bannerbannerbanner
полная версияАлтын сандыктагы ырлар

КАДЫР АБАКИРОВ
Алтын сандыктагы ырлар

Ал күндөрүм өтсө да

Анын баары эсимде.

Терезеден бир бала

Шыкаалап мени карады.

Өзүм экем ал бала,

Ошону көрбөй атамбы.

***

Талаада учуп көөз көпөлөк,

Кууп калдык экөөлөп.

А көпөлөк карматпай,

Учуп кетти көкөлөп.

Ал көпөлөк шок сулуу,

Жан шеригин издейби.

Кадырлашы бар экен,

Караган жок биздейди.

***

Бакалардын чардаганы,

Башкача кайрык себет.

Жаратылыш жанданды,

Жаз ырларын алып келет.

Көгөргөн жээк айдыңдар,

Көңүлгө кайрык жаратты,

Кооз табият коктулар,

Колума ыр карматты.

***

Кайран ырым, кайран менин ырларым,

Толкуп ташып, мен силерди жараттым.

Татаал жолдо сапар улап бараттым,

Тагдырымбы келечекте не таптым..?

Антип айтсам ырым мени жооткотот,

«Кенедей да капа болбо алтыным.

Жакшы ыры өмүрү болуп акындын,

Жаркырагы жоголбойт го алтындын»,

***

Кер кашка деген ат минип,

Керүү менен жол бойлоп.

Кеткен эле жалгызым,

Кечмелик турган боройлоп.

Ашуудан аман аштыбы?

Асман төктү жамгырын.

Кашатка жетип калдыбы,

Кантти экен жалгызым.

***

Күн бүркөлүп кайрадан,

Чөптөр секин шуудурайт .

Жалбыракка жалбырак,

Жабыша түшүп урунат.

Жамгыр жааган түндөрдө

Нур таралып жаркылдак.

Чаңгыр Таштын тоосунан

Чагылган турду жаркылдап.

***

Баягы эле сүйкүмдүү ыр,

Баягы эле жаратылыш.

Жолочу болуп сапарлап,

Жол менен келатабыз.

Келбегеним көп болгон,

Туулган жерди сагыныпмын.

Билинбей жылдар өтүптүр,

Бир гана мен карыпмын …

***

А жардылар эмне үчүн

Тамеки тартат дайыма.

Ыш жыттанса деминен

Баргың келбейт жанына.

Жардылардын көкүрөгүнө

Жакырчылык от жакпайбы.

Көгөйү үчүн оозунан

Көк түтүн чыгып жатпайбы.

***

Жаш чакта тиги чокуга

Нечен ирет чыкчу элем.

Соройгон тоонун боорунан,

Согон терип жечү элем.

Дем ала албайм далайга,

Демигип неге жөтөлөм.

Кайрат кайда баягы?

Карып калган өңдөнөм…

***

Түнкү кезде аттандым

Тээ алыскы сапарга.

Жол көрсөтүп жаныма,

Жолдош болду ай мага.

Жонок менен жол келем,

Бери өттүм секиртмеден.

Ай кирип кетти уясына,

Жолдош кылып кимди ээрчитем?

Жондогу үйгө качан жетем ?

***

Экөө алдын караса,

Күйүп турган отту көрдү.

Көркөмдүү бел көрүндү,

Көк майсаң чөп төгүлдү.

От болсо- ак сүйүү,

Ошол экөө сезе элек.

Көркөмдүү бел-жылдар эле,

Көк майсаң чөп-келечек.

***

Гүлүн чачып алмалар,

Кирип жатты түшүмө.

Соңуркаткан айдыңдар

Сонун майдын түнүндө.

Далай жашка бараармын,

Гүлүн ачкан алмадай.

Өлбөс талант- күрөш ыры,

Өмүргө келе жаткандай.

***

Терезени улам черткен ким эле,

Араак барып карачы жакшылап.

Күн артынан ай айлана кеткенде

Күлүк жылдар куушкансып баратат.

Ким экен деп сыртты турсам каранып,

Кабар берет жайма көкүл балалык.

Колун булгап күлүп коёт жылмайып,

Менден узап, менден алыс баратып.

***

Ат таптасам аным укмуш жорго экен.

Атам ага өрүк кыйып ээр чапты,

Ат жабуусун жасап берди энекем,

Аны минип уулум жолун удантты.

Жер шарына жаңырык жаратсын.

Жоргочон алыстарга баратсын.

Өмүр деген бир келген керемет,

Өз өнөрүн кең мекенге таштасын

***

Күлүк кашка тай минип,

Бала кетти желдирип.

Сапардан кайта келе элек,

Чоң жол дабыш бере элек.

Ошол улан келген жок,

Тайын минип бу өмүргө.

Кеткен бала-балалыгың,

Келгис болгон дүйнөгө.

***

Балдар неге жакшы көрөт шамалды,

Эркин ойноп ары-бери сызышат.

Сеңирден ашып, коктуларды аралап,

Сеңселген кара чачын жазышат.

Бир учурда булар дагы кайраттанып,

Күчтөнөөр эргүүлөнүп даңк жыйнай.

Жердин шарын кыдырам деп арытып,

Желип учаар жем издеген барчындай.

***

Өткүн-өткүн өтүп кетти,

Улуу тоого көчүп кетти.

Жаратканга дем бере,

Жамгыр ырын төгүп кетти.

Жан- жаныбар жанданды,

Жайкы күндүн сонуну ай.

Жаратылыш жаңырды,

Жаанга жуунуп баладай.

***

Асмандагы каркыраны көргөмүн,

Улам- улам көңүлүмү бөлгөмүн.

Ку-кулуктап бийиктикте баратса,

Куш болууну самады го көңүлүм.

Калдалаңдап асман менен сызайын,

Канат берчи анда мага тагдырым!

Мен жетпеген бийиктиктер бар экен,

Мейкин жиреп алыстарды ачайын!

***

Жүрөгүмүн тили жок

Анын тили болгондо

Айдыңдуу сүйүү бизде деп,

Аңгеме айтмак ошондо.

Тил айтаар жалган кеп

Жүрөк такыр жаңылбай.

«Жакшы кызды таптым »– деп,

Жайын айтмак жашырбай.

***

Бу дүйнөдө уста да бар акын бар,

Узанышып сонун ишти жасашат.

Акын үчүн оор эмгек азаптар,

Ак өмүргө алтын ырын калтырат.

Ал экөө эмгектене жолду чаап,

Жашай албайт татынакай өнөрсүз.

Бири сандык, экинчиси ырды таап,

Байып жатат бир келген дүйнөбүз.

***

Аялы кетти чыгышка,

Эркеги кетти батышка.

Эрегишүү башталды,

Экөө эки тарапта.

Шамал болуп ызылдап

Ортодо от боройлоду.

Бай өзөнү ыр каалгыган

Баягы жашоо жоголду.

***

Айга ырдап бергенсиң,

Жүрүктө сүйүү баянды.

Угуп аны ай жашыды,

Ушунчалык кайгырды.

Армандуу сүйүү дастанды,

Жүрөгүң кантип батырды.

Ай сыяктуу сени аяп,

Армандуу турам мен дагы.

***

Кызым чуркап толкун кечип баратса,

Тамчы суулар жээке карай чачырайт.

Балам бачым токтоно албай ашыкса,

Баскан куму бут алдыда шаңгырайт.

Көл жээктеп чуркаганың жарашаар,

Өмүрүң толкун чачып шарпылдаар.

Ак толкунду карап турган адамдар,

Алдыңдагы бай өмүргө тамшаанар.

***

Кыял кандай күлүксүң,

Умтулуп бийик нерсеге.

Аны менен үмүтүм,

Ага-инидей кетти эле.

Алыс жерге алып барат,

Адамдын күлүк кыялы.

Тажабай улам шыңкылдайт,

Тартылып жашоо кыягы.

***

Өңүнөн кетип бат эле,

Өтө кызыл тез оңот.

Өтө ысык аяштар,

Ортосу сууп коштошот.

Өтө кызыл оңгондо,

Кымбат кези табылбас.

Ысык достор бөлүнсө

Ынак чагы жаңырбас.

***

Шакирт менен устат экөө

Сонун сандык жасады.

Чебердикти көргөзбөй,

Сандыкка катып таштады.

Чебердик сыйкыр эсептелет,

Сонун сандык жасалган.

Устат менен шакирт билет,

Улуу сырды башынан.

***

Балгартты бойлоп барамын,

Жээгин кечип кайрадан.

Бала кезде ашыгым,

Гүлдөрду көрдүм жайнаган.

Балалыгым калып калган,

Кете албай жээкти айланам.

Мелмилдеп аккан дайрадан,

Ыр издеп турдум кайрадан…

***

Тор жорго атым бар эле,

Такасы жерге түшүптүр.

Таканын жерге түшүшү,

Табылгыс бир күйүттүр.

Такасы менин жаштыгым,

Такамды кайда жоготком?

Ташыркап барат тор жоргом,

Такалуу аттай болбогон.

***

Гүлдөр мына солуду да жок болду

Эрке шамал сапар тартат шашылып.

Күз жөнүңдө мага тааныш бир акын,

Күүлү ырын жазып барат ашыгып.

Гүл куурады анткендиги күз келди,

Анын күүсүн угуп жатат кулагым.

Бир күз өттү бизге берип шыбыртын,

Акын мезгил айдап өтүп аттарын.

***

Күз шамалы желип жортот

Жерге түшүп жалбырак.

Аянычтуу үн чыгарат,

Арыдан топ аткулак.

Шыбырашып жалбырактар,

Тынчын алып баарынын.

Шооратын адам тыя алабы?

Шок күздүн шамалынын.

КЫЛЫЧЫМ АЧУУМ

Кыңгыратпай бул кезде,

Кылычымы жерге көмгөм.

Кылычым жаткан жерлерге,

Кызарып сонун гүл өнгөн.

Кылычымдай бекитип,

Ачууму жерге тапшыргам.

Ачуум жерге сиңип кетип,

Акылым калды жаркыган.

***

Сыргабай айдап өз көчүн,

Сыя өтөктөн өтүү окшойт.

Күүлдөп шамаал күчтөнүп,

Күз да өтүп кетти окшойт.

Сыргабай өтүп кеткен соң,

Сыя өтөк улам томсорот.

Сырымды сураар ынак жок,

Сырдашым өтүп кетти окшойт…

***

Жолдон калбай ашыгып,

Жол -Колоттон көч өтөт.

Көч менен кетип барасың,

Көркөмүң чыгып бөлүнөт.

Көч жандап алтын кете бер!

Көч менен өмүр табылгыз.

Көргөн түштөй сүйүү өттү,

Көркөм жаштык кайрылгыс.

***

Керүүдөгү сапар тарткан жылкыдай,

Кербен тартып жылдар өтө баштады.

Жылдар өтсө такыр кетпейт эсимен,

Жылдызданган бир сулуунун ажары.

Өмүрдөгү жакшы сонун нерселер,

Көңүлдөргө жакын болуп жолугат.

Кетпеди го ошол селки эсимден,

Кербенчидей келетсам да жол улап.

***

Чаткалга кетип жатасың,

Чар жайыт кылып санаамы.

Чамалуу ушул өмүрдө

Чаткалдык жигит жагабы.

Чамалуу ушул өмүрдө,

Чагылган учуп жоголот.

Чаткалга кетип бөлүнгөндө

Чамынган сүйүүм не болот?

***

Көчмөндөрдүн көчү өттү,

Көк- Жар ашуу белинен.

Алар менен биригип,

Аман ашып алдың сен.

Көчмөндөрдүн кызы элең,

Көгүлтүр тоо салтанат.

Ашуу белде аман жүр,

Ардагым болуп саламат!

***

Мени өзүнө чакырат,

Мемиреп турган жээк тарап.

Ортодо терең көл жатат,

Өзүндү карайм акмалап.

Сен бирөөнө баш коштуң,

Өтө албайм көлдөн өзүңө.

Туйгундай учуп зыпылдап,

Турасың жашап дүйнөмдө.

***

Жакшыга-жакшы кабылса,

Жакасы жуулуп агарат.

Жакасы жуулуп агарса,

 

Жан дүйнөсү тазарат.

Жакшыга-жакшы жанашса,

Жамандык кылып жаңылбайт.

Жаңылыштык кетип калганда,

Жан шериктен жашырбайт.

***

Бир өзүңө кезигүүнүн

Жолдорун улап тактадым.

Аңтарып келип ошондо

Амалын такыр таппадым.

Өзүң менен жолукмакка,

Ичимен кайгы жеп келем.

Сүйлөбөй туруп тымызын,

Сүрөтүң менен кеңешем.

***

Тору атын минип алып,

Тогузбай деген келди эле.

Самындуу суунун боюнан

Сарыбай көчөт – деди эле.

Сайроондорду аралап,

Сарыбайдын көчү өтпөдү.

Сары тору ат минип,

Санаалаш неге көрүнбөдү…?

***

Отко салып өрттөдүм,

Сенин жазган каттарыңы.

Каттагы сөздөр жок калды,

Унутум салдым баштагыны.

Өчүп калган сүйүүнүн,

Жалынын сактап не кылам.

Кезеги менен жалын өчүп,

Кеткени жакшы жаныман.

***

Тымызын согуп жел өттү,

Талаада чөптөр кыймылдай.

Андан кийин жамгыр төктү,

Айдыңды шыбыш аралай.

Аягында сүйүү өттү,

Аспаптан чыгып жагым үн.

Кылымга кетти ыйык күү,

Кылдарын чертип жүрөктүн.

***

Адырлуу тонун жанынан,

Аркарлар качты шагылдан.

Алыстап кетип баратам,

Ардагым өз жаныңан.

Коштошсок эми кош калгын,

Тагдырдын жолу улук да.

Тааныш болдук канча жыл,

Таалайлуу кезди унутпа!

***

Бул айылда жашаган

Баягы кыз бар бекен?

Бар болсо ал кайда экен?

Бапырап мезгил кырды ашкан

Арадан канча жыл акты.

Ардагым жашап келеби,

Ардагым аман бар болсо,

Армандуу мени эстейби?

***

Өрүүдөгү жолду өрдөп,

Өйдө карай көч өтөт.

Жетибайдын көчү менен

Жээрде атчан кыз жөнөйт.

Такыр жообун бербеди,

Кызга жүрсөм кат жазып.

Жеткирбей мага кетти го

Жээрде атын камчыланып.

***

Ашуу жакка аттаныпсың сапарга,

Булуттар буйгаттардан каалгышат.

Ошол аппак көк сеңирдин алдына,

Өзүң басчу кара байтак жол жатат.

Ашуу тарап, аппак жолдор кыярган,

Ак үмүттү каалагамын кыялдан.

Ак тилекке арыбастан жетип ал,

Аман ашып тээ береги кыядан.

***

Сенин айтчу сөзүңдү

Тилсиз гана түшүндүм.

Көзүң чачып жатпайбы

Көркөм жолун сүйүүнүн.

Баянды айтып турган соң,

Башка сөздүн кереги не

Көздөр деле жарайт экен

Көөнөрбөс сүйүү керегине.

***

Алдыңдагы кашка жол

Сүйгөнүңө сени алпарат.

«Алтыным качан келет?» деп,

Ал сени күтүп жатат.

Атыңы ылдам камчыланып,

Алтының күтсө кечикпе!

Кашка жолдон адашып,

Башка жакка түшүп кетпе!

***

Толкундарды тоодой кылып кетейин,

Ырларымды элек менен элейин.

Көркөмдүктү айга, күнгө жеткирип,

Көлүмдөн көп ырды таап келейин .

Ар бир сөздү шүүдүрүмдөй терейин,

Тыбыштардын үн салганын сезейин.

Жазып бүтүп окуучума жеткирип,

Жан дүйнөмөн жакшылыкты берейин.

***

Мезгил келди мен да, сапар аттандым,

Кетееримде эмнелерди ала кетем.

Элим бар арка жөлөк таянычым,

Эмнелерди журтума таштап кетем.

Кыйнаалууму, тозогуму, жакырлыкты,

Башкаларга таштабай желге чачып кетем.

Ырларымы, ак сүйүүмү, кубанычты,

Ырыстуу элим кыргызыма таштап кетем,

***

Атам салган таш короонун,

Дареги калган табылбай.

Козу улактан кабар жок,

Койлору калган маарабай.

Козу-улагы маарабай,

Алардын үнү басылган.

Жылдыздуу сонун күндөрдү,

Жылдарым кайда жашырган…?

***

Үйүмдө алтын сандык бар,

Ошол турган сандыкта.

Жазып койгон ырым бар,

Жаркылдаган жаш чакта.

Ачсам ошол сандыкты,

Жан сырым кошо жаңырат.

Жасалгалуу сандыктан,

Жаштыгым мага табылат.

ХИРОСИМА АРМАНЫ

Окумуштуу ой жүгүртүп отуруп,

Жер үстүндө атом бомба жаратты.

Аны болсо, тынч жаткан жерлерге,

Адамдарды кырсыктатып таштатты.

Ошол бомба жараткан тозоктон,

Пенделер тартып жатты азапты.

Окумуштуу ачылыштан не тапты,

Адамдарды арбактарга айлантты.

***

Күлүк, чобур бир багылды,

Күнөстүү жерге байланды.

Чаалыкпастан жем берип,

Чабандес келип таптады.

Чоң жарышка чапканда,

Чобурду күлүк калтырды.

Чобур деген чобур экен

Чоң чабуулга жарабады.

***

Арбын кезди ыр жазууга арнапмын

Анын өзү жакшы нерсе ойлосом.

Көркөмдүүсү, начарлары дагы бар

Көп нерселер ишке ашты ойлонсом.

Жазгандарым күн нуруна умтулуп,

Өмүр изим жанып учкан жаңырыш.

Ар бир ырым тапты бекен ачылыш-

Ак жашоого келген жокпу жаңылыш…?

***

Майда толкун үн чыгара чабылып,

Суу учкуну жээктерге кабылып.

Тоголоно ээ-жаа бербей алкынып,

Тоо дайрасы ачып жатат жаңылык.

Тоо дайрасы шарак ачат ойдолоп,

Өзүнүн тарыхынан күү козгоп.

Айдыңдуу өмүр, өзүнчө эле санжыра,

Айланага аңгеме баштап озондоп.

***

Жазып чыккан ырларым,

Жан дүйнөмдөн жаралган.

Эсил ырым мен өлгөндө,

Ээрчибей калаар артыман.

Жокчулук менен жакырчылык,

Мени ээрчип берилейт.

Кайрымсыз ушул эки дос,

Ээрчибей калчу күн келет.

Жарды өлкөбүз өңолсо,

Жаркыраар кең келечек.

2005- жыл.

***

Жазганымын баардыгы эле ыр эмес,

Жалгаштырып салгамын саптарын.

Ыр кылып жаратуу үчүн эселеп,

Ыроолодум жүрөгүмдүн жалынын.

Жалгыз эле жалын деген жетишпейт,

Кошуум керек ага эмгек, акыйкатты.

Таба алмакпыз ачылышты, талантты.

Таалайга жакындатып, айдап барсак

***

Келесиң дайым эсимде

Курбу деген ыйык тура.

Кайрылбай алыс кеткенге

Канча жыл болду туп-туура.

Өткөндү такыр эстебей,

Мейли эми баарын унуткун.

Алты жыл курбу болду элек,

Ал кезди кантип унуттуң…

***

Бабалар жаткан мүрзөлөрдү

Бай ойлуу карап баратам.

Сапарлай келип жолду улай

Бир кезде мен да кошулам

Мүрзөмдү карап балдарым,

Мени эстеп, ойго чөмүлөөр.

Шамалдай өткөн күндөрдөн,

Шаңгырап жылдыз төгүлөөр…

***

Чалчыкты-чалчык деш керек

Булакты-булак деш керек

Экөөнү кошкон жарабайт,

Эзели кооздук табылбайт.

Тунуктук качып жоголот,

Булакка чалчык кошулса.

Экөөнүн эки бөлөгү-

Эп болот ушул турмушта.

***

Ырларымы берген элем сынчыма,

Сынчым аны отко салып таптады.

Жалынына күйүп жаткан чоктордун

Жалбырттатып улам-улам кармады.

Анан аны таштап салдым бороонго

Суук, аязда жата берип чыңалды.

Жакшы ырларым кийинчереек жаралды,

Жазгандарым жакшы жолду таптыбы.

***

Сүйүүнү таза сактаган,

Татыктуу болот алкышка.

Каралап шек келтирип,

Кала көрбө каргышка.

Ак сүйүү бул кутуң да

Айтылып келген башынан.

Кутту таза сакта,– деп,

Куранда да жазылган.

***

Жалындаган бир кездеги жаштыгым,

Адырлардан ат минген мастыгым.

Ырларымда кала берип жаш бойдон,

Аны эстесем азыр деле мас болом.

«Ак- Кайкыда мастыгың өткөн»,– деп,

Адырларым жашыл өңүн көрсөтөт.

Өткөнүм өмүрүмдөн кеткен жок,

Өңүн ачып улам-улам көрктөнөт.

***

Сен жөнүндө далай ырды жазгамын

Өчүр дедиң алардын баардыгын.

Чыгармалар жок болобу түбөлүк,

Чыркыратып кантип сызып саламын.

Кагаздагы чийип койгон ырымды,

Болот тура өчүргүч менен өчүрсөм.

Жүрөгүмдө сен жөнүндө жазганды,

Айтып берчи кандай кылып өчүрөм?

***

Түшүмдө аскаларда калыпмын,

Элең этип чар-тарапты акмалайм.

Жол жок. Эки жакка бара албайм

Жоготуубу түшүнө албай кыйналам?

Түшүмдө эмес өңүмдө эле кыйналам,

Ырларыма үмүт менен жол карайм.

Заман оор китептерим чыга албайт,

Ыр – өмүрүм, ага качан жол ачам?

***

Бир таанышты билемин

Байып алды бир далай.

Бирок дагы ата-энесин

Такыр кетти карабай.

Көзү өтсө ата-эне, бир тууганың

Кайра экинчи издесең да, табылбайт

Алдыңдагы шуудурак кагаз акчаны

Аман болсоң алтын башың таап алат.

***

Кайдасың алтын сандыгым,

Өзүңү мен сагындым.

Илгери эле жазылган,

Ичиңде жатат жазганым.

Сандыкты ачып ыр окуп,

Жаштыгыма жолугам.

Жаштык деген жаштык экен

Жалын чачып оолугам.

АЛТЫ САПТАР

––

Ашыга барат алты атчан,

Алдыда бийик вшуу жаткан.

Чарк уруп мезгил ай жылган,

Чарчабай өт алыс сапардан.

***

БИР АДАМДЫН ТҮШҮ

Түшүмдө көрүп түрмөнү,

Ойгонуп кетип чочудум.

Элестер келип кайдагы,

Өткөн күндүн каар тагы,

Түшүмөн кетпей калганбы.

***

Түн боюу ооруп чыкты,

Бутумун баш бармагы.

Кыйналып чыктым уктабай,

Мурунку дартым чакырып арманды

Муңга салып, кыйнаганы келатабы…

***

Баягы өзүмө таныш адам ,

Качандыр коштошуп сапар кеткен…

Өңүмдө көрбөгөнүм көп болгон экен

Түндө түшүмө көрүп жатыпмын

Түшүмө кайсы жактан келди экен?

***

Жанатан бери күкүк сайрап,

Калың бакта ыр жайнап.

Бул дүмүргө отуруп,

Күкүктүн үнүн тыңшайын.

Кубатсыз карт денеме

Кубанычты кошуп алайын.

***

Эски ырымы таап алдым,

Эргип кетип кубандым.

Аркы үйдө чаң басыптыр

Дептеримин ак барагы.

Бирок ырым эскирбей

Окуган сайын жап-жаңы.

***

Жигит курак чагымда

Кап-кара эле чачым да.

Ал чакты азыр эстесем,

Жогум арбын бир далай.

Кашка башты сыйпалайм,

Кара чачты таба албай.

***

Баратсам бак аралап,

Башыма түшүп жалбырак

Байкушум мага кеп айтат:

–Өмүрүңө күз келди

Эмнең калды артыңда?

Суроосуна жооп таппай,

Суз тартыпмын далайга…

***

Татына сулуу бар болчу

Дайранын аркы жагында

Ойго батып мен турам

Дайранын берки тарабында.

Дайра-тагдыр жетпейм го

Даңкы чыккан ал кызга.

***

Ойлонуп турам бул кезде,

Таш короонун четинде.

Таш короо мага кеп айтты:

– Бул жерде өстүң балам ай!

Эс тарткан соң сен бизге,

Эмнеге кеттиң кайрылбай?

***

Бала чакта тажабай

Үн салчу күкүк ушундай.

Азыр деле ошондой,

Сайрап жатат таң калам.

Асыл үн эмне карыбайт,

А мен неге карыгам?

***

Мугалиммин отурамын класста

А балдарым кетип калды каякка?

Окуучулар каникулга тараптыр,

Жай айы эми гана башталып.

Бир окуу жылы акырындап агыптыр

Билинбей мезгил деген карыптыр.

Баш бербес балдарымы окуткан,

Байкуш менин чачым эчак агарыптыр.

***

Балам турат жанымда

Ак кириптир чачына.

Балам кыркка таяптыр

Болгону ушул жаңылык.

А мен карган абышкамын

Алтымыштан ары ашып.

***

Бара жатсам талаада

Бир ыр келди башыма.

Унутуп калып ал ырды,

Учурбас үчүн шамалга.

Түзөң жерде калем шилтеп,

Түшүрүп алдым кагазыма.

***

А баягы жашыл өрөөн

Тайган экен өңүнөн.

Жашыл өрөөн –жаштыгым

Жаштык деле картайбайбы?

Күүлдөгөн бай өрөөнүмө

Күз күнү келген турбайбы.

***

Ак карлуу тоолор бериде

Айбат чачкан денеме.

Ак карлуу тоолор ажайыптуу,

Элечек кийген энекем.

Калдайып жаткан өрүшү,

Караан болгон кең мекен.

***

Чакырып алып жанына,

Оорулуу адам айтат баласына:

« Балам мени эшикке алып чыкчы,

Сагындым чыкпай калып сырт жакты.

Туулган жердин жазын байкайын,

Күкүгүм сайрайт аны дагы тыңшайын».

***

Калдайган дайра жээгинде

Бир чал турат бул кезде.

Дайнын айткан жаңылык,

Дайрасы-жаштык аба жарып.

Дардалаңдап агып жатса чамынып,

Дайра үнүн тыңшап турат жарыктык.

***

Кең талаанын четинде

Келатамын бул кезде.

Бурулушта булак шылдырайт,

Булак -өткөн жылдарым.

Талаада гүлдөр ыргалат,

Рейтинг@Mail.ru