кебин угайын

Андан кийин алайын.

Топураган тоолу элге,

Тойду берип таштайын.

Акылмандар Дөөлөстүн,

Туура дешти айтканын.

Хан корундун жардамчысы,

Жакынкы акыл салаары

Мындай деген кеп айтты,

– Кырк жорго болсун калыңы,

Бир-бирине айрып алгыс,

Ак боз болсун баардыгы.

Алыс жакка жарышаар,

Он күлүк болсун жылкыдан.

Ыйык камбар атадан.

Беш куш болсун салаарга,

Баардыгы болсун кап-кара

Кайдан тапсаң андан тап,

Кайра артыңа ылдам кайт.

Кетирдик дешти айласын,

Калыңын таап кыз алсын.

Андан кийин эки эл,

Ынтымактуу жашасын.

Бий атын чапкылайт,

Айлына карай шашылат.

Дөөлөс келсе конушка,

Журтта конгон айыл жок,

Баарысынан дайын жок.

Бир күң кыз жүргөн экен

Аралап кең талааны.

Дөөлөс болсо ал кызды,

«Бергелгин»-деп чакырды.

Кыз болсо айтып берди,

Баардык болгон окуяны

Бир жолдошу бар эле,

Дал ошону чакырды.

Калмакта болгон окуяны,

Баардык элге айттырды.

Чоң байларга кабарланды.

Эл болсо чогулду,

Азга тымып ойлонду.

Бир акылман кеп айтты,

Кеп айтканда деп айтты:

– Орозбакты эл адамы,

Бийге жардам кылалы.

Журт чабылып калыптыр,

Жат душмандай кылбайлы.

Баары ошол калыңды,

Ылдам эле чогултту.

Кыргыз элде байлар көп,

Байлардан да даңктуу көп.

Алганданда берген көп,

Жер жайнаган малы көп.

Шайлап-шайлап коюшту.

Куш кондуруп атты айдап,

Жигиттер атчан жаркылдап.

Кара жолду чаңдатты,

Калмакка кетип баратып.

Адырда конгон кудаларга,

Алар келди күн батаарда.

Калмактар тосуп алышты,

Баардыгын тең сыйлашты.

Кудалар таң калышты,

Ырахмат сөзұн айтышты.

Хан болсо кырк жоргону,

Алганына кубанды.

Алкап улам кудаларды

–Кырк күнү той болсун,-деп

Бекем кылды убаданы.

Акылмандар айткандай,

Калмак, кыргыз дос болду.

Салтанаттуу достук жолу.

Самап турду обону

Ынтамак ыйык нерсе,

Бириктирет ортону.

Колго түшкөн туткундарды,

Кайра артына кайырды.

Малды артына айдашты,

Көч көчүрүп баратты.

Рейтинг@Mail.ru