bannerbannerbanner
полная версияАлтын сандыктагы ырлар

КАДЫР АБАКИРОВ
Алтын сандыктагы ырлар

Гүлдөр-менин ырларым.

***

Кайыгым бар жээк турат,

Каардуу толкун ага умтулат.

Эки жакты карадым,

Кайыгымды таба албай.

Кайыгым- менин жаштыгым

Кайда сүзүп кетти ай!?

***

Баягы жыртык чапанымы,

Кийип жүрөм азыр дагы.

Кантип чечем мен аны,

Дагы бирөө болбосо.

Жортуп жүргөн өлкөдөн,

Жокчулук заман жоголбосо.

Барчылык заман келатат,

Ошондо чечип ыргытам.

***

Аяныч басып жүрөгүмдү,

Аяр ой каптайт көңүлүмдү.

Чөптү дагы аядым,

Бекер жулбай эч бирин.

Аяй берем баардыгын,

Аяйт болду мени ким?

***

Мезгилим күйүп учуп шашасың

Мени ээрчитип каякка барасың?

Мемиреп учуп токтобой,

Мезгилим жылып ашыгат.

Кайран досум дегдеңдете жетелеп,

Карылыкка мени ээрчитип баратат.

***

Тамеки менен дос болсом,

Айттырбай келди бир оору

Айыкпас ошол оорубу.

Ал ооруну улам эстеп,

Арманга батып кайгырам.

Атаңдын көрү дүйнө күн

Андан кантип айыгам…?

***

Мен бирөөдөн сурадым:

– Адамга неге талант керек?

– Турмушту туруу үчүн жаңылап,

Туу жондордон шамал соксун аркырап.

Жашоо- күрөш, өмүрүбүз – өлбөстүк,

Жаңы журттан ыр угулсун шаңгырап!

ТӨРТ САПТАР

––

Төрт саптарым төрт жолочу,

Төрт актчан кетип бараткан.

«Жолуңар шыдыр болсун»– деп,

Жолдошумдай алыс узаткам.

***

Таяк алып бир абышка,

Күз күнү. Жолдо сапарлайт.

Карыя алсыз карылыгын,

Кайда ээрчитип баратат?

***

Жайдын толук кезинде,

Жөтөлгөнүм бул эмне ?

Жүрөк жагым ысып күйөт ,

Бир балее турат денемде…?

***

Боз үйдөн ары созулган,

Шыбак өскөн талаа бар.

Шыпылдап өткөн балалыктын,

Шыбышын айтты шыбактар.

***

Бул дүйнөдө өмүрүң кербен сарай ,

Кербен сарай караганга кең сарай.

Бу жашоодо ак эмгексиз кетип калба!

Асыл жайды аңгыратып калтырбай.

***

Терезеден өскөн гүлдөр суу сурайт,

Таранчылар конуп-учуп жем сурайт.

Эмгекчилер иштегенге жумуш сурайт

Эстүүлөр карылардан кеңеш сурайт.

***

«Өлүм турат эшигиңдин алдында»,

Бул айтканым тиги оорулуу акынга.

Акын айтты: -«Өтөөрүм ал жазмышым,

Өлүм жолун небак тоскон ырларым».

***

Жаз күнү келгин куштар кайрылды,

Жол тартып алыс жактан койкоюшуп.

Ал куштарча сапар келээр күн барбы?

Жаңы ырларым карлыгачка окшошуп.

***

Жакшынакай жалгыз төрт сап ыр жазып,

Алтын салган сандыкка жаттым жашырып.

Ырым да асыл, алтыным дагы кымбат нерсе,

Асылга асыл жата берсин аралашып.

***

Ал өзүнө катуу койду талапты,

Ай -сайын эмгектенип ыр тапты.

Тайгаланбай татаал жолдо баратты,

Тагдыры аны акын кылып жаратты.

***

Алдыбызда күмүш менен алтын жатат,

Күмүш болсо биздин жыйган дүйнөбүз.

Арыбас асыл жиптен килем түйгөнбүз,

Ыйык алтын, желдей сызган өмүрүбүз.

***

Манасты Манас кылган ким эле?

Берен баатыр кырк чоро эр эле.

Кырк чорону шаңданткан ким эле?

Аты ыйык абалкы кыргыз эл эле.

***

Сүйүү жазы экөөбүзгө бир келди,

Бирок аны барктай баалай албадык.

Сүйүү жазы алыс кетти биз билген,

Сонун кезек өткөн экен биздерден.

***

Башымы бирөө келип сылады,

–Байкачы ал сылаган ким экен?

– Жел тура эркелетип мени өпкөн,

– Жарың кайда бул желдей бетиңди өпкөн?

–Ал кургурум бул дүйнөдөн небак өткөн.

***

Тоодон келген салкын жел чабарманым,

Ала келди балалыгымдын кабарын.

Бир кездеги унут калган качанкы,

Өткөн күндөн жакшы кабар жаратты.

***

Өз учуру бир мезгили келгенде,

Бул дүйнөдөн сапарлап мен да өтөм.

Дал ошондо кайып сызып жоголор,

Өзүмдү ээрчип бирге жүрчү көлөкөм.

***

Байтак жолдо жоргочон,

Бир киши көзгө көрүндү.

Жол улап алыс бараткан,

Жолочу тура мен өңдүү.

***

Башка жакка кетким келет,

Сапар улап, ат үстүндө алыска.

Баскан жолдо шаңгырса жылдыздар,

Бакыт барбы, мен баруучу тарапта?

***

Каркыралар үн таратып узоодо

Мен аларды кайра карап турамын.

Куштардан өткөндөгү чакты эстеп,

Курган жүрөк ырга толду муңайым.

***

Кечөө эле кечиндеги жааган кар,

Күн тийип эрип кетти жок болуп.

А мен дагы кайсы күнү кайсы кечте,

Калаар бекем ушул кардай жоголуп…?

***

Узак жашка барып калган карагай,

Өзүнө-өзү суроо берип таңдаңды.

«Бир кылымдан чын эле аштымбы

Ушунча жаш мага келген тагдырбы?».

***

Туулган жерден качан кетип калды элем,

Жыл эсебин чыгара албай элеңдейм.

Балалыгым ошол жерде калыптыр,

Чачтарым ак, өмүр чиркин карыптыр.

***

Аянычтуу шыңгыр деген үн чыкты,

Адамдын жан дүйнөсүн улам эзген.

Жүлүндөн калкып чыкса бул добуш

Жүрөгүмүн кылы үзүлгөн жок бекен…?

***

Түшүмө кирди туулган жерим,

Балдар менен козу жайып жүргөн экем.

Атаңын көрү өтүп кетти балалык,

Алар да мени түштөрүндө көрөөр бекен,,,?

***

Дайранын аркы тарабын,

Куса болуп сагындым.

Сагынбай кантип коёмун,

Ал жакта калса жаштыгым.

***

Поэмам бүтөөрүнө аз калды

Далай-далай убактымды ал алды.

Акыркы бир бөлүгү бүтө элек

Поэманын бүт тагдырын ошол чечет.

***

Акын деген сөз менен ойнобойт,

Ары-бери аны чачып коротпойт.

Каалагандай туш келди жоготсо,

Ал кургурдун жолу такыр оңолбойт.

***

Ырларыман храм курсам атаганат

Алтындап ар бир сөздүн бөлүгүн.

Мен курганча жылдар өтүп баратат,

Дал ошого жетээр бекен өмүрүм..?

***

Түн эле. Булут чалган кең элет,

Эшикти тырс-тырс кагып бирөө чертет.

Кимсиң десем ?-Таалаймын,– деп жооп берди

Чыныгы бакыт көп күттүрүп кеч келди.

***

Эртең менен чыга келген күнгө салам!

Эркин тоого шапата ачкан желге салам!

Желпинип улуу тоодон жүрүш ала,

Жел менен кошо келген ырга салам!

***

Жашыл тоонун өзөнү,

Жашыл ыраң төгүлдү.

Бопоюп өткөн жаштыгым,

Боз жорго минип көрүндү.

***

Айылдан бир жылдары узап кеткем,

Ийрелеңдеп сапар тарткан жол менен.

Жүрсүн деп ушул жерде аман-эсен,

Балалыкты таштап салып кеткен элем…

***

Жып-жылаңач уктап жаткан балага

Тийииип турду жагым чачкан ай нуру.

Айдын нуру, уйку дагы бала да,

Айгинелейт биздеге пейпил турмушту

***

Дөбөнүн оң жагында жалгыз мүрзө

Көңүл буруп аны кээде карайбыз.

Кайтыш болгон өткөн жылы күзүндө

Кайран жигит туяк эле жап-жалгыз.

***

Түн ортосу уйкум канып ойгондум,

Айдын нуру төшөгүмдө жөрмөлөйт.

Акырын келип ак чачымы сыласа,

Асмандагы ай мени аяган өңдөнөт.

***

Асмандагы ай бой көтөрүп менмин,– дейт,

Жердеги суу ашып-шашып менмин,– дейт.

Долу шамал дуулдап согуп менмин,– дейт,

Адам болсо ырын угуп булардын,

Баары улуу баары аман болсо дейт.

***

Боз үйдүн түндүгүнөн нени көрөм,

Нур төккөн бийиктиктен айды көрөм.

Ободо Көкө Теңир көктү көрөм,

Өтүп кеткен бабалардын өңүн көрөм.

***

Кыйбас элес жараткан,

Кыштагыман айланам.

Кыштагым ал-ырларым,

Кымбат дүйнөм жаркыган.

***

Тагдыр да оош-кыйыш нерсе көп,

Тайгылткан кайгыдан-кубаныч көп.

Оомат дүйнө, жалкоолуктан –эмгек көп.

Ошондуктан бу дүйнөдө бакыт көп.

***

Күн батты ушул күнү алтымышка келипмин,

Мезгил деген учуп өткөн аткан ок.

Алтымыш жыл өмүр сүргөн экенмин,

Алтымыш жаш эмне берди дайын жок?

2008-жыл 29 -октябрь

***

Бир күндө бир сонун ыр жаратып,

Акын деген жаңы жолду изилдейт.

Күндөн-күнгө чыгармадан эргүү алып,

Күндөй жанып, улуулуктан жол издейт,

***

Ошентип өтүп кетти да бир күн,

Эмне түздү ушул күнү өмүрүм?

Yн жок. Суроого жооп угулбайбы,

Кайран күнүм бекер өлгөн турбайбы.

***

Ар бир пенде бийиктеги күн болсо,

Азап-тозок, кайып сызып жоголсо.

Жакшылыкка эмгек келип кол созсо,

Бакыт-талаай арбый бермек ошончо.

***

Басёдой сүйкүм ырларды,

Шайлообек жазып коёптур,

Басёдой сүйкүм акын болуптур.

Жан дүйнөсү лирикага толуптур.

***

Бакыт деген ат болду-

Малчыдан качып бараткан.

Ат деген талант эле-

Маа жеткирбей ашыккан.

Малчы менмин камчыланып,

Ал атты кууп бараткан.

***

Сөңгөгүндө эң бир сонун касиет,

Сонундук асман менен жер чиет.

Жер, асман, өнөр, эмгек айкашса,

Жетик талант ага адмдар баш ийет.

***

Талант деген кооз сарай салынган.

Ал сарайга кирип чыгат баардык жан.

Килем-талант бейиш ачат алдыңан

Киргендердин жан дүйнөсү жаңырган.

***

Сонундуктан жаңылык башталат.

Агылып алды жакка тик барат.

Жашыл жашоо кубанычка аттанса,

Жакшылык эртеңкиден жол табат.

***

Ички сырды жашырбадым жарыман,

Сырткы сырым досума аян башынан.

Мага жөлөк жардам берүү жагынан,

Тоодой көрүп мен аларга таянам.

***

Талбас эмгек чоң талантка жеткизет,

Ал таланттан жылдыз нуру жылт этет.

Ак эмгектен шоокум салып шыбырлап

Айдыңдуу ыр, тып- тып этип тамчылап.

***

Атактуу өлдү эми өлөөр атак-даңкы,

Ал адам алып жүргөн жалган даңкты.

Көк асманды көз жиберип караңыз,

Кушу жок асман калды жап-жалгыз.

***

Мезгил деген күлүк атын камчылана,

 

Күзгү күн нурун төгөт баарына.

Жагымдуу жакшы кездин ыры өндөнүп,

Жалбырактар боёлуп жатты кызылга.

***

Ким алгач төрөлгөн чагын ойлосо,

Ал пенде өлөөр кезин эстей берсин.

Адам деген өлбөс кылып артына,

Ак эмгектен эстелигин таштап кетсин.

***

Алыс жакка кетемин деп камданып,

Сен жөнөдүң, бу жерде мен калып.

Ынак досту кыйын болду узатуу,

Кирпигимде тунук жашым куланып…

***

Энеси тууп, таштап кетти талаага,

Көрүнгөн жерде чоңойдубу ал бала.

Жетимдиги күнөө болбойт ааламга,

Жети атасын билбегени чоң арман.

***

Түн убагы мемиреп уктап жатканда,

Түш көрүп калат мага таныш ал кары.

Түшүнө кирет адырда жылкы айдаган,

Түп жайлоосу, жылкычылык жаштыгы

***

Акын айтты:– Жакшы көрөм булбулду,

Булбул айтат:– Мага акын жагат,-деп.

Дербиш болуп түбөлүккө жер кезет,

Ошол экөө бул дүйнөдөн ыр издеп.

***

Шыбыраган үндөрдү угуп турам,

Шыбырттаган назик чөпкө көңүл бурам.

Шык жөндөмдү ырыбызда арбытып,

Шыңгыратып жылдыздарды алып чыгам.

***

Туура эле кыркка чыккан чагымда,

Мен кабылдым сүйүү деген жалынга.

Ал жалын мени кайда алпарат,

Туш келемин дагы кандай тагдырга?

***

Мезгил жылып акырындап күн оошот.

Тоо этегин күз келип кыроолойт.

Ыкчам гана ыйык кездер жоголуп,

Ыйык күздүн ыры келип жчлоолойт.

***

Ай, акыным, туулган жерге бара кел!

Ата-бабаң өскөн жерди чала кел!

Жайык Төрдү, Ак Сайыңды аралап,

Жакшы ырлардан беш-алтыны ала кел!

***

Көлчүкө таш ыргыттым,

Көлчүк болсо чулп этти.

Жээкти карап ойго баттым

Жымжырттыкка сиңип бараттым…

***

Ар бир адам өзүнчө бир чоң аалам,

Кең дүйнөнү кучагына батырган.

Бир жагында жакшылык шарпылдаган,

Бир жагында жаштыгы чоң майрам.

Мазмуну

Мекен жөнүндө ырлар–4

Ар кыл ырлар–12

Сегиз саптар–74

Алты саптар–98

Төрт саптар–103

Рейтинг@Mail.ru