bannerbannerbanner
полная версияБир кайрыктар

КАДЫР АБАКИРОВ
Бир кайрыктар

Атак-даңктын даамын татып калганбы,

Берки экөөндө Аалыдай талант болсун,

Пегас минип айга барып конушсун

БАЛДАР АКЫНЫ АБЗИЙГЕ

Кытыгы берип бапдарга

Кайгыртаар кезде кайгыртат.

Ачыгын айтсак аларга

Абзийдей акын табылбайт.

Табылса да баары бир,

Абзийдей кылып жаза албайт.

ЖАЗУУЧУ МЕДЕРБЕКОВ ЭСЕНБЕККЕ

Жазуучубуз Медербеков Эсенбек,

Китебинин аты «Кызыл жалын» аталат.

Ташыркабай таалайланып баратат,

Таланты анын кызыл жалын булгалайт.

ТАЛАНТТУУ ЖАЗУУЧУ, КОТОРМОЧУ

УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВГО

Узакбайды бир эле ыр жазды деп,

Калемдештери жемелешти сөз козгоп.

Экини жазса бирөө халтура болмок,

Ошондуктан бирден ашык жазган жок.

Үй-бүлөлүк бактысы болбоду,

Чыгармачылыктан жолу оңолду.

Аты өчпөйт «Майдан» китеп барында,

Анын аты жетсе керек жылдыздарга.

КОҢТОРМО

Котормочу Сүйүнтбекке

Бектурсуновго

Сүйүнтбек ага көп чыгарма которот,

Баардыгын эмгеги менен боолголойт.

Кошо кармап, шык менен талантты,

«Коңтормо» эмес, котормону жаратты.

САБЫРБЕК ЖАНА АКЫНБЕК

КҮРҮЧБЕКОВДОРГО

Карылардан улам алып батаны,

Каардуу жолго улам баштап сапарды.

Акынбек атадай акын болом деп,

Ак боз минип Сабырбек жаңы аттанды.

БААТЫР АКЫН СҮЙҮНБАЙГА

«Ак Мөөрдү» китеп кылып чыгарып,

Ала -Тоолуктар ошондо бир кубанды.

Суулар акты анан далай жыл агып,

Сулуулардан да бир китеп жаратбы?

«Сүйүнбай ата да бир китеп жазабы»,

Суйкайып сулуулар күтүп жатышат.

Суйсалып узун жолду карашат,

Алардын үмүтү качан аткарылат.

Сүкөм ал китепти жазып бүткөнчө,

Суйкайган сулуулар карып баратат.

АКЫН, КОТОРМОЧУ

ЭРНИС ТУРСУНОВГО

Акын, жазуучу, котормочу,тынбай иштеген,

Ар дайма тыным албай жүрөт иш менен

Библияны, куранды, поэма, ырды которгон,

Башкалардын чыгармасын жакшы оңдогон.

Романды укмуштуудай кылып жазат,

Эскерүүлөрдү бүт баардыгын жаратат.

Эл арасына эмгектенип аты обологон

Эрнис эмес эле бир алпы деп ойлоном

ЭЛ АКЫНЫ САГЫН

АКМАТБЕКОВАГА

Сагын чыгармаларын жаратат.

Сагынып окуп баары аны макташат.

Кызыбызга ырдын пири жардамдашсын

Акбозу басыгынан жаңылбасын.

Пегас аты окуранып талант чачсын.

ЖАЗУУЧУ БЕГАНАС

САРТОВДУН ЭЛЕСИНЕ

Фантастика китебин окуйлу деп,

Өзүңү да китебиңди таба албадык,

Кайра-кайра нечен курдай издесек.

Жылдарда сапар тартып аттанып,

«Жылдыздуу бир фантастика жазам» деп

Жылдыздардын дүйнөсүнө кетсе керек…

СЫНЧЫ КЫМБАТБЕК

УКАЕВГЕ

Кылдарын күүлөп так жазган,

Кымбатбек сындан ыр жазган.

«Ак Мөөр» мыкты чыгарманын

Ачып кетти ажайып жакшы жагын.

Китепти мыкты которгон,

Сөз айтабыз ошондон.

Жазмачынын сүрөп алдыга,

Агабыз мыкты адабиятчы,

А да болсо, тагдыр да.

Өлбөс болуп жазгандары

Өмүр сүрсүн далайга.

Өксүбөсүн кылымдарга.

«ЧЫПАЛАК» ЧЫГАРМАСЫНЫН АВТОРУ, САТИРИК

САДЫР САРЫГУЛОВГО

Күлгүңөр келсе Сарыгуловго баргыла,

Күлкүлүү чыгармаларды жазып жатат.

Чыгармалары менен күлдүрө албай калганда

Чыпалагы менен кытыгылап күлдүрө алат..

ЖАЗУУСУ, КОТОРМОЧУ

ОЛЖОБАЙ ОРОЗБАЕВГЕ

Жакшы жазып жана жакшы которду,

Майданда коргоп келди мекенди.

Жашоодо жаралбайбыз эки жолу

Жакшы деген улуу даңкка жетеби.

ЖАЗУУЧУ КАСЫМ КАИМОВГО

Окуганда жазуучунун жазганын,

Табы келет лирика күлкү маанайдын.

Демдүү өмүр уланта берип сапарын,

Деми согуп турат өлбөс тамашанын.

МАР БАЙЖИЕВ МЕНЕН МАР АЛИЕВГЕ

Биздин эки Марыбыз бар бул чакта,

Бири ыр, экинчиси дарама жаратат.

Экөө тең адабияттын барагында,

Эс албай тырбалаңдап жатышат.

АБДЫЛДА БЕЛЕКОВ МЕНЕН

КЕМЕЛ БЕЛЕКОВГО

Өз жолу бар Абдылда деген акындын,

Кемел сен башка жолду тандагын.

Ар бир акын ар башкача жол ачып,

Ак жашоого берип кетсин чыгармасын.

РАМИС РЫСКУЛОВ МЕНЕН АКБАР РЫСКУЛОВГО

Адабияттын ысык-суугуна аралашып,

Экөө тең келе жатат ыр жазып.

Жаңылышып начар ырын берген эмес,

Жамандардын катарына кирген эмес.

Жазса дагы жакшы чыгарма жаратсын.

Жаратканым халтурадан сактансын.

АРТЫКБАЕВ ЖАНА ОСМОНАЛИЕВ

КАЧКЫНБАЙЛАРГА

Бири ыр жазып жана дагы окумуштуу,

Экинчичи чоң роман жазган жазуучу.

Жаралсын жакшынакай ачылыштыр,

Чыгармачыл аман болсун Качкынбайлар.

Же сапар тартып аталарындай жол улай,

Адабиятка келсин дагы бир Качкынбай.

АКЫН КЫЯЛБЕК УРМАНБЕТОВГО

Ыр жазам деп Кыялбек аттанды,

Советбек аганын жолун айга алпарысын.

Анда досум ачып келгин табылгаңды,

Ак шумкардын туягы деп атың калсын.

Атадан артык уул деп кеп салсын.

АБДЫКАЛЫК АТА ЖАНА АНЫН УУЛУ

ЖООМАРТ АГАГА

Катар жатат бул жерде ата,бала,

Ал экөө тең тирүүсүндө ыр жазышкан.

Эстелик деп жаратканын калтырышкан,

Ал экөөн такыр эле унутпайлы,

Аңгемелеп урпактарга айта баралы!

ОКУМУШТУУ САЛИЖАН АГАГА

Балакет бас Салижан агабыз

Эт туурагычты кармап алганбы.

Эми туурар экен кайсы чыгарманы,

Сорпосун бир жакка бөлөт.

Кара кесегин бир бөлөт.

Майлуусун бир жагына бөлөт.

Ачка болсо өзү жеп алат.

«Майлуу экен» деп кубанат.

Иткелин Сарала итине жалатат.

Жазгычтар сынчыдан коркуп жатат

Сынчы Салижан агайыбыз,

Сын, ыр, поэма баарын жаратат.

Баарын жазса да жакшы жазат.

Сынчыга жаман жазган кандай уят.

«Сарала ит» жөнүндө чыгарма жазды эле

Ал баяны тамашалуу жакшы эле.

Анын экинчи китебин жазам деди эле.

Экинчи китебин бере элек алиге.

Жээ сараласы күчүк тууп салганбы.

Колу бошобой ошону багып калганбы?

Эмне болсо да биз аны күтө туралы.

ЭЛ АКЫНЫ НАДЫРБЕК АГАГА

Килемчи акын дейт Надырбек аганы,

Оңойбу килем токуу өнөр дагы.

Бир килемдин бир үй-бүлө көрөт убайын.

Ыр килемин бүткүл эли окушат.

Ошол килем чоң сыйкырды толтурат.

Бул өнөрдү аркалап келет агабыз,

Жакшы чыксын жараткан чыгармаңыз.

Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыз,

Алыкулдай ырдан килем токуңуз.

Ырыңыз менен дайра болуп толкуңуз.

Таштабаш керек килем сокконду

Жашоого бирин-экин тыйын керек

Кыйналса каражатты ким берет

Кылымдарга аман-эсен болуңуз.

Эмки жолукканга чейин кошуңуз

Биздеги жазуучулар

Бизде алты жүз жазуучу бар экен,

А кытайда араң эле эки жүз экен.

Акын,жазуучулардын саны жагынан

Ашып кеттик кыжылдаган кытайдан.

Жээ бизди

кудайым таланттуу кылып жараткан.

Кыргызымын экинин бири акын болсун,

Жан-дүйнөсү ошончолук бай болсун.

Чыгармаңы жакшы жазгын Кыргызбай,

Бийикк туруп асманда жанган Чынгыздай.

Экөөнүн бирөө акын, андайды тагдыр бербейт.

Чыныгы акын өтө сейрек кездешет.

Жерде жаткан таштын баары алтын эмес,

Эч бир таш алтын болуп калган эмес.

СЫНЧЫ, ОКУМУШТУУ

МУХТАР БОРЬУГУЛОВГО

Тамсилчи, акын, фельетончу, романчы,

Окумуштуу жазмалыгы баратат өйдөлөп.

Ушунунун баарын кантип жазып бүткөрөт,

Анан дагы эле бүтпөй жаткан иштер көп.


КАМБАРАЛЫ БОБУЛОВГО

Бобулдун окумуштуу уулу Камбаралы,

Саат сайын күүлөй берип канатты.

Токтоно албай ак сүйүүнү ырдады,

Толгон –токой китептерди жаратты.

Тоом жолдо таштап кетти атакты.

Анын жолу түбөлүккө унутулбайт,

Эне тилин түбөлүккө урматтайт.

Таланты анын обого кайкып учат

АДАБИЯТТАГЫ КАСЫМАЛЫЛАРГА

Биздин адабиятта үч Касымалыбыз бар,

Бири «Ажарды» , экинчиси «Каныбекти» жазгандар.

Үчүнчүсү «Куйручукту» китеп кылып чыгаргандар,

Адабияттагы аты өчпөй калган Касымаалылар.

Үч Касымалыбыз бар кыргызыбыз сыймыктанаар..

ШҮКҮРБЕК БЕЙЩЕНАЛИЕВГЕ

Жазуучубуз жалгыз «Кычанды» жазганда эле,

Кыргыз адабиятында толукшуп аты калмак.

«Мүйүздүү козу» которулуп жерден-жерге,

Атак даңкты алып келди биздин элге.

Колдон түшпөй окулуучу китеп бар,

Унутулбай айтылып калчу өмүр бар.

Ушуну билип жүрсүн биздин ыргыздар.


АКЫН ЖОРОБЕК СУЛТАНАЛИЕВГЕ

Жоке «мени унутуп салды» деп,

Үшкүрүнбө капаланып кайгы жеп,

Калса дагы ыраак болуп жолдор алыс,

Сени унутпай икая айтып баратабыз.


АДАБИЯТЧЫ КАДЫРКУЛДАРГА

Кадыркул Даутов, Кадыркул Өмүркулов,

Бири сынчы жана бири жазуучу.

Бул экөөнүн үлгү болоор жагы бар,

Чыгармачыл аман болсун Кадыркулдар.

Кадыркулдарыбыз бар элибиздин бактысы бар.

Калкыбызда жаралсын жаңы –жаңы Кадыркулдар.


ЖАЗУУЧУ КАНЫБЕКТЕРГЕ

Каныбек Жунушев,Каныбек Эдилбаев,

Адабиятыбызда бар эле эки Каныбек.

Жаамы-журтка арналсын үмүт тилек,

Жазуучуларыбыздын болсун эми жаны бек.

Жээ адабиятка келсин көптөгөн Каныбектер.


ТАБЫЛДЫ МУКАНОВГО

Жок болуп жазуучулук күбөлүгү,

Ала албай арманда жүрүп өтпөдүүбү.

 

Кагазын алып Табылдыдай талант жок,

Карааны менен жашап жатат көптөрү.

Акындык алакандай кагазда эмес,

Жансыз кагаз өнөр шыгын ачып бербес.

Талант деген кагып турган жүрөктө,

Өлбөс нерсе жашай бермек түбөлүккө.


ТӨЛӨГӨНДӨРГӨ

Эки Төлөгөнүбүз бар кыргыз элде,

Касымбеков Төлөгөн,Козубеков Төлөгөн.

Аларды энелери курсакта жатканда эле,

Адабиятка кызмат кылсын деп төрөгөн.


СЫНЧЫ КАЛЫК, ОСМОНАКУН

ИБРАИМОВДОРГО

Экөө менен сыймыктана туралы,

Буларга да бирөө келип кошулаар.

Сынчылыктын гүлдөп мекен турагы,

Адабиятыбыздын бактысы ачылаар.


ЧЫНГЫЗ МЕНЕН СҮЙҮНБАЙ АГАБЫЗГА

Бирөө «Ак Мөөрдү» жазып чыкты,

Экинчиси «Жамиланы» жаратты.

Экөө тең уландары Таластын,

Жердеши кадимки Айкөл Манастын.

Кадыр-баркы бар башкаларга,

Адабиятка кошуп тоодой салмак.

Эки чыгармадан башканы жазбаса да,

Кыргыз элде классик деп аты калмак.


ОМОР СУЛТАНОВ МЕНЕН ОМОР

СООРОНОВГО

Экөө тең акын ырды жазгандар,

Поэзияада сүйлөм түзүп келаткандар,

Өз бактысын адабиятта тапкандар.

А түгүл классик деп аталгандар,

Көзгө илешпей мезгил жылып оболоор,

Аман болсун ыр жараткан Оморлор.

Адабиятка келсин жап-жаш Оморлор


АКЫН, ЖАЗУУЧУ, АДАБИЯТЧЫ

САМСАККА

Самсак ырды дагы жакшы жазат,

Кара сөздү айда шорун катырат.

Сындын болсо мээсин чагат,

Томдогон романды жаратат.


Керек болсо редактор боло калат.

Токтолбой гезитин да чыгарат.

Жашынан сынчы болуп даңталган

Арбын сынын геитке чыгарган.


Такыр эле чарчабаган кандай неме,

Буудан аттай токтоо бербей баратат.

Толубайдын күлүк атын мингенби

Торпу менен токтолобой чаап ашыгат


Китепке

Бул дүйнөдө эгер китеп болбогондо,

Баардыкк нерсе унутулуп жок болмок.

Жел сыяктуу урунуп ойдон-тоого,

Көп санжыра эсте калбай жоголмок.


Алтын жана китеп

Алтын да бар, китеп да бар ааламда,

Ал экөөнү барктап келет адам да.

Кээ бир китеп барктуу эле алтындан

Ал китепке тоодой алтын катылган.


«Жамила»чыгармасына

Кайрат жана канат берген ар жанга,

«Жамила» ыр менен жазылган поэма.

Жалбырттаган жаштык менен жазылып

Жаңырыкты алып келди Чыңгызга.

Бул китепти окуган киши бактылуу,

Окубаган адам андан бетер армандуу.

Автор ушундай китеп жазганы үчүн

Жер үстүнө алп агабыз таалайлуу.


КЫРГЫЗ ЭЛ БААТЫРЛАРЫНА

Адабиятыбызда эки баатыр бар эле,

Даңазалуу Чынгыз менен Түгөлбай.

Ага төрт баатыр келип кошулду,

Жазуучу Бексултан менен Сооронбай.

Төлөгөн менен акын Сүйүмбай.

Улуу классиктер эми жашасын,

Калпагын ыргытып элибиз кубанмай.

Сыйлыкка сыймыктанаар калкы бар

Ошол сыйдын артында эмгек бар

Эми ошол ишеничти баарың актаңар.


«Кылымды карытаар бир күн» романына

Улуу сөз, улуу баян, улуу роман, улуу китеп,

Аңгеме болуп ары уланат, бери уланат улуу кеп.

Бииктикте тийген күн.

Айланада чыгып жаткан үн.

Көз ирмемде тынбастан,

Жер айланат жарыктык.

Жер үстүндө адам баласы,

Бир күндүн ичинде эле,

Көп кылымды карыттык,

Байыркыдан өлбөс баян,

Бабалардан келген аян.

Айланайын жарыктык!

***

Түгөлбайдын «Тоо арасы» романына

Тоо арасында кокту колот, сайлар көп

Шаркырап агып жаткан суулар көп,

Жайыттар жана дагы жайлоо көп,

Көлдөр көп,токойлор көп,баары көп.


«Тоо арасын» бактылуу адам жазып кеткен

Өткөн кезден таш бетине ыр чеккен,

Калем менен баар таап бактылуу адам,

Тоо арасы шоолаланып жаркыган.

Уламадан калген улуу кеп. Улуу Китеп.



АКЫН ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВГЕ

Шайлообек кечөө эле бала эле,

Аптапта Ат Башыдан келди эле.

Болбой эле алтымышка барыптыр,

Ал жашка жөн эле чыкпастан,

«Эл акыны» боло калыптыр.


«Эл акыны» Шайлообекти сыйлайлы,

Көтөргөн жүгү оор экен деп айталы.

Эл акыны элиңе сүймөнчүктү ала кел!

Талант менен таалайлуу жолду чала кел!

Элибизге улуу акын болуп кел.

Сүйүнбай, Төлөгөн, Сооронбай агалардын,

Артынан калбай сыйлыктарды ала кел!


Кыргыз эл баатыры ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВГО

Эбир-жебир кеп айтып,

Эчен пенделер асылган.

«Текши баарын өрттөгүлө»,

Темир торго салынган.

Ушу дүнөгө бир жаралып,

Укмуштарды көп көргөн.

Баяны бар бир укмуш,

Башынан көп окуя өткөргөн.

Аны жазган авторуна,

Азап тозокту алып келген.

Китеп айып тартмак камалып,

Алыскы сүргүнгө айдалып.

Кылымдан-кылым өмүп сүрүп,

Кыргызды көп жерге таанытаар,

Сынынан жазбай макталган

« Сынган кылыч» деген китеп бар.

Кылычты алып колуна,

Арыбас ата-баба тарыхын.

Аңтарып окуялар катмарын.

Аска бетине чегип жазган.

Улуу эмгек жараткан,

Урматтап ата-баба тарыхын.

Урумга аты тараган

Унутулгус түбөлүккө аты бар,

Төрөлгөндө эле талант кошо төрөлгөн

Төлөгөн деген Ала-Тоодой агабыз бар.


Жолугуу

Бир китепти окуп аягына чыгасың,

Түбөлүккө эсиңе аны сактайсың.

Кетпей калса такыр эле эсиңден,

Кайта дагы жолугасың аны менен.

***

Берилип бир китепти баштайсың,

Бирок аягына чыга албайсың.

Ал орто заар чыгарма экен ара бөк,

Окуучунун мээсин такыр бөксөртөт.

АРТИСТ БАКЕН КЫДЫКЕЕВАГА

Таланттуунун аты өчпөй калмагы бар,

Эмгектенсең өмүрүндүн жанмагы бар.

Элде улуу өнөрдү унутуп калмагы жок,

Жакшы жашап, бирок жакшы өлмөк жок.

***

«Cулуулук дүйнөнү сактайт.»

Ф. Достоевский.






ТАТТЫБҮБҮГӨ

Билинбеген табышмактуу сыр жашынат,

Ошол сырда жашырынып өмүр жатат.

Асманда учуп жүргөн аккуу бар,

Ырга айланып, өлбөй калган өмүр бар,

Муңайымдуу үн салышат ак куулар…

Элибизде унутулбас талант бар,

Талантта эстен кеткис сулуулук бар.

Элибиз үч нерсени баалашат

Аңгемелеп маек кылып айтышат.

Жел жетпеген күлүк тулпарды

Өтө кыраан асмандаган шумкарды,

Сулууларды келбеттүү ай жамал,

Айтсак кыргызда бар үчөө тең

Тайбуурулдай күлүк тулпар бар,

Семетейдин кыраан ак шумкар,

Сулууларды суктанып карасаак,

Кыргыздын ар бир үйүндө

Татынакай моймолжуган чүрөк бар.

Бирок да эли укмуш баалаган

Бүбүсара,Таттыбүбү, Акмөөрү

Булар көлдүн татынакай чүрөгү.

Айтыла берген сан жылдар.

Арасында түгөнбөгөн кооздук бар

Чыгыштан чымырап чыгып күн нуру,

Рейтинг@Mail.ru