bannerbannerbanner
полная версияБир кайрыктар

КАДЫР АБАКИРОВ
Бир кайрыктар

Көзү жок уча албаган ал булбул,

Жүрөгү ырга чулганган бир булбул.

Бир жаралып, Барпы акын,

Өчпөй турган отту, сууну ырдаган,

Ырдоодон такыр эле талбаган.

Кадыркул сынчы ачып берди

Барпынын Барпы акын экенин,

Өчүп калбас ыйык эмгегин.

Биз дайыма берилип окуйбуз,

Ал жигиттин жазган сонун эмгегин.

Бири сын жараткан сынчы Булбул,

Экинчиси ыр жараткан ырчы Булбул.

АКЫН МОЛДО КЫЛЫЧКА

Куштун төрөсү Буудайык,

Куттуу сонун чыгарма.

Бала чакта жаттаганбыз

Бактылуу жомок балдарга.

«Кандай адам жазды» деп,

Баш катырып таң калганбыз.

Эстен кеткис улуу жомок,

Эми деле таңданабыз.

ТОГОЛОК МОЛДОГО

Жазмачы жакка келгенде,

Баарын артка калтырган.

Урматталып тирүүсүндө,

Улуу акын деп аталган.

Педагог, агартуучу, философ,

Көп дастанды жараткан.

Дастанынан ыры көп,

Ырынан да жомогу көп,

Жомогунан тамсили көп,

Тамсилинен кошогу көп,

Арманы жок жараткан,

Айта берсе баары көп.

Калыс айтсак улуу акын,

Караңгыдагы шам чырак.

Бейпилдик чачып чыгармасы,

Бергелгин деп чакырат.

КАЛЫК ЫРЧЫГА

Какем буура, мен- тайлак,

Качып турам жалтайлап.

Каарына алганда Какем,

Жутуп коё бир чайнап!

ОСМОНКУЛ

Жол талашкан акынды,

Жолборстой болуп качырган.

Батынып чыкпай айтышка,

Башка акындар тартынган.

Сөзмөр жана обончу,

Сөздү сөзгө кынаган.

Купшуңдап келип сүйлөсө,

Өлгөн жанды күлдүргөн,

Дастан айтып сүйдүргөн.

Улуу акын Токтогул,

Уулундай көрүп сыйлаган.

Ээрчип жүрүп артында

Эчен жандан үлгү алган.

Тоолуу жерди мекендеп,

Тоголок Мододон үлгү алаар.

Каарданса бир сугунуп чайнаган,

Кара жаак ырчы Калык бар

ЖЕҢИЖОККО

Сап ыры аттын кунундай,

Сан ырчыдан Жеңижок.

Сабап келип ыр төксө,

Санатынын чеги жок.

Теңирим бийик тоого окшоп,

Тескейинде күн ойноп.

Теңелгиз акын турбайбы,

Теңирим берген Жеңижок.

КАРАМОЛДО ЗАЛКАРГА

Оош-кыйыш баарын тура баалаган,

Карамолдо чоң комузчу аскаланган.

Заманынын уйгу-туйгу жактарын,

Закым кылып үч кылга батырган.

Толкун сымал күүнү эшип ыр кылган,

Тоодой болгон чоң талантка таңданам.

Кыргыз барда кала берет анын аты,

Кылым боюу ырга айланып даңкталган.

ЫСАК ШАЙБЕКОВГО

« Кайран эл»

Үркүндө нени гана өткөрбөдү,

Азап,тозок баарын көрүп кайран эл.

Элестетти ыр кылып өткөндү

Эң байыркы урпактардан калган эл.

Кыргыз журтун ырдап кеткен акынын,

Кылымдарга унутпасын кайран эл.



ААЛЫ ТОКОМБАЕВГЕ

Аалыкем адабиятыбыздын алпы,

Толгон-токой чыгарманы жаратты.

Лириканын майын ийлеп жакшы жазат,

Сынчылар аны мактап жатышат

Кара сөздү башынан мыкты жазган,

«Күүнүн сырын» жалпы эли даңктаган.

«Кандуу жылдар» атагы кетип далайга,

Мүрөктүн суусун ичип өлбөс чыгарма.

Адабиятта бийик Бакай бабабыз

Кыргызың бар улуу көчтөн калбайсыз.

Кылымдарга сизди айтып баратабыз.

Кыргыз көчү андан такыр калбайсыз.


КООМДУК ИШМЕР, ДРАМАТУРГ

МОЛДОГАЗЫ ТОКОБАЕВГЕ

Ал бир эле драма жазып чыкты,

Биринчи жана акыркы чыгармасы.

Андан башка драма жазбады,

Тарыхта калып калды анысы.

Бир чыгарма жазса да жакшы жазсын,

Жазмачылар уятка кабылбасын.


ПУШКИН ЖАНА ДАНТЕС

Пушканди өлтүргөндүгү үчүн

Дантестин тарыхта аты калды.

Акынды түбөлүккө жок кылып,

Адам өлтүргүч, зулум аталды.


ЛЕРМОНТОВ ЖАНА МАРТЫНОВ

Лермонтов деген ким эле?

Улуу акын кылымга аты кете берет,

А Мартынов деген ким эле?

Адам өлтүгүч катары аты эске келет.

ЖУСУПКА

Мезгил жылып өткөн сайын нарылап,

Жер Үй суусу ырларыңдай шарпылдап.

Ырысың Хан Теңирдей зоңкоёт,

Ырларың өмүрүңдөн узак болот.


Баатырсың ата-журтту коргогон.

Эр жигит мекени үчүн жан берет

Жазгандарың биз үчүн керемет

Жалпы элиң унутпастан эскерет.


МУКАЙ ЭЛЕБАЕВГЕ

Мукай акын узак жолду басып өтүп,

Майданда душман менен күрөшүп.


Арман күн ай, өмүрү кыска экен,

Чет жерде акын сөөгү калган экен.


Шайыр куудул эр жүрөк акын экен,

Күлкү менен нур төгүптүп салчу экен.


Шедевриң айтып өлбөстүктүн жомогун,

«Узак жолуң» улап келет узак жолун.


Өткөн күндөн баян жазып кеттиңиз,

Сизди унутпай эстеп келет элиңиз.

Элиңиз менен түбөлүккө биргесиз,

Ата журтта бирге жашап келесиз.

«Узак жолуң» узак жолдо окулуп,

Эскирбеди биз жашаган ааламда.

Окуганда сүйкүмдүү баян болуп,

Ырга айланып,замандардын заманына.

Ары чечен ары куудул, ары эмгекчил

Өлгөн жандын боорун эзип күлдүргөн.

Мындай тырышчаак укмуш өнөрдү,

Жетим жүрүп, кайсы жактан үйрөнгөн



КАСЫМАЛЫ БАЯЛИНОВГО

Жалгыз эле «Ажары» калса жазылып,

Анда деле атагы кетмек элден-элге.

Улуу шедеври өткөндөгү муңду айтып,

Унутулбай аңгеме куруп, жерден-жерге.


ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВГО

Түгөлбай деген дөө чыкты,

Ат минбей туруп жөө чыкеты.

Түгөлбай атанын адабяттагы салмагы

Мелмилдеп бийик турган Ала Тообуз.

Көз кайкыйт жыбыт-жылга адырлары,

Көрүнөт өтө сырдуу кайкылары

Улуу чебер ар дайыма бар болуңуз.

Жалгыз эле «Тоо арасын»жаратканда,

Унутулбай аты калмак кыргызга.

Кээ бири айтат:

– Тукем тоодой Улуу роман жазат,– деп,

– Тоодой адам тоодой роман жазганы эп,

– Анан дөбөдөй роман жазмак беле

Андай кылганы элге өтө уят кеп,

Бирөө укса деги эмне дейт.

Тоодой бийик чыгарма жазып,

Калкына тоодой эмгек жаратып,

Кыргыздын тоодой жүгүн көтөргөн адам.

Эли менен өмүр сүрүп жашаган,

Анан өтөөр кыйла-кыйла көп заман.


КАСЫМАЛЫ ЖАНТӨШЕВГЕ

Бала күндөн таанышпыз,

Сүйүктүү китеп «Каныбек»

Каныбектин жаны бек

Башка нечен жаздаганбыз,

Түн боюу окуп чыкканбыз.

Аа курак эстен кете элек.

«Курманбек» деген драма,

Бийик гений укмуш чыгарма

Талант берди тамшандырып,

Жараткан ошол ыйык агама.

«МАХАБАТ» ВИТЕБИНИН АВТОРУ Н. БАЙТЕМИРОВГО

Алтымышка барып калган чагында

Акын батты махабат деген жалынга.

Жүрөгү сүйүү ырларын таратты,

Карыганда чындап жанып махабаты.

Калп эмес ичтен чыгып сезими.

Кайкып учуп сүйүү ырын жаратты.

***

Насыкем чыгармаларды көп жазды,

Драма, роман, жана дагы дастанды.

Эл сыяктуу эс алып уктап тамак ичеби

Же кечке эле кагазын жаза береби?


УЛУУ КОМКЗЧУ КАРОМОЛДО ОРОЗОВГО

Аралашма жата берип улам аралашат

Үстүнөн топурак, кум, чопо, таш басат

Тоодо жаткан таштын баары алтын эмес

Адамдар да байкап көрүп алтын дебес.


Комузчулар ыйык талант түркүн элес

Кээ бири өттү алар эми кайта келбес.

Анын баарын салыштыра келгенде

Карамолдо эң баарынын алды эле.


МУЗЫКАНТ АСАНКАН ЖУМАКМАТОВГО


Үн айланага шоокум болуп таралган

Жети нота канат байлап сабалаган.

Музыка өзүнчө бир сүйкүм дүйнө

Муну уккандар ушунчалык таңданган.


Абада керемет дооштор калкыган

Назик үндөр жүрөккө сиңип арылаган.

Андан улам назик сезим токтой калып,

Анан барып улуу өлбөстүк жаралган








РАЙКАНДЫН «ЭКИ БӨЖӨК» КИТЕБИНЕ


Райкан балдарын жандай сүймөк,

Жомоктору көз алдыга элестеп.

Талаа жакты аралап эки бөжөгү,

Талбай чуркайт келатат сербеңдеп,

Чар тарапты карап коёт элеңдеп.

Таалайлуу ыры күлкүгө айланган

Түн ичинде ободо жылдыз жанган.

Түйшүк тартып өлбөгөн из калган.


ЖАШЫЛ ЖАЛЫН

( Касым Тыныстановго)

Касым күйгөн от жаңылыкка умтулуп,

Душманы аны кактап жатты азапка.

Жашоо өзгөрдү азаттыктын жели уруп

Жашыл жалын жалбырттады тарыхта.


Эл жазуучусу, сынчы КАДЫРКУЛГА

Адашкан сынчыларга окшошуп,

Ыр, повесть, драма жаратпайт.

Алдында минген атын алмаштырбайт,

Акыл калчап, сын жазат туура жазат,

Алыс жолдо дулдул аты чарчабайт.

Арыбас жолун билип адабияттын

Арстаны азыркы сынчылардын,






ӨЛБӨС ЧЫГАРМА

Ашым Жакыпбековго

Жазуучу Ашыкем баардыгын тең сомдогон,

Сонун чыгармаларды жазды ондогон

Аксым басып халтурщик атка конбогон,

Аны бабабыз Манас өзү келип колдогон.

Котормосу бүткүл элди таңдантты,

Чынгызды которуп кыргызга айлантты.

Анын жазып кеткен «Теңир Манасы»

Алп жазуучунун өлбөс-өчпөс чыгармасы.






ЖАЗУУЧУ ТӨЛӨГӨНГӨ

Акылга,талант саат сайын жалгашып,

Ар бир нерсе калат тура тарыха.

 

«Сынган кылыч» ааламга бир жаралып,

Сырдуу дүйнө ача келди кыргызга.

Жаратканы кала берип кылымга.

Жашоону ташка жазып кеткен чыгарма.


КУБАНЫЧБЕК МАЛИКОВ МЕНЕН АКЫН,

ОКУМУШТУУ КУБАНЫЧБЕК АДАМАЛИЕВГЕ


Кубанычбек аттуу акындардан экөө чыкты,

Маликовду бүт кыргыз жамааты эскерет.

Адамалиев акыныбыз эң мыкты,

Медик, акын бүт элибиз аны билет.



АКЫН ТУРАРГА

Бул жашоого тоодой пенде келди эле,

Тоодой жанда тоодой талант бар эле.

Тоодой жигит бул дүйнөдөн көчкөндө

Тоодой кайгы кала берди дүйнөгө.

Тоодой жанды жер кантип алды экен,

Тоодой талант жерге кантип батты экен?





АКЫН БАЙДЫЛДАГА

Акыныбыз Сарногой уулу Байдылда,

Туу ашуудан отчёт берген калкына.

Аман ашып ары өтсүн дабандан,

Акындыгын эли эскерип даңктаган

Акыныбыздын аты такыр унутулбай,

Көзү өтсө да ал атында сыйлык бар.

Баардык кезде ысмы аталып даңтанаар,

Байдылданын Байдылдадай заты бар


АКЫН ЖАЛИЛ ЖАНА

ОКУМУШТУУ АБДЫКАДЫР САДЫКОВДОРГО

Жазуучулукка мүчө эки Садыков бар,

Жалил акын ыр берметин ташка чеккен.

Андан башка академияда иштеген,

Окумуштуу Садыков агабыз бар экен.

Аман болсун чыгарма жазган Садыковдор,

Алардан баарыбыз күткөн үмүт зор.


АЙДЫН СӨЗҮ

Казыбекти жоготууну көксөшөт,

Кылычтарын асман-айга ойнотуп.

«Тим койгула аны учур көрсөтөт»

Ай айтты ушул сөздү ойлонуп.

Чындык деген чыга келди жалпыга,

Азуусун жанган маңкурттар жоголуп.

Акыныбыз кайта келди кыргызга,

А баягы айдын сөзү чын болуп.




ШАТМАН САДЫБАКАСОВГО

Шатман аганын «Ак боз аты» бар,

Окуранып тынбай жер чапчыйт.

Агабыз жок…анан өтүп сан жылдар

Ээсин жоктоп окуранат асыл жаныбар.

Акыныбыз кыргыз адабиятында,

Жалгыз эле «Ак боз аты» менен

Жашап кала турган даңкы бар.

Ошону айтып жатат адабиятчылар







РАМИС РЫСКУЛОВГО

Ыр жазам деп жаны жай албады,

Рамис акын жаш кезинде талпынып.

Тагдыры тынчтык бербей жатпайбы,

Пегас аты токтоно албай алкынып.

Акын Рамис ыр жазып бараткан

Из калтырып толгон ырды жараткан.

Ай айланып, жылдыздар шоола чачкан.

Агарып жол салынган, поэзия тараптан.

Дөбөдөй болуп бир чөмөлө чачы бар

Ар бир талда ыр жашынган Пегас бар.

Оо, акындар! Ар нерсеге жакындар,

Мен силерге айта турган акым бар!

Бизде Рамис деген акыны бар

Сөз менен иштесин деген талабым бар

Абалап учуп алыскы алыс планетага.

Ак жарыкты асманга чачып айланаар.

Анын « Космостук манифест» поэмасы

Акындык гений эргиген чыгармасы.







АЛЫКУЛ ОСМОНОВГО

Алыкул ким? Сыйкырчыга окшошуп,

Тагдырбы, табышмакпы ким билет?

Асманда бир өзүнчө ай болуп,

«Ак боз аты» ажайыптуу кишенейт.

«Жолборс терисин кийген баатыры,»

Котормо эмес акын аны жазып чыкты.

Дал ошону далилдешсин сынчылар,

Чыгармада биз биле элек сырлар бар.

«Алыкул» деп күңгүрөнөт жылдыздар.

Арт жагында шоола жанган өмүр бар…


БЕРИМКУЛ, ЖАПАРКУЛ ЖАНА

МИДИН АЛЫБАЕВДЕРГЕ

Үчөөнүн чыгармасын жарыштырсак,

Көзү өтсө да өңүнөн күлкү жанат.

Акын Мидин чуркоодон талыбай,

Алиги экөөнө караандатпай келатат.

Ай, каран күн оозунан жыт буркурап,

Анысы арман болуп жатпайбы,

Каяктан табабыз эми ал залкарды.

Андан бери өтүптүр көп мезгилдер,

Адабиятта кала берсин Алыбаевдер.


МУРЗА ГАПАРОВГО

Мурза чыгармасын жазып жатканда,

Көп кыйналып азаптарга тушугат.

Акыркы сабын аяктап калганда

Айыл жактын айдарым жели урат.

«Айгүл» гүлгө ашык эле башынан,

Абдан эле назик болчу жашынан.

Жан дүйнөсү назик гүлгө окшошуп,

Жаңы өсүп келаткандай гүл болуп.


ӨСКӨН ДАНИКЕЕВГЕ

Мейли жалгыз тамга жазса да,

Өскөн Өскөндөй жаратат.

Ар тамганы такыр жазбайт ашыкча

Ашык жазса чыгып калат башкача.

Ал өзүнүн талантына таянат.

Акыл берген тагдырына ырахмат.

АЛЫКУЛДУН «АТА ЖУРТ» ЫРЫНА

Акын бул ырын бат эле жазып бүткөн ,

Тарыхта калат деп аны ойлобогон.

Генийдин генийлиги эле болбосо,

Ал деле биздей жөнөкөй адам болгон




ЭЛ АКЫНЫ ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВГЕ

Көп жылы «Чалканда» эмгектенди.

Чакчусун чагып,тиштөөчүсүн тиштеди.

«Чагамын» деп көп пендени коркутту,

«Чалканчы» деп жеп ичкендер коркушчу.

Даңазалап ак калпак кыргыз элин,

Дайындап кетти мыкты акын экенин.

Лириканы топ-тобу менен айдап келет.

Көзү өтүп кеткендигин жоктотпой,

Көк кашка жоргосу окурана кишенейт.






АЛГАЧКЫ КАРЛЫГАЧ НУРКАМАЛ

ЖЕТИКАШКАЕВАГА

Адабияттагы алгачкы жаз айынын,

Арым таштап учуп келген карлыгачы.

Жолдо өтүп, ыр жараткан курагың,

Жомок болуп унутулбай жашамакчы.

Учуп жүргөн карлыгачты көргөндө

Улуу нерсе келе берет көңүлгө

Жалын чакты биз дайыма эстейбиз,

Жакшы жашап өткөн тура эжекебиз.


ЭЛ АКЫНЫ МУСАГА

Пионер деп, кызыл жагоо тагынып,

Өтүп кетти Мусакемдин жаштыгы.

Эмгектенип арбын китеп чыгарып.

Эл акыны ак чач болуп карыды.

Бакыт болуп ырга айланып жаштыгы,

Балалыгын ырга айлантып калтырды.

Эсинен такыр эле чыгарбай

Эстелик деп окуп жүрөт балдары

Мусакем пионер болуп эсте калды.

Галстугун тагынып жүрөт азыр дагы.


ОКУМУШТУУ ПРОФЕССОР ЗИЯШ БЕКТЕНОВГО

Айыпсыз жерден камалып,

Айдоодо жүрдү зарланып.

Чындыкка карай умтулуп,

Акталып чыккан кутулуп.

Аты калып кыргызга,

Ак калпак журттун баарына,

Профессор даңкты алып,

Анан да келди улуулук,

Атак даңктын жели уруп.


АДАБИЯТЧЫ ШАРШЕНБЕК ҮМӨТАЛИЕВГЕ

Адабиятчы Үмөталиев Шаршенбек,

Байкоо салды далай жылы Алыкулду.

Ачылбаган сырларын ачып изилдеп,

Адамдык айкөл парздан бир кутулду.


АКЫН АБДЫЖАПАР ЭГЕМБЕРДИЕВГЕ

Жазуучулар союзу Абдыжапарды,

Кагазын берип акын деп аны атады.

Элиң үчүн жаратып ал далайды,

Акындык чынында кагазда эмес

Өзү минип бараткан тулпарда

Эң оор болот акындыктын сапары.

Кайып учуп мезгил өтүп баратат,

Камчылан алдыңдагы боз тулпарды.

ЭЛ АКЫНЫ ЯСЫР ШИВАЗАГА

Ясыр Шиваза дунгандын улуу акыны,

Ошону менен кыргыздын да акыны

Атагы анын алыс жакка тарады.

Китептерин полкадан алып таштасак

Кемип калат адабиятынын салмагы.


ЖАНГАЗИЕВ МУСА МЕНЕН МУРАТАЛИЕВ МУСАГА

Адабиятыбызды эки Мусабыз бар,

Арбын эле иш аткарды эми алар.

Жамы-журт аларды сүйүп баалашат,

Тырбалаңдап чыгарма жазып жатышат,

Агыла берсин жаңы-жаңы чыгармалар,

Аман болсун китеп жазган Мусалар.


УЛУУ АКЫН ААЛЫГА ЖАНА УЛАН ТОКОМБАЕВ МЕНЕН

СВЕТЛАНА ТОКОМБАЕВАНА

Токомбаевдин үй-бүлөсүндө жалгыз акын бар эле,

Келини, баласы ыр жазып кирип баардыгы.

Аалы атанын үйүндөгү жазмачынын саны

Азыркы бет эсеп менен үчкө жаңырды.

Рейтинг@Mail.ru