bannerbannerbanner
полная версияАлтын сандыктагы ырлар

КАДЫР АБАКИРОВ
Алтын сандыктагы ырлар

Акынга акын жолукса,

Айтылуу ырды жазышат.

Устага уста баратса,

Улуу эмгекти жаратат.

Пендеге пенде кезигип,

Беш энеде болот жолугуу.

Жаратса сонун эмгекти

Жакшылыктын жолу улуу.

АДАМ -АДАМГА

Адам деген бу эмне, темирби?

Чындыгында темир деле эмес го.

Адам эмне, шыңгыраган күмүшпү?

Ай, ким билет, күмүш деле эмес го.

Адам деген күүгө келген тирүү жан

Тирүү жанды өтө этият пайдалан.

Сыйга- сый, сыр аякка бал куйсаң,

Сыйкырдуу күү угулат жаркыган.

САЙМАЧЫ КЫЗГА

Саймачы кыз алтыным,

Көңүлүм түштү саймаңа.

Маани бердим кайтадан

Мага берген бет аарчыңа.

Сага берген жалынымы,

Саймаңа сайчы кагылайын!

Жалындын өңү кандай экен,

Жалбыртын көрүп калайын!

ЖОГОТУУНУН АРМАНЫ

«Көптөрү жакшы көрүп окушкан

Акын мени эргүүлөнүп жазды эле.

Башка тилге котором деп кызыгып,

Котормочу өзү колго алды эле.

Котормочу мени начар которуп,

Мазмунуму бүт өзгөртүп таштады.

Ким элем жана дагы ким болдум

Кимге жетет жоготуумдун арманы».

БИРӨӨНҮН АРМАНЫ

( 2012- жылдар)

Тереземи кагып турат жакырчылык,

Жакырлыктан ушунчалык жаным чыгып.

Жылкы, кой аябай кымбаттады,

Жакырлар аны сатып ала алабы?

Көк жөтөл мен байкушту кыйнады,

Бул оорудан кара жаным кыйналды.

Өлөмүн жок болушум эчтеке эмес,

Өлүм келип ээрчитип мени кетмек.

Жакыр турган туугандарым бар эле,

Жакырлыкта жашап жатат дагы эле.

Өлгөнүмдө соёрго мал табылбай,

Өкүнүшүп кыйналабы бир далай…

Өкүнүшүп мен кургурду тилдешет,

Бирок мени кайра кантип тирилтет?

2000- 2010 жылдар

YЧӨӨБҮЗ

Кыйынчылык учурунда досторум

Көрөм менден колун үзүп кеткенди.

Биз арытып өмүрдүн да жолдорун,

Бирок эстен үч дос такыр кетпеди.

Ушу өмүрдүн жакшысын, катаалын

Бирге көрүп, бирге өмүр сүрөбүз.

Мен айтайын ал досумдун аттарын:

Өзүм жана үмүт, сүйүү үчөөбүз.

ЖАЗЫНДА

Дагы кайра жаз кайрылып келатат

Жүрөгүмдүн асыл сүйгөн эрмеги.

Гүлдөр өсүп тоо-тааланы шаң басат

Жайлоо тарап андан алыс чет жерди.

Кең аймактар жакшынакай ыр төгүп

Куштар дагы кайтып келип түштүктөн.

Көз жарышып, кайрат менен төрөлүп

Көркөм ырлар жаралышат жүрөктөн.

КАРЫЛЫКТЫН ЧАКЫРЫГЫ

Алыстан келди чакырык

Жатабы мени чакырып.

Алып-буюм тайымымды,

Аттана чыктым камынып.

Карылык келди карылык

Кимге муңду айтабыз.

Ак таягым даяр бол!

Жолго чыккан жатабыз.

КОШТОШУУ

Биз жайлоодон көчүп кетип жатабыз

Ушул жерде калып жатат жапан тал.

Жай күнүндө өзүң менен бир болдум,

Жапан талым, жапан талым аман кал!

Эмки жазда кайра келем өзүңө,

Ак сүйүүдө жолугабыз ал күндө.

Анда дагы кезүүгүлөр жол ачып,

Экөөбүздү жолуктурат жаз жаркып.

КҮТӨ ТУР

Тоолор, түздөр үрүл-бүрүл бөз кийип

Эми мына кең аймакка кеч келет.

Таранчылар бак башында үн салбай,

Там жанында далдааларга бекинет.

Ушул жерден жаркынымы күтөмүн,

Же келеби, же келбейби ким билет?

Жел шыбырап кулагыма дилдиреп,

Жемиш жыттуум, келеериңи билдирет.

КҮЗ АТА

Түн ортосу уктап жатып ойгондум,

Шамал Ата үнүн угуп толгондум.

Жандуу ызгаар дарактарды ургулап.

Жалбырактын жанын койбой жулгулап.

Жай саратан ысыгы такыр артта калып,

Жакшы убак коштошконсуп жатпайбы.

Күлүк атын улам-улам камчыланып,

Күз Атабыз таскак уруп келатбайбы.

АКЫНДЫН МҮРӨСҮНҮН ТАШЫНА

ЖАЗГЫЛА

Жазган ырын чыгара албай кетти,– деп.

Жардылыкта жакыр жашап өттү,– деп

Оору, жөтөл экөө бирдей эзди,– деп

Ошондо да сыр билгизбей кетти,– деп.

Сонун ырын ак кагазага жазды,-деп

Анын аты ак баракта калды,-деп,

Таш бетине чектирип жана жазгыла.

МАШИНА АЙДООЧУГА

Машинада сапарлап баратканда

Арт жагыңы эч убакта караба!

Келечегиң артта эмес алдыда

Этиет бол тагдырыңы абайла!

Башканы ойлоп алаксыба карагым,

Ар дайыма абайлап жүр сактана.

Ашаар жолуң артта эмес алдыда,

Ала салып азаптарга кабылба!

ТҮШ

Өңүңдө жетпей калган иштерге

Адамдар уктап жатып түштө жетет.

Бакыт ачып таалайлуу пендеге

Ошол үчүн түш деген керемет.

Өңүмдө жазбай калган ырларымы

Түшүмдө толкунданып жараткамын.

Эмгектене жазып далай сырларды

Эл ичинде бакыт жолун тапкамын.

Түшүндө көрөт дешет сокурлар

Түшүндө чуркайт тура төкөрлөр.

Түшүндө сүйлөйт экен дудуктар

Түшүндө угат дешет дүлөйлөр.

Түшүндө адам жетип бакытка,

Кереметтер келет экен башкача.

МУЗЕЙДЕГИ АЛТЫНГА

Бобу алтын далайдын башын жутту

Байыйбыз деп алтынга жутунушту.

Азыр деле кандын жыты кете элек

Адамдар жашын төгүп далай эселеп.

КУЛУНУМ

Оюн салып кетет ары

Кара бээнин кулуну.

Чамгарактап куйрук жалы

Улам чуркайт утуру.

Кулун ары чуркаганда,

Энеси андан көз албайт.

Кетпегин деп алыс жайга

Добушун берип чакырат.

Бээ кулунун эмизсе,

Жылкычы түшөт санаага.

Баласы турат эсинде

Окуп жүргөн калаада.

Ата-энеси камын жейт,

Өп-чап болгон турмуштун.

«Кандай жайда жүрөт дейт,

Бул кулундай кулунум.»

ЧЫЧКАНДАР

Бир ыр китеп бар эле ал үйдө,

Анан аны жеп жатты чычкандар.

Атаңын көрү аны окуур адам жок

Айрылып муңга батты барактар.

Ал китептин алтындыгын билишпейт,

Кор кылып жеп бүтүштү чычкандар.

Ырдын күчүн такыр эле сезишпейт,

Биздеги чычкан сындуу адамдар.

ЭПИТАФИЯ

Элечек кийген энелерди көп карайм

Элечек кийип жүрчү эле энекем.

«Жалжылдатып мен байкушту каратып ,

Жан ардагым кайсы жакка кетти экен?»

ЧОҢ ЖАНА КИЧИНЕ

Океанды чоң дейбиз

Тамчы сууну кичине дейбиз.

Анан дагы улуу мухит мейкиндик,

Тамчы суудан куралаарын билелик.

БАЛАЛЫК

Эшек минип ойногом

Эчен күнү айылда.

Балдар менен жарышып,

Барган элем адырга.

Кечке чейин түшчүбүз

Көлмө куруп чоң сайга,

Ысык кумдан үй салып.

Ырга толуп айлана.

Айтып бүткүс жомоктур

Арт жагынан ыр жанып.

Эстен кеткис болгон экен,

Эсил кайран балалык.

ЖАЛГЫЗДЫК

Бул дүйнөдө жер да жалгыз,

Өлкөсүнөн качкан президент жалгыз,

А түгүл асмандагы ай да жалгыз,

Арманын айтып берер адам жок,

Аркы үйдө абышка жашап жап-жалгыз.

БИРӨӨНҮН ЫРЫ

Жатындаш карындашым бар экен

Көрүшпөй калганыбыз көп болду.

Ал бай мен болсо жарды экем,

Тагдырыбыз буйруптур ушул жолду.

Эмнеге жолукпады тагдырыбыз

Бир энеден бир атадан жаралсак да.

Өкүнгөнсүп өткөндү эске салаарбыз

…Өмүр өтүп биз кездешпей калган да…

ӨЛБӨСТҮК

Жээке келип дайра үнүн тыңшадым,

Улуу дайра агып жатат жол улай.

Дайра айтты: «Миң жыл мурун, болгон экем ушундай

Азыр деле агуудамын жөн турбай.

Талбас кылып түбөлүккө жан сабап,

Тагдырым жаралыптыр ушундай».

КАРГА

Түн жарымы үнү угулду карганын

Кайдагы карга дабышка таңдаңдым…

Карга айтты:– Сени келдим алганы

Коштошооруң жакындап калганбы…

Күйүп жанат ичимдеги бир нерсем,

Мени алып кетет ко деп шекшинем.

Оору карга бүлүк салат дүйнөмө

Ажыратып кала алабы ким бирөө…?

АК КАГАЗГА

Отуз жыл артта калган убагыбыз,

Экөөбүздүн сүрөтүбүз турат мында.

Каадалуу күлмүңдөгөн курагыбыз,

Калган тура жоголбой ак кагазда.

Караанын сепсе, алыстагы жылдарга,

Карай берем суктанып ар дайыма

Ыраакы күндү жакындатып алып келген,

Ырахмат айтам бобереги ак кагазга.

ЭКИ ДҮЙНӨ

Бир үй бар эле сол жакта

Чыр чатак такыр кетпеди.

Абышкасы жаңжал чыгарса,

Айкырык таштайт кемпири.

Бир үй бар эле оң тарапта

Тынчтык кетпейт уялап.

Бапырап ойноп балдары,

Бактылуу дүйнө уланмак.

Элеңдеп ойго батабыз,

Эки дүйнө жашап жатса.

Талбас ушул жашоонун

Татаалдыгы бир канча.

ЭКӨӨ

Ал башында жалгыз эле

Ага бирөө кошулду.

Ушинтип экөө болушуп,

Улап кетти чоң жолду.

Биригишип жуп болуп,

Беришти сонун элести.

Турмуштун ыйык жолунда

Туу байлаша чаап кетти.

СТУДЕНТ КУРДАШТАРЫМА

Бу жашаган күндөрүбүз

Бурулбай учуп оболоор

Бобереги түшкөн сүрөтүбүз,

Жоголбостон белек болоор.

Эчаакы түшкөн сүрөтүбүз

Бизге болоор эскерме.

Кайрадан карап жүрөөрбүз

Качанкы күндү эстегенде…

ЭПИТАФИЯ

Кызым Жылдызга

Таппай калдык элесиңди жоготуп,

Таптырбай кайда кеттиң жок болуп?

Аттиң ай, жолукпай калдык капада,

Адам пенде жолугат тура арман га…

Өктөм салып күлүк мезгил сызса да,

Өмүр кайып белгисиздикке учса да.

Жүрөк чиркин жапа тартып тереңден

Жүзүң –өмүр, сен жашайсың биз менен.

Алыс тарап бизге чачат жарыгын,

Асмандагы күйүп турган Нур кызым.

Өзүң жакка биз да сапар бараабыз,

Ага чеин бар болгунуң Жаркыным…!

САЗДА

Тынчтыгын тыңшап тараптын

Байкоосуздан селт эттим.

Үнү чыкса эчки маарактын.

Ушул добуш ыры болот

Өзүбүз өнгөн аймактын.

 

Байыркы ата-бабам да,

Ушул ырды угуп өткөн.

Ушул ырды мен да угуп,

Ыр жараттым жүрөктөн.

КӨРҮНҮШ

Чоң таш. Салкын жел жүгүрөт

Таш үстүндү кичнекей кыз жатат,

Ысык күнгө кактанат.

Таш үстүндө топуракта түркүн гүл

Тажабай назик үлбүрөйт.

Жашыл гүлдөр көрк чачып,

Жаш кыздын денесине сүйкөнөт.

КАЙРАТ

Ыйлаганда адам жашы туздуу болот

Ал кайгырууга, жеңилүүгө тең орток.

Кайгырдым деп түбөлүккө муңайба,

Шаттыктан табылат анын оорду да.

Туздуу жаштын бара-бара күчү кайтмак,

Туугандарча жакындашып кайрат жыйсак.

ЖООГАЗЫН

Жаш кезимде бир селкини жактырып,

«Жазгы гүлүм-жоогасын» деп атадым.

Көркөмдүгү улам кайра карантып,

Көздүн жоосун алат тура жоогасын.

Жаш куракта андай кызды таппадым,

Жан турпатын жоогасынга бааладым.

Жашоодогу жакшы элеске кабылып,

Жалын чачып аны менен жол салдым.

ИШЕНИЧ

Ай, жалжалым, актыгыңды айныбай,

Мен теңедим жаңы жааган ак карга

Анткендиги каралык жок кымындай,

Жаңы жааган жакшынакай ак карда.

Тоо да ак, кыштак дагы баары ак,

Аппак түстө калып калды элеттер.

Айныбас ак сүйүүңү жаратып,

Ак кардай ак гүлүмдөй жашай бер.

БАЛАЛЫКТЫН ЖЫЛДАРЫ

Эске салат тасмиялап кайталай,

Өтүп кеткен балалыктын жылдарын

Биздин үйдөн улам кеткен арылай

Бийик жарлуу кичинекей капчыгай.

Балалыгым ойноп жүрөр жоголбой,

Кичинекей капчыгайдын ичинде.

Көңүл салсам мага гана көрүнөт.

Көрүнбөйт башка чоочун кишиге.

Балалыкты көрүш үчүн капчыгайга,

Далай ирет сапар тартып келгемин.

Аны менен аңгеме куруп сүйлөшүп,

Алыс жакка кайра аттанып кетемин.

ТАПЫЛДАКТЫН ДҮРБӨҢҮН

Бир кыз, бир бала

Чуркап барат талаада.

Күн бүркөлө калганда

Калбайлы дейт жамгырга.

Ошол чуркап бараткан,

Балалык болуп жүрбөсүн

Тарапка улам тараткан

Тапылдактын дүрбөңүн.

ЭСКЕРҮҮ

Мен ойгонуп тереземди карасам,

Таң өөк салып чыгыш тарап албырат.

Баягы эле түшүп жаткан ак кардан,

Багым дагы, короом дагы, бардыгы ак.

Сонорлоно жылдыз сымал түрлөнгөн,

Адамдарга ынак сезим жөнөткөн.

Карлуу кышта сен экөөбүз үйлөнгөн,

Качанкылар эске келет бир өткөн.

БУЛАК ЖАНЫНДА

Күүгө келип булак жагым үн себет

Аны тыңшап мен жанында жатамын.

Нелер өттү, нелер дагы өтө элек,

Текши ойлоп, терең ойго батамын.

Булак агат таратып наз ыргагын,

Шылдырт чача жагымдана бир тынбай.

Угуп жатам булагымдын ырларын,

Улуу акындын ырын тыңшап жаткандай.

САПАР АЛДЫНДА

Аппак карды айдын нуру саймалап,

Айлана жак такыр эле дабышсыз.

Айлуу түндү укмуш элес аралап,

Айыл тарап уктап жатат ың-жыңсыз.

Таң өөк салып опур-топур кыймылдар,

Сапар тарта башка жакка жөнөгөм.

«Ташыркаба, шоолалуу нур чачам»,-деп

Тааныш жылдыз кабар берет төбөмөн.

Ак жылдызды жол көрсөткүч шайлайын,

Алаксыбай улам алга барайын.

Аз өмүргө арман кылып калбайын,

Ачыла элек ачылышты табайын.

ЖАШТЫГЫМ

Мага жазгы жел айтты,

Бир өкүнүч таратты:

– Күлүгүң кайда баягы,

Күргүчтөп жарган дабанды?

– Ал күлүгүм ташыркады,

Баскан изи арта калды.

Алыста калган аргымагым

Айдынданган жаштыгым.

ЫР УКТУМ

Бир жерден ыр уктум,

Уйкаштык жагы эң сонун

Кайта-кайта ырдай берем,

Кайрыктуу ырдын обонун.

Төрөлгөн жерден угупмун,

Ошону азыр эстедим.

Андай ырды эч жерден,

Азырынча уга элекмин.

БИР АКЫНГА ТАШ ЭСТЕЛИК

Түнүндө уктап жатып түш көрдүм,

Оорулуу элем чукулда кайтаармын.

Жарды жанмын эстеликти ким коёт,

Келечегим ошону ойлоп жатамын.

Таш эстелик кереги жок анын да,

Белгиси жок топуракта жатаармын.

Талкаласа такыр эле жанчылбас,

Таш эстелик болуп калсын ырларым.

КЫШ ЫРЫ

Топ-тобу менен сапарлап,

Толгон куштар кайтышкан.

Тоо арасы кыштакка,

Коштошуу ырын айтышкан.

Кечөө эле күз эле,

Чыкыроон аяз дембе-дем.

Кыштагыма кайра келген,

Кыш ыры ушул деп билем.

Кыш мезгилден эргүү алсам,

Суук чыкыроон аяз төгүлөт.

Назик таза тунук баладай,

Жазганыман ак кар ыры көрүнөт.

АК СҮЙҮҮ ЫРЫ

Күйөөсү жазып чыгып поэманы,

Анан аны оңдойт экен аялы.

Ал ырларда үн угулат ашыктыктын,

Ак сүйүүнүн обону чыгып кайкысын.

Жаркып чыккан ырлардан,

Жаштык чактар көрүнсүн.

Мээримин чачкан куракка,

Мейкин ыраң төгүлсүн.

ЖАЛГЫЗ КИТЕП

Колумда акындын жалгыз китеби,

Китеп турат акыныбыз не болгон.

Жан дүнөсүн өлбөс ырга айлантып,

Жалган дүйнө акын небак жоголгон.

Жандай сүйкүм а эшикте ай жарык,

Акыныбыз такыр келбейт кайрылып.

Колумда жаш акындын жалгыз китеби,

Эшигимде таза жел согуп ай жарык.

УШУЛ ЫР

(Ли Байды туурап)

Көктү карайм кайталай,

Ай көрүндү көзүмө.

Эң жакын агамдай,

Элес келди өзүмө.

Ылдый жакты карасам,

Тууган жерим магдырайт.

Укмуш болду кең аймак,

Уйку көзгө тартылат.

Ортосунда экөөнүн

Эрип кетип бараткам.

Учса көккө жан дүйнөм,

Ушул ырды жараткам.

БИЗДИН ҮЙДӨГҮ СТОЛ

Бир үйдө эски стол бар эле,

Жарымына аял оокат кылуучу.

Жаны тынбай сөздөн-сөздү тизмелеп,

Жартысына акын ырын жазуучу.

Ошол үйгө бакыт чачты ал стол,

Аппак келин кемпир болду балпайган.

Акын болсо ал столго ыр жазган

Атак-даңкы баардык элге тараган.

Ар дайым ырларын жазып турган,

Ал столду дайым эле ойлоймун.

Олжого үй-бүлөнү тундурган,

Ошол стол биздин үйдө болбосун.

КАШКА АТЫМ

Бар эле кичинекей кашка атым,

Канаты бар башка атым.

Ошол атым кечээ күнү жоголду,

Талаага оттоп кетип жок болду.

Эки жактан кашка атымы карадым,

Чөптөрдүн арасынан таап алдым.

Кашка атым – чөптөрдөгү шүүдүрүм,

Шүүдүрүм – ыр, таап алып сүйүндүм.

АЗАПТУУ ЧАКЫРЫК

Көптөн бери оору элем

Атымды бирөө чакырды?

Каяк жактан үн чыгат

Карадым жан-жагымды.

Yндү берген ким болду

Көргөзбөгөн ал өзүн.

Абайлатпай чакырса,

Ажал болуп жүрбөсүн?

АВТОБУС АЙДООЧУГА

Айдоочум, сен уйкуга азгырылба!

Абайлагын! сапардасың жолду кара!

Уйкуң -шайтан , жаңылганың бөөдө -өлүм

Өмүрүнө залал болбо бирөөнүн.

АКЫН ӨЗҮНӨ ЭПИТАФИЯ

Ким жатат ак кепиндин ичинде,

Бетин ачып аны карап көрүңдөр.

Акын тура ыр жараткан бир кезде

Арбагын сыйлап жакшынакай көмүңөр

Жакшы иштеп, сапар кеткен мен экем,

«Жараткан» деп тагдырга да көнүңөр.

АЙ, УУЛАМ АЙ!

Ай, уулум ай сак бол көр абайла!

Тетиги керилип жаткан Каркыра

Ыйык конуш ата-баба жери эле,

Көкөтөйдүн ашы өткөн жер эле,

Баатыр Манас бул жерге келди эле,

Бул аймактын баяны көп эң эле.

Каны бөтөн бир шүмшүк

Карматып ийди бөтөн элге.

Жерди эстеп кээде капа болобуз,

Жаштыктар сонун чакты ойлойбуз,

Ай, уулум ай, сак боло көр өзүңө!

Асыл жерди бере көрбө бөтөнгө…?

КАРКЫРАНЫН ҮНҮ

Каркыранын үнүн угуп,

Ойго баттым узакка.

Ажырашууну сезип турам

Армандуу ушул убакта.

Каркыралар кеп айтат:

«Ажырашсак жолугабыз».

Күзгө чейин чыдай тур,

Сапар кайра кайрылат».

ЖОЛОЧУМУН

(түнөк)

Жол боюнда жалгыз дарак,

Талаа алралап жел агылган.

Жалбыракты үйүп алып.

Дарак мага төшөк салган.

Бул дарактын түбүнө,

Бүгүн түнөйт өңдөнөм.

Бакыр түндү өткөрөйүн,

Талаанын түнүн көрөйүн.

КӨПӨЛӨК

Канат кагып кайталап

Өмүрү кыска көпөлөк

Лампаны айланат.

Байкушум күйүп калбайбы,

Кара жанын сактабайбы.

Жалынды таштап качпайбы?

Же болбосо жалбырттап,

Жалын болуп жанган жатабы…?

Шаардын башы жагынан,

Өкүрүк чыкты кайгырган.

Ый чыгып, боз үй тигилсе,

Санаага батып кайгырам.

Өкүнүчкө салып дүйнөнү,

Өттү экен кайсы адам?

Ушул эле көчөдө.

Үн салып бөбөк төрөлдү.

Адамдар келинп жатышат:

«Жаш бөбөктү көрөлү».

Жаш бөбөк жаңы төрөлсө,

Жол улады дагы бирөө.

Кубаныч менен армандан,

Куралган тура бу дүйнө

БАЛА ЧАК

Агыш кызыл көпөлөк,

Айланамда айланат.

Кооз кызыл гүлдөргө

Коно берет кайталап.

Көк менен учкан көкөлөп,

Көпөлөктө көргөн кезде

Көбүн эсе эске келет,

Көпөлөк кууган бала чак,

Көркөмү сүйкүм жаркылдак.

Көөнөрбөс ушул дүйнөгө,

Көрүнүш ачты шаңкылдап

КАРЫЫЛЫК

Эшикке чыксам улуу тоого.

Күн батканы жатыптыр.

Кечинде мал короого кайтыптыр.

Төрлөрдү көлөкөлөр каптаптыр.

Төрөлгөн жерим созулган

Дагы бир күнгө карыптыр.

БИРӨӨГӨ ЭЛЕС

Түшүмдө көрдүм түрмөнү,

Ойгонуп кетип чочудум.

Элестер келип кайдагы .

Өткөнүмүн каар тагы.

Түшүмө келе калганбы?

Түндөгү көргөн элести,

Кандайча жоруйм мен аны…

ИЗДӨӨ

Түн кирип жылдыз текши чыкканда

Мени менен сүйлөшүүдө салкын жел:

– Жигит айтчы, бар беле ынагың?

Ушул ойду сурап калып ал менден.

– Сүйгөнүмөн эчак эле кол үзүп,

Кетти жаштык жаадыраган курагым.

Жел аны өзүң өңдүү таба албай,

Желип, жортуп, издеп жүргөн убагым…

ТҮНӨК

Чымчыктарым кеч киреерде түнөгүн,

Канат кага издеп алып баратат.

Учуп жүргөн куштарымын түнөгү,

Ушул эле кичинекей серээ жак.

Ай, ким билет менин ысык сүйүүмүн,

Түн киргенде кайда барып түнөөрүн.

Билесиңби айта албадым уялып,

Менин сүйүүм сенден тапкан түнөгүн.

ӨЛҮМ, ӨМҮР ЖАНА ООРУЛУУ

АДАМ

Өлүм айтты: – Орулууну алып кетем,– деп,

Өмүр айтты: – Мен сага аны бербейм,-дейт.

Өлүм, өмүр ортосунда чоң таймаш,

Адам пенде тирүүлүктөн жол издейт.

БИР ООРУЛУУ АКЫНДЫН ОЮУ

Эшигимди күчтүү шамал ургулап,

Терезени тытып жатат жулмалап.

Шамал айтты: – «Сен жакында өлөсүң,»

Шашыла жаман кабар тартуулап.

Мен өлөмүн андан деле коркпоймун,

Көрөбүз го тагдыр жазса баардыгын.

Бирок менсиз жетимдикти тартат го,

Ырым, жарым жана дагы балдарым.

БИЙИКТИК

Асманда турган жылдызды

Уруп калдың таш менен.

Жылдызга таш жетпеди,

Жыгылып кулап кетпеди.

«Жолубуз такыр башка,

Ач көздүк бизге жетпейт»– деп,

Жылмая күлүп көз ымдап,

Жылдыздар турду жымыңдап.

ДАРАКТАЙ ДАҢК

Акын деген бууракандуу чоң дайра,

Шар суусу жээкти келип кемирет.

Чоң таштар тоголонуп титирейт,

Толкундары дарактарга бир тиет.

Акыныбыз күчкө келип дайрадай,

Ташкыны тараптарга ыр чачат,

Акын-талант, келечеке жол ачат,

Айланаңа дайрадай даңк жаңырат.

ЖООКЕРДИН АРМАНЫ

Жалгызым. 1945 – жылдар.

Оң колум денемдеги,

Жоо огунан жоголду.

Сол колум жап-жалгыз,

Көз жиберип караңыз.

Эки колдун кызматын,

Сол колум гана аткарган.

Жалгызым деп аны аяп,

Жабыркап карап мен турам.

МАҢГУРТ ЖИГИТ ЖАНА КЫЗ

Козу менен карышкыр бир кетсе,

Козуну карышкыр жеп салбайбы.

Козуну карышкыр жеп салганы

Кооптонткон азап болуп жатпайбы.

Козу коркуп бөрүгө жем болду,

Ошонун эле шору кайнап жатпайбы.

Козуга кол салбаса карышкыр,

Кокуй күн ай, жырткыч болбой калбайбы.

***

Жылкычы чымчык уясын,

Былтыркы жерге салыптыр.

Тектирде өскөн карт алча,

Текши мөмө байлаптыр.

Баары эле былтыркыдай,

Рейтинг@Mail.ru