bannerbannerbanner
полная версияАлтын сандыктагы ырлар

КАДЫР АБАКИРОВ
Алтын сандыктагы ырлар

Булак дагы, куштар да.

Өкүнтүп алыс жол кеткен,

Өзүң жоксуң бир гана…

Жылкычы чымчык экөөбүздү,

Жылгадан издеп жатыптыр.

«Алар кайда жоголду?».

Армандуу ырын жаратыптыр.

ЧЫНДЫКТАР

Иштен кетет министрлер дөө шаарлар,

Унутулат бир кездеги атактар.

Суу түбүнөн калкып чыккан өпкөдөй,

Суурулуп чыга келет чындыктар.

Дөө шаалар унутулуп өлүшөт,

Аларды бирөө келип өлтүрбөйт.

Өэ элине кастык ишин жасаган,

Өз жоругу өздөрүн өлтүрөт.

Суу түбүнөн жаңылыкты ачкандар,

Суурулуп ошол жактан чыгышат.

Журту үчүн жакшылыкты жазагандар,

Жумурай журт аларды коргоп макташат.

КӨКӨБАЙДЫН КӨЧҮ

Көгүлжүм тоону аралап,

Көкөбайдын көчү өттү.

Көчтү ашуудан ашырып,

Көкөбайдын өзү өттү.

Көкөбайдын көчү ошол,

Көөнөрбөгөн жаштыгыбыз.

Кыр ашып кетти байкалбай,

Кызды сүйгөн чагыбыз.

БАЙ ӨЗӨН ЖАНА ЖАШТЫК

Агып жатат бай өзөн

Аба жара күн-түндөп.

Албуут күүсү түзүлгөн

Арыга учат күрпүлдөп.

Бай өзөн агат элирип

Күүлдөк чачып тартынбай.

Жаңырат дайра бой керип ,

Жазында жаштык чагымдай.

МУҢДУУ ДАБЫШ

Тентек бадал өсүптүр,

Карасам тиги тарапты.

Тамыры жарып чоң ташты,

Экиге бөлүп таштады.

Сүйүүнү бирөө баалабаса,

Ушундай сынып ажырайт.

Арманын айтып жараңка

Азаптуу дабыш жаңыртат.

ОРУС ЖУРТУ

Москваны алабыз деп жутунуп,

Душмандар каптап көп жолу.

Жоо соккуга урунуп,

Жолой албай шайы ооду.

Тагдырдын табышмагы ошондой,

Сугун артып жутунушту эмнеге?

Оңой эле борборун бере койгондой

Орус журту өтө алсыз эл беле?

ООРУЛУУ АКЫНДЫН ЫРЫ

Чабылган чөптөрдү карап туруп

Тунжурады акын кургур ойлонуп:

-Ушундай соолуп калаар бекемин

Келетат арман каптаар кезегим.

Анда акынга лирасы шыбырады

Мындай деген насят кебин арнады:

– Кылымдарга түбөлүккө аманбыз,

Соолубайсың, анткендиги биз барбыз.

ТУУЛГАН ЖЕРГЕ АЙЛАНМАК

Каза таап, күнүм бүтүп мен өлгөндө,

Өз денеми туулган жерге тапшырам.

Туулган жерим мени кайда тапшырат?

Мына ушунун өзү деле табышмак,

Эч убакта жок нерсеге айланбай

Менин сөөгүм туулган жерге айланмак.

ӨМҮРҮМ

Карт уста мык кагып,

Иштеп жатат тажабай.

Кышкы түн теңинен,

Ооп калган бир далай.

Өтүп жаткан мезгил да

Карт устабыз мык каккан.

Балка үнү чыгып жаткан-

Өмүрүм экен ашыккан.

КЫРГЫЗ АТА ҮЧ АТЧАН

Нак өрүктүн жыгачынан жасалган

Күүгө келет комузумдун үч кылы

Бешик ыры, сүйүү ыры, жашоо ыры

Жэ болбосо бул турмуштун үч ыры.

Бир-бирине абдан эле оп-окшош,

Тоо койнунда татына үч жол жаткан.

Жол жомогун айтып келет эрикпей,

Ошол жолдо кыргыз ата үч атчан

КӨГҮЧКӨН

(Пушкинди туурап)

Тоонун түбүндө капталда,

Желеге түшкөн көгүчкөн.

Алсыз чарчап калыптыр,

Акырын алып мен көрсөм.

Көгүчкөн менен коштошуп

“Кеткин”– дедим -“Ылдам-уч”.

Жардам бердим түбөлүк,

Жан досума унуткус.

БАЛАТЫ

Ыргалат карт карагай

Жайкалып булак жанында.

Көз жиберсең шаң тарай,

Көйкөлөт башы асманда.

Карагайдан алыс эмес

Тарабында батыш жаккы.

Жарыя кылып кабарлады,

Жаштыгын айтып балаты.

ЖЫРГАЛАҢ

Элет жерде Жыргалаң

Эс алгандар жыргаган.

Жыргалаңда жашап жүрүп,

Жылдыздууму таап алгам.

Жыргалаңда эс алып.

Жылдарда сага кабылгам,

Жылдызга-жылдыз жанашты,

Жылдыздуу айлым Жыргалаң.

УШАК ЖАНА АСЫЛДЫК

Ушак айың жабышты,

Жакшы адамдын артына.

Уйгактай жабышкакты

Убалап салдым жакында.

Жамандкты чаң басты,

Асылдыкты дат баспай,

Жакшы адамдын сапаты,

Жаркылдаган алтындай.

САТИРА МЕНЕН ЛИРИКА

Күйдүргүнү жер үстүнө жайылтып,

Күлкү чачып көңүлүңдү эргитет.

Сааттуу сагызгандай үн жаратып,

Сатирабыз сайып өткөн тикенек.

Өтөктөрдүн гүлү сымал ыргалып,

Өтө назик шаптасы эленет.

Лебинен назик абаз жаралып,

Лирикабыз бир жаралган керемет.

КОШОМАТЧЫЛАР

Шумкарды-шумкар деш керек

Корозду-короз деш керек.

Короз шумкар аталса

Заты аталды башкача.

Короздун-короз аты бар,

Шумкардын-шумкар даңкы бар.

Корозду шумкардай макташып,

Жаңылдып келет кошоматчылар.

БИРӨӨ КЫЙНАЛГАНДА

«Бала күндөн жармашып,

Жөтөл дагы жоголбоду.

Дарыландым көп жолу

Дартка дабаа болбоду.

Күндө гана тынчты алды,

Күч келтирип кыйнады.

Балее ушул жармашкан,

Башымы жеп тынабы».

МУГАЛИМДИК КЕСИБИМЕ

Жаш чагымда ойлочумун,

Жетейин деп булутка.

Бирок учуш кыйын экен,

Буулуккан ушу турмушта.

Чоң кесипке тиги асманда,

Аралай албай калсам да.

Жердеги бир булутка,

Жетип алгам турмушта.

АДАМ КӨЗҮ

Мени өлтүрүп уурдап кетмек уурулар,

Көзүм эгер алтын болуп калганда.

Алтын көздөн чыны менен айрылып,

Арман күнгө батмак элем мен анда.

Жансыз алтын ууруларга буюрсун,

Жаны жоктор асыл көзгө тең келбейт.

Адам көзү улуулукту жиберет,

Ал жактарда өлбөстүктөр мекендейт.

КАРЫЛЫК

Тиги кырда гүлдөр көп,

Бала кезде өтчү элек.

Баарыбыз кууп көпөлөк,

Ар жагы биздин кең өтөк.

Ошол кырга көз салмай,

Карап турам жете албай.

Бутумду тушап салдыбы,

Карылык келип капырай.

ЖАШТЫК ЧАКТАР

Көйнөкчөн болуп бир кезек,

Көгүчкөнгө желе тартканбыз.

Алдан – күчтөн тая элек,

Анда шаңдуу чагыбыз.

Көгүчкөнгө желе тартчу,

Көйнөкчөн кез өтүп кеткен.

Жаштык сонун жээк сыяктуу,

Жашыл желек желбиреткен.

Жарашык чачып дегдедкен,

Жаңырат жолдор биз кеткен.

ЖАЗДАГЫ МАКСАТ

Бак-даракдар гүлдөдү,

Назик куштар үндөдү.

Жаркырап жазым келиптир,

Жайлоолорум түрлөндү.

Бадалдан куш безене,

Баратабыз бакытка.

Жети күндүн бири кыдыр,

Жетсек болду максатка.

КҮЗ КҮНҮ

Айланада күз күнү,

Досум берген бир күзгү.

Карап кээде жүрүү үчүн

Карып калган жүзүмдү

Күзгү учурга окшошуп,

Карттык турат өңүмдө.

Күз күнү кантип кирди экен

Капырай менин өңүмө…

ЖОГОТУУ

Жээкте жүргөн баканы,

Кара карга жеп салды.

Бак-бак этип үн салган

Дагы бир бака жок калды.

Табият деген кызык го

Табышмак бүтпөс армандай.

Кечинде дагы көлчүктөн

Бир бака калды ырдабай.

АЙ ДЕЛЕ

Жаңы жылды жалгыз тосуп жатамын

Ичкилик жок карандай чай алдымда.

А бир жерде жайнап жатат тамактар,

Алар алыс ал жакка жетмек кайда?

Мунун баары кыйма-чийме тагдырбы,

Ушул учур ыйгарылган энчиме,

Жаңы жылды жалгыз тосуп жатпабы,

Мен эмес асмандагы ай деле.

ЖАЙЛООГО АЙЛАНГАНДАР

Жайлоодогу мүрзөлөрдү көрүп турам,

Аларга улам- улам көңүл бурам.

Ата-бабам небак өтүп кетиптир

Аңгырап арманданган күүнү угам.

Бир кезекте тирүү болчу кайрандар,

Ат минип жүрчү эле бул адамдар.

Өздөрүн туулган жерге алмаштырып,

Түбөлүккө кең жайлоого айлангандар.

СӨӨГҮ АК

Сүрөттө көрүстүндү жашыл менен боёдум

Жашоонун өңү болот жашыл өң.

Бул өмүрдөн сапар тартып кеткендер

Гүлдөй болуп, дарак болуп гүлдөгөн.

Начар жагы эчак эле унутулуп,

Өлгөндөрдүн жакшы жагы айтылмак.

Мүрзөлөрдү жашыл менен боёгула!

Ошондуктан өлгөндөрдүн сөөгү ак.

ЖАЛГЫЗ ЫР

Күкүк куштун жалгыз ыры бар эле,

Аны угуп сыйкыр кени тарабайт.

Уккан адам өмүрүндө тажабайт,

Кумар отун улуулуктар аралайт.

Эмнеликтен ушул обон укклуктуу,

Анткендиги ал жалгыз ыр ааламда.

Жалгыздын, жалгыздыгы армандуу

Буга окшош ыр бар бекен жаратканда…

АКЫН ЧЫКМАК

Биринчи окуучу сулуу жазат,

Экинчиси андан дагы укмуш жазат.

Бирок алар өз оюн жаза албас,

Көчүрүп алганга дайым маш.

Yчүнчү бала такыр эле көчүрбөйт

Өз оюунан уйкаштырып ыр түзөт.

Ал уланды устат келип таптаса

Бул баладан акын чыкмак башкача.

ҮМҮТ

Эмгекчил жан чоң бакытка бөлөнсө,

Ушул аалам жакшы жакка өзгөрсө.

Акыйкаттуу жеңишибиз көп болуп,

Алсыз жандын жетилгенин эл көрсө,

Кумдуу чөлдөр токой болуп көгөрсө,

Кубат чачып бир өзүнчө көрктөнсө

Арсыз болуп эчен-эчен жеме уккан,

Акылсыздан акылдуу бала төрөлсө

Жетише албай келе жаткан кыйналып,

Жеңишке жетип бүт элибиз сүйүнсө.

Жаңы турмуш жашообузга байыр алып,

Жакшылыктын жашоо демин эл көрсө

ШАРАКТАГАН ЫР

Көчө. Карт терегим шуулдоодо,

Кап каякка кабар айтып дуулдоодо.

Жолдуу өмүр, шамаал минип баратып,

Ак жашоодон кабарын барат таратып.

Шамалды да, теректи, көчөнү,

Дептериме ыр кылып таштадым.

Шашыган шамал досту кармадым,

Шарактаган ырга айлантып таштадым.

ТООДОГУ КҮЗ

Кыш жакындап күнүгө,

Аяз күчөп суук болот.

Аккан суунун үстүнө,

Акырындап муз тоңот .

Жөжөлөрүн ээрчиткен,

Бастырманын үстүнөн.

Бак-бак этет мекиян ,

Балдарын коргоп үшүктөн.

Тоо тараптан суук уруп,

Короодон мал жай алат.

Дарак шуусу угулуп,

Сумсайды сур табият.

БАШКА ЭМНЕ БОЛЧУ ЭЛЕ

 

Мен таңга маал түш көрсөм,

Боз үйүмдүн алдында .

Боз жорго ат байланып,

Турат туйлап мамыда.

Түш жаңырса, иш жаңы,

Ат канаты адамдын.

Алга сермеп үмүтүн,

Айдыңданат сапарым.

Мен таңга маал түш көрсөм,

Жайлоодо экем жазгы убак.

Шумкар ойноп колумда,

Шукшурула канат каккылап.

Тулпар минип алыпмын,

Кубанычты салыпмын.

Көңүл ачып келгени,

Көк Ойрокко барыпмын.

Эртең менен ойгондум,

Ары-бери толгондум

Түшүмү өзүм жорудум

Күн жаадырап нур себет.

Күлүк, шумкар – ак тилек ,

Түш көргөн адамды,

Далай жерге жеткирет.

Күлгүндөп кең келечек.

АЙ ЧЫГААРДА

Түнкү кезек кан жайлоодо тынччылык,

Иттер үрсө, улуу аскалар жаңырат.

Аздан кийин кобур-собур үн чыгып,

Ошол добуш жаңырыктап басылат.

Биз чуркап көпөлөк кууган айлана,

Дөбө жатат улуу тоону жазданып.

Боюн керип көзүн ачып наздана,

Ай чыкты г улдуу тоодон баш багып.

ТАРБИЯ

Балага кайдан келет тарбия,

Эң биринчи ата менен энеден.

Арбын-арбын таалимдерди үйрөнөт,

Аралаша жашап калың эл менен.

Акыл калчап китептен, мугалимден,

Насаат угуп көп нерсени үйрөнөт.

Кабат-кабат сыноолордон ал өтөт,

Калгандарын турмуш өзү үйрөтөт.

УСТАТ ЖАНА АКЫН

Бир акын бар эле таланттуу,

Бир бала бар эле талаптуу.

Балага кеңеш берип ал акын,

Байкатпай таптап жатты талантын.

Жүрө-жүрө жол жоргосу шартылдап,

Бала болсо акын болоор жараган.

Айдын нуру башкаларга чачылган,

Айланса болот андай устат акындан.

КАЙДА БАРАМЫН

Артта калып бир кездеги жаштыгым,

Агарыптыр ээкте кара сакалым.

Тык-тык этип басканда үн берип,

Дос болду колумдагы таягым.

Кечөө эле жаш элем. Кең элет.

Убакыттын өткөнүнө таңдандым.

Карылык чарчоо менен бир келет

Таякты алып эми кайда барамын…

АЛАКАНДАЙ АВГАН КАТЫ

Ийри-муйру кооз эмес жазылган,

Альбомдун ичинде бир кат жатат.

Эне катты окуй берсе кайрадан,

Эрксизден кара көздөн жаш тамат.

Алыс жакка жөнөп кетип сапарлай,

Курган бала кайра артына кайтпаган.

Ушул тура тагдыр деген арман ай!

Уулун жоктойт, алакандай кат калган.

СУУ ЖЭЭГИНДЕ

Отурам сулуу жанында,

Шар суу агат алдымда.

Табышмактуу бир сырды,

Айта албадым мен ага.

Жел жулуп кеттиби,

Айта турган сөзүмдү.

Жоодур сүйүү күчүбү,

Жоготконсуйм өзүмдү.

БИР КАЙЫКТА

Сен обончу мен болсо, ыр жазам,

Экөөбүзгө талант шыгы ыйгарылган.

Бир башында жалжалым сен болдуң,

Бир башында өзүң билсең мен болдум.

Ортобузда чыт курсак балдарыбыз,

Экөөбүз бир кайыкта сапардабыз.

Жашообуздун өзү обон, ыр болот,

Жаңылыкты калак шилтей табабыз

СҮЙҮҮ КҮЙДҮ

Жигит айтты: мен сени сүйбөймүн,

Башка болчу менин ыйык түгөйүм.

Кыз айтты: Алданганга күйөмүн,

Сен кейбирсиң мен да сени сүйбөймүн».

Ай айтты: «Кезегинде калыс элем,

Экөөңө чоң таалайды каалар элем.

Азыр болсо күбөлүккө күйөмүн,

Сүйүү күйдү үшкүрүнөт жүрөгүм».

ОЙГОНУУ

Тоо башынан жаңы чыгып,

Күн асманга оболойт.

Күмүш нурун жаркытып,

Бул учурда чукуранып.

Каакымдар жаңы ойгонот,

Катуу уйкудан көзүн ачып.

Айлананы карап толгонот,

БУЛАК

Булак агып отуруп,

Кошулат тиги дайрага.

Койнун керип бой уруп,

Колун берет дайра ага.

Булак болсо бала да,

Дайра болсо энекең.

Энеси менен баласы,

Ээрчише бир кеткен.

Кенендик көзгө көрүнүп,

Буакка мейкин табылат.

Табышмактуу дүйнө ачып,

Таалайлуу жолдор жаңырат.

ЖЭЭК

Жашап жатат бу дүйнөдө баардыгы,

Жашап жатат көл менен жээк дагы.

Жашап жатат чаркылдашып чардактар,

Жашоо улантат кайыкта балыкчылар.

Бул аймакты сонун ырга салганы,

Сапар тартып басып келет бир акын.

Чыгармада татына ыр жазып,

Чыгарат ушул жээктин атагын.

СЕГИЗ САПТАР

––

Ыр жараткан талантты,

Байлап-матап сабашты.

Сыз өтсүн деп алдына

Түрмөгө түртүп салышты.

Адамдар айран калгандай

Түрмөдөн ырын жаратса.

Абалап учкан шумкардай,

Айла жок тура талантка.

***

Балгарт суусу эсимде

Дайрасы бала чагымдын.

Жыңайлык козу улакты,

Жылгасында айдадым.

Ушул дайра жээгинде,

Балалыгым өкүм сүрөт.

Жээгинде желге оронуп,

Балтыр кездин ыры жүрөт.

***

Улгайып карып калды энекем,

Эч убакта жардам бербейт ал мага.

Анткени күчтөн тайып калган да,

Алыс жолго чыгып жатам сапарга.

Бирок да энекемин ак тилеги,

Жарык чачат менин басаар жолума.

Ал жылдыздар кереметтүү шаңгырап,

Алтын нурлар шыңгырашып жолумда

***

Мени достор кайыкчы деп атады

Калак шилтеп уланткамын сапарды.

Көл үстүндө бара жатам ашыгып,

Кайыгым да улам-улам чайпалды.

Өмүрүм –жай , күндөрүм –аткан таң,

Көл толкунун жолдош кылып алгалайм.

Ырыстуу жээк мени өзүнө чакырса,

Ырды издеп ошого жакка шашылгам.

***

Шарп-шурп,– деңиз толкундап,

Токтобой турат кубулуш.

Жаратканым күрөш,– дейт

Жаңылык ачып бай турмуш.

Кубулуштар болбосо-

Токтоп калмак бу турмуш.

Жылбай калса, бу турмуш-

Жашоодо болмок уттуруш.

***

Ай , карагат ай, карагат, карагат

Мөлтүрөшүң көзгө сүйкүм көрүнөт.

Теремин деп сени көздөй шашылып,

Ийдиш алып ушул жерден кыз өтөт.

Кооздукту улам чачып өмүргө,

Кыз көзүндөй көрүнөсүң мөлтүрөк.

Көңүлүңү буруп алат өзүнө

Кооз нерселер ар дайыма мөлтүрөп.

***

Кулагыма шыбырайт ,

Кайра дагы заманам:

«Элес өтүп закымдайт,

Эй , жигитим аттансаң!»

Замананын сөзүн угуп ,

Жылдар өтүп кете электе .

Жолуму таап эмгектен,

Жол салайын келечекке.

***

Көздөрүңө көздөрүм,

Тиктешсе жалын чагылат.

Алдыртадан карашың,

Айтылгыс сыр жашырат.

Кагылайын көзүңөн

Карагат болуп көрүнгөн

Көөдөнгө батпас сырыңы

Көзүңдөн эле түшүнгөм.

***

Кечөө мага Манас томун окуткан

Таппай калдым аталардын элесин.

Араң күйүп үл-бүл этчү билик шам,

Ал күндөрүм жоголдубу капыстан.

Айдыңданып шоола чачып чырактай,

Ал учурлар мага сонун сезилген.

Алоолонгон ошол Манас даңкындай,

Аталарым кетпей калган эсимен.

***

Кыз деген үйгө келген конок да,

Кымбат сезип баалай жүрчү көңүлүн.

«Алтынным!»– деп өөп койгун бетинен,

Анда-мында сылап коюуп көкүлүн.

Эмнеге калтырдым деп көңүлүн

Кейиш менен жемелебе өзүңдү.

Кош айтыша, колду булгай кылактап,

Конок болсо, узап кетээр бир күнү.

***

Бир күнү мен чиркейге кайрылдым:

– Кан сорбой жакшынакай жаша,-деп.

Башкаларды алып жаттым мисалга

Бакырамын үн чыгарып жемелеп.

Анда чиркей кайра башын чайкады:

– Ырахмат ошол айткан акылыңа,

Баардыгы дал ошондой жазылган

Баш ийемин мага арналган тагдырга.

***

Көп нерсени көргөн элем өмүрдө

Мен алдыга токтоо бербей баратам.

Даңазалап бу жашоодо турмушту

Дагы далай керемет ыр жаратам.

Күндөр келет убакытты арыткан

Күүлдөгөн мезгил менен жарышкам.

Күз күнүндөй улам төгүп жалбырак

Күүдөн тайбай күлүк таптап бараткам.

***

Кузгундар менен куркулдап,

Келе жаттым алышып.

Бирде өзүм жеңип кетсем,

Бирде коём алдырып.

Кузгундар мене алышуу

Куураган тозок турбайбы.

Кузгун болуп куркулдап,

Ким көрүптүр мындайды.

***

Чеберчилик, кайдан келет бул эмне?

Чыгармачылык, улуу шыкты өндүрүү.

Бай дүйнөнү улам-улам сапырып,

Башкалардын жазгандарын үйрөнүү.

Ачылыштан-ачылышты дегдетип,

Акынды акын кылган чеберчилик.

Жазмачы жашай албайт мейкинсиз,

Жаңылык такыр келбейт эмгексиз

КЫЗГА

Жакшы көргөн жигитиңин,

Чөнтөгүн такыр караба.

Чөнтөгү балким калыңдыр,

Көңүл бургун башкага.

Чөнтөк жагын карабай,

Байкап көрчү акылын.

Сүйүүңү таза кармаган,

Ошол чечет баардыгын.

***

Булутсуз асман жактын ээси – күн,

Караңылык айлананын ээси – түн.

Аскадан-аскага барып согулган,

Айдыңдуу жаңырыктын ээси – үн.

Торгой деген ээси болот талаанын,

Аркар-кулжа ээси экен шагылдын.

Өжөрлөнүп талант менен жаркыган

Өлбөс ырдын ээси болот- улуу акын.

***

Чоң Таш суусу ала салып таш кулап,

Суунун үнүн толкунданып угамын.

Суудай агып куттуу мезгил аркырап,

Баардыгын тең ушул жерден туямын.

– Айтчы тууган шар суу агып жатабы?

– Ооба дайра ага берип күү курайт.

Өкүмдөнүп суу менен жарышкан,

Өтүп жаткан өмүрдүн ыры угулат.

***

Ободо бийик көктө,

Ороктой жарты ай турат,

Ай шыңгыры жерге карай эленип.

Айдың күүлөр ылдый карай куланат,

Балалыгым калып калган алыста.

Мемирей чыга келсе алтын ай,

Мен сагынган кыштагымдай муңаят.

***

Тээ арыда адырлар,

Тарам-тарам жолдор бар.

Коктуда атам экөөбүз,

Кой айдаган кыялар.

А баягы аймактар,

Жаш экен го картайбай.

Өзүм эмне чал болдум,

Атам кайда кудай ай!?

***

Жыты сонун жалбыздын,

Баласы тура жалгыздын.

Жараткан кудай сактасын,

Жалгыздын жалгыз баласын.

Атанын жалгыз баласын,

Арбак кудай сактасын.

Карааны бар калдайган,

Калкы бата арнасын.

***

Энекем нан жасоочу,

Күндөй кылып тегерек.

Балалык чак төгүлүп,

Бактылуу күн эленет.

Эчен күндөр закымдады,

Энекем өтүп кетти ээ.

Күмүш нурлуу ак наны,

Күндөй жанып эсимде…

***

Бактылуу окшойт таш болуу

Топурак болуп быркырабай.

Сапарлап учуп калдактабай,

Сапырылып чаң ызгыбай.

Түтүп бекем катуулукту,

Түбөлүккө сактап келет.

Ошол үчүн таш бетине

Ыр бермети чегилет

***

Түрмөдөн чыккан уулун карап,

Энекеси бакыт арнап:

–Уулум кечөө эле жаш элең

Ак чалыптыр чачтарың.

Карыптырсың бул эмнең?

Тамчылата көз жашын

Аяп турду баласын.

***

Ак калпакчан кары көрсөм

Атакеме окшошот.

Элечекчен эне көрсөм,

Энекемдин өзү болот.

Ал экөөнүн элестерин,

Ар дайым эстеп келемин.

Жоомарт сонун ал экөөнө

Жолугаар чакты билемин…

ЖЕРДЕШТЕР

Туулган жердин кулунусуң сен дагы

Туулган жердин кулунумун мен дагы.

Буйруктуу жер бизди тартып өзүнө

Бутубузду чымчык кылып байлады.

Тар жолдо башка жакка кетпеген

Тагдырдын иши тура бу дагы.

Тукум улап ушул жерди мекендеген

Туулган жерге салып алдык уяны.

***

Өткөн күндү эстесем

Эмнегедир аз жазыпмын.

Элим үчүн карч уруп.

Эч нерсени кылбапмын

Ак жал чачат чоң дайра,

Алкына кирип бул кезде.

Чамынган ушул дайраны,

Чарчабай кечип кетсем ээ.

***

Ак Талааны аралап.

Ашыбайдын көчү өттү.

Керүүдөгү жолду өрдөп

Кер жоргочон кыз өттү.

Кер жоргочон селкибиз

Ээлеп алган санаамы.

Жетпей жүргөн селкиге,

Жетип калчу күн барбы?

***

Сен экөөбуз жашаган,

Кичинекей жер кепе .

Алгач мында башталган,

Айдыңданган күн эсте.

Баш коштук бул кепеде,

Бактылуу күн картайбас.

Жолдош болуп бир кезде,

Жол уладык эки жаш…

***

Сүйүү ырын жаратып,

Белекке бердим мен сага.

Жан дүйнөм ырга айланып,

Калган болчу кагазда.

Кагаз болсо тытылып,

Канча мезгил кетти ээ.

Алигиче сакталып

Ал ыр жүрөт эсимде .

***

Мен жашаган интернат

Дале турат тигинде.

Рейтинг@Mail.ru